Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 67-беренесин, 68-беренесинин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацын, 72-беренесинин 1-бөлүгүн расмий чечмелөө жөнүндө чечим
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТУНУН 2021-жылдын 5-майындагы Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын редакциясындагы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 67-беренесин, 68-беренесинин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацын, 72-беренесинин 1-бөлүгүн расмий чечмелөө жөнүндө ЧЕЧИМИ 2026-жылдын 17-февралы Бишкек шаары Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту: төрагалык кылуучу –
Э.Ж. Осконбаев, судьялар Ч.А. Айдарбекова, М.Р. Бобукеева, К.А Дуйшеев,
Л.Ч. Жолдошева, М.Ш. Касымалиев, К.Дж. Кыдырбаев, Ж.А. Шаршеналиев
курамында, катчы Ж.К. Аширматованын катышуусунда, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүн, “Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын 4, 17, 38, 45, 48-беренелерин жетекчиликке алып, 2021-жылдын 5-майындагы Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын редакциясындагы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 67-беренесин, 68-беренесинин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацын, 72-беренесинин
1-бөлүгүн алардын 2010-жылдын 27-июнундагы Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын редакциясындагы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын тиешелүү ченемдери жана 2021-жылдын 11-апрелиндеги референдумда (бүткүл элдик добуш берүүдө) кабыл алынып, 2021-жылдын 5-майында күчүнө кирген “Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболору, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентин кезектеги же мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүүнүн тартиби жана мөөнөттөрү менен системалуу өз ара байланышта расмий чечмелөө жөнүндө ишти жазуу жүзүндөгү тартипте карап чыкты. Ишти кароого Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун сунуштамасы жүйө жана негиз болду. Ишти соттук отурумга кароого даярдаган судья-баяндамачы
Ж.А. Шаршеналиевдин маалыматын угуп жана сунушталган материалдарды
изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту Т А П Т Ы: 2026-жылдын 11-февралында Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун 2021-жылдын 5-майындагы Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын редакциясындагы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 67-беренесин, 68-беренесинин 2- бөлүгүнүн экинчи абзацын, 72-беренесинин 1-бөлүгүн алардын 2010-жылдын 27-июнундагы Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын редакциясындагы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын тиешелүү ченемдери жана 2021-жылдын 11-апрелиндеги референдумда (бүткүл элдик добуш берүүдө) кабыл алынып, 2021-жылдын 5-майында күчүнө кирген “Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболору, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2
Президентин кезектеги же мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүүнүн тартиби жана мөөнөттөрү менен системалуу өз ара байланышта расмий чечмелөө берүү жөнүндө сунуштамасы келип түшкөн. Кыргыз Республикасынын Президенти өзүнүн сунуштамасында Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна кайрылуу зарылдыгы коомдук-саясий мейкиндикте жана эксперттик чөйрөдө коомдук кызуу талкуулардын натыйжасында Кыргыз Республикасынын учурдагы Президентинин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүн жүзөгө ашырууну, ошондой эле кезектеги же мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоолорду дайындоо тартибин жөнгө салуучу конституциялык жоболорду карама-каршылыктуу түшүнүүнүн пайда болушу менен шартталгандыгын белгилеген. Кайрылууда белгиленгендей, Кыргыз Республикасында 2021-жылдын 10-январында Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо өткөрүлүп, анын жыйынтыгы боюнча Мамлекет башчысы шайланган. Бул шайлоо Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 27-июнундагы Мыйзамынын редакциясындагы Кыргыз Республикасынын Конституциясына (мындан ары
– 2010-жылдагы Конституция) ылайык өткөрүлгөн, анда Президент алты
жылдык мөөнөткө шайланаары каралган. Кыргыз Республикасынын Президенти ошондой эле 2021-жылдын 11- апрелиндеги референдумдун (бүткүл элдик добуш берүүнүн) жыйынтыгы боюнча “Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынгандыгын көрсөткөн. Баяндалгандарды улантууда, “Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 39 жана 40-беренелеринин жоболору келтирилген, аларга ылайык референдумда кабыл алынган чечим жалпыга милдеттүү болуп саналат, кошумча бекитилүүнү талап кылбайт жана Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат, ал эми аны жокко чыгаруу же өзгөртүү, эгерде чечимдин өзүндө аны жокко чыгаруунун же өзгөртүүнүн башка тартиби белгиленбесе, жаңы референдумда чечим кабыл алуу жолу менен гана 3
мүмкүн. Ушуга байланыштуу ал 2021-жылдын 5-майында күчүнө кирген “Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын редакциясындагы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын Мамлекет башчысын шайлоо тартибин жана анын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүн жөнгө салуучу жоболоруна кайрылат. Алсак, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 5-майындагы Мыйзамынын редакциясындагы Конституциянын (мындан ары – 2021- жылдагы Конституция) 67-беренесинде Президент Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан беш жылдык мөөнөткө шайланат, бир эле адам эки мөөнөттөн ашык Президент болуп шайлана албайт деп каралган, ал эми Конституциянын 69-беренесинин 2-бөлүгүндө Президенттин ыйгарым укуктары жаңы шайланган Президент кызматка киришкен учурдан тартып токтотулаары белгиленген. Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Президенти 2021-жылы шайланган Президентине карата атайын жөнгө салууну камтыган жогоруда аталган Мыйзамдын 3-беренесине көңүл бурат, ага ылайык ал ыйгарым укуктарын Конституцияга ылайык жүзөгө ашырат, мында анын алты жылга шайланган мөөнөтү Конституциянын колдонуудагы редакциясына ылайык биринчи мөөнөтү деп эсептелет. Бирок, сунуштамада белгиленгендей, бул жоболор, бир катар эксперттердин пикири боюнча коллизияны жаратат жана 2010-жылдагы Конституциянын колдонуу мезгилинде шайланган Президенттин ыйгарым укуктарынын башталышын жана мөнөтүнүн узактыгын бир түрдүү эмес чечмелөөгө жол берет. Кыргыз Республикасынын Президентинин ырастоосу боюнча юристтер, укук таануучулар жана коомдук ишмерлер тарабынан айтылган мындай карама-каршы укуктук позициялар коомдук бийлик институттарынын туруктуу жана легитимдүү иштеши үчүн фундаменталдык мааниге ээ болгон маселелер боюнча конституциялык-укуктук аныксыздыктын пайда болгондугун айгинелейт. 4
Ушундан улам ал, көрсөтүлгөн аныксыздык конституциялык түзүлүштүн негиздерине, элдик бийликтин принцибине, Конституциянын үстөмдүгүнө жана түздөн-түз колдонулушуна, укуктук аныктыкка, Конституцияга, конституциялык мыйзамдарга ылайык шайлоо өткөрүүнүн тартибине жана мөөнөттөрүнө, ошондой эле биздин мамлекеттин жарандарынын шайлоо укуктарына түздөн-түз таасирин тийгизет деп баса белгилейт. Ошондой эле, бийлик жана шайлоо маселелерине карата коомчулуктун сезимталдыгы жогору болгон шартта мындай кайчы пикирлердин сакталышы бул укуктук талаш-тартышты курч саясий тирешүүгө айландырып, мамлекеттик институттарга болгон коомчулуктун ишенимине доо кетирип, бийлик органдары тарабынан кабыл алынган чечимдердин мыйзамдуулугу үчүн тобокелдиктерди жаратып, социалдык чыңалууну эскалациялоого алып келиши мүмкүн деп эсептейт. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасында шайлоолорду жана референдумдарды даярдоону жана өткөрүүнү камсыз кылган органдардын аракеттерине карата талаш-тартыштардын келип чыгуу коркунучу сакталууда деп көрсөтүлгөн. Жогоруда баяндалгандардын негизинде, конституциялык-укуктук аныксыздыкты жоюу, Баш мыйзамдын ченемдерин өзүм билемдик менен же кеңири чечмелөөнү болтурбоо, мүмкүн болгон конституциялык кризистин алдын алуу, конституциялык укуктук тартиптин үзгүлтүксүздүгүн жана айкындыгын камсыз кылуу, жарандардын мамлекеттик институттарга болгон ишенимин калыбына келтирүү жана колдоо, ошондой эле шайлоо процессинин туруктуулугуна кепилдик берүү максатында, Кыргыз Республикасынын Президенти 2021-жылдагы Конституциянын 67-беренесин, 68-беренесинин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацын, 72-беренесинин 1-бөлүгүн алардын 2010-жылдагы Конституциянын тиешелүү ченемдери жана 2021- жылдын 11-апрелиндеги референдумда (бүткүл элдик добуш берүүдө) кабыл алынган “Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболору, ошондой эле Кыргыз 5
Республикасынын Президентин кезектеги же мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүүнүн тартиби жана мөөнөттөрү менен системалуу өз ара байланышта расмий чечмелөө берүүнү жана биринчи кезектеги тартипте кароону суранат. Судья-баяндамачы Ж.А. Шаршеналиевдин 2026-жылдын 11- февралындагы аныктамасы менен ишти кароо 2026-жылдын 17-февралына дайындалган. Конституциялык сот Кыргыз Республикасынын Президентинин сунуштамасын карап чыгып жана талкуулап, иштин материалдарын изилдеп, төмөнкү тыянакка келди.
1. “Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө”
конституциялык Мыйзамынын 17-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, Конституциялык сот Конституциянын жоболоруна расмий чечмелөө берүү жөнүндө маселени кароодо, арыз ээсинин жүйөлөрү менен байланышпастан, кайрылууда көрсөтүлгөн предмет боюнча чечим кабыл алат. Бул иште конституциялык сот өндүрүшүнүн предмети болуп 2021- жылдагы Конституциянын 67-беренесин, 68-беренесинин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацын, 72-беренесинин 1-бөлүгүн алардын 2010-жылдагы Конституциянын 61-беренеси, 62-беренесинин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацы, 63-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрү, 2021-жылдын 11-апрелиндеги референдумда (бүткүл элдик добуш берүүдө) кабыл алынып, 2021-жылдын 5- майында күчүнө кирген “Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 2-бөлүгү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентин кезектеги же мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүүнүн тартиби жана мөөнөттөрү менен системалуу өз ара байланышта расмий чечмелөө болуп саналат, алар төмөнкүдөй мазмунда: “2021-жылдагы Конституция … 67-берене. 6
1. Президент Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан 5
жылдык мөөнөткө шайланат.
2. Бир эле адам эки мөөнөттөн ашык Президент болуп шайлана албайт.
68-берене.
2. …
Президентти шайлоо тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат. 72-берене.
1. Президент арызы боюнча кызматынан кеткен учурда, Конституцияда
каралган тартипте кызматтан четтетилгенде, ошондой эле оорусу боюнча ыйгарым укуктарын аткара албай калганда же каза болгон учурда анын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулат.”;
2. “2010-жылдагы Конституция
… 61-берене.
1. Президент Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан 6 жылга
шайланат.
2. Бир эле адам эки жолу Президент болуп шайлана албайт.
62-берене.
2. …
Президентти шайлоо тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат.”;
3. 2021-жылдын 11-апрелинде референдумда (бүткүл элдик добуш
берүүдө) кабыл алынып, 2021-жылдын 5-майында күчүнө кирген “Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы. 3-берене.
1. 2021-жылы 6 жылга шайланган Кыргыз Республикасынын
Президенти Конституцияга ылайык ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырат. 6 7
жылга шайланган Президенттин мөөнөтү ушул Конституцияга ылайык шайлоонун биринчи мөөнөтү деп эсептелет.”.
2. 2020-жылдын 16-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кеңешинин кезексиз жыйынында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Шарипович Жээнбековдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу (өз каалоосу менен кетүү) жөнүндө арызы каралган. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 133-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык өз арызы боюнча кызматтан кеткен учурда Президенттин ыйгарым укуктары Жогорку Кеңешке жазуу жүзүндө арыз берилген же ал өзү эл алдында билдирүү жасаган учурдан тартып токтотулган болуп эсептелет. Бул ченемдин негизинде, Президент С.Ш. Жээнбековдун кызматтан кетүү жөнүндө арызы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан эске алынып, 2020-жылдын 16-октябрындагы VI чакырылыштын VIII сессиясынын № 7 Протоколу менен таризделген. Муну менен көрсөтүлгөн күндөн тартып, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш. Жээнбековдун ыйгарым укуктарынын токтотулушунун юридикалык фактысы катталган, бул мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону дайындоонун укуктук механизмин ишке киргизүү зарылдыгын шарттаган. Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүүнүн тиешелүү мөөнөттөрү жана тартиби “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын (мындан ары – конституциялык Мыйзам) 48-беренесинин 2- бөлүгүндө бекитилген, ага ылайык шайлоо Жогорку Кеңеш тарабынан Президенттин ыйгарым укуктары токтотулган күндөн тартып жумалык мөөнөттөн кечиктирилбестен дайындалат жана иштеп жаткан Президенттин ыйгарым укуктары токтотулган күндөн тартып үч айлык мөөнөттө өткөрүлүшү керек. 8
Бирок, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан белгиленген мөөнөттүн чегинде Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалган эмес. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы (мындан ары – БШК) конституциялык Мыйзамдын 48- беренесинин 3-бөлүгүндө белгиленген “дайындалган болуп эсептелет” деген юридикалык презумпциянын негизинде, өзүнүн 2020-жылдын 24- октябрындагы № 263 токтому менен мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү күнүн 2021-жылдын 10-январына дайындаган. 2021-жылдын 10-январында Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо болуп өттү. БШКнын 2021-жылдын 20- январындагы “2021-жылдын 10-январындагы Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоонун жыйынтыктарын аныктоо жөнүндө” № 26 токтому менен мөөнөтүнөн мурда шайлоо болуп өттү деп , ал эми Садыр Нургожоевич Жапаров Кыргыз Республикасынын шайланган Президенти болуп таанылган. 2021-жылдын 28-январында шайланган Президент ант берип, кызматка киришкен. Кызматка киришүү 2010-жылдын редакциясындагы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын колдонуу мезгилинде орун алган.
3. Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда
шайлоону дайындоо жана өткөрүү менен байланышкан жол-жоболор менен катар эле, бул мезгилде Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясынын долбоорун даярдоого багытталган конституциялык реформалоо процесси да демилгеленген. Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу Т.Т. Мамытовдун 2020-жылдын 20-ноябрындагы Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча Конституциялык кеңешме түзүлгөн. Ченем жаратуу жана уюштуруу иштеринин аякташы менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2021-жылдын 12-мартындагы № 31 9
“Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алган. Аталган Мыйзамга ылайык, 2021-жылдын 11-апрелинде референдум болуп өтүп, анын жыйынтыгы боюнча “Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору эл тарабынан жактырылып, Кыргыз Республикасынын Президенти тарабанынан кол коюлган жана 2021-жылдын 5-майында күчүнө кирген.
4. Конституция – бул баарынан мурда коомдук бийликтин түзүлүшүнүн
жана иштөөсүнүн уюштуруучулук ченемдик негизи. Өзүнүн табияты боюнча Конституция туруктуу болууга багытталган, анткени ал укуктук тартиптин биримдигин жана алдын ала болжолдуулугун камсыз кылат. Ошол эле учурда ал коомдук турмуштун объективдүү өзгөрүүлөрүнө жооп берүүгө жана жаңы чакырыктарга жооп катары бийликтин уюштуруу механизмдерин, анын түпкү башатын бузбастан, оңдоого жөндөмдүү жандуу документ катары сапатын жоготпойт. Кыргызстан эли мамлекеттик бийликтин жападан-жалгыз булагы катары 2021-жылдын 11-апрелиндеги референдумдун жыйынтыгы боюнча (бүткүл элдик добуш берүү) жаңы Конституцияга уюштуруучулук легитимдүүлүктү берип, мамлекеттик бийликти кайра түзүүнүн архитектурасын аныктаган. Мамлекеттүүлүктүн өнүгүшүндө бир конституциялык моделден башкасына өтүү объективдүү жол берилген көрүнүш болуп саналат. Бир да конституциялык модель убакыттан тышкары жашай албайт: коомдук-саясий реалдуулуктун өзгөрүшү, институттардын жаңыланышы, коомдук күтүүлөрдүн эволюциясы конституциялык жөнгө салууну жаңылоо зарылдыгын шартташы мүмкүн. Ошону менен бирге, конституциялык трансформациялоого жол берүү фактысынын өзү анын юридикалык тактыгына карата талапты жокко 10
чыгарбайт. Башкысы болуп Негизги мыйзамдын текстин өзгөртүү эмес, бир ченемдик конструкциядан экинчисине өтүү ыкмасы жана логикасы саналат. Укуктук режимдин анык эместиги менен коштолгон конституциялык ажырым элдик бийликтин легитимдүүлүгүн солгундатып жана анын туруктуулугуна шек келтирип, карама-каршылыкты туудуруп, укуктук аныктык принцибин бузушу мүмкүн. Тиешелүү түрдө, конституциялык багыттар алмашкан учурда укуктук улантуучулукту камсыз кылуу негизги милдет болуп саналат. Ушуга байланыштуу, өткөөл мезгилди ченемдик жактан тариздөө өзгөчө мааниге ээ болот, анткени дал ушул учурда конституциялык укуктук тартип өтө аялуу абалда болот. Өткөөл жоболор конституциялык реформа мезгилинде турбуленттүүлүктү азайтууга багытталган материалдык жана жол-жоболук кепилдиктердин комплексин ишке киргизүүчү өзгөчө укуктук турукташтыргыч функциясын аткарышат. Материалдык кепилдиктер субъекттердин укуктук статусун өзгөртүүнүн жол берилүүчү чектерин аныктоого, мурда эле пайда болгонукуктарды жана милдеттерди өзүм билемдик менен кайра карап чыгууга жол бербөөгө, ошондой эле регресске жол берилбестик принцибин сактоону камсыз кылууга багытталган. Жол- жоболук кепилдиктер, өз кезегинде, мыйзамдарды, мамлекеттик органдардын түзүмдөрүн жана жүрүп жаткан процесстерди жаңы конституциялык тартипке ылайык келтирүүнүн ырааттуулугун жана шарттарын белгилейт. Дал ушундай өз ара байланышкан кепилдиктердин системасы аркылуу өткөөлдүн башкаруусу, коомдук бийликтин функционалдуулугу жана үзгүлтүксүздүгү камсыздалат жана ар кандай чыр-чатактардын келип чыгуусун алдын алат. Өткөөл механизм конституциялык тексттин өзгөрүшү менен гана коштолбостон, мурдагы модель өзүнүн ченемдик үстөмдүгүн жоготуп, жаңысы институционалдык калыптануу баскычын өтүп жаткан учурда укуктук туруктуулукту да камсыз кылууга тийиш. Демек, өткөөл жоболордун мааниси, алардын Конституцияны өзгөртүүнүн потенциалдуу кризистик фазасын юридикалык жактан уюшулган процесске трансформациялоодо турат, анын алкагында 11
Конституцияны жаңылоо коомдук бийликтин легитимдүүлүгүнө доо кетирбестен, укуктук жөнгө салууну үзгүлтүккө учуратпастан жана мамлекеттик институттарга болгон ишенимди жоготпостон жүргүзүлөт.
5. 2021-жылдын 11-апрелиндеги референдумдун жыйынтыгы
боюнча киргизилген конституциялык модель ыйгарым укуктарды институционалдык кайра бөлүштүрүү жана коомдук бийликтин конфигурациясын өзгөртүү менен гана чектелбестен, ошондой эле жогорку мамлекеттик кызматты – Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматын жүзөгө ашыруунун укуктук режимине да таасирин тийгизди. 2021-жылдагы жаңы редакциядагы Конституциянын 67-беренесинде президенттик бийликти уюштуруунун башка параметрлери бекитилип, анда ыйгарым укуктардын беш жылдык мөөнөтү жана кызмат ордунда эки мөөнөттөн ашык шайлана албайт деген чек белгиленген. 2010-жылдагы Конституциянын мурдагы редакциясында жөнгө салуу башкача логика боюнча түзүлгөн (61-берене): анда Президент 6 жылдык мөөнөткө шайланган, ошол эле учурда бир эле адам эки жолу шайлана албайт деп белгиленген. Мындай конструкция иш жүзүндө президенттик ыйгарым укуктарды бир эле жолужүзөгө ашырууну жана мандаттын башка узактыгын болжолдогон. Натыйжада, президенттин ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруунун убакыттык параметрлери гана өзгөрүлбөстөн, президенттик мандатты чектөөгө карата ченемдик ыкма – алты жылдык бир жолку мөөнөттүк моделден белгиленген конституциялык чектөөнүн чегинде кайра шайлануу мүмкүнчүлүгү менен беш жылдык мөөнөттүн моделине өзгөрүлгөн. Бул өзгөрүүлөр, жаңы конституциялык моделди колдонууга киргизүү Кыргыз Республикасынын учурдагы Президенти С.Н. Жапаровдун ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырып жаткан мезгилге туура келгендигине байланыштуу, түздөн-түз практикалык-укуктук мааниге ээ болду. Алсак, Кыргыз Республикасынын Президенти 2010-жылдагы Конституцияга ылайык шайланып, бир эле адамды кайра шайлоого 12
конституциялык түрдө тыюу салган, ыйгарым укуктарынын алты жылдык мөөнөтү менен 2021-жылдын 28-январында кызматка киришкен. Тиешелүү түрдө, 2021-жылдагы Конституция күчүнө кирген күндөн тартып, Кыргыз Республикасынын Президенти өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууну коомдук бийликтин жаңы конституциялык архитектурасынын алкагында улантып келди. Ошону менен бирге, Президенттин сунуштамасында белгиленгендей, Кыргыз Республикасынын Президенти шайланган күндөн беш жыл өтүшү менен коомдук жана экспертик чөйрөдө анын ыйгарым-укуктарынын узактыгы жөнүндөгү маселеге карата ар кандай пикирлер белгилене баштады. Бул талкуунун мазмуну 2021-жылдагы Конституциянын 67- беренесинде белгиленген президенттик ыйгарым укуктардын беш жылдык мөөнөтү 2010-жылдагы Конституция колдонулган мезгилде белгиленген президенттик мандатка жайылтылабы же ыйгарым укуктарын андан ары жүзөгө ашыруу тартибине карата 2021-жылдагы Конституцияны бир эле маалда колдонууда бул мандаттын мөөнөтүнүн узактыгы баштапкы белгиленген көлөмдө сакталабы деген маселени аныктоого келип такалат. Баарынан мурда, Конституциялык сот Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун шайлоо мандаты эгемендиктин ээси болгон эл тарабынан өзүнүн уюштуруучулук бийлигин түздөн-түз жүзөгө ашыруунун натыйжасы болуп саналаарын, ал туруктуу коомдук-укуктук абалга алып келээрин жана аяктаган юридикалык факт катары пайда болорун негизге алат. Шайлоого катышуу менен эл жогорку ишеним берүү актысын ишке ашырат, ал анын чечимдеринин толук аткарылышына ниеттенип, бийликти кайсы бир убакытка өткөрүп берет. Добуш берүүнүн маңызы жеке адамды тандоодо гана эмес, ошондой эле алдын ала жарыяланган жана баарына түшүнүктүү болгон мандаттын негизги параметрлерин аныктоодо - ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруунун мөөнөтүндө жана тартибинде турат. Конституциялык-укуктук мааниде мандаттын юридикалык жактан таризделишиКыргыз Республикасынын элине ант берүү аркылуу кызматка 13
киришүү менен аяктайт. Көрсөтүлгөн учурдан тартып мандат ошол учурда колдонуудагы конституциялык тартиптин алкагында эл тарабынан берилген баштапкы параметрлерде милдеттүү түрдө таанылууга жана сакталууга жатат. Конституциялык кайра куруу шарттарында, жогоруда 4-пунктта белгиленгендей, конституциялык ченемдердин убакыт аралык колдонулушу (интертемпоралдуулук) мамлекеттик бийликтин үзгүлтүксүздүгүн, укуктук тартиптин болжолдуулугун жана өткөөл мезгилде мамлекеттик институттардын мыйзамдуулугун сактоону камсыз кылуучу юридикалык механизм катары негизги мааниге ээ болот. Конституциялык өлчөмдөгү интертемпоралдуулук кепилдик берүүчү функцияны аткаруу менен, бул жаңы Конституция мурдагы конституциялык эрежелер боюнча түзүлгөн эл менен бийликтин ортосундагы мурда келип чыккан жана юридикалык жактан жол- жоболоштурулган мамлекеттик-укуктук мамилелерге ретроактивдүү кийлигишпеши керек дегенди билдирет. Конституциялык өткөөл уланмалуулуктун инструментинен мурда болгон юридикалык фактылардын натыйжаларын баалабоо инструментине айланбашы керек. Жогоруда баяндалгандардан улам, 2021-жылдагы Конституцияга негизделген Кыргыз Республикасынын Президентинин учурдагы мандатынын жана ыйгарым укуктарынын мөөнөтүн кыскартууга алып келүүчү чечмелөө арткы күн менен “оюн эрежелерин” ретроактивдүү түрдө өзгөртүүнү билдирет, бул укуктук аныктыктын талаптарына жана жогорку мамлекеттик бийликти түзүүнүн конституциялык механизми катары шайлоонун легитимдүүлүгүнө шайкеш келбейт. Мөөнөттү ретроактивдүү кыскартууга көрсөтүлгөн интертемпоралдык тыюу салуу 2021-жылдагы Конституцияны колдонууга киргизүүдө белгиленген өткөөл жөнгө салууда түздөн-түз ченемдик ырастоону алат. Алсак, “Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүндө 2021-жылы алты жылдык мөөнөткө шайланган Президент 2021-жылдагы Конституцияга 14
ылайык өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууну улантаары так белгиленген, мында мөөнөттөрдүн саны боюнча жаңы конституциялык чектөөнүн алкагында бул алты жылдык мөөнөт биринчи мөөнөт катары эсептелет. Муну менен Мыйзамдын жогоруда белгиленген ченеми бир эле учурда 2021-жылдагы Конституциянын Президенттин ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууну улантууга карата колдонулушунун жана эки мөөнөт жөнүндө жаңы конституциялык эреженин алкагында алты жылдык мөөнөттү биринчи мөөнөт катары эсептөө маселелерин чечет. Мында, мөөнөттү эсептөө бөлүгүндө Конституциялык сот 2021-жылдагы Конституция боюнча алты жылдык мөөнөттү биринчи мөөнөт катары эсепке алуу учурдагы мандаттын укуктук классификациясынын гана маанисине ээ экенин жана анын баштапкы параметрлерине, анын ичинде учурдагы мөөнөттүн узактыгына жана анын аяктоо учуруна таасир этпей турганын белгилейт. Демек, эсептөө мөөнөттү кайра эсептөөгө же аны кандайдыр-бир кыскартууга алып келбейт жана алып келе албайт; ал “эки мөөнөттөн ашык эмес” эрежесин колдонуу үчүн гана кызмат кылат. Башкача чечмелөө юридикалык жактан жол берилбейт, анткени ал эсептөө деген түр менен ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн ретроактивдүү кыскарышына, муну менен мандаттын аяктоо күнүн мыйзамсыз жана укуктан тыш өзгөрүшүнө алып келет. Ошентип, 2021-жылдагы Конституциянын 67-беренесинде белгиленген ыйгарым укуктардын беш жылдык мөөнөтү 2010-жылдагы Конституциянын колдонуу учурунда башталган президенттик мандатка жайылтылбайт: башталган мөөнөт баштапкы белгиленген узактыкта – алты жылда аякташы керек. Ошол эле учурда, иштеп жаткан Президент өз ыйгарым укуктарын 2021-жылдагы Конституцияга ылайык улантууда, ал эми анын алты жылдык мөөнөтү “Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн күчүнө ылайык эки мөөнөт жөнүндөгү эреже боюнча биринчи мөөнөт катары эсептелет. 15
Конституциялык сот аталган Мыйзамда камтылган өткөөл жоболор Конституциянын негизги тексти менен бирдей юридикалык статуска ээ болгондугун белгилейт. Бул алардын Конституция менен бир эле учурда, референдумдун жыйынтыгынын негизинде ошол эле уюштуруучу акт менен кабыл алынгандыгына байланыштуу. Өткөөл жоболор Конституция менен органикалык бирдикте турат жана аны менен тең жогорку юридикалык күчкө ээ. Демек, өткөөл жоболорду караган мыйзамды кадимки мыйзамдар менен бирдей кароого болбойт.
6. 2010 жана 2021-жылдардагы Конституциялар жөнгө салууну
ажыратуунун бирдиктүү логикасына негизделген: президенттик мандаттын параметрлери (ыйгарым укуктарынын мөөнөтү жана мөөнөтүнүн саны боюнча чектөөлөр) түздөн-түз Конституциянын өзүндө бекитилген, ал эми Президенттик шайлоону (кезектеги жана мөөнөтүнөн мурда) уюштуруу жана өткөрүү тартиби түздөн-түз конституциялык мыйзамдын предметине киргизилген. Ушундан улам 2010-жылдагы Конституциянын ченемдерине, тактап айтканда шайлоо тартибине кайрылуу өз алдынча жол-жоболук мазмунду кошумчалабайт. Мурдагы Конституция да, колдонуудагы Конституция да бир эле ыкманы – Президентти шайлоо тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталаарын бекитишет. Демек, 2010-жылдагы Конституциянын 62- беренесинин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацын жана 2021-жылдагы Конституциянын 68-беренесинин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацын чечмелөөдө кезектеги же мөөнөтүнөн мурда шайлоолорду дайындоонун жана өткөрүүнүн жол-жоболук тартиби колдонуудагы редакциядагы конституциялык мыйзам аркылуу ачыкталууга жатат. Ал шайлоолорду даярдоо жана өткөрүү менен байланышкан мамилелерди жөнгө салат жана шайлоону дайындоодон жана шайлоо аракеттерин жүргүзүүдөн тартып алардын жыйынтыктарын аныктоого чейинки тиешелүү жол-жоболук баскычтарды деталдуу аныктайт. Ушуга байланыштуу, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо 16
жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы Президентти кезектеги шайлоонун жол-жоболук баскычтарынын ырааттуулугун белгилейт жана муну менен шайлоо циклинин болжолдуулугун камсыздайт. Конституциялык Мыйзамдын 48-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентин кезектеги шайлоо Президенттин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктоочу жылдын январь айынын төртүнчү жекшембисинде өткөрүлөт жана шайлоо күнүнө чейин 4 айдан кечиктирбестен Жогорку Кеңеш тарабынан дайындалат. Андан ары конституциялык Мыйзам шайлоо процессинин кийинки этаптарын, анын ичинде талапкерлерди көрсөтүүнү жана каттоону, ошондой эле даярдык көрүүнү жана кол чогултууну карайт (49-54-беренелер). Бул этаптар добуш берүүнү өткөрүүнү жана анын жыйынтыгын чыгарууну камсыздайт, андыктан аларды деталдуу баяндоого токтолбой, андан ары шайлоонун жыйынтыгын юридикалык жактан тариздөөнү жана шайланган Президенттин кызматка киришүүсүн аныктоочу ченемдерге өтүү керек. Конституциялык Мыйзамдын 55-беренесине ылайык, БШК добуш берүү күнүнөн кийин 20 күндөн кечиктирбестен Президенттик шайлоонун натыйжаларын аныктайт. Эгерде добуш берүүнүн жыйынтыгына даттанылса, натыйжаларды аныктоо соттун акыркы кароосуначейин токтотулат. Ал эми эгерде бир да талапкер шайланбаса, конституциялык Мыйзам кайра добуш берүүнү карайт. Бийликтеги укуктук боштук жөнүндө күмөн саноолорду жокко чыгаруу үчүн 2021-жылдагы Конституциянын 69-беренеси жана конституциялык Мыйзамдын 58-беренеси чечүүчү мааниге ээ, аларда Президенттик шайлоонун натыйжаларын расмий жарыялоо БШК тарабынан 3 календардык күндүн ичинде жүзөгө ашырылат, ал эми шайланган Президент натыйжалар расмий жарыяланган күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде Кыргызстан элине ант берет деп бекитилген. Ошону менен кызматка киришүүнүн жол-жоболук жолу белгиленет, ал эми Конституция бийликтин үзгүлтүксүздүгүнүн юридикалык критерийин 17
аныктайт: анда Кыргыз Республикасынын иштеп жаткан Президентинин ыйгарым укуктары добуш берүү фактысы боюнча же кезектеги шайлоону дайындоо фактысы боюнча эмес, жаңы шайланган Президент кызматка киришкен учурдан тартып токтотулат. Шайлоо цикли шайлоо жана кызматка киришүү боюнча бардык жол- жоболор президенттик ыйгарым укуктардын мөөнөтү аяктаганга чейин бүткөндөй кылып түзүлгөнүн эске алуу керек. Бирок, бул өзгөрүлбөс парадигма болуп саналбайт. Объективдүү жагдайлар болгон учурда (мисалы, кайра добуш берүүнү, кайра шайлоону өткөрүү зарылчылыгы, соттук иштер, жыйынтыгын чыгаруу жана инаугурация менен байланышкан уюштуруу жол-жоболору) жаңы шайланган Президенттин кызматка киришүүсү мурдагы Президенттин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү формалдуу аяктагандан кийин болушу мүмкүн. Мындай учурда, айрым жол-жоболордун мурда белгиленген мөөнөттүн календардык чегинен чыгышы президенттик мандаттын параметрлерин узартууну же өзгөртүүнү эмес, болгону мыйзамда каралган шайлоо процессинин аякташын жана жогорку коомдук бийликтин үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылууну билдирет. Демек, мурдагы Президенттин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү формалдуу түрдө аяктагандан кийинки мезгилде шартталган объективдүү жана укуктук себептер менен кызматка киришүүсү Конституцияда белгиленген президенттик мөөнөттүн узактыгын бузуу катары бааланышы мүмкүн эмес. Коснтитуция Кыргыз Республикасынын учурдагы Президентинин ыйгарым-укуктары Кыргыз Республикасынын жаңы шайланган Президенти кызматка киришкен учурдан тартып гана токтотулаарын бекитет. Ошентип, конституциялык мөөнөт мандаттын чегин аныктайт, ал эми ыйгарым укуктарды өткөрүп берүүнүн техникалык жана процессуалдык этаптары анын туура жана легитимдүү аякташын камсыз кылат. Кыргыз Республикасынын учурдагы Президентине карата бул конструкция төмөнкүдөй иштейт. Иштин материалдары боюнча, мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2021-жылдын 10-январында өткөн, ал эми шайланган 18
Президент ант берип, 2021-жылдын 28-январында, башкача айтканда, 2010- жылдагы Конституциянын колдонуу мезгилинде кызматка киришкен. Жогоруда 5-пунктта ачып көрсөтүлгөндөй, учурдагы мөөнөттүн узактыгынын жана анын биринчи мөөнөт катары эсептөө маселеси чечилгендиктен, мындан ары мөөнөттүн аяктаган жылы конституциялык Мыйзам боюнча кезектеги шайлоолордун режимин аныктай тургандыгы гана эске алынат. Келип чыккан мандаттын баштапкы узактыгы сакталганда, ант берген учурдан тартып (2021-жылдын 28-январы) эсептелген алты жылдык мөөнөт, эгерде ыйгарым укуктар конституциялык жоболордун негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулбаса, анда 2027-жылдын 28-январында аяктайт. Мындан кезектеги шайлоолордун режими да түздөн-түз келип чыгат, анткени ыйгарым укуктардын мөөнөтү аяктаган жыл 2027-жыл болгондуктан, кезектеги шайлоолор конституциялык Мыйзам боюнча 2027-жылдын январь айынын төртүнчү жекшембисинде (2027-жылдын 24-январында) өткөрүлүүгө тийиш, ал эми аларды дайындоо Жогорку Кеңеш тарабынан добуш берүү күнүнө чейин төрт айдан кечиктирилбестен жүзөгө ашырылышы керек (2026- жылдын 24-сентябрынан кечиктирбестен). Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын учурдагы Президентинин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн аякталышы жана кезектеги шайлоолордун өткөрүлүшү бийликтин укуктук мурастоонун бирдиктүү модели катары конституциялык жактан түзүлгөн, башкача айтканда, Кыргыз Республикасынын учурдагы Президентинин ыйгарым укуктарынын токтотулушу жаңы шайланган Президенттин кызматка киришүү учуру менен гана байланыштырылат, бул жогорку коомдук бийликти үзгүлтүксүз жүзөгө ашыруу талабына жооп берет жана ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү мезгилинде ар кандай боштуктар тууралуу укуктук күмөндүүлүктү жокко чыгарат.
7. Конституциялык сот мөөнөтүнөн мурда шайлоо бөлүгү боюнча,
кызуу коомдук талкуулардын болушу жана атүгүл Президенттин ыйгарым 19
укуктарынын мөөнөтү жөнүндөгү маселеге карата диаметралдуу карама- каршы мамилелердин болушу мөөнөтүнөн мурда шайлоо циклинин конституциялык негиздерин түзбөйт жана алмаштырбайт деп белгилейт. Президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоо мандатты түзөтүү ыкмасы болуп саналбайт, ал 2021-жылдагы Конституциянын 72-беренесинин 1- бөлүгүндө тизмектелген толук негиздер: арызы боюнча кызматынан кеткенде, белгиленген тартипте кызматтан четтетилгенде, оорусуна байланыштуу ыйгарым укуктарын аткара албай калганда же каза болгон учурда, алар ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуунун укуктук натыйжасы катары гана мүмкүн. Бул негиздердин тизмеси жабык мүнөзгө ээ, ар кандай кеңейтилген чечмелөө Конституцияда каралбаган негиздер менен ыйгарым укуктарды токтотууну киргизүүнү билдирет, андыктан конституциялык эмес деп саналат. Көрсөтүлгөн негиздер келип чыкканда гана Президенттин ыйгарым укуктарын убактылуу аткаруунун конституциялык тартиби колдонулат жана мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жана өткөрүү мөөнөттөрү жана тартиби конституциялык Мыйзамга ылайык ишке ашырылат. Мындай негиздер жок болгон учурда, Президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоо сценарийине юридикалык жактан жол берилбейт, кезектеги шайлоо циклинин режими колдонууга жатат. Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктун, 4-бөлүгүн, “Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө” конституциялык Мыйзамынын 38, 48, 49, 52 жана 53-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту Ч Е Ч Т И: 20
1. 2021-жылдын 5-майындагы «Кыргыз Республикасынын
Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын редакциясындагы 67-беренесинин, 68-беренесинин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацынын, 72-беренесинин 1-бөлүгүнүн конституциялык-укуктук мааниси 2010-жылдын 27-июнундагы Мыйзамдын редакциясындагы Конституциянын 61-беренеси, 62-беренесинин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацы, 63-беренесинин 1, 2-бөлүктөрү, 2021-жылдын 11-апрелиндеги референдумда (бүткүл элдик добуш берүүдө) кабыл алынган жана 2021-жылдын 5-майында күчүнө кирген «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгү менен системалуу байланышта төмөнкүнү билдирет:
1) 2021-жылдын 5-майындагы “Кыргыз Республикасынын
Конституциясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын редакциясындагы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 67-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган Кыргыз Республикасынын Президентинин беш жылдык ыйгарым укуктарынын мөөнөтү 2010-жылдын 27-июнундагы Мыйзамынын редакциясындагы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын колдонуу мезгилинде башталган президенттик мандатка карата колдонууга жатпайт. Көрсөтүлгөн мандат баштапкы белгиленген узактыкта – алты жылда аяктоого жатат;
2) Кыргыз Республикасынын учурдагы Президенти ыйгарым
укуктарын 2021-жылдын 5-майындагы “Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын редакциясындагы Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык жүзөгө ашырат, ал эми анын мандатынын алты жылдык мөөнөтү 2021- жылдын 5-майындагы “Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн күчүнө ылайык биринчи мөөнөт катары эсептелет;
3) Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда
шайлоого 2021-жылдын 5-майындагы “Кыргыз Республикасынын 21
Конституциясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын редакциясындагы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 72- беренесинин 1-бөлүгүндө каралган толук негиздер боюнча анын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуунун натыйжасы катары гана жол берилет. Мындай негиздер жок болгон учурда Президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоого жол берилбейт;
4) Кыргыз Республикасынын Президентин кезектеги шайлоосу Кыргыз
Республикасынын колдонуудагы Конституциясынын 68-беренесинин 2- бөлүгүнүн экинчи абзацынын негизинде Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын
10-главасына ылайык 2027-жылдын январь айынын төртүнчү
жекшембисинде (2027-жылдын 24-январы) өткөрүлүүгө жатат, ал эми аны дайындоо Жогорку Кеңеш тарабынан добуш берүү күнүнө чейин төрт айдан кечиктирилбестен (2026-жылдын 24-сентябрынан кечиктирбестен) ишке ашырылууга тийиш.
2. Чечим акыркы болуп саналат жана даттанууга жатпайт, Кыргыз
Республикасынын Конституциялык сотунун расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
3. Чечим бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча
башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана республиканын бүткүл аймагында аткарылууга тийиш.
4. Бул Чечим мамлекеттик бийлик органдарынын расмий
басылмаларында, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун расмий сайтында жана “Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Жарчысында” жарыялансын. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТУ 22
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 3 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (3)
- Конституция Кыргызской РеспубликиКонституция · 05.05.2021
- Закон «О назначении референдума (всенародного голосования) по проекту Закона Кыргызской Республики "О Конституции Кыргызской Республики»Закон · 12.03.2021 · № 31
- Постановление Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР от 24 октября 2020 года № 263 "О досрочных выборах Президента Кыргызской Республики"Постановление · 24.10.2020 · № 263