Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Молдогазиев Нурбек Дуйшеналиевичтин кайрылуусуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 129-беренесинин 7-пунктунун жана 131-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча чечим
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТУНУН Нурбек Дуйшеналиевич Молдогазиевдин кайрылуусуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 129- беренесинин 7-пунктунун жана 131-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча Ч Е Ч И М И 2024-жылдын 13-ноябры Бишкек шаары Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту: төрагалык кылуучу –
Э.Ж. Осконбаев, судьялар Ч.А. Айдарбекова, М.Р. Бобукеева, К.А Дуйшеев,
Л.Ч. Жолдошева, Л.П. Жумабаев, М.Ш. Касымалиев, К.Дж. Кыдырбаев,
Ж.А. Шаршеналиев курамында, катчы Н.Ж. Жанышбекованын;
кайрылуучу тарап – Нурбек Дуйшеналиевич Молдогазиевдин; жоопкер тарап – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотундагы туруктуу өкүлү Саматбек Кыштообекович Ысырановдун;
үчүнчү жактар – Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотундагы туруктуу өкүлү Алмазбек Тавалдыевич Молдобаевдин, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун ишеним кат боюнча өкүлү Маргарита Насаркановна Сапиянованын, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ишеним кат боюнча өкүлү Назгуль Октябревна Ташманбетованын, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин алдындагы “Адилет сот” маалыматтык технологиялар боюнча мамлекеттик мекемесинин ишеним кат боюнча өкүлдөрү Даанакан Абдыманаповна Джайлообаеванын, Айдана Замирбековна Замирбекованын, “Кыргыз почтасы” ачык акционердик коомунун ишеним кат боюнча өкүлү Разак Уразбекович Ашимбаевдин катышуусунда, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүн, “Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын 4, 17, 40, 45-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 129- беренесинин 7-пунктунун жана 131-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти ачык сот отурумда карап чыкты. Бул ишти кароого Н.Д. Молдогазиевдин кайрылуусу жана талашып жаткан ченемдик жобонун Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келеби деген маселеде пайда болгон аныксыздык себеп жана негиз болгон. Ишти соттук отурумда кароого даярдаган судья-баяндамачы Ч. А. Айдарбекованын маалыматын угуп жана иштин материалдарын изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту Т А П Т Ы: 2
2024-жылдын 22-апрелинде Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин (мындан ары – ЖПК) 129-беренесинин 7-пунктунун, 131- беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктунун Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 23-беренесинин 1, 2, 4, 5, 6-бөлүктөрүнө, 24-беренесинин 2-бөлүгүнө, 56-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө, 61-беренесинин 1-бөлүгүнө, 100-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык келүүсүн текшерүү жөнүндө Н.Д. Молдогазиевдин өтүнүчү келип түшкөн. Талашылып жаткан ченемдер соттук териштирүүнүн катышуучуларына тийиштүү түрдө кабарлоо боюнча талаптарды, тактап айтканда кабарламаны түздөн-түз дарек ээсине жеткирүү мүмкүн болбогон, бирок аны дарек ээсине биринчи мүмкүнчүлүк болгондо тапшырууга милдеттүү болгон башка адамдарга берилген учурлардагы талаптарды карайт жана дарек ээси жок болсо кабарлама сотко белгилүү болгон анын акыркы жашаган жерине жеткирилди деп эсептелет. Кайрылуу субъектиси бир нече жолу жоопкер катары жарандык сот өндүрүшүнүн катышуучусу болгондугун, бирок талашылып жаткан ченемдин колдонулушунан улам соттук териштирүүлөргө түздөн-түз катышпай калгандыгын билдирген. Соттор талашылып жаткан ченемдерге таянып, анын катышуусуз жана пикирин эске албастан чечимдерди кабыл алышкан, бул алардын негизги функциясы – калыс сот адилеттигин камсыз кылуу функциясын толук аткаруусунан күмөн жараткан. Арыз ээси талашылып жаткан ченемдер анын соттук коргоого болгон укугун чектейт деп эсептейт, анткени ал боло турган соттук териштирүү жөнүндө иш жүзүндө кабарланган эмес, демек өзүнүн укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган. Анын пикири боюнча, кабарламаны кабыл алган башка адамга биринчи мүмкүнчүлүк болгондо аны дарек ээсине жеткирүү милдетин жүктөө өз максатына жетпейт, анткени ал адам жоопкердин соттук териштирүүгө катышуусуна кызыкдар эмес жана бул милдетти аткарбагандыгы үчүн жоопкерчилик тартпайт. 3
Н.Д. Молдогазиев логикалык өз ара байланыштуулугу жок жана
укуктук жактан анык эмес талашылып жаткан ченемдер сот адилеттигине жеткиликтүүлүктү камсыздай албайт, ар бир адамдын соттук коргоого болгон укугун бузат деп эсептейт. Арыз ээсинин пикири боюнча бул ченемдер жоопкердин жүрүм-турумунун акылга сыярлык чектерин чагылдырбайт жана анын сот адилеттигине жетүүсүнө реалдуу тоскоолдук болуу менен соттук коргоого болгон укугун олуттуу чектейт деп эсептейт. Арыз ээсинин пикири боюнча мыйзам чыгаруучу жарандык сот өндүрүшүндө тараптарды тийиштүү түрдө кабардар кылуу тартибин аныктоодо конституциялык жактан корголуучу баалуулуктар менен коомдун жана жарандардын кызыкчылыктарынын ортосундагы тең салмактуулукту табууга, ошондой эле адилеттүүлүк, теңчилик жана өлчөмдөштүк принциптерин сактоого милдеттүү. Бул принциптер жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин жөнгө салуучу мыйзамдарга баа берүү үчүн негиз болуп кызмат кылаарын эске алып, мыйзам чыгаруучу конституциялык жактан бекитилген максаттарга негизделген чараларды гана колдонууга милдеттүү (Конституциянын 23-беренесинин 2-бөлүгү). Буга карабастан талашылып жаткан ченемдер адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин артыкчылыктуулугу, укуктарга жана эркиндиктерге коюлган чектөөлөрдүн өлчөмдөштүгү, тараптардын тең укуктуулугу жана атаандашуучулугу сыяктуу конституциялык принциптерге карама-каршы келет (23-берененин 1, 2, 4, 5, 6-бөлүктөрү, 24-берененин 2-бөлүгү, 56-берененин 1, 2-бөлүктөрү, 100-берененин 3-бөлүгү).
Н.Д. Молдогазиев жарандык сот өндүрүшүндө тараптарга тийиштүү
түрдө кабарлоо Конституция жана эл аралык укуктун ченемдери менен кепилденген, ишти мыйзамдуу жана адилет кароого болгон укуктун негизги элементи болуп саналаарын белгилейт. Адилет соттук териштирүү концепциясы, анын ичинде атаандаштык принциби жоопкердин соттук отурумдар жөнүндө маалымдар болушун талап кылат. Соттук кабарлоону албоо процессте анын кызыкчылыктарын коргоого терс таасирин тийгизиши 4
мүмкүн. Тийиштүү түрдө соттор жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын сактоонун эң маанилүү кепилдиктеринин бири болгон – өз ишин сотто кароодо катышуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу үчүн ишке катышуучу жактарга соттук отурум жөнүндө кабарлоо үчүн бардык мүмкүн болгон чараларды көрүүгө милдеттүү. Жогоруда айтылгандарды эске алуу менен, арыз ээси талашылып жаткан ченемдерди Конституцияга карама-каршы келет деп табууну өтүнөт. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьялар коллегиясынын 2024-жылдын 20-майындагы аныктамасы менен Н.Д. Молдогазиевдин кайрылуусу өндүрүшкө кабыл алынган. Соттук отурумдун жүрүшүндө кайрылуучу тарап өзүнүн талаптарын колдоп, аларды канааттандырууну өтүндү. Жоопкер тарап катары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотундагы туруктуу өкүлү С.К. Ысыранов арыз ээсинин жүйөлөрү менен макул эместигин билдирген жана талашылып жаткан ченемдер Конституцияга карама-каршы келбейт деп эсептейт. Анын позициясына ылайык, соттук кабарлама процесстин катышуучуларына сот отурумунун же өзүнчө процесстик аракеттин убактысы, орду, соттук териштирүүнүн башталышы жана чыгарылган сот актысы жөнүндө маалымдар болушун камсыздайт. Жарандык процессте алар формасы боюнча – жазуу, электрондук жана оозеки, ал эми милдеттүүлүк даражасы боюнча – милдеттүү жана факультативдик болуп бөлүнөт. Процесстин катышуучуларына кабарлоонун ар кандай мөөнөттөрү белгиленет, аларды сактоо катышуучулардын сотто угулууга болгон укугун камсыз кылуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана бул принципти бузуу ишти кайра кароодо сот актысын жокко чыгарууга алып келет. Жарандык процесстик кодекстин 128-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык кабарлоолор жана чакыруу каттар процесстин катышуучуларына алардын ишке даярданышы жана сотко өз учурунда келиши үчүн жетиштүү убактысы 5
болгудай эсеп менен, дарек ээсине тапшырылгандыгы жөнүндө кайра билдирилүүчү тапшырык кат түрүндө жөнөтүлөт. Кабарлоонун мындай тартиби тараптардын тең укуктуулугу жана атаандашуучулугу принцибинин сакталышын кепилдейт, ар бир катышуучуга соттук отурумга даярдануу жана өзүнүн процесстик укуктарын максималдуу түрдө ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн берет. Мындан тышкары, ишке катышуучу жактар иш боюнча өндүрүштүн убагында өз дареги өзгөргөндүгү тууралуу сотко билдирүүгө милдеттүү. Мындай билдирүү болбогон учурда кабарлама (чакыруу кат) сотко белгилүү болгон акыркы дарек боюнча жиберилет жана дарек ээси бул даректе мындан ары жашабагандыгына же ал жерде жоктугуна карабастан, жеткирилди деп эсептелет (ЖПКнын 130-беренеси). Ошентип, процесстин катышуучуларына соттук териштирүүнүн убактысы жана орду жөнүндө тийиштүү түрдө кабарлоо тараптардын тең укуктуулук жана атаандашуучулук принцибинин ишке ашырылышын камсыз кылуунун зарыл шарты болуп саналат. Эгерде тараптар тийиштүү түрдө кабарландырылса, сот ишти алар жок болсо да кароого укуктуу, бул алардын процесстик укуктарын бузбайт. Жоопкер тараптын өкүлү “Кыргыз Республикасынын ички миграциясы жөнүндө” Мыйзамдын 9-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 4-декабрындагы № 886 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарын жашаган жана барган жеринде каттоонун жана каттоодогу эсептен чыгаруунун эрежелери жөнүндө жобонун 9-пунктуна таянуу менен, ар бир жаран өлкөнүн чегинде жашаган жери жана жүргөн жери боюнча катталууга милдеттүү экендигин, ал эми жашаган жерин өзгөрткөн учурда ал жаңы жашоочу жерине келген күндөн тартып 10 жумушчу күндөн кечиктирбестен белгиленген форма боюнча арыз менен каттоону эсепке алуу органына кайрылууга милдеттүү экендигин көрсөткөн. Юридикалык жактарга карата, жоопкер тарап, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы № 178 токтому менен бекитилген Юридикалык жактарды, филиалдарды 6
(өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө жобонун 96- пунктунун талаптарына ылайык юридикалык жактар жана алардын бөлүмдөрү мамлекеттик реестрдеги маалыматтардын актуалдуулугун жана аныктыгын камсыз кылуу максатында жетекчилик, жайгашкан жери, байланышуу маалымдамалары жана уюштуруучу маалыматтар сыяктуу негизги маалыматтарга тиешелүү өзгөрүүлөр жөнүндө каттоочу органга өз убагында билдирүүгө милдеттүү. Өз кезегинде каттоочу орган кабарламаны алып, үч жумушчу күндүн ичинде мамлекеттик реестрге маалыматтарды киргизет жана бул тууралуу салык органдарына, статистика органдарына жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна билдирет. Демек, жогоруда көрсөтүлгөн ченемдер жеке жана юридикалык жактар үчүн жашаган жери алмашкандыгы жөнүндө кабарлоонун милдеттүү тартибин аныктайт.
С.К. Ысыранов ошондой эле, эгерде иш сырттан кароо өндүрүш
тартибинде каралса, ЖПК сот жыйналышына катышпаган жоопкерге чечимдин көчүрмөсүн алган күндөн тартып беш күндүк мөөнөттө сырттан чыгарылган чечимди чыгарган сотко аны жокко чыгаруу жөнүндө арыз берүүгө укук берерин же бул чечимди жокко чыгаруу жөнүндө арыз берүүнүн мөөнөтү өткөндөн кийин апелляциялык тартипте сырттан чыгарылган чечимге даттанууга укук берээрин белгилейт (237-берене). КР ЖПКнын 242-беренесине ылайык, эгерде сот жоопкердин сот жыйналышына келбегендиги жүйөлүү себептерден улам болгондугун, бул тууралуу өз убагында сотко билдире албай калгандыгын жана ал чечимдин мазмунуна таасир тийгизүүчү далилдерди бере аларын аныктаса, сырттан чыгарылган чечим ишти маңызы боюнча карап чыгууну кайрадан жаңыртуу менен жокко чыгарылууга жатат. Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотундагы туруктуу өкүлү А.Т. Молдобаев да төмөнкү негиздер боюнча арыз ээсинин жүйөлөрүн негизсиз 7
жана талашылып жаткан ченемдер Конституцияга карама-каршы келбейт деп эсептейт. Жарандык процесстик укук жарандык иштер боюнча сот адилеттигин жүргүзүүнүн жүрүшүндө соттук процесстин катышуучулары менен соттун ортосунда келип чыккан коомдук мамилелерди жөнгө салат. Бул чөйрөдөгү укуктук жөнгө салуунун негизги элементи болуп процесстин катышуучуларына алардын сот өндүрүшүнө катышуу укуктарын камсыз кылууга багытталган тийиштүү түрдө кабарлоо тартиби саналат. Жарандык процесстик кодекстин 128, 130-беренелеринин жоболорунун маанисинен процесстин катышуучулары соттук отурумдун убактысы жана орду жөнүндө кабарландырылууга тийиш экендиги келип чыгат, мында алар турган жеринин өзгөргөндүгү жөнүндө сотко билдирүүгө милдеттүү, андай болбосо кабарлама сотко белгилүү болгон акыркы дарек боюнча жөнөтүлөт жана жеткирилди деп эсептелет. Соттук териштирүүнүн катышуучуларына кабарлоо тартиби соттук коргоого укукту натыйжалуу ишке ашырууну камсыз кылуучу, адилеттүү жана оперативдүү сот өндүрүшүн камсыз кылуу механизминин ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Соттук отурум жөнүндө процесстин катышуучуларын кабарлоонун тартибин камсыз кылуунун контекстинде “Ички миграция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында да ар бир жаран өлкөнүн чегинде жашаган жана жүргөн жери боюнча каттоого турууга милдеттүү экендиги белгиленген. (9-берене). Ички миграциянын шартында каттоо эсебине алуу жарандардын соттук процесстер жөнүндө тийиштүү түрдө кабардар болушун камсыз кылуучу маанилүү инструмент болуп саналат. Демек, талашып жаткан ченемдерде каралган сот процессинин катышуучуларына кабарлоо шарттары соттордун натыйжалуу иштешине, сот өндүрүшүнүн адилеттүүлүгүнө жана ачык-айкындуулугуна өбөлгө түзөт, ошондой эле бардык катышуучулардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоонун маанилүү каражаты болуп саналат (ЖПКнын 169-беренеси). 8
Муну менен бирге ишке катышуучу жактар келбей калуусунун себептери жөнүндө сотко кабарлоого жана бул себептердин жүйөлүүлүгүнүн далилдерин берүүгө милдеттүү, далилдер келтирилсе сот ишти териштирүүнү кийинкиге калтырышы мүмкүн. ЖПКнын 333-беренесине ылайык, ишти кароонун убактысы жана орду жөнүндө кабарланбаган жактардын бири сот жыйналышына келбей калган учурда сот ишти кароону кийинкиге калтырат. Ишти кароонун убактысы жана орду жөнүндө талаптагыдай түрдө кабарланган ишке катышуучу жактардын келбегендиги ишти териштирүүгө тоскоолдук кылбайт. Арыз ээсинин талашылып жаткан ченемдер анын соттук коргоо укугунан ажыратат жана сот адилеттигинин жеткиликтүүлүгүн камсыз кылбайт деген жүйөлөрүнө карата А.Т. Молдобаев ЖПКнын 169- беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, сот отурумунун убактысы жана орду жөнүндө талаптагыдай кабардар кылынган ишке катышуучу жактардын кимдир-бирөөсү келбеген учурда, эгерде келбегендигинин себептери жөнүндө маалымат жок болсо же болбосо, сот алардын келбегендигинин себептерин жүйөлүү эмес деп тааныса, сот ишти кароого укуктуу экендигин белгиледи. ЖПКнын 23-главасы да жоопкер келбеген учурлар үчүн сырттан жүргүзүлүүчү өндүрүштү карайт. Мындан алганда тараптардын биринин келбей калуусу, ЖПКнын 3-беренесинде бекитилген адилеттүү соттук териштирүүгө болгон башка катышуучулардын укуктарын бузбайт. Адам өз укуктарын эркин тескейт, ал эми тийиштүү түрдө кабарланган адамдын келбей коюусу анын соттук териштирүүгө катышуудан баш тарткандыгын билдирет. Процесстик укуктардын бирдей көлөмүнүн шарттарында тараптардын келбей калышы атаандаштык принцибин бузуу катары каралышы мүмкүн эмес. Мыйзам чыгаруучу мыйзамдуу жана адилет чечимдерди, анын ичинде апелляциялык жана кассациялык тартипте сот актыларын кайра кароо укугун кепилдөөчү механизмдерди белгилеген. 9
Ошентип, сот укук ченемдерин туура колдонуу менен бардык жагдайларга баа берип, сот өндүрүшүнүн максаттарына ылайык негиздүү чечимдерди чыгарат. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун өкүлү М.Н. Сапиянова талашылып жаткан ченемдерди Конституцияга карама-каршы келбейт деп эсептейт. Анын пикири боюнча, ишти өз убагында жана туура карап чыгуу жана чечүү үчүн сот отурумунун орду жана убактысы жөнүндө ишке катышуучу жактарга талаптагыдай жана өз убагында кабарлоо чечүүчү мааниге ээ. ЖПКнын 128-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык кабарлоолор процесстин катышуучуларына алардын ишке даярданышы жана сотко өз учурунда келиши үчүн жетиштүү убактысы болгудай эсеп менен, дарек ээсине тапшырылгандыгы жөнүндө кайра билдирилүүчү тапшырык кат түрүндө жөнөтүлөт. Кабарлоо эрежелери менен катар процесстик мыйзамдарда сот жыйналышына катышууга өз укугун ишке ашыруудан качкан адамдар үчүн кесепеттерин регламенттеген жоболор да камтылган. ЖПКнын 131-беренесине ылайык, эгерде сот жыйналышынын башталышына карата сот дарек ээси жиберилген кабарламаны (чакыруу катты) алгандыгы жөнүндө маалыматка ээ болсо, ишке катышуучу адамдар жана процесстин башка катышуучулары талаптагыдай түрдө үч учурда кабардар кылынды деп эсептелет: эгерде дарек ээси кабарламаны (чакыруу катты) алуудан баш тартса жана бул баш тартуу тастыкталса; почталык кабарлоого карабастан дарек ээси сот белгиленген тартипте жиберген соттун кабарламасын (чакыруу катын) алуу үчүн келбесе, бул жөнүндө байланыш органы сотко маалымдаса; жеке жактын жашаган жери же юридикалык жактын сотко белгилүү соңку турган орду боюнча сот жөнөткөн кабарлама дарек ээсинин көрсөтүлгөн даректе жоктугуна байланыштуу тапшырылбаса. ЖПКнын 131-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктунда белгиленген ченемдик жобо процесстин катышуучусунун соттук кабарламаны алуудан 10
качуусуна бөгөт коюучу механизмдин бир бөлүгү болуп саналат. Бул процесстин катышуучуларынын өз процесстик милдеттерин аткаруусуна көмөктөшөт жана алардын укуктарын өз убагында жана ак ниет ишке ашырууга жана кызыкчылыктарын коргоого түрткү берет. Ошондой эле тараптардын тең укуктуулугу жана атаандаштык принцибинин ишке ашырылышына өбөлгө түзөт, анткени тараптар бирдей процесстик каражаттарды колдонуу менен бирдей укуктук шарттарда гана өздөрүнүн субъективдүү укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоодо атаандаша алышат. Жогорку соттун өкүлү процесстин катышуучуларынын өз милдеттерин аткаруудан, өзгөчө соттук кабарламаны алуудан качуусуна бөгөт коюучу ченемдик жобонун жоктугу укукту кыянаттык менен пайдаланууга алып келиши мүмкүн деп эсептейт. Мындай жобо акылга сыярлык мөөнөттөр принцибин бузуп, экинчи тараптын укуктарын ишке ашырууну чектейт жана сот адилеттигин ишке ашырууга тоскоолдук кылып, сот бийлигинин аброюна шек келтирет деп эсептейт. Жарандардын адилет соттук териштирүүгө укугу адамдарга тийиштүү түрдө кабарлоо менен камсыз кылынарын эске алып, жарандык процесстик мыйзамдар процесстин катышуучуларынын ак ниет жүрүм-турумуна дем берген ченемдерди гана белгилебестен, ошондой эле сот отурумунун убактысы жана орду тууралуу талаптагыдай кабардар кылынбаган ишке катышуучу адамдардын бири жок болгон учурларда иш каралганда бузулган укуктарды коргоо механизмдерин да белгилейт. Алсак, ЖПКнын 341- беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пунктуна ылайык, иш сот тарабынан сот отурумунун убактысы жана орду жөнүндө кабардар болбогон ишке катышуучу жактардын кимдир бирөөсү жокто каралса процесстик укуктун ченемдерин олуттуу бузуу деп эсептелет жана соттун чечимин апелляциялык жана кассациялык тартипте жокко чыгарууга негиз болуп саналат. 11
Ошондой эле, эгерде иш сырттан өндүрүш тартибинде каралса, жоопкер ошол эле сотто сырттан чыккан чечимге, ошондой эле апелляциялык тартипте даттанууга укуктуу (ЖПКнын 237-беренеси). ЖПКнын 242- беренесине ылайык, эгерде сот жоопкердин сот жыйналышына келбегендиги жүйөлүү себептерден улам болгондугун, бул тууралуу өз убагында сотко билдире албай калгандыгын жана доогер чечимдин мазмунуна таасир тийгизүүчү далилдерди бере аларын аныктаса, сырттан чыгарылган чечим ишти маңызы боюнча кайрадан карап чыгуу менен жокко чыгарылууга тийиш. Юстиция министрлигинин өкүлү Н.О. Ташманбетовдун позициясы С.К. Ысырановдун жана А.Т.Молдобаевдин келтирген позицияларына окшош. Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин алдындагы “Адилет сот” маалыматтык технологиялар мамлекеттик мекемесинин өкүлү Д.А. Джайлообаев сот системасына электрондук технологияларды киргизүү процесси, тактап айтканда, “Сот” автоматташтырылган маалыматтык системасын иштеп чыгуу, мамлекеттик органдар менен интеграциялоо жана “Санариптик сот адилеттиги” порталын түзүү жөнүндө маалымат берип, соттук кабарламаларды СМС аркылуу жөнөтүүнүн тартиби жана ыкмалары, ошондой эле электрондук чакыруу кагазы түрүндөгү кабарлоо 2023-жылдан тартып тестирлөө режиминде экендигин белгиледи. “Кыргыз почтасы” ачык акционердик коомунун өкүлү Р. У. Ашимбаев “Соттун чакыруусу” деген белгиси бар каттарды жана почта карточкаларын кошпогондо, почта кат-кабарлары дарек ээсинин жашы жеткен үй-бүлө мүчөлөрүнө тапшырылышы же почта үкөктөрүндө калтырылышы мүмкүн экендигин белгилейт. Дарек ээси жок болгон учурда почточу почта бөлүмүнөн кат-кабарларды алуу зарылдыгы жөнүндө билдирүү калтырат, бул алгачкы билдирүү болуп эсептелет. Эгерде дарек ээси алгачкы кабарлоону алган учурдан тартып беш күндүн ичинде почта корреспонденциясы үчүн келбесе, ага экинчи кабарландыруу жөнөтүлөт. “Соттун чакыруусу” жана “Тапшырык менен билдирүү” деген белгилери бар 12
каттар өзгөчө болуп саналат, алар боюнча экинчи кабарлоо алгачкы кабарлоо тапшырылгандан кийин үч күндөн кийин жеткирилиши керек. Почта бөлүмдөрүндө берүү үчүн арналган алгачкы кабарлоолор, ошондой эле бардык экинчи кабарлоолор жеткирүү үчүн берилет жана “Талап кылганга чейин” картотекасына киргизилет. Сактоо мөөнөтү аяктагандан кийин дарек ээси тарабынан алынбаган почта жөнөтмөлөрү кайра даректерине кайтарылат же жеткирилбегендердин тизмесине берилет. “Соттун чакыруусу” деген белги коюлган почта жөнөтмөлөрү дарек ээсинин жеке өзүнө гана берилет. Эгерде дарек ээси үйдө жок болсо, жөнөтмөнү алуу сунушу менен билдирүү почта үкөгүндө же кошуналарында калтырылат.
Р.У. Ашимбаевдин пикири боюнча ички миграция шарттарында
көптөгөн жарандар өздөрүнүн катталган дареги боюнча жашашпайт, бул аларга тийиштүү түрдө кабарлоодо кыйынчылыктарды жаратат. Ошондуктан мыйзам чыгаруучу соттор процесстин катышуучуларынын акыркы белгилүү дареги боюнча билдирүүлөрдү жөнөтүп, учурдагы турган жери жөнүндө так маалымат жок болсо дагы, аларга кабарлоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган эрежелерди орноткон. Ал, талашылып жаткан ченемдер талаптагыдай сот өндүрүшүн камсыз кылууга жана тараптардын укуктарын коргоого багытталган, демек, Конституцияга ылайык келет деп эсептейт. Конституциялык сот тараптардын жүйөлөрүн талкуулап, үчүнчү жактардын түшүндүрмөлөрүн угуп жана иштин материалдарын изилдеп чыгып, төмөнкүдөй тыянактарга келди.
1. “Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө”
конституциялык Мыйзамдын 17-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, Конституциялык сот кайрылууда козголгон предмет боюнча анын ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу күмөн жараткан бөлүгүнө карата гана актыларды чыгарат. Ошентип, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 129-беренесинин 7-пунктунун жана 131-беренесинин 2- бөлүгүнүн 3-пунктунун төмөнкүдөй редакцияда баяндалган ченемдик 13
жоболору ушул иш боюнча Конституциялык соттун кароосунун предмети болуп саналат: “129-берене. Соттук кабарлоолордун мазмуну
1. Соттук кабарлоолордо (чакыруу катта) төмөнкүлөр камтылууга
тийиш:
7) дарек ээсинин жоктугуна байланыштуу кабарламаны (чакыруу катты)
кабыл алган адамдын биринчи эле мүмкүнчүлүк болгондо аны дарек ээсине тапшырууга милдеттүүлүгү жөнүндө көрсөтүү; 131-берене. Талаптагыдай түрдө кабарлоо
2. Ишке катышуучу жактар жана процесстин башка катышуучулары
төмөнкүдөй учурларда талаптагыдай түрдө кабарланды деп эсептелет:
3) эгерде юридикалык жактын сотко белгилүү соңку турган орду боюнча
сот жеке жактын жашаган жери же жиберген кабардама (чакыруу кат) дарек ээсинин көрсөтүлгөн даректе жоктугуна байланыштуу тапшырылбаса. 2017-жылдын 25-январындагы № 14 Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси мыйзамда белгиленген тартипке ылайык кабыл алынган, “Эркин-Тоо” гезитинин 2017-жылдын 2-февралындагы № 12- 13 санына жарыяланган, Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген жана колдонуудагы болуп саналат.
2. Сот жыйналышы жөнүндө кабардар болуу укугу сот адилеттигинин
негизги элементтеринин бири болуп саналат, ал тараптардын процесске катышуусун жана алардын укуктарын коргоону камсыз кылуучу адилеттүү сот принцибинен келип чыгат. Кыргыз Республикасында бул укукту сактоо ар бир адамдын соттук коргоого болгон конституциялык укугун ишке ашыруу контекстинде сот жол-жоболорунун адилеттүүлүгүнө жана ачыктыгына кепилдик берет, ошондой эле укуктун үстөмдүгүн жана сот 14
системасына ишенимди бекемдөө үчүн маанилүү шарт болуп саналат (Конституциянын 61-беренесинин 1-бөлүгү). Кабарлоо институту негизги укуктук механизм болуу менен соттук териштирүүнүн бардык катышуучулары өз укуктарынан жана аларды коргоо боюнча мүмкүнчүлүктөрүнөн пайдалана алгыдай процесстин башталышы жана жүрүшү, жүргүзүлүп жаткан процесстик аракеттер жана соттук чечимдер жөнүндө соттук териштирүүнүн бардык тараптарына маалымат берүүгө багытталган. Анын негизги милдеттери – катышуучулардын соттук териштирүүнүн жүрүшү жөнүндө маалымдарлыгын кепилдөө, тараптардын отурумга даярдануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу, далилдерди келтирүү, юридикалык жардамды колдонуу, ошондой эле маалыматтын жетишсиздигинен тараптардын бири да оңтойлуу эмес абалда калбоо учурларына жол бербестен бардык тараптардын теңдештигин сактоо. Тиешелүү кабарлоосуз соттук териштирүү тараптардын процесстик укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн бузуудан улам адилетсиз деп таанылышы жана сот актыларына даттанууга алып келиши мүмкүн. Адамдын соттук териштирүү жөнүндө кабардар болуу укугунун кепилдиги адилеттүү соттук териштирүү сыяктуу cот адилеттигинин базалык принциптери менен тыгыз байланышта турат – бардык тараптар тийиштүү түрдө кабардар болууга жана процесске бирдей шарттарда катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга тийиш; соттук териштирүүнүн маалымдуулугу – процесс катышуучулар үчүн ачык-айкын жана жеткиликтүү болууга тийиш; процесстик үнөмдөө – тараптарга тийиштүү кабарлоо укукту кыянаттык менен пайдалануу учурларын, убакытты жана башка ресурстарды чыгымдоону минималдаштыруу менен соттун жана процесстин тараптарынын ресурстары натыйжалуу пайдаланылууга тийиш. Кабарлоо институтунун натыйжалуулугу мыйзам менен так регламенттелген жол-жоболордон жана аларды сот процессинин бардык катышуучулары жана сот тарабынан кынтыксыз сактоосунун кепилдигинен көз каранды. Демек, мыйзам чыгаруучу сот өндүрүшүнүн мыйзамдык негизин 15
түзүү дискрециясына ээ болуу менен конституциялык принциптерге таянып, жеке жана коомдук кызыкчылыктардын тең салмактуулугун сакташы керек, ошондой эле адамды жана анын соттук коргоого болгон конституциялык укугун таануу бүткүл сот өндүрүшүнүн негизги баалуулугу экендигин эске алууга тийиш. Муну менен катар сот өндүрүшүнүн тартиби анын бардык субъекттерине алардын укуктарын жана милдеттерин аныктоодо соттук териштирүүгө катышуу мүмкүнчүлүгүн, иштин бардык эпизоддору боюнча өзүнүн позициясын оозеки түрдө сотко билдирүү менен анын негиздөөдө далилдерди келтирүү мүмкүнчүлүгүн, иштин бардык жагдайларын жана тараптардын атаандаштыгынын жана тең укуктуулугунун негизинде мыйзамдардын туура колдонулушун аныктоо үчүн соттук отурумда аларды изилдөөгө катышуу мүмкүнчүлүгүн кепилдөөгө тийиш. Дал ушул иштин иш жүзүндөгү жагдайлары соттук чечимди кабыл алууда чечүүчү роль ойногон учурларда, ишке катышкан жактарга соттук жыйналыштын убактысы жана орду жөнүндө милдеттүү түрдө кабарлоо жөнүндө эреже тараптардын атаандаштык жана тең укуктуулук принцибинин ажырагыс элементи болуп саналган, бул адамдардын соттук жыйналышка катышуу укугун ишке ашыруунун башкы шарты болуп кызмат кылат (Конституциянын 100-беренесинин 3-бөлүгү) жана соттук териштирүүнүн жүрүшүндө аталган конституциялык принциптин колдонулушун камсыз кылуунун кепилдиги болуп калат.
3. Сот өндүрүшү тараптардын түздөн-түз катышуусунда натыйжалуу
жүзөгө ашырылышы мүмкүн. Бул, сот далилдерди жеке өзү баалоого, тараптардын жана күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн угууга жана сот жыйналышынын жүрүшүндө түздөн-түз берилген маалыматты кабылдоого милдеттүү дегенди билдирет. Мындай мамиле сотко иштин жагдайларын толук жана объективдүү баалоого, фактыларды аныктоого жана негиздүү чечим кабыл алууга мүмкүндүк берет. Ошону менен бирге, жарандык сот өндүрүшүндө сот ишти бир тараптын же тараптардын катышуусуз карай ала турган жол берилген өзгөчөлүктөр бар (жазуу жүзүндөгү материалдардын негизиндеги жол-жобо, сырттан өндүрүш). 16
Бул өзгөчөлүктөр доогердин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого жана соттор тарабынан жарандык иштерди өз убагында чечүүгө багытталган. Жарандык процесстик мыйзамдарда мындай өзгөчө жагдайлардын болушу тараптарга соттук териштирүү жөнүндө, өзгөчө жоопкерге ага карата башталган сот өндүрүшү жөнүндө тийиштүү түрдө кабарлоо зарылдыгы менен шартталган. Кабарланбаган тараптын жагдайында көбүнчө жоопкер болуп калат, анткени соттук кароону доогер демилгелейт жана ал сотко жоопкердин жайгашкан жери жөнүндө маалымат берет. Жоопкерге карата сот процессинин башталышы, иштин натыйжасына таасир этүүчү процесстик жагдайлар жөнүндө кабарлоонун жоктугунан ал жөнүндө жоопкердин кабардар эместиги терс жагдайды түзөт, бул бүткүл соттук териштирүүнүн адилеттүүлүгүнөн күмөн жаратат. Бул контексттен алганда укуктук чыр-чатактарды (укук талаш- тартыштарын) чечүүгө багытталган, жарандык сот өндүрүшүндөгү адилеттүүлүктүн түздөн-түз көрүнүшү тараптарга, атап айтканда, жоопкерге талаптагыдай кабарлоого негизделген. Ушундан алганда тараптарга тийиштүү кабарлоону жүзөгө ашыруу соттун милдети болуп саналат, аны аткарбоо же талаптагыдай эмес аткаруу инсандын сот жыйналышы жөнүндө кабардар болуу укугун кемитиши жана анын соттук коргонууга болгон конституциялык укугун бузушу мүмкүн. Тараптарга талаптагыдай кабарлоо өз ара байланышкан эки шартты сактоону билдирет – соттук кабарламаны жөнөтүү фактысын жана соттук кабарламаны дарек ээсине тапшыруу фактысын белгилөөнү билдирет. Жоопкерге талаптагыдай кабарлоонун далилдеринин жоктугу соттун чечимин жокко чыгарууга негиз болушу мүмкүн. Ушуга байланыштуу, соттор, жарандык процесстик мыйзамдарга ылайык, соттук териштирүү жөнүндө тараптарга кабарлоону жүзөгө ашыруунун ар кандай ыкмаларын колдонушат (ЖПКнын 128-беренеси). Алардын ичинде тараптарды кабарлоонун негизги жана милдеттүү ыкмасы катары почта корреспонденциясы (дарек ээсине тапшырылгандыгы жөнүндө кайра билдирилүүчү тапшырык каттар) болуп саналат. Телефонограмма, телеграмма, 17
факсимилдик байланыш же электрондук почта аркылуу же болбосо байланыштын башка каражаттарын пайдалануу менен билдирүүлөр сыяктуу кабарлоонун башка ыкмалары сот тарабынан көрсөтүлгөн ыкмалар аркылуу билдирүүлөрдү аларга жөнөтүү жөнүндө тараптар макул болгондо гана пайдаланылышы мүмкүн. Мындай укуктук жөнгө салууда доогер кыйла артыкчылыктуу абалда болушу мүмкүн, анткени ал доо арызын берип жатканда ага ар кандай ыкма менен кабардар болушуна макулдугун билдире алат, ал эми жоопкер болсо почта аркылуу гана кабардар болушу мүмкүн. Маалыматты жеткирүү жана алуу фактысын белгилеп жазууга мүмкүн болгон маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын тез өнүккөн шартында, сот дарек ээсине кабарлама жетиши үчүн, тараптарга маалымдоонун ар кандай ыкмаларын колдонууга укуктуу болушу керек. Бул үчүн мамлекет сотко сот адилеттигин жүзөгө ашыруу боюнча конституциялык шартталган милдеттерди жана функцияларды аткаруусу үчүн аларды пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыздоого тийиш. Соттун байланыш каналдарын колдоно албашы же аларды мыйзамдык жактан чектөө сот адилеттигинин принциптерин бузуп, муну менен жарандардын соттук коргонуу укуктарынын чектелишине алып келиши мүмкүн. Ушуга байланыштуу Конституциялык сот соттук кабарлоолордун орун алган системасы заманбап техникалык жетишкендиктерди эске алуу менен колдонуудагы механизмдерди укуктук жөнгө салууну өркүндөтүүгө муктаж деп эсептейт.
4. Конституцияга ылайык мамлекет өзү жана мыйзамдарда бекитилген
тартипте жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылат, адамдын укуктарын жана эркиндиктерин жокко чыгарган же азайткан мыйзамдарды кабыл ала албайт (56-берененин 1, 2-бөлүктөрү). Бул конституциялык жобо укуктук мамлекеттин маанилүү түзүүчүсү болуу менен адам укуктары жана эркиндиктери кандай болбосун укуктук системанын негизи болуп санала тургандыгын жана алардын маңызы алардын азаюусунан же иш жүзүндө жоготулушунан улам ишке ашыруу 18
мүмкүн болбой тургандай абалга чейин мыйзамдык жактан чектелиши мүмкүн эместигин баса белгилейт. Мамлекеттин бийлигин тизгиндөөдө алдын алуу үчүн жарандардын Конституцияны жана мыйзамдарды сактоо, башка адамдардын укуктарын, эркиндиктерин, абийирин жана ар-намысын урматтоо конституциялык милдети бар (53-берененин 3-бөлүгү). Бул милдетти конкреттештирүү жарандардын мыйзамдын талаптарын жана сот актыларын аткарууга милдеттүүлүгүндө турат. Кеңири мааниде алганда, жарандардын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин ишке ашыруунун тең салмактуу кепилдиктери алардын конституциялык милдеттерди аң- сезимдүүлүктө аткаруу менен бирге мыйзамды аң-сезимдүү жана ыктыярдуу сактоо, сот бийлигин сыйлоо жана укук тартибин колдоого катышуусу менен мүнөздөлгөн мыйзам менен жашаган жарандын шарттуу моделин калыптандырат. Мындай жаран өзүнүн укуктук милдеттерин гана аткарбастан, ошондой эле сот адилеттигин ишке ашырууда сот системасына активдүү көмөк көрсөтөт. Бул контексттен алганда дарек ээсинин жоктугуна байланыштуу кабарламаны (чакыруу катты) кабыл алган адамдын биринчи эле мүмкүнчүлүк болгондо аны дарек ээсине тапшырууга милдеттүүлүгүн көрсөтүү каралган (129-берененин 7-пункту) ЖПКнын талашылып жаткан ченеми маңызы боюнча сот актысынан келип чыгуучу жана соттук кабарламанын (чакыруу катынын) түзүмүндө таризделген соттук талап болуп саналат. Соттук териштирүүгө катышпаган, кабарламаларды жөнөтүүдө ортомчу катары аракеттенген жаран өзүнө жүктөлгөн милдетти аткаруу үчүн жоопкерчилик тартат. Бул милдет укуктук башатты түздөн-түз ишке ашыруучу инструмент катары мыйзамдарды сактоо, тиешелүү түрдө сот актыларын аткаруу боюнча анын конституциялык милдетинен келип чыгат. Ушуга байланыштуу, мыйзам чыгаруучунун мындай адамдарга дарек ээлери жашаган жеринде же турган жеринде жок болгон учурда соттук кабарламаны биринчи мүмкүнчүлүк болгондо дарек ээсине берүү милдетин 19
жүктөөсү мыйзамга баш ийген жарандын моделинен келип чыгуучу, демейки жарандык парзды аткарууга чакырыктын чегинен чыкпайт жана тийиштүү түрдө, адамга өлчөмдөш эмес милдеттерди жүктөө катары каралышы мүмкүн эмес. Мындан тышкары, мыйзам чыгаруучу укуктук мамлекеттин максаттарына жана түздөн-түз мыйзамдын үстөмдүгүнө жетишүүгө багытталган мыйзамдарды жана сот актыларын аткарбагандыгы үчүн юридикалык жоопкерчиликти караган. Ошентип, соттук териштирүүнүн катышуучулары болуп саналбаган башка жактарга соттук кабарламаларды берүү убагында дарек ээси жок болгон учурларда түздөн-түз дарек ээсине берүү милдети жүктөлгөн талашылып жаткан ченем жарандардын укук тартибин камсыз кылууда кеңири тартылышына багытталган жана жоопкердин кабардар болуу укугун жана жалпысынан анын соттук коргоого болгон укуктарын азайтпайт же жокко чыгарбайт.
5. Конституция ар бир адамга Кыргыз Республикасынын аймагында
эркин жүрүү, баруучу жана жашоочу жерин тандоо укугун кепилдейт (31- берененин 1-бөлүгү). Бул укук адамдын түпкү укуктарынын бири болуп саналат жана жарандардын жеке эркиндигинин жана көз карандысыздыгынын жогорку баалуулугу жөнүндө айгинелейт. Бирок, бул эркиндик кепилдиктерине карабастан, жашаган жеринде катталуу анын конституциялык укуктарын жүзөгө ашырууга жана жарандык милдеттерин аткарууга түздөн-түз таасир этүүчү маанилүү жол-жобо болуп саналат. Жарандын жашаган жери же турган жери боюнча милдеттүү түрдө каттоосу соттук отурум жөнүндө кабарлоо укугун камсыз кылуу контекстинде чоң мааниге ээ. Ал сотторго жана башка мамлекеттик органдарга соттук териштирүүгө тартылган адамдын иш жүзүндө турган жери жөнүндө так маалыматтарды алууга мүмкүндүк берет. Мындай зарылчылык соттун боло турган сот отурумдары жана башка процесстик аракеттер жөнүндө ага кабарламаларды жөнөтүү милдетинен келип чыгат. 20
Каттоо процесстин катышуучулары тарабынан кыянаттык менен пайдаланууну, анын ичинде кабарлама алуудан атайылап качууну же соттук териштирүүнү создуктуруу үчүн даректи манипуляциялоону болтурбоочу механизми катары кызмат кылат. Демек, жарандын жашаган же турган жери боюнча милдеттүү түрдө каттоого алынышы жарандардын соттук отурумдар жөнүндө өз убагында жана талаптагыдай кабардар болушуна өбөлгө болот, бул алардын укуктарын коргоонун жана процесстик ченемдерди сактоонун маанилүү кепилдиги болуп саналат. Жарандын жашаган жери деп анын негизги турган жери катары жаран туруктуу жашаган турак жай түшүнүлөт. Жарандын туруктуу жашаган жерин өзгөртпөстөн убактылуу жүргөн жер турган жери болуп саналат. Эгерде жаран жашаган жеринен тышкары жерде болсо, турган жери катталат. Турган жерин каттоо жарандын белгилүү бир жерде убактылуу тургандыгы жөнүндө кабарлоо үчүн маанилүү, бирок жашаган жери боюнча каттоо сыяктуу укуктарды түзбөйт. Жаран жашаган жери өзгөргөн учурда электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы же мобилдик тиркеме аркылуу калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга катталып эсепке алуусу үчүн кайрылууга милдеттүү (“Ички миграция жөнүндө” Мыйзамдын 16- беренесинин 1-бөлүгү) . Мындай жагдайларда сотко белгилүү соңку турган орду боюнча жиберилген кабарлама (чакыруу кат) дарек ээсинин көрсөтүлгөн даректе жоктугуна байланыштуу тапшырылбагандыгын талаптагыдай кабарлоо деп тааныган талашылып жаткан (Жарандык процесстик кодекстин 131- беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пункту) жарандар өздөрүнүн конституциялык укуктарын да, Конституциядан келип чыккан милдеттерин да сактаган шартта, жол берилген мыйзам ченеми катары каралат, мында жашаган жерин жана турган жерин өз убагында каттоо милдетин аткарбоо жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин, анын ичинде соттук коргоо укугун ишке 21
ашыруу кепилдиктерине таасирин тийгизиши мүмкүн. Ошондой эле социалдык чыр-чатактарды жана ар кандай талаш- тартыштарды сотто кароо аларды чечүүнүн акыркы жана биротоло жолу экендигин баса белгилей кетүү керек. Алар, эреже катары, сот тартибинде чечкенге чейин эле пайда болот. Бул ушул окуяларга катыштыгы бар субъекттер, эреже катары, мүмкүн болуучу соттук жоопкерчиликти билишет жана анын келип чыгуусуна жол беришет дегенди билдирет. Ушуга байланыштуу, Конституциялык сот ЖПКнын 131-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктунда каралган талашылып жаткан укуктук жөнгө салууну жогоруда көрсөтүлгөн жагдайларда жана жарандын инсандыгын ырастоочу документтерге ээ болуу, анын иш жүзүндө жашаган жери боюнча катталууга болгон милдеттери менен бирге түзүлгөн кырдаалда объективдүү мүмкүн болгон жана ар бир адамдын калыс сот адилеттигине жана соттук коргонууга болгон укугун камсыз кылуу бөлүгүндө конституциялык жоболорду бузбайт деп баа берет. Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктун, 4 жана 5- бөлүктөрүн, “Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын 48, 49, 52 жана 53-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту Ч Е Ч Т И:
1. Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 129-
беренесинин 7-пункту, 131-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пункту Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 23-беренесинин 1, 2, 4, 5, 6- бөлүктөрүнө, 24-беренесинин 2-бөлүгүнө, 56-беренесинин 1,2-бөлүктөрүнө, 61-беренесинин 1-бөлүгүнө, 100-беренесинин 3-бөлүгүнө карама-каршы келбейт деп таанылсын. 22
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети колдонуудагы
укуктук жөнгө салууга ушул Чечимдин жүйөлөштүрүүчү бөлүгүнөн келип чыгуучу тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
3. Чечим акыркы жана даттанылууга жатпайт, жарыяланган учурдан
тартып күчүнө кирет.
4. Чечим бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча
башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана республиканын бүткүл аймагында аткарылууга тийиш.
5. Бул Чечим мамлекеттик бийлик органдарынын расмий
басылмаларында, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун расмий сайтында жана “Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Жарчысында” жарыялансын. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТУ №_______ 23
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 4 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (4)
- Конституция Кыргызской РеспубликиКонституция · 05.05.2021
- Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской РеспубликиКодекс · 25.01.2017 · № 14
- Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 31 марта 2023 года № 178 "Об утверждении Положения о порядке государственной регистрации юридических лиц, филиалов…Постановление · 31.03.2023 · № 178 · Утратил силу
- Постановление Правительства КР от 4 декабря 2004 года № 886 " Об утверждении Положения о правилах регистрации и снятия граждан Кыргызской Республики с регистрационного учета по…Постановление · 04.12.2004 · № 886 · Утратил силу