Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
К.А. Тусучеванын кызыкчылыгында А.М. Осмоналиеванын Кыргыз-Республикасынын Эмгек кодексинин 218-беренесинин жана 303-беренесинин, «Аялдардын эмгегин колдонууга тыюу салынган эмгек шарттары зыяндуу жана (же) коркунучтуу өндүрүштөрдүн, жумуштардын, кесиптердин жана кызматтардын тизмелери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө чечим
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТУНУН Тусучева Каныкей Азимджановнанын кызыкчылыгын көздөгөн Осмоналиева Айнура Мусаевнанын кайрылуусуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 218 жана 303-статьяларынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 24 мартындагы №158 “Аялдардын эмгегин колдонууга тыюу салынган эмгек шарттары зыяндуу жана (же) коркунучтуу өндүрүштөрдүн, жумуштардын, кесиптердин жана кызматтардын тизмелери жөнүндө” токтомунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча Ч Е Ч И М И 2023-жылдын 22-ноябры Бишкек шаары Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту: төрагалык кылуучу –
Э.Ж. Осконбаев, судьялар Ч.А Айдарбекова, М.Р. Бобукеева, К.А. Дуйшеев,
Л.Ч. Жолдошева, К.Дж. Кыдырбаев, Ж.А. Шаршеналиев курамында, катчы
А.Т. Таалайбековдун;
кайрылуучу тарап – Тусучева Каныкей Азимджановнанын кызыкчылыгын көздөгөн Осмоналиева Айнура Мусаевнанын; жоопкер тараптар – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотундагы туруктуу өкүлү Самат Кыштообекович Ысырановдун, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотундагы туруктуу өкүлү Алмазбек Тавалдиевич Молдобаевдин; үчүнчү жактар – Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ишеним кат боюнча өкүлү Кулназаров Руслан Арстановичтин, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин ишеним кат боюнча өкүлдөрү Кемелова Асел Дуйшенбековнанын, Сыргабаева Мунара Эстебесовнанын, Кыргызстан Кесиптик бирликтер федерациясынын ишеним кат боюнча өкүлү Тыныбеков Догдурбай Карымшаковичтин катышуусунда, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 1, 2- бөлүктөрүн, “Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 17, 40, 45-беренелерин жетекчиликке алып, Тусучева Каныкей Азимджановнанын кызыкчылыгын көздөгөн Осмоналиева Айнура Мусаевнанын кайрылуусуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 218 жана 303-статьяларынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 24-мартындагы № 158 “Аялдардын эмгегин колдонууга тыюу салынган эмгек шарттары зыяндуу жана (же) коркунучтуу өндүрүштөрдүн, жумуштардын, кесиптердин жана кызматтардын тизмелери жөнүндө” токтомунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти ачык сот отурумда карап чыкты. Бул ишти кароого К.А. Тусучеванын кызыкчылыгын көздөгөн
А.М. Осмоналиеванын өтүнүчү себеп болду. Талашылып жаткан ченемдердин
Конституцияга ылайык келүүсү жөнүндө маселеде пайда болгон аныксыздык бул ишти кароого негиз болду. Ишти соттук отурумга даярдаган судья-баяндамачы К.Дж. Кыдырбаевдин маалыматын угуп жана келтирилген материалдарды изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту 2
Т А П Т Ы: 2023-жылдын 24-апрелинде Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна К.А. Тусучеванын кызыкчылыгын көздөгөн Осмоналиева Айнура Мусаевнанын Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 218 жана 303- статьяларынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 24- мартындагы № 158 “Аялдардын эмгегин колдонууга тыюу салынган эмгек шарттары зыяндуу жана (же) коркунучтуу өндүрүштөрдүн, жумуштардын, кесиптердин жана кызматтардын тизмелери жөнүндө” токтомунун Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 23-беренесинин 3, 4-бөлүктөрүнө, 24- беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө, 42-беренесинин 1-бөлүгүнө, 55-беренесине, 56- беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө ылайык келүүсүн текшерүү жөнүндө кайрылуусу келип түшкөн. Арыз ээси өз кайрылуусунда Конституциянын жогоруда көрсөтүлгөн ченемдерине шилтеме жасоо менен, Кыргыз Республикасында эркектер менен аялдар бирдей укуктарга жана эркиндиктерге жана аларды ишке ашыруу үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ экендигин белгилейт. Ар бир адам эмгек эркиндигине, өз жөндөмдүнө жараша эмгектенүүгө, кесипти жана иштин түрүн тандоого, коопсуздук жана гигиеналык талаптарга жооп берген эмгектин шарттарына жана корголушуна, ошондой эле мыйзамда белгиленген жашоо минимумунан төмөн эмес эмгек акы алууга укуктуу экендигин белгилейт. Ар кандай белгилери, анын ичинде жыныстык белгиси боюнча басмырлоого жол берилбейт. Бул конституциялык жоболор ошондой эле, ар бир адамдын расасына, түсүнө, жынысына, тилине, туткан динине, саясий же башка ынанымдарына, улуттук же социалдык тегине, мүлктүк, таптык же башка абалына карата эч кандай басмырлоосуз ишти эркин тандоого, адилеттүү жана жагымдуу эмгек шарттарына жана бирдей эмгек үчүн бирдей акы алууга эч кандай 3
айырмалабастан, бардык укуктарга жана эркиндиктерге ээ экендигин жарыялаган Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 2, 23-беренелерине шайкеш келет. Мындан тышкары, арыз ээси кандайдыр бир белгилери боюнча басмырлоого тыюу салуунун жана жол берилбестигинин конституциялык кепилдиги Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык Пактыда (2-статьянын 1-бөлүгү) жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Адам укуктары жана негизги эркиндиктери жөнүндө Конвенциясында (20-статья) да бекитилгендигин белгилейт. Басмырлоого тыюу салууну бузуу менен талашылып жаткан ченемдер тиешелүү билими жана квалификациясы бар жана бирдей эмгекке талапкер болгон аялдарды ушундай эле билими жана адистиги боюнча квалификациясы бар эркектер менен теңдеш эмес абалга коет. Кайрылуунун автору Конституциянын 20-беренесинин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацына ылайык адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин чектеген мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актыларды кабыл алууга тыюу салынарын белгилейт. Талашылып жаткан ченемдерге карата Конституциянын 23-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык Конституцияда каралгандан башка максаттарда жана андан ашкан деңгээлде адамдын укуктарына жана эркиндиктерине мыйзам менен чектөө коюлушу мүмкүн эместиги белгиленген. Кайрылуу субъектиси аялдар үчүн тыюу салынган кесиптердин тизмеси совет доорунан калган мурас жана аялдарга карата эмгек чөйрөсүндөгү ачык басмырлоо болуп саналат жана бул аялдардын репродуктивдүү ден соолугуна мамлекеттин камкордугу менен түшүндүрүлгөндүгүн белгилейт. Арыз ээси аялдар өздөрү үчүн эмне маанилүү – эне болуу жана өзүнүн репродуктивдүү функциясын ишке ашыруу же ийгиликтүү кесипкөй адис болуу, 4
иштөө жана карьералык өсүүгө жетүү керектигин өздөрү чечүүгө укуктуу деп эсептейт. Эгерде репродуктивдүү функцияларды ишке ашыруу үчүн тобокелчилик бар болсо, аялдар кош бойлуулукту пландаштырууда мындай тобокелдиктердин бар экендиги жөнүндө эскертилиши керек, бирок бул бардык аялдар үчүн ишмердүүлүктүн кандайдыр бир түрүнө тыюу салууга алып келбеши керек. Мындай тыюу салуулар эркектер менен аялдардын бирдей укуктарынын принцибин бузат, анткени эркектердин репродуктивдүү ден соолугуна коркунуч келтирүүчү эч кандай тыюу салуулар жок, бирок мындай тобокелдиктер бир катар кесиптерде болушу мүмкүн. Ошол эле учурда эркектерге кесипкөй адис болуу же репродукция менен алектенүү тандоосу калтырылып, ал эми аялдарда мыйзамдык формада мындай тандоо жок, бул болсо түздөн-түз басмырлоо болуп саналат. Баяндалгандарды эске алуу менен арыз ээси талашылып жаткан ченемдерди Конституцияга карама-каршы келет деп таанууну суранат. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун 2023-жылдын 24- майындагы токтому менен бул кайрылуу өндүрүшкө кабыл алынган. Сототурумунун жүрүшүндө кайрылуучу тарап өзүнүн талаптарын колдоду жана аларды канаттандырууну суранды. Жоопкер тараптын атынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотундагы туруктуу өкүлү С.К. Ысыранов арыз ээсинин жүйөлөрү менен макул болгон жок жана талашылып жаткан ченем Конституцияга карама-каршы келбейт деп эсептейт. Ал өзүнүн позициясын негиздеп, төмөнкү жүйөлөрдү келтирди. Аялдар үчүн тыюу салынган кесиптердин тизмеси басмырлоону билдирбейт, бирок ден соолукка, өзгөчө репродуктивдүү ден соолукка зыян келтирүүнү болтурбоого жана келечек муунду коргоого багытталган эмгектин кооптуу шарттарынан укуктук коргоону билдирет. 5
Бул контексттен алганда мыйзам алдында теңдик принциби бардыгы үчүн бирдей укуктук шарттарды камсыз кылуу зарылдыгын баса белгилейт.
С.К. Ысыранов бул принцип адамдардын укуктук статусунда алардын
ишинин мүнөзүнө жана шарттарына жараша айырмачылыктарды, эгерде ал айырмачылыктар негиздүү жана конституциялык максаттарга шайкеш келсе, белгилөөгө тоскоол болбойт деп эсептейт. Ошондой эле жоопкер-тарап эмгек эркиндигине болгон укукту субъективдүү укук катары белгилейт, аны менен конституциялык-укуктук өнүгүү алдын ала аныкталат, инсандын жашоосунун негизги чөйрөлөрүндө мамлекет тарабынан кепилденген эркиндик даражасын билдирилет. Бул укук эмгекке карата өз жөндөмүн тескөө, кесипти жана иштин түрлөрүн тандоо мүмкүнчүлүгүн камтыйт. Бул укуктун мазмунунан жаранга конкреттүү иш же кызмат менен камсыз кылуу милдети келип чыкпастыгын баса белгилей кетүү керек. Эмгек эркиндиги ар бир жаранга эмгек мамилелерине киришүүдө басмырлоосуз, анын жөндөмдүүлүгүнө жараша гана берилет.
С.К. Ысыранов ошондой эле 1979-жылдын 18-декабрындагы Аялдарга
карата басмырлоонун бардык түрлөрүн жоюу жөнүндө Конвенцияга ылайык катышуучу мамлекеттердин энеликти коргоого багытталган атайын чараларды, анын ичинде ушул Конвенцияда камтылган чараларды кабыл алуусу басмырлоо болуп эсептелбейт деген жүйөлөрүн келтирди. Ал ошондой эле Кыргыз Республикасы тарабынан ратификацияланган эл аралык келишимдер анын мыйзамдарынын, анын ичинде эмгек мамилелери чөйрөсүндөгү мыйзамдардын ажырагыс бөлүгү болгондуктан, аларды андан ары жөнгө салуу эмгек мыйзамдары жана ченемдик укуктук актылар, анын ичинде Өкмөттүн токтомдору менен ишке ашырылаарын белгилейт. Эркектер менен аялдардын эмгектик укуктары үчүн маанилүү шарт болуп “Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы 6
саналат. Ал эмгектик ишмердүүлүккө бирдей жеткиликтүүлүктү, жынысына карабастан бирдей эмгек үчүн бирдей акы төлөнүшүн камсыз кылууга милдеттендирет, ошондой эле басмырлоону болтурбоого, анын ичинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды ишке орноштуруу үчүн квоталарды белгилөөгө багытталган ченемдерди камтыйт. Мындай ченемдер эл аралык эмгек укугунун булактарында да белгиленген принциптерди колдойт жана эмгек чөйрөсүндө бирдей мүмкүнчүлүктөрдү жана басмырлоодон коргоону камсыз кылат. Муну менен катар эле С.К. Ысыранов, ошондой эле Эмгек кодексинин 9- статьясына шилтеме кылат, ага ылайык эмгек чөйрөсүндө басмырлоо, анын ичинде жынысы боюнча басмырлоо тыюу салынган практика болуп саналат. Көрсөтүлгөн Кодекстин 24-главасында аялдар үчүн бир катар кепилдиктер, анын ичинде кош бойлуу аялдарды жана балалуу аялдарды жумушка орноштурууда, ошондой эле эмгек келишимин бузууда, иш-сапарларга жөнөтүүдө, ашыкча иштөөдө жана түнкү убакта иштөөдө кошумча коргоо чаралары каралган. Ушуга байланыштуу С.К. Ысыранов Эмгек кодексинин 303-статьясына ылайык мамлекет аялдардын ден соолугуна өзгөчө кам көрөт жана оор жумуштарда жана эмгек шарттары зыяндуу жана (же) кооптуу жумуштарда, ошондой эле кара күч колдонулбаган иштерден же санитардык жана тиричиликтик тейлөө боюнча иштерден башка жер астындагы иштерде, ошондой эле алар үчүн чектик жол берилүүчү ченемден ашуучу оордуктарды кол менен көтөрүү жана жылдыруу менен байланышкан иштерде аялдардын эмгегин колдонууга тыюу салынгандыгын белгилейт. Жоопкер тараптын атынан Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотундагы туруктуу өкүлү А.Т. Молдобаев талашылып жаткан жобо боюнча С.К. Ысыранов айткан позицияга окшош укуктук позицияны карманып, төмөнкүлөрдү белгиледи. 7
Кыргыз Республикасы 2030-жылга чейин туруктуу өнүктүрүү боюнча эл аралык милдеттенмелердин аткарылышын тастыктап, Туруктуу өнүктүрүү максаттарын (ТӨМ) улутташтырууну жүргүздү. Бул кадам өлкөнүн туруктуу өнүктүрүү принциптерин жактыраарын көрсөтөт. Буга катар эле гендердик теңчилик жаатындагы эл аралык милдеттенмелерди ишке ашыруу үчүн улуттук деңгээлде мыйзамдык чаралар көрүлгөн. Аялдардын укуктарын коргоого жана бекемдөөгө, аларга карата зордук-зомбулукту азайтууга багытталган мыйзамдар өлкөнүн эл аралык стандарттарды сактоого умтулуусун баса белгилейт. 2030-жылга чейин Гендердик теңчиликке жетүү боюнча улуттук стратегиясынын кабыл алынышы улуттук программаларды иштеп чыгуунун методологиясын өзгөртүүгө алып келди. Бул өтүү гендердик мыйзамдарды, гендердик статистиканы өнүктүрүүнү жана аялдардын лидерлигин колдоо саясатын камтыган институционалдык механизмди калыптандыруу менен коштолот. Кыргыз Республикасынын Конституциясы ар бир адамдын эмгек эркиндигине, кесибин жана иштин түрүн тандоого, эмгекти коргоого жана эмгек шарттарына, ошондой эле эмгек акы алууга укугун бекитет (42-берене). “Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө” Мыйзам менен жашоо-турмуштун ар кандай чөйрөлөрүндө жыныстык теңчиликтин мамлекеттик кепилдиктери белгиленет. Эмгек кодекси эмгек мамилелеринин субъекттеринин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого, жагымдуу укуктук шарттарды жана кызыкчылыктардын тең салмактуулугун түзүүгө багытталып, экономикалык өсүшкө жана бакубаттуулукка өбөлгө түзөт. Эмгек мамилелеринин субъекттери укуктары бузулган учурда аларды коргоо үчүн кесиптик бирликтерге, мамлекеттик органдарга жана укук коргоо органдарына, анын ичинде сот истанцияларына кайрыла алышат. 8
Мындан тышкары А.Т. Молдобаев кыргыз элинин улуу маданий жана тарыхый мурасы – “Манас” эпосуна көңүл буруп, анда үй-бүлөлүк очоктун сакчысы болгон – аялдын идеалдуу образы өтө көркөм сүрөттөлгөндүгүн белгиледи. Бул идеал сулуулукту гана эмес, табиятынан акылмандыкты, кайраттуулукту жана чечкиндүүлүктү камтыйт. Кыргыз аялынын эң негизги ролу
– дүйнө таанымын, тилин, баалуулуктарды жана каада-салтты жаңы муунга
өткөрүп берүүдө турат.
А.Т. Молдобаев, ошондой эле жакырчылык жана жумушсуздуктун
жогорку деңгээли аялдарды республиканын чегинен тышкары эмгек миграциясына мажбурлап, “социалдык жетимдик” көйгөйүнө жана адам сатуу тобокелдигинин жогорулашына алып келерин белгилейт. Бул ошондой эле репродуктивдүү курактагы жаш аялдардын кетүүсүн шарттайт, ал келечекте демографиялык кырдаалга таасирин тийгизиши мүмкүн экендигин белгилейт.
А.Т. Молдобаев, бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн Кыргызстанда аялдардын
укуктарына жана алардын тынчтыкты сактоого активдүү катышуусуна чоң маани берген ченемдик база бар деп эсептейт. Ал, ошондой эле экономикада жана эмгек мамилелеринде аялдар менен эркектердин бирдей мүмкүнчүлүктөрүн кепилдейт. Ушуга байланыштуу эмгек шарттары зыяндуу жана (же) кооптуу өндүрүштөрдүн, жумуштардын, кесиптердин жана кызмат орундарынын тизмегин Өкмөттүн токтому менен бекитүү жана анда аялдардын эмгегин колдонууга тыюу салууну конституциялык жана эмгек ченемдерин ишке ашыруудагы кадам деп түшүнүү керек. Президенттин Администрациясынын жана Министрлер Кабинетинин өкүлү өз позициясында бир катар эл аралык актыларды келтирди, алар аялдардын айрым кесиптерге ээ болушуна чектөөлөрдү колдонуу үчүн укуктук өбөлгө катары кызмат кылат. 9
Ошентип, өлкө эл аралык милдеттенмелерди аткарууга, ошондой эле комплекстүү мамиле аркылуу гендердик теңчилик жаатындагы күч-аракеттерди системалаштырууга да умтулууда. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук өкүлчүлүк борборунун өкүлдөрүнүн пикирлери өз мазмуну боюнча жоопкер тараптын позициясы менен дал келет. Ошол эле учурда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлү А.Д. Кемелова мамлекеттик органдардын, ошондой эле Эл аралык Эмгек уюмунун (ЭЭУ), Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын (КБФ) жана Иш берүүчүлөр бирикмесинин өкүлдөрүнүн катышуусунда бүгүнкү күндө Эмгек кодексинин жаңы редакциядагы долбоору иштелип чыккандыгын белгиледи. Бул мыйзам долбоорунда ден соолукту жана энеликти коргоо чаралары, анын ичинде кош бойлуу жана бала эмизген аялдардын жумуштардын айрым түрлөрүндө эмгегине тыюу салуу сунушталууда. Аялдардын эмгек ишине жеткиликтүүлүгүн чектөө боюнча бул чаралар энеликти коргоо үчүн гана каралган. Мыйзамдын долбоору конституциялык жоболорду, ошондой эле эмгек ишмердигинин түрүн тандоодо бирдей укуктарды жана эркиндикти камсыз кылган, жынысы боюнча басмырлоону жокко чыгарган “Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө” Мыйзамды ишке ашырууга багытталган. Кыргызстан Кесиптик бирликтер федерациясынын өкүлү Д.К. Тыныбеков өз позициясында аялдар үчүн тыюу салынган жумуштарда аялдар менен эркектердин ортосундагы айлык акы, алардын кесиби жана билими бирдейлигинде теңсиз экендигине токтолду. Федерация тарабынан эмгек шарттарынын зыяндуулугун азайтууга жөндөмдүү азыркы технологияларды эске 10
алып, аялдар үчүн тыюу салынган жумуштардын тизмесин кыскартуу жөнүндө сунушту киргизген. Бирок 2020-жылы жүргүзүлгөн тиешелүү талкуулар бул маселе боюнча макулдашылган вариантка алып келген жок. ЭЭУнун өкүлдөрү кош бойлуу жана бала эмизген аялдар үчүн гана зыяндуу жана кооптуу жумуштарга тыюу салууну чектөөнү сунуштап, бирок Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 24-мартындагы №158 токтомун толугу менен жокко чыгарууга каршы чыгышты. КБФ өкүлдөрү да ушундай пикирин билдиришти, бирок ошол эле учурда Эмгек кодексинин каралып жаткан беренелери жана тиешелүү түрдө Өкмөттүн 2000-жылдын 24-мартындагы № 158 токтому Конституцияга карама-каршы келбейт деп эсептешет, анткени мыйзамдарда коомдун бакубаттыгы максатында аларды жакшыртуучу өзгөчөлүктөр дайыма болушу мүмкүн. Конституциялык сот, тараптардын жүйөлөрүн талкуулап, үчүнчү жактардын түшүндүрмөлөрүн угуп жана иштин материалдарын изилдеп, төмөнкүдөй тыянакка келди:
1. “Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө”
конституциялык Мыйзамдын 17-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык Конституциялык сот кайрылууда козголгон предмет боюнча анын ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу күмөн жараткан бөлүгүнө карата гана актыларды чыгарат. Ошентип, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун кароосунун предмети болуп Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 218 жана 303- беренелери жана өз ара тутумдаш байланыштагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 24-мартындагы № 158 “Аялдардын эмгегин колдонууга тыюу салынган эмгек шарттары зыяндуу жана (же) коркунучтуу өндүрүштөрдүн, жумуштардын, кесиптердин жана кызматтардын тизмелери жөнүндө” токтомунун төмөнкүдөй мазмундагы жоболору саналат: 11
“218-статья. Оор жумуштарды жана эмгек шарты зыяндуу же кооптуу жумуштарды аткарууну чектөө Оор жумуштарда жана эмгек шарты зыяндуу же кооптуу жумуштарда аялдардын жана 18 жаштагы адамдардын, ошондой эле ушул аталган жумуштар медициналык көрсөткүчтөргө карама-каршы келген адамдардын эмгегин пайдаланууга тыюу салынат. Аткарууда аялдардын жана 18 жаштагы адамдардын эмгегин пайдаланууга тыюу салынган оор жумуштардын жана эмгек шарты зыяндуу же кооптуу жумуштардын тизмектерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет. “303-статья. Аялдардын эмгегин колдонууга тыюу салынган жумуштар Оор жумуштарда жана эмгек шарттары зыяндуу жана (же) кооптуу жумуштарда, ошондой эле кара күч колдонулбаган иштерден же санитариялык жана тиричиликтик тейлөө боюнча иштерден башка жер астындагы иштерде, ошондой эле алар үчүн чектик жол берилүүчү ченемден ашуучу оордуктарды кол менен көтөрүү жана жылдыруу менен байланышкан иштерде аялдардын эмгегин колдонууга тыюу салынат. Аялдардын эмгегин колдонууга тыюу салынган эмгек шарттары зыяндуу жана (же) кооптуу өндүрүштөрдүн, жумуштардын, кесиптердин жана кызмат орундарынын тизмеги жана аялдар үчүн оордуктарды көтөрүүдө жана жылдырууда чектик жол берилүүчү ченемдер Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте бекитилет.”. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси мыйзамда белгиленген тартипте кабыл алынган, “Эркин-Тоо” гезитинин 2004-жылдын 20-августундагы № 67-70 санында жарыяланган жана колдонуудагы болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 24 мартындагы № 158 “Аялдардын эмгегин колдонууга тыюу салынган эмгек шарттары зыяндуу жана (же) коркунучтуу өндүрүштөрдүн, жумуштардын, кесиптердин жана кызматтардын тизмелери жөнүндө” токтому мыйзамга ылайык кабыл алынган 12
жана “Эркин-Тоо” гезитинин “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005- жылдын 15-декабрындагы № 43-44 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик актылары” тиркемесинде жарыяланган. Бул актылар Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизилген жана колдонуудагы болуп саналат.
2. Конституцияга ылайык ар бир адам эмгек эркиндигине, эмгекке
жөндөмдүүлүгүн пайдаланууга, кесибин жана иштин түрүн тандоого укуктуу (42-берене). Бул принцип эмгектин жашоо-турмушту камсыз кылуунун каражаты катары маанилүүлүгүн гана белгилебестен, ошондой эле анын адамдын кадыр- баркы жана өзүн-өзү ишке ашыруусу үчүн фундаменталдуу маанисин да баса белгилейт. Эмгекке жөндөмдүүлүк жана эмгек аркылуу өз жашоосун өз алдынча куруу адамдын эркиндигинин ажырагыс компоненти, башкача айтканда, табигый бакубаттык болуп эсептелет. Конституция адамдын ажырагыс жана төрөлгөндөн баштап ар бир адамга таандык болгон негизги укуктары менен эркиндиктеринин бири катары эмгек кылуу укугун баса белгилейт. Өзүн жана өз үй-бүлөсүн күн сайын эмгектенүү аркылуу камсыз кыла албаса, адам жашоосунун башка көптөгөн аспектилери маңызсыз болуп калат. Бул материалдык бакубаттыкты гана эмес, ошондой эле өзүн-өзү сыйлоо сезимин, өз алдынчалыкты жана өз жашоосу үчүн жоопкерчиликти да камтыйт. Эмгек инсанды коом менен байланыштырган өзгөчөлүү көпүрө болуп, анын жашоосуна терең маани-маңыз берет. Мамлекет эмгек жаатындагы өз милдеттенмелерине карабастан, ар бир жарандын жеке күч-аракетин жумшоосун толук алмаштыра албасын түшүнүү да маанилүү. Мамлекет бардык жарандардын жыргалчылыгы үчүн өлкөнүн экономикасын ар тараптуу өнүктүрүү үчүн ар бир адам бардык компоненттерден өзүн канааттандырган иштин түрүн таба алышы үчүн шарттарды түзүшү керек. 13
Кесиптик жолдордун жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрдүн ар түрдүүлүгү социалдык прогресстин негизги түзүүчүсү болуп саналат, ал эми жеке жана мамлекеттик күч-аракеттердин тең салмактуу өз ара аракеттенүүсү бүтүндөй коомдун жыргалчылыгына өбөлгө түзөт.
3. Ошону менен бирге ар бир адамдын эмгек эркиндигине болгон укугун
жарыялоо менен Баш мыйзам коопсуздук жана гигиеналык талаптарга ылайык эмгекти жана ден соолукту коргоону кепилдейт. Жогорудагы келтирилген жоболордун негизинде, ошондой эле аларды камсыз кылуунун маанилүүлүгүн эске алуу менен мамлекетке жарандардын ден соолугун сактоо жана чыңдоо боюнча милдеттер жүктөлөт. Бул өз кезегинде жарандардын эмгектик укуктарын жүзөгө ашыруу, анын ичинде эмгектик ишмердүүлүк процессинде алардын ден соолугун коргоого багытталган бардык кызматкерлер үчүн жалпы да, ошондой мүнөзү, шарттары өбөлгөлөгөн эмгекти жөнгө салуу өзгөчөлүктөрүн жана аялдын организминин физиологиялык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен байланышкан мамилелерди укуктук жөнгө салуунун мазмунун аныктайт. Ушул максаттардан алганда аялдардын эмгегин колдонууга белгилүү бир чектөөлөрдү белгилөө алардын организминин физиологиялык өзгөчөлүктөрүн эске алуунун зарылдыгын шарттайт. Бул чектөөлөр аялдын организмине, өзгөчө репродуктивдүү функцияга терс таасирин тийгизе турган зыяндуу өндүрүштүк факторлордон аялдарды атайын коргоого багытталган. Мындан тышкары, мындай эрежелер аялдардын репродуктивдүү саламаттыгын сактоонун маанилүүлүгүн коомдук бакубаттуулуктун негизги элементи катары түшүнүү менен киргизилет, бул эмгек шарттарын жөнгө салууда өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын баса белгилейт.
4. Алсак, мыйзам чыгаруучу конституциялык жоболордун логикалык
жактан жөнгө салынышын Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 218 жана 303-беренелеринде чагылдырган, ага ылайык ден соолугунун абалы боюнча 14
аялдардын эмгегин оор жумуштарда жана эмгек шарттары зыяндуу жана (же) кооптуу жумуштарда, жер астындагы жумуштарда, ошондой эле алар үчүн чектик жол берилүүчү ченемден ашуучу оордуктарды кол менен көтөрүү жана жылдыруу менен байланышкан иштерде колдонууга тыюу салынат. Ошону менен бирге, эмгекке болгон укуктун эбегейсиз зор колдонмо маанисин таануу менен, адамдардын негизги бөлүгү өздөрүнүн турмуштук керектөөлөрүн жалаң гана эмгек аркылуу камсыз кылгандыктан, эмгекке бирдей жеткиликтүүлүк дүйнөлүк масштабдагы социалдык-экономикалык саясаттын чордону болуп калууда. Эркектер менен аялдар бирдей укуктарга жана эркиндиктерге жана аларды ишке ашыруу үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ. Эч ким жынысына, расасына, тилине, майыптыгына, улутуна, динине, жашына, саясий же башка көз карашына, билимине, тегине, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлары боюнча басмырланышы мүмкүн эмес. Эл аралык милдеттенмелерге ылайык ар кандай социалдык топтор үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууга багытталган жана мыйзамда белгиленген атайын чаралар басмырлоо болуп саналбайт (Конституциянын 24- беренеси). Жогоруда аталган конституциялык жоболор эл аралык укуктук актыларга шайкеш келет. Алсак, 1966-жылдын 16-декабрындагы Экономикалык, социалдык жана маданий укуктар жөнүндө эл аралык Пактынын 3-статьясына ылайык, мамлекеттер эркектер менен аялдар үчүн аталган Пактта каралган бардык экономикалык, социалдык жана маданий укуктардан пайдаланууга бирдей укуктарды камсыз кылууга милдеттенишет. 1979-жылдын 18- декабрындагы Аялдарга карата басмырлоонун бардык түрлөрүн жоюу жөнүндө Конвенциянын 4-беренесинин 2-пунктуна ылайык, энеликти коргоого багытталган атайын чараларды көрүү басмырлоо болуп эсептелбейт. Ошонун негизинде мыйзам чыгаруучу “Эркектер менен аялдар үчүн 15
бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө” Мыйзамда жыныстык белгилери боюнча басмырлоо түшүнүгүн аныктаган гендердик басмырлоонун критерийлерин жана ага кирбеген башка жоболорду белгилеген. Ошентип, укуктук теңчилик принцибин ишке ашыруу аялдын тукум улантуудагы жалпы таанылган социалдык ролун эске албастан жүргүзүлүшү мүмкүн эмес, бул мамлекетти аялдар үчүн, анын ичинде эмгек мамилелери чөйрөсүндө энеликти коргоого багытталган кошумча кепилдиктерди белгилөөгө милдеттендирет, тиешелүү түрдө аялдардын эмгегин колдонууга тыюу салуу боюнча талашылып жаткан ченемдер ушул жоболордун логикалык жана негиздүү ишке ашырылышын билдирет.
5. Аялдардын эмгектин айрым түрлөрүнө жетүүсүн чектөөгө карата эмгек
мыйзамдарынын жоболорун деталдуу жөнгө салуу Эмгек шарттары зыяндуу жана (же) кооптуу өндүрүштөрдүн, жумуштардын, кесиптердин жана кызматтардын тизмесинде чагылдырылган, ал жумуштарга аялдарды ишке тартууга тыюу салынган. Бул тизме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000- жылдын 24-мартындагы № 158 токтому (мындан ары – Тизме) менен бекитилген жана анда 402 кесип камтылган. Тизменин 2-пунктунда менчигинин түрүнө жана иштин түрүнө карабастан бардык иш берүүчүлөр үчүн оор жумуштарда жана эмгек шарттары зыяндуу жумуштарда аялдардын эмгегин колдонууга тыюу салынаары белгиленген. Мында мыйзам ченемдери эмгек шарттарына, алардын иштеген аялдын организмине тийгизген таасиринин даражасына жана кесепеттерине баа берүүнү эске алуу менен иштелип чыккан жана аялдардын репродуктивдүү ден соолугуна терс таасирин тийгизген кесиптик тобокелдик факторлорун, анын ичинде кооптуу химиялык заттар менен иштөө, жогорку температуранын таасири, зыяндуу биологиялык агенттер менен иштөө, вибрациянын жана ызы-чуунун узакка созулган таасири, ошондой эле кара күч менен байланышкан кээ бир 16
факторлор эске алынат. Башкача айтканда, кеп химиялык заттар, нурлар, зыяндуу микроорганизмдер менен байланышкан кесиптер, ошондой эле оор нерселерди көтөрүүнү жана жылдырууну талап кылган иштер жөнүндө болуп жатат. Ошентип, мамлекет тарабынан объективдүү критерийлерди колдонуу аталган Тизмеге кирген жумуштарда аялдардын эмгегин пайдаланууга негизсиз чектөөлөрдү жокко чыгарат. Мындай укуктук жөнгө салуу Конституцияга жана Эмгек кодексинин 1-беренесине ылайык аялдардын коргоого жана жагымдуу эмгек шарттарына алардын укуктарынын кепилдигин камсыз кылат. Белгиленген укуктук жоболор мыйзамдарда, анын ичинде “Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө” Мыйзамда белгиленген теңчилик жана жыныстык белгиси боюнча басмырлоого жол бербөө принцибине шайкеш келет. Аялдарды зыяндуу эмгек шарттарынын терс таасиринен коргоо алардын ден соолугун жана бакубаттыгын сактоо менен эмгек чөйрөсүндө бирдей мүмкүнчүлүктөрдү жана укуктарды камсыз кылууга багытталган. Ушуга байланыштуу, мыйзамда белгиленген эмгектин конкреттүү түрүнө мүнөздүү болгон талаптар менен аныкталуучу айырмачылыктарды, өзгөчөлүктөрдү, артыкчылыктарды, чектөөлөрдү белгилөө мамлекеттин социалдык жана укуктук жактан коргоого муктаж адамдарга, тактап айтканда аялдарга өзгөчө кам көрүүсү менен шартталган, бул басмырлоо катары каралышы мүмкүн эмес. Жалпы эмгек эрежелеринен мындай өзгөчөлүк өзгөчө белгилер катары квалификацияланат жана Эмгек кодексинин өзүнчө главалары, анын ичинде “Аялдардын жана үй-бүлөлүк милдеттери менен башка адамдардын эмгегин жөнгө салуунун өзгөчөлүктөрү” деген 24-глава менен жөнгө салынат. Эмгек мыйзамдары аялдар үчүн, эреже катары алардын физиологиялык өзгөчөлүктөрү, тактап айтканда, төрөт жана энелик функцияларын аткаруу (кош бойлуулук жана төрөт, жаңы төрөлгөн жана жаш балдарды багуу ж.б.) менен байланыштуу 17
кошумча кепилдиктерди жана чектөөлөрдү белгилеген башка укуктук ченемдерди да камтыйт, албетте муну да басмырлоо катары кароого болбойт. Тескерисинче, бул кепилдиктер аялды зыяндуу өндүрүштүк факторлордун таасиринен коргоого, кош бойлуулуктун жана энеликтин жооптуу мезгилинде колдоо көрсөтүүгө жана келечекте анын кесиптик жана үй-бүлөлүк функцияларды айкалыштыруу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга багытталган, бул болсо маанилүү социалдык мааниге ээ. Гендердик теңчилик ошондой эле теңдеш баалуулуктагы эмгек үчүн бирдей акы төлөө принцибин сактоодо да көрүнүшү керек, ага ылайык жумуш эркек же аял тарабынан аткарылганына карабастан, объективдүү критерийлер боюнча гана бааланат. Жогоруда баяндалганды эске алып, ошондой эле мыйзамда белгиленген жана эл аралык милдеттенмелерге ылайык ар кандай социалдык топтор үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууга багытталган атайын чараларды колдонууга конституциялык жол берилээрин жана ошол эле учурда басмырлоо болуп саналбагандыгын эске алып, Конституциялык сот талашып жаткан ченемдер Конституцияга карама-каршы келбейт деген тыянакка келди. Ошону менен бирге, Аялдардын эмгегин пайдалануу чектелген өндүрүштөрдүн, эмгек шарттары зыяндуу жана (же) кооптуу болгон өндүрүштөрдүн, жумуштардын жана кызмат орундарынын тизмеси 2000-жылы бекитилгендигин жана кандайдыр бир олуттуу өзгөртүүлөргө дуушар болбогонун эске алуу менен, аткаруу бийлигинин жогорку органы жарандардын жашоосунун бул маанилүү чөйрөсүнө жетиштүү көңүл бурбай жатат деп айтууга болот, бул технологиянын жана техниканын өнүгүүсүнөн улам эмгек шарттарындагы болуп жаткан өзгөрүүлөргө системалуу мониторинг жүргүзүүнү жана эсепке алууну талап кылат. Кээ бир зыяндуу өндүрүш факторлору жок кылынышы мүмкүн, же алардын таасири кайсы бир деңгээлде ылдыйлап, эмгек шарттары азыр аялдардын репродуктивдүү ден соолугу үчүн коопсуз болуп 18
калышы мүмкүн. Бул техниканын жана илимдин жетишкендиктери аялдардын эмгектенүүсү үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылууга мүмкүндүк берген өндүрүштөрдү, жумуштарды жана кызматтарды Тизмеден алып салуу жолу менен анын негиздүүлүгүн жана туруктуу жаңыртып туруу керектигин шарттайт.
6. Конституцияга ылайык азыркы жана келечек муундардын алдында
жоопкерчиликтүү болгон жана өлкөнүн бакубаттуулугун жана гүлдөп-өнүгүшүн камсыз кылууга умтулган укуктук социалдык мамлекет катары Кыргыз Республикасынын саясаты адамдардын татыктуу жашоосун жана эркин өнүгүүсүн камсыз кылуучу шарттарды түзүүгө багытталган. Бул негизги принцип үй-бүлөнү, энеликти, аталыкты жана балалыкты талаптагыдай коргоого жана мамлекеттик колдоо көрсөтүүгө, ошондой эле социалдык коргоонун кепилдиктерин белгилөөгө мамлекетти милдеттендирет (1-берененин 1-бөлүгү, 20-берененин 1-бөлүгү). Ата-бабалардан калган салттуу түшүнүк боюнча үй-бүлө, энелик, аталык жана балалык муундардын үзгүлтүксүз уланмалуулугун камсыз кылуучу баалуулуктар болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын элинин сакталышынын жана өнүгүшүнүн негизи болуп кызмат кылат. Энеликти, анын ичинде Кыргыз Республикасынын элинин сакталышынын жана өнүгүүсүнүн негизги фактору катары төрөлүүнү стимулдаштырууга багытталган мамлекеттик колдоо өзгөчө социалдык мааниге ээ болууда жана өлкөнүн демографиялык саясатынын артыкчылыктуу милдети болуп саналат. Мыйзам чыгаруучу бул чөйрөдөгү коомдук мамилелерди жөнгө салуу менен энеликти мамлекеттик колдоонун конкреттүү чараларын тандоодо, ошондой эле аларды камсыз кылуунун шарттарын жана тартибин аныктоодо кеңири эркиндикке ээ. Бирок, мыйзам чыгаруучу өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде адилеттүүлүк жана иш жүзүндөгү теңдик принциптерин сактоого, ошондой эле 19
конституция менен корголуучу баалуулуктардын, коомдук жана жеке кызыкчылыктардын ортосундагы тең салмактуулукту сактоого милдеттүү. Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктун, 4-бөлүгүн, “Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын 48, 49, 52 жана 53-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту Ч Е Ч Т И:
1. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 218 жана 303-статьялары,
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Аялдардын эмгегин колдонууга тыюу салынган эмгек шарттары зыяндуу жана (же) коркунучтуу өндүрүштөрдүн, жумуштардын, кесиптердин жана кызматтардын тизмелери жөнүндө” токтому Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 23-беренесинин 3, 4-бөлүктөрүнө, 24-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө, 42-беренесинин 1-бөлүгүнө, 55-беренесине, 56-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө карама-каршы келбейт деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз
Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 24-мартындагы №158 токтому менен бекитилген Аялдардын эмгегин колдонууга тыюу салынган эмгек шарттары зыяндуу жана (же) коркунучтуу өндүрүштөрдүн, жумуштардын, кесиптердин жана кызматтардын тизмелериндеги өндүрүштөрдүн, жумуштардын, кесиптердин жана кызматтардын түрлөрүнүн болушунун негиздүүлүгүн системалуу негизде камсыздасын.
3. Чечим акыркы жана даттанылууга жатпайт, жарыяланган учурдан
тартып күчүнө кирет.
4. Чечим бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу
органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жана жеке 20
жактар үчүн милдеттүү жана республиканын бүткүл аймагында аткарылууга тийиш.
5. Бул Чечим мамлекеттик бийлик органдарынын расмий басылмаларында,
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун расмий сайтында жана “Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Жарчысында” жарыялансын. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТУ 21
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 2 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (2)
- Постановление Правительства КР от 24 марта 2000 года №158 "О Списке тяжелых работ и работ с вредными условиями труда, на которых запрещается применение труда женщин"Постановление · 24.03.2000 · № 158
- Конституция Кыргызской РеспубликиКонституция · 05.05.2021