Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
М. Г. Анарбаевдин кайрылуусуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 95-беренесинин 1 жана 3-бөлүктөрүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча чечим
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТУНУН Максатбек Гыязидинович Анарбаевдин кайрылуусуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 95-беренесинин 1 жана 3-бөлүктөрүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча ЧЕЧИМИ 2025-жылдын 17-декабры Бишкек шаары Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту: төрагалык кылуучу –
Э.Ж. Осконбаев, судьялар Ч.А. Айдарбекова, М.Р. Бобукеева, К.А.
Дуйшеев, Л.Ч. Жолдошева, М.Ш. Касымалиев, К.Дж. Кыдырбаев, Ж.А. Шаршеналиев курамында, катчы К.Маамыталы кызынын; кайрылуучу тарап – Максатбек Гыязидинович Анарбаевдин кызыкчылыгын ордер боюнча көздөгөн Бакыт Саматкулович Осмоналиевдин;
жоопкер тарап – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотундагы туруктуу өкүлү Самат Кыштообекович Ысырановдун; үчүнчү жактар – Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотундагы туруктуу өкүлү Алмазбек Тавалдыевич Молдобаевдин, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун ишеним кат боюнча өкүлү Маргарита Насаркановна Сапиянованын, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын ишеним кат боюнча өкүлдөрү Калыгул уулу Бакыттын, Кумарбек Курманбекович Байдылдаевдин, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин ишеним кат боюнча өкүлдөрү Темирлан Тилекович Акынбековдун, Эмир Эрнисович Хасановдун, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотундагы туруктуу өкүлү Аязбек Доолосбекович Джаркынбаевдин, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ишеним кат боюнча өкүлү Илгиз Камилжанович Аскаровдун катышуусунда, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүн, ―Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө‖ Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 17, 40, 45- беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 95-беренесинин 1 жана 3-бөлүктөрүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти ачык сот отурумунда карап чыкты. Бул ишти кароого М.Г. Анарбаевдин кайрылуусу жана талашылып жаткан ченемдердин Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келеби деген маселеде табылган аныксыздык себеп жана негиз болду. Ишти соттук отурумга даярдаган судья-баяндамачы
К.Дж. Кыдырбаевдин маалыматын угуп жана иштин материалдарын изилдеп
чыгып, Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту,
Т А П Т Ы: 2025-жылдын 17-июлунда Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна М.Г.Анарбаевдин Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин (мындан ары – КЖПК) 95-беренесинин 1 жана 3- бөлүктөрүнүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 57-беренесинин 1, 3 жана 4-бөлүктөрүнө дал келүүсүн текшерүү жөнүндө өтүнүчү келип түшкөн. Өтүнүчтөн жана ага тиркелген материалдардан белгилүү болгондой, 2019-жылы бир нече адамдарга карата козголгон кылмыш ишинин алкагында айыпталуучулар Р.М.Воинов жана К.Куценко күнөөнү моюнга алуу жөнүндө макулдашууларды түзүшүп, андан улам аларга карата материалдар өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүп, сот тарабынан жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте каралып, 2021-жылы айыптоо өкүмү чыгарылган. Буга байланыштуу, кайрылууда Р.М. Воинов менен К. Куценко күнөөлөрүн моюнга алган көрсөтмөлөрдү беришкендиги, ошондой эле айыпталып жаткан ишке М.Г. Анарбаевдин катышы бар экендиги тууралуу маалыматтар берилгендиги көрсөтүлгөн. Арыз ээсинин тастыктоосу боюнча, дал ушул көрсөтмөлөр ага карата кылмыш ишин козгоо үчүн негиз болгон жана анын күнөө тагылган кылмыштарга катыштыгы жөнүндөгү тыянактар көбүнесе сот тарабынан жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте каралган кылмыш ишинин алкагында Р.М. Воинов менен К. Куценконун берген көрсөтмөлөрүнө негизделген. Ушундан алганда, кайрылуу субъектиси кылмыш иштерин өзгөчө тартипте кароо соттук тергөөнү толук көлөмдө жүргүзбөстөн жана сот тарабынан далилдерди түздөн-түз изилдебестен соттук териштирүү жүргүзүүнү болжойт деп көрсөткөн. Мындан тышкары, арыз ээси кылмыш ишинин материалдарын өзүнчө өндүрүшкө бөлүүнүн негиздерин жана тартибин жөнгө салуучу КЖПКнын 142-беренесинин жоболоруна көңүлдү буруу менен мындай процессуалдык чечимди кабыл алуу кылмыш-жаза сот
өндүрүшүнүн ар тараптуулугуна жана объективдүүлүгүнө таасир этпеген учурда гана жол берилерин баса белгилейт. Ал эми арыз ээси М.Г. Анарбаевге жана ишке тиешеси бар башка адамдарга карата козголгон кылмыш иштери боюнча айыптоо тарабы жана жабырлануучу тараптын өкүлдөрү, анын ырастоосу боюнча Р.М. Воиновго жана К Куценкого карата чыгарылган, мыйзамдуу күчүнө кирген айыптоо өкүмүнө шилтеме жасап, аны колдонууга аракет кылышууда, муну менен анда алардын күнөөнү моюнга алган көрсөтмөлөрүнө негизделген, анда белгиленген жагдайларга КЖПКнын 95-беренесинин 1 жана 3-бөлүктөрүнүн жоболоруна ылайык преюдициалдык маани беришүүдө. Муну менен бирге, арыз ээси КЖПКнын 95-беренесинин 3-бөлүгүнүн жоболоруна өзгөчө көңүл бурат, алар материалдык зыяндын жана (же) моралдык зыяндын ордун толтуруу маселелерин чечүү бөлүгүндө соттун өкүмүнүн милдеттүүлүгүн белгилөө менен, анын пикири боюнча тиешелүү талаптарды кароодо соттун тыянактарын иш жүзүндө алдын ала аныктайт жана кылмыш-жаза процессине катышпаган адамдардын соттук коргоого укугун козгойт.
М.Г. Анарбаевдин тастыктоосу боюнча, талашылып жаткан жоболорду
учурдагы укук коргоо практикасында колдонууда толук соттук териштирүүсүз жана анын катышуусуз өзгөчө жол-жоболордун алкагында чыгарылган, соттук актыларда белгиленген тыянактар жана жагдайлар, ага карата козголгон кылмыш ишин кароодо колдонулган кырдаалдын түзүлүшүнө алып келет. Бул, арыз ээсинин пикири боюнча сот тарабынан далилдердин жалпылыгын көз карандысыз баалоосуз, ошондой эле кылмыш ишинин жагдайларын ар тараптуу жана объективдүү иликтөөсүз айыптоо өкүмүн чыгаруу тобокелдигин жаратат. Мындан тышкары, арыз ээси КЖПКнын 57-главасынын тартибинде токтом кылынган өкүм соттор жана процесстин катышуучулары тарабынан башка адамдарга тиешелүү фактыларды аныкталган деп таануу үчүн негиз катары каралган практика калыптангандыгына көрсөткөн. Бул сот
отурумунда далилдерди изилдөөнүн жалпы тартибинде тастыкталбаган, башка айыпталуучулардын көбүнчө оозеки көрсөтмөлөрүнөн айыптоолорду түзүүгө мүмкүндүк берет. Анын пикири боюнча, бул конституциялык кепилдиктерге жана күнөөсүздүк презумпциясы принцибине карама-каршы келет. Бул контекстте, арыз ээси ошондой эле айыпталуучунун процессуалдык статусун жана кылмыш менен келтирилген зыян үчүн мүлктүк жоопкерчиликти тарткан адамдардын катышуусун аныктаган КЖПКнын 45 жана 47-беренелеринин жоболоруна, ошондой эле КЖКнын 71-беренесине шилтеме жасайт, ага ылайык материалдык зыяндын ордун толтуруу жана моралдык залалды компенсациялоо адамдын кылмыш жоопкерчилигинен же болбосо жазадан бошотулгандыгына карабастан сот тарабынан колдонулат. Бул анын пикири боюнча, тиешелүү кылмыш-жаза процессине катышпаган адамдар үчүн өзгөчө тартипте чыгарылган өкүмдөргө преюдициалдык күч берүүнүн укуктук кесепеттерин күчөтөт. Ушуга байланыштуу, арыз ээси Конституциянын 57-беренесинин 1- бөлүгүнө шилтеме жасайт, ага ылайык, ар бир адам анын күнөөсү мыйзамда каралган тартипте далилденмейинче жана мыйзамдуу күчүнө кирген соттун өкүмү менен аныкталмайынча, кылмыш жасаганга күнөөлүү деп эсептелбейт. Мында аталган берененин 3 жана 4-бөлүктөрүнө ылайык, адамды кылмыш жасаганын моюнга алгандыгынын негизинде гана соттоого жол берилбестигин, ошондой эле күнөөнү далилдөө түйшүгү айыптоо тарабына жүктөлөөрүн баса белгилейт.
М.Г.Анарбаев өзүнүн позициясын тастыктоодо Адам укуктарынын
жалпы декларациясынын жана Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактынын жоболоруна, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2021-жылдын 17- февралындагы Чечиминде белгиленген укуктук позициясына шилтеме жасайт, ага ылайык кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарында белгиленген эрежелердин системасы жабырлануучу тараптын укуктарын
жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо менен бирге ар бир инсанды мыйзамсыз жана негизсиз айыптоолордон, соттоодон жана укуктары менен эркиндиктерин чектөөдөн коргоону камсыз кылууга тийиш. Жазылгандардан алганда, арыз ээси КЖПКнын 95-беренесинин 1 жана 3-бөлүктөрүн тиешелүү сот өндүрүшүнө катышпаган адамдарга карата кылмыш иштерин кароодо күнөөнү моюнга алуу жөнүндө макулдашуунун негизинде өзгөчө тартипте чыгарылган өкүмдөргө преюдициалдык күч берүү жол берилген бөлүгүндө Конституцияга карама-каршы келет деп табууну өтүнөт. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьялар коллегиясынын 2025-жылдын 16-сентябрындагы аныктамасынын негизинде кайрылуу өндүрүшкө кабыл алынган. Жоопкер-тараптын атынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотундагы туруктуу өкүлү С.К. Ысыранов арыз ээсинин кайрылуусунда келтирилген жүйөлөр боюнча төмөнкү позициясын билдирди. КЖПКнын 95-беренесинин талашылып жаткан 1 жана 3-бөлүктөрү мыйзамдуу күчүнө кирген соттук актылардын преюдициалдык маанисин карайт жана укуктук аныктыкты, соттук чечимдердин туруктуулугун, ошондой эле кылмыш-жаза жана жарандык сот өндүрүшүнүн ырааттуулугун камсыз кылууга багытталган. Жоопкер-тарап соттун өкүмүнүн преюдициалдык күчү аныкталган жагдайларга жана алардын тиешелүү сот актысы чыгарылган адамга карата укуктук баа берилишине гана жайылтылаарын жана соттун тыянактарын кылмыш ишине катышпаган башка адамдарга автоматтык түрдө өтүшүн караштырбайт деп белгиледи. Ар бир адамдын күнөөсү жекече, көз карандысыз соттук териштирүүнүн жыйынтыгы боюнча чыгарылган, соттун мыйзамдуу күчүнө кирген айыптоо өкүмү менен гана аныкталат. Бул Конституциянын 57-беренесинде бекитилген жана укук колдонуунун кандай
болбосун түрү үчүн арылгыс чек болгон күнөөсүздүк презумпциясы принцибине шайкеш келет. Мында преюдиция институту белгиленген иш жүзүндөгү жагдайларга тиешелүү экендиги жана соттун далилдерге көз карандысыз укуктук баа берүү милдетин алмаштырбай тургандыгы, ошондой эле аны иштин материалдарын түздөн-түз, атаандашуучулук жана ар тараптуу изилдөө принциптерин сактоодон бошотпой тургандыгы баса белгиленет. Бир адамга карата чыгарылган өкүмдү колдонуу башка адамдын күнөөлүүлүгүнүн далили катары каралбайт.
С.К. Ысыранов өз позициясында күнөөнү моюнга алуу жөнүндө
макулдашуунун негизинде жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте чыгарылган өкүм башка айыпталуучуларга карата преюдициалдуу күчкө ээ эместигин жана далилдерди көз карандысыз жана ар тараптуу изилдөөнүн жыйынтыктары боюнча сот тарабынан чечилүүгө жаткан алардын күнөөлүлүгү жөнүндө маселени алдын ала чечпейт. Жоопкер-тараптын пикири боюнча күнөөнү моюнга алуу жөнүндө макулдашуунун негизинде кылмыш ишин жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте кароо мыйзамда каралган процессуалдык кепилдиктердин чегинде жүргүзүлөт жана башка адамдардын күнөөлүүлүгү жөнүндө маселени алдын ала чечпейт, анткени мындай өкүм жалпы тартипте далилдерди изилдебестен кабыл алынат жана ал чыгарылган адамдын укуктук статусунун чегинде гана күчкө ээ. Кылмыш ишин өзүнчө өндүрүшкө бөлүү сотко чейинки өндүрүш органдарын ар бир шектүүгө же айыпталуучуга карата иштин жагдайларын ар тараптуу, толук жана объективдүү иликтөө үчүн мыйзамда каралган бардык чараларды көрүү милдетинен бошотпойт. Мындан тышкары, талашылып жаткан мыйзамдык жөнгө салуу соттук чечимдердин милдеттүүлүгү принцибине жана Адам укуктарынын жалпы декларациясынан жана Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пакттан келип чыккан адилеттүү соттук териштирүүнүн эл аралык стандарттарына ылайык келет.
Баяндалгандарды эске алуу менен, С.К. Ысыранов 95-берененин 1 жана 3-бөлүктөрү Конституцияга карама-каршы келбейт деп эсептейт. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотундагы өкүлүнүн позицияларына окшош позицияларды жана аргументтерди билдиришти. Иштин материалдарын карап чыгып, жоопкер-тараптын позициясын жана үчүнчү жактардын пикирин угуп, Конституциялык сот төмөнкү тыянактарга келди.
1. ―Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө‖
конституциялык Мыйзамдын 17-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык Конституциялык сот кайрылууда козголгон предмет боюнча анын ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу күмөн жараткан бөлүгүнө карата гана актыларды чыгарат. Ошентип, ушул иш боюнча Конституциялык соттун кароосунун предмети болуп төмөнкүдөй редакцияда баяндалган Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 95- беренесинин 1 жана 3-бөлүктөрүнүн ченемдик жоболору саналат: ―95-берене. Преюдиция
1. Мыйзамдуу күчүнө кирген өкүм, ошондой эле маңызы жагынан
чечүүчү иш боюнча соттун мыйзамдуу күчүнө кирген башка чечими белгиленген жагдайлар боюнча бардык мамлекеттик органдар, уюмдар үчүн, ошондой эле өкүм, чечимдер чыгарылган адамдарга карата укуктук баа берүү жагынан да жарандар үчүн милдеттүү. Ушул жобо апелляциялык жана кассациялык тартипте соттун өкүмүн жана башка чечимдерин текшерүүгө,
жокко чыгарууга жана өзгөртүүгө, жаңыдан жана кайтадан ачылган жагдайлар боюнча иш жүргүзүүнү кайра баштоого тоскоолдук кылбайт.
3. Материалдык зыяндын жана (же) моралдык залалдын ордун толтуруу
жөнүндө маселе чечилген соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү сот үчүн бул бөлүктө кылмыш-жаза өндүрүшүнүн тартибинде чечилбеген маселелер бөлүгүндөгү жарандык сот өндүрүшүнүн жүрүшүндө иштерди кароодо милдеттүү болот.‖. Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 129 Кылмыш-жаза процессуалдык кодекси мыйзамдарда белгиленген тартипте кабыл алынган, ―Эркин Тоо‖ гезитинин 2021-жылдын 16-ноябрындагы № 122-133 санында жарыяланган, Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген жана колдонуудагы болуп саналат.
2. Тийиштүү процессуалдык тартипте ишке ашырылган жана аяктаган
сот адилеттиги укуктук кесепеттерди гана жаратпастан, сот бийлигинин институционалдык ―эс тутумун‖ сактоону да камсыз кылууга тийиш. Бул ―эс тутумдун‖ маңызы ар башка сот процесстеринде бири-бирин жокко чыгаруучу фактылык жана укуктук версиялар түрүндө бир эле юридикалык маанилүү жагдайлардын кайра кайталап аныкталышына жол бербөө болуп саналат. Болбосо, укук тартиби өзүнүн алдын ала божомолдоо мүмкүнчүлүгүн жоготот, ал эми сот бийлиги – коомдук мамилелерди акыркы жана жалпыга милдеттүү тыянактар аркылуу турукташтыруучу негизги жөндөмүнөн ажырайт. Сот адилеттигинде дал ушундай карама-каршылыктуу соттук чечимдерди алдын алуу жана ―чындыктын көп түрдүүлүгүнө‖ жол бербөө максатында преюдиция институту иштейт. Преюдиция – бул мыйзамдуу күчүнө кирген соттук актынын укуктук касиети, анда белгиленген иш жүзүндөгү жагдайлардын жана жол берилген чектерде укуктук тыянактардын мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары, уюмдар жана жарандар
үчүн, мурда сот тарабынан чечилген иштин предметинин алкагында жана ал акты чыгарылган адамга карата милдеттүүлүгүн билдирет. Мындай сапатта преюдиция мурда аныкталган жагдайлар жана аларды юридикалык квалификациялоо боюнча мүмкүн болгон күмөндүүлүктү жокко чыгарат, башка сот өндүрүштөрүндө соттук тыянактарды өзүм билемдик менен ―жокко чыгарууга‖ жол бербейт жана соттордун бирдиктүү коомдук юстиция механизми катары ишмердигинин уланмалуулугун камсыз кылат. Муну менен преюдиция сот тарабынан буга чейин аныкталган жагдайларды кайрадан далилдөөнүн зарылдыгын четтетет, бири-бирин жокко чыгаруучу баалоолордун пайда болушуна жол бербейт, укук колдонуу практикасында ырааттуулукту сактайт жана мамлекеттин атынан кабыл алынган сот адилеттигинин актылары катары соттук чечимдерге урмат- сыйды бекемдейт. Конституциялык сот, соттук актынын преюдициялык күчү соттун сот адилеттигин жүзөгө ашыруучу бирден-бир орган катары конституциялык статусунан (Конституциянын 94-беренесинин 1-бөлүгү) жана сот бийлигин жүзөгө ашыруунун бир түрү катары соттук өкүмдүн милдеттүү мүнөзүнөн түздөн-түз келип чыгаарын баса белгилейт. Ар бир адамдын соттук коргоого жана адилеттүү соттук териштирүүгө болгон укугунун кепилдиктери менен тутумдаш өз ара байланышта (Конституциянын 61, 100 жана 101-беренелери) болгон бул принцип социалдык жана укуктук чыр-чатактарды биротоло чечүүчү институт катары соттун жана анын чечимдеринин аброюнун юридикалык көрүнүшү катары чыгат. Ошентип, преюдиция сот адилеттигинин тутум түзүүчү элементи катары кызмат кылат: ал мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларына реалдуу туруктуулук берет, укук колдонууда ырааттуулукту жана болжолдоого мүмкүндүк берет, сот чечимдеринин карама-каршылыгын алдын алат, муну менен укук тартибин бекемдейт. Андыктан сот актыларынын преюдициалдуулугу процессуалдык категория гана болбостон, ошондой эле укуктук мамлекет принцибинин
конституциялык мааниге ээ көрүнүшү катары жалпысынан коомдун сот адилеттигине болгон ишенимин калыптандыруучу жана колдоочу фактор болуп кызмат кылат.
3. Ошол эле учурда, преюдиция техникалык ыкма менен эле
чектелбейт; ал конституциялык-укуктук мүнөзгө ээ жана мыйзамдуу күчүнө кирген сот чечиминин укуктук натыйжасы болуп саналат, бул институтту шартсыз формула катары түшүнүүгө жол бербейт. КЖПКнын 95- беренесинин талашылып жаткан 1-бөлүгүнө ылайык, мыйзамдуу күчүнө кирген өкүм, ошондой эле маңызы жагынан чечүүчү иш боюнча соттун мыйзамдуу күчүнө кирген башка чечими белгиленген жагдайлар боюнча бардык мамлекеттик органдар, уюмдар үчүн, ошондой эле өкүм, чечимдер чыгарылган адамдарга карата укуктук баа берүү жагынан да жарандар үчүн милдеттүү. Бирок мындай милдеттүүлүк преюдицияны жаңы иште автоматтык түрдө колдонууну же мурунку сот актысынын мазмунун толугу менен ага көчүрүүнү билдирбейт. Соттун чечиминин мыйзамдуу күчүнүн натыйжасы катары преюдиция башка өндүрүштө аны колдонулуш шарттары жана таасиринин чектери бир убакта сакталган учурда гана ишке ашырылат жана ишти маңызы боюнча чечүүнүн өз алдынча жана шартсыз негизи катары эмес, мурда аныкталган жагдайларды эске алуунун юридикалык жактан жөнгө салынган механизми катары кызмат кылат. Ошондуктан мурда аныкталган жагдайларды эске алуунун жол берилген чектерин аныктоо үчүн преюдициянын колдонулуш шарттарын жана анын таасиринин чектерин так ажыратуу талап кылынат. Алсак, преюдициянын колдонулуш шарттары деп мыйзамдуу күчүнө кирген сот актысы менен аныкталган жагдайлардын жол берилиши жөнүндө маселелерди чечүүдө сот тарабынан милдеттүү түрдө текшерилүүгө жаткан, юридикалык мааниге ээ критерийлердин жыйындысы түшүнүлөт. Бул критерийлердин болушу жана аларды сактоо жаңы өндүрүштөгү соттун башка ишти кароодо мындай жагдайларга таянууга укугу барбы же жокпу (айрым учурларда – милдеттүүбү) аныктайт.
Преюдициалдык эсепке алуунун биринчи шарты — мыйзамдуу күчүнө кирген сот актысынын болушу жана аны белгиленген тартипте жокко чыгаруу же өзгөртүү жөнүндө маалыматтын жоктугу. Жаңы иштин соту мындай актынын статусун, анын укуктук натыйжасынын аяктагандыгын жана талаш каралган учурга карата юридикалык күчүн сактап тургандыгын текшерүүгө милдеттүү. Андай болбогондо, туруктуу эмес укуктук булакка таянууну билдирмек жана жаңы өндүрүшкө юридикалык жактан туруктуулугу жок тыянактарды өткөрүп берүү тобокелдигин түзмөк. Экинчи шарт – преюдициянын предметтик аныктыгы. Жаңы иштин соту мурунку сот тарабынан кайсы конкреттүү жагдайлар жөн гана айтылбастан, иш жүзүндө иликтенип, тийиштүү жол-жоболордун алкагында далилденди деп таанылганын жана алардын кайсынысы ишти маңызы боюнча чечүү үчүн зарыл негиз түзгөнүн аныкташы керек. Преюдиция сыпаттоо бөлүгүндө, катышуучулардын жүйөлөрүндө же иштин жыйынтыгына таасир этпеген реалдуу өбөлгөлөрдө камтылган ар кандай маалыматтарга эмес, соттук актынын жүйөлөштүрүүчү бөлүгүндө объективдештирилген жана кабыл алынган чечим үчүн олуттуу болгон фактыларды гана камтыйт. Бул контексттен алганда, жаңы иштин соту окуянын же аракеттин объективдештирилген фактыларын жана баалоочу тыянактарды айырмалашы керек. Өндүрүштүн процессуалдык мүнөзүнө жана мыйзамдын түздөн-түз көрсөтмөсүнө жараша фактылар гана берилиши мүмкүн, ал эми күнөөлүүлүк, укуктук квалификациялоо, субъективдүү жагы, катышуу даражасы, күнөөнүн формасы жана жоопкерчиликтин өлчөмүнүн маселелери жаңы иште сот адилеттигин жүзөгө ашыруунун негиз түзүүчү принциптеринин бири – аныктык принцибин сактоо менен изилденген далилдердин негизинде өз алдынча түзүлүүгө тийиш. Үчүнчү шарт – преюдициянын жеке чектелүүлүгү болуп саналат. Преюдициалдык күч баштапкы соттук териштирүүгө катышпаган жана коргонуу укуктарын жүзөгө ашырууга, атандашуучулукка жана каршы
пикирлерин билдирүүгө реалдуу мүмкүнчүлүгү болбогон адамдардын укуктук абалын алдын ала чечүүнүн инструментине айланбашы керек. Бул кылмыш-жаза сот өндүрүшүндө өзгөчө мааниг ээ, анткени кылмыш жоопкерчилигинин жеке мүнөзү жана күнөөсүздүк презумпциясы айыпталуучуну анын катышуусуз чыгарылган тыянактар менен байламта кылууну болтурбайт. Төртүнчү шарт – жаңы иш боюнча далилдөө предметине карата преюдициалдык жагдайлардын релеванттуулугу болуп саналат. Жаңы иштин соту мурда белгиленген жагдайларды учурдагы сот өндүрүшүндө аныктала турган юридикалык фактылар менен салыштырат. Ал тургай формалдуу түрдө окшош жагдайлар да каралып жаткан иштин предметине, колдонулуучу укуктук ченемдерге, далилдөө стандартына жана процессуалдык контекстке жараша ар кандай далилдик мааниге ээ болушу мүмкүн. Эске алынуучу факт жаңы ишти чечүү үчүн маанисин сактаган жана далилдөө предметине таандык жана преюдициянын чектери менен камтылбаган башка жагдайларды белгилөөнү алмаштырбаган учурда гана преюдицияга жол берилет. Бешинчи шарт – преюдициалдык эсепке алуу менен адилеттүү териштирүүнүн процессуалдык кепилдиктеринин шайкештиги болуп саналат. Жаңы иштин соту далилдөө жүгүн иш жүзүндө кайра бөлүштүргөн, күнөөсүздүк презумпциясын башкалардын тыянактарын ―четке кагуу‖ милдетине айландырган же атаандашуучулукту формалдуулукка чейин кыскарткан преюдицияга шилтеме кылган кырдаалды болтурбоого тийиш. Андыктан текшерүү, учурдагы процесстин тараптарынын преюдициянын колдонулушуна карата каршы пикирлерин билдирүү, анын чектеринин сакталбагандыгын көрсөтүү, баштапкы актыны жокко чыгарууга же өзгөртүүгө шилтеме берүү, ошондой эле мыйзам жол берген чектерде – преюдициалдык факт менен жаңы иштин далилдөө предметинин байланышын талашуу үчүн реалдуу мүмкүнчүлүктү сактайт деген эрежени камтыйт.
Колдонулуш шарттары менен катар, жогоруда белгиленгендей, жаңы иштин соту белгилүү бир кырдаалда преюдициянын колдонулушунун чектерин да белгилөөгө милдеттүү. Эгерде, преюдициянын колдонулуш шарттары жаңы сот өндүрүшүндө аны колдонуунун жол берилиши жөнүндөгү маселеге жооп берсе, анда преюдицияны колдонуунун чектери мурда белгиленген жагдайлар канчалык деңгээлде жана кайсы учурга чейин милдеттүү юридикалык күчкө ээ болушу мүмкүн экендигин аныктайт. Бул, өз кезегинде преюдициянын тиешелүү милдеттүүлүк көлөмүн, ал жайылтылган адамдардын чөйрөсүн жана далилдөө процесси үчүн анын маанисин чагылдырган предметтик, жеке, процессуалдык жана убакыттык өлчөмдөрдө билдирилген юридикалык таасирин чектөөнүн багыттарын аныктоону болжолдойт. Биринчиден, преюдициянын колдонулушунун предметтик чеги, анын мазмуну мурунку сот окуянын же аракеттин фактылары катары аныктаган жагдайлар менен гана чектелип, иштин жыйынтыгы үчүн зарыл болгон деңгээлде гана мааниси болгондугу менен аныкталат. Мында укуктук баалоо элементтери, күнөөлүлүгү жөнүндө тыянактар жана башка баалоочу чечимдер преюдициянын юридикалык таасиринин чегинен тышкары турат. Бул контексттен алганда, жеке чек – милдеттүүлүк мурунку сот актысында тыянактар түзүлгөн адамга гана тиешелүү экендигин жана далилдик базаны түзүүгө, ошондой эле укуктук баа берүүгө таасир этүүгө мүмкүнчүлүгү жок башка катышуучуларды камтый албастыгын билдирет. Өз кезегинде, процессуалдык чек, преюдициянын соттун далилдерди түздөн-түз изилдөөсүн алмаштырган далилдөө каражатынын маанисин ала албастыгын билдирет. Анын юридикалык таасири мурда аныкталган фактыны тышкы таяныч негиз катары эсепке алуу мүмкүнчүлүгү менен чектелет жана учурдагы сот өндүрүшүндө тиешелүү далилдерди көз карандысыз баалоосуз далилдөө предмети боюнча тыянактарды түзүүгө жайылтылбайт.
Өз кезегинде, процесстик чектөө соттун далилдерди түздөн-түз изилдөөсүн алмаштырган далилдөө каражатынын маанисин зыян келтире албагандыгында чагылдырылат. Анын юридикалык таасири мурда аныкталган фактыны тышкы шилтеме катары кароо мүмкүнчүлүгү менен чектелет жана учурдагы сот ишиндеги тиешелүү далилдерди көз карандысыз баалоосуз далилдөө предмети боюнча тыянактарды түзүүгө жайылтылбайт. Акырында, преюдицияны колдонуунун убакыттык чеги сот актысынын күчү ал негизделген юридикалык таасиринен келип чыккан туунду мүнөзү менен шартталган. КЖПКнын 95-беренесинде түздөн-түз көрсөтүлүшүнөн улам мурда белгиленген жагдайлардын милдеттүү юридикалык күчү тиешелүү өкүм же башка соттук чечим күчүндө калып жана жаңыдан ачылган же жаңы жагдайлар боюнча апелляциялык, кассациялык тартипте жокко чыгарылбаганда же өзгөртүлбөгөндө гана сакталат. Сот актысынын жокко чыгарылышы же өзгөртүлүшү анда камтылган тыянактарды милдеттүү преюдициалдуу катары андан ары колдонуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарат. Ошентип, баяндалгандардын мааниси боюнча Конституциялык сот башка сот өндүрүшүндө преюдициянын колдонулушуна анын колдонулуш шарттарын жана күчүнүн чектерин бир эле учурда жана өз ара байланышта эсепке алууда гана жол берилет деген тыянакка келди. Соттук актынын преюдициалдык күчү бул талаптар жалпысынан сакталганда гана келип чыгат жана сакталат, бул аларды иргеп же үзүндүлөп колдонуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарат. Жагдайларды ―биринчи жолудай‖ кайталап далилдөөгө жана мурунку соттук актыдан механикалык түрдө албоого негизделген, преюдициалдык эсепке алуунун жол берилишин жана чектерин текшерүүгө негизделген мындай мамиле – преюдиция институнун укуктук мамлекет логикасында иштешин камсыз кылат, күнөөсүздүк презумпциясын жана далилдөө жүгүн бөлүштүрүүнү кошо алганда, адилеттүү жана атаандашуучулук териштирүүнүн конституциялык кепилдиктерин
төмөндөтпөстөн, укуктук аныктыкка жана сот практикасынын ырааттуулугуна колдоо көрсөтөт.
4. КЖПКнын жоболорунда, ошондой эле жарандык сот өндүрүшүнүн
тартибинде зыяндын ордун толтуруу жөнүндө маселелерди чечүүдө преюдиция институтун колдонуу бекитилген. Алсак, КЖПКнын 95- беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, материалдык зыяндын жана (же) моралдык залалдын ордун толтуруу жөнүндө маселе чечилген соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү сот үчүн бул бөлүктө кылмыш-жаза өндүрүшүнүн тартибинде чечилбеген маселелер бөлүгүндөгү жарандык сот өндүрүшүнүн жүрүшүндө иштерди кароодо милдеттүү болот. Ушуга байланыштуу КЖПКнын 95-беренесинин талашылып жаткан 3- бөлүгүн колдонууда жарандык юрисдикциядагы соттор жогоруда 3-пунктта берилген преюдицияны колдонуунун жалпы эрежесинен, ошондой эле мурда белгиленген жагдайларды эсепке алуунун чектелген жана шартталган эрежесин пайдаланууга милдеттүү. Алсак, өкүмдүн милдеттүүлүгү зыяндын ордун толтуруу жөнүндө талаптарды чечүүдө аныкталууга жаткан жагдайлардын бүткүл көлөмүн камтыбайт. Кылмыш ишин карап жаткан сот тарабынан адамга карата реалдуу текшерилген жана аныкталган фактылык жагдайлар гана, анын ичинде өкүм чыгарылган адамдын жосун жасагандыгынын фактысы жана иштин материалдарында, ошондой эле өкүмдүн жүйөлөштүрүүчү бөлүгүндө тастыкталган зыянды дал анын келтиргендигинин фактысы эсепке алынат. Преюдициалдык милдеттүүлүктүн дал ушундай маанисинде аталган ыкма жарандык процесстик мыйзамдарда түздөн-түз ченемдик жактан бекемдөө алган. Жарандык процесстик кодекстин 70-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, жазыктык иш боюнча соттун мыйзамдуу күчүнө кирген актысы ушул өкүм чыгарылган адамдын аракеттеринин жарандык-укуктук натыйжалары жөнүндө ишти карап жаткан сотко бул аракеттердин болгондугунун жана аларды ушул адам жасагандыгынын маселелери боюнча милдеттүү болот. Муну менен мыйзам чыгаруучу юрисдикциялар аралык
эсепке алууда өкүмдүн преюдициалдык маанисинин чектерин ырааттуу түрдө чектеп, анын жарандык сот өндүрүшүндө кеңири колдонулушуна жол бербестен, көз карандысыз соттук кароо чөйрөсүндө жарандык-укуктун жоопкерчиликтин башка элементтерин калтырат. Тагыраак айтканда, орду толтурулууга жаткан зыяндын өлчөмүн аныктоо, жарандык-укуктук мааниде себептик байланышты белгилөө, башка тараптардын катышуусу жана алардын ортосундагы жоопкерчиликти бөлүштүрүү маселелери жарандык сот өндүрүшүнүн эрежелери боюнча сот тарабынан көз карандысыз чечилүүгө тийиш.
5. Конституциялык сот 2025-жылдын 4-июнундагы өзүнүн Чечиминде
күнөөнү моюнга алуу жөнүндө макулдашууну түзүүгө жана кылмыш ишин өзүнчө өндүрүшкө бөлүп кароого байланыштуу кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн процессуалдык формасын баалоо үчүн принципиалдуу мааниге ээ болгон укуктук позицияларын, ошондой эле преюдиция институтун колдонуунун жол берилген чектери боюнча да, анын ичинде тиешелүү кылмыш ишине катышпаган адамдарга карата да түзгөн. Бул Чечим күнөөнү моюнга алуу жөнүндө макулдашууну кылмыш- укуктук чыр-чатакты процессуалдык жөнгө салуунун өзгөчө формасы катары аныктайт, мында айыпталуучунун ага тагылган айыпка ыктыярдуу жана аң- сезим менен түшүнүлгөн макулдугу анын кылмыш жоопкерчилиги жөнүндө маселесин жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте чечүүгө мүмкүндүк берет. Бул тартип адилеттүүлүк талаптарын сактоодо, процессуалдык үнөмдөө жана сот адилеттигинин натыйжалуулугу максаттарына кызмат кылат. Конституциялык сот мындай жол-жобого конституциялык кепилдиктердин сакталышы шартында гана жол берилерин баса белгиледи, анткени ал өзүм билемдикти болтурбайт, укуктук аныктыкты камсыз кылат жана адилеттүү сот өндүрүшүнүн кепилдиги болуп кызмат кылат. Ошондой эле, Конституциялык сот, бул процессуалдык форманы колдонуу айыптоонун маңызын козгобойт, андыктан тагылган жосундун укуктук классификациясы да, мыйзам менен белгиленген кылмыш
жоопкерчилигинин чеги да сакталаарын өзгөчө белгиледи. Бул талап мыйзамдуулуктун жана укуктук аныктыктын маанилүү кепилдиги болуп кызмат кылат: тагылган жана макулдашуу менен тастыкталган айыптоо салттуу тартиптеги сыяктуу эле фактылык базага негизделет, ал эми күнөөнү ыктыярдуу түрдө моюнга алуу айыптоо үчүн зарыл болгон далилдик базаны толуктайт, бирок алмаштырбайт. Мында жетиштүү маалыматтардын болушу жана өзгөчө тартипти колдонуу шарттарын соттук текшерүү принципиалдуу маанилүү бойдон калаарын, ал эми айыпталуучунун макулдугу жол-жобону жөнөкөйлөштүрүп, өкүм чыкканга чейин күнөөсүздүк презумпциясынын күчүн жокко чыгарбай тургандыгын баса белгилөө керек. Муну менен бирге, Конституциялык сот күнөөнү моюнга алуу жөнүндө макулдашуу тартибинде ишти кароодо соттук контролдоонун милдеттүү мүнөзүнө көңүлдү бурат. Жол-жобонун диспозитивдүү мүнөзүнө карабастан, ал айыптоо тарабы менен коргонуунун ортосундагы жөнөкөй макулдашуу эмес. Мыйзам чыгаруучу макулдашуу түзүүнүн деталдуу жөнгө салынышын караштырган, ага чыныгы ыктыярдуулукту жана моюнга алуунун аң сезимдүү болушун, мажбурлоонун жана процессуалдык кыянаттыктардын жол берилгистигин камсыз кылууга багытталган контролдоо механизмдерин киргизген. Макулдашуунун шарттарын жана айыпталуучунун териштирүүдөн баш тартуусунун кесепеттерин түшүнүүсүн соттук текшерүү өзгөчө тартиптин шартында адилет сот өндүрүшүнүн кепилдиктеринин сакталышын камсыз кылат. Каралып жаткан маселе үчүн, преюдицияны колдонуу шарттарынын жана чектеринин ачып көрсөтүлгөн контекстинде, Конституциялык соттун кылмыш иши боюнча күнөөнү моюнга алуу жөнүндө макулдашуу тартибинде чыгарылган өкүмдүн кесепеттерин бул ишке катышпаган үчүнчү жактарга жайылтууга жол берилгистиги жөнүндө укуктук позициясы чечүүчү мааниге ээ. Конституциялык сот күнөөнү моюнга алуу жөнүндө макулдашуунун негизинде ишти өзүнчө өндүрүшкө бөлүүнүн алкагында токтом кылынган өкүм негизги иш боюнча башка айыпталуучуларга карата
преюдициалдуу күчкө ээ эместигине көрсөткөн. Мындай өкүм далилдерди изилдебестен же баа бербестен чыгарылгандыктан жана макулдашууну түзгөн адамдын укуктук статусунун чегинде гана колдонулгандыктан, ал кылмыштын тең катышуучуларына карата соттук териштирүүнүн жыйынтыгын алдын ала аныктабайт же ага таасир этпейт, демек, алар үчүн байланыштыруучу мааниде колдонулбайт. Мындай өкүмдө белгиленген фактыларды башка адамдарга жайылтуу башка бирөөнүн күнөөнү моюнга алуусун, процессуалдык стратегиясын жана укуктук кесепеттерин мындай тандоо жасабаган адамдарга иш жүзүндө өтүшүнө алып келет, бул кылмыш жоопкерчилигинин жеке мүнөзүнө туура келбейт. Көрсөтүлгөн актыларда преюдициалдык күчтү колдонуу күнөөсүздүк презумпциясына да түздөн-түз карама-каршы келерин баса белгилөө керек. Күнөөнү моюнга алуу жөнүндө макулдашуунун негизинде чыгарылган өкүмдү башка адамдын иши боюнча милдеттүү далил катары колдонуу, бул адамга, ал түзбөгөн жана моюнга албаган жагдайларды төгүндөө жүгүн жүктөйт. Мындай шарттарда күнөөсүздүк презумпциясы өзүнүн коргоочу маанисин жоготот, ал эми соттук териштирүү формалдуулукка айланат. Андыктан преюдиция сот актысы объективдүү юридикалык чындыкты эмес, процессуалдык компромиссти чагылдырган учурларда принципиалдуу жокко чыгарылат. Башкача айтканда, соттун актысы сот тарабынан фактыларды толук жана көз карандысыз аныктоонун натыйжасы болбогон учурда, анын преюдициалдык күчү объективдүү түрдө мүмкүн эмес. Күнөөнү моюнга алуу жөнүндө макулдашуунун негизинде аяктаган иштерде, сот кылмыш окуясынын өздүк далилдик моделин түзбөйт, мында айыпталуучунун тагылган айыптоону моюнга алуусуна жана тараптар менен макулдашылган фактылык версияга таянат. Бул, аныкталган жагдайлар конвенционалдык (чектелген) мүнөздө болуп, алардын башка сот процесстери үчүн жалпы милдеттүү фактыларга айланышына жол берилбейт дегенди билдирет.
Ушуга байланыштуу, башка сот өндүрүшүнүн алкагында ар бир айыпталуучуга толук соттук каралышына укук берилет, анда өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин күнөөсүздүк презумпциясын пайдаланып, анын күнөөлүүлүгү — ага тиешелүү бардык далилдерди изилдөө, каршы пикирлерин билдирүү, өз жүйөлөрүн келтирүү мүмкүнчүлүгү менен жалпы тартипте далилдениши керек. Ошентип, Конституциялык сот мындай мамиле соттук коргоо укугунун, тараптардын атаандашуучулугунун жана тең укуктуулугунун конституциялык принциптерине гана жооп бербестен, ошондой эле жоопкерчиликти жекелештирүү, күнөөсүздүк презумпциясы принциптеринин жана ар бир адамдын адилеттүү соттук териштирүүгө болгон укугунун сакталышын кепилдейт, мында ишке катышпаган адамдын укуктары бөлөк өзгөчө тартиптин натыйжасында бузулушу мүмкүн болгон кырдаалды болтурбашы керек. Бирок, Конституциялык сотко бул маселе боюнча кайрылуулардын кайталануусу, жогоруда аталган Чечимде билдирилген укуктук позиция преюдиция институтун кеңири чечмелөө тобокелдигин четтетүү үчүн, анын ичинде күнөөнү моюнга алуу жөнүндө макулдашуунун негизинде өзгөчө тартипте токтом кылынган өкүмдүн тыянактарын тиешелүү сот өндүрүшүнө катышпаган адамдарга иш жүзүндө өткөрүүнү кошо алганда, ченемдик бекемдөөгө муктаж экендигин далилдейт. Ушуга байланыштуу мыйзам чыгаруучу преюдиция институтунун принципиалдуу колдонулбай турган зонасын аныктоо үчүн талашылып жаткан ченемдердин колдонуу чөйрөсүнө түшүнүктүүлүк жана укуктук аныктык бериши керек.
6. Арыз ээсинин ага тагылган жосундарда аны айыптоонун негизине
күнөөнү моюнга алуу жөнүндө иштин башка фигуранттарынын түзгөн макулдашуусу боюнча моюнга алган көрсөтмөлөрү болгондугу жөнүндө жүйөлөрүнө карата Конституциялык сот төмөнкүлөрдү белгилейт. Эгерде укук колдонуу практикасында КЖПКнын 57-главасынын тартибинде токтом кылынган өкүмдүн преюдициалдык күчүн кеңири
түшүндүрүү орун алып, күнөөлүүлүк жана фактылык жагдайлар жөнүндөгү тыянактар ишке катышпаган адамдарга өткөрүлсө, анда мындай учурлар КЖПКнын 95-беренесинин 1 жана 3-бөлүктөрүнүн жөнгө салуу потенциалындагы кемчиликтин бар экендигин эмес, алардын туура эмес укук колдонулушун далилдейт. Мындай бузууларды оңдоо жалпы юрисдикциядагы соттордун системасында соттук контролдоо каражаттары аркылуу камсыз кылынышы керек. Конституциялык сот өз кезегинде, өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде иш алып баруу менен, аталган ченемдерди мындай кеңейтилген чечмелөөнү жокко чыгаруучу конституциялык-укуктук маанисин формулировкалайт. Кыргыз Республикасынын Конституциясынан 97-беренесинин 2- бөлүгүнүн 2-пунктун, 4 жана 5-бөлүктөрүн, ―Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө‖ конституциялык Мыйзамдын 48, 49, 52 жана 53-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту Ч Е Ч Т И:
1. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин
95-беренесисинин 1 жана 3-бөлүктөрү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 57-беренесинин 1,3 жана 4-бөлүктөрүнө карама-каршы келбейт деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Чечимдин
жүйөлөштүрүүчү бөлүгүндөгү жоболорго ылайык, колдонуудагы укуктук жөнгө алууга тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү демилгелесин.
3. Чечим акыркы жана даттанууга жатпайт, жарыяланган учурдан
тартып күчүнө кирет.
4. Чечим бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча
башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана республиканын бардык аймагында аткарылууга тийиш.
5. Бул Чечим мамлекеттик бийлик органдарынын расмий
басылмаларында, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун расмий сайтында жана ―Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Жарчысына‖ жарыялансын. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТУ
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (1)
- Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской РеспубликиКодекс · 28.10.2021 · № 129