# Жаран О.П. Михайловдун кызыкчылыгын кѳздѳгѳн А.В. Типеровдун кайрылуусу боюнча «Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 1-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө

- Полное наименование: Жаран О.П. Михайловдун кызыкчылыгын кѳздѳгѳн А.В. Типеровдун кайрылуусу боюнча «Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 1-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө
- Вид акта: Решение Конституционного суда
- Дата принятия: 12.07.2023
- Статус: Действует
- Редакция от: 12.07.2023
- Язык текста: русский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/doc/constsot-21183>
- Официальный источник: <https://constsot.kg/kg/akty/resheniya/zharan-o-p-mihajlovdun-kyzykchylygyn-kfhzdfhgfhn-a-v-tiperovdun-kajryluusu-boyuncha-sogushtun-kuralduu-k%d2%afcht%d3%a9rd%d2%afn-ardagerleri-zhana-oruktagy-emgekchiler-zh%d3%a9n%d2%afnd/>

> Текст приведён по редакции от 12.07.2023 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Жаран О.П. Михайловдун кызыкчылыгын кѳздѳгѳн А.В. Типеровдун кайрылуусу боюнча «Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 1-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө (ред. от 12.07.2023) - https://aqlex.ai/doc/constsot-21183

---

Расмий тилден мамлекеттик тилге которулган КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТУНУН Олег Павлович Михайловдун кызыкчылыгын көздөгөн Александр Владимирович Типеровдун кайрылуусуна байланыштуу “Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана ооруктагы эмгекчилер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-статьясынын 1-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча ЧЕЧИМИ 2023-жылдын 12-июлу Бишкек шаары Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту: төрагалык кылуучу –

Э.Ж. Осконбаев, судьялар Ч.А. Айдарбекова, М.Р. Бобукеева, К.А. Дуйшеев,

Л.Ч. Жолдошева, Л.П. Жумабаев, Касымалиев М.Ш., К.Дж. Кыдырбаев,

Ж.А. Шаршеналиевдин курамында, катчы А.Т. Таалайбековдун,

кайрылуучу тарап – Олег Павлович Михайловдун, анын кызыкчылыгын ишеним кат боюнча көздөгөн Гулзина Мэлсовна Акматованын; жоопкер-тарап – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотундагы туруктуу өкүлү Самат Кыштообекович Ысырановдун; үчүнчү жактар – Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотундагы туруктуу өкүлү Алмазбек

Тавалдиевич Молдобаевдин, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ишеним кат боюнча өкүлү Шеримкул Замирбекович Мамыткановдун, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин ишеним кат боюнча өкүлү Эркен Уркунбекович Джуматаевдин, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин ишеним кат боюнча өкүлдөрү Максатбек Кенешевич Кенешевдин, Айсулу Тынарбековна Кадыралиеванын катышуусунда, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 1, 2- бөлүктөрүн, “Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 17, 40, 45- беренелерин жетекчиликке алып, О.П. Михайловдун кызыкчылыгын көздөгөн

А.В. Типеровдун кайрылуусуна байланыштуу “Согуштун, Куралдуу

Күчтөрдүн ардагерлери жана ооруктагы эмгекчилер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-статьясынын 1-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти ачык соттук отурумда карап чыкты. Бул ишти кароого О.П. Михайловдун кызыкчылыгын көздөгөн А.В. Типеровдун өтүнүчү себеп болду. Ишти кароого “Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана ооруктагы эмгекчилер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-статьясынын 1-бөлүгүнүн Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келүү маселесинде табылган аныксыздык негиз болду. Ишти соттук отурумда кароого даярдаган судья-баяндамачы Ч.А. Айдарбекованын маалыматын угуп жана келтирилген материалдарды изилдеп, Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту, Т А П Т Ы: 2023-жылдын 25-январында Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна О.П. Михайловдун кызыкчылыгын көздөгөн А.В.

Типеровдон “Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана ооруктагы эмгекчилер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17- статьясынын 1-бөлүгүнүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 11- беренесинин 4-бөлүгүнө, 23-беренесинин 1-бөлүгүнө, 24-беренесинин 1- бөлүгүнө ылайык келүүсүн текшерүү жөнүндө өтүнүчү келип түшкөн. Арыз ээси өзүнүн кайрылуусунда Кыргызстан партиясынын Талас шаардык комитетинин биринчи катчысы болуп иштеп жүргөндө О.П. Михайлов Советтер Союзунун Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин Катчылыгынын (мындан ары – КПСС БК) 1983-жылдын 4- майындагы № 106/гс “КПСС БКнын партиялык кеңешчилерин Афганистандын башкаруучу Элдик-демократиялык партиясына көмөк көрсөтүү жана тейлөө үчүн жиберүү жөнүндө” токтомунун негизинде Афганистан Демократиялык Республикасына (мындан ары – АДР) жиберилгендигин көрсөтөт, ал жакта 1983-жылдын 16-майынан 1984-жылдын 31-декабрына чейин активдүү согуштук аракеттери жүргөн Парван провинциясында Афганистан Элдик-демократиялык партиясынын биринчи катчысынын партиялык кеңешчиси болуп иштеген. Кайрылуудан белгилүү болгондой, О.П Михайлов АДР аймагындагы согуш аракеттеринин катышуучусу катары, КПСС БКнын жана СССР Министрлер Советинин 1983-жылдын 17-январындагы № 59 “Афганистан Демократиялык Республикасынын аймагында советтик аскерлердин чектелген контингентинин курамында болгон аскер кызматчыларына, жумушчуларга жана кызматчыларга жана алардын үй-бүлөсүнө жеңилдиктер жөнүндө” токтомуна ылайык тийиштүү жеңилдиктерди алып жүргөн. Советтер Союзу кулагандан кийин мындай адамдардын укуктук абалы эл аралык келишим – Кыргыз Республикасы 1995-жылдын 28-декабрынан бери катышуучусу болуп саналган 1994-жылдын 15-апрелиндеги Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, башка мамлекеттердин аймагындагы согуштук аракеттердин катышуучулары, курман болгон аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрү үчүн жеңилдиктерди жана кепилдиктерди өз

ара таануу жөнүндө макулдашуу (мындан ары – Макулдашуу) менен бекемделген болчу. Макулдашуунун жоболорун ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасы Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары жана майыптары, башка мамлекеттердин аймагындагы согуш аракеттеринин катышуучулары, анын ичинде Афганистандын аймагындагы согуштук аракеттерге катышкан аскердик адистер жана кеңешчилер үчүн да жеңилдиктерди караган 1996-жылдын 8-майындагы “Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана ооруктагы эмгекчилер жөнүндө” Мыйзамды (мындан ары – Мыйзам) кабыл алган. Мыйзам кабыл алынган учурда аскердик адистер жана кеңешчилер Мыйзам менен каралган Улуу Ата мекендик согуштун катышуучуларынын бардык жеңилдиктеринен пайдаланышкан, буга Улуу Ата мекендик согуштун Жеңиш күнүн майрамдоого карата 4 минималдуу айлык акы өлчөмүндө жыл сайын төлөнүүчү жөлөк пулду төлөөнү караштырган 19-статьянын 1-пункту кирбейт (17-статьянын 1-бөлүгү). Бирок, арыз ээсинин пикири боюнча 2007- жылы Мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип (2009-жылдын 31-декабрында), “кеңешчилер” деген сөз “аскердик кеңешчилер” деген сөзгө алмаштырылган, бул партиялык кеңешчилер алган жөлөк пулдардын көлөмүнө олуттуу таасирин тийгизген. Мыйзамга мындай өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн натыйжасында Конституциянын 23-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган О.П. Михайловдун укуктары жана кызыкчылыктары бузулган. Кайрылуу субъектиси мамлекет Конституцияга ылайык түзүлгөн эл аралык келишимдерди сактоого жана анын аймагында жана анын юрисдикциясында турган бардык адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоону камсыз кылууга тийиш экендигин да баса белгилейт (24-берененин 1-бөлүгү). Макулдашууда аныкталган социалдык жеңилдиктер боюнча кепилдиктер башка мамлекеттердин аймагындагы согуштук аракеттерге катышкан аскердик адистерге жана кеңешчилерге да жайылтылат, демек Кыргыз Республикасында мыйзамдык деңгээлде да камсыздалууга тийиш,

анткени мамлекет башка мамлекеттер менен ынтымак жана адилеттүүлүк, өз ара пайдалуу кызматташуу, ааламдык жана аймактык көйгөйлөрдү тынчтык жол менен чечүү принциптеринде жанаша жашоого умтулат (Конституциянын 11-беренесинин 4-бөлүгү). Башкача айтканда, мамлекет мыйзамдык өзгөртүүлөрдүн натыйжасында О.П. Михайловдун абалын начарлаткан, анын Конституцияда кепилденген укуктарын бузган. Баяндалганды эске алуу менен кайрылуучу тарап “Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана ооруктагы эмгекчилер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-статьясынын 1-бөлүгүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 11-беренесинин 4-бөлүгүнө, 23- беренесинин 1-бөлүгүнө, 24-беренесинин 1-бөлүгүнө карама-каршы келет деп таанууну суранат. Конституциялык соттун судьялар коллегиясынын 2023-жылдын 24- февралындагы аныктамасы менен О.П. Михайловдун кызыкчылыгын көздөгөн А.В. Типеровдун өтүнүчү өндүрүшкө кабыл алынган. Соттук отурумдун жүрүшүндө кайрылуучу тарап өзүнүн талаптарын колдоп, аларды канааттандырууну өтүндү. Жоопкер-тараптын атынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотундагы туруктуу өкүлү С.К. Ысыранов арыз ээсинин жүйөлөрү менен макул болгон жок жана талашылып жаткан ченем Конституцияга карама-каршы келбейт деп эсептейт. Өзүнүн позициясын төмөнкү жүйөлөр менен негиздеген. Макулдашуунун 1-тиркемесине ылайык “башка мамлекеттердин аймагындагы согуштук аракеттердин катышуучулары” категориясына кирген адамдарга башка мамлекеттердин аймагында согуштук аракеттерге катышкан Советтик Армиянын, Аскер-Деңиз Флотунун, Мамлекеттик коопсуздук комитетинин аскер кызматчылары жана мурдагы СССРдин Ички иштер министрлигинин катардагы жана жетекчилик курамы кирет. АДРда партиялык кеңешчи катары иштеген жаран О.П. Михайлов аскердик жыйындарга чакырылган эмес жана аскер комиссариаты аркылуу

Афганистанга жөнөтүлгөн эмес. Мыйзамга ылайык анын социалдык кепилдиктерге жана компенсацияларга укугу бар, башка мамлекеттердин аймагындагы согуштук аракеттердин катышуучуларынын катарына киргизүү жөнүндө маселе сот органдары тарабынан колдоого алынган эмес (Бишкек шаардык сотунун 2010-жылдын 6-апрелиндеги токтому жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2010-жылдын 6-июлундагы токтому). “Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө аскердик кызматта турган, ошондой эле аскердик жыйындарда жүргөн аскерге милдеттүүлөр аскер кызматчыларынын статусуна ээ (2-берене). Өз кезегинде О.П. Михайлов партиялык кеңешчи болуп туруп, мөөнөттүү аскердик кызматты өтөгөн эмес, ошондуктан ал статусу боюнча аскер кызматчыларына теңештирилбейт жана ошондой өлчөмдөгү социалдык жеңилдиктерди ала албайт. Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотундагы туруктуу өкүлү А.Т. Молдобаев талашылып жаткан жобо боюнча жоопкер-тараптын позициясына окшош укуктук позицияны карманат. Ошол эле учурда А.Т. Молдобаев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-декабрындагы № 795 “Жеңилдиктердин ордуна ай сайын акчалай компенсацияларды төлөө жөнүндө” токтомунун негизинде ай сайын жөлөкпул алуучулардын 25 категориясына, анын ичинде согуштун ардагерлерине, анын ичинде афган согушунун ардагерлерине акчалай компенсациялар (1000 сомдон 7000 сомго чейинки суммада) төлөнөт деп да белгиледи. Кыргыз Республикасы Конституцияга ылайык толугу менен О.П. Михайловдун укуктарын жана эркиндиктерин коргоону камсыз кылган, андыктан талашылып жаткан ченем менен Конституциянын ортосунда эч кандай шайкеш эместик жок. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин өкүлү Ш.З. Мамытканов талашылып жаткан ченем Конституцияга карама-каршы келбейт

деп белгиледи жана өзүнүн позициясын негиздеп, төмөнкү жүйөлөрдү келтирди. Талашылып жаткан ченем СССРдин аймагындагы согуш аракеттеринин катышуучуларына, ошондой эле башка мамлекеттердин аймагындагы согуштук аракеттерге катышкан аскер адистерине жана кеңешчилерине берилүүчү социалдык кепилдиктерди карайт, ал эми Конституциянын 11- беренесинин 4-бөлүгү көйгөйлөрдү жана чыр-чатактарды чечүүдө эл аралык укуктун тең укуктуу субъектиси катары мамлекеттин өзүнүн позициясы боюнча ченемдерди аныктайт жана ошол себептүү Конституциянын бул ченемине карама-каршы келбейт. Мындан тышкары, Макулдашуунун тиркемесинин 3.1-пунктуна ылайык, башка мамлекеттердин аймагындагы согуш аракеттеринин катышуучуларына башкалар менен катар эле мурдагы СССРдин өкмөттүк органдарынын чечимдерине ылайык башка мамлекеттердин аймагындагы согуштук аракеттерге катышкан аскер адистери жана кеңешчилери кирет. Бирок О.П. Михайлов АДРга өкмөттүн актысы менен эмес, КПСС БКнын Катчылыгынын 1983-жылдын 4-майындагы № 106/гс “КПСС БКнын партиялык кеңешчилерин Афганистандын башкаруучу Элдик-демократиялык партиясына көмөк көрсөтүү жана тейлөө үчүн жиберүү жөнүндө” токтомунун негизинде жөнөтүлгөн. “Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана ооруктагы эмгекчилер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-декабрындагы № 684 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө” токтомуна ылайык партиялык уюмдарга кеңешчилер катары жардам көрсөтүү үчүн жөнөтүлгөн “советтик”, “партиялык” кеңешчилер (СССРдин саясий жана экономикалык уюмдарынын өкүлдөрү), ошондой эле тынчтык процессин камсыздоо үчүн экономиканын объекттерин калыбына келтирүүгө жардам көрсөтүү боюнча адистер советтик аскерлердин контингентин тейлөө үчүн

белгиленген тартипте СССРдин Куралдуу Күчтөрүнүн катарына чакырылган эмес (аскердик жыйындарга), демек согуштук аракеттерге катышкан эмес. Ушуга байланыштуу Макулдашуунун 1-тиркемесинин 6.6-пунктуна ылайык партиялык кеңешчилер 1979-жылдын 1-декабрынан тартып 1989- жылдын декабрын кошо алганда Афганистанга жумушка жиберилген жумушчулардын жана кызматчылардын категориясына киргизилген. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин өкүлү Э.У. Джуматаев Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине окшош позициясын билдирди жана талашылып жаткан ченем Конституцияга карама- каршы келбейт деп эсептейт. Ошол эле учурда ал согуш аракеттеринин бардык катышуучулары үчүн жеңилдиктер жалпы болгондугун баса белгиледи. 2009- жылы Мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр менен жеңилдиктер акчалай компенсацияга алмаштырылган, андыктан Афганистандагы согуштук аракеттердин көптөгөн катышуучулары үчүн жеңилдиктер кайра каралып чыккан. Партиялык кеңешчилер согуштук аракеттерге катышкан эмес, ошондуктан партиялык кеңешчилердин укуктарын жана жеңилдиктерин аскердик кызматтын оор сыноолорун туруктуулук менен көтөргөн, жарадар болгон жана майып болуп калган катышуучуларга теңештирүүнү максатка ылайыксыз жана адилеттүү эмес деп эсептейт. Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлдөрү М.К. Кенешева менен А.Т. Кадыралиеванын позициясы өзүнүн мазмуну боюнча Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин өкүлдөрүнүн позицияларына окшош. Конституциялык сот тараптардын жүйөлөрүн талкуулап, үчүнчү жактардын түшүндүрмөлөрүн угуп жана иштин материалдарын карап чыгып, төмөнкүдөй тыянакка келди.

1. “Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө”

конституциялык Мыйзамдын 17-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык Конституциялык сот кайрылууда козголгон предмет боюнча анын ченемдик

укуктук актынын конституциялуулугу күмөн жараткан бөлүгүнө карата гана актыларды чыгарат. Ошентип, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун кароо предмети болуп “Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана ооруктагы эмгекчилер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын төмөнкүдөй мазмундагы 17-статьясынын 1-бөлүгү саналат: “17-статья. Башка мамлекеттин аймактарында согуш аракеттерине катышкандарга берилүүчү социалдык гарантиялар

I. Советтик Армиянын жана Аскер-Деңиз Флотунун, Мамлекеттик

коопсуздук комитетинин аскер кызматчылары, СССРдин Ички иштер министрлигинин жетекчи жана катардагы курамынын адамдары, согуш аракеттерине катышкан аскер адистерин, аскер кеңешчилерин кошо алганда, ушул Мыйзамдын 14-статьясында каралган (1-пункттан башкасы) Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын социалдык гарантияларынан, ал эми майыптар – 15-статьяда каралган (1-пункттан башкасы) Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары үчүн социалдык гарантиялардан пайдаланышат. Жогоруда көрсөтүлүп кеткен адамдарга 14 жана 15-статьяларда белгиленген социалдык гарантиялардан тышкары кошумча түрдө төмөндөгүдөй социалдык гарантиялар берилет:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан

белгиленген тартипте жана өлчөмдө компенсацияларды төлөө.

2. Жогорку жана атайын окуу жайларына конкурстан сырткары өтүшөт

жана кесиптик-техникалык окуу жайларына жана квалификацияны жогорулатуу жана кайра даярдоо боюнча курстарга кирүүдө артыкчылык укугунан пайдаланат.

3. Жаңы кесипти өздөштүрүүдө (жаңы жумушчуларды даярдоодө)

окутуунун бүткүл мезгилине жумушчунун тарифтик ставкасынын 100 пайыз өлчөмүндө эмгек акы алууга укуктуу.

4. Экинчи кесип алуу үчүн кайра даярдоодо, окутууда жана

квалификациясын жогорулатууда жумуштан ажыратуу менен окутуунун

бүткүл мезгилине өзүнүн кесиби жана квалификациясы боюнча орточо айлык акысын сактап калууга укуктуу.

5. Согуш аракеттерине катышуу учурунда алынган жаракаттын,

контузиянын, мертинүүнүн же дартка чалдыгуунун натыйжасында майып болгондор жана мамлекеттин толук камсыздоосунда болгон адамдар жогорулатылган өлчөмдө стипендия алууга укуктуу. 1996-жылдын 8-майындагы № 14 “Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана ооруктагы эмгекчилер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы мыйзамдарда белгиленген тартипте кабыл алынган, "Эркин-Тоо" гезитинин 1996-жылдын 15-майындагы №72-73 санында жарыяланган, Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизилген жана колдонуудагы болуп саналат.

2. Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык адам, анын

укуктары жана эркиндиктери эң жогорку баалуулук болуп саналат, ал эми аларды абсолюттук, ажыратылгыс жана ар кандай кол салуулардан мыйзам жана сот тарабынан корголот деп таануу мамлекеттин милдети болуп саналат. Адамдын жана жарандын укуктары жана эркиндиктери түздөн-түз колдонулат, аларды мамлекеттин аймагынын чегинде жана өзүнүн юрисдикциясында коргоо бардык мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын ишинин мааниси менен мазмунун аныктайт. Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктери Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык таанылат жана кепилденет (23-берененин 1-бөлүгү, 24-берененин 1-бөлүгү, 55-берене). Бул конституциялык жоболордун өз ара байланышындагы мааниси мамлекеттин Конституциядан гана эмес, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдерден, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптеринен жана ченемдеринен келип чыккан адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин ишке ашырууну жана

коргоону мыйзамдык жактан бекемдөөнү камсыз кылууга милдеттүүлүгүн билдирет. Мамлекет тарабынан таанылган укуктар жана эркиндиктер, тактап айтканда, улгайганда, ооруп же эмгекке жөндөмдүүлүгүн жоготкон башка учурларда, согуштун ардагерлеринин (согуш аракеттеринин катышуучуларынын) мамлекеттин эсебинен социалдык камсыздоого болгон укугу Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдерден да келип чыгат. Бул укуктун укуктук маңызы мамлекеттин кызыкчылыгында согуштук аракеттерге (согуштарга) катышкан, өз өмүрүн жана ден соолугун аябастан өзүнүн кесиптик жана жарандык милдетин аткарган адамдарга карата анын компенсациялык мүнөзүндө жатат. Жашоо-турмуштук функцияларын жоготуунун чоң тобокелчилиги менен коштолгон мындай адамдардын ишинин социалдык маанилүүлүгү, анын бүткүл коом жана мамлекет үчүн зарылчылыгы мындай адамдарга тиешелүү компенсацияларды, алардын бири катары социалдык жеңилдиктерди берүү зарылдыгын шарттайт. Согуштук аракеттердин масштабын, алардын катышуучуларынын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудурган тобокелдиктерди, алардын узак мөөнөттө болуусун жана алардын аткарган функциялары менен милдеттеринин мазмунун эске алуу менен мамлекет социалдык жеңилдиктерди берүүдө дифференциациялоону орнотууга укуктуу, өзүнчө алганда бул мыйзам жана сот алдында бардыгы бирдей деген конституциялык принципти бузуу катары каралышы мүмкүн эмес. Ошол эле учурда социалдык камсыздоого болгон укук абсолюттук эмес экендигин белгилей кетүү керек, улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын саламаттыгын жана адеп-ахлагын коргоо, башка адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо максатында Конституция жана мыйзамдар менен чектелиши мүмкүн, мында бул чектөөлөр өлчөмдөш болууга тийиш жана берилген укукту жокко чыгарбашы же кемсинтпеши керек (Конституциянын 23-беренесинин 2-бөлүгү, 56-беренесинин 2-бөлүгү).

3. Конституция социалдык мамлекеттин максаттарына ылайык

жарандардын социалдык жактан корголбогон категориясына, анын ичинде согуштун ардагерлерине мамлекеттик пенсияларды, жөлөк пулдарды жана башка социалдык коргоонун жана колдоонун кепилдиктерин камсыз кылат (1- берененин 1-бөлүгү, 19 жана 54-беренелер). Конституциялык жоболорду жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдердин ченемдерин ишке ашырууда мамлекет тарабынан коомдо жигердүү жана толук максаттуу жашоо үчүн шарттарды камсыз кылган социалдык коргоонун талаптагыдай деңгээлин түзүү үчүн согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлерине жана ооруктун эмгекчилерине карата мамлекеттик саясаттын укуктук, уюштуруучулук, экономикалык негиздерин жөнгө салган “Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана ооруктагы эмгекчилер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын атайын Мыйзамы кабыл алынган. Бул Мыйзам менен мамлекет согуштун ардагерлерине белгилүү бир укуктарды, компенсацияларды жана артыкчылыктарды берүү түрүндө социалдык жактан коргоо чараларын көрүүнү кепилдейт, алар ар кандай жагдайларда жокко чыгарылбашы же ошого тете компенсациясыз, ошондой эле финансылык абалына жана социалдык статусуна карабастан өзгөртүлүшү мүмкүн эмес (2-берене). Бул принципти сактоо мыйзамдык саясаттын алдын ала билүүчүлүгүн, укуктук аныктыгын, укуктук жөнгө салуунун акылга сыярлык туруктуулугун камсыз кылууну, ченемдердин колдонуудагы системасына өзүм билемдик менен өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол бербөөнү болжолдойт. Социалдык чөйрөдөгү мыйзамдардын, социалдык коргоонун формаларын жана ыкмаларын ар кандай өзгөртүү жарандарга акылга сыярлык өткөөл мезгилде киргизилген өзгөртүүлөргө ыңгайлашуу мүмкүнчүлүгүн берүү, ошондой эле мындай өзгөртүүлөрдүн терс кесепеттерин жоюуга же азайтууга мүмкүнчүлүк бергидей компенсациялык механизмди түзүү менен коштолушу керек.

Мыйзам менен субъекттер да – согуштун ардагерлери аныкталган, аларга Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары; Улуу Ата мекендик согуштун майыптары; башка мамлекеттердин аймагындагы согуштук аракеттерге катышкандар; согуштук аракеттердин аймагында көбүнчө аскер кызматчыларынын ишин камсыз кылган адамдардын башка категориялары кирет. Мында согуштун ардагерлеринин ар бир категориясы Мыйзамга ылайык социалдык жеңилдиктердин белгилүү бир түрү менен камсыздалат. Мындай ажыратуу тиешелүү кепилдиктер жана жеңилдиктер берилүүгө тийиш болгон адамдардын категорияларын кыйла так аныктоого жана аларды адилет бөлүштүрүүнү камсыз кылууга мүмкүндүк берүүчү мыйзам менен орнотулган критерийлерге негизделет. Мыйзамдын жогоруда белгиленген жобосу Кыргыз Республикасынын укуктук тутумунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган (Конституциянын 6- беренесинин 2-бөлүгү), 1994-жылдын 15-апрелиндеги Улуу Ата мекендик согуштун катышуучуларына жана майыптарына, башка мамлекеттердин аймагындагы согуш аракеттердин катышуучуларына, курман болгон аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрүнө жеңилдиктерди жана кепилдиктерди өз ара таануу жөнүндө макулдашуу менен үндөш. Көрсөтүлгөн Макулдашууга ылайык, Макулдашуунун 1-беренесинде көрсөтүлгөн адамдардын категориялары аймагында туруктуу жашаган катышуучу мамлекеттин мыйзамдарына ылайык жеңилдиктерден жана кепилдиктерден пайдаланышат. Мында жеңилдиктер жана кепилдиктер Макулдашуунун 2-тиркемесинде каралган Жеңилдиктердин жана кепилдиктердин тизмесинин негизинде натуралай түрдө же Макулдашууга катышкан мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык акчалай төлөмдөр түрүндө берилет. Ошентип, мыйзам чыгаруучу мамлекеттин эл аралык келишимдерден келип чыгуучу коомдук-укуктук милдеттенмелерин эске алып, Ата Мекенди коргоодо, аскердик кызматта, башка мамлекеттик кызматтарда, узак

мөөнөттүү ак ниет эмгекте жана башка жагдайларда сиңирген эмгегин эске алуу менен түзүлгөн ардагерлердин категорияларынын ортосунда социалдык кепилдиктер жана жеңилдиктер комплексинин дифференциацияланган бөлүштүрүү принцибин Мыйзамдын негизине түптөгөн.

4. Согуш ардагерлерине, тактап айтканда, башка мамлекеттердин

аймагындагы согуштук аракеттердин катышуучуларына социалдык коргоо берүү Мыйзам менен адамдардын үч тобуна дифференциациялаган (Мыйзамдын 17-статьясы). Биринчи топто Советтик Армиянын жана Аскер-Деңиз Флотунун, Мамлекеттик коопсуздук комитетинин аскер кызматчылары, СССРдин Ички иштер министрлигинин жетекчи жана катардагы курамы, анын ичинде согуштук аракеттерге катышкан аскер адистери жана аскер кеңешчилери көрсөтүлгөн. Экинчи топто – аскердик жыйындарга чакырылып, Афганистанга жиберилген аскерге милдеттүүлөр, согуш аракеттеринин учурунда Афганистанга жүктөрдү жеткирүү үчүн жиберилген автомобилдик батальондордун аскер кызматчылары. Үчүнчү топто – Афганистанда советтик аскер контингенттерин тейлеген, жаракат, контузия алган же мертинген же болбосо согуштук аракеттерди камсыз кылууга катышкандыгы үчүн СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйланган жумушчулар жана кызматчылар. Кайрылуу субъектиси тарабынан талашылып жаткан Мыйзамдын аталган жоболору “аскердик адистери жана аскердик кеңешчилери” деген сөздөрдү кошпогондо, Макулдашуунун 1-тиркемесинин 3-пунктуна ылайык келет, ал эми Макулдашууда “аскердик адистер жана кеңешчилер” деп көрсөтүлгөн. Ушул эле туюнтма – аскердик адистер жана кеңешчилер – Мыйзамдын 17-статьясынын текстинде ага 2009-жылдын 30-декабрындагы № 319 “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен өзгөртүүлөр киргизилгенге чейин бар болчу. Тарыхый аспектиден алганда аскер кеңешчилери жана адистери көбүнчө аскердик, аскердик-саясий жана аскердик-техникалык жактан колдоо

көрсөтүлгөн достук мамиледеги өлкөлөргө жөнөтүлгөн СССРдин Коргоо министрлигинин кызматкерлери болушкан. Аскердик адистер аскер ишинин белгилүү бир жаатындагы эксперттер болгон, алар ар кандай милдеттерди аткарышкан, анын ичинде: окутуу жана консультация берүү; жабдуу жана логистикалык колдоо; техникалык тейлөө; аскердик операцияларды пландаштыруу жана жүргүзүү; чалгындоо жана башка маалыматтарды даярдоо жана берүү, ошондой эле союздаш куралдуу күчтөрдүн аракеттерин координациялоо жана медициналык жардам көрсөтүү. Алар аскер күчтөрүнүн аскердик мүмкүнчүлүктөрүн жана эффективдүүлүгүн жогорулатуу үчүн өздөрүнүн билими жана тажрыйбасы менен бөлүшкөн. Каралып жаткан укуктук маселенин контекстинде кеңешчилер достук мамиледеги өлкөлөрдүн аскердик бөлүмдөрүнүн жетекчилигине адистештирилген маалыматты берүү үчүн дайындалган консультанттар жана эксперттер болушкан. Алар согуштук операцияларды уюштуруу, аскердик персоналды окутуу, аскердик стратегияларды жана тактикаларды иштеп чыгуу, согуш аракеттеринин талаасында кырдаалды талдоо ж.б.у.с. милдеттерди аткарышкан. Партиялык кеңешчилер – партиялык уюмдардын жетекчилерине кеңешчилер катары жардам көрсөтүү үчүн Афганистанга жиберилген СССРдин Коммунисттик партиясынын бөлүмдөрүнүн кызматкерлери болгон. Алар партиялык түзүмдөрдүн саясий иштерин уюштуруу жана колдоо көрсөтүү менен алектенишкен, саясий стратегияларды иштеп чыгууда, партиялык иштерди мобилизациялоодо, саясий агитацияны жана пропаганданы жүргүзүүдө, партиялык уюмду чыңдоодо консультацияларды жана башка жардамды беришкен, ошондой эле өлкөдөгү саясий жана социалдык-экономикалык реформаларды жүргүзүүгө көмөк көрсөтүшкөн. Бул категориядагы адамдардын негизги милдети партиялык иштерге жана идеологиялык жактан колдоого көнүл буруу болгон. Ошону менен бирге алар белгиленген тартипте СССРдин Куралдуу Күчтөрүнүн катарына (аскердик

жыйындарга) чакырылган эмес жана тиешелүү түрдө Афганистандагы согуштук аракеттерге түздөн-түз катышкан эмес. Демек, аткарылуучу функциялардын жана милдеттердин маанисиненн жана мазмунуна алганда, Макулдашуунун 1-тиркемесинин 3.1-пунктунда көрсөтүлгөн кеңешчилерди аскердик кеңешчилер деп түшүнүү керек, алардын катарына партиялык кеңешчилерди таандык кылуу мүмкүн эмес. Ошентип, “кеңешчилер” деген сөздү “аскердик кеңешчилер” деген сөзгө алмаштырууга алып келген Мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр согуштук аракеттердин мезгилинде АДРдын аймагында болгон адамдардын укуктук статусун аныктоочу Улуу Ата мекендик согуштун катышуучулары жана башка мамлекеттердин аймагындагы согуштук аракеттердин катышуучулары, курман болгон аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрү үчүн жеңилдиктерди жана кепилдиктерди өз ара таануу жөнүндө макулдашуунун жоболорунун укуктук маңызын жана баштапкы маанисин өзгөрткөн жок, демек Конституциянын 11-беренесинин 4-бөлүгүнө, 23-беренесинин 1-бөлүгүнө, 24- беренесинин 1-бөлүгүнө карама-каршы келбейт. Арыз ээсинин талашылып жаткан Мыйзам кабыл алынганга чейин ага берилип келинген социалдык кепилдиктердин көлөмүнүн азайышы укукка каршы жана муну менен анын конституциялык укуктары кемиди деп түшүнүүсү жаңылыштык болуп саналат. Мыйзамга 2009-жылдын 30-декабрындагы №319 “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен өзгөртүүлөр киргизилгенге чейин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан кайрылуу субъектисин башка мамлекеттердин аймагындагы согуштук аракеттердин катышуучуларынын биринчи тобуна таандык кылуусу жана аталган Мыйзамдын жоболоруна ылайык ага кепилдиктерди жана жеңилдиктерди берүү согуштук аракеттердин мезгилинде АДРдин аймагында болушкан адамдардын укуктук статусун аныктаган мамлекеттер аралык макулдашуунун жоболорун туура эмес чечмелөөнүн натыйжасы болгон.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктун, 4-бөлүгүн, “Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын 48, 49, 52 жана 53-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту Ч Е Ч Т И:

1. “Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана ооруктагы

эмгекчилер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17- статьясынын 1-бөлүгү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 11- беренесинин 4-бөлүгүнө, 23-беренесинин 1-бөлүгүнө, 24-беренесинин 1- бөлүгүнө карама-каршы келбейт деп таанылсын.

2. Чечим акыркы жана даттанууга жатпайт, ал жарыяланган учурдан

тартып күчүнө кирет.

3. Чечим бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча

башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана республиканын бардык аймагында аткарылууга тийиш.

4. Бул Чечим мамлекеттик бийлик органдарынын расмий

басылмаларында, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун расмий сайтында жана “Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Жарчысында” жарыялансын. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТУ
