Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Ж.Ж. Кадыровдун кайрылуусу боюнча «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 60¹-беренесинин 3-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө чечим
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТУНУН ЧЕЧИМИ Жакшылык Жоомартович Кадыровдун кайрылуусуна байланыштуу «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 601-беренесинин 3-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча 2023-жылдын 15-ноябры Бишкек шаары Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту: төрагалык кылуучу
Э.Ж. Осконбаев, судьялар Ч.А. Айдарбекова, М.Р. Бобукеева, К.А.Дуйшеев,
Л.Ч. Жолдошева, Ж.А. Шаршеналиев курамында, катчы К. Маамыталы
кызынын, кайрылуучу тарап – Жакшылык Жоомартович Кадыровдун жана анын өкүлү Максатбек Мергенбаевич Жорокуловдун; жоопкер-тарап – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотундагы туруктуу өкүлү Саматбек Кыштообекович Ысырановдун; үчүнчү жактар – Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотундагы туруктуу өкүлү Алмазбек Тавалдыевич Молдобаев, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ишеним кат боюнча өкүлү Айнура Кимсанбаевна Турганбаева, Кыргыз Республиканын Шайлоо жана
референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын ишеним кат боюнча өкүлдөрү Искандер Торобаевич Гайпкулов, Абасбек Жолдошбекович Жолдошбеков жана Мырзабек Таалайбекович Таалайбеков, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин ишеним кат боюнча өкүлү Асанбек уулу Адилеттин катышуусунда, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 1, 2- бөлүктөрүн, «Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 4, 17, 40, 45-беренелерин жетекчиликке алып, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 601-беренесинин 3-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти ачык соттук отурумда карап чыкты. Бул ишти кароого Ж.Ж. Кадыровдун ишеним кат боюнча өкүлү
М.М. Жорокуловдун кайрылуусу себеп болуп, ал эми «Кыргыз
Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 601-беренесинин 3-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмүнүн Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келүүсү маселесинде пайда болгон аныксыздык негиз болду. Ишти соттук отурумда кароого даярдаган судья-баяндамачы Л.Ч. Жолдошеванын маалыматын угуп жана иштин материалдарын изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту Т А П Т Ы: Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна 2023-жылдын 25- мартында Ж.Ж. Кадыровдун кызыкчылыгын көздөгөн М.М. Жорокуловдун «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын 2
Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 601-беренесинин 3-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмүнүн, «шайлоо күрөөсүн төккөндүгүн ырастоочу документти» деген сөздөр менен баяндалган 61-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунун Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 2-беренесинин 3-бөлүгүнө, 37-беренесинин 1, 3- бөлүктөрүнө ылайык келүүсүн текшерүү жөнүндө өтүнүчү келип түшкөн. Кайрылууда белгиленгендей, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2021-жылдын 28- ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын кызмат орундарына мажоритардык жана пропорционалдык система боюнча шайлоо өткөргөн. «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 601-беренесинин 3-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмүнө ылайык, талапкер жеке каражаттарынан Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын эсебине мыйзамдарда көрсөтүлгөн эсептик көрсөткүчтүн миң эселенген өлчөмүндө шайлоо күрөөсүн төгөт. Бирок, арыздануучу белгилегендей, ал бала кезинен көрүү боюнча 1- топтогу майыптуулугуна байланыштуу, анын кирешесинин өлчөмүн эске алганда, шайлоого депутаттыкка талапкер катары эч качан катыша албайт жана шайлоого катышуу үчүн милдеттүү болгон шайлоо күрөөсүн топтоого мүмкүнчүлүгү жок. Кайрылуу субъектисинин пикири боюнча, мындай жагдай социалдык теңсиздикти жаратып, шайлоо күрөөсүн төгө албагандарга карата мүлктүк абалы боюнча түздөн-түз басмырлоо болуп саналат, анткени Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 24-беренесинин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацына ылайык, эч ким жынысы, расасы, тили, майыптуулугу, этностук таандыктыгы, туткан дини, курагы, саясий же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлары боюнча басмырланышы мүмкүн эмес. 3
Ал эми Конституциянын 2-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандары өзүнүн бийлигин түздөн-түз шайлоолордо жана референдумдарда (бүткүл элдик добуш берүү), ошондой эле мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аркылуу Конституциянын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде жүзөгө ашырат. Арыздануучунун пикиринде, талашылып жаткан ченемдер шайлоо күрөөсүнүн өлчөмүн өтө чоң кылып бекитүү менен акчалай жактан мүмкүнчүлүгү бар адамдарга гана багытталган жана Кыргыз Республикасынын жарандары мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматка мыйзамда белгиленген тартипте кирүүдө, кызмат боюнча көтөрүлүүдө бирдей укуктарга жана мүмкүнчүлүктөргө ээ деп караштырган Конституциянын 37-беренесинин 3-бөлүгүнө карабастан, мамлекеттик жарандык кызматтын бир түрү болуп саналган Жогорку Кеңештин депутаты катары талапкер болууга шайлоо күрөөсүнүн өтө чоң өлчөмүн белгилөө менен тоскоолдук жаратууда. Кайрылуу субъектиси Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган Атуулдук жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык Пактынын 25- статьясынын b) пунктунда шайлоочулардын эркин ой билдирүүлөрүн камсыз кылган жана жашыруун добуш берүүдө жалпы жана теңдеш шайлоо укугунун негизинде жүргүзүлгөн чыныгы мезгилдик шайлоолордо шайланууга жана шайлоого ар бир атуулдун 2-статьяда айтылган эч кандай басмырлоосуз жана негизделбеген чектөөлөрсүз укугу жана мүмкүнчүлүктөрү бар экендигин белгилейт. Көрсөтүлгөн Эл аралык пактынын Жалпы тартиптеги түшүндүрмөсүнүн 16-пунктунда шайлоого талапкер катары өзүн көрсөтүүнүн жол-жобосунун тартиби, шайлоо күрөөсү же депозити негизделген жана басмырланбоосу керектиги, ал эми 18-пунктунда мамлекет мыйзам ченемдеринин негизинде шайлануучу мамлекеттик кызматтар үчүн коюлган шарттар, кандай болбосун 4
чектөөлөр жана талап кылынган квалификациялардын максатка ылайыктуу негизделүүсү зарыл экендиги белгиленген. Жогоруда баяндалган жүйөлөрдүн негизинде, кайрылуучу тарап талашылып жаткан ченемди конституциялуу эмес деп таанууну суранат. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьялар коллегиясынын 2023-жылдын 25-апрелиндеги аныктамасы менен Ж.Ж. Кадыровдун «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 601-беренесинин 3-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмүнүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 2-беренесинин 3- бөлүгүнө, 24-беренесинин 1-бөлүгүнө, 37-беренесинин 1, 3-бөлүктөрүнө ылайык келүүсүн текшерүү жөнүндө өтүнүчү өндүрүшкө кабыл алынган. Ал эми, ошол эле конституциялык Мыйзамдын «шайлоо күрөөсүн төккөндүгүн ырастоочу документти» деген сөздөр менен баяндалган ченемдик жобосунун жогоруда аталган конституциялык беренелерге ылайык келүүсүн текшерип берүү жөнүндө бөлүгү өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартылган. Сот отурумунда кайрылуучу тарап өз талаптарын колдоп, аларды канааттандырууну суранган. Кыргыз Респубикасынын Жогорку Кеңешинин Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотундагы туруктуу өкүлү С.К. Ысыранов төмөнкүдөй көз карашын билдирди. Шайлоо күрөөсү – бул талапкер өз милдеттерин аткаруунун кепилдиги катары төгүүгө тийиш болгон акчалай каражаттын суммасы. Шайлоо күрөөсүн төгүүнүн негизги максаты талапкерлердин жоопкерчилигин жогорулатуу жана шайлоо процессинде кыянатчылыкка жол бербөө болуп саналат. «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 41-беренесинин 16-бөлүгүнө ылайык талапкерлерге жана саясий партияларга шайлоо күрөөсү кайтарылып берилет. 5
Шайлоо күрөөсү дүйнөлүк практикада колдонулат. Аны мүлктүк ценз катары кароого болбойт, анткени күрөө талапкерлерди каттоонун шарттарынын бири болуп саналат. Анын максаты шайлоо укуктарын кыянаттык менен пайдалууну, биринчи кезекте башка салык төлөөчүлөрдүн эсебинен, мамлекеттик казынадан негизсиз чыгымдарды чектөөгө же жоюуга багытталган. Шайлоо күрөөсү парламенттик шайлоого катышууга олуттуу ниети бар эң жоопкерчиликтүү талапкерлердин өтүшүн камсыз кылуучу жана талапкерлердин кандай болсо да жоопкерчилигин сезе билүүсү үчүн шайлоо мыйзамдарынын зарыл элементи болуп саналат. Шайлоо күрөөсү талапкерлердин кирешесине карабастан белгиленет жана бардык талапкерлерге бирдей колдонулат, демек, бул социалдык абалынын негизинде жарандын пассивдүү шайлоо укугун чектөө катары саноого болбойт деп эсептейт.
С.К. Ысыранов Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык
пакттын 25-беренесине ылайык, ар бир жаран эч кандай басмырлоосуз жана негизсиз чектөөлөрсүз жашыруун добуш берүүдө жалпы жана теңдеш укуктун негизинде жүргүзүлгөн жана шайлоочулардын эркин билдирүүсүн камсыздаган чыныгы мезгилдүү шайлоолордо шайланууга жана шайлоо укугуна, ошондой эле мүмкүнчүлүгүнө ээ экендигин кошумчалады. Ошону менен бирге, жоопкер-тараптын өкүлү Конституциянын 37- беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандары мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоого жана шайланууга, ошондой эле референдумга катышууга укуктуу экендигин белгиледи. Жогоруда баяндалган жүйөлөрдүн негизинде, Жогорку Кеңештин өкүлү кайрылуучу тараптын өтүнүчүн канааттандыруусуз калтырууну суранат. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотундагы туруктуу өкүлү А.Т. Молдобаевдин пикири боюнча шайлоо күрөөсү шайлоо 6
процессинин зарыл элементи болуп саналаары жана анын негизги максаты талапкерлердин отчеттуулугуна дем берүү жана шайлоо процессинде кыянаттык кылууларга жол бербөө менен байланышкан. Шайлоо күрөөсүн мүлктүк шарт катары кароого болбойт, анткени күрөө талапкерлерди каттоонун шарттарынын бири, анын максаты шайлоо укугун кыянаттык менен пайдаланууну, биринчи кезекте, башка салык төлөөчүлөр тарабынан мамлекеттик бюджеттин негизсиз чыгымдарын чектөө же жоюу болуп саналат деп белгилейт. Шайлоо күрөөсү талапкердин кирешесине карабастан белгиленет жана учурдагы талапкерлерге бирдей деңгээлде колдонулат. Муну жарандын пассивдүү шайлоо укугун анын социалдык абалынын негизинде чектөө катары кароого болбойт, шайлоочулардын кызыкчылыгында мыйзам чыгаруучу өзгөчө өбөлгөлөрдү түзүүгө укуктуу. Президенттин жана Министрлер Кабинетинин өкүлү мыйзамда белгиленген жана ар кандай социалдык топтор үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууга багытталган атайын чаралардын ичинен бирдиктүү шайлоо округу боюнча катышуучу саясий партиялар үчүн конституциялык Мыйзамдын 60-беренесинин 3-бөлүгүнүн алтынчы абзацын келтирүүгө боло тургандыгын белгилей кетүү керек, анда кеминде 2 талапкердин – ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын өкүлчүлүктөрүн эсепке алуу жөнүндө талап белгиленген, ошондой эле алардын бири биринчи 25 талапкердин тизмесине киргизилүүгө тийиш экендигин тактап кетти жана талашылып жаткан ченем Конституциянын жоболоруна карама-каршы келбейт деп белгиледи. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ишеним кат боюнча өкүлү А.К. Турганбаеванын пикири жоопкер-тараптын өкүлүнүн пикирине окшош жана ал талашылып жаткан ченем Конституциянын көрсөтүлгөн беренелерине карама-каршы келбей тургандыгын белгиледи. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ишеним кат боюнча өкүлү И.Т. Гайпкуловдун 7
пикири Президенттин жана Министрлер Кабинетинин өкүлүнүн пикири менен бирдей. Андан тышкары, И.Т. Гайпкулов шайлоо күрөөсү Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партияларга кандай жагдайларда кайтарылып бериле турган учурларды атап өттү. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлү А. Асанбек уулу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын шайлоо укуктарын толук ишке ашыруусу жана шайлоо процесстеринин инклюзивдүүлүгүн жакшыртуу максатында, «Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана Борбордук шайлоо комиссиясынын 2016-жылдын 17-ноябрындагы № 216 жана 2017-жылдын 7- октябрындагы № 506 токтомдору менен «Кыргыз Республикасынын шайлоолорун жана референдумдарын өткөрүүдө айрым категориялардагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасындагы шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүүдө ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуу жөнүндө» жоболору кабыл алынгандыгын белгиледи. Министрликтин өкүлү Борбордук шайлоо комиссиясынын 2017- жылдын 7-октябрындагы № 506 токтому менен кабыл алынган Жобонун негизги максаты Кыргыз Республикасынын ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандарынын бирдей негизде шайлоого жана шайланууга, ошондой эле алардын референдумдарга катышуу укуктарын камсыз кылууга багытталгандыгын белгиледи. Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту тараптардын жүйөлөрүн талкуулап, үчүнчү жактардын түшүндүрмөлөрүн угуп жана иштин материалдарын изилдеп чыгып, төмөнкүдөй тыянактарга келди.
1. «Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө»
конституциялык Мыйзамдын 17-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, Конституциялык сот кайрылууда козголгон предмет боюнча анын ченемдик 8
укуктук актынын конституциялуулугу күмөн жараткан бөлүгүнө карата гана актыларды чыгарат. Ошентип, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун бул иш боюнча кароо предмети болуп «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 601-беренесинин 3-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмүнүн төмөнкүдөй редакциядагы ченемдик жобосу саналат: «601-берене. Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү тартиби
3. Мында талапкер жеке каражаттарынан Борбордук шайлоо
комиссиясынын атайын эсебине мыйзамдарда көрсөтүлгөн эсептик көрсөткүчтүн миң эселенген өлчөмүндө шайлоо күрөөсүн төгөт.». «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзам Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипке ылайык кабыл алынган жана «Эркин Тоо» гезитинин 2011-жылдын 5-июлундагы № 54 санында жарыяланган, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген жана колдонуудагы болуп эсептелет.
2. Кыргыз Республикасы өзүн демократиялык, укуктук жана социалдык
мамлекет деп жарыялайт (Конституциянын 1-беренесинин 1-бөлүгү). Конституцияга ылайык элдик бийлик бийликтин толугу менен элге таандыктыгы, адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, мамлекеттин жана коомдун иштерин башкарууга эркин жана реалдуу жеткиликтүүлүк принциптерине негизденет; Кыргыз Республикасынын жарандары өзүнүн бийлигин түздөн-түз шайлоолордо жана референдумдарда, ошондой эле мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аркылуу Конституциянын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде жүзөгө ашырат; жарандар мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоого 9
жана шайланууга, ошондой эле референдумга катышууга укуктуу (Конституциянын 2-беренесинин 2, 3-бөлүктөрү, 37-беренесинин 1-бөлүгү). Бул жарандардын мамлекеттик иштерди жүргүзүүгө катышуу укугу Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик бийлик системасынын иштөөсүнүн негиз салуучу принциби болуп санала тургандыгын билдирет. Чыныгы жана ишенимге татыктуу шайлоолор мурдагыдай эле элдин мамлекетти башкарууга катышуусунун кыйла ынанымдуу жана натыйжалуу жолу бойдон калууда. Шайлоо жарандарга өз эркин билдирүү үчүн кыйла кеңири мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылат жана аларга мамлекеттин турмушунда өзүнүн маанилүүлүгүн көрсөтүүгө жардам берет. Демократиянын фундаменталдык негиздеринин бири жана азыркы коомдук түзүлүштүн зарыл элементи катары шайлоо институту иштебей туруп, мамлекеттүүлүктү өнүктүрүү жана чыңдоо мүмкүн эмес. Азыркы замандагы саясаттын маанилүү курамдык бөлүгү болуу менен шайлоо институту жарандардын саясий эркин билдирүү, ошондой эле белгилүү эрежелер жана жол-жоболор боюнча уюштуруу аркылуу бийлик жана башкаруу органдарын түзүүнү камсыз кылат. Демократиялык мамлекетте шайлоолор элдин эркинин үстөмдүгүн, анын мамлекеттик бийлик органдарынын ишинде жүзөгө ашуусун, мамлекеттин жарандык коом алдындагы жоопкерчилигинин жогорку деңгээлин кепилдөөгө чакырылган. Шайлоо (жигердүү шайлоо укугу) жана шайлануу (пассивдүү шайлоо укугу) укугун толук максаттуу ишке ашыруу үчүн бул укуктарды урматтоону жана аларды жалпы теңдиктин жана басмырлоого жол бербөө, ой- пикирлердин эркиндиги жана алардын ачык билдирүү, тынч чогулуштардын жана ассоциациялардын эркиндиги, коопсуздук жана укуктук коргоонун эффективдүү каражаттарынын болуусунун негизинде ар бир жарандын ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган шарттардын болушу маанилүү. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2021-жылдын 3-мартындагы Чечиминде демократиялык шайлоонун маңызы ар бир жаранга өзүнүн шайлоо укуктарын эркин жүзөгө 10
ашыруусу үчүн бирдей укуктук жана уюштуруучулук шарттарды камсыз кылууда турат деп белгиленген. Бул ар бир инсандын бирдей баалуулугун, аларга шайлоо аркылуу мамлекеттин турмушуна катышуу үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү берүү зарылдыгын билдирет. Жогоруда баяндалгандар Адам укуктарынын жалпы декларациясынын ар бир адамдын өз өлкөсүн түздөн-түз же эркин шайланган өкүлдөрү аркылуу башкарууга катышуу укугун караган 21-беренесине, ошондой эле Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык Пактынын ар бир атуул эч кандай басмырлоосуз же негизделбеген чектөөлөрсүз шайлоочулардын эркин ой билдирүүлөрүн камсыз кылган жана жашыруун добуш берүүдө жалпы жана теңдүү шайлоо укугунун негизинде жүргүзүлгөн чыныгы мезгилдик шайлоолордо шайланууга жана шайлоого укугу жана мүмкүнчүлүгү бар экендигин белгилеген 25-беренесинин b) пунктуна шайкеш келет. Ошентип, демократиялык коомдо жарандын укуктук статусунун эң маанилүү элементтеринин бири катары шайлоо жана шайлануу укугун конституциялык-укуктук жана эл аралык-укуктук деңгээлде бекитүү шайлоолорду өткөрүү тартибин мыйзамдык жактан жөнгө салууда теңчилик жана басмырлоого жол бербөө конституциялык принцибинен келип чыгуучу талаптарды сактоо зарылдыгын билдирет, бул Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын өнүктүрүүдө негизги багыт болууга тийиш.
3. Конституцияга ылайык Кыргыз Республикасы элдин бакубат
жашоосуна жана аны социалдык коргоого камкордук көрөт, жарандардын социалдык жактан корголбогон категорияларын колдойт, эмгекти коргоону камсыздайт, социалдык кызматтардын тутумун өнүктүрөт жана башка социалдык коргоонун кепилдиктерин камсыз кылат. Социалдык багыттагы мамлекетти куруунун конституциялык табияты адамдын коомдогу ордунун артыкчылыктуулугу жана маанилүүлүгү менен аныкталат. Андыктан ар бир инсандын, өзгөчө калктын аярлуу катмарынын ар тараптуу өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүү мамлекеттин социалдык саясатынын негизги максаты жана интегративдүү багыты болууга тийиш. 11
Социалдык коргоо укугун кепилдөө жөнүндө конституциялык буйруу мамлекетти бул функцияны тийиштүү укуктук жөнгө салууну түзүү аркылуу аткарууга милдеттендирет. Мыйзам чыгаруучу социалдык жактан коргоого муктаж болгон жарандардын категорияларынын корголушун камсыз кылган мыйзамдарды кабыл алуу укугуна гана ээ болбостон, ошондой эле кабыл алууга жана бул мыйзамдарды ишке ашыруунун конкреттүү механизмин аныктоого милдеттүү. Социалдык колдоо деп, баарынан мурда, ар бир адамдын, өзгөчө ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын субъективдүү укуктарын толук ишке ашырууну камсыз кыла турган мыйзамдык чаралардын системасын камтыган социалдык-укуктук коргоо түшүнүлөт. Социалдык коргоо теңсиздикке каршы күрөшүүнүн эң маанилүү инструменттеринин бири болуп саналат. Ушуга байланыштуу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу үчүн шарттарды камсыз кылуу боюнча мамлекеттин милдеттери өзгөчө мааниге ээ. Бул адамдарга карата укуктук саясат алардын жеке туруксуздугун компенсациялоого мүмкүндүк берүүчү механизмдерди түзүүгө жана мамлекеттик колдоонун каражаттары аркылуу басмырлоонун бардык мүмкүн болгон формаларын токтотууга багытталышы керек. Белгилей кетсек, азыркы этапта дүйнөдө демократиянын өнүгүшү барган сайын калктын көпчүлүк бөлүгүнүн саясий процесстерге тартылуу маселесине көңүл буруунун артылышы менен мүнөздөлөт, ошону менен азыркы коомдун түзүмү жана сегменттүүлүгү оң жагына өзгөрүп, контрмажоритаризм жана саясий инклюзия күч алууда. Башкача айтканда, дүйнө жүзүндө бүтүндөй коомго таасир этүүчү чечимдерди кабыл алуу процессине азчылыктардын, өзгөчө ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандардын катышуусунун деңгээлин анык жогорулатууга, аларды өлкөнүн коомдук жана саясий жигердүү турмушуна кошууга умтулууда. Натыйжада коомдун өнүгүшүнүн сапаттуу жаңы деңгээлине өтүшү, коомдук 12
мамилелердин гумандашуусу жана социалдык тилектештикти чыңдоо байкалууда.
4. Мамлекет ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды,
адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин толук жана бирдей жүзөгө ашырууга, аларды эч кандай басмырлоосуз социалдык интеграциялоого, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн жеткиликтүү чөйрөнү түзүүгө жана алардын жашоо сапатын жакшыртууга негизделген социалдык коргоо тутумунун иштөөсүн камсыз кылат (Конституциянын 44-беренесинин 3-бөлүгү). 2019-жылдын 13-мартында Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен ратификацияланган Майыптардын укуктары жөнүндө Бириккен Улуттар Уюмунун Конвенциясынын 29-беренесине ылайык, катышуучу-мамлекеттер майыптарга саясий укуктарды жана аларды башкалар менен катар эле пайдалануу мүмкүнчүлүгүн кепилдейт жана түздөн-түз же эркин тандап алган өкүлдөрү аркылуу саясий жана коомдук турмушка башкалар менен катар эле натыйжалуу жана ар тараптуу катышуусун, атап айтканда, майыптар мамлекеттик башкаруу иштеринде басмырлоосуз жана башкалар менен катар эле натыйжалуу жана ар тараптуу катыша ала турган жагдайдын түзүлүшүнө жигердүү көмөктөшүү жана алардын мамлекеттик иштерге катышуусун колдоого алуу аркылуу камсыз кылууга милдеттенишет. Конституциянын жана Конвенциянын келтирилген жоболору ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын муктаждыктарын урматтоого жана аларды күчөтүлгөн укуктук коргоо менен камсыз кылууга милдеттендирет. Бул алардын субъективдүү укуктарын ишке ашырууда ден соолугунун абалы боюнча алардан артыкчылыктуу эмгекке жарамдуу мүмкүнчүлүктөрү бар жарандар менен тең салмактуулукка жетишүүсү үчүн аларга кошумча артыкчылыктарды берүүгө мүмкүнчүлүк берүүчү ченемдик- практикалык мүнөздөгү атайын чараларды түзүүнү болжолдойт. Укуктук ченемдерде адамдардын ар кандай категорияларынын юридикалык статусундагы өлчөмдөш айырмачылыктарын белгилөөнүн жол 13
берилиши жана максатка ылайыктуулугу, атап айтканда, алардын айрымдары үчүн жеңилдиктерди же артыкчылыктарды бекитүү формалдуу теңдик принцибин колдонуу аркылуу коомдук турмуштун кайсы бир чөйрөсүндө же адамдардын кайсы бир категориясына карата адилеттүү абалга жетишүү мүмкүн болбой калганда, калктын белгилүү бир тобу үчүн артыкчылыктуу укуктарды же жеңилдиктерди берүү боюнча чараларды колдонуу максатында гана мүмкүн. Башкача айтканда, бул мамлекет тарабынан кайсы-бир белгилери боюнча адамдардын кыйла аярлуу категорияларына жогорулатылган кепилдиктерди берүү аркылуу коомдо иш жүзүндө теңдикти орнотууга багытталган позитивдүү иш-аракеттерди жасоосун билдирет. Мындай адамдарга айрым артыкчылыктарды берүү боюнча бул чаралар адамдын экономикалык, социалдык, рухий жана башка муктаждыктарын канааттандырууда аларга коомдун башка социалдык топтору менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө мүмкүндүк берет (Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2018-жылдын 14- февралындагы Чечими). Ошол эле учурда, ар кандай адамдардын укуктук статусундагы айырмачылыктардын белгилениши орчундуу социалдык адилеттүүлүктү камсыз кылуу максатында формалдуу теңчиликти жеңүүгө жөндөмдүү, бирок эч кандай түрдө теңсиздикти күчөтпөсө жана жаңы адилетсиздикти пайда кылбаса, ал айырмачылыктар орун алууга укуктуу.
5. «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз
Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 61-беренесинин 1- бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык бирдиктүү шайлоо округу боюнча талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү шайлоо күнүнө чейин 40 календардык күндөн кечиктирбестен, жергиликтүү убакыт боюнча саат 18:00гө чейин Борбордук шайлоо комиссиясына документтерди, анын ичинде шайлоо күрөөсүн төккөндүгүн ырастоочу документти берет. 14
Аталган конституциялык Мыйзамдын 601-беренесинин 3-бөлүгү менен талапкер жеке каражаттарынан Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын эсебине мыйзамдарда көрсөтүлгөн эсептик көрсөткүчтүн миң эселенген өлчөмүндө шайлоо күрөөсүн төгөөрү орнотулган. Шайлоо күрөөсүнүн шайлоо процессиндеги социалдык мааниси Жогорку соттун Конституциялык палатасынын 2021-жылдын 3-мартындагы Чечиминде ачып көрсөтүлгөнүн белгилей кетүү керек, анда шайлоо күрөөсү бир жагынан талапкер статусуна ээ болуу чечимин кабыл алган жарандын мотивациясына таасир этээри, экинчи жагынан – шайлоочулардын жетиштүү колдоосуна ээ болбогон жана өз статусун демократиялык шайлоолордун имиджин дискредитация кылуучу жеке максаттарда колдонуучу адамдардын шайлоого катышуусуна бөгөт коюу функциясын аткарат деп көрсөтүлгөн. Ошентип, шайлоо күрөөсү мыйзам чыгаруучу тарабынан коргоочу аракетиндеги кеңири спектрдеги инструмент катары колдонулат жана укук ченемдүүлүк максатка кызмат кылат. Бирок, шайлоо күрөөсүнүн өлчөмүн белгилөө менен мыйзам чыгаруучу жарандардын шайланууга болгон конституциялык укугунун түпкү маңызын текшилөөгө жөндөмдүү чечимдерди кабыл алууга жана ошону менен эркин демократиялык шайлоолордун жеткиликтүүлүгүн чектөөгө укугу жок. Өз учурунда мыйзам чыгаруучу тарабынан шайлоо күрөө институтун киргизүү талапкерди каттоонун шарттарын жөнөкөйлөштүрүү, ошондой эле талапкерди же талапкерлердин тизмесин көрсөтүүнү колдоодо шайлоочулардын колдорун бурмалоонун кеңири жайылган терс практикага каршы аракеттенүү зарылчылыгы менен шартталган. Ошону менен бирге шайлоо процессине катышууга ниеттенген ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар шайлоо күрөөсүн төлөө мүмкүнчүлүгү боюнча толук кандуу эмгекке жарамдуу жарандар менен табигый себептерден улам тең келе албастыгын эстен чыгарбоо керек. Ушуга байланыштуу Конституциялык сот «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 15
депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамы шайлоо күрөөсүн төлөө маселеси боюнча мажоритардык шайлоо системасы боюнча демократиялык шайлоого ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын катышуусунун өзгөчө жөнгө салуу тартибин караштырбагандыгын белгилейт, демек, алар шайлоого катышуу укугун жалпы негиздерде жүзөгө ашырышат. Бул талашылып жаткан ченемдин ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга карата колдонулушу терең конституциялык-укуктук түшүнүүдө теңдештик принцибине туура келбейт деп тыянак чыгарууга негиз берет, анткени ар кандай социалдык топтордун абалынын тең салмактуулугун орнотуу боюнча компенсаторлук механизмдерди камтыбайт.
6. Шайлоо процессин укуктук жөнгө салуу өз кызыкчылыктарын гана
көздөгөн жоопкерчиликсиз адамдардын демократиялык шайлоого катышуусуна тоскоолдуктарды, анын ичинде финансылык инструменттерди орнотуу боюнча милдеттерди гана эмес, бул же тигил талапкер ээ болгон шайлоочулар тараптан колдоо деңгээлин аныктоо боюнча да милдетин аткарышы керек, ал үчүн ар кандай шайлоо системалары колдонуучу башка куралдар да пайдаланылышы керек. Парламент коомду анын бүткүл көп түрдүүлүгүн көрсөтүүгө тийиш, андыктан мыйзам чыгаруучу аны түзүү жана ага мүмкүн болушунча көбүрөөк социалдык топтордун, өзгөчө ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын катышуусуна шарт түзүү маселелерине өзгөчө көңүл буруусу талап кылынат. Ушундай жол менен гана шайлоонун айкындуулугунун, атаандаштыктын жана мыйзамдуулугунун тиешелүү деңгээлин кармап турууга болот. Мында электораттын жетиштүү колдоосундагы талапкерлер шайлоого катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керек, анткени бийликти мыйзамдаштыруунун негизги механизми болуп шайлоочулардын талапкерге ишеним деңгээлин аныктоо экендиги ачыктан айкын. 16
Жогоруда баяндалгандардын өңүтүндө шайлоо системасын өркүндөтүү маселелери дайыма актуалдуу бойдон кала берет. Каралып жаткан контекстте, өзгөчө ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүүлүгүнөн социалдык жактан аярлуу абалдагы, бирок калктын колдоосуна ээ болгон адамдарга талапкер катары аны каттоонун альтернативдүү варианттарын колдонуу мүмкүнчүлүгү кепилдениши керек. Пассивдүү шайлоо укугунун маңызы – жаран өзүнүн талапкерлигин көрсөтүүгө жана бирдей шарттарда атаандаштык күрөшүндө шайлануучу кызматка шайланууга укуктуу экендигинде турат. Мында мамлекет шайлоо процессинин бардык этаптарында: талапкерлигин көрсөтүүдө, каттоодо, шайлоо алдындагы үгүт иштеринде, добуш берүүдө, жыйынтыктарды чыгарууда бул укукту ишке ашыруу үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө милдеттүү. Бирок, шайлоо процессиндеги бирдей мамиле айрымдардын ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү сыяктуу жагдайларды эске албастан, баарына бирдей талаптарды орнотууну билдирбейт. Тескерисинче, Конституциянын духу калктын социалдык жактан аярлуу топторунун, өзгөчө ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү болгондугунан улам, бирок калктын тиешелүү колдоосуна ээ болгондор арылгыс тоскоолдуктарсыз, эмгекке жарамдуу көпчүлүк менен тең шайлоого талапкер катары катталууга жана мамлекеттик бийликтин жогорку органдарына шайланууга мүмкүн болгудай укуктук механизмди киргизүүнү талап кылат. Ушуга байланыштуу мыйзам чыгаруучу көрсөтүлгөн категориядагы адамдардын статусун эске алуу менен алар үчүн өзгөчө укуктук режимди киргизүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуусу керек. Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктун, 4-бөлүгүн, «Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 48, 49, 52 жана 53-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту 17
Ч Е Ч Т И:
1. «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз
Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 601-беренесинин 3- бөлүгүнүн экинчи сүйлөмүнүн «Мында талапкер жеке каражаттарынан Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын эсебине мыйзамдарда көрсөтүлгөн эсептик көрсөткүчтүн миң эселенген өлчөмүндө шайлоо күрөөсүн төгөт» деген ченемдик жобосу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 2- беренесинин 3-бөлүгүнө, 37-беренесинин 1, 3-бөлүктөрүнө карама-каршы келбейт деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Чечимдин
жүйөлөштүрүүчү бөлүгүндө баяндалган укуктук көз караштын негизинде колдонуудагы укуктук жөнгө салууга тийиштүү өзгөртүүлөрдү демилгелесин.
3. Чечим акыркы жана даттанууга жатпайт, жарыяланган учурдан
тартып күчүнө кирет.
4. Чечим бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча
башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана республиканын бардык аймагында аткарылууга тийиш.
5. Ушул Чечим мамлекеттик бийлик органдарынын расмий
басылмаларында, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун расмий сайтында жана «Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Жарчысында» жарыялансын. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТУ 18
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 2 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (2)
- Постановление Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР от 7 октября 2017 года № 506 "Об утверждении Положения "Об обеспечении реализации избирательных прав…Постановление · 07.10.2017 · № 506 · Утратил силу
- Постановление Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР от 17 ноября 2016 года № 216 "Об утверждении Положения "Об обеспечении избирательных прав граждан…Постановление · 17.11.2016 · № 216 · Утратил силу