# 14-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Конституциясы](https://aqlex.ai/kg/doc/1)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Конституциясы
- Актынын түрү: Конституция
- Кабыл алынган күнү: 05.05.1993
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.06.2010
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 27 июня 2010 года "О введении в действие Конституции Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202914)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1-1/edition/989117/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Конституциясы, 14-берене (27.06.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1/st-14

---

1. Кыргыз Республикасында ар бир адам ажырагыс жашоо укугуна ээ.

Эч кимдин өмүрү кыйылышы мүмкүн эмес.

2. Ар бир адам өз өмүрүн жана ден соолугун, башка адамдардын өмү-

рүн жана ден соолугун мыйзамга жат аракеттерден коргоого укуктуу.

3. Турак-жай колтийгис. Эч ким турак-жайга анда жашаган адамдардын

эркине каршы кире албайт. Тинтүү жана башка процесстик аракеттерге адамга мындай аракеттер- дин мыйзамдуулугуна сот тартибинде даттануу укугун берүү менен мыйзамда белгиленген тартипте гана жол берилет. Ар бир адам төмөндөгүлөргө укуктуу: Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинде ары-бери жүрүү эркиндиги- не, бара турган жана жашай турган жерин тандап алууга; өз мүлкүнө, өзүнүн интеллектуалдык, чыгармачылык ишинин натыйжала- рына ээлик кылууга, пайдаланууга жана тескөөгө; экономикалык эркиндикке, мыйзам менен тыюу салынбаган ар кандай экономикалык иш үчүн өзүнүн жөндөм-шыгын жана өз мүлкүн эркин пайдала- нууга; эмгек эркиндигине, эмгекке болгон өзүнүн жөндөм-шыгын пайдалануу- га, кесипти жана иштин түрүн тандап алууга, ошондой эле эмгеги үчүн сыйакы алуу жана социалдык жактан корголуу укугуна; мамлекеттик бийлик органдарындагы, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарындагы, мекемелердеги жана уюмдардагы өзү жөнүндөгү мамлекеттик сыр болуп эсептелбеген маалыматтар же мыйзам менен корголуучу башка жа- шыруун билдирмелер менен таанышууга; мамлекеттик бийлик органдарына, жергиликтүү өзалдынча башкаруу ор- гандарына жана алардын кызмат адамдарына кайрылууга; кызмат милдеттерин аткарган учурда мамлекеттик органдардын, жерги- ликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын мыйзамсыз иш-аракети менен келтирилген зыяндын ордун мамлекеттин төлөп беришине; өзү жана үйбүлө мүчөлөрү жөнүндө жалган маалыматтарды төгүнгө чы- гаруу жана аларды алып салуу талабы менен сотко кайрылууга, ошондой эле жалган маалыматты жыйноо, сактоо жана жайылтуу менен келтирилген мате- риалдык жана моралдык зыянды төлөтүп алууга; кат алышуунун, телефондук сүйлөшүүлөрдүн, телеграфтык жана башка кабарлашуулардын купуялуулугуна; маалыматты эркин жыйноого, сактоого, пайдаланууга жана аны оозеки, жазуу жүзүндө же башка жол менен жайылтууга; өзүнүн жеке турмушунун колтийбестигине, ар-намысынын жана ка- дыр-баркынын урматталынышына жана корголушуна; өзүнүн кайсы улутка таандык экендигин эркин аныктоого.

4. Мыйзамда белгиленген учурлардан тышкары адам жөнүндө анын ма-

кулдугусуз жашыруун маалыматты жыйноого, сактоого, пайдаланууга жана жайылтууга жол берилбейт.

5. Ар бир адамга дин тутуу жана атеисттик ынанымда болуу эркинди-

гине кепилдик берилет.

6. Ар бир адам ой жүгүртүү, сөз жана басмасөз эркиндигине, ошондой

эле ошол ойлору менен ынанымдарын тоскоолдуксуз билдирүүгө укуктуу. Эч ким өзүнүн ой-пикирин жана ынанымын билдирүүгө мажбурланышы мүмкүн эмес.

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1/st-15)
