# 13-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Конституциясы](https://aqlex.ai/kg/doc/1)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Конституциясы
- Актынын түрү: Конституция
- Кабыл алынган күнү: 05.05.1993
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.06.2010
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 27 июня 2010 года "О введении в действие Конституции Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202914)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1-1/edition/989117/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Конституциясы, 13-берене (27.06.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1/st-13

---

1. Адамдын негизги эркиндиктери жана укуктары ар бир адамга төрөл-

гөндөн баштап таандык. Адам эркиндиктери жана укуктары ар дайым күчүндө болот. Алар талашсыз, ажыратылгыс чындык катары таанылат, мыйзам чыга- руу, аткаруу бийликтеринин, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын иштеринин маанисин жана мазмунун аныктайт, мыйзам жана сот аркылуу кор- голот.

2. Кыргыз Республикасында адамдын инсандыгы жана кадыр-баркы ыйык

жана колтийгис.

3. Кыргыз Республикасында бардык адамдар мыйзам жана сот алдында

бирдей. Эч ким теги, жынысы, расасы, улуту, тили, туткан дини, саясий жана диний ынанымдары үчүн же жеке жана коомдук мүнөздөгү кандайдыр-бир башка жагдайлар боюнча басмырланып, эркиндиги жана укугу кысымга алын- байт.

4. Кыргыз Республикасында эркектер менен аялдар бирдей эркиндик-

терге жана укуктарга, ошондой эле аларды жүзөгө ашырууда бирдей мүмкүн- чүлүктөргө ээ.

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1/st-14)
