Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кайрылуусу боюнча Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 44-беренесинин 2-бөлүгүн расмий чечмелөө жөнүндө
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТУНУН Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кайрылуусуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 44-беренесинин 2-бөлүгүн расмий чечмелөө жөнүндө Ч Е Ч И М И 2023-жылдын 19-апрели Бишкек шаары Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту: төрагалык кылуучу –
Э.Ж. Осконбаев, судьялар Ч.А. Айдарбекова, М.Р. Бобукеева, К.А. Дуйшеев,
Л.Ч. Жолдошева, Л.П. Жумабаев, М.Ш. Касымалиев, К.Дж. Кыдырбаев,
Ж.А. Шаршеналиевдин курамында, катчы Н.А. Кененсариеванын
катышуусунда, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүн, «Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 4, 17, 38, 45, 48-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 44-беренесинин 2-бөлүгүн расмий чечмелөө жөнүндө ишти жазуу жүзүндөгү жол-жобо боюнча карап чыкты. Бул ишти кароого Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин сунуштамасы себеп болду. Конкреттүү нагыз жана укуктук кырдаалдарга байланыштуу, мыйзам чыгаруу жана укук колдонуу процессинде Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 44-беренесинин 2-бөлүгүнүн жоболорун түшүнүүдө пайда болгон күмөндүүлүк ишти кароого негиз болду. Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту ишти соттук отурумга даярдаган судья-баяндамачы Ч.А. Айдарбекованын маалыматын угуп, иштин материалдарын изилдеп чыгып, Т А П Т Ы: Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна 2023-жылдын 3-февралында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (мындан ары - Министрлер Кабинети) пенсия, социалдык жөлөк пулдар жана башка социалдык жардам мыйзам менен белгиленген жашоо минимумунун өлчөмүнөн төмөн эмес жашоо деңгээлин камсыз кылат деп караштырган Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 44-беренесинин 2-бөлүгүн расмий чечмелөө жөнүндө сунуштамасы келип түшкөн. Министрлер Кабинети өзүнүн кайрылуусунда социалдык камсыздоо азыркы замандагы мамлекеттин өзгөчө институту катары социалдык ишенимдүүлүктүн көрсөткүчү, ар бир жарандын татыктуу жашоосунун жана социалдык тобокелдиктер болгон учурда жашоо каражаттарынын булагынын сакталышынын кепилдиги болуп саналат деп белгилейт. Социалдык камсыздоо камсыздандыруунун негизинде түзүлүүчү атайын фонддордун эсебинен же мыйзамда белгиленген учурларда жана шарттарда мамлекеттин ассигнациялоолорунун эсебинен улгайган жарандардын, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын, багуусунан ажыраган адамдардын жана башкалардын жеке турмуштук зарыл муктаждыктарын (физикалык, социалдык, интеллектуалдык) канааттандыруу максатында материалдык бакубаттуулуктарды бөлүштүрүүнүн формасы катары аныкталып келет. Социалдык камсыздоо жогоруда аталган категориядагы жарандардын тиричилигин камсыз кылуунун формасы болуп, алардын социалдык жактан
корголушунун кепилдиги кызматын аткарат жана алар ар кыл турмуштук жагдайлардан улам колдоого муктаж болгон учурларда мамлекет тарабынан көрүлө турган ар кандай чаралардын комплексин камтыйт. Кайрылуунун субъекти өзүнүн сунуштамасында Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдердин ченемдерине шилтеме жасап, ар бир адам, ал сарпталган эмгектин ордуна киреше булагын ала албаган турмуштук оор кырдаалга туш болгондо, аны камсыз кылууга мүмкүндүк берген социалдык камсыздоого укуктуу (Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 22-беренеси); мамлекет индивидуалдык тартипте жана эл аралык жардам жана кызматташтык аркылуу да, атап айтканда, экономикалык жана техникалык тармактарда, таанылган укуктарды акырындык менен толук кандуу жүзөгө ашырууну камсыз кылуу үчүн бардык тиешелүү жолдор менен өзүнүн колдо болгон ресурстарынын алкагында максималдуу деңгээлде чараларды көрүүгө милдеттенет (Экономикалык, социалдык жана маданий укуктар жөнүндө эл аралык пакттын 2-беренеси); мамлекет социалдык коргоонун жалпы жана баарын камтыган системаларын акырындык менен түзүүгө жана мындай коргоонун орундуу деңгээлдерин камсыз кылууга багыт алган (Социалдык камсыздандыруунун минималдуу ченемдери жөнүндө Эл аралык эмгек уюмунун №102 конвенциясынын 67-беренеси) деп көрсөтүүдө. Кайрылууда жарандардын социалдык укуктарын ишке ашыруу боюнча Министрлер Кабинети тарабынан көрүлүп жаткан чаралар да келтирилген. Тактап айтканда, «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык пенсиялар жаш курагы, майыптыгы жана баккан адамынан айрылгандыгы боюнча дайындалып турганы белгиленет. Аялдарга жана эркектерге жаш курагы боюнча пенсиялар мыйзамда көрсөтүлгөн жаш куракка жеткенде жана алардын камсыздандыруу стажы болгон учурда өмүрү өткөнчө белгиленет. Майыптыгы боюнча пенсия майып болуунун себептерине карабастан адам эмгекке жарактуулугун толук жоготкон учурда белгиленет жана эмгекке
жарактуулугу калыбына келгенге чейин же өмүрү өткөнчө белгиленет. Эгерде баккан адамдын өлгөн күнгө карата ага майыптыгы боюнча пенсия дайындоо үчүн зарыл болгон стажы болсо, өлгөн адамдын багуусунда болгон эмгекке жараксыз үй-бүлө мүчөлөрүнө баккан адамынан айрылгандыгына байланыштуу пенсия дайындалат. Пенсионерлердин кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу максатында пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүн индексациялоо жүргүзүлүп турат. Эгерде пенсиянын жалпы өлчөмү пенсионердин жашоо минимумунан (өткөн календардык жылы иш жүзүндө калыптанган) төмөн болсо, пенсиянын базалык бөлүгү индексацияланат. Орточо эмгек акынын чоңдугунун жана индексациянын алдындагы календарлык жылы калыптанган керектөө бааларынын индексинин өсүшү пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүн индексациялоо шарты болуп саналат. Пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүн индексациялоонун коэффициенти керектөө бааларынын индексинин суммасынын жана мурдагы календардык жылы калыптанган орточо айлык эмгек акынын өсүшүнүн орточо маанисинен кем эмес чоңдугун түзөт. Мында индексациянын өлчөмү өткөн календардык жыл үчүн пенсионердин жашоо минимумунун чоңдугунун өсүшүнүн кем эмесин түзөт. 2022-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүн индексациялоонун коэффициенти 1,15 өлчөмүндө бекитилген. Пенсияларды индексациялоо Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун (мындан ары - Социалдык фонд) бюджетинде каралган каражаттардын чегинде жыл сайын жүргүзүлөт. 2021-жылдын 1-октябрына чейин дайындалган пенсиялардын базалык бөлүгүн индексациялоо 2021-жылдын 1-октябрынан тартып жүргүзүлдү, алардын жалпы өлчөмү 2019-жылдагы орточо эмгек акыга карата 2020-жыл үчүн орточо эмгек акынын эсепке алуу менен, өткөн жыл үчүн пенсионердин жашоо минимуму көрсөткүчүнөн 110 пайызга төмөн чыкты. 2022-жылдын 1-октябрынан тартып индексациялоодон кийин пенсиянын базалык бөлүгү 3170,0 (үч миң бир жүз жетимиш) сом өлчөмүндө белгиленген. Ошондой эле,
2021-жылдын 1-октябрынан тартып ата-энесинин биринен же экөөнөн тең ажыраган учурда балдарга ай сайын берилүүчү социалдык жөлөк пулдун өлчөмү багуучусунан ажыраган баланын пенсиясынын базалык бөлүгүнүн өлчөмүнөн төмөн болууга тийиш эмес. Ошону менен бирге, кайрылуу субъекти пенсиялык системаны реформалоо боюнча жасалган кадамдар объективдүү себептерден улам тез натыйжа бере албайт, анткени пенсиялык системанын узак мөөнөттүү милдеттенмелери бар деп белгилейт. Сунуштамада жарандарды социалдык жөлөк пулдар менен камсыз кылуу боюнча Министрлер Кабинетинин аракеттери да көрсөтүлгөн. «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине ылайык жарандарга мыйзам менен белгиленген тартипте мамлекеттик жөлөк пулдардын төмөнкүдөй түрлөрү төлөнөт: 1) “балага сүйүнчү” – ар бир бала төрөлгөндө бир жолку төлөө; 2) “үй-бүлөгө көмөк” – 16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандарга (үй-бүлөлөргө) ар айлык жөлөк пул; 3) “социалдык жөлөк пул” – пенсиялык камсыз кылууга укугу жок адамдарга ар айлык жөлөк пул; 4) ата- энесинин экөө тең белгисиз балдарга төлөнүүчү ар айлык жөлөк пул. Көрсөтүлгөн жөлөк пулдардын өлчөмдөрү бюджеттин мүмкүнчүлүктөрүнө жана жашоо минимумун эске алуу менен экономиканын абалына жараша Министрлер Кабинети тарабынан жыл сайын белгиленет. Конституциянын 86-беренесинин 3-бөлүгүнөн келип чыгуучу мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржылануучу чыгымдарды көбөйтүүнү караган мыйзам долбоорлорун Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алууда мыйзам чыгаруу ишинин жүрүшүнө таасир этүүчү конституциялык ыйгарым укукка шилтеме жасоо менен, Министрлер Кабинети социалдык төлөмдөрдү берүү өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүн жана мамлекеттин реалдуу экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен жүргүзүлүшү керек деп эсептейт.
Кайрылуу субъектисинин пикири боюнча жашоо минимуму социалдык саясаттын багыттарын аныктоого жана калкты социалдык жактан колдоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууга; калктын жашоо деңгээлине талдоо жүргүзүүгө жана божомолдоого; минималдык мамлекеттик эмгек кепилдиктерин негиздөөгө арналат. Максаттуу арналышына жараша жашоо минимуму төмөнкүдөй түрлөргө бөлүнөт: (1) калктын жан башына; (2) калктын негизги социалдык-демографиялык топтору (жумушка жарамдуу калк, пенсионерлер, курагы боюнча белгилүү топтордогу балдар) боюнча (“Кепилденген мамлекеттик минималдык социалдык стандарттар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренеси). Жашоо минимуму жалпысынан республика жана региондор боюнча калктын негизги социалдык- демографиялык топтору үчүн жашоо минимумун өлчөмүн эсептөөнүн методикасына ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан квартал сайын эсептелет жана 2022-жылдын 1-январына карата ал 7040 (жети миң кырк) сомду түзөт. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин корутундусуна ылайык 16 жашка чейинки балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жөлөк пул дайындоодо жана төлөөдө балдар үчүн жашоо минимумунун өлчөмүндө (6150 сом) “үй-бүлөгө көмөк” бир үй-бүлөгө жөлөк пулдун алынуучу суммасы айына 19680 сомду түзөт, бул республика боюнча орточо эмгек акынын деңгээлине – 75,2 пайызга жетет, ошондой эле социалдык чөйрөнүн (билим берүү – 18226 сом, маданият – 17560 сом) кызматкерлеринин орточо эмгек акысынан ашат. Мамлекеттин мындай социалдык иши жарандын өзү жана үй-бүлөсү үчүн экономикалык бакубаттыкка жетишүү мүмкүндүгүн, экономикалык эркиндигин, активдүүлүгүн чектөөчү мамлекеттик камкордук формасына Конституциянын талаптарына ылайык өтпөөсү керек (44-беренесинин 5-бөлүгү). Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин алдын ала эсептөөлөрү боюнча мамлекеттик жөлөк пулдарды жана башка социалдык жардамдарды жашоо минимумунун деңгээлинде төлөөгө кошумча 30,2 млрд. сом талап кылынат, ал эми пенсиянын базалык
бөлүгүнүн өлчөмүн 2023-жылдын 1-январынан тартып пенсионер үчүн жашоо минимумунун 100 пайыз деңгээлинде (6395,22 сом) белгилөө үчүн республикалык бюджеттин эсебинен кошумча 30,0 млрд. сомго жакын каражат талап кылынат. Министрлер Кабинетине Конституциянын 44-беренесинин 2-бөлүгүн ишке ашыруу үчүн 2023-жылдын 1-январынан тартып бардыгы 60,2 млрд. сом талап кылынат. Жогоруда белгиленген жүйөлөргө негизденип, Министрлер Кабинети Конституциянын 44-беренесинин 2-бөлүгүн расмий чечмелеп берүүнү суранат, анткени Экономикалык, социалдык жана маданий укуктар жөнүндө эл аралык пакттын жоболоруна ылайык мамлекеттин экономикалык мүмкүнчүлүктөрүнө жараша пенсия, социалдык жөлөк пул жана башка социалдык жардам жашоо минимумунан төмөн эмес жашоо деңгээлин камсыз кылууга тийиш деп түшүнүү керекпи деген суроого бул ченем түз жоопту камтыбайт. Конституциялык соттун судьялар коллегиясынын 2023-жылдын 10-февралындагы аныктамасы менен сунуштама өндүрүшкө кабыл алынган. “Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын 38-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык Конституцияны расмий чечмелөө жөнүндө сунуштама боюнча ишти кароо жазуу жүзүндөгү жол-жобо боюнча жүзөгө ашырылат. Каралып жаткан иш боюнча Министрлер Кабинетинин позициясын ишеним кат боюнча финансы министри А.К. Бакетаев, Эмгек, социалдык өнүктүрүү жана миграция министри К.Б. Базарбаев, ошондой эле Министрлер Кабинетине караштуу Социалдык фонддун төрагасы Б.Дж. Алиев келтиришти. Үчүнчү жактар катары Жогорку Кеңеш, Юстиция министрлиги жана Улуттук статистикалык комитети тартылган. Жогорку Кеңештин атынан анын Конституциялык соттогу туруктуу өкүлү С.К. Ысыранов Конституциялык соттун конституциялык түзүлүштүн негиздерин, адамдын жана жарандын негизги укуктары менен эркиндиктерин
коргоо, Конституциянын үстөмдүгүн жана түздөн-түз колдонулушун камсыз кылуу боюнча жазмышын белгилеп, бул маселени чечүүнү Конституциялык соттун ыктыярына калтырды. Юстиция министрлиги мамлекеттик пенсиялар, социалдык жөлөк пулдар жана башка социалдык жардам бюджеттин мүмкүнчүлүктөрүнөн улам жана жашоо минимумун эске алуу менен төлөнүш керек деп эсептейт. Юстиция министрлиги өзүнүн позициясын негиздөөдө Экономикалык, социалдык жана маданий укуктар жөнүндө эл аралык пактынын 2-беренесинин жоболорун келтирет, анда Пактыга катышкан ар бир мамлекет индивидуалдык тартипте жана эл аралык жардам жана кызматташтык тартибинде, атап айтканда, экономикалык жана техникалык жааттарда бардык тиешелүү ыкмалар менен таанылган укуктарды акырындык менен толук ишке ашырууну камсыздоо үчүн бар болгон ресурстардын максималдуу чегинде чараларды көрүүгө милдеттенет деп белгиленген. Ошондой эле, “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык мамлекеттик жөлөкпулдардын өлчөмдөрү бюджеттин мүмкүнчүлүктөрүнө жана жашоо минимумун эске алуу менен экономиканын абалына жараша Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жыл сайын белгиленет. Улуттук статистикалык комитет өзүнүн позициясында “Кепилденген мамлекеттик минималдык социалдык стандарттар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана “Кыргыз Республикасынын калкынын негизги социалдык-демографиялык топтору үчүн жашоо минимумунун түзүмүн бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 6-ноябрындагы № 694 токтомуна ылайык Улуттук статистикалык комитет Кыргыз Республикасынын калкынын негизги социалдык-демографиялык топтору үчүн жашоо минимумун эсептөөнүн бекитилген методикасына ылайык керектөө корзинасына кирген керектөө товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө болгон баалардын индексинин өзгөрүшүн эске алуу менен жашоо минимумунун нарктык чоңдугун квартал
сайын аныктайт деп түшүндүрмө берди. Конституциялык сот жазуу жүзүндө келтирилген Министрлер Кабинетинин сунуштамасын, үчүнчү жактардын жүйөлөрүн жана пикирлерин карап чыгып жана талкуулап, иштин материалдарын изилдеп чыгып, төмөнкүдөй тыянактарга келди.
1. “Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө”
конституциялык Мыйзамдын 17-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык Конституциялык сот Конституциянын жоболорун расмий чечмелөө жөнүндө маселени карап жатып, арыз ээсинин негиздерине жана жүйөлөрүнө байланбастан, кайрылууда көрсөтүлгөн предмет боюнча гана чечимди кабыл алат. Ушул иште конституциялык сот өндүрүшүнүн предмети болуп Конституциянын 44-беренесинин 2-бөлүгүнүн төмөнкүдөй мазмундагы расмий чечмелөөсү саналат: «44-берене.
2. Пенсия, социалдык жөлөк пулдар жана башка социалдык жардам
мыйзам менен белгиленген жашоо минимумунун өлчөмүнөн төмөн эмес жашоо деңгээлин камсыз кылат.». Кыргыз Республикасынын Конституциясы 2021-жылдын 11-апрелинде референдум (жалпы элдик добуш берүү) аркылуу кабыл алынган, “Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 5-майындагы №59 Мыйзамы менен күчүнө киргизилген, "Эркин Тоо" гезитинин 2021-жылдын 5-майындагы №41 санына жарыяланган, Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген жана колдонуудагы болуп саналат.
2. Конституциялык соттун Конституциянын 97-беренесинин
2-бөлүгүнүн 1-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 26-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык Конституцияга расмий чечмелөө берүүсү ченем жаратуу жана укук колдонуу процессинде Конституциянын жоболорун түшүнүүдө аныкталган
күмөндүүлүктү (түшүнүксүздүктү, кош маанилүүлүктү) четтетүү максатын көздөйт. Конституциялык контролдоо органы расмий чечмелөө берүүдө Конституциянын рухуна, герменевтикага, укук принциптерине, укуктук логика жана семантикага негизденет. Конституциялык ченемдер жогорку даражадагы жалпылоонун баштапкы жоболору болуп саналат, коомдун саясий, социалдык- экономикалык, руханий-маданий түзүлүшүнүн принципиалдуу жактарын бекитет. Алар укуктун башка тармактары үчүн стандарттар жана укуктук үлгүлөр катары иштейт. Укуктун баардык башка тармактарынын ченемдери баштапкы конституциялык ченемдерди тактап (деталдаштырып) турат, аларды өзүнүн тармактык мазмуну менен толтурат жана аларга каршы келе албайт. Конституция жалпы жонунан негиз салуучу (декларативдүү ченемдер, ченемдер-максаттар, ченемдер-принциптер), жөнгө салуучу, коргоочу жана камсыз кылуучу ченемдерден турат, алар маңызы боюнча бири биринен ажырагыс. Тактап айтканда, ар бир конституциялык ченем бирдиктүү жана бүтүн системанын түзүмдүк бөлүгү болуп саналат. Конституциялык ченемдердин системалык бирдиктүүлүгү калган ченемдердин юридикалык мазмуну пайдубал ченем-принциптердин негизинде куралуусунда туюнтулат. Башкача айтканда, негиз салуучу ченемдер Конституциянын негизин түзөт, кыйла жогорку даражага ээ, ал эми конституциялык ченемдердин бардык башка түрлөрү аны менен карама- каршы келбеген даражада гана иштейт. Демек, Конституциянын расмий чечмеленишинин укуктук мааниси анын айрым ченемдеринин жалпы конституциялык орнотмолор жана принциптер менен ажырагыс, системалуу өз ара байланышта жана кошо катышта анын чыныгы мазмунун жана маанисин ачууда турат. Ушуга байланыштуу Конституциялык сот тарабынан жүзөгө ашырылып жаткан конституциялык ченемди интерпретациялоо анын сөзмө-сөз баяндоосу жана кабыл алынуусу менен чектелбейт.
3. Адам укуктарынын жалпы декларациясынын жоболоруна ылайык ар
бир адам коомдун мүчөсү катары улуттук күч-аракеттер жана эл аралык кызматташтык аркылуу жана ар бир мамлекеттин структурасына жана колдо болгон ресурстарына ылайык социалдык камсыздалууга жана өзүнүн кадыр- баркын сактоо үчүн жана өз инсанын экономикалык, социалдык жана маданий жааттарда эркин өстүрүү үчүн зарыл болгон укуктарын жүзөгө ашырууга укуктуу (22-берене); ар бир адам жумушсуз калганда, ооруганда, майып болгондо, жесир калганда, карыганда же ага байланыштуу болбогон башка жагдайлардан улам жашоо каражатынан ажыраган учурларда камсыз кылынууга укуктуу (25-берене). Экономикалык, социалдык жана маданий укуктар жөнүндө эл аралык пакт да адамдын социалдык камсыздандырылууга болгон укугун тааныйт жана ушул укукту жүзөгө ашырууга байланыштуу ар кандай милдеттенмелерди мамлекеттерге жүктөйт. Бул Пакттын катышуучусу болгон ар бир мамлекет жеке тартипте жана эл аралык жардам жана кызматташуу тартибинде да, атап айтканда, экономикалык жана техникалык жааттарда Пактта таанылган укуктарды колдо болгон ресурстардын максималдуу чектеринде бара-бара толук жүзөгө ашырууну камсыз кылуу үчүн мыйзамдык чараларды кабыл алууну кошкондо, бардык тийиштүү ыкмалар менен чараларды көрүүгө милдеттенет. Кыргыз Республикасы Конституцияга ылайык элдин бакубат жашоосуна жана аны социалдык коргоого камкордук көрөт; жарандардын социалдык жактан корголбогон категорияларын колдоону, эмгекти жана саламаттыкты коргоону камсыз кылат; социалдык кызматтардын, медициналык тейлөөнүн тутумун өнүктүрөт; Кыргыз Республикасынын экономикалык жана социалдык өнүгүү багыттары чагылдырылган улуттук программаларды кабыл алат (17-берененин 2-бөлүгү, 19-берене). Социалдык камсыз кылуу - бул камсыздандыруунун негизинде түзүлүүчү бюджеттен тышкары фонддордун, ошондой эле мамлекеттин ассигнациялоолорунун эсебинен оор турмуштук кырдаалга дуушар болгон
жарандардын зарыл турмуштук жеке муктаждыктарын канааттандыруу максатында материалдык бакубаттуулуктарды бөлүштүрүүнүн формасы. Социалдык камсыз кылууга укукту кепилдеген конституциялык буйруу аталган иш-милдетти тийиштүү укуктук жөнгө салууну түзүү жолу менен аткарууга милдеттендирет. Мыйзам чыгаруучу социалдык коргоого муктаж болгон жарандардын категориялары үчүн мыйзамдарды кабыл алуга укуктуу гана болбостон, аларды кабыл алууга жана ишке ашыруунун конкреттүү механизмин аныктоого милдеттүү. Ошону менен бирге, социалдык камсыз кылуу кепилдиги жаран субъективдүү укуктардын конкреттүү курамына ээ болот дегенди билдирбей турганын белгилей кетүү керек. Ошентип, келтирилген Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жоболорунан жана укуктук системанын ажырагыс бөлүгү болуп саналган эл аралык келишимдерден, атап айтканда, алардын ичинде бекитилген Кыргыз Республикасынын социалдык милдеттенмелеринен колдо болгон ресурстарды кайра бөлүштүрүүнүн тең салмактуу системасынын негизинде социалдык жактан алсыз жарандардын негизги турмуштук муктаждыктарын канааттандырган деңгээлде укуктарын натыйжалуу жүзөгө ашыруу үчүн реалдуу шарттарды түзө алгандай социалдык камсыз кылуунун тартибин бекитүү милдети келип чыгат.
4. Конституциянын кириш сөзүнөн (преамбуласынан) келип чыккандай,
мамлекеттин социалдык адилеттүүлүккө умтулуусу коомдук мамилелерди социалдык-саясий шайкештикке келтирүү зарылдыгын билдирет, мында мамлекет тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жана жумшалып жаткан каражаттар ар кимге анын өздүк өнүгүүсү үчүн бирдей шарттарды жана мүмкүнчүлүктөрдү түзүп, социалдык маселелерди чечүүнүн теңдеме системасын жаратпайт. Демократиялык, укуктук, социалдык мамлекет ар бирине, биринчи кезекте, өндүрүштүн, эмгек рыногунун, жеке активдүүлүктүн натыйжалуулугун жогорулатуунун жыйынтыгында жашоонун татыктуу
шарттарын камсыз кылууга багыт алат жана байгерликти теңдеп кайра бөлүштүрүүнүн жардамы менен бардыгынын бакубаттуулукка жетишүүсүн эмес, мамлекеттин жана жарандын социалдык-экономикалык укуктарды жүзөгө ашырууда өз ара жоопкерчилигин шарттайт. Мамлекет бардыгына камкордук кылганга милдеттүү патерналист сыяктуу болбош керек, ал ар бир адам татыктуу жашоосу үчүн өзү ишке ашыра алгандай шарттарды, өбөлгөлөрдү түзүүгө милдеттүү. Негизинен ар бир индивид өзүнүн социалдык активдүүлүгүнүн натыйжасына өзү жоопкерчилик алган автономдуу субъект катары каралат. Бул өңүттө мамлекет тарабынан эмгекке жөндөмдүү жаран өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн материалдык бакубаттуулугун камсыздоого, ал эми оор турмуштук кырдаалга түшкөндө мамлекет тарабынан социалдык жардамдын белгилүү бир көлөмүнө таяна да тургандай инсандын интеллектуалдык- эмгекчил дареметин эркин жүзөгө ашырууга болгон укугун кепилдейт. Акыркысы индивиддин муктаждыксыз жашоосун кепилдеген социалдык байгерликке болгон абсолюттук укугу катары каралбашы керек, ал объективдүү себептер боюнча адам өзүнүн социалдык көйгөйлөрүн өз алдынча чече албаганда мамлекеттин аларды чечүүгө көмөк көрсөтүү милдеттенмеси катары түшүнүлүшү керек.
5. Кыргыз Республикасынын Конституциясы ар бир адамга
экономикалык эркиндик, мыйзам менен тыюу салынбаган ар кандай экономикалык ишмердүүлүк үчүн өз жөндөмүн жана өзүнүн мүлкүн эркин колдонуу, кесибин жана иштин түрүн тандоо, өзүнүн мүлкүн, өз ишмердигинин натыйжаларына ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө укугун кепилдейт (40, 41, 42-беренелер). Көрсөтүлгөн конституциялык кепилдиктер ар бир индивиддин субъективдүү укуктары гана болбостон, адамдын пайдубал укуктарынын бири жана анын бакубаттуулугунун, ишкердик жана чыгармачыл активдүүлүгүнүн табигый булагы катары рынок экономикасы, ишкердик эркиндиги ар кимдин экономикалык жана жеке көз карандысыздыгынын негизинде жатканда,
Конституция либерализм идеяларын да жактагандыгын ырастайт. Ишкердиктин, эркин атаандаштыктын, жеке менчиктин кебелбестигин таанууга жана жеке демилге үчүн мамлекет тарабынан ар кандай чектөөлөрдү жокко чыгарууга негизделген мамлекеттин либералдык баалуулуктары ар кимге жөндөмүнө өлчөмдөш жашоонун деңгээлине жетишүүгө чексиз мүмкүндүктөрдү гана бербестен, мамлекетке болгону коомдун жашоо аракетин жөнгө салуучу гана ролун калтырат. Негизинен мамлекет салыктык, бюджеттик, кредиттик жана административдик аспаптарды пайдалануу менен ага жүктөлгөн функцияларды аткаруу, анын ичинде калктын эмгекке жарамсыз бөлүгүн багуу боюнча өзүнүн кирешелерин кайра бөлүштүрүүнү гана ишке ашырат. Ошентип, Конституцияга ылайык либералдуу, укуктук мамлекет болгон Кыргыз Республикасынын социалдык саясаты экономикалык мүмкүнчүлүктөрдөн эч бир көз каранды болбой койбойт, анткени өзүнүн социалдык милдеттенмелерин аткарууга жумшай турган жарамдуу ресурстардын көлөмү толугу менен коомдун экономикалык активдүүлүгүнүн жыйынтыктарынан бүт бойдон көз каранды. Ошону менен, жарандардын социалдык укуктарынын жүзөгө ашырылуусу юридикалык кепилдиктердин болушунан гана эмес, ушул укуктарды анык кылуучу экономикалык факторлордун жыйындысы деп түшүнүлгөн материалдык түзүүчүдөн да көз каранды. Мындай өз ара шарттоочулук либералдык башат биринчи орунда жана социалдык мамлекеттин принциптерин жактагандыгы андан артык болушу мүмкүн эмес дегенди билдирет. Ошол эле учурда социалдык милдеттенмелер экономиканын абалына байланышпаган мамлекеттик түзүлүштүн түрү – бул рыноктук мамлекетке антипод, пландуу экономикасы бар мамлекет, анын колунда өндүрүштүн негизги каражаттары жана бүтүндөй өндүрүлгөн продукттун жыйынтыгы топтолгон, бардык болгон коомдук байгерликти бөлүштүрүү боюнча функция толугу менен өзүндө жатат.
6. Улгайган, ооруган, майып болгон жана эмгекке жөндөмдүүлүгүн
жоготкон, багар-көрөрүнөн ажыраган учурларда мамлекеттин эсебинен социалдык камсыз кылуу кепилдиктерин караштырган Конституциянын 44-беренесинин 1-бөлүгүнүн жоболору менен өз ара байланышта ушул эле берененин 2-бөлүгү пенсия, социалдык жөлөк пулдар жана башка социалдык жардам мыйзам менен белгиленген жашоо минимумунун өлчөмүнөн төмөн эмес жашоо деңгээлин камсыз кылат деп орнотот. Укуктук категория катары жашоо минимумунун мазмуну калктын белгилүү мезгил аралыгында жашоо деңгээлинин белгиленген көрсөткүчү болуу жана мамлекеттин социалдык саясатынын багытын тандоосуна жана анын калкты социалдык жактан колдоо көрсөтүү боюнча чараларды жүзөгө ашыруусуна таасир этүү касиетинде турат. Чечмеленип жаткан ченем башка конституциялык орнотмо менен түздөн-түз байланышта турат, ага ылайык мамлекеттин социалдык иши жарандын өзү жана үй-бүлөсү үчүн экономикалык бакубаттыкка жетишүү мүмкүндүгүн, экономикалык эркиндигин, активдүүлүгүн чектөөчү мамлекеттик камкордук формасына өтпөөгө тийиш (44-берененин 5-бөлүгү). Ушул Чечимдин жүйөлөштүрүү бөлүгүнүн 5-пунктунда берилген укуктук позициялар менен өз ара байланышта келтирилген конституциялык ченемдер башка конституциялык маанилүү милдеттер жүктөлгөн мамлекет социалдык кепилдиктер чөйрөсүндөгү анын милдеттенмелерин өзүнүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрүнө өлчөмдөш ишке ашырууга милдеттүү дегенди билдирет. Мамлекеттеги социалдык саясатты жүргүзүүгө жасалган башкача мамиле либерал экономика жана рынок мамилелери жөнүндөгү конституциялык жоболордун ишке ашырылуусуна каршы аракет жасайт. Жогоруда келтирилген конституциялык ченем жалпысынан Конституциянын колдонуудагы редакциясында жаңылык деле болуп саналбайт. Биринчи жолу ал 1993-жылдын 5-майындагы Конституциянын 27-беренесинин 2-бөлүгүндө баяндалган жана анда коомдун экономикалык мүмкүнчүлүгүнө жараша пенсия, социалдык жардам мыйзамда аныкталган
тиричилик каражатынын эң төмөнкү өлчөмүнөн кем эмес турмуш деңгээлин камсыз кылууга тийиш деп каралган. Бул конституциялык орнотмо 2021-жылдын 11-апрелиндеги референдумда колдонуудагы Конституцияны кабыл алганга чейин иштеп келген. Колдонуудагы ченем “коомдун экономикалык мүмкүнчүлүгүнө жараша” деген сөздү камтыбаганы менен, бул ченемдин чыныгы мааниси пенсия, социалдык жөлөк пул жана башка социалдык жардам менен жашоо деңгээлин мамлекеттин реалдуу экономикалык мүмкүнчүлүктөрүнө жараша мыйзам менен белгиленген жашоо минимумунун өлчөмүнөн төмөн эмес камсыз кылат дегенден башкача түшүнүлүшү мүмкүн эмес. Мында мамлекеттин саясаты жарандардын аярлуу категорияларына алардын бардык турмуштук муктаждыктарын канааттандырууга керек болгон көлөмдө социалдык төлөмдөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк берген экономикалык өсүүнүн ушундай деңгээлине жетишүү үчүн илгерилей бериши керек. Ушул Чечимде иштелип чыккан конституциялык ченемдин интерпретациясы конституциялык герменевтиканын принциптерине ылайык жүргүзүлдү жана социалдык камсыздоого байланыштуу адам укуктары жаатындагы эл аралык стандарттарга төп келет. Жогоруда баяндалгандын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктун, 4-бөлүгүн, “Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын 38, 48, 49, 52 жана 53-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту Ч Е Ч Т И:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 44-беренесинин
2-бөлүгүнүн конституциялык-укуктук мааниси пенсиялардын, социалдык жөлөк пулдардын жана башка социалдык жардамдын өлчөмүн аныктоо өлкө экономикасынын абалына жана мүмкүнчүлүктөрүнө тике көз каранды болбой
коюушу мүмкүн эмес, демек, “мыйзам менен белгиленген жашоо минимумунун өлчөмүнөн төмөн эмес жашоо деңгээлин камсыз кылат” деген сөздөр менен берилген ченемдик жобо мамлекет тарабынан пенсия, социалдык жөлөк пулдар жана башка социалдык жардам мыйзам менен белгиленген жашоо минимумунун өлчөмүнөн төмөн эмес өлчөмүн белгилөө мамлекеттин түздөн-түз милдеттенмеси деп түшүнүүгө болбойт, бул максаттуу багыттама катары кабыл алынып, ага карай умтулган аракеттерди жасоо мамлекеттин конституциялык-маанилүү милдети болуп каралууга тийиш.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши жана Министрлер
Кабинети социалдык камсыздоо чөйрөсүнүн укуктук жөнгө салынуусун ишке ашырууда ушул Чечимде баяндалган Конституциянын 44-беренесинин 2-бөлүгүнүн конституциялык-укуктук маанисин кармануусу зарыл.
3. Чечим акыркы жана даттанууга жатпайт, Кыргыз Республикасынын
Конституциялык сотунун расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Чечим бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча
башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана республиканын бардык аймактарында аткарылууга тийиш.
5. Ушул Чечим мамлекеттик бийлик органдарынын расмий
басылмаларында, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун расмий сайтында жана “Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Жарчысында” жарыялансын. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТУ
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 2 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (2)
- Конституция Кыргызской РеспубликиКонституция · 05.05.2021
- Закон «О Конституции Кыргызской Республики»Закон · 05.05.2021 · № 59