Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Жорокулов М.М., Кочкоров Н. У. жана Музулмановдун Т. У. кайрылуусуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 376-беренесинин Кыргыз Республикасынын Конституциясына шайкеш келүүсүн текшерүү жөнүндө иш боюнча чечим
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТУНУН Максатбек Мергенбаевич Жорокуловдун, Ниязбек Улукбекович Кочкоровдун жана Таалайбек Узенович Музулмановдун кайрылууларына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 376-беренесинин конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча Ч Е Ч И М И 2025-жылдын 5-ноябры Бишкек шаары Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту: төрагалык кылуучу –
Э.Ж. Осконбаев, судьялар Ч.А. Айдарбекова, М.Р. Бобукеева, К.А Дуйшеев,
Л.Ч. Жолдошева, М.Ш. Касымалиев, К.Дж. Кыдырбаев, Ж.А. Шаршеналиевдин
курамында, катчы К. Маамыталы кызынын; кайрылуучу тарап – Максатбек Мергенбаевич Жорокуловдун, Ниязбек Улукбекович Кочкоровдун жана Таалайбек Узенович Музулмановдун; жоопкер тарап – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотундагы туруктуу өкүлү Саматбек Кыштообекович Ысырановдун;
үчүнчү жак – Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотундагы туруктуу өкүлү Алмазбек Тавалдыевич Молдобаевдин, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун ишеним кат боюнча өкүлү Рашид Алмасбекович Мусуралиевдин, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын ишеним кат боюнча өкүлү Мээрим Жээнбековна Садыкованын, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотундагы туруктуу өкүлү Джаркынбаев Аязбек Доолосбековичтин катышуусунда, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 1 жана 2- бөлүктөрүн, ―Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө‖ Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 17, 40 жана 45- беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 376-беренесинин конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти ачык соттук отурумунда карап чыкты. Бул ишти кароого М.М.Жорокуловдун, Н.У. Кочкоровдун, Т.У. Музулмановдун кайрылуусу жана талашылып жаткан ченемдин Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келеби деген маселедеги табылган аныксыздык себеп жана негиз болду. Ишти соттук отурумга кароого даярдаган судья-баяндамачы К.А. Дүйшеевдин маалыматын угуп жана иштин материалдарын изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту Т А П Т Ы: 2025-жылдын 24-февралында Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна М.М.Жорокуловдун, Н.У. Кочкоровдун жана Т.У. Музулмановдун 2
Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 376-беренесинин (мындан ары – ЖПК) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 24- беренесинин 2-бөлүгүнө жана 61-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык келүүсүн текшерүү жөнүндө кайрылуусу келип түшкөн. Бул иш боюнча кароонун предмети болуп ЖПКнын жаңыдан ачылган жагдайлар же жаңы жагдайлар боюнча сот актысын кайра кароо жөнүндө арыз же сунуштама ишке катышуучу жактар тарабынан биринчи инстанция боюнча ишти караган сотко, кайра карап чыгуу үчүн негиз болгон жагдайлар белгиленген күндөн баштап үч айдын ичинде берилээрин караган 376-беренеси саналат. Бул ченемдин мазмунуна таянып, арыз ээлери анын колдонулушу соттун чечимдери менен укуктары жана милдеттери козголгон, бирок сот процессине катышпаган адамдарга кайрадан ачылган жагдайлар же жаңы жагдайлар боюнча соттук актыны кайра карап чыгуу жөнүндө алардын арыз берүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарат деп эсептешет. Муну менен мындай жөнгө салуу жарандардын аталган категориясын соттук коргоо укугунан ажыратат. Өз позициясын негиздөөдө арыз ээлери Ноокат райондук сотунун 2025- жылдын 20-январындагы соттук актысын келтиришкен, ага ылайык кайрадан ачылган жагдайлар боюнча соттук чечимди кайра кароо жөнүндө
А.Т. Хамракуловдун, З.Т. Сидикованын, М. Сотволдиеванын жана Б.Т.
Закридинованын арыздарын кабыл алуудан баш тартылган. Кайрылуучу тараптын тастыктоолору боюнча, аталган адамдар соттук териштирүүгө тартылган эмес жана анын каралышы жөнүндө кабардар болушкан эмес, ал эми алардын пикири боюнча чыгарылган чечим алардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын козгойт. Соттук акт күчүнө киргенден кийин гана анын бар экендиги жөнүндө билишип, алар кайра кароо жөнүндө арыз менен кайрылышкан. Бирок сот Жарандык процесстик кодекстин 3
376-беренесинин жоболорун жетекчиликке алып, бул адамдарда ишке катышуучулардын процесстик статусу жок экендигин негиз кылып, арызды кабыл алуудан баш тарткан. Ошону менен бирге, арыз берүүчүлөр ЖПКнын 323-беренесинин 3- бөлүгүнө көңүл бурушат, ага ылайык ишке тартылбаган, бирок укуктары менен милдеттерине карата сот чечим кабыл алган адамдарга апелляциялык даттануу берүү укугу берилет. Ошондой эле, ЖПКнын 352-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, анын 351- беренесинде каралган сот актысына кассациялык даттанууну (сунуштаманы) ишке катышууга тартылбаган, бирок укуктарына жана милдеттерине карата сот чечим кабыл алган жактар да бериши мүмкүн. Ошентип, алар ЖПКнын көрсөтүлгөн ченемдери процесске катышпаган, бирок соттук чечим менен укуктары жана милдеттери козголгон адамдарга да апелляциялык жана кассациялык тартипте даттанууга мүмкүнчүлүк берет деп эсептешет. Ушуга байланыштуу арыз ээлеринин пикири боюнча кайрадан ачылган же жаңы жагдайлар боюнча соттук актыларды кайра кароонун ушундай эле инструментин ушул эле категориядагы адамдарга берүүдөн баш тартуу Конституциянын 24-беренесинин 2-бөлүгүндө бекитилген мыйзам жана сот алдында бардыгы бирдей деген конституциялык принципти бузат. Мындан тышкары, мындай жобо Конституциянын 61-беренеси, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдер, ошондой эле эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптери жана ченемдери менен кепилденген соттук коргоо укугун чектейт. Андыктан арыз ээлери ЖПКнын 376-беренеси мындай категориядагы адамдар үчүн соттук коргоого талаптагыдай жана натыйжалуу жетүүнүн реалдуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылбайт деп эсептешет. 4
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьялар коллегиясынын 2025-жылдын 25-мартындагы аныктамасы менен аталган кайрылуу өндүрүшкө кабыл алынган. Соттук отурумдун жүрүшүндө кайрылуучу тарап коюлган талаптарын колдоп, аларды канааттандырууну суранды. Жоопкер тараптын атынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотундагы туруктуу өкүлү С.К.Ысыранов арыз ээлеринин жүйөлөрү менен макул эместигин билдирди.
С.К. Ысыранов ЖПКнын 376-беренеси соттук актыларды кайрадан
ачылган же жаңы жагдайлар боюнча кайра кароонун өзгөчө тартибин жөнгө салаарын белгилейт, ал соттук актынын мыйзамдуулугун жаңыча баалоо үчүн эмес, ишти кароо учурунда болгон, бирок сотко жана процесстин катышуучуларына белгисиз болгон жана алар тарабынан аныктала албаган жагдайлардан улам келип чыккан каталарды жоюу үчүн, ошондой эле жаңы фактылардын ачылышы иштин жыйынтыгына объективдүү таасир эткен өзгөчө учурларда тараптардын укуктарынын бузулган тең салмактуулугун калыбына келтирүү үчүн арналган өзгөчө процесстик форма болуп саналат. Жоопкер тараптын пикири боюнча, мыйзам чыгаруучу ЖПКнын 376- беренесинде ишти кайра кароо жөнүндө арыз берүү укугуна ээ болгон субъекттердин тизмесин белгилөө менен соттук актылардын туруктуулугу жана укуктук аныктуулук принциптерин ишке ашырган. Мындай арыздар менен кайрылуу мүмкүнчүлүгүн, анын ичинде ишке катышпаган адамдардын чектелбеген чөйрөсүнө берүү соттук чечимдердин бир нече ирет кайра кароо жана алардын биротоло мүнөзүн жоготуу коркунучун жаратмак, бул өз кезегинде укукту кыянаттык менен пайдаланууга жана сот процессстерин негизсиз создуктурууга алып келмек. 5
Ошол эле учурда С.К. Ысыранов белгилегендей, ишке катышпаган, бирок соттук чечим менен укуктары жана милдеттери козголгон адамдар сот адилеттигине жетүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылган эмес, анткени ЖПК аларга соттук актыларды апелляциялык жана кассациялык тартипте даттануу мүмкүнчүлүгүн берет (323, 352-беренелер). Демек, алардын ишти кайрадан ачылган же жаңы жагдайлар боюнча кайра кароо укугунун чектелиши аларды соттук коргоодон ажыратуу катары каралбайт. Өзүнүн позициясын тастыктоодо жоопкер тарап Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун 1998-жылдын 22-сентябрындагы Чечимине шилтеме жасаган, анда ишке катышпаган, бирок алардын кызыкчылыктары соттук акт менен козголгон адамдарга кайрадан ачылган же жаңы жагдайлар боюнча соттук актыны кайра кароо жөнүндө арыз берүү укугун караган Кыргыз Республикасынын Арбитраждык процессуалдык кодексинин ченеми 1993-жылдын 5-майындагы Конституциянын 88- беренесинин 3-бөлүгүнө карама-каршы келет деп табылган. Конституциянын колдонуудагы редакциясында мындай конституциялык принциптер 100- берененин 3-бөлүгүндө бекитилген, ага ылайык сот өндүрүшү тараптардын атаандаштыгынын жана тең укуктуулугунун негизинде жүзөгө ашырылат. Ушул жүйөнү чечмелөөдө С.К. Ысыранов ―Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө‖ конституциялык Мыйзамдын 52-беренеси конституциялык эмес деп табылган ченемдик укуктук актыларга окшош актыларды кайталап кабыл алууга тыюу салаарын белгилейт. Баяндалгандарды эске алуу менен, С.К. Ысыранов ЖПКнын 376-беренеси Конституцияга карама-каршы келбейт деп эсептейт. Президенттин жана Министрлер Кабинетинин, Жогорку соттун, Башкы прокуратуранын жана Юстиция министрлигинин өкүлдөрү көрсөтүлгөн позицияга макул экендиктерин билдиришип, Жогорку Кеңештин 6
Конституциялык соттогу туруктуу өкүлү С.К. Ысырановдун келтирген жүйөлөрүн колдошту. Ошол эле учурда Жогорку соттун өкүлү белгилегендей, кайрадан ачылган жагдайлар боюнча кайра кароо апелляциялык да, кассациялык да процесстин уландысы болуп саналбайт жана алардын милдеттерин кайталабайт. Ал өзгөчө процессуалдык режимдеги өз алдынча стадия болуп саналат. Мындай механизмге жетүү ишке түздөн-түз катышкан, тиешелүү процессуалдык статуска ээ жана талаштын предмети менен байланышы бар адамдарда гана таандык болушу керек. Ошондой эле Р.А. Мусуралиев статистикалык маалыматтарды келтирди, ага ылайык 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында кайрадан ачылган жагдайлар боюнча кайра кароо жөнүндө арыздардын саны 2024-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу аз каралганын белгиледи, бул анын пикири боюнча укук колдонуу практикасынын туруктуулугу жөнүндө айгинелейт. Тактап айтканда, 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында сотторго жаңыдан ачылган же жаңы жагдайлар боюнча соттук актыларды кайра кароо жөнүндө 269 арыз келип түшкөн, ал эми 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгында алардын саны 573тү түзгөн. Төрт материал боюнча арыздарды кабыл алуудан баш тартылган, ал эми 2024-жылы мындай баш тартуулар беш материал боюнча болгон. Кароосуз калтырылып, арыз берүүчүлөргө кайтарылган арыздардын саны 73тү түзгөн, 2024-жылы — 228. Толук көлөмдө канааттандырылган арыздардын саны 39 болгон, бул 2024-жылдагы 84 арызга салыштырмалуу аз. Ал эми 112 арызды канааттандыруудан баш тартылган, 2024-жылы мындай баш тартуулар 210 арызды түзгөн. Ушуга байланыштуу Жогорку соттун өкүлү келип түшкөн жана каралган арыздардын дээрлик бардык категориялары боюнча байкалган кыскаруу соттук актылардын туруктуулугун, ошондой эле процесстин катышуучулары 7
тарабынан жаңы ачылган жана жаңы жагдайлар боюнча соттук чечимдерди кайра кароонун өзгөчө мүнөзү кыйла тагыраак түшүнүлө баштаганын чагылдырарын баса белгиледи. Негизсиз, ашыкча берилген же процессуалдык жактан негизделбеген кайрылуулардын санынын олуттуу азайышы да бул механизм өзүнүн багытынын чегинде гана колдонулуп, мыйзамдуу күчүнө кирген соттук актыларды кайрадан даттануу каражаты катары пайдаланылбай турганын ырастайт. Конституциялык сот тараптардын жүйөлөрүн талкуулап, үчүнчү жактардын түшүндүрмөлөрүн угуп, иштин материалдарын изилдеп чыгып, төмөнкүдөй тыянакка келди.
1. ―Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө‖
конституциялык Мыйзамдын 17-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык Конституциялык сот кайрылууда козголгон предмет боюнча анын ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу күмөн жараткан бөлүгүнө карата гана актыларды чыгарат. Ошентип, ушул иш боюнча Конституциялык соттун кароосунун предмети болуп төмөнкүдөй редакциядагы Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 376-беренеси саналат: ―376-берене. Арызды берүү Жаңыдан ачылган жагдайлар же жаңы жагдайлар боюнча сот актысын кайра кароо жөнүндө арыз же сунуштама ишке катышуучу жактар тарабынан биринчи инстанция боюнча ишти караган сотко, кайра карап чыгуу үчүн негиз болгон жагдайлар белгиленген күндөн баштап үч айдын ичинде берилет. ‖. 2017-жылдын 25-январындагы № 14 Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси мыйзамдарда белгиленген тартипте кабыл алынган, ―Эркин Тоо‖ гезитинин 2017-жылдын 2-февралындагы № 12-13 санына жарыяланган, 8
Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген жана колдонуудагы болуп саналат.
2. Конституциялык сот адамдын жана жарандын негизги, ошондой эле
фундаменталдык укуктарынын бири болуп саналган соттук коргоо конституциялык укугунун мазмунун бир нече ирет ачып көрсөтүп, анын өзгөчө маанилүүлүгүн белгилеп келген. Бул укук Конституция менен берилген кепилдиктердин системасында өзгөчө орунду ээлейт, анткени ал бузулган укуктарды жана эркиндиктерди коргоонун жана калыбына келтирүүнүн реалдуу механизмин камсыз кылып, жалпы укуктук тартиптин иштешинин негизи болуп саналат. Дал ошондуктан ал ажыратылгыс укуктардын катарына кирет жана кандайдыр бир чектөөлөргө дуушар болбошу керек. Укуктарды жана эркиндиктерди камсыз кылуунун мамлекеттик-укуктук механизминде соттук коргоо укугун ишке ашыруу өзөктүү элемент катары чыгат, андан бардык башка конституциялык укуктардын аныктыгы жана практикалык жүзөгө ашырылышы көз каранды. Соттук коргоо талаш- тартыштарды биротоло чечилишин камсыз кылган, укуктардын бузулушун жойгон, өзүм билемдик менен кийлигишүүлөрдү болтурбаган жана укуктук мамилелерде юридикалык аныктыкты орноткон институт болуп саналат. Андыктан сотко кайрылуу – бул бузууларды болтурбоонун каражаты гана болбостон, ошондой эле ар бир адамга өзүнүн укуктук статусун калыбына келтирүүгө, терс кесепеттерди жоюуга жана мыйзамсыз кийлигишүүлөрдөн коргонууга мүмкүндүк берген конституциялык инструмент катары кызмат кылат (Конституциялык соттун 2019-жылдын 11-сентябрындагы, 2022-жылдын 26-октябрындагы, 2023-жылдын 27-сентябрындагы жана 2023-жылдын 25- октябрындагы чечимдери). Соттук коргоо укугу фундаменталдуу болуу менен комплекстүү мүнөзгө ээ жана сот органдарына жеткиликтүүлүктү, соттук териштирүүнү демилгелөө 9
мүмкүнчүлүгүн гана эмес, адилеттүү жол-жобонун кепилдиктерин, тараптардын тең укуктуулугун, атаандаштык принциптерин, соттун көз карандысыздыгын, мыйзамда белгиленген инстанциялык системанын алкагында жагымсыз чечимдер боюнча даттануу мүмкүнчүлүгүн, ошондой эле милдеттүүлүк жана туруктуулук касиетине ээ болгон акыркы соттук актты алуу укугун да өзүнө камтыйт. Ошентип, соттук коргоо укугу укуктардын формалдуу таанылышы менен алардын практикалык жүзөгө ашырылышынын ортосундагы процессуалдык көпүрө болуп саналат. Мында Конституциялык сот, соттук коргоонун натыйжалуулугу сот системасынын болушу менен гана эмес, адилеттүүлүк, мыйзамдуулук жана укуктук аныктык принциптери талап кылган учурларда соттук актыларды кайра кароого мүмкүндүк берген процессуалдык механизмдердин болушу менен да аныкталарын ырааттуу негиз кылып келет. Мындай механизмдерди түзүү менен мыйзам чыгаруучу, биринчи кезекте, Конституциянын чегинде аракеттенип, кайра кароонун процессуалдык формаларынын көлөмүн, чектерин жана колдонуу шарттарын аныктайт. Ал бузулган укукту калыбына келтирүүгө кызыкдар болгон адамдын кызыкчылыктарын да, соттук чечимдердин туруктуулугуна жана акыркы мүнөзүнө кызыкдар болгон коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарын да эске алууга милдеттүү. Ошентип, соттук коргоо укугу өз ара байланышкан эки башаттын тең салмактуулугун болжолдойт. Бир жагынан, ал мамлекетке сотко кайрылуунун натыйжалуу инструменттерин түзүү, бузулган укуктарды коргоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу, түшүнүктүү жана жеткиликтүү процессуалдык формаларды, адилеттүү териштирүү эрежелерин белгилөө жана ишти караган органдардын калыстыгын кепилдөө милдетин жүктөйт. Экинчи жагынан, бул укук адамдын өзүнөн мыйзам тарабынан берилген коргоо каражаттарын талаптагыдай жана өз убагында пайдалануусун, процессуалдык мөөнөттөрдү 10
жана формаларды сактоосун, ошондой эле зарыл болгон деңгээлдеги процессуалдык активдүүлүктү көрсөтүшүн талап кылат. Эгерде адам өзүнүн процессуалдык мүмкүнчүлүктөрүн көз жаздымда калтырып, ишти кароого катышуудан баш тартып же белгиленген тартиптин чегинде өз кызыкчылыктарын коргоо боюнча аракеттерди көрбөсө, соттук коргоо натыйжалуу боло албайт. Мындай тең салмактуулук соттук коргоонун реалдуулугун гана эмес, ошондой эле сот системасынын туруктуулугун, соттук актыларды кайра кароо укугун кыянаттык менен пайдаланууга жол берилбестикти, укук үстөмдүгүнүн негизги элементи болуп саналган коомдогу укуктук аныктыктын болушун да камсыз кылат.
3. Соттук коргоого конституциялык укукту ишке ашыруу мыйзамда
белгиленген соттук инстанциялар системасы жана соттук актыларды кайра кароонун процессуалдык формалары аркылуу да камсыз кылынат, алар адамга өзүнө жагымсыз чечимдин текшерилишин талап кылууга жана бузулган укуктарын коргоого мүмкүндүк берет. Сот системасынын инстанциялык уюшулушу көп баскычтуу соттук коргоонун механизми катары кызмат кылып, ишти кароодо мүмкүн болгон каталарды жоюуга жана соттор тарабынан мыйзамдардын бирдиктүү колдонулушун камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Биринчи инстанциядагы сот талаш-тартышты маңызы боюнча түздөн-түз карайт, иш жүзүндөгү жагдайларды белгилейт жана укуктук кесепеттерин аныктайт. Апелляциялык өндүрүш ишти кайра кароого мүмкүнчүлүк берет жана жагдайларды иликтөөнүн, далилдерди баалоонун толуктугун жана биринчи инстанциядагы соттун тыянактарынын тууралыгын текшерүүгө багытталган. Кассациялык өндүрүш соттун күчүнө кирген чечимдеринин мыйзамдуулугун текшерүүнүн процессуалдык формасы катары кызмат кылат 11
жана материалдык же процессуалдык укуктун олуттуу бузууларын аныктоого багытталган. Соттук актыларды кайра кароонун бул формалары мыйзамда белгиленген соттук контролдоо системасын түзүп, текшерүүнүн ырааттуу стадияларынын алкагында натыйжалуу соттук коргоону камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Мындай процессуалдык механизмдердин болушу соттук коргоо укугун ишке ашыруунун милдеттүү курамдык бөлүгү болуп саналат, анткени алар соттук катаны оңдоого жана иштин жагдайларына жана мыйзамга ылайык келген соттук актты алууга шарт түзөт. Андыктан соттук чечимдерди апелляциялык жана кассациялык тартипте кайра кароо сот өндүрүшүнүн бардык түрлөрүндө сот актыларынын мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн текшерүүнү камсыз кылган соттук коргоонун универсалдуу механизмдери катары каралган. Ошол эле учурда мыйзам чыгаруучу соттук инстанциялар системасын жана кайра кароо жол-жоболорун аныктоо боюнча өз ыйгарым укуктарын ишке ашырууда соттук чечимди текшерүүнүн бул же тигил процессуалдык формасын демилгелөө укугуна ээ болгон субъекттердин түрлөрүн, мазмунун, негиздерин, мөөнөттөрүн жана чөйрөсүн белгилөөгө укуктуу. Мындай жол-жоболорду калыптандыруу соттук коргоо боюнча конституциялык укукту ишке ашыруунун элементи болуп саналат жана укуктук механизмдердин жеткиликтүүлүгүн, ошондой эле алардын талаптагыдай иштешин камсыз кылууга багытталган.
4. Ошол эле учурда мыйзам чыгаруучу соттук актыларды кайра
кароонун өзгөчө негиздер боюнча кайра кароо формасын да караштырган. Бул механизм апелляциялык жана кассациялык даттануудан өзүнүн багыты жана максаты боюнча айырмаланган, өз алдынча процессуалдык институт болуп саналат. Өзүнүн арналышы жана мазмуну боюнча, Конституциялык сот бир нече жолу белгилегендей, мыйзамдуу күчүнө кирген соттук актыларды кайрадан ачылган же жаңы жагдайлар боюнча кайра кароо процессуалдык- 12
укуктук коргоонун башка каражаттары колдонулбай калган же түгөнгөн учурларда колдонулат жана адамдын укуктары менен эркиндиктерин соттук коргоонун зарыл шарты катары соттук актылардын адилеттүүлүгүн кепилдөөгө багытталган (Конституциялык соттун 2014-жылдын 31-январындагы жана 2021- жылдын 17-мартындагы чечимдери). Соттук чечимдин мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн текшерүүгө багытталган апелляция менен кассациядан айырмаланып, кайрадан ачылган же жаңы жагдайлар боюнча кайра кароо формасы демейки инстанциялык текшерүүнүн уландысы болуп саналбайт. Ал өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу үчүн колдонулат, анткени жаңы маалыматтардын аныкталышы менен соттук чечимдерди баштапкы түрүндө сактоо мүмкүн эмес болуп калат, анткени корутундулар толук эмес же тараптарга көз каранды болбогон себептерден улам сот тарабынан эске алынбаган жагдайлар менен төгүндөлөт. Демек, бул институттун демейки кайра кароо формаларына караганда башка функционалдык мааниси бар; мында юридикалык мааниге ээ болгон жагдайлар ишти алгач кароодо объективдүү түрдө аныкталышы мүмкүн болбогон же иш аяктагандан кийин келип чыгып, талашка юридикалык баа берүүнү түздөн-түз өзгөртүүгө жөндөмдүү болгон учурларда гана колдонулат. Аны пайдалануу кетирилген процессуалдык каталарды оңдоого, далилдерди кайра баалоого же тараптардын кемчиликтерин толуктоого эмес, алгачкы соттук териштирүүдө сот тарабынан кароонун предмети болушу мүмкүн болбогон мындай жагдайларды аныктоодон улам келип чыккан кесепеттерди жоюуга багытталган. Өзүнүн табиятына ылайык, жаңы ачылган жана жаңы жагдайлар боюнча кайра кароо соттук актыларды даттануунун жалпы жана универсалдуу ыкмаларына кирбейт. Ал демейки соттук териштирүүнүн жүрүшүндө жана 13
андан кийинки инстанциялык текшерүү стадияларында коюлушу мүмкүн жана коюлушу керек болгон маселелерди чечүү үчүн арналган эмес. Бул институтту колдонуу мыйзамда так аныкталган негиздер менен чектелип, тиешелүү жагдайларды ишти алгач кароодо аныктоо мүмкүн болбогон объективдүү факторлор менен шартталган өзгөчө учурларга эсептелген. Ошентип, жаңы ачылган жана жаңы жагдайлар боюнча кайра кароо институту өзгөчө мүнөзгө ээ жана инстанциялык системанын алкагынан тышкары колдонулат. Ал мыйзамда каралган фактылык жана юридикалык шарттар болгон учурда гана колдонулуучу, соттук коргоонун кошумча, бирок универсалдуу эмес механизми болуп саналат.
5. Конституциянын 100-беренесинин 5-бөлүгүндө cот процессинин
катышуучуларынын процесстик укуктары, ошондой эле соттордун чечимдери менен укуктарына жана кызыкчылыктарына тиешеси бар жактардын укуктары, анын ичинде чечимдерге, өкүмдөргө даттануу укугу, ошондой эле аларды жүзөгө ашыруунун тартиби мыйзам менен аныкталаары түздөн-түз бекитилген. Муну менен Конституциянын өзү мындай адамдардын укуктарын коргоонун процессуалдык механизмдерин, анын ичинде соттук териштирүүгө катышуунун формаларын жана соттук чечимдерди даттануунун ыкмаларын мыйзам аркылуу жөнгө салуунун мүмкүнчүлүгүн жана зарылдыгын карайт. Дал ошондуктан сот өндүрүшүндө укуктарды коргоо доогер менен жоопкердин ортосундагы эки тараптуу талаштын алкактары менен чектелбеши керек. Соттук териштирүү укуктары, эркиндиктери же милдеттери каралып жаткан иштин предмети менен объективдүү байланышта болгон башка субъекттердин укуктук чөйрөсүнө таасир этиши мүмкүн. Ушуга байланыштуу укуктарды түздөн-түз билдирген же талашкан адамдар менен катар процессуалдык мыйзамдар кабыл алынуучу соттук акт менен кызыкчылыктары козголушу мүмкүн болгон үчүнчү жактардын да катышуусун карайт. Үчүнчү жактардын катышуу институту 14
мындай адамдарга өз кызыкчылыгын билдирүүгө, процесске кошулууга жана процессуалдык укуктарын ишке ашырууга, иш жүзүндөгү жагдайлардын аныкталышына жана соттук чечимдин мазмунуна өз убагында таасир этүүгө мүмкүнчүлүк берүү максатын көздөйт. Алсак, көрсөтүлгөн ыкманын логикалык жактан мыйзамдык бекемделиши ЖПКнын 4-беренесинде чагылдырылган, ага ылайык кандай болбосун кызыкдар адам өзүнүн бузулган же талашка түшкөн укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам менен корголгон кызыкчылыктарын коргоо үчүн мыйзамда белгиленген тартипте сотко кайрылууга укуктуу. Бул ченем соттук териштирүүнүн бүтүндөй системасы үчүн уюштуруучулук мааниге ээ, анткени ишке катышуунун баштапкы процессуалдык шартын калыптандырат жана соттук акт менен укуктары козголгон же козголушу мүмкүн болгон бардык субъекттерге сот адилеттигине жетүүнү камсыз кылган универсалдуу соттук коргоо механизмин аныктайт. Өзүнүн функционалдык табияты боюнча ЖПКнын 4-беренеси соттук коргоого болгон жалпы укукту гана бекитпестен, ошондой эле ошол укукту ишке ашырууга мүмкүндүк берген атайын укуктук инструменттерди процессуалдык мыйзамдарда белгилөөнүн зарылдыгын да алдын ала аныктайт. Көрсөтүлгөн ченемдик шартты өнүктүрүү менен процессуалдык мыйзамдар соттук териштирүүгө кызыкдар адамдардын катышуусунун ырааттуу механизмин белгилейт. Тактап айтканда, ишти биринчи инстанциядагы соттун кароо стадиясында үчүнчү жактар ЖПКнын 44 жана 45- беренелеринде бекитилген эки ыкма аркылуу процесске катышууга өз укугун ишке ашыра алышат. ЖПКнын 44-беренесине ылайык, талаштын предметине карата өз алдынча талаптарды билдирүүчү үчүнчү жактар биринчи инстанциядагы сот тарабынан иш боюнча чечим чыгарылганга чейин бир тарапка же эки тарапка доо коюу жолу менен процесске кошулушу мүмкүн, 15
ошону менен доогердин процессуалдык укуктарына ээ болушат. ЖПКнын 45- беренесине ылайык, эгерде чечим тараптардын бирине карата үчүнчү жактардын укуктарына же милдеттерине таасир тийгизе турган болсо, талаштын предметине карата өз алдынча талаптарын билдирбеген үчүнчү жактар биринчи инстанциядагы сот тарабынан иш боюнча чечим кабыл алынганга чейин доогердин же жоопкердин тарабында процесске кире алат. Ошондой эле алар ишке катышуучу жактардын өтүнүчү боюнча же соттун демилгеси менен ишке катышууга тартылышы мүмкүн. Ал эми биринчи инстанциядагы сот тарабынан чечим чыгарылган учурда, мыйзам чыгаруучу сот актысы менен укуктары козголгон үчүнчү жактарга кошумча процессуалдык коргоо механизмдерин – апелляциялык инстанцияга чечимге даттануу укугун (ЖПКнын 323-беренесинин 3-бөлүгү) жана кийинки кассациялык кайра кароо укугун (ЖПКнын 352-беренесинин 1-бөлүгү) берет. Бул каражаттар биринчи инстанция стадиясында кызыкдар тарапты тартпагандыгына же анын укуктук позициясын апелляциялык кароо стадиясында туура эмес баалоого байланыштуу мүмкүн болгон бузууларды жоюуга багытталган. Ошентип, процессуалдык мыйзамдар үчүнчү жактардын укуктарын коргоонун бүтүн жана ырааттуу механизмин калыптандырып, алардын биринчи инстанция стадиясында процесске киришүү мүмкүнчүлүгүн, мыйзамда каралган процессуалдык укуктарды ишке ашыруу менен соттук териштирүүгө катышуусун, ошондой эле соттук чечим алардын укуктарына жана милдеттерине таасир эткен учурда аны апелляциялык жана кассациялык тартипте даттануу мүмкүнчүлүгүн карайт. Бул процессуалдык каражаттардын жыйындысы соттук актыларды кайра кароонун атайын, өзгөчө формаларына кайрылбастан, демейки инстанциялык жол-жоболордун алкагында үчүнчү жактарга соттук коргоого реалдуу жетүүнү камсыз кылат жана аларды ишке 16
тартпоо же алардын укуктук позициясын толук эске албоо менен байланышкан бузулууларды жоюуга мүмкүндүк берет.
6. Соттук актылардын туруктуулук, аныктык жана акыркылуулук
принциптери сот адилеттигин жүзөгө ашыруунун ажырагыс негизин түзүп, ишке катышкан адамдардын укуктарын коргоонун эң маанилүү кепилдиктери болуп кызмат кылат. Мыйзамдуу күчүнө кирген соттук чечим укуктук кесепеттердин алдын ала билүүнүн, тараптардын укуктук абалынын туруктуулугун, ошондой эле сот тарабынан аныкталган жагдайларга мындан аркы укуктук мамилелерде жана укук колдонууда таянуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга тийиш. Соттук актылардын туруктуулугун бузуу сот системасына болгон ишенимди сөзсүз түрдө солгундатып, субъекттердин укуктары менен милдеттерин жөнгө салууда белгисиздикти жаратмак. Дал ушул конституциялык маанилүү принциптерди сактоо максатында мыйзам чыгаруучу соттук актыларды жаңы ачылган же жаңы жагдайлар боюнча кайра кароону өзгөчө жол-жобо катары белгилеп, аны аныкталган фактылар чечим кабыл алынган учурда объективдүү түрдө болгон же андан кийин пайда болгон, бирок ак ниеттүүлүктүн жана процессуалдык активдүүлүктүн демейки деңгээлинде сотко жана ишке катышкан адамдарга белгилүү болушу мүмкүн болбогон учурларда гана колдонууга жол берген. Мурда белгиленгендей, бул механизм өзүнүн укуктук табияты боюнча өткөрүлгөн соттук кароонун уландысы болуп саналат жана жаңы маалыматтарды сот тарабынан изилденген далилдер менен салыштырууну көздөйт, бул субъект ишке катышкан жана далилдик базаны түзүүгө тартылган шартта гана мүмкүн. Кайра кароо субъекттеринин чөйрөсүн ишке катышпаган адамдар менен кеңейтүү бул институтка мүнөздүү болгон өзгөчөлүк жана процессуалдык байланыш принциптерин бузмак. 17
Ишке катышпаган жактардын демилгеси боюнча соттук чечимди кайра кароого жол берүү ортолорунда соттук териштирүү болуп өткөн жана аларга карата чечим мыйзамдуу күчүнө кирген субъекттердин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын козгоору анык. Мыйзамда каралган тартипте соттук коргоого болгон өзүнүн укугун ишке ашырган жана акыркы соттук чечимди алган адамдар өздөрүнүн укуктук абалынын туруктуулугун жана алар ишенүүгө укуктуу болгон аныктыкты жоготуп коюшмак. Иш жүзүндө үчүнчү жактын демилгеси боюнча кайра кароо соттук териштирүүнүн жыйынтыгына шек келтирип, укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн процесс демилгеленген катышуучулардын соттук коргоо көлөмүн чектеп коймок. Мыйзам чыгаруучу кайра кароонун өзгөчө жол-жоболорун колдонуу мүмкүнчүлүгүн бекитүүдө бир субъекттин укугун ишке ашыруу башкалардын конституциялык кепилденген укуктарын кемитүүгө алып келишине жол бербеши керек. Мындан тышкары, ишке катышпаган жактарга жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра кароону демилгелөөгө мүмкүнчүлүк берүү күчүнө кирген сот актылары боюнча чексиз талашуу коркунучун жаратып, бул институтту иш жүзүндө инстанциялык даттанууга альтернативага айландырып, демейки жана кайра кароонун өзгөчө каражаттарынын ортосундагы чектерди бүдөмүк кылмак. Мындай жөнгө салуу соттук чечимдердин акыркылуулук принцибин бузуп, укуктук системада аныксыздыкка алып келмек. Мында үчүнчү жактар өз укуктарын коргоонун өз алдынча каражаттарына
– биринчи инстанция стадиясында ишке кошулуу мүмкүнчүлүгүнө, ошондой
эле соттук акт, эгерде алардын укуктарын жана милдеттерин козгосо, апелляциялык жана кассациялык тартипте даттануу укугуна буга чейин эле ээ экендигин белгилей кетүү керек. Жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра кароону пайдаланылбай калган процессуалдык мүмкүнчүлүктөрдүн ордун 18
толтуруучу каражат катары колдонуу бул институттун арналышынын чегинен чыгып, укуктук аныктык принцибин бузмак. Ушуга байланыштуу соттук актыларды жаңы ачылган жана жаңы жагдайлар боюнча кайра кароону демилгелөө мүмкүнчүлүгүн ишке катышкан адамдардын чөйрөсү менен гана чектөө өзүм билемдик болуп саналбайт жана соттук коргоо укугун бузбайт, тескерисинче соттук чечимдердин туруктуулук, аныктык жана акыркылуулук талаптары, ошондой эле процессуалдык системанын ички ырааттуулугун камсыз кылуу зарылчылыгы менен функционалдык жактан шартталган. Мындай жөнгө салуу бардык субъекттердин соттук коргоо укугу менен соттук актылардын туруктуулугунун императивдеринин ортосундагы тең салмактуулукту сактоого багытталган, андай болбогондо сот өндүрүшү өзүнө конституциялык жактан аныкталган функцияны аткара албайт.
7. Соттук актыларды кайра кароо институтун колдонуунун максаттары
жана чектери тууралуу жогоруда баяндалган укуктук позицияларды, ошондой эле процессуалдык мыйзамдарда каралган кызыкдар адамдардын укуктарын коргоо механизмдерин эске алуу менен Конституциялык сот ЖПКнын 376- беренесинин мазмунуна Конституциянын талаптарынын контекстинде баа берет. Укуктардагы өз билемдик менен айырмалоого жол берилбестик принцибин бекемдеген Конституциянын 24-беренесинин жана ар бир адамдын соттук коргоого болгон укугун кепилдеген Конституциянын 61-беренесинин өңүтүндө талашылып жаткан ченемди текшерүүдө, Конституциялык сот ЖПКнын 376-беренесинин негизин түзгөн критерий объективдүү болуп саналаарына жана соттук териштирүүгө катышуучулардын жана катышпагандардын процессуалдык мүмкүнчүлүктөрүнүн чектерин укук ченемдүү аныктай тургандыгына таянат. 19
ЖПКнын 376-беренеси соттук актыларды жаңы ачылган жана жаңы жагдайлар боюнча кайра кароо жөнүндө арыз ишке катышкан адамдар тарабынан гана берилерин белгилейт. Мындай укуктук ченем Конституциянын 24-беренесине шайкеш келет, анткени ишке катышкан жана катышпаган адамдардын процессуалдык мүмкүнчүлүктөрүн айырмалоо алардын процессуалдык статусунун айырмачылыгы менен шартталган, өзүм билемдик мүнөзгө ээ эмес жана Конституция тарабынан тыюу салынган теңсиздикти жаратпайт. Жогоруда белгиленгендей, процессуалдык мыйзамдар үчүнчү жактарга соттук коргоонун жетиштүү каражаттарынын жыйындысын, анын ичинде биринчи инстанциядагы сот чечим кабыл алганга чейин ишке катышуу мүмкүнчүлүгүн, ошондой эле соттук акт алардын укуктарына жана милдеттерине таасир эткен учурда аны апелляциялык жана кассациялык тартипте даттануу укугун берет. Мындан тышкары, үчүнчү жак өзүнүн укуктарын коргоо үчүн сотко өз алдынча жаңы доо менен кайрылуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылган эмес. Мындай укук анын мурда каралган ишке катышуусуна же катышпаганына карабастан сакталат жана соттук чечим мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин укуктардын бузулушу аныкталган учурларда да соттук коргоону камсыз кылат. Көрсөтүлгөн механизмдердин жыйындысы сот адилеттигине толук көлөмдө жетүүнү камсыздайт, жаңы ачылган жана жаңы жагдайлар боюнча кайра кароого укуктуу субъекттердин чөйрөсүн кеңейтүүнүн зарылдыгын жокко чыгарат. Ошентип, ЖПКнын 376-беренеси Конституциянын 24 жана 61- беренелеринин талаптарына шайкеш келет жана арыз берүүчүлөрдүн конституциялык укуктарын козгобойт. 20
Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктун, 4-бөлүгүн, ―Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө‖ конституциялык Мыйзамдын 48, 49, 52 жана 53-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту ЧЕЧТИ:
1. Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 376-
беренеси Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 24-беренесинин 2- бөлүгүнө жана 61-беренесинин 1-бөлүгүнө карама-каршы келбейт деп таанылсын.
2. Бул Чечим акыркы болуп саналат жана даттанууга жатпайт,
жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
3. Чечим бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча
башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү болуп саналат жана республиканын бардык аймагында аткарылууга тийиш.
4. Ушул Чечим мамлекеттик бийлик органдарынын расмий
басылмаларында, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун расмий сайтында жана ―Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Жарчысында‖ жарыялансын. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТУ 21
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 2 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (2)
- Конституция Кыргызской РеспубликиКонституция · 05.05.2021
- Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской РеспубликиКодекс · 25.01.2017 · № 14