Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Р. Т. Исакжановдун кайрылуусуна байланыштуу «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 32-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча чечим
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТУНУН Расулжан Тахиржанович Исакжановдун кайрылуусуна байланыштуу «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 32-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча ЧЕЧИМИ 2024-жылдын 8-майы Бишкек шаары Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту: төрагалык кылуучу
Э.Ж. Осконбаев, судьялар Ч.А. Айдарбекова, М.Р. Бобукеева, К.А. Дуйшеев,
Л.Ч. Жолдошева, М.Ш. Касымалиев, К.Дж. Кыдырбаев,
Ж.А. Шаршеналиевдин курамында, катчы К. Маамыталы кызынын,
кайрылуучу тарап – Расулжан Тахиржанович Исакжановдун;
жоопкер-тарап – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотундагы туруктуу өкүлү Самат Кыштообекович Ысырановдун; үчүнчү жактар – Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотундагы туруктуу өкүлү Алмазбек Тавалдиевич Молдобаевдин, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын өкүлдөрү Мелис Казакбаевич Мураталиевдин, Эльзада Абдымомунованын, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ишеним кат боюнча өкүлдөрү Орозбек Кадырбекович Сыдыковдун, Каныкей Кадырбековна Кадырбекованын, Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын ишеним кат боюнча өкүлү Тимур Султанович Султановдун катышуусунда, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 1, 2- бөлүктөрүн, “Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын 4, 17, 40, 45-беренелерин жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 32-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти ачык сот отурумунда карап чыкты. Бул ишти кароого Р.Т. Исакжановдун кайрылуусу себеп болду жана талашылып жаткан ченемдин Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келүүсү маселесинде пайда болгон аныксыздык негиз болду. Ишти сот отурумуна даярдаган судья-баяндамачы К.А. Дуйшеевдин маалыматын угуп, иштин материалдарын изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту, Т А П Т Ы: 2
2023-жылдын 18-сентябрында Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна Р.Т. Исакжановдун "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 32-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктунун Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 23-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө, 24- беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык келүүсүн текшерүү жөнүндө өтүнүч каты келип түшкөн. Арыз ээси кайрылууда Конституциянын 64-беренесине ылайык адвокаттардын өз алдынча башкаруучу кесиптик жамааты катары Адвокатуранын уюштурулушу жана ишмердүүлүгү, ошондой эле адвокаттардын укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги мыйзам менен аныкталат. Бул конституциялык жобону жүзөгө ашыруу үчүн “Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө” мыйзам кабыл алынган, ага ылайык Адвокатура – бул Кыргыз Республикасынын адвокаттарынын милдеттүү түрдө мүчөлүгүнө негизделген, кесиптик кызыкчылыктарынын жалпылыгынын негизинде түзүлгөн, алардын кызыкчылыктарын билдирүүгө жана коргоого, адвокаттардын квалификациясын жогорулатууга жана адвокаттык ишти өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө чакырылган адвокаттардын өзүн-өзү башкаруучу кесиптик коомдоштугун билдирет жана жарандык коомдун институту катары мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тутумуна кирбейт жана өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясына, ушул Мыйзамга жана Адвокатуранын уставына ылайык жүзөгө ашырат (2-берененин 1, 2-бөлүктөрү). Бирок “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын (мындан ары – конституциялык Мыйзам) 32- беренесинин 1-бөлүгүндө мамлекеттик тилди билүүгө, аны кызматтык милдеттерин аткарууда пайдаланууга милдеттүү болгон кызмат адамдарынын тизмесине адвокаттар да киргизилген. 3
Р.Т. Исакжанов мындай милдетти белгилөө адвокаттык ишти жүзөгө
ашыруу үчүн чектөө болуп саналат жана мамлекеттик тилди тийиштүү деңгээлде билбөө жана аны кызматтык милдеттерин аткарууда пайдаланбоо улуттук коопсуздукка, коомдук тартипке, калктын ден соолугуна жана адеп- ахлагына эч кандай коркунуч келтирбейт, ошондой эле башка адамдардын укуктары менен эркиндиктерин кемитпейт деп эсептейт. Ал эми Конституциянын 24-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин чектөө Конституциянын жана мыйзамдардын негизинде гана жогоруда көрсөтүлгөн максаттарда колдонулушу мүмкүн, ошондой эле мамлекеттик жана аскердик кызматтарда жол берилет. Кайрылуунун автору өзүнүн жүйөлөрүн тастыктап, адвокаттар сот адилеттигин жүзөгө ашырууга катышуудан тышкары жарандардын кызыкчылыктарын коргоп, алардын укуктары менен эркиндиктерин өз алдынча жана башка жолдор менен коргой тургандыгын белгилейт. Баяндалганды эске алуу менен, кайрылуунун субъекти талашылып жаткан ченемди Конституцияга карама-каршы келет деп таанууну суранат. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьялар коллегиясынын 2023-жылдын 17-октябрындагы аныктамасы менен Р.Т. Исакжановдун өтүнүчү өндүрүшкө кабыл алынган. Соттук отурумдун жүрүшүндө кайрылуучу тарап өзүнүн талаптарын колдоп, аларды канааттандырууну өтүндү. Жоопкер-тарап катары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык соттогу туруктуу өкүлү С.К. Ысыранов арыз ээсинин жүйөлөрү менен макул болгон жок жана талашылып жаткан ченем Конституцияга карама-каршы келбейт деп эсептейт. Ал өз позициясын негиздеп, төмөнкүдөй жүйөлөрдү келтирди. Мамлекеттик тил өлкөнүн туусу, гимни же герби менен бирдей маанилүү символикалуу баалуулулукка ээ болуу менен анын 4
жашоочуларынын саясий, маданий жана социалдык биримдигинн өбөлгө түзөт. Мамлекеттүүлүктүн конституциялык-укуктук белгиси катары, аны идентификациялоого жана башка мамлекеттердин арасынан бөлүп көрсөтүүгө мүмкүндүк берүүчү, анын иштөөсүнүн негизги формасы болуп саналат. Кыргызстанда расмий тил катары орус тили колдонулат. Кыргыз Республикасынын элин түзгөн бардык этностук топтордун өкүлдөрүнө эне тилин сактоо, окуп-үйрөнүү жана өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү укугу кепилденет (Конституциянын 13-беренесинин 2, 3-бөлүктөрү). Конституциялык Мыйзамдын 32-беренесинин 1-бөлүгүндө мыйзам чыгаруучу адвокаттардын мамлекеттик тилди билүүгө жана аны кызматтык милдеттерин аткарууда пайдаланууга милдеттүү экендигин аныктаган. Жоопкер тарап адвокаттын кесиби коомдук маанилүү мүнөзгө ээ экендигин, Адвокатура институту иштебей туруп мамлекет сот адилеттигинин натыйжалуу тутумун түзүү боюнча конституциялык милдетти аткара албай тургандыгын белгилейт. Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 49-беренесине ылайык адвокат – кылмыш-жаза сот өндүрүшүндө шектүүнүн, айыпталуучунун, соттолгондун, акталгандын, жабырлануучунун, күбөнүн укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону жүзөгө ашыруучу жана аларга квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүчү адам. Адвокат сот өндүрүшүндө өзү жактаган адамдын кызыкчылыктарын көздөп, анын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо менен сот өндүрүшүнүн субъекттеринин бири катары чыгат. Конституциялык Мыйзамдын жоболоруна ылайык Кыргыз Республикасында сот өндүрүшүн мамлекеттик тилде жүргүзүү талап кылынат, мында расмий тил жогоруда аталган Кодекске ылайык колдонулушу мүмкүн (4-берененин 3-пункту, 7-берене). Ушуга байланыштуу, кыргыз тилинин мамлекеттик тил катары статусунун маанилүүлүгүн жана мамлекетти сактоонун ажырагыс 5
негиздеринин бири катары, С.К. Ысыранов адвокаттарга өз милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик тилди билүү жагынан талап коюу мыйзам ченемдүү жана анын коргоосундагы адамдын кызыкчылыктарын ийгиликтүү укуктук коргоонун маанилүү фактору болуп саналат деп эсептейт. Мамлекеттик тилди билбестен адвокат өзү коргоп жаткан адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоону толук көлөмдө жүзөгө ашыра албайт, коргоо линиясын туура жана так негиздей албайт. Ал ошондой эле Адвокатура сот системасын өзгөртүүгө жана укуктук, демократиялык мамлекетти өнүктүрүүгө активдүү катышып, мыйзам чыгаруу процесстерине, укуктук реформаларды талкуулоого жана ишке ашырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгилейт. Баяндалганга негизденип, С.К. Ысыранов талашылып жаткан ченем Конституцияга карама-каршы келбейт, адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерине шек келтирбейт жана таптакыр басмырлоочу мүнөзгө ээ эмес деп эсептейт, ушундан улам Р. Т. Исакжановдун өтүнүчүн канааттандыруусуз калтырууну суранат. Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Конституциялык соттогу туруктуу өкүлү А.Т. Молдобаев арыз ээсинин жүйөлөрүн төмөнкү негиздер боюнча негизсиз деп эсептейт. Кыргыз тили – улуттук иденттүүлүктүн негизи, аны сактоо мамлекетти, анын көз карандысыздыгын коргоо сыяктуу эле мааниси бар. Тилди мамлекеттик тил катары бекемдөөнүн максаты – аны мамлекеттик улуттук саясатты жүзөгө ашыруунун инструменттеринин бири катары пайдаланууда турат. Маданий мурастын бир бөлүгү катары укуктарды коргоо жана тилдик көп түрдүүлүктү коргоо мамлекеттик колдоонун атайын чараларын талап кылат. Саясий биримдикти камсыз кылуу баарлашуунун расмий чөйрөлөрүндө – мамлекеттик органдардын документтерин даярдоодо, ченемдик актыларды жарыялоодо, шайлоолорду өткөрүүдө мамлекеттик тилди милдеттүү түрдө орнотууну белгилейт. 6
А.Т. Молдобаев жарандык жана жазыктык сот өндүрүшү расмий тилде
жүргүзүлүшү мүмкүн экендигине карабастан, мыйзамдарда мамлекеттик тилге артыкчылык берилгенин белгилейт. Адвокаттар өз ишин жүзөгө ашырууда “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамдын 6-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алышат, анда Конституциянын жана башка ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик тилдеги тексти расмий тилдеги текст менен дал келбеген учурда мамлекеттик тилдеги текст түп нуска болуп эсептелет деп каралган. Демек, юридикалык жардам көрсөтүү жана жүзөгө ашыруу үчүн мамлекеттик тилди билүү зарыл. Жогоруда баяндалгандарды эске алып, А.Т. Молдобаев талашылып жаткан ченем Конституцияга карама-каршы келбейт деп эсептейт. Президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын өкүлү кыргыз тили мамлекеттик деп таанылгандыктан конституциялык Мыйзам сот өндүрүшүн мамлекеттик тилде жүргүзүүнү жана процессуалдык мыйзамдарга ылайык расмий тилди колдонууну карайт (7-берененин 1-бөлүгү), муну менен процесстин катышуучуларын, анын ичинде адвокатты мамлекеттик тилди билүүгө автоматтык түрдө милдеттендирет.
М.К. Мураталиев адвокат бул сот процессинде корголуучунун
кызыкчылыгын билдирген жана анын укуктары менен эркиндиктерин коргогон адам экендигин белгилейт. Мамлекеттик тилди билбеген учурда адвокат өзү коргоп жаткан адамдын укуктарын жана эркиндиктерин толук өлчөмдө коргой албайт. Тил көндүмдөрүнүн жоктугу адвокаттын сотто өз позициясын айкын жана так жүйөлөштүрүү мүмкүнчүлүгүн чектейт, бул өз кезегинде иштин жыйынтыгына түздөн-түз таасир этиши мүмкүн. Ушуга байланыштуу, ал талашылып жаткан ченем менен белгиленген талап Конституцияга карама-каршы келбейт, ал тургай адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерине шек келтирбейт жана басмырлоочу мүнөзгө ээ эмес деп эсептейт. 7
Юстиция министрлигинин өкүлү О. К. Сыдыковдун позициясы С. К. Ысыранов, А.Т. Молдобаев жана М. К. Мураталиев тарабынан айтылган позицияларга окшош. Адвокатуранын өкүлү Т.С. Султанов өз жүйөсүндө Адам укуктарынын жалпы декларациясы жана Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пакт сыяктуу эл аралык актыларга шилтеме кылат, алар бардык адамдар мыйзам алдында бирдей экендигин жана ар кандай белгилери, анын ичинде тили боюнча басмырлоосуз корголууга укуктуу экендигин баса белгилейт.
Т.С. Султанов талашылып жаткан ченем менен бекитилген
адвокаттардын өз ишин жүзөгө ашыруу үчүн мамлекеттик тилди милдеттүү билүүсү жогоруда аталган эл аралык актыларга жана Конституциянын ченемдерине карама-каршы келет деп эсептейт, анткени адвокат укуктук мамилелердин субъекти катары мамлекеттик тилди билүү милдеттүү деп белгиленген аскердик, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын тутумуна кирбейт. Муну менен бирге, “Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө” Мыйзамдын 29-беренесине ылайык, адвокат адвокаттык ишти жүзөгө ашырууда юридикалык жардам алуу үчүн кайрылган адамдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо каражаттарын жана ыкмаларын тандоодо өз алдынчалыкка ээ жана башка жактардын пикирлери менен байланышкан эмес.
Т.С. Султанов конституциялык Мыйзамдын контекстинде мамлекеттик
тилди билүү жөнүндө талап менен шартталган адвокаттын укуктарынын бузулушу адилеттүүлүктүн жана бардыгынын мыйзам алдында бирдейлигинин принциптерине олуттуу коркунуч жаратат жана укуктук мамилелердин айрым субъекттеринин сот адилеттигине жетүүсүн чектейт деп эсептейт. Калыс сот адилеттигине болгон укукту камсыз кылуунун маанилүү шарттары болуп, анын ичинде квалификациялуу юридикалык жардам 8
көрсөтүү саналат, ал эми талашылып жаткан ченем адвокаттар үчүн гана эмес, өз каалоосу боюнча тигил же бул адвокатты жактоочу катары тандап алган жарандар үчүн да жасалма тоскоолдук жаратат. Ошентип, Адвокатуранын өкүлүнүн пикири боюнча, мындай талапты киргизүү адвокаттардын жана алардын кардарларынын укуктарын системалуу түрдө бузууга алып келиши мүмкүн. Конституциялык сот тараптардын жүйөлөрүн талкуулап, үчүнчү жактардын түшүндүрмөлөрүн угуп, иштин материалдарын изилдеп чыгып, төмөнкүдөй тыянакка келди.
1. “Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө”
конституциялык Мыйзамдын 17-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, Конституциялык сот кайрылууда козголгон предмет боюнча анын ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу күмөн жараткан бөлүгүнө карата гана актыларды чыгарат. Ошентип, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун кароосунун предмети болуп “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын төмөнкүдөй редакцияда берилген 32-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пункту саналат: “32-берене. Мамлекеттик тилди билүүгө жана аны кызматтык милдеттерин аткарууда пайдаланууга милдеттүү адамдар
1. Төмөнкү адамдар мамлекеттик тилди билүүгө жана аны кызматтык
милдеттерин аткарууда пайдаланууга милдеттүү:
8) адвокаттар;”.
“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” конституциялык Мыйзам мыйзамда белгиленген тартипке ылайык кабыл алынып, “Эркин Тоо” гезитинин 2023-жылдын 18-июлундагы №57 санына жарыяланган, Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизилген жана колдонуудагы болуп саналат.
2. Конституциянын преамбуласы кыргыз элинин өз мамлекеттүүлүгүн
сактоого жана бекемдөөгө болгон терең умтулуусун, укуктук мамлекеттин 9
негиз түзүүчү принциптерин, адилеттүүлүктү жана бардык жарандардын тең укуктуулугун жактаарын билдирүү менен негизги идеологиялык максаттарды аныктайт. Бул умтулуулар, баарыдан мурда, Кыргызстандын жаңы тарыхындагы 1990-жылдын 30-декабрында кабыл алынган Кыргызстан Республикасынын мамлекеттик суверенитети жөнүндө декларация сыяктуу негиз түзүүчү документтен келип чыгат. Бул Декларацияга ылайык кыргыз улуту улуттук мамлекеттүүлүктүн бүтүндүгүн, ошондой эле маданий жана тилдик мурасты сактоонун жана өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн тааныйт. Бул контекстте кыргыз тилин мамлекеттик тил катары Конституцияда бекитүү жөн жерден келип чыккан жок, ал кыргыздардын улуттук бирдейлигинин жана мамлекеттик өз алдынчалыгынын табигый өнүгүшүн чагылдырат. Кыргыз тили мамлекеттүүлүктүн конституциялык-укуктук атрибуту катары мамлекеттин уникалдуулугун камсыз кылуу менен анын ишмердүүлүгүнүн маанилүү куралы катары негизги ролду ойнойт. Бул ошондой эле кыргыз тили эмне үчүн салттуу түрдө эл тарабынан улуттук баарлашуунун негизги каражаты катары колдонулуп келе жатканын түшүндүрөт жана анын өлкөдөгү маданий турмуш жана социалдык өз ара аракеттенүү үчүн фундаменталдуу маанисин баса белгилейт. Ошону менен бирге Конституция ХХ кылымда кыргыз мамлекеттүүлүгүн өнүктүрүүнүн тарыхый аспектисин урматтоо жана орус тилин эң кеңири спектрде өз ара аракеттенүү каражаты катары таануу менен аны расмий тил катары белгилейт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын элин түзгөн бардык башка этностордун өкүлдөрүнө эне тилин сактоо, үйрөнүү жана өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү укугуна кепилдик берет (13- берененин 2 жана 3-бөлүктөрү). Бирок, буга чейин конституциялык контролдоо органы белгилегендей, башка этностордун эне тилин колдонуу укугу абсолюттук эмес. Ал адамдын социалдык-маданий кызыкчылыктарын колдоого багытталган, бирок мамлекеттин коомдук турмушунун бардык чөйрөлөрүндө аны чексиз 10
колдонууга укук бербейт (2013-жылдын 28-ноябрындагы Чечим).
3. Укуктук мамлекеттин конституциялык принциби жүрүм-турумдун
жалпы эрежелерин жана бийликти жүзөгө ашыруунун алкагын белгилөө менен мамлекеттин иштеши жана анын жарандар менен өз ара аракеттенүүсү үчүн фундаменталдык юридикалык негиздерди түптөйт (1-берененин 1- бөлүгү). Бул принциптин негизги аспектиси – Конституциянын үстөмдүгү, ага ылайык конституциялык мыйзамдар, мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар (мындан ары – ЧУА) мамлекеттик жана расмий тилдерде кабыл алынат. Мында мыйзам чыгаруучу мамлекеттик тилде чыгарылган актылар артыкчылыкка ээ экендигин жана түп нуска болуп эсептелээрин өзгөчө баса белгилейт (конституциялык Мыйзамдын 10-беренесинин 3- бөлүгү жана “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамдын 6-беренеси). Бул статустук бекитүү формалдуу таануу гана эмес, бардык мамлекеттик ишти, анын ичинде мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот иши мамлекеттик тилде жүргүзүлүшүн талап кылат.
4. Укуктук мамлекет принцибинин маанилүү түзүүчүсү Конституцияга
жана эл аралык ченемдерге ылайык ар бир адамдын укуктары менен эркиндиктерин таануу жана коргоону кепилдөө болуп саналат (23-берененин 1-бөлүгү). Мындай кепилдиктердин бири квалификациялуу юридикалык жардам алууга конституциялык укук болуп саналат (Конституциянын 61- беренесинин 4-бөлүгү). Бул жобо коомдук юридикалык чөйрөгө тартылган мамлекеттик органдардын жана мамлекеттик эмес институттардын ишинин маселелери боюнча жалпы мүнөздөгү мыйзам чыгаруу чараларын белгилөөгө мамлекеттин милдеттенмесин ырастайт. Ошентип, юридикалык кызматтарды көрсөтүү коомдук кызыкчылыкка кызмат кылат жана тиешелүү түрдө коомдук-укуктук мааниге ээ болот. Бул аны сот бийлигинин институттарынын гана эмес, ошондой эле ар кандай социалдык чыр- 11
чатактарды чечүүгө багытталган башка мамлекеттик жана мамлекеттик эмес механизмдердин иштешинен ажырагыс кылат. Ушуга байланыштуу мамлекет төмөнкү шарттарды камсыз кылууга тийиш: биринчиден, квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү боюнча иштин зарыл болгон укуктук негиз түзүү; экинчиден, квалификациясы жарандардын кызыкчылыгында өз функцияларын натыйжалуу аткарууга мүмкүндүк берген адамдарга гана бул жардамды көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу; үчүнчүдөн, адвокаттык иш жүргүзүү үчүн так кесиптик жана квалификациялык талаптарды белгилөө. Ошентип, адвокаттар квалификациялуу, анын ичинде мамлекет кепилдеген квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү боюнча миссияны өзүнө алуу менен жарандардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу чөйрөсүндө мамлекеттин конституциялык милдеттенмелерин ишке ашырууда негизги ролду ойнойт.
5. Мыйзам чыгаруучу жогоруда белгиленген факторлордун
маанилүүлүгүн эске алуу менен “Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана адвокаттык иш жөнүндө” жана “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө” мыйзамдарда квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү боюнча ишти жөнгө салуунун тартибин аныктаган. Жогоруда белгиленген актыларга ылайык, квалификациялуу юридикалык жардам өзүнө кылмыш-жаза, жарандык, административдик иштер жана сот өндүрүшүнүн бардык стадияларында укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча адамдардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо жана/же өкүлчүлүк кылуу боюнча адвокаттын кесиптик ишин камтыйт. Ал эми конституциялык Мыйзамдын 4-беренесинде аныкталгандай, сот өндүрүшү мамлекеттик тилде жүргүзүлүшү керек. Мамлекеттик тилди сот өндүрүшүнүн негизги тили катары белгилөө кыргыз тилине мамлекеттик тил статусун берүү жөнүндө Конституциянын ченеминен түздөн-түз келип чыгат (13-берененин 1-бөлүгү). 12
Бул контекстте адвокаттардын мамлекеттик тилди милдеттүү түрдө билүүсү сот адилеттигине жетүүнү камсыз кылууда жана сот процессинин катышуучуларынын укуктарын жана эркиндиктерин талаптагыдай коргоодо алардын ролун гана белгилебестен, ушул Чечимде белгиленген конституциялык маанилүү максаттарды да чагылдырат. Ошентип, мыйзам чыгаруучунун адвокаттардын кызматтык милдеттеринин чегинде мамлекеттик тилди билүүсү жөнүндөгү талабы ушул маанилүү максаттар менен шартталган жана алардын ишмердүүлүгүн чектөө катары каралышы мүмкүн эмес. Укуктук карама-каршылык абалындагы же аларга өзүнүн турмуштук маанилүү кызыкчылыктары менен кайрылган жана атайын билими бар адам катары аларга ишеним артууга даяр субъекттерге укуктук жардам көрсөткөн адвокаттар мамлекеттик тилдеги мыйзамдарды билүүгө өзгөчө маани берүүгө милдеттүү, анткени мыйзамдардын жана башка ЧУАлардын ченемдерин колдонуу жана чечмелөө анын ишиндеги эң башкы инструмент болуп саналат. Ошондой эле адвокаттар күнүмдүк коммуникацияда да, расмий иштерде да мамлекеттик тил колдонгон коомдун ажырагыс бөлүгү болгондуктан, тиешелүү түрдө алардын бул тилди билүүсү алардын өздөрүнүн кесиптик милдеттерин натыйжалуу аткарышы үчүн сөзсүз болуп саналат.
6. Мамлекет тил саясатын сактоону жана өнүктүрүүнү Кыргыз
Республикасын 2040-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясына киргизди жана Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасында анын негизги артыкчылыктуу багыттарын жана милдеттерин аныктады (Президенттин 2018-жылдын 31-октябрындагы №221 Жарлыгы жана Өкмөттүн 2020-жылдын 1-октябрындагы №510 токтому). Бул документтердеги негизги милдеттердин жана багыттардын арасында республиканын коомдук турмушунун бардык чөйрөлөрүндө 13
мамлекеттик тилди толук жана кеңири колдонууга жетишүү жана мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн укуктук негиздерин бекемдөө белгиленген. Бул аракеттердин алкагында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” конституциялык Мыйзам жаңы редакцияда кабыл алынган, ал мамлекеттик тил саясатын жүзөгө ашыруунун укуктук негиздерин, мамлекеттик тилди өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүдө мамлекеттик органдардын, мекемелердин, уюмдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттерин белгилейт. Конституциялык Мыйзамдын 12-13-главаларында алардын ыйгарым укуктары аныкталган, алардын ичинен Министрлер Кабинетине мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын бекитүү жана аткарууну камсыз кылуу жүктөлгөн, анда тиешелүү убакыт ичинде мамлекеттик тилди колдоо боюнча мамлекеттик саясаттын негизги стратегиялык максаттары жана артыкчылыктуу милдеттери, ошондой эле көрсөтүлгөн максаттарга жана милдеттерге жетүү үчүн жүзөгө ашыруу пландалып жаткан чаралар чагылдырылууга тийиш. Аталган Программа Кыргыз Республикасынын жарандарынын, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын мамлекеттик тилди окуп-үйрөнүүгө болгон муктаждыктарын канааттандыруу, аны Кыргыз Республикасында, ошондой эле анын чегинен тышкары жайылтуу үчүн зарыл болгон мыйзамда белгиленген кепилдиктерди жана жеңилдиктерди эске алуу менен иштелип чыгууга жана ишке ашырылууга тийиш (36-берененин 3-бөлүгү). Мындай регламенттөө Кыргыз Республикасынын элин түзгөн бардык башка этностордун, айрыкча алардын өз ара аракеттенүү процессинде конституциялык баалуулуктардын ортосунда акылга сыярлык тең салмактуулукту сактоо аспектисинде конституциялык укуктарына кепилдик берилет. Ошентип, талашылып жаткан ченемдин формулировкасы адвокаттардын мамлекеттик тилди билүү милдетине түздөн-түз көрсөтмөнү камтыса да, мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын 14
план ченемдүү ишке ашырууга, мамлекеттик тилди билбеген адамдардын аны өздөштүрүүсү үчүн объективдүү шарттарды түзүүгө жана тил саясатын коомдун жашоо-турмушунун бардык чөйрөлөрүнө этап менен киргизүүгө жараша императивдик мүнөзгө ээ болот. Мындан тышкары, каралып жаткан конституциялык Мыйзам процессуалдык мыйзамдарга ылайык сот өндүрүшүндө расмий тилди колдонуу мүмкүнчүлүгүн да белгилейт (7-берене). Муну менен мыйзам чыгаруучу сот өндүрүшүнүн бардык катышуучулары үчүн универсалдуу эрежени бекитет, ал сот өндүрүшүнүн бардык формаларында колдонулат. Алсак, сот өндүрүшү жүрүп жаткан тилди билбеген же жетиштүү деңгээлде билбеген адамдарга түшүндүрүү жолу менен ар кандай этапта билдирүү жасоого, көрсөтмө берүүгө, өтүнүч билдирүүгө, иштин материалдары менен таанышууга, сотто сөз сүйлөөгө, котормочунун кызматынан пайдалануу мүмкүнчүлүгү менен өзү билген тилде сот сүйлөшүүсүн угууга атайын укук камсыз кылынат. Бул укукту ишке ашыруу Адам укуктарынын жалпы декларациясынын жоболоруна жана Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактыга шайкеш, анда эне тилин колдонуунун жана сотто котормочунун акысыз жардамын алуунун маанилүүлүгү көрсөтүлгөн. Ушуга байланыштуу сот өндүрүшүнүн алкагында расмий тилди же процесстин катышуучусу жакшы билген тилди толук пайдалануу укугун камсыз кылуу ар бир жарандын сот адилеттигине бирдей жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуучу принцип болуп саналат. Бул сот өндүрүшүнүн эч бир катышуучусу мамлекеттик тилди билбөө себеби боюнча соттук коргоого жетүүдө тилдик тоскоолдуктарга туш болбошу керек дегенди билдирет. Ошондуктан тилдик укуктарды мындай ченемдик колдоо конституциялык негиздерге жооп берет жана ар кандай басмырлоонун, анын ичинде тилдик белгиси боюнча да басмырлоонун алдын алат, анткени сот процессинин ар бир катышуучусуна анын жүрүшүн толук түшүнүүгө, өз укуктарын коргоого 15
активдүү катышууга жана башка катышуучулар менен бирдей шарттарда сотто өз кызыкчылыктарын билдирүүгө кепилдик берет. Ошентип, мамлекеттик тилди киргизүү тартибин колдонуудагы укуктук жөнгө салууда талашылып жаткан ченем Конституцияга карама- каршы келет деп таанылышы мүмкүн эмес жана адвокаттык иш сыяктуу коомдук маанилүү функцияларды аткаруу үчүн зарыл талап катары бааланууга тийиш. Мамлекеттик тилди билүү талабы бардык адвокаттар үчүн токтоосуз милдеттүү болуп саналбайт, мамлекет аны өздөштүрүү үчүн бардык зарыл шарттарды түзүп берген шартта ишке ашырылат. Бул мамиле талаптардагы адилеттүүлүктү камсыз кылат жана бардык кызыкдар тараптарга негизсиз басым көрсөтпөстөн жаңы шарттарга адаптацияланууга мүмкүнчүлүк берет. Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктун, 4 жана 5- бөлүктөрүн, “Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын 48, 49, 52 жана 53-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту, Ч Е Ч Т И:
1. “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз
Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 32-беренесинин 1- бөлүгүнүн 8-пункту Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 23- беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө, 24-беренесинин 1-бөлүгүнө карама-каршы келбейт деп таанылсын.
2. Чечим акыркы жана даттанууга жатпайт, жарыяланган учурдан
тартып күчүнө кирет.
3. Чечим бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча
башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык 16
жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана республиканын бүткүл аймагында аткарылууга тийиш.
4. Бул Чечим мамлекеттик бийлик органдарынын расмий
басылмаларына, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун расмий сайтына жана “Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Жарчысында” жарыялансын. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТУ №________ 17
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 3 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (3)
- Конституция Кыргызской РеспубликиКонституция · 05.05.2021
- Указ Президента КР от 31 октября 2018 года УП № 221 "О Национальной стратегии развития Кыргызской Республики на 2018-2040 годы"Указ · 31.10.2018 · № 221
- Постановление Правительства КР от 1 октября 2020 года № 510 "Об утверждении Программы развития государственного языка и совершенствования языковой политики в Кыргызской…Постановление · 01.10.2020 · № 510 · Утратил силу