Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Г. С. Дуйшенбекова кайрылуусуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 145-беренесинин 1, 3-бөлүктөрүнүн, 153-беренесинин 1-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча чечим
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТУНУН Гульнара Султанбековна Дуйшенбекованын кайрылуусуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 145-беренесинин 1,3-бөлүктөрүнүн, 153-беренесинин 1-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча ЧЕЧИМИ 2024-жылдын 21- февралы Бишкек шаары Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту: төрагалык кылуучу Э.Ж. Осконбаев, судьялар Ч.А. Айдарбекова, М.Р. Бобукеева, К.А. Дуйшеев, Л.Ч. Жолдошева, М.Ш. Касымалиев,
К.Дж. Кыдырбаев, Ж.А. Шаршеналиев курамында, катчы А.Т. Таалайбековдун,
кайрылуучу тарап – Гульнара Султанбековна Дуйшенбекованын; жоопкер тарап – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотундагы туруктуу өкүлү Самат Кыштообекович Ысырановдун; үчүнчү жактар – Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотундагы туруктуу өкүлү Алмазбек Тавалдиевич Молдобаевдин, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин ишеним кат боюнча өкүлү Алмаз Турусбекович Нурбековдун, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун ишеним кат боюнча өкүлү Маргарита Насаркановна Сапиянованын, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын ишеним кат боюнча өкүлү Таалайбек Осконович Айбашевдин, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ишеним кат боюнча өкүлү Азамат Маратович Джаманкуловдун, чакырылган жактар – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин өкүлү Нуржигит Бакытбекович Назаровдун, Кыргыз Республикасынын Ички иштер
министрлигинин өкүлдөрү Арген Турумбекович Абдыралиевдин, Камила Айюбхановна Муратханованын катышуусунда, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүн, “Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 17, 40, 45-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш- жаза процессуалдык кодексинин 145-беренесинин 1, 3-бөлүктөрүнүн, 153-беренесинин 1- бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти ачык сот отурумда карап чыкты. Бул ишти кароого Гульнара Султанбековна Дуйшенбекованын кайрылуусу жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 145-беренесинин 1,3-бөлүктөрүнүн жана 153-беренесинин 1-бөлүгүнүн Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келеби деген маселеде пайда болгон аныксыздык себеп жана негиз болду. Ишти соттук отурумга даярдаган судья-баяндамачы К.А. Дуйшеевдин маалыматын угуп жана иштин материалдарын изилдеп чыгып, үчүнчү жактардын пикирин, чакырылган жактардын түшүндүрмөлөрүн угуп, Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту, Т А П Т Ы: 2023-жылдын 25-майында Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна
Г.С.Дуйшенбекованын Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 145-
беренесинин 1, 3-бөлүктөрүнүн, 153-беренесинин 1-бөлүгүнүн (мындан ары – КЖПК) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 95-беренесинин 1, 4-бөлүктөрүнө ылайык келүүсүн текшерүү жөнүндө өтүнүчү келип түшкөн. Арыз ээсинин пикири боюнча талашылып жаткан ченемдер Кыргыз Республикасынын Башкы прокуроруна билдирбестен кылмыш жөнүндө маалыматтарды Кылмыштардын бирдиктүү реестрине (мындан ары – КБР) каттоого жана сотко чейинки өндүрүштү, анын ичинде судьяга карата өндүрүштү жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Ал эми судьяга карата кылмыш ишин козгоо үчүн негиздердин бар же жок экендигине юридикалык баа берүүгө укугу бар адамдардын чөйрөсүн чектөө зарылчылыгынан улам, судьяга карата кылмыш ишин козгоо укугу Башкы прокурорго гана берилген. Кайрылуунун автору судьялар көз карандысыз жана Конституцияга жана мыйзамдарга гана баш ийе тургандыгын, кол тийбестик укугуна ээ экендигин жана алардын статусуна ылайык көз карандысыздыгынын социалдык, материалдык жана башка кепилдиктери менен камсыздаларын белгилейт (Конституциянын 95-беренесинин 1, 2 жана 4-бөлүктөрү). Бул конституциялык жоболорду ишке ашырууда “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” конституциялык Мыйзамда да судьялардын көз карандысыздыгынын кепилдиктери бекитилген, аны камсыздоонун элементтеринин бири алардын кол тийбестиги болуп саналат (15-берененин 1-бөлүгүнүн 4-пункту).
Аталган конституциялык Мыйзамдын 32-беренесине ылайык, судьяны кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга Судьялар кеңешинин макулдугу менен жол берилет. Мындай макулдукту алуу үчүн Кылмыштардын бирдиктүү реестринде каттагандан кийин Башкы прокурор Судьялар кеңешине судьяны кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук алуу жөнүндө сунуш киргизет, анда жазык ишинин жагдайлары жана судья шектелип жаткан кылмыш-жаза мыйзамынын беренеси көрсөтүлөт. Ошол эле учурда Судьялар кеңеши, эгерде сунушта келтирилген жүйөлөр судьянын өзүнүн судьялык ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууда ээлеген позициясына негизделсе, судьяны жазык же сот тартибинде коюлган башка жоопкерчиликке тартууга макулдук берүү жөнүндө сунушту канааттандыруудан баш тартат. Судьяны жазык же сот тартибинде салынган башка жоопкерчиликке тартууга макулдук берүү жөнүндө Судьялар кеңешинин чечими даттанылууга жатпайт. Ушундай эле тартип Кылмыш-жаза процессуалдык кодекстин 497-беренесинин 3-бөлүгүндө да каралган.
Г.С. Дуйшенбекова “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө”
конституциялык Мыйзамдын 31-беренесинде (2008-жылдын 9-июлундагы редакциясы) судьяга карата ыкчам издөө жана тергөө аракеттерин жүргүзүүнүн өзгөчө тартиби каралгандыгын белгилейт жана мындай тартип кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарда да регламенттелүүгө тийиш деп эсептейт. Бирок, колдонуудагы КЖПКда мындай тартип, анын ичинде судьяга карата анын конституциялык-укуктук статусун эске алуу менен тергөө өндүрүшүнүн өзгөчө тартиби жана атайын тергөө аракеттеринин тартиби каралган эмес. Кайрылуунун автору кол тийбестик судьялардын көз карандысыздыгынын эң маанилүү укуктук кепилдиги болуп саналгандыктан, кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарда судьяны жазык жоопкерчилигине тартуунун өзгөчө тартиби каралышы керек деп эсептейт. Бул коом жана мамлекет тарабынан судьяларга жана алардын кесиптик ишмердүүлүгүнө жогорку талаптардын коюлушу менен шартталган, мында судьяларга сот адилеттигин талаптагыдай жүргүзүүсүнүн кошумча кепилдиктери камсыздалууга тийиш. Судьянын статусунун маанилүү элементтеринин бирин жана кесиптик ишмердигинин эң маанилүү кепилдигин бекемдеген анын кол тийбестиги жөнүндө конституциялык жобо конституциялык түзүлүштүн негиздерин, бийликтин сот бутагынын өз алдынчалыгын жана көз карандысыздыгын шарттаган бийликти бөлүштүрүү принцибин камсыз кылууга багытталган. Ошону менен бирге судьянын кол тийбестиги жеке артыкчылык эмес, ал сот адилеттигинин коомдук таламдарын коргоонун каражаты катары чыгат, анын максаты адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин коргоо болуп саналат жана судьянын өз кесиптик милдеттерин аткарууда анын жогору жоопкерчилигин болжойт. Кайрылуу субъектиси, судьянын статусу конституциялык-укуктук жактан корголууга тийиш экендигин, анын деңгээли мурда жетишилгенге карата төмөндөтүлбөшү керектигин белгилейт. Бул талап Конституциянын 56-беренесинин 2-бөлүгүндө түздөн-түз бекитилген, ага ылайык
Кыргыз Республикасында адамдын укуктарын жана эркиндиктерин жокко чыгаруучу же кемсинтүүчү мыйзамдар кабыл алынбайт. Ошону менен бирге, арыз ээси “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын 15-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Конституцияда жана ушул конституциялык Мыйзамда каралган судьянын көз карандысыздыгынын кепилдиктери кандай жагдайларда болбосун алып салынышы же төмөндөтүлүшү мүмкүн эмес деп эсептейт.
Г.С.Дуйшенбекованын пикири боюнча колдонуудагы КЖПКда судьянын көз
карандысыздык принцибинин ажырагыс элементи болуп саналган анын кол тийбестик принцибин камсыз кылуучу зарыл болгон кошумча кепилдиктер каралган эмес. Анын ордуна КЖПКда судьяны жазык жоопкерчилигине тартуунун тартиби жөнүндө жалпы жоболор гана келтирилет, алар болсо “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” конституциялык Мыйзамда белгиленген. Өзүнүн жүйөлөрүн тастыктоо менен кайрылуу субъектиси М.А. Орозбакова Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 28-июлундагы № 154, 155 жарлыктары менен Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы болуп дайындалгандыгын белгилейт. Бирок аны кылмыш жоопкерчилигине тартууга Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин макулдугу алынгандан кийин, ал Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 16- июнундагы №109 Жарлыгы менен судьялык кызматынан убактылуу четтетилген. Буга Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 2-бөлүгү менен каралган (2017-жылдын 2-февралындагы редакциясында) кылмыш жасаган деген шек боюнча ага карата башталган сотко чейинки өндүрүш негиз болгон.
М.А.Орозбаковага карата сотко чейинки өндүрүштү баштоого А. Казакбаеванын жазуу
жүзүндөгү арызы себеп болгон, ал КЖПКнын 148-беренесине ылайык (2017-жылдын 2- февралындагы редакциясы) “Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри” АМСда катталган. Арыз ээси белгилегендей, бул арыз 2020-жылдын 12-мартында Башкы прокурорго билдирүүсүз катталган жана М.А.Орозбаковага ыкчам-иликтөө иш-аракеттерин жүргүзүүнүн натыйжасында кылмыш жасап жаткан жеринен кармалган. Судьянын иш бөлмөсүндө жана кабылдамасында тинтүү жүргүзүлүп, колдорунан сынамык алынган жана экспертиза жүргүзүү үчүн шымынын чөнтөктөрү кесип алынган.
М.А. Орозбакованы жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө Башкы
прокурордун сунушу Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине 2020-жылдын 4-июнунда гана келип түшкөн. Ал учурда 2017-жылдын 2-февралындагы редакциядагы КЖПК күчүндө болчу, анда кылмыш ишин козгоо стадиясы каралган эмес, ал эми сотко чейинки өндүрүш арызды жана билдирүүнү Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттаган учурдан тартып башталган. Кайрылуунун автору М.А.Орозбакованын иш бөлмөсүндөгү тинтүү тергөө судьясынын санкциясыз эле кечиктирилгис тинтүү жөнүндө тергөөчүнүн токтомунун негизинде гана
жүргүзүлгөн. Мындан тышкары, анын ары-бери жүрүү эркиндиги бир нече саатка чектелгендигин белгилейт.
Г.С. Дуйшенбекова судья М.А. Орозбаковага карата жазуу жүзүндөгү арыз иш жүзүндө
тергөөчү тарабынан Башкы прокурорго билдирүүсүз, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталгандыгын белгилейт. Ал ошондой эле бул окуялар 2008-жылдын 9- июлундагы “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” конституциялык Мыйзам күчүндө болгон мезгилде болгондугун, анын 30-беренесинде судьяга карата кылмыш ишин козгоо, судьяны сот тартибинде берилүүчү жазык, административдик жоопкерчиликке тартуу тартиби каралгандыгын белгилейт. Бирок тергөө органдары тарабынан кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдардын ченемдери одоно бузулгандыгына карабастан, прокуратура ишти маңызы боюнча кароо үчүн сотко өткөрүп берген, учурда ал Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун өндүрүшүндө. Кайрылуунун субъектиси судьяларды жазык жоопкерчилигине тартуу тартибинин колдонуудагы укуктук жөнгө салуунун кемчиликтери бар, алар судьялардын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин бузууга алып келүүдө деп эсептейт. Баяндалгандарды эске алуу менен, арыз ээси талашылып жаткан ченемди Конституцияга карама-каршы келет деп табууну өтүнгөн. Конституциялык соттун судьялар коллегиясынын 2023-жылдын 19-июнундагы аныктамасы менен Г.С.Дуйшенбекованын өтүнүчү өндүрүшкө кабыл алынган. Кийинчерээк кайрылуунун субъектиси өтүнүчкө кошумча киргизип, анда ал сот бийлигинин көз карандысыздыгынын олуттуу аспектилери жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жана тергөө аракеттеринин негизсиз жүргүзүлүшүнөн судьяларды коргоонун кошумча кепилдиктерин киргизүүнүн зарылдыгы жөнүндө кыйла кенен-кесири жүйөлөрдү келтирген, анткени муну Конституциянын 61-беренесинин 1-бөлүгү да талап кылат.
Г.С.Дуйшенбекованын өтүнүчү канааттандырылган (Кыргыз Республикасынын
Конституциялык сотунун 2024-жылдын 23-январындагы аныктамасы), ушуга байланыштуу талашылып жаткан ченемдердин Конституциянын 61-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык келүүсү да текшерилген. Соттук отурумдун жүрүшүндө кайрылуучу тарап өз талаптарын колдоп, аларды канааттандырууну өтүндү. Жоопкер тараптын атынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотундагы туруктуу өкүлү С.К. Ысыранов арыз ээсинин жүйөлөрү менен макул болгон жок жана талашылып жаткан ченем Конституцияга карама-каршы келбейт деп эсептейт. Өзүнүн позициясын негиздөөдө ал төмөнкү жүйөлөрдү келтирди. Демократиялык укуктук мамлекетти куруунун маанилүү элементтеринин бири адилеттүү жана эффективдүү сот адилеттиги үчүн зарыл шарттарды түзүү болуп саналат. Ушуга байланыштуу сот бийлигин алып жүрүүчүлөргө – судьяларга тиешелүү деңгээлде материалдык жактан камсыздоого, ошондой эле судьялардын көз карандысыздыгын жана коопсуздугун камсыз
кылууга да байланышкан кошумча укуктук кепилдиктерди караган өзгөчө укуктук статустун берилиши өзгөчө мааниге ээ. Бул көрүлгөн бардык чаралар жыйындысында судьялардын индемнитети деп аталат. Жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, ошондой эле ишке ашыруу көп жагынан көз каранды болгон алардын ишмердиги мамлекет тарабынан зарыл материалдык жана укуктук базаны түзүү менен коштолушу керек. Конституциянын 94-беренесинин 1-бөлүгүнө, 95-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык сот адилеттигин сот гана ишке ашырат, судья кол тийгис укугуна ээ жана кылмыш жасаган жеринен тутулган учурларды кошпогондо, кармалууга же камакка алынууга, тинтилүүгө же жеке текшерилүүгө жол берилбейт. КЖПКнын 495-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 497-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык судьяга, анын ичинде экс-судьяга карата кылмыш ишин козгоо жөнүндө чечимди Башкы прокурор кабыл алат, аларды кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга Башкы прокурордун сунушу боюнча Судьялар кеңешинин макулдугу менен жол берилет. Конституцияда прокуратура органдары кылмыш куугунтуктоосун жүзөгө ашырат, соттук териштирүүгө катышат, соттук чечимдердин аткарылышын көзөмөлдөйт жана конституциялык мыйзамда каралган башка ыйгарым укуктарды аткарат деп белгиленген (105-берене). КЖПКнын 240-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык аталган адам тарабынан кылмыш жасалгандыгын көрсөткөн жетиштүү далилдер болгондо тергөөчү ал адамды айыпталуучу катарында тартуу жөнүндө жүйөлөштүрүлгөн токтом чыгарат. Алсак, КЖПКнын 496-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнүн ченемдерине ылайык, тергөөчү кызмат адамын кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу жөнүндө өтүнүчтү Башкы прокурорго киргизет. Башкы прокурор өтүнүчтү жана кылмыш ишинин материалдарын карап, кылмыш жасагандыгы үчүн адамды кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга негиз болгон жетиштүү далилдер болгондо, аны кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө сунуш киргизет.
С.К. Ысыранов Конституциянын 24-беренесинин 2-бөлүгүндө аныкталган мыйзамдын жана
соттун алдында бардыгынын бирдейлик принцибин эске алуу менен судьянын кол тийбестиги анын ишин жүзөгө ашыруусу менен гана байланыштуу болушу керек жана анын жеке коопсуздугун камсыздабайт, оболу бул коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыгына кызмат кылат деп белгиледи. “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын 32-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык жетиштүү негиздер бар болгон учурда судьяны кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук алуу үчүн Кылмыштардын бирдиктүү реестринде каттагандан кийин Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Судьялар кеңешине судьяны кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө сунуш киргизет, анда жазык ишинин жагдайлары жана судья шектелип жаткан кылмыш-жаза мыйзамынын беренеси көрсөтүлөт.
С.К. Ысыранов КЖПКнын 144-беренесине ылайык сотко чейинки өндүрүш тергөөгө
чейинки текшерүү жана тергөө түрүндө жүзөгө ашырылат. Сотко чейинки өндүрүш Кылмыштардын бирдиктүү реестрине маалыматтар киргизилген учурдан тартып, ишти сотко жөнөткөнгө, кылмыш ишин кыскартканга же болбосо кылмыш ишин козгоодон баш тартканга чейин башталат деп белгиледи. Судьяга карата жазык ишин козгоонун өзгөчө тартибин караган кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдардын ченемдери (КЖПКнын 56-главасы) өзүнчө бир процессуалдык кепилдик болуу менен сот бийлигинин өзгөчө статусун тастыктоо болуп саналат. Демек, кол тийбестикке ээ адамдарга карата сотко чейинки өндүрүштүн мындай тартибин белгилөө Конституциянын талаптарына, судьялардын көз карандысыздыгынын эл аралык стандарттарына жана кылмыш-жаза мыйзамдарынын принциптерине жетишээрлик деңгээлде жооп берет. Баяндалгандарга негизденип, С.К. Ысыранов Г.С.Дуйшенбекованын өтүнүчүн канааттандыруусуз калтырууну өтүндү. Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Конституциялык соттогу туруктуу өкүлү
А.Т. Молдобаев төмөнкү негиздер боюнча арыз ээсинин жүйөлөрүн негизсиз деп эсептейт.
Конституциянын 95-беренесинин 1, 4-бөлүктөрүнө ылайык судьялар көз карандысыз, Конституцияга жана мыйзамдарга гана баш ийет жана өзүнүн статусуна ылайык көз карандысыздыгынын социалдык, материалдык жана башка кепилдиктери менен камсыз кылынат. “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын 18-беренесинин 1-бөлүгүндө судья кол тийбестик укугуна ээ жана кылмыш жасап жаткан жеринде кармалган учурларды кошпогондо, ал кармалууга жана камакка алынууга, тинтилүүгө же жекече текшерүүгө кабылууга тийиш эмес экендиги белгиленген. Судьяны жазык жоопкерчилигине тартууга Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин макулдугу менен жол берилет (32- берененин 1-бөлүгү). Жетиштүү негиздер болгондо жана мыйзамда белгиленген жол-жоболорду сактоо менен судья кылмыш же башка жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн. КЖПКнын 147-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык сотко чейинки өндүрүштү жүзөгө ашыруучу органдар кандай болбосун жасалган же даярдалып жаткан кылмыш жөнүндө арызды же билдирүүнү кабыл алууга жана каттоого милдеттүү. Сотко чейинки өндүрүштү баштоого жүйө болуп КЖПКнын 148-беренесине ылайык жарандардын арызы, жасалган же даярдалып жаткан кылмыш жөнүндө уюмдун ыйгарым укуктуу адамынын билдирүүсү, алгачкы текшерүү органынын кызмат адамынын, тергөөчүнүн же прокурордун жасалган же даярдалып жаткан кылмыш жөнүндө далилдеген жагдайларды түздөн- түз тапкандыгы тууралуу рапорту саналат. Кылмыш жасалгандыгын көрсөткөн жетиштүү маалыматтардын болушу кылмыш ишин козгоого негиз болуп эсептелет. КЖПКнын 56-главасында регламенттелген судьяга карата жазык ишин козгоонун жана аны жазык жоопкерчилигине тартуунун өзгөчө тартиби сот бийлигинин ээлеринин өзгөчө статусунун процессуалдык кепилдиги жана ырастоосу болуп саналат.
А.Т.Молдобаевдин пикири боюнча Конституция судьялардын кол тийбестигин кепилдөө
менен алардан кынтыксыз жүрүм-турумду да талап кылат, андан четтөө тиешелүү чараларды көрүүнү, анын ичинде кылмыштын белгилерин камтыган аракеттерге укуктук баа берүү түрүндөгү чараларды көрүүнү талап кылат. Ошол эле учурда ал судьяны кылмыш жасагандыгы үчүн жазык жоопкерчилигине тартууга негиз болгон жетиштүү далилдер болгондо гана Башкы прокурордун сунуш киргизүүсү мүмкүн деп эсептейт. Демек, судьяны жазыктык куугунтуктоонун өзгөчө тартиби ал кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылганда, башкача айтканда, ал айыпкер катары тартылган учурдан тартып башталат. Муну менен бирге ал, КЖПКнын 144-беренесине ылайык сотко чейинки өндүрүш тергөөгө чейинки текшерүү жана тергөө түрүндө жүргүзүлөрүн белгилейт. Сотко чейинки өндүрүш Кылмыштардын бирдиктүү реестрине маалымат киргизилген учурдан тартып иш сотко жөнөтүлгөнгө, жазык иши токтотулганга же жазык ишин козгоодон баш тартылганга чейин башталат. КЖПКнын 5-беренесинин 59-пунктуна ылайык, тергөөгө чейинки текшерүү – бул Кылмыштардын бирдиктүү реестрине кылмыш жөнүндө арыз же билдирүү катталган учурдан тартып кылмыш ишин козгоо же кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин сотко чейинки өндүрүш баскычы. Жогоруда аталган негиздер боюнча тергөөгө чейинки текшерүү жүргүзүүнүн жүрүшүндө тергөөчү жарандардын, өзгөчө судья статусуна ээ болгондордун укуктарын козгобостон тигил же бул адамдын мыйзам бузуу актысын аныктайт жана жасалган же жасалууга даярдалып жаткан кылмыштын бар экендиги аныкталганда гана кылмыш ишин козгоо боюнча чараларды көрөт. Атайын тергөө аракеттери КЖПКнын 31-главасында каралган. КЖПКнын 219-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык атайын тергөө аракеттери козголгон кылмыш иштери боюнча жүргүзүлөт. Алсак, А.Т.Молдобаевдин пикири боюнча КЖПКнын 56-главасынын ченемдери судьяларды алардын кесиптик ишмердигине мыйзамсыз жана негизсиз кийлигишүүдөн коргоого, аларга кысым көрсөтүүнү, анын ичинде жазыктык куугунтуктоо коркунучун болтурбоого багытталган, муну менен алардын көз карандысыздыгы камсыз кылынат. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотундагы туруктуу өкүлү белгилегендей, мыйзам чыгаруучу КЖПКнын 494-беренесинде каралган адамдардын айрым категориясын жоопкерчиликке тартуу маселесинде, кылмыш ишин козгоо жөнүндө чечим кабыл алуу укугуна ээ субъектиден өзгөчөлүктү аныктаган. Ошентсе да, КЖПКнын 494-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пунктунда көрсөтүлгөн судья иш жүзүндө айрым бир жалпы жазык-процесстик эрежелердин колдонулушунан бошотулган, мисалы, ал кылмыш жасады деген шек менен кармалууга, жеке тинтүүгө алынышы мүмкүн эмес, буга кылмыш жасап жаткан жеринен кармалган учурлар кирбейт. Бирок ошол эле Кодекстин
499-беренесинде каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен аталган субъектке карата сотко чейинки өндүрүштүн жалпы тартиби КЖПКнын ченемдери менен белгиленет деп аныкталган. Жогоруда баяндалгандарды эске алуу менен А.Т. Молдобаев талашылып жаткан ченемдер Конституцияга карама-каршы келбейт деп эсептейт. Судьялар кеңешинин өкүлү А.Т. Нурбеков өз позициясында белгилегендей, мыйзам чыгаруучу тарабынан КЖПКнын 56-главасында адамдардын айрым категориялары, анын ичинде судьялар жана экс-судьялар боюнча жазык сот өндүрүшүнүн өзгөчөлүктөрү каралган, аларга карата кылмыш ишин козгоодон, айыпкер катары жоопко тартуудан баштап жазыктык жоопкерчиликке тартуу жол-жобосунун өзүн кошо алганда жазык иштери боюнча өндүрүштүн өзгөчө тартиби колдонулат. Бирок, анын пикири боюнча КЖПКнын 56-главасы кылмыш ишин козгоо стадиясынан баштап гана кылмыш иштери боюнча өндүрүштүн өзгөчө тартибин регламенттейт. Ушуга байланыштуу Конституцияда каралган судьялардын көз карандысыздыгынын жана кол тийбестигинин кепилдиктери сотко чейинки өндүрүштүн бардык баскычтарына жайылтылбайт, бул судьялардын көз карандысыздыгынын принциптеринин бузулушуна алып келет. Айтылгандарга негизденүү менен А.Т. Нурбеков, Судьялар кеңеши талашылып жаткан ченемдердин конституциялуулугунда укуктук аныксыздык бар экендигин белгилейт. Жогорку соттун өкүлү М.Н Сапиянова судьяларды жоопкерчиликке тартуу механизми алардын кол тийбестигинин кепилдигин камсыз кылуу үчүн өтө маанилүү экендигин, эгерде судьялардын кол тийбестиги зарыл деп таанылса, анда ал кандай шартта болбосун камсыздалышы керектигин белгиледи. Эл аралык укуктук актыларда тиешелүү сот өндүрүшүнүн стандарттары белгиленген, мында сот системасынын көз карандысыздыгынын кепилдиги маанилүү түзүүчү болуп саналат. Көз карандысыздык принциби көптөгөн эл аралык макулдашууларда жана документтерде чагылдырылган. Алсак, Адам укуктарынын жалпы декларациясында (10-статья) жана Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактыда (14-статья) сотко жеткирилген адамдардын ишин калыс жана ачык териштирүүнү камсыздоо үчүн мыйзамдын негизинде түзүлгөн көз карандысыз жана калыс соттун зарыл экендиги белгиленген. Эл аралык судьялар ассоциациясынын Борбордук кеңеши тарабынан 1999-жылы жактырылган Судьялардын дүйнөлүк хартиясына ылайык, судьянын көз карандысыздыгы мыйзам чегинде калыс сот адилеттигин ишке ашыруунун негизги фактору болуп саналат. Бул бир бүтүн. Ал судьялардын жеке кызыкчылыктары үчүн берилген өзгөчө укук же артыкчылык эмес, укуктун үстөмдүгүн жана калыс сот адилеттигине муктаж болгон бардык адамдардын кызыкчылыктарын коргоо максатында берилет. Ушундай эле ченемдер Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 1985-жылдын 29-ноябрындагы 40/32-резолюциясы менен жактырылган Сот органдарынын көз карандысыздыгынын негизги принциптеринде каралган, анда сот органдарынын көз карандысыздыгы мамлекет тарабынан кепилденет жана өлкөнүн конституциясында же
мыйзамдарында бекитилет. Бардык мамлекеттик жана башка мекемелер сот органдарынын көз карандысыздыгын урматтоого жана сактоого милдеттүү. Сот бийлигинин көз карандысыздыгы Конституцияда бекемделген. Ошол эле учурда, “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” конституциялык Мыйзамда судьянын көз карандысыздыгы мыйзамда гана каралган тартипте сот адилеттигин жүзөгө ашыруу менен гана камсыз кылынбастан, судьянын алмаштырылбай тургандыгы, судьянын ишине кийлигишүүгө тыюу салуу, ошондой эле судьянын кол тийбестиги менен камсыздалат. Демек, судьялардын кол тийбестиги алардын көз карандысыздыгынын кепилдиги катары колдонулат. Бирок, Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” конституциялык Мыйзам менен кепилденген судьялардын кол тийбестиги кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдардын айрым ченемдик жоболорунан улам күмөн жаратууда. Алсак, КЖПКнын 153-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык тергөөчү, прокурор сотко чейинки өндүрүштү баштоого себеп болгон учурдан тартып дароо тергөөгө чейинки текшерүүнү баштоого милдеттүү. Ошол эле кодекстин 494-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, судьяларга карата сотко чейинки өндүрүштүн тартиби ушул Кодексте жалпы тартипте белгиленет, анткени адамдардын айрым категорияларына карата жазык сот өндүрүшүнүн өзгөчөлүктөрүн регламенттеген 56-главада судьяларды жазык жоопкерчилигине тартуунун өзгөчө жол-жобосу каралган эмес. Тиешелүү түрдө, тергөөчү Башкы прокурорго судьяны кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу жөнүндө өтүнүчтү жазык ишинин материалдары менен киргизгенге чейин КЖПКнын 153- беренесинде каралган тартипте тергөөгө чейинки текшерүүнү жүргүзүүсү зарыл. Кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарда белгиленген ченемдик жоболордун бир түрдүү эместиги жана алардын судьялардын кол тийбестигинин конституциялык кепилдиктерине шайкеш келбегендиги белгисиздикти жаратат, бул өз кезегинде укуктук жөнгө салууда кыйынчылыктарга алып келет. Ошол эле учурда М.Н. Сапиянова конституциялык кепилдиктерди ишке ашырууга кедергисин тийгизген бардык чараларга бөгөт коюлушу жана жол берилбеши керектигин белгилей кетүүнү маанилүү деп эсептейт. Судьялардын көз карандысыздыгынын кепилдиктерин кыскартуунун же жокко чыгаруунун мүмкүн эместиги жөнүндө ушундай эле жобо “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын 15-беренесинин 2-бөлүгүндө бекемделген. Судьялардын көз карандысыздыгынын эл аралык стандарттары судьяларды жоопкерчиликке тартуу мүмкүнчүлүгүн көрсөтөт, бирок мындай механизм ырааттуу жөнгө салынышы керек. Ошентип, М.Н. Сапиянова кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарда судьяларды жоопкерчиликке тартуу тартиби адамдардын айрым категорияларына карата жазык сот өндүрүшүнүн өзгөчөлүктөрүн эске албастан жөнгө салынгандыгын белгилейт, ушуга
байланыштуу Жогорку сот талашып жаткан ченемдердин конституциялуулугунан аныксыздыкты көрүп жаткандыгын белгилейт. Башкы прокуратуранын өкүлү Т.О. Айбашев, ошондой эле Юстиция министрлигинин өкүлү
А.М. Джаманкулов Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин
Конституциялык соттогу туруктуу өкүлү тарабынан белгиленген позицияны колдошот жана талашылып жаткан ченемдер Конституцияга карама-каршы келбейт деп эсептешет. Конституциялык сот тараптардын жүйөлөрүн талкуулап, үчүнчү жактардын түшүндүрмөлөрүн угуп, иштин материалдарын изилдеп, төмөнкүдөй тыянакка келди.
1. “Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын
17-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык Конституциялык сот кайрылууда козголгон предмет боюнча ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу күмөн жараткан бөлүгүнө карата гана актыларды чыгарат. Ошентип, бул иш боюнча Конституциялык соттун кароо предмети болуп Кылмыш-жаза процессуалдык кодекстин төмөнкүдөй редакцияда баяндалган 145-беренесинин 1, 3-бөлүктөрү, 153-беренесинин 1-бөлүгү саналат: 145-берене. Сотко чейинки өндүрүштүн башталышы
1. Тергөөчү, прокурор ушул Кодекстин 148-беренесинде каралган сотко чейинки
өндүрүштүн башталышынын себебин алган учурдан тартып, токтоосуз Кылмыштардын бирдиктүү реестрине тиешелүү маалыматтарды киргизүүгө милдеттүү.
3. Тергөөчү Кылмыштардын бирдиктүү реестринде катталган сотко чейинки өндүрүш
боюнча тергөөгө чейин текшерүүнү токтоосуз баштоого милдеттүү. 153-берене. Тергөөгө чейинки текшерүүнүн тартиби жана анын натыйжалары боюнча кабыл алынуучу чечимдер
1. Тергөөчү, прокурор ушул Кодекстин 148-беренесинде каралган сотко чейинки өндүрүштү
баштоого себеп болгон учурдан тартып тергөөгө чейинки текшерүүнү баштоого милдеттүү, анын жүрүшүндө төмөнкүлөрдү жүргүзүүгө укуктуу:
1) окуя болгон жерди кароого жана өлүктү кароого;
2) ушул Кодекстин 196-203-беренелеринин талаптарын сактоо менен күбө катары суракка
алууга;
3) экспертизаларды жүргүзүүнү дайындоого;
4) ушул Кодекстин 236-беренесинде каралган тартиптен тышкары, салыштырып изилдөө
үчүн үлгүлөрдү алууга;
5) документтерди жана буюмдарды талап кылууга;
6) изин суутпай издөө иш-чараларын жүргүзүү жөнүндө аткарылышы милдеттүү болгон
жазуу жүзүндөгү тапшырмаларды алгачкы текшерүү органына берүүгө.”. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодекси мыйзамда белгиленген тартипте кабыл алынган, “Эркин-Тоо” гезитинин 2021-жылдын 16-ноябрындагы №122-133 санына
жарыяланган жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген жана колдонуудагы болуп саналат.
2. Конституция Кыргыз Республикасын укуктук мамлекет деп жарыялоо менен адамдын
жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин түздөн-түз колдонулуучу жогорку баалуулуктарга таандык кылат жана бардык мамлекеттик органдардын ишинин мааниси менен мазмунун аныктайт (23-берененин 1-бөлүгү). Өз кезегинде бул эң жогорку жарыянын ишке ашырылышын ар бир адамдын Конституциянын 61-беренесинин 1-бөлүгү менен кепилденген соттук коргоого укугун камсыз кылуусуз элестетүү мүмкүн эмес. Бул укук жалпы камтыган мүнөзгө ээ болуу менен адамдын бардык башка укуктарына карата камсыздоочу- калыбына келтирүүчү функцияны аткарууга жана конституциялык кепилдиктердин бүткүл комплексине таасир этүүгө жөндөмдүү, андыктан мамлекеттен жогорку деңгээлдеги көңүл бурууну талап кылат. Соттук коргоого болгон укуктун колдонулушу жана натыйжалуулугу соттук түзүлүш жана соттук жол-жоболор жөнүндө тиешелүү укуктук базаны түзүүдөн, сот системасынын жана судьялардын бардык зарыл нерселер менен камсыз болушунан гана эмес, оболу жалпысынан сот бийлигинин жана өзүнчө алганда ар бир судьянын көз карандысыздыгынын шарттарынан да көз каранды. Андыктан Конституцияда бул маселеге өзгөчө маани берилет жана 95-берененин 1-4- бөлүктөрүндө судьянын конституциялык-укуктук статусуна өзгөчө басым жасалып, анын көз карандысыздыгынын концепциясы бекемделгени бекеринен эмес. Укуктук мамлекеттин негиз түзүүчү компоненти катары судьялардын көз карандысыздыгы, биринчи кезекте эл аралык укукук деңгээлде тааныла тургандыгын белгилей кетүү зарыл. Бириккен Улуттар Уюмунун 1985-жылдын 26-августу – 6-сентябрында өткөн Жетинчи конгресси тарабынан кабыл алынган жана Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 1985-жылдын 29-ноябрындагы №40/32 жана 1985-жылдын 13-декабрындагы №40/146 резолюциялары менен жактырылган Сот органдарынын көз карандысыздыгынын негизги принциптерине ылайык: “1. Сот органдарынын көз карандысыздыгы мамлекет тарабынан кепилденет жана өлкөнүн конституциясында же мыйзамдарында бекемделет. Бардык мамлекеттик жана башка мекемелер сот органдарынын көз карандысыздыгын урматтоого жана сактоого милдеттүү. 2. Сот органдары аларга өткөрүлүп берилген иштерди калыс, фактылардын негизинде жана мыйзамга ылайык, эч кандай чектөөсүз, укуктан тышкары таасир этпестен, башка максат көздөбөстөн, басымсыз, коркутуусуз же ким тарабынан болбосун жана кандай себептер менен болбосун кийлигишүүсүз чечет. 3. Сот органдары соттук мүнөздөгү бардык маселелер боюнча компетенцияга ээ жана аларга берилген иш алардын мыйзамда белгиленген компетенциясына кирээрин-кирбесин чечүүгө өзгөчө укугу бар. 4. Сот адилеттигин жүргүзүү процессине укукка жат же санкцияланбаган кийлигишүүгө жол берилбейт жана соттор чыгарган соттук чечимдер кайра каралууга жатпайт. Бул принцип сот органдары тарабынан чыгарылган өкүмдөрдү мыйзамга ылайык соттук кайра кароо жүргүзүүгө же жеңилдетүүгө тоскоолдук кылбайт. 5. Ар бир адам демейки соттордо же белгиленген юридикалык жол-жоболорду колдонуучу трибуналдарда соттук
териштирүүгө укуктуу. Демейки соттордун же сот органдарынын компетенциясын алмаштыруу максатында тийиштүү түрдө белгиленген юридикалык жол-жоболорду колдонбогон трибуналдар түзүлүшү мүмкүн эмес. 6. Сот органдарынын көз карандысыздык принциби сот органдарына укуктарды берет жана алардан сот өндүрүшүнүн адилет жүргүзүлүшүн жана тараптардын укуктарын сакталышын камсыз кылууну талап кылат. 7. Ар бир мүчө-мамлекет сот органдарына өз функцияларын талаптагыдай аткаруусу үчүн тийиштүү каражаттарды берүүгө милдеттүү”. Мындан тышкары, ар бир адамдын өз ишин көз карандысыз жана калыс сот тарабынан каралышына болгон укугу Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 10-статьясында, Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактынын 14-статьясында жана Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Адамдын укуктары жана негизги эркиндиктери жөнүндө конвенциясынын 6-статьясында жарыяланган. Судьялардын көз карандысыздыгынын принцибинин маңызын ачып берүү менен, Жогорку соттун Конституциялык палатасы 2013-жылдын 27-декабрындагы Чечиминде анын мааниси судья Конституцияга жана мыйзамдарга гана баш ийүү менен эркин чечим кабыл ала алгыдай жана ким тарабынан болбосун жана кандай себептер менен болбосун түз же кыйыр, эч бир чектөөсүз, башкалардын таасирисиз, катышуусуз, мажбурлоосуз, коркутуусуз, кийлигишүүсүз чечимдерди эркин кабыл алгыдай реалдуу мүмкүнчүлүгүнө ээ боло турган шарттарын камсыз кылууга умтулуусунда турат деп аныктаган. Ошентип, судьялардын көз карандысыздыгы – бул өзгөчө укук же артыкчылык эмес, бул укуктун үстөмдүгүн камсыз кылуу жана демократиянын принциптери басымдуулук кылган, ошондой эле адам укуктары урматталган жана сакталган адилет коомду куруу негизин түзгөн адилеттүү, калыс жана натыйжалуу сот адилеттигинин кепилдиги болуп саналат.
3. Сот бийлигинин өзгөчө максатынан улам Конституция бул бийликти алып жүрүүчү
судьяга анын жогорку статусуна ылайык кепилдиктерди берет. Алар анын кызматтык ишмердигинин бардык тарабын жана жеке турмуштук шарттарын гана камтыбастан, ошондой эле сот адилеттигин жүзөгө ашырууда анын көз карандысыздыгына жана калыстыгына таасир этиши мүмкүн болгон таасирдин бардык формаларынан коргойт. Бул механизмдин негизги институту болуп судья кызматка киришкенден кийин ал ээ болгон судьялык кол тийбестик эсептелет. Алсак, Конституцияга ылайык, ар бир судья кол тийбестик укугуна ээ жана кылмыш жасап жаткан жеринен кармалгандан башка учурларда кармалышы же камакка алынышы, тинтилиши же жеке кароого алынышы мүмкүн эмес. Конкреттүү иш боюнча судьядан отчет талап кылууга эч кимдин укугу жок. Сот адилеттигин ишке ашыруу боюнча ишке ар кандай кийлигишүүгө тыюу салынат. Судьяга таасир этүүгө күнөөлүү адамдар мыйзамда каралган жоопкерчиликти тартышат (95-берененин 1-3-бөлүктөрү). Судьялар алмаштырылбайт. Алардын жүрүм-туруму кынтыксыз болгондо, алар өз кызмат ордун ээлешет жана ыйгарым укуктарын сактап калышат. Судьяларды кызматынан убактылуу четтетүүгө, кылмыш же башка жоопкерчиликке тартууга конституциялык мыйзамда аныкталган тартипте Судьялар кеңешинин макулдугу менен жол берилет (Конституциянын 96-беренесинин
1,4-бөлүктөрү). Башкача айтканда, соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү менен өзүнүн ыйгарым укуктарын кылмыштуу түрдө кыянаттык менен пайдаланууда күнөөсү аныкталгандан башка учурларда, судья сот адилеттигин жүзөгө ашырууда чыгарган өкүмү же кабыл алган чечими үчүн кандайдыр-бир жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн эмес. Судьялардын кол тийбестиги так жана прагматикалык максатка ээ, тактап айтканда, судьяга кандай гана формада болбосун куугунтуктоодон коркпостон сот адилеттигин жүргүзүү боюнча өзүнүн конституциялык милдетин аткарууга мүмкүндүк берилет. Мындай аныктаманын конституциялык-укуктук деңгээлде белгилениши судьяга анын кесиптик ишмердигине байланыштуу мүмкүн болуучу басымдын орун алган коркунучу менен шартталган, бул көп кылымдык эл аралык тажрыйба менен тастыкталган. Мында басымдын формалары ар кандай мүнөздө болушу мүмкүн, анын ичинде мамлекеттин күч механизмдери, атап айтканда, кылмыштык куугунтуктоо институту атайылап пайдаланылышы мүмкүн.
4. Судьянын көз карандысыздыгын камсыз кылуу тутумунун маанилүү курамдык бөлүгү
жазык жоопкерчилигинен иммунитет болуп саналат, ал жазык ишин козгоонун атайын жол- жобосун жана аны жазык жоопкерчилигине тартуунун өзгөчө тартибин болжолдойт. Алсак, “Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын 43-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пунктуна, КЖПКнын 495-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык судьяга карата кылмыш ишин козгоо жөнүндө чечим Башкы прокурор тарабынан гана кабыл алынышы мүмкүн, бул анын өзгөчө конституциялык-укуктук статусун таануу жана мындай маанилүү чечимди кабыл алууда укуктук жоопкерчиликтин жогорку деңгээлин жана объективдүүлүктү камсыз кылуунун процессуалдык кепилдиги болуп саналат. Сотко чейинки өндүрүштүн ушул жана кийинки баскычтарында Башкы прокурордун ролу негизги болуп саналат жана судьяга мыйзамсыз таасир этүүнү болтурбоо жана тергөө органдарынын калыстыгын камсыз кылуу зарылчылыгы менен шартталган. Ошондой эле “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын 32-беренесинин 2, 5-бөлүктөрүнө жана КЖПКнын 497-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, буга жетиштүү негиздер болсо, судьяны жазык жоопкерчилигине тартууга (айып коюуга) Судьялар кеңешинин макулдугун алуу зарыл. Бул үчүн Башкы прокурор тиешелүү сунуш киргизет, анда жазык ишинин жагдайларынан тышкары, судьянын конкреттүү кылмышты жасоого катышкандыгы жөнүндө төгүндөлбөс маалыматтар келтирилүүгө тийиш. Судьялар кеңеши сунушту карап чыгып, эгерде далилдер судьянын өзүнүн судьялык ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууда ээлеген позициясына негизделсе, аны канааттандыруудан баш тартат. Мындан тышкары, “Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын 2-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2, 7-1-пункттарынын, КЖПКнын 34-беренесинин 2- бөлүгүнүн 2-пунктунун жоболоруна ылайык прокуратура органдары изин суутпай издөө жана сотко чейинки өндүрүштү жүзөгө ашыруучу органдар тарабынан мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөйт.
Ошентип, кылмыш ишинин түздөн-түз Башкы прокурор тарабынан козголушу; биринчи кезекте судьялардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн түзүлгөн соттук өз алдынча башкаруу органы – Судьялар кеңешинин макулдугусуз судьяны жазык жоопкерчилигине тартуунун мүмкүн эместиги; Башкы прокурор өзү жетектеген прокуратуранын жогорку органы тарабынан бүткүл сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө тергөө органдарынын ар бир аракетинин мыйзамдуулугуна көзөмөл жүргүзүүсү судьяга карата жазыктык куугунтуктоо демилгелөөнүн мыйзамдуулугунун жана негиздүүлүгүнүн, Конституцияда, ошондой эле мыйзамдарда бекитилген анын көз карандысыздык принцибинин бардык түзүүчү компоненттерин сакталышынын кепилдиги болуп кызмат кылат. Ошол эле учурда, судьялык кол тийбестик судьяга абсолюттук кол тийбестик берүүгө багытталбагандыгын эске алуу керек. Эгерде жүйөлүү негиздер болсо жана жогоруда көрсөтүлгөн жол-жоболор сакталса, судья мыйзамда белгиленген кылмыш-жаза жана башка жоопкерчиликти тартат жана тартууга тийиш. Конституциялык маанилүү мамлекеттик милдеттерди аткарып жаткандыктан, судьяларга жогорку статус жана ишенимдүү кепилдиктер берилген, ошондой эле бул кесипке ээ болууга жана өзүнүн күнүмдүк жүрүм-турумуна, алардын квалификациясына, моралдык-ахлактык жана кесипкөй сапаттарына жогорку стандарттарды белгилөө менен жогорулатылган талаптар коюлган, алар жыйындысында сот адилеттигине жана сот системасына коомдун ишениминин зарыл деңгээлин камсыз кылууга тийиш. Ушуга байланыштуу судьялар тараптан кылмыш жасоо – коомдук аң-сезимде сот адилеттүүлүгүнүн баалуулугун жокко чыгарып, сот бийлигинин гана эмес, ошондой эле жалпы мамлекеттик бийликтин беделине шек келтирген адаттан тыш көрүнүш болуп саналат.
5. Жазанын сөзсүздүк принциби укуктун үстөмдүгүнүн, өлкөдө мыйзамдуулукту жана укук
тартибин чыңдоонун, мыйзам жана сот алдында бардыгынын бирдейлигин камсыз кылуунун, жарандардын мыйзамдуу жүрүм-турумунун зарылдыгы жөнүндө укуктук аң-сезимин жогорулатуунун негизинде турат. Бул кылмыш жасаган ар бир адам, анын социалдык абалына, ээлеген кызматына жана башка өзгөчөлүктөрүнө карабастан, мыйзамга ылайык жазык жоопкерчилигине тартылууга жана ага өлчөмдөш жазага дуушарланууга тийиш дегенди билдирет. Андыктан кылмыштын ар бир фактысын аныктоонун, бетин ачуунун жана кылдат иликтөөнүн өзгөчө маанилүүлүгү, кийин бардык күнөөлүүлөр татыктуу жазасын алышы үчүн эч кандай күмөн жаратпашы керек. 2017-жылдын 2-февралындагы КЖПК менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри киргизилген. Кылмыш-жаза иштери боюнча сотко чейинки өндүрүш тергөө формасында жүргүзүлүп, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине маалыматтар киргизилген учурдан тартып башталган (148-берене). Тергөө аракеттери адамга, анын ичинде судьяга карата шектенүү жөнүндө прокурорго кабарлоо берүүдөн башталган. КЖПКнын колдонуудагы редакциясында, анын 144-беренесине ылайык, сотко чейинки өндүрүш тергөөгө чейинки текшерүү жана тергөө түрүндө жүргүзүлөт жана Кылмыштардын
бирдиктүү реестрине маалыматтар киргизилген учурдан тартып, ишти сотко жөнөткөнгө, кылмыш иши кыскартканга же болбосо кылмыш ишин козгоодон баш тартканга чейин башталат. КЖПКнын 145-беренесинин 1, 3-бөлүктөрүнө ылайык, укук коргоо органынын кызматкери сотко чейинки өндүрүштү баштоо үчүн себеп алынган учурдан тартып Кылмыштардын бирдиктүү реестрине тиешелүү маалыматтарды киргизүүгө жана токтоосуз сотко чейинки өндүрүш боюнча тергөөгө чейинки текшерүүнү баштоого милдеттүү. КЖПКнын 153-беренесинин 1, 2, 3-бөлүктөрүнүн негизинде, тергөөгө чейинки текшерүүнүн жүрүшүндө тергөөчү, прокурор бир катар алгачкы, кечиктирилгис тергөө аракеттерин жүргүзүүгө укуктуу. Тергөөгө чейинки текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча тергөөчү, прокурор кылмыш ишин козгоо же козгоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат. Мында жазык ишин козгоо же аны козгоодон баш тартуу жөнүндө чечим токтоосуз, бирок сотко чейинки өндүрүштүн башталышынын себеби катталган учурдан тартып 10 күндөн кечиктирбестен кабыл алынууга тийиш. Көрсөтүлгөн мөөнөттө чечим кабыл алуу мүмкүн болбосо, бул мөөнөт тергөөчүнүн жүйөлүү токтому боюнча прокурор тарабынан 20 суткага чейин узартылышы мүмкүн. Ошону менен бирге Кылмыштардын бирдиктүү реестри кылмыштарды каттоо жана эсепке алуу, жазык-укуктук статистиканы түзүү максатында гана жүргүзүлбөстөн, оболу, КЖПКда так белгиленген, ошондой эле токтоосуз эсепке алууну жана алып коюуну талап кылган кылмыштын изин, ошондой эле далилдерин табуу жана фиксациялоо максатында кылмыш окуясынын бетин ачуу жана кечиктирилгис тергөө аракеттерин жүргүзүү механизмин расмий баштоо үчүн жүргүзүлөт. Бул тергөө аракеттеринин өндүрүшүндө кечиктирүү далилдердин жоголушуна, тиешелүү түрдө кылмыштын бетин ачууга жана күнөөлүүлөрдү аныктоого мүмкүн болбой калышына алып келиши мүмкүн. Ошентип, кылмыш ишин козгоо стадиясынан тартып камтылуучу, судьялык кол тийбестик менен каралган атайын процессуалдык коргоо чаралары судьяларды негизсиз жазыктык куугунтуктоодон коргоо үчүн жетиштүү жана адекваттуу болуп саналат. Өз кезегинде, судьялык кол тийбестик, эгерде судья кылмыш жасаса, жазадан бошотуунун инструменти боло албайт, ошондой эле аны жасаган субъектинин укуктук статусуна карабастан, кылмыштын ар бир фактысын аныктоо боюнча механизмдин нормалдуу иштешине тоскоолдук кылбашы керек. Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97- беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктун, 4,5 -бөлүктөрүн, “Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын 48, 49, 52 жана 53-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту Ч Е Ч Т И:
1. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 145-беренесинин
1,3-бөлүктөрүн, 153-беренесинин 1-бөлүгүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 61- беренесинин 1-бөлүгүнө, 95-беренесинин 1, 4-бөлүктөрүнө карама-каршы келбейт деп табылсын.
2. Чечим акыркы жана даттанууга жатпайт, жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
3. Чечим бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары,
кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана республиканын бүткүл аймагында аткарылууга тийиш.
4. Бул Чечим мамлекеттик бийлик органдарынын расмий басылмаларында, Кыргыз
Республикасынын Конституциялык сотунун расмий сайтында жана “Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Жарчысында” жарыялансын. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТУ
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 3 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (3)
- Конституция Кыргызской РеспубликиКонституция · 05.05.2021
- Указ Президента КР от 16 июня 2020 года УП № 109 "Об Орозбаковой М.А."Указ · 16.06.2020 · № 109
- Указ Президента КР от 28 июля 2018 года УП № 154 "О назначении судей местных судов Кыргызской Республики"Указ · 28.07.2018 · № 154