# Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун 2018-жылдын 29-июнундагы №16 «Кыргыз Республикасынын сотторунун кызматтык, экономикалык, мамлекеттик жана муниципалдык менчикке каршы кылмыштар боюнча жазык иштерди кароонун соттук тажрыйбасы жөнүндө” токтому.

- Полное наименование: Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун 2018-жылдын 29-июнундагы №16 «Кыргыз Республикасынын сотторунун кызматтык, экономикалык, мамлекеттик жана муниципалдык менчикке каршы кылмыштар боюнча жазык иштерди кароонун соттук тажрыйбасы жөнүндө” токтому.
- Вид акта: Постановление Пленума Верховного суда
- Номер: 16
- Дата принятия: 29.06.2018
- Статус: Действует
- Редакция от: 29.06.2018
- Язык текста: русский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/doc/sotkg-39353>
- Официальный источник: <https://sot.kg/acts/39353>

> Текст приведён по редакции от 29.06.2018 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун 2018-жылдын 29-июнундагы №16 «Кыргыз Республикасынын сотторунун кызматтык, экономикалык, мамлекеттик жана муниципалдык менчикке каршы кылмыштар боюнча жазык иштерди кароонун соттук тажрыйбасы жөнүндө” токтому. (ред. от 29.06.2018) - https://aqlex.ai/doc/sotkg-39353

---

КР Жогорку Сотунун Пленумунун 2018-жылдын 29-июнундагы № 16 токтому КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН ПЛЕНУМУНУН ТОКТОМУ Бишкек шаары, 2018-жылдын 29-июну № 16 Кыргыз Республикасынын сотторунун кызматтык, экономикалык, мамлекеттик жана муниципалдык менчикке каршы кылмыштар боюнча жазык иштерди кароонун соттук тажрыйбасы жөнүндө "Кыргыз Республикасынын сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарындагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча актуалдуу чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 8-февралындагы № 1 чечиминин 6-пункту менен Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна берилген сунуштарына ылайык соттук практиканы талдоонун жыйынтыгы боюнча маалыматты угуп жана аны талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленуму төмөнкүлөрдү белгилейт. Кызматтык жана экономикалык, мамлекеттик же муниципалдык менчикке каршы жазык иштери боюнча негизинен кабыл алынган жергиликтүү соттордун соттук актыларын жокко чыгаруу менен ишти кайра кароого жөнөтүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясынын 2017- 2018-жылдары чыгарылган аныктамаларына талдоо жүргүзүлүп, жергиликтүү соттордун соттук актыларын жокко чыгаруунун негиздери жана себептери аныкталды. Мындан сырткары, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясынын судьялары жергиликтүү сотторго методикалык жана практикалык жардам көрсөтүү учурунда, аталган категориядагы иштерди кароодо мыйзам бузуулар кетирилип жаткандыгы жана актоо же ишти кыскартуу тууралуу соттук актылардын кээ бири жогору турган сотко прокурор тарабынан даттанылбагандыгы аныкталган. Ошондой эле, талкууланып жаткан категориядагы иштер боюнча Бишкек шаардык жана областтык соттор тарабынан талдоо жүргүзүлүп, соттордун ишиндеги мыйзам бузуулар жана прокурорлордун аракетсиздиктери жөнүндө тийиштүү маалымат Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна берилген. Соттук актыларды жокко чыгаруу менен ишти кайра кароого жөнөтүү жөнүндө көзөмөл инстанциядагы соттун аныктамаларын талдоонун натыйжасында иштин материалдарынын иликтенбегендиги, иштин материалына туура юридикалык баа берилбегендиги, процессуалдык жана материалдык укук ченемдери туура колдонулбагандыгы, соттолуучунун аракетинин туура эмес квалификацияланышы соттук актыларды жокко чыгарууга негиз болгон. Атап айтканда, апелляциялык инстанция соттору өкүм чыгарбастан жазык иштерин жаңыдан карап чыгууга 1-инстанциядагы сотторго негизсиз жөнөткөн учурлар бар. Мындай чечимдер Жогорку сот тарабынан жокко чыгарылып, кайра апелляциялык инстанциядагы сотко жаңыдан карап, негизи боюнча чечим кабыл алуу көрсөтмөсү менен жөнөтүлгөн. Себеби, апелляциялык инстанциядагы соттогу өндүрүш 1-инстанциядагы сот ишин жүргүзүү эрежелери боюнча жүргүзүлөт жана апелляциялык инстанциядагы сот - 1-инстанциядагы сот сыяктуу эле ыйгарым укуктарга ээ жана аны колдонуу менен иш боюнча чечим кабыл алууга толук мүмкүнчүлүгү бар. Мындан сырткары, Жогорку сот тарабынан жергиликтүү соттордун мыйзам бузууларын четтетүү жана ишти мыйзамга ылайык кароо керектигин көрсөтүү менен жаңыдан кароого жиберилген иштер боюнча андай мыйзам бузуулар четтетилбей же аларды четке кагуучу жагдайлар көрсөтүлбөстөн кайра эле ошол мыйзам бузуулар кайталанган учурлар бар. Жогорудагыдай мыйзам бузуулардын натыйжасында кээ бир иштер боюнча соттолуучулардын кыймыл-аракеттери башка жеңилирээк статья менен негизсиз кайра квалификацияланып, жыйынтыгында жазык иш эскирүү мөөнөтүнө байланыштуу кыскартылат. 1

КР Жогорку Сотунун Пленумунун 2018-жылдын 29-июнундагы № 16 токтому Мындан сырткары, эскирүү мөөнөтүнө байланыштуу кыскартылган иштердин көпчүлүгү боюнча соттор тарабынан бул тууралуу Кыргыз Республикасынын ЖПКнин талаптары эске алынбастан соттолуучу күнөөсүн мойнуна албаган учурда дагы иш ушул негиз менен кыскартылган фактылар орун алган. Соттордун тыянактары соттук отурумда каралган далилдер менен бекемделбейт. Соттордун тыянактарына олуттуу таасир тийгизе турган жагдайлар эске алынбай калат. Карама-каршы келген далилдер болгон учурларда өкүмдөрдө кайсы негиздер менен бири эске алынып, экинчиси четке кагылууга тийиш экендиги көрсөтүлбөйт. Өкүмдөрдө баяндалган соттордун тыянактары олуттуу карама-каршылыктарды камтыйт. Ошондой эле, "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун кызматтык кылмыштар боюнча жоопкерчилик тууралуу мыйзамдарды колдонуусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун 2016-жылдын 25-мартындагы № 7 токтому жетекчиликке алынбайт. Талкууланып жаткан категориядагы иштер боюнча Кыргыз Республикасынын ЖПК менен белгиленген соттук териштирүүнүн мөөнөтү бузулуп жана анын натыйжасында кээ бир иштер боюнча кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуунун эскирүү мөөнөтү өтүп кеткен учурлар бар. Мындан сырткары, кээ бир иштер боюнча соттолуучулар коомго коркунучтуу болбой калышынан (Кыргыз Республикасынын КЖКнин 68-ст.) жана кырдаалдын өзгөрүшүнөн же коомдук коркунучтуулугунун жоюлушунан Кыргыз Республикасынын КЖКнин 65-ст.) улам соттор тарабынан жазадан бошотулушат жана кайсы жагдай боюнча кырдаал өзгөрүп, коомго коркунучтуулугу жоюлгандыгы так жүйөлөштүрүлбөйт. Кыргыз Республикасынын КЖКнин 66-ст. жана ЖПКнин 28-ст. 1-б. 12-п. ылайык жабырлануучу жеке жана жеке-ачык айыптоону колдоодон баш тарткандыгынын жана айыпталуучу жабырлануучу менен макулдашууга жетишкендигинин негизинде кызматтык кылмыш боюнча иш кыскартылганы аныкталган. Кыргыз Республикасынын ЖПКнин 28-ст. 4-б. 3-п. ылайык, эгерде адам Кыргыз Республикасынын КЖКнин 303-315-статьяларында каралган кылмыштарды жасаса, Кыргыз Республикасынын ЖПКнин 28-ст. 1-б. 12-п. көрсөтүлгөн негиз боюнча ишти кыскартууга жол берилбейт. Ошондой эле, кызматтык кылмыш боюнча соттолгондорго карата шарттуу жаза белгиленген учурлар да бар. Кыргыз Республикасынын КЖКнин 63-ст. 7-б. ылайык, кызматтык кылмыштарды жасаган адамдарга карата шарттуу соттоо колдонулбайт. Жогорудагылардын негизинде, кызматтык жана экономикалык кылмыштар, менчикти уурдоо чөйрөсүндөгү кылмыштар боюнча мыйзам ченемдерин бузууга жол бербөө максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленуму ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын сотторунун кызматтык, экономикалык, мамлекеттик жана

муниципалдык менчикке каршы кылмыштар боюнча иштерди кароонун соттук тажрыйбасы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясынын маалыматы эске алынсын.

2. Кызматтык кылмыштарды кароодо Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун

"Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун кызматтык кылмыштар боюнча жоопкерчилик тууралуу мыйзамдарды колдонуусу жөнүндө" 2016-жылдын 25-мартындагы № 7 токтому жана "Республиканын соттору тарабынан эркиндигинен ажыратуу жазасын белгилөө боюнча соттук тажрыйба тууралуу" 2018-жылдын 30-мартындагы № 9 токтому жетекчиликке алынсын.

3. Жергиликтүү соттордун көңүлдөрү төмөндөгүлөргө бурулсун:

1) Иштин материалдарынын иликтенишине, аларга туура юридикалык баа берилишине,

процессуалдык жана материалдык укук ченемдери туура колдонулушуна, соттолуучунун аракетинин туура квалификацияланышына;

2) Апелляциялык инстанциядагы соттордун жазык иштерин жаңыдан кайра кароого 1-

инстанциядагы сотторго негизсиз жөнөткөн фактыларга;

3) Кыргыз Республикасынын Жогорку соту тарабынан жергиликтүү соттордун мыйзам

бузууларын четтетүү жана ишти мыйзамга ылайык кароо керектигин көрсөтүү менен жаңыдан 2

КР Жогорку Сотунун Пленумунун 2018-жылдын 29-июнундагы № 16 токтому кароого жиберилген иштер боюнча андай мыйзам бузуулар четтетилбей же аларды четке кагуучу жагдайлар көрсөтүлбөстөн кайра эле ошол мыйзам бузуулар кайталанган фактыларга;

4) Жергиликтүү соттордун Кыргыз Республикасынын ЖПКсы менен белгиленген соттук

териштирүүнүн мөөнөтүн бузган фактыларга, ишти кароо негизсиз создуктурулуп, анын натыйжасында кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуунун эскирүү мөөнөтү өтүп кетип жаткандыгына, ошондой эле соттолуучу күнөөсүн мойнуна албаса кылмыш иш эскирүү мөөнөтүнө байланыштуу кыскартылууга жатпагандыгына;

5) Жабырлануучу жеке жана жеке-ачык айыптоону колдоодон баш тарткандыгынын жана

айыпталуучу жабырлануучу менен макулдашууга жетишкендигинин негизинде кызматтык кылмыш боюнча иштер кыскартылууга жатпай тургандыгына жана мындай кылмыштар үчүн соттолгондорго карата шарттуу соттоо колдонулууга жатпай тургандыгына.

4. Соттук тажрыйбаны жалпылоонун жана талдоонун жыйынтыгында аныкталган судьялар

тарабынан кетирилген мыйзам бузуулар боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун тиешелүү токтомдоруна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү маселеси муктаждыкка жараша каралсын. Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрайымы А.Токбаева Пленумдун катчысы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун судьясы К.Осмоналиев 3
