Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
«Кыргыз Республикасынын Транспорт каражаттарын айдоочулар союзу» коомдук бирикмесинин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун «Жер участокторун берүү жана алып коюу менен байланышкан мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдерин, аракеттерин (аракетсиздигин) талашуу тууралуу иштерди кароодо келип чыгуучу кээ бир маселелер жөнүндө» 2018-жылдын 31-майындагы № 13 токтомунун 14-пунктунун «Жер участогуна укукту берүү боюнча комиссиянын чечими сотто талашуунун предмети болушу мүмкүн эмес» деген сөздөр менен баяндалган ченемдик жобосунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө
Расмий тилден мамлекеттик тилге которулган КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТУНУН «Жер участокторун берүү жана алып коюу менен байланышкан мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдерин, аракеттерин (аракетсиздигин) талашуу тууралуу иштерди кароодо келип чыгуучу кээ бир маселелер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун 2018-жылдын 31- майындагы № 13 токтомунун 14-пунктунун «Жер участогуна укукту берүү боюнча комиссиянын чечими сотто талашуунун предмети болушу мүмкүн эмес» деген сөздөр менен баяндалган ченемдик жобосунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча Ч Е Ч И М И 2022-жылдын 30-ноябры Бишкек шаары Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту: төрагалык кылуучу
Э.Ж. Осконбаев, судьялар М.Р. Бобукеева, К.А. Дуйшеев, Л.П. Жумабаев,
М.Ш. Касымалиев, К.Ж. Кыдырбаев, Ж.А. Шаршеналиевдин курамында,
катчы Н.А. Кененсариеванын, кайрылуучу тарап - «Кыргыз Республикасынын транспорт каражаттарын айдоочулардын союзу» коомдук бирикмесинин өкүлдөрү -
Евгений Николаевич Коняшиндин, Бексултан Токторбекович Мамбеталиевдин; жоопкер тарап - Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун ишеним кат боюнча өкүлү Маргарита Насаркановна Сапиянованын; үчүнчү жактар - Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда Президенттин жана Министрлер Кабинетинин кызыкчылыктарын ишеним кат боюнча көздөгөн Президенттин Администрациясынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысынын орун басары Гулзаада Назаркуловна Ишекееванын, Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлкүн башкаруу боюнча департаментинин ишеним кат боюнча өкүлү Гуласел Абубакировна Джураеванын катышуусу менен, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 1, 2- бөлүктөрүн, “Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын 4, 17, 40, 45-беренелерин жетекчиликке алып, «Жер участокторун берүү жана алып коюу менен байланышкан мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдерин, аракеттерин (аракетсиздигин) талашуу тууралуу иштерди кароодо келип чыгуучу кээ бир маселелер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун 2018-жылдын 31- майындагы № 13 токтомунун 14-пунктунун «Жер участогуна укукту берүү боюнча комиссиянын чечими сотто талашуунун предмети болушу мүмкүн эмес» деген сөздөр менен баяндалган ченемдик жобосунун конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти ачык соттук отурумда карап чыкты. Бул ишти кароого “Кыргыз Республикасынын транспорт каражаттарын айдоочулардын союзу” коомдук бирикмесинин кайрылуусу себеп болгон. Бул ишти кароого негиз болуп «Жер участокторун берүү жана алып коюу менен байланышкан мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдерин, аракеттерин (аракетсиздигин) талашуу тууралуу иштерди кароодо келип чыгуучу кээ бир маселелер
жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун 2018- жылдын 31-майындагы № 13 токтомунун 14-пунктунун «Жер участогуна укукту берүү боюнча комиссиянын чечими сотто талашуунун предмети болушу мүмкүн эмес» деген сөздөр менен баяндалган ченемдик жобосунун Конституцияга ылайык келүү маселесинде келип чыккан күмөндүүлүк саналат. Ишти соттук отурумга даярдаган судья-баяндамачы К.А. Дуйшеевдин маалыматын угуп, тараптардын жүйөлөрүн талкуулап, үчүнчү жактардын түшүндүрмөлөрүн угуп жана иштин материалдары менен таанышып чыгып, Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту ТАПТЫ: 2021-жылдын 7-октябрында Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна “Кыргыз Республикасынын транспорт каражаттарын айдоочулардын союзу” коомдук бирикмесинин «Жер участокторун берүү жана алып коюу менен байланышкан мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдерин, аракеттерин (аракетсиздигин) талашуу тууралуу иштерди кароодо келип чыгуучу кээ бир маселелер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун 2018-жылдын 31-майындагы № 13 токтомунун 14-пунктунун «Жер участогуна укукту берүү боюнча комиссиянын чечими сотто талашуунун предмети болушу мүмкүн эмес» деген сөздөр менен баяндалган ченемдик жобосунун Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 23- беренесинин 3-бөлүгүнө, 24-беренесинин 2-бөлүгүнө, 61-беренесинин 1- бөлүгүнө, 97-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык келүүсүн текшерүү жөнүндө өтүнүчү келип түшкөн. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун 2022-жылдын 9- мартындагы токтому менен өтүнүч өндүрүшкө кабыл алынган.
Соттук отурумда кайрылуучу тарап өзүнүн талаптарын колдоп, кийинкилерди белгиледи. Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун 2014-жылдын 3- мартындагы, 2017-жылдын 21-августундагы чечимдери менен Бишкек шаарындагы жер участокторуна укук берүү боюнча комиссиянын (мындан ары - Комиссия) баш тартуусун мыйзамсыз деп таануу жөнүндө «Кыргыз Республикасынын транспорт каражаттарын айдоочулардын союзу» коомдук бирикмесинин (мындан ары – Коомдук бирикме) доо арыздары канааттандырылган. Ушул эле чечимдер менен Бишкек шаарынын мэриясынын Жер ресурстары башкармалыгына Коомдук бирикменин укуктары, эркиндиктери жана мыйзамдуу кызыкчылыктары жаатында жол берилген бузууларды толугу менен жоюу сунушталды. Комиссиянын 2021-жылдын 8-апрелиндеги отурумунда Коомдук бирикмеге жер тилкелерин мөөнөтсүз, бекер пайдаланууга берүүдөн баш тартылган, ал эми Коомдук бирикме жаңы жер тилкелери боюнча маселе көтөрбөй, автопарктар жана коллективдүү гараждар катары көп жылдар бою пайдаланылып келе жаткан жер участокторун мыйзамдаштырууну жана ага тиешелүү документтерди алууну гана талап кылган. Бишкек шаарынын Административдик сотунун 2021-жылдын 24- майындагы аныктамасы менен Комиссиянын 2021-жылдын 8-апрелиндеги чечимин жараксыз деп табуу бөлүгүндөгү Коомдук бирикменин административдик доо арызы четке кагылган. Бишкек шаарынын мэриясынын Коомдук бирикмеге берген жообунда Комиссиянын чечимин кайра кароо Жер ресурстары башкармалыгынын ыйгарым укуктарына кирбей тургандыгы көрсөтүлгөн. Мында аталган башкармалык “Жер участокторун берүү жана алып коюу менен байланышкан мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдерин, аракеттерин (аракетсиздигин) талашуу тууралуу иштерди кароодо келип чыгуучу айрым маселелер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун 2018-жылдын 31-
майындагы № 13 токтомунун 14-пунктунун жер участогуна укук берүү боюнча комиссиянын чечими сот тартибинде талашуу предмети боло албайт деп көрсөтүлгөн бөлүгүнө шилтеме жасаган. Коомдук бирикме талашылып жаткан жобонун аракети аларды соттук коргонуу укугунан иш жүзүндө ажыратат деп эсептейт, ал эми бул адамдын, жарандын укуктары менен эркиндиктерин чектеген мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актыларды кабыл алууга тыюу салууну караган Конституциянын 23-беренесинин 3-бөлүгүнүн талаптарынын күчүнөн улам жол берилгис болуп саналат. Арыз ээлери комиссиянын чечимине сотко даттануу мүмкүндүгүнүн жоктугу Конституциянын 61-беренесинин 1-бөлүгү менен кепилденген соттук коргонуу укугун чектөө болуп саналат, анткени сот өндүрүшүнүн милдети бузулган укукту калыбына келтирүүдө турат деп белгилешүүдө. Жогоруда баяндалгандардын негизинде Коомдук бирикме Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун аталган токтомунун 14- пунктунун «Жер участогуна укукту берүү боюнча комиссиянын чечими сотто талашуунун предмети болушу мүмкүн эмес» деген сөздөр менен баяндалган ченемдик жобону Конституцияга карама-каршы келет деп таанууну суранат. Жоопкер тараптын өкүлү М.Н. Сапиянова каралып жаткан маселе боюнча кийинкидей көз карашты билдирди. Конституциялык соттун ыйгарым укуктары Конституция жана «Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө» конституциялык Мыйзам менен аныкталган. Алсак, Конституциянын 97-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2- пунктунда, ошондой эле конституциялык Мыйзамдын 4-беренесинин 1- бөлүгүнүн 2-пунктунда Конституциялык сот мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын Конституцияга ылайык келүүсү жөнүндө иштерди чече тургандыгы белгиленген. Баш Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленуму Кыргыз Республикасынын бардык соттору жана судьялары үчүн милдеттүү болгон соттук тажрыйбанын маселелери боюнча түшүндүрмөлөрдү берерин
аныктайт (98-берененин 3-бөлүгү). Бул конституциялык ченем “Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө” конституциялык Мыйзамда да бекитилген. Соттук тажрыйбаны изилдөө, жалпылоо, сот статистикасын талдоо менен Жогорку соттун Пленуму сотторго мыйзамдарды колдонуу боюнча көрсөтмөлөрдү берет, мында мыйзамдын ченемдеринин негизинде бирдиктүү соттук тажрыйбаны калыптандыруу негизги максат болуп саналат. Жоопкер тараптын өкүлү «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамдын жоболоруна ылайык ченем жаратуучу орган (кызмат адамы) болуп ченемдик укуктук актыларды кабыл алууга (чыгарууга) (ыйгарым укуктуу) мамлекеттик орган (кызмат адамы), жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы (кызмат адамы) саналат деп белгилейт. Өз кезегинде, ченемдик укуктук акт – бул ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (кызмат адамынын), жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын компетенциясынын чегинде же референдум аркылуу кабыл алынган (чыгарылган) жана укук ченемдерин (укуктук эрежелер) орнотууга, өзгөртүүгө же жокко чыгарууга багытталган жана белгиленген формадагы расмий документ. Эгерде Конституцияда башкача каралбаса, ченемдик укуктук актылар ченем жаратуучу орган тарабынан "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамда жана аталган Мыйзамга ылайык кабыл алынган башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген тартипте кабыл алынат. Ченемдик укуктук актылар Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилет жана расмий жарыяланууга тийиш (26-берененин 1-бөлүгү, 28- берененин 1-бөлүгү, 29-берененин 1-бөлүгү). Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын колдонуу боюнча соттук тажрыйба маселелери боюнча сотторго жетекчилик түшүндүрмөлөрдү берүү жөнүндө Пленум токтомдорунун күчүнөн улам даярдоонун, кабыл алуунун,
жарыялоонун жана күчүнө киргизүүнүн тартиби Жогорку соттун Регламентинде аныкталат. Ошентип, Пленумдун токтомдору «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамда белгиленген жогоруда көрсөтүлгөн критерийлерге ээ эмес, ушуга байланыштуу, Пленумдун токтому же анын бир бөлүгү конституциялык сот өндүрүшүнүн предмети боло албайт, ал эми Жогорку сот мыйзам чыгаруучу орган болбогондон кийин, сот адилеттигин жүзөгө ашыруучу орган катары Конституциялык сотто жоопкер катары чыга албайт. Жогоруда баяндалгандардын негизинде жана “Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын 44-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык өндүрүштү токтотууну өтүнөт. Президенттин жана Министрлер Кабинетинин өкүлү Г.Н. Ишекеева талашылып жаткан жобо боюнча төмөнкүдөй пикирин билдирди. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 токтому менен бекитилген Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижарага укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө Типтүү жобонун 71-пункту менен ыйгарым укуктуу органдардын жер участокторду берүүгө тиешелүү чечимдери боюнча административдик иштер жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамда аныкталган тартипте даттанууга болот. Ал эми аталган Типтүү жобонун 5-пунктуна ылайык муниципалдык менчикти башкаруу жана тескөө боюнча ыйгарым укуктарга ээ болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын түзүмү ыйгарым укуктуу орган болуп саналат. Пленумдун токтомунун 14-пунктунда, эгерде жер участогун берүү боюнча комиссиянын чечиминин натыйжасында Кыргыз Республикасынын Жер кодексинде көрсөтүлгөн ыйгарым укуктуу орган тарабынан чечим кабыл алынбаса, жер участогун сатуу же ижарага алуу аукциондун жеңүүчүсү же жер участогун сатып алуучу менен түз сатуу жолу менен келишим түзүлсө, анда
тооруктун же тике сатуунун натыйжасында түзүлгөн бүтүмдөр сот тартибинде талашууга жатат. Ошентип, Г.Н. Ишекееванын айтымында, Жогорку соттун Пленумунун чечиминин 14-пунктунда жерге укук берүү боюнча комиссиянын чечимин эмес, ыйгарым укуктуу органдардын чечимин сотто талашуунун зарылдыгы жөнүндө ченемдер негиздүү каралган. Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлү Г.А. Жураева каралып жаткан маселе боюнча кийинкилерди белгиледи. Бишкек шаардык кеңешинин 2011-жылдын 20-декабрындагы № 288 токтому менен бекитилген Бишкек шаарынын менчигиндеги жер участокторуна ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобонун 66-пунктуна ылайык (мындан ары - Жобо) жер участогун ижарага берүү келишими комиссиянын чечиминин негизинде ыйгарым укуктуу орган тарабынан протоколго кол коюлган күндөн тартып 5 күндүн ичинде түзүлөт. Муниципалдык жер участогуна укук берүүдөн баш тартылган учурда, жер участокторуна укук берүү боюнча комиссиянын чечими отурумдун протоколунда чагылдырылат. Андан кийин ыйгарым укуктуу орган тарабынан эч кандай актылар чыгарылбайт. Мында, жогоруда көрсөтүлгөн Жобо Бишкек шаардык кеңешинин 2020- жылдын 14-январындагы № 141 токтомунун 5-пунктуна ылайык күчүн жоготту деп таанылат, аны менен Бишкек шаарындагы жер участокторду ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобо бекитилген. Жобонун 9-пунктуна ылайык ыйгарым укуктуу орган келип түшкөн арызды чектөөлөрдүн (Бишкек шаардык кеңештин, Бишкек шаарынын мэриясынын чечимдери, укук коргоо жана сот органдарынын актылары) бар- жогун карап чыгат. Чектөөлөр болгон учурда арыз катталган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде арыз ээсине жүйөлүү баш тартуу жөнөтөт. Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту тараптардын жүйөлөрүн талкуулап, үчүнчү жактардын түшүндүрмөлөрүн угуп, иштин материалдарын карап чыгып, кийинкидей тыянактарга келди.
1. Конституциялык сот "Кыргыз Республикасынын Конституциялык
соту жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын 17-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык кайрылууда козголгон предмет боюнча анын ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу күмөн жараткан бөлүгүнө карата гана актыларды чыгарат. Ошентип, бул иш боюнча Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун кароосунун предмети болуп «Жер участокторун берүү жана алып коюу менен байланышкан мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдерин, аракеттерин (аракетсиздигин) талашуу тууралуу иштерди кароодо келип чыгуучу кээ бир маселелер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун 2018- жылдын 31-майындагы № 13 токтомунун 14-пунктунун кийинкидей редакцияда баяндалган ченемдик жобосу саналат: «Жер участогуна укукту берүү боюнча комиссиянын чечими сотто талашуунун предмети болушу мүмкүн эмес». «Жер участокторун берүү жана алып коюу менен байланышкан мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдерин, аракеттерин (аракетсиздигин) талашуу тууралуу иштерди кароодо келип чыгуучу кээ бир маселелер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун 2018-жылдын 31- майындагы № 13 токтому Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2019- жылдын № 1(67) Жарчысында жарыяланган жана күчүндө.
2. Конституцияга ылайык ар бир адамга Конституцияда, мыйзамдарда,
Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде, эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптеринде жана ченемдеринде каралган укуктарын жана эркиндиктерин сот аркылуу коргоо кепилденет (61- берененин 1-бөлүгү). Адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуунун мамлекеттик-укуктук механизминде соттук коргоо укугун ишке ашыруу Конституцияда кепилденген бардык башка укуктардын жана
эркиндиктердин аракети өзөктүү элемент болуп саналат, анткени сотко кайрылуу аркылуу гана башка бузулган укуктарды реалдуу калыбына келтирүү мүмкүн. Демек, соттук коргонууга конституциялык укук негиздүү түрдө эч кандай чектөөлөргө тийиштүү эмес адамдын жана жарандын пайдубал укуктарынын тизмесине кадыресе кирет. Конституцияда соттук коргонуу укугун бекитүү мамлекеттик бийликти (коомдук бийликтин бүткүл тутумун) ар бир белгиленген укукту тоскоолдуксуз пайдаланууга кепилдик берүүчү механизмдерди түзүү милдетине конституциялык түрдө байлайт. Мында бул укуктун негизги мазмуну сот адилеттигинин жеткиликтүүлүгү болуп саналат, ал жарандардын сот адилеттигине жетүүсүн тоскон ченемдерди кабыл алууга жол берилбестигин билдирет. Кандайдыр бир маселе боюнча сот адилеттигине реалдуу жетишпеген жак (адам) соттук коргонууга өзүнүн конституциялык укугун толук пайдалана албайт. Мындан тышкары, соттук коргоого муктаж жактар, эгерде алар өздөрү бул укуктан баш тартпаса, каалаган маселе боюнча сотко кайрылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керек. Ошол эле учурда, бул, кандай гана жак (адам) болбосун, кандай гана талап менен болбосун, кандай гана шартта болбосун, каалаганындай эркин формада сотко кайрыла алат дегенди билдирбейт. Конституциянын маанисинен жана мазмунунан кайрылуучулар сот адилеттигин ишке ашырууну жөнгө салуучу укуктук ченемдерди кыйшаюусуз жана так карманган, белгиленген тартипти сактаган учурда алардын соттук коргонуу укугу ишке ашырылуусу мүмкүн. Ошон үчүн Баш Мыйзамдын 94- беренесинин 2-бөлүгүндө сот бийлиги конституциялык, жарандык, жазык, административдик жана мыйзамда каралган сот өндүрүшүнүн башка формалары аркылуу ишке ашырылат деп орнотулганы бекеринен эмес. Соттук коргоого болгон укуктун маңызы жеке адамдын, биринчиден, анын процесстик укук субъектисине ээ болуусун, экинчиден, укуктун мамилелердин бардык мүмкүн болгон түрлөрүн жөнгө салуучу укук тармактары жөнүндө, сот түзүлүшү жана соттук процедуралар жөнүндө
мыйзамдарды кабыл алуу жана тынымсыз өркүндөтүүнү, ошондой эле сот системасынын түзүлүшүн жана анын иштөө тартибин камсыз кылууну мамлекеттен талап кылуу мүмкүндүгүндө турат. Соттор коомдук мамилелердин катышуучуларынын ортосундагы чыр-чатактарды жана башка талаш-тартыштарды чечет, соттук контролду жүзөгө ашырат, жарандардын жана юридикалык жактардын бузулган укуктарын жана эркиндиктерин калыбына келтирет, мыйзамда белгиленген тартипте күнөөнү аныктайт, таасир этүү жана жаза чараларын колдонот, муну менен адамдын жашоо- тиричилигинин бардык мүмкүн болгон тараптарын камтыйт. Бирок, ошол эле учурда соттук коргонуу укугун ишке ашыруу мамлекеттин милдеттерине гана негизделиши мүмкүн эмес, ал ар бир адамдын өз укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоодо жигердүү көз караштын болушун болжойт. Башкача айтканда, ал сотторго кайрылуу үчүн ага берилген мыйзамдык каражаттарды туура колдонуудан жана процесстик өжөрлүгүнөн келип чыгат. Ошентип, соттук коргоого болгон конституциялык укук – бул ар бир адамдын сот адилеттигинин органы катары соттон караштуулугуна жараша сот өндүрүшүнүн конституциялык, жарандык, жазык же административдик формалары аркылуу өз ишин каратуу жана чечүү жолу менен, мыйзамда белгиленген тартипте субъективдүү укуктарын камсыз кылууну талап кылууга мамлекет тарабынан кепилденген укук.
3. Ченемдик укуктук актылар тутумунда Конституциянын юридикалык
үстөмдүгүн камсыз кылууга арналган, аны менен Баш Мыйзамда бекитилген коомдук жана мамлекеттик түзүлүштүн кол тийбестигине жетишүүнү, инсандын укуктук макамынын туруктуулугун, укуктун бардык субъектилери тарабынан конституциялык талаптардын кыйшаюсуз аткарылышын көздөгөн соттук ведомстволук караштуулук тутумунда үстөмдүк башкы орунду конституциялык контроль ээлейт. Конституцияга конституциялык сот адилеттиги институтунун киргизилиши жөнүндө укуктук ченемдерди кошуу фактысынын өзү саясий-
укуктук мамилелердин түп-тамырынан жаңы тутумга өткөнүн чагылдырып турат. Конституциянын үстөмдүгүн жана тикелей иштешин камсыз кылуу максатында аны коргоо объективдүү түрдө “жаш демократияны” калыптандыруунун сапаттык жаңы этабы менен шартталган, анын жүрүшүндө Конституциянын жөнгө салуучу ролунун милдеттери, коомдун башкалардан айырмалуу макро үлгүсү катары биринчи планга чыгат, анын негизинде жана анын алкагында бүткүл мамлекеттик аппарат иштеши керек. Мында мамлекеттин жана инсандын укуктары менен милдеттеринин өз ара көз каранды диалектикалык биримдиги сакталууга тийиш. Бир жагынан, Баш Мыйзамды коргоо жарандар үчүн өтө маанилүү, анткени ал мамлекеттик институттар тарабынан жарыяланган укуктар менен эркиндиктер деңгээлинин сакталышына кепилдик берүүчү маанилүү шарт катары турмуштук зарылдык болуп саналат, экинчи жагынан, Конституциянын коргоо, кандай гана демократиялык өлкө болбосун, саясий туруктуулукту сактоо жана бүтүндөй коомдун позитивдүү андан ары өнүгүүсү үчүн маңызы боюнча имманенттик касиет болуп саналат. Конституциянын 97-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Конституциялык сот конституциялык сот өндүрүшү аркылуу конституциялык түзүлүштүн негиздерин, адамдын жана жарандын негизги укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, Конституциянын үстөмдүгүн жана түздөн-түз колдонулушун камсыз кылуу максатында конституциялык контролду жүзөгө ашыруучу сот бийлигинин жогорку органы болуп саналат. Мындан Конституциялык сот:
- укук жаратуу процессине жана биринчи кезекте анын натыйжасына -
кабыл алынган ченемдик укуктук актыларга жигердүү таасир этет;
- аныкталган кемчиликтерди жана даражасы төмөн конституциялык
ченемдик укуктук актылардын Баш Мыйзамга карама-каршы келүүсүн текшерет, анын ичинде аларды юридикалык күчтөн ажыратат. Бул конституциялык ченем Конституциялык соттун компетенциясын аныктоо үчүн да негиз болуп саналат.
Конституцияга бардык ченемдик укуктук мүнөздөгү актылардын иерархиялык баш ийүүсүн, Конституциялык соттун конституциялык контролдун чектерин аныктоодогу көз карашын камсыз кылууга багытталган конкреттүү контролдоо функциясы чечүүчү болуп саналат да, ченем жаратуу чөйрөсүн түм тамыры менен камтууга тийиш жана мыйзамдар аныктамаларына да көз каранды болбойт. Башкача айтканда, конституциялык контролдун табияты анын ченем жаратуунун бүткүл чөйрөсүндө мыйзамдуулуктун негизги кепили катары иштешин аныктайт, ал ченем жаратуучу органдардын ишмердүүлүгү менен гана чектелбестен, элдин чексиз чөйрөсүнө жана кайталап колдонууга арналган жалпыга милдеттүү жүрүм- турум эрежелерин камтыган бийлик органдарынын ар кандай актыларынын Конституцияга ылайык келүүсүн текшерүү чөйрөсүн кулачынан чыгарбашы керек. Муну менен бирге конституциялык контролдун чөйрөсү укуктук жөнгө салуунун чөлкөмүнүн кеңейишине жараша түздөн-түз пропорционалдуу түрдө кеңейип жатканын эске алуу керек. Башкача айтканда, ар кандай ченемдик укуктук жөнгө салуу, мыйзамдар базасына карабастан, мындай текшерүүнү айланып өтүүгө формалдуу себептерге жол бербөө үчүн конституциялык контролго алынууга тийиш. Ошентип, Конституциялык соттун өзүнүн аныктоосу жана баасы боюнча ченемдик укуктук мүнөзгө ээ болгон, бирок конституциялык контролдун чөйрөсүнө кирбей турган актылар болушу мүмкүн эмес, антпесе Конституциянын үстөмдүгү жана укуктук мамлекеттин принциби бузулат.
4. Конституцияда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленуму
Кыргыз Республикасынын бардык соттору жана судьялары үчүн милдеттүү болгон соттук тажрыйба маселелери боюнча түшүндүрмөлөрдү берет (98- берененин 3-бөлүгү) деп белгиленген. Жогорудагыларды жарыялоо менен Конституция Кыргыз Республикасынын сотторунун укук колдонуу тажрыйбасын түзөтүүнүн укуктук каражаты жана чечмелөөчү акты катары Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун токтомуна жогорку маани берет.
Ааламдашуу жана адам жашоосунун чөйрөлөрүнүн тездик менен кеңейиши укуктун бардык тармактарында мыйзамдарды динамикалык өзгөртүүлөр зарылдыгына гана эмес, укук тутумунун структуралык элементтерин кайра курууга, жаңы укуктук технологиялардын, формалардын жана укук булактарынын, коомдук мамилелерге укуктук таасир көрсөтүүнүн ыкмалары менен каражаттарынын пайда болушуна да алып келет. Мындай өзгөрүүлөрдүн ылдамдыгы, принципиалдуу жаңы социалдык-экономикалык жана саясий шарттарда мыйзам чыгаруучунун алдында турган милдеттердин жаңылыгы жана татаалдыгы сөзсүз түрдө кабыл алынган мыйзамдардын сапатынын техникалык-укуктук формасы боюнча да, укуктук мазмуну боюнча да төмөндөшүнө, мыйзам чыгаруучулук материалда коллизиялардын жана бүдөмүктөрдүн келип чыгышына алып келет. Ошондуктан, тилекке каршы, мыйзам чыгаруучу кабыл алган бардык ченемдик укуктук актылардын жетишээрлик айкындык даражасы жок. Алардын кемчиликтүүлүгү, айрым туюнтмалардын так эместиги - укук коргоо органдарынын азыркы кырдаалдан чыгуунун жолун өз алдынча издөөгө аракет кылуусуна алып келет. Ал эми мыйзамдуулукту мыйзамдын мазмунуна жана рухуна так ылайык колдонуу негизги мааниге ээ жана өлкөдө мыйзам үстөмдүгүн камсыз кылуунун кепилдиги болуп саналат. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын укуктук тутуму үчүн маанилүү көрүнүш болуп, укук колдонуу тажрыйбасын туура жана бирдей камсыз кылууда барган сайын маанилүү роль ойногон сот тутумунун өзүнүн чечмелөөчү актылары саналат. Конституция бул жагынан Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна өзгөчө роль жүктөйт, ал токтомдорду кабыл алуу аркылуу сот адилеттигин жүзөгө ашыруу процессинде соттор жана судьялар үчүн милдеттүү түрдө колдонууга тийиш болгон укуктук ченемдерди түшүнүү жана колдонулушу жөнүндө түшүнүктөрдү калыптандырат. Жогорку соттун Пленумунун токтомдору өзүнүн мүнөзү боюнча мыйзамга карата көмөкчү мааниге ээ. Бул түшүндүрмөлөрдүн маңызы укук
колдонуудагы кыйынчылыктарды жана соттук тажрыйбадагы кемчиликтерди жоюу максатында мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын көп маанилүү, маңызы боюнча бүдөмүк, баа берүүчү, карама-каршы же толук эмес мазмунуна айкындык берүү болуп саналат. Жогорку сот сот тажрыйбасын жалпылоонун негизинде терс тенденцияларды көрсөтүп, доктриналдык чечмелөө аркылуу соттор жана судьялар үчүн зарыл болгон түшүндүрмөлөрдү берет. Жогорку соттун Пленумунун чечимдери өзүнүн өзгөчөлүгүнөн улам өздөрүнүн инерциялык таасирин сактоо менен укук колдонуу тажрыйбасынын чөйрөсүн олуттуу түрдө же кеңейтиши, же тарытышы мүмкүн. Судьялар сот адилеттигин жүзөгө ашырууда Жогорку соттун Пленумунун токтомдорунун чечмелөөчү мазмунунан улам багытын карманууга милдеттүү болгондо, аталган токтомдор Конституция көздөгөндөй өзүнчө бир “жол картасы” болушу керек. Ошону менен бирге Жогорку соттун Пленумунун токтомдорундагы түшүндүрмөлөр өз алдынча укуктук ченемдерди камтыбастан, колдонуудагыларды гана чечмелөөгө тийиш. Болбосо, конституциялык- укуктук деңгээлде алар мыйзам ченемдерине гана мүнөздүү болгон жөнгө салуучу касиетке ээ болуп, судьялар үчүн милдеттүү мүнөзүнөн улам аларды адамдардын чексиз чөйрөсү жана бир жолку эмес колдонулушу үчүн жалпыга милдеттүү жүрүм-турум эрежелер деңгээлине келтирет. Демек, мындай токтомдорду конституциялык контролдун алкагынан чыгарууга болбойт. Болбосо, бул ар бир адамдын конституциялык сот адилеттигине жетишүү укугунан “де-факто” ажыратуу дегенди билдирет жана мыйзамдуулуктун конституциялык принцибинин бузулушуна алып келмек. Баяндалгандарды эске алуу менен, Конституциялык сот, эгерде мындай токтомдорго ченемдик укуктук актыларга гана мүнөздүү жөнгө салуучу функциялар берилгенде, төмөн турган соттордун укук колдонуу иши үчүн жалпыга милдеттүү юридикалык мааниси - адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин бузууга олуттуу коркунучтарды жаратышы мүмкүн болгондо, Жогорку соттун Пленумунун токтомдорун
конституциялуулугун текшерүү зарылдыгы соттук конституциялык контролдун алкагында келип чыгат. Жогорку соттун Пленумунун токтомунун талашылып жаткан ченемдик жобосуна келсек, аны туюндурууда колдонулган укуктук техника, ошондой эле жыйынтыктоочу сот актыларын кабыл алууда жалпы юрисдикциядагы соттор тарабынан ага тикелей шилтеме жасоо фактылары, анын укук колдонуу процессинде процесстик укуктун ченеминин касиеттерине ээ болуусун талашсыз күбөлөндүрөт. Ушуга байланыштуу түшүндүрмө формасындагы мындай милдеттүү көрсөтмөнү соттук конституциялык контролдун чөйрөсүнөн чыгарып салууга болбойт.
5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу - бул Конституцияда бекемделген
жана кепилденген укук, жана да жергиликтүү жамааттардын жергиликтүү маанидеги маселелерди өз кызыкчылыктарында жана өз жоопкерчилигинде өз алдынча чечүүгө реалдуу мүмкүнчүлүк. Коомду жана мамлекетти башкаруунун демократиялык системасында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өзгөчө орун таандык. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу, биринчи кезекте, өзү жериндеги калктын кызыкчылыктарын камсыз кылуу үчүн башкаруу тутумун болушунча жарактуу децентрализациясын камсыз кылат. Кыргызстандын мамлекеттик түзүлүшүнүн маанилүү элементтеринин бири катары жергиликтүү өз алдынча башкаруу бир эле учурда эл бийлигинин деңгээли да, калктын өзүн уюштуруу формасы да болуп саналат. Башкаруунун натыйжалуулугунун маселеси - биринчи кезекте, жергиликтүү саясатты жүргүзүүдө жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө шаарлардын, кыштактардын жана айылдардын уюштуруучулук жана каржы-чарбалык өз алдынчалуулугунда турат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун уюштуруучулук өз алдынчалыгы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана мамлекеттик бийлик органдарынын функцияларынын чектеринин бөлүштүрүлгөндүгү менен камсыз кылынат (Конституциянын 4- беренеси).
Ошол эле учурда мамлекеттин натыйжалуу иштеши үчүн мамлекеттик жана жергиликтүү деңгээлдеги кызыкчылыктардын балансы, башкача айтканда, кайсы бир аймактын тургундарынын жалпы кызыкчылыктарын ала жүрүү зарыл. Жарандардын учурдагы муктаждыктарын камсыз кылуу - мамлекеттик милдет - ал жергиликтүү өз алдынча башкаруунун бар же жогуна карабастан ишке ашырылууга тийиш. Бирок жергиликтүү өз алдынча башкарууга берилген укук мамлекеттик бийлик органдарын жергиликтүү деңгээлдеги маселелердин белгилүү бир бөлүгүн ишке ашыруудан арылтууга, алардын чечилишин ушул аймакта жашаган элге өткөрүп берүүгө мүмкүндүк берерин белгилей кетүү керек. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мамлекеттик бийлик органдары тутумуна кирбестен, ошол эле учурда жергиликтүү өз алдынча башкарууга жүктөлгөн милдеттерге карата элдик бийлик ыйгарым укуктарына ээ, башкача айтканда, тиешелүү аймактык деңгээлде элдик бийликтин функцияларын аткарышат. Демек, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жүктөлгөн функцияларды аткаруу үчүн зарыл болгон тийиштүү ыйгарым укуктар берилмейин, жергиликтүү өз алдынча башкарууну ишке ашыруу боюнча үзгүлтүксүз, күнүмдүк ишти жүргүзүү мүмкүн эмес. Өз кезегинде, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары айрым ыйгарым укуктарды ишке ашыруунун натыйжалары боюнча алардын ишинин белгилүү бир формасын чагылдырган ченемдик укуктук актыларды кабыл алат, алар мамлекеттик бийлик мүнөзүнө ээ жана даректелгендер үчүн милдеттүү болуп саналат. Бул актылардын кабыл алынышы көбүнчө мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин борбордук көйгөйү болуп саналган менчик мамилелерин козгойт. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын экономикалык өз алдынчалыгы муниципалдык менчикке өзү билгендей ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө укугуна негизделет. Ошондуктан жергиликтүү өз
алдынча башкаруунун экономикалык негиздерин кароодо экономикалык категория катары муниципалдык менчикке өзгөчө орун берилет. Ушуга байланыштуу муниципалдык менчикте турган жер участокторун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилип туруусу (менчик же ижара укугун акы төлөтүп берүү) мамлекеттин экономикалык өнүгүүсүндө чоң мааниге ээ, анткени, ал баарыдан мурун, өндүрүштүн ар кандай түрлөрүн өнүктүрүү үчүн ресурс болуп кызмат кылат, бул өз кезегинде жергиликтүү бюджеттин дареметин өстүрүүгө, инвестицияларды тартууга, ошондой эле белгилүү бир аймактын инфраструктуралык өнүгүшүнө алып келет. Албетте, мамилелердин мындай чөйрөлөрүн укуктук жактан жөнгө салынуусу мыйзам чыгаруучу тарабынан адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин чектеген мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу үчүн, ага тыюу салган Баш Мыйзам менен милдеттүү түрдө шайкеш келтирилиши керек. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укук колдонуу иши менчик чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин негизги катмарына тийиштүү кабыл алынып жаткан ченемдик укуктук актылардын тез өсүшүн көрсөтүп турат. Бирок, жергиликтүү өз алдынча башкарууну ишке ашырууга байланышкан маселелердин тиешелүү деңгээлдеги ченемдик жөнгө салуунун жоктугу менен шартталса дагы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аракетсиздигине байланыштуу маселеге караганда мааниси кем эмес. Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасында укуктук мамлекетти куруунун контекстинде жарандардын жана уюмдардын бузулган же талашылган укуктарын жана мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын, баарыдан мурда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары тарабынан мүмкүн болуучу бузуулардан коргоо маселесинин мааниси өсүп келүүдө.
Адамдын укуктары менен эркиндиктерин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын мыйзамсыз чечимдеринен, аракеттеринен (аракетсиздигинен) коргоонун соттук механизмдерин камсыз кылуу жаатындагы укуктук жөнгө салуу бир катар олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар болду. Асыресе, кеп Конституциянын 98- беренесинин 2-бөлүгүндө административдик сот өндүрүшүнүн конституциялык, жарандык жана жазык сот өндүрүшүнүн түрлөрү менен катар өз алдынча процесс катары бөлүнүшү жөнүндө болуп жатат. Ошону менен бирге, азыркы учурда административдик өндүрүштүн мазмуну жана чектери Кыргыз Республикасынын Администрациялык-процесстик кодекси менен аныкталган, ал административдик-укуктук (коомдук-укуктук) мамилелерден келип чыккан талаштар боюнча сот өндүрүшүнүн тартибин, процесстик принциптерди жана мындай талаштарды сотто кароонун жана чечүүнүн эрежелерин жөнгө салат. Жер участокторун менчикке жана пайдаланууга берүү маселелерин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Жер кодекси жер участокторун берүүнүн учурларын жана тартибин аныктоо боюнча ыйгарым укуктарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө (20-берене), жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берген (13-18-беренелер), көрсөтүлгөн маселени чечүүдө алар өз ыктыярына салуу эркиндигине ээ. Жер кодексинин ушул ченемдерин ишке ашыруу максатында, ошондой эле жеке жана юридикалык жактарга муниципалдык менчикте турган жер участокторуна укуктарды тариздөөнүн жана берүүнүн процедураларын оптималдаштыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011- жылдын 23-сентябрындагы № 571 токтому менен Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобо (мындан ары – Типтүү жобо) бекитилген. Көрсөтүлгөн Типтүү жобонун 7-пунктунда белгиленгендей Типтүү жобого ылайык жер участокторуна укуктарды берүү процессин жүргүзүү үчүн жер
участокторуна укуктарды берүү боюнча комиссия (мындан ары - Комиссия) түзүлөт. Комиссиянын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын, шаар куруу жана архитектура, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо органдарынын, коомдук, коммерциялык эмес жана башка уюмдардын өкүлдөрү кирет. Комиссиянын курамын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы бекитет. Ошол эле учурда Типтүү жобонун 8-пунктунда комиссия чечимди, анын ичинде жер участокторуна менчик же ижара укугун берүү мүмкүндүгү жөнүндө чечим кабыл ала тургандыгы белгиленген. Комиссиянын чечими кеңеш берүүчү мүнөзгө ээ. Өз кезегинде, Жогорку соттун Пленумунун талашылып жаткан токтомунун 14-пунктунун жыйырма үчүнчү абзацында жер участогуна укук берүү боюнча комиссиянын чечими сот тартибинде талаш-тартыштын предмети боло албайт деп аныкталган. Типтүү жобого ылайык (71-пункт) ыйгарым укуктуу органдардын чечимдери гана даттанылышы мүмкүн. Алсак, Типтүү жобонун 71-пунктуна ылайык ыйгарым укуктуу органдардын жер участокторун берүү маселелери боюнча чечимдери административдик иш жана административдик процедуралар жөнүндө мыйзамдарда аныкталган тартипте даттанылышы мүмкүн. Өз кезегинде, «Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 62-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык административдик актыга, административдик органдын аракетине же аракетсиздигине административдик (сотко чейинки териштирүү) тартипте, андан кийин - сот тартибинде даттанылат. Белгиленген комиссия “административдик орган” деген терминдин маанисин ачып берген Кыргыз Республикасынын Административдик- процесстик кодексинин 3-беренесинин 5-пунктунун критерийлерине кирбей тургандыгын, ал комиссиянын актылары көрсөтүлгөн Кодекстин 15-
беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык административдик жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн эмес экендигин эске алуу керек. Тактап айтканда, комиссия бул учурда коомдук башаттарда түзүлгөн консультациялык-эксперттик орган катары иштей тургандыгын белгилей кетүү керек. Мунун негизинде,
- укуктук мамилелердин бардык катышуучулары тарабынан
белгиленген сот тартибин сактоо натыйжалуу сот адилеттиги үчүн өзгөрбөстүгүн эске алуу менен;
- калыптанып калган укук колдонуу тажрыйбасын укуктук процесстик
нукка келтирүү максатында;
- сот адилеттигине жетүүнү чектөө ниетин койбостон;
Жогорку соттун Пленуму тарабынан талашылып жаткан жобо кабыл алынган болуучу. Жогоруда аталган комиссиянын жер участогун берүү жөнүндө терс сунушу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан сотто талаш- тартыштын предмети болууга тийиш болгон укуктук актынын чыгарылуусун карабаган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23- сентябрындагы № 571 токтому менен бекитилген Типтүү жобонун жана Жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө жобонун жана Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 141 токтому менен бекитилген Бишкек шаарындагы жер участокторду ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобонун иш-аракеттери Жогорку соттун түшүндүрмөсүнүн конституциялуулугуна шек келтиргендиктен келип чыккан. Натыйжада, талашылып жаткан жобонун белгиленген актылардын ченемдери менен комплекстүү иштеши ар бир адам тарабынан белгиленген маселе боюнча соттук коргоо укугун ишке ашыруу мүмкүн эместигине алып келген.
Жогорку соттун талашылып жаткан түшүндүрмөсү Кыргыз Республикасынын Администрациялык-процесстик кодекси жана административдик иш жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдар менен аныкталуучу белгиленген мыйзамдык жол-жоболорду сактоо зарылчылыгы менен шартталган. Демек, Жогорку соттун Пленумунун токтомунун талашылып жаткан ченемдик жобосу Конституциянын жана колдонуудагы мыйзамдардын алкагында чыгарылган. Ошол эле учурда, Конституциялык сот ушул ишти кароо процессинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 токтому менен бекитилген Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө Типтүү жободон дагы, Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 141 токтому менен бекитилген Бишкек шаарындагы жер участокторду ижара шартында мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жободон дагы олуттуу кемчиликтерди таап чыкты. Асыресе, жогоруда белгингендей, көрсөтүлгөн жоболордо жактарга жер тилкесин менчикке, ижарага же мөөнөтсүз пайдалданууга берүүдөн баш тартуу жөнүндө комиссиянын чечими колдо туруп, ыйгарым укуктуу органды тийиштүү укуктук актынын чыгарылышын милдеттендирген укуктук ченемдер камтылган эмес. Бул кызыкдар жактар жер участогун менчикке, ижарага жана мөөнөтсүз пайдаланууга берүүдөн баш тартуунун мыйзамдуулугун текшерүү үчүн доо менен сотко кайрыла албаган жагдайды пайда кылат, демек алар соттук териштирүү укугунан ажыратылат, ал эми бул жагдай өзүнүн табияты боюнча абсолюттук болуп саналат жана эч кандай чектөөгө жатпайт. Соттук коргонуу укугу жөнүндө конституциялык жоболорду сактоо менен ченем жаратуучу органдар олуттуу конституциялык баалуулуктар катары классификацияланган бул укукту камсыз кылууда бардык процесстик механизмдерди жана шарттарды камсыз кылууга тийиш жана аларды ишке ашырууда эч кандай тоскоолдуктар болбош керек.
Ошентип, сот өндүрүшүнүн процесстик формасына карабастан, ар бир ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өзүнүн чечимдерин укуктук актыларда ачыкка чыгарууга милдеттүүлүгүн караган белгиленген жол-жоболордун болушу ар бир адамдын соттук коргоого болгон конституциялык укугун толук ишке ашыруунун ажырагыс шарты болуп саналат. Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Бишкек шаардык кеңеши өздөрүнүн жоболорун - жер участогун менчикке, ижарага же мөөнөтсүз пайдаланууга берүү мүмкүнчүлүгү боюнча комиссиянын оң же терс чечимине карабастан, ыйгарым укуктуу органды тиешелүү мыйзам актысын чыгарууга милдеттендире турган укуктук механизмди кайра караштырууга тийиш. Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктун, 4-бөлүгүн, “Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын 48, 49, 52 жана 53-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту Ч Е Ч Т И:
1. «Жер участокторун берүү жана алып коюу менен байланышкан
мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдерин, аракеттерин (аракетсиздигин) талашуу тууралуу иштерди кароодо келип чыгуучу кээ бир маселелер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун 2018-жылдын 31- майындагы № 13 токтомунун 14-пунктунун «Жер участогуна укукту берүү боюнча комиссиянын чечими сотто талашуунун предмети болушу мүмкүн эмес» деген сөздөр менен баяндалган ченемдик жобосу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 23-беренесинин 3-бөлүгүнө, 24- беренесинин 2-бөлүгүнө, 61-беренесинин 1-бөлүгүнө карама-каршы келбейт деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Бишкек
шаардык кеңеши ушул Чечимдин жүйөлөштүрүү бөлүгүнөн келип чыккан өзгөртүүлөрдү колдонуудагы укуктук жөнгө салууга киргизсин.
3. Чечим акыркы болуп саналат жана даттанууга жатпайт, ал
жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
4. Чечим бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча
башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана республиканын бардык аймагында аткарылууга тийиш.
5. Бул чечим мамлекеттик бийлик органдарынын расмий
басылмаларында, Конституциялык соттун расмий сайтында жана “Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун жарчысында” жарыялансын. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТУ
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 4 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (4)
- Конституция Кыргызской РеспубликиКонституция · 05.05.2021
- Постановление Правительства КР от 23 сентября 2011 года № 571 "Об утверждении Типового положения о порядке и условиях возмездного предоставления прав собственности или аренды на…Постановление · 23.09.2011 · № 571
- ПОСТАНОВЛЕНИЕ ПЛЕНУМА ВЕРХОВНОГО СУДА КР от 31 мая 2018 года №13 "О некоторых вопросах, возникающих при рассмотрении дел об оспаривании решений, действий (бездействия)…Постановление Пленума Верховного суда · 31.05.2018 · № 13
- Постановление Бишкекского городского кенеша от 14 января 2020 года № 141 "Об утверждении Положения о порядке предоставления земельных участков в срочное (временное) пользование…Постановление · 14.01.2020 · № 141 · Утратил силу