# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Конституциясы](https://aqlex.ai/kg/doc/1)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Конституциясы
- Актынын түрү: Конституция
- Кабыл алынган күнү: 05.05.1993
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.06.2010
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 27 июня 2010 года "О введении в действие Конституции Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202914)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/1-1/edition/989117/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Конституциясы, 1-берене (27.06.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1/st-1

---

1. Кыргыз Республикасы (Кыргызстан) - эгемендүү, унитардык, демок-

ратиялык, укуктук, лайык, социалдык мамлекет.

2. Кыргыз Республикасынын эгемендиги чектелбейт жана анын бүтүндөй

аймагын камтыйт.

3. Кыргызстандын эли - эгемендиктин ээси жана Кыргыз Республика-

сындагы мамлекеттик бийликтин жалгыз бир булагы.

4. Кыргызстандын эли өз бийлигин ушул Конституциянын жана мыйзам-

дардын негизинде түздөн-түз шайлоолордо жана референдумдарда, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу орган- дарынын тутуму аркылуу жүргүзөт. Эл шайлаган Президент жана Жогорку Кеңеш Кыргызстандын элинин аты- нан чыгууга укуктуу.

5. Мыйзамдар жана мамлекеттик маанидеги башка олуттуу маселелер

референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) коюлушу мүмкүн. Референдумду өткөрүүнүн тартиби конституциялык мыйзам менен белгиленет.

6. Кыргыз Республикасынын жарандары Президентти, Жогорку Кеңештин

депутаттарын, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлашат. Шайлоо эркин болуп саналат жана жашыруун жалпы добуш берүү менен тең жана тике шайлоо укугунун негизинде өткөрүлөт. Кыргыз Республикасы- нын 18 жашка толгон жарандары шайлоого укуктуу.

---

Мурунку берене: [80-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1/st-80)  
Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/1/st-2)
