Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Жаран А.С. Турдубаевдин кызыкчылыгын кѳздѳгѳн Н.Т. Эгетаевдин, М.М. Жорокуловдун кайрылуусу боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 397-беренесинин 4-бѳлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТУНУН Алымжан Султанович Турдубаевдин жана анын кызыкчылыгындагы Нурбек Тойболотович Эгетаевдин, Максатбек Мергенбаевич Жорокуловдун кайрылуусуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 397-беренесинин 4-бѳлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө иш боюнча Ч Е Ч И М И 2022-жылдын 21-сентябры Бишкек шаары Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту: төрагалык кылуучу
Э.Ж. Осконбаев, судьялар М.Р. Бобукеева, К.А. Дуйшеев, Л.П. Жумабаев,
М.Ш. Касымалиев, К.Дж. Кыдырбаев, Ж.А. Шаршеналиевдин курамында,
катчы Н.А. Кененсариеванын, кайрылуучу тарап – Максатбек Мергенбаевич Жорокулов, Алымжан Султанович Турдубаевдин ишеним кат боюнча өкүлүнүн; жоопкер тарап – Мирбек Исамаматович Арзиев жана Таалайбек Жумагулович Мамбетаитов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишеним кат боюнча өкүлдөрүнүн; үчүнчү жактар – Гульзаада Назаркуловна Ишекеева, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин ишеним кат боюнча ѳкүлүнүн, Эркин Бакбурович Искаков, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун ишеним кат боюнча ѳкүлүнүн, Үмүткан Ургазиевна
Конкубаева, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын ишеним кат боюнча ѳкүлүнүн, Шеримкул Замирбекович Мамытканов, Кыргыз Республикасынын Юстиция министирлигинин ишеним кат боюнча ѳкүлүнүн катышуулары менен, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүн, «Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 4, 17, 40, 45-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 397-беренесинин 4-бѳлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти ачык соттук отурумда карап чыкты.
А.С. Турдубаевдин жана анын кызыкчылыгындагы Н.Т. Эгетаевдин,
М.М. Жорокуловдун кайрылуусу бул ишти кароого себеп болду.
Бул ишти кароого негиз болуп Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 397-беренесинин 4-бѳлүгүнүн Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келүүсү маселесинде пайда болгон күмөндүүлүк саналат. Ишти соттук отурумда кароого даярдаган судья-баяндамачы Л.П. Жумабаевдин маалыматын угуп, жана иштин материалдарын изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту Т А П Т Ы: Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна 2022-жылдын 5-апрелинде А.С. Турдубаевдин, анын ишеним кат боюнча өкүлдөрү Н.Т. Эгетаевдин, М.М. Жорокуловдун Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин (мындан ары - КЖПК) 397-беренесинин 4-бѳлүгүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 24-беренесинин 2-бөлүгүнө, 61-беренесинин 1-бөлүгүнө, 100-беренесинин 3-бөлүгүнө карама-каршы келет деп таануу жѳнүндѳ ѳтүнүчү келип түшкѳн. 2
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьялар коллегиясынын 2022-жылдын 30-апрелиндеги аныктамасы менен бул кайрылуу ѳндүрүшкѳ кабыл алынган. Сот отурумунда кайрылуучу тарап өз талаптарын колдоп, төмөнкүлөрдү белгиледи. 2022-жылдын 9-январында Ош-Исфана жолунун 15-чакырымында И.И. Маматкадиров «ВАЗ 2106» үлгүсүндөгү автоунааны башкарып бара жатып,
К.Н. Нажимидиновдун башкаруусундагы «Мерседес Бенц 914» үлгүсүндөгү
автоунаанын айынан жол кырсыгына учураган. Натыйжада И.И. Маматкадиров жана ошол эле автоунаада бара жаткан жүргүнчү Алымжан кызы Азиза кырсык болгон жерден каза болушкан. Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин 3-бөлүгүндөгү кылмыштын белгилери менен Ноокат райондук Ички иштер бөлүмү кылмыштын бирдиктүү реестрине материалдарды каттаган жана каза болгон маркум Алымжан кызы Азизанын мыйзамдуу өкүлү деп атасы А.С. Турдубаевди тааныган. Аталган иш боюнча 2022-жылдын 22-февралында Ноокат райондук соту Кылмыш-жаза кодекстин 312-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кылмыш боюнча айыпталып жаткан К.Н. Нажимидиновго карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасын колдонуу жөнүндө өтүнүчтү карап чыгып, аны канааттандыруудан баш тарткан. Жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлү муну менен макул болбостон, Ноокат райондук сотуна кайрылган, сот КЖПКнын 397-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык тергөө судьясынын токтомуна даттануу укугу шектүүгө, айыпталуучуга, алардын адвокаттарына, прокурорго, ошондой эле мүлкүнө камак салынган жактарга таандык, ал эми жабырлануучунун даттанууга укугу жок деп, арызды четке каккан. Арыздануучунун пикири боюнча, КЖПКнын талашылып жаткан ченеми Кыргыз Республикасында мыйзам жана сот алдында бардыгы бирдей, ар бир адамга өзүнүн Кыргыз Республикасынын Конституциясында, 3
мыйзамдарда, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдерде, эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптеринде жана ченемдеринде каралган укуктарын жана эркиндиктерин сот аркылуу коргоого кепилдик берилет, сот өндүрүшү тараптардын теӊ укуктуулугунун жана атаандаштыгынын негизинде жүзөгө ашырылат деп караштырган Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 24-беренесинин 2-бөлүгүнө, 61-беренесинин 1-бөлүгүнө, 100-беренесинин 3-бөлүгүнө карама-каршы келет. Арыздануучу белгилегендей, КЖПКнын талашылып жаткан ченеми жабырлануучунун тергөө судьясынын токтомуна апелляциялык тартипте даттануу укугун чектөө менен сот өндүрүшүндөгү тараптардын теӊ укуктуулугун жана атаандаштыгын жокко чыгарууда. Жазык процессинде тараптын укугун калыбына келтирүү үчүн Кыргыз Республикасынын атынан иш алып барып жаткан тергөөчү, кайсы бир жүйөлөр аныкталгандан кийин, анын макамын «жабырлануучу» деп аныктайт. Мында, жабырлануучунун укугунун көлөмү айыпталуучунукунан кем болбошу керек, ошондо гана жазык сот өндүрүшүндөгү тараптардын теӊ укуктуулугу жүзөгө ашат. Андан тышкары, кайрылуу субъекти белгилегендей, бул укук Атуулдук жана саясий укуктар боюнча эл аралык пакттын 14-беренесинде «баардык адамдар соттун жана трибуналдын алдында теӊ» деп көрсөтүлгөн. Ушул ченемдин жүзөгө ашырылуусун камсыз кылууну аталган Пактка катышуучу мамлекеттер, анын ичинде Кыргыз Республикасы милдеттенген.
А.С. Турдубаевдин айтымында, адамдын эӊ негизги укуктарынын бири
болуп соттук коргонуу конституциялык укугу саналат. Ал эми талашылып жаткан ченем жабырлануучунун тергөө судьясынын токтомуна жогору турган сот инстанциясына даттануу укугун чектөө менен, аны соттук коргонуу укугунан ажыратууда. Өз талаптарына жүйө келтирүүнү улантып жатып, арыздануучу Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын бир катар чечимдеринде камтылган укуктук көз караштарды келтирген. 4
2014-жылдын 31-октябрындагы чечимге ылайык «соттук коргонуу укугунун натыйжалуу кепилдиги болуп жогору турган сот тарабынан ишти кайра каратуу мүмкүндүгү саналат», 2014-жылдын 31-октябрындагы, 2015-жылдын 9-декабрындагы чечимдерге ылайык «жогору турган сот тарабынан ишти кайра каратуу укугу соттук коргонуу укугунун туундусу болуп эсептелет», 2018-жылдын 4-апрелиндеги чечимге ылайык «сот чечимдерине даттануу укугу сот өндүрүшүнүн чөйрөсүндө инсандын укуктарынын кепилдиктерин бекиткен эл аралык-укуктук актылардын маӊызынан жана ар кимге жогору турган сот тарабынан ишти кайра каратуу укугун берген Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесинин 5-бөлүгүнүн 3-пунктунан келип чыгат. Бул укук соттук коргонуу укугунун курамдык бир бөлүгү болуп саналат жана абсолюттук мүнөзгө ээ, колдонулуу чөйрөсү же болбосо башка жагдайлар боюнча чектелиши мүмкүн эмес, анткени мыйзамсыз, негизделбеген же адилетсиз сот актысы соттук коргоонун каражаты катары кызмат кыла албайт». 2019-жылдын 11- сентябрындагы чечимге ылайык «соттук коргонуу укугу жарандын укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийлигинин өз билемдигинен гана эмес, соттун ката чечимдеринен да коргоону болжойт. Ошону менен бирге, мындай коргоонун натыйжалуу кепилдиги болуп, жогору турган сот тарабынан ишти кайра каратуу мүмкүндүгүнүн өзү да саналат, ал ар бир сот өндүрүшүнүн өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен кайсы бир формаларда мамлекет тарабынан камсыз кылынышы керек».
М.М.Жорокуловдун ою боюнча каралып жаткан маселе бөгөт кою
чарасынын мөөнөтүн узартуу, өзгөртүү жана жокко чыгаруу учурларына дагы түздөн-түз тиешеси бар. Жогоруда баяндалган жүйѳлѳрдүн негизинде, кайрылуучу талашылып жаткан ченемди конституциялуу эмес деп таанууну суранган. Жоопкер тараптын өкүлү М.И. Арзиев арыздануучунун жүйөлөрү менен макул эмес жана талашылып жаткан ченем кийинкидей негиздер боюнча 5
Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келбейт деп эсептейт. КЖПКнын 397-беренесинин 2-бөлүгүндө соттун чечимине даттануу укугу бар субъекттер көрсөтүлгөн, анын ичинде жабырлануучу жана анын адвокаты да бар. Ал эми аталган берененин 4-бөлүгүндө тергөө судьясынын токтомуна даттануу укугу жабырлануучу жана анын адвокатына берилген эмес. Тергөө судьясы - бул инсандын бузулган укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын токтоосуз калыбына келтирүүгө багытталган сот бийлигинин өз алдынча функциясын аткаруучу болуп саналат. Ал эми баш коргоо чарасын кароодо талашылып жаткан ченем жабырлануучуга жана анын өкүлүнө тикеден-тике терс таасирин тийгизбейт. Ошондуктан КЖПКнын 397-беренесинин 4-бөлүгүндө, укуктары жана мыйзамдуу кызыкчылыктары түздөн-түз бузулушу мүмкүн болгон субъекттерге гана даттануу укугу каралган.
М.И. Арзиевдин пикири боюнча, соттук процесстин баардык
катышуучуларына тергөө аракеттеринин же соттун чечимдеринин баардыгына даттануу укугун берүү, тергөөнүн жана сот процессинин жүрүшүнө терс таасирин тийгизет жана мамлекеттин укуктук саясатына карама-каршы келет.
М.И. Арзиев баяндалгандын негизинде кайрылуучунун ѳтүнүчүн
канааттандыруусуз калтырууну суранды. Жоопкер тараптын экинчи өкүлү Т.Ж. Мамбетаитов, М.И. Арзиевдин жүйөлөрүн колдоп, ѳтүнүчтү канааттандыруусуз калтырууну суранды. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин ѳкүлү Г.Н. Ишекеева талашылып жаткан ченем боюнча кийинкидей пикирин билдирди. КЖПКнын 40-беренесинин 4-бөлүгүнүн 17-пунктуна ылайык жабырлануучунун башка укуктар менен катар соттун чечимдерине даттанууга укугу да бар. Аталган Кодекстин 268-беренесинин 5-бөлүгүндө сотко чейинки 6
өндүрүштөгү соттук контролдун процессуалдык тартибине ылайык мүлккө камак салуу жөнүндө тергөө судьясынын токтомуна жабырлануучунун, анын өкүлүнүн апелляциялык тартипте даттануу мүмкүнчүлүгү каралган. Мындан тышкары, КЖПКнын 5-беренесинин 11-пунктуна ылайык бөгөт коюу чарасы - айыпталуучуга карата тергөөчү, прокурор, тергөө судьясы, сот тарабынан колдонулуучу адамдын укуктарын жана эркиндиктерин убактылуу чектөөчү чара деп белгиленген. Талашылып жаткан ченемге ылайык тергөө судьясынын токтомуна даттануу укугу башкалар менен катар прокурорго да берилген. Ал эми, Г.Н.Ишекеева белгилегендей, КЖПКнын 34-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык прокурорго жабырлануучунун да кызыкчылыктарын коргоого укук берилген. Ошону менен бирге, тергөө судьясы айыпталуучунун күнөөлүү же күнөөсүз экени тууралуу маселени чечпейт. Демек, тергөө судьясы тарабынан жүзөгө ашырылуучу соттук контроль сотко чейинки өндүрүш стадиясында инсандын бузулган укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын токтоосуз калыбына келтирүүгө багытталган сот бийлигинин өз алдынча функциясы болуп саналат. Жогоруда баяндалгандын негизинде, Г.Н.Ишекеева КЖПКнын 397-беренесинин 4-бөлүгү Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 24-беренесинин 3-бөлүгүнө, 61-беренесинин 1-бөлүгүнө жана 100-беренесинин 3-бөлүгүнө карама-каршы келбейт деген пикирин билдирди. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун ѳкүлү Э.Б.Искаков кайрылуучу тараптын жүйөлөрүн жөндүү деп эсептеп, тѳмѳнкүдѳй ѳз пикирин билдирди. Ал белгилегендей, 2017-жылдын 2-февралындагы №20 өз күчүн жоготкон Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 390-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык тергөө судьясынын токтомуна апелляциялык тартипте даттануу укугуна жабырлануучу жана анын өкүлү ээ болгон. 7
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 100-беренесинин 5-бөлүгүндө сот процессинин катышуучуларынын процесстик укуктары, ошондой эле соттордун чечимдери менен укуктарына жана кызыкчылыктарына тиешеси бар жактардын укуктары, анын ичинде чечимдерге, өкүмдөргө даттануу укугу, ошондой эле аларды жүзөгө ашыруунун тартиби мыйзам менен аныкталат деп белгиленген. Мыйзам чыгаруучу, колдонуудагы КЖПКдан жабырлануучу жана анын өкүлүнүн тергөө судьясынын токтомуна апелляциялык тартипте даттануу укугун алып салууда, кылмыш-жаза сот өндүрүшүндө адамдын жана жазык сот өндүрүшүндө жарандын укуктарын жана эркиндиктерин коргоону ыкчам жана толук камсыз кылуу максатын көздөгөн, ошондой эле ашыкча создуктурууну алып салууну жетекчиликке алган. Себеби кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн милдеттери инсанды, коомду жана мамлекетти кылмыштардан коргоо, инсанды мыйзамсыз жана негизсиз айыптоодон, соттоодон, анын укуктарын жана эркиндиктерин чектөөдөн коргоо, кылмыштарды тез жана толук териштирүү, кылмыш жасаган жактарды ашкерелеп жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу, адилеттүү соттук териштирүү жана кылмыш-жаза мыйзамын туура колдонуу, мыйзамсыз айыпталган же соттолгон учурларда күнөөсүздү токтоосуз жана толук реабилитациялоо, материалдык залалдын, моралдык зыяндын ордун толтурууну камсыз кылуу болуп саналат. КЖПКнын 5-беренесинин 6-пунктуна ылайык, айыптоочу тарап болуп прокурор, тергөөчү, тергөө бөлүмүнүн жетекчиси, алгачкы текшерүү органы, жабырлануучу, анын өкүлү, мыйзамдуу өкүлү, жеке айыптоочу эсептелинишет. Андыктан жабырлануучунун укуктары, эркиндиктери жана мыйзамдуу кызыкчылыктары прокурор, тергөөчү жана башка бийликтик ыйгарым укуктарга ээ болгон мамлекеттик органдар, алардын кызмат адамдары тарабынан корголот жана кепилденет. Бирок, ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын Конституциясы ар бир адамга өзүнүн Конституцияда, мыйзамдарда, Кыргыз Республикасы 8
катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдерде, эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптеринде жана ченемдеринде каралган укуктарын жана эркиндиктерин сот аркылуу коргоого кепилдик берет жана сот өндүрүшү тараптардын теӊ укуктуулугунун жана атаандаштыгынын негизинде жүзөгө ашырылат. Ар кимдин соттук коргонуу укугунун конституциялык кепилдиги Адам укуктарынын жалпы декларациясынын жоболоруна, Атуулдук жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактка шайкеш келет, ага ылайык мамлекет адилеттүү, компетенттүү, толук жана натыйжалуу соттук коргонуу укугун камсыз кылууга милдеттүү. Баяндалгандын негизинде, Э.Б.Искаков талашылып жаткан ченемдин Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келүүсү күмөндүүлүктү жаратат деген пикирди билдирди. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын ишеним кат боюнча ѳкүлү Ү.У. Конкубаева кайрылуучунун жүйөлөрү менен макул эместигин билдирип, талашылып жаткан ченем боюнча кийинкидей пикирин билдирди. Тергөө судьясы жүргүзүүчү соттук контроль сот бийлигинин, баарынан мурда, сотко чейинки өндүрүш стадиясында инсандын бузулган укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын токтоосуз калыбына келтирүүгө багытталган өз алдынча функция болуп саналат. Бөгөт коюу чарасын колдонуу үчүн негиздер болуп, айыпталуучу тергөөдөн же соттон жашырынып кетүүсү же болбосо күбөгө же кылмыш- жаза сот өндүрүшүнүн башка катышуучуларына коркунуч келтирүүсү, далилдерди жок кылуусу, башка жол менен тергөөнү жана ишти сотто териштирүүнү объективдүү жүргүзүүгө тоскоолдук кылуусу, же болбосо кылмыштуу иш менен алектенүүнү улантуусу жөнүндө болжоого жетиштүү негиздер болсо, ошондой эле өкүмдүн аткарылышын камсыз кылуу үчүн тергөөчү, прокурор, тергөө судьясы жана сот өздөрүнүн ыйгарым 9
укуктарынын чектеринде бул адамга карата КЖПКнын 104-беренесинде каралган бөгөт коюу чараларынын бирин колдонушат. Ү.У. Конкубаеванын пикири боюнча, шектүүнүн же айыпкердин күнөөсү далилденип айыбы угузулганга чейин, аларга карата баш коргоо чарасы канчалык деӊгээлде туура тандалгандыгын текшертүү укугун жабырлануучуга берүү менен көйгөйдүн өзөгү чечилбейт, тескерисинче көптөгөн суроолордун жаралышына алып келет. Ал эми айыпкердин айыбы угузулуп, айыптоо актысы кабыл алынып, кылмыш иш соттук кароого жөнөтүлгөндөн баштап, Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарга ылайык жазык сот өндүрүшү тараптардын теӊ укуктуулугунун жана атаандаштыгынын негизинде жүзөгө ашырылат. Ошондой эле, КЖПКнын 40-беренесинин 4-бөлүгүнүн 17-пунктунда жабырлануучунун соттун чечимдерине даттанууга укугу бар экендиги так көрсөтүлгөн. КЖПКда көрсөтүлгөн процессуалдык аракеттердин алкагында тергөө судьясы сот бийлигин жүзөгө ашыруунун формасы жана функциясы болгон соттук контролду жүзөгө ашырат жана адамдын укуктарын коргоонун бузулушун болтурбоого да, камсыз кылууга да багытталган. Ушуга байланыштуу, тергөө судьясы чечимди эмненин негизинде кабыл алгандыгынын конкреттүү жагдайларын көрсөтүп, бөгөт коюу чарасын тандоонун негиздерин өзүнүн токтомунда чагылдырышы керек. Бөгөт коюу чарасын тандоодо тергөө судьясына шектүүгө карата туура баа берүү милдети жүктөлөт. Демек, Ү.У. Конкубаева белгилегендей, талашылып жаткан ченем ар бир адам анын кунөөсү мыйзамда каралган тартипте далилденмейинче жана мыйзамдуу күчүнө кирген соттун өкүмү менен аныкталмайынча, кылмыш жасаганга күнөөлүү деп эсептелбейт деген адам укугунун принцибин алыстаткан, соттук контролдоонун максатын бурмалап, натыйжада ал адам укуктарынын бузулушуна алып келет деген тыянакка келсе болот. 10
Жогорудагыларды эске алуу менен, Ү.У. Конкубаева талашылып жаткан ченем Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама каршы келбейт деген көз карашын билдирди. Кыргыз Республикасынын Юстиция министирлигинин ѳкүлү
Ш.З. Мамытканов, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун ѳкүлү
Э.Б. Искаковдун келтирген жүйѳлѳрү менен макулдугун билдирип, каралып
жаткан маселе боюнча чечимди Кыргыз Республикасынын Конституциалык сотунун кароосуна калтыраарын белгилеп кетти. Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту тараптардын жүйөлөрүн талкуулап, башка жактардын түшүндүрмөлөрүн угуп жана иштин материалдарын изилдеп чыгып, кийинкидей тыянактарга келди.
1. «Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө»
конституциялык Мыйзамдын 17-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык Конституциялык сот кайрылууда козголгон предмет боюнча анын ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу күмөн жараткан бөлүгүнө карата гана актыларды чыгарат. Ошентип, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун бул иш боюнча кароо предмети болуп КЖПКнын 397-беренесинин 4-бѳлүгүнүн төмөнкүдөй редакциядагы ченемдик жобосу саналат: «397-берене. Апелляциялык даттануу укугу
4. Тергөө судьясынын токтому апелляциялык тартипте даттанылышы
мүмкүн. Тергөө судьясынын токтомуна даттануу укугу шектүүгө, айыпталуучуга, алардын адвокаттарына, прокурорго, ошондой эле мүлкүнө камак салынган жактарга таандык.». КЖПК Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипке ылайык кабыл алынган жана «Эркин Тоо» гезитинин 2021-жылдын 16-ноябрындагы №122-123 сандарында жарыяланган, Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген жана колдонуудагы акт болуп эсептелет. 11
2. Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык, ар бир адамга
өзүнүн Конституцияда, мыйзамдарда, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдерде, эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптеринде жана ченемдеринде каралган укуктарын жана эркиндиктерин сот аркылуу коргоого кепилдик берилет (61-берененин 1-бөлүгү). Эл аралык-укуктук актылардын жоболору менен, атап айтканда, Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 8, 29-беренелери, ошондой эле Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пакттын 2-беренеси (2-пункту жана 3-пункттун «а» пунктчасы), 14-беренеси (1-пункту) менен үндөшкөн, каралып жаткан конституциялык ченемден мамлекет адилеттүү, компетенттүү, толук кандуу жана натыйжалуу соттук коргоого болгон укукту ишке ашырууну камсыз кылууга милдеттүү экени келип чыгат. Ар бир адамдын соттук коргоого болгон укугу мыйзамдык чаралар аркылуу ар кандай кызыкдар адамга бузулган же талашылып жаткан укугун, же мыйзам менен корголгон кызыкчылыгын коргоо максатында сотко кайрылуу мүмкүнчүлүгүн берүүнү билдирет. Соттук коргоого жана ишти жогору турган сот тарабынан кайра каратууга болгон укуктарды чектөөгө жол берилбестик, адам өзү бул укуктардан баш тартпаса, адамдар каалаган маселе боюнча сотко кайрылуу мүмкүнчүлүгүнө, ошондой эле күчүнө кирген сот актысына жогору турган сотко даттануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керек экендигин болжойт. Процесстик аракеттерге/аракетсиздиктерге жана чечимдерге даттанууга тийиштүү укук үстөмдүгүнүн негизги принциптери, анын ичинде кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн принциптери кылмыш иштер боюнча сотко чейинки өндүрүш стадиясына да бирдей тарайт. Өз кезегинде, процесстик аракеттерге/аракетсиздиктерге жана чечимдерге даттануу укугуна ээ болуу жарандарга жана башка адамдарга өз укуктарын жана кызыкчылыктарын ишке ашырууга мүмкүндүк берүүчү эң маанилүү кепилдик болуп саналат. Ал кылмыш иштер боюнча сотко чейинки 12
өндүрүштө өзгөчө мааниге ээ, анткени бул этаптагы ыйгарым укуктуу кызмат адамдарынын иши көбүнесе адамдын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин чектеген жазык-процесстик мажбурлоо чараларын колдонуу менен шартталган.
3. Конституциянын 61-беренесинин 1-бөлүгү менен кепилденген сотко
чейинки өндүрүш этабындагы соттук коргоого болгон укукту ишке ашыруу кылмыш-жаза процесстик мыйзамдарда соттук контролду, анын ичинде ыйгарым укуктуу кызмат адамдардын процессуалдык аракеттеринин/аракетсиздиктеринин жана чечимдеринин мыйзамдуулугуна да соттук көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу тергөө судьясынын институтун бекитүү жолу менен камсыз кылынган (КЖПКнын 5-беренесинин 58-пункту, 29-беренесинин 8-бөлүгү, 31-беренесинин 2-бөлүгү). Соттук коргоого болгон жана жогору турган сотторго тергөө судьясынын токтомдоруна даттануу укугунун конституциялык негиздеринин мазмунун ачып берип жатып, Кыргыз Республикасынын конституциялык сот адилеттүүлүгүнүн органы төмөнкүдөй укуктук көз карашты билдирген. Ошентип, 2021-жылдын 17-февралындагы Чечимде, аталган институттун иштеши ар бир адамдын укук коргоо органдарынын мыйзамсыз аракеттеринен жана өзүм билемдигинен коргоо укугун ишке ашыруунун маанилүү кепилдиги болуп саналаары белгиленген. Тергөө судьясы айыпталуучунун күнөөлүү же күнөөсүздүгүн чечпейт. Демек, ал тарабынан ишке ашырылып жаткан соттук контрол, биринчи кезекте, сотко чейинки өндүрүш стадиясында адамдын бузулган укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын токтоосуз калыбына келтирүүгө багытталган сот бийлигинин өз алдынча функциясы болуп саналат. Даттанууну кароонун натыйжалары боюнча тергөө судьясы тиешелүү ыйгарым укуктуу кызмат адамынын аракеттерин/аракетсиздигин же чечимдерин мыйзамсыз же негизсиз деп табат, аларды жокко чыгарат же жол берилген бузууну четтетүүгө милдеттендирет, же болбосо даттанууну канааттандыруусуз калтырат. 13
Ошол эле учурда, бул, сотко чейинки өндүрүштү соттук контролдоонун максаттуу орнотмолорунан четтөө мүмкүн эмес дегенди билдирбейт, анткени тергөө судьясы башка адамдар сыяктуу эле ката кетирүүдөн корголгон эмес. Соттук каталардын мүнөзү иштин чыныгы жагдайларынын реалдуулугун тактоодогу кыйынчылыктар менен гана эмес, ошондой эле укук колдонуунун татаалдыгы менен шартталган. Мына ушундан улам, Баш Мыйзам аларды оңдоонун жана ишти жогору турган соттун кайра кароосу аркылуу жоюунун туура иштеген механизмин укук тутумуна киргизүүнү талап кылат. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы 2020-жылдын 21-октябрындагы өз Чечиминде соттук катанын болуусун аныктоо, соттук актыны жогору турган сот органы тарабынан кайра карап чыгуу жана баалоо жолу менен гана мүмкүн экенин белгилеген. Дал ушул жагдай ишти жогору турган сот тарабынан кайра кароо институттарынын иштешине негизги себеп болуп саналат. Мыйзам чыгаруучу, сотко чейинки өндүрүш этабынын айыптоо тарабындагы жазык процесстин катышуучусу катары, жабырлануучу тарап үчүн өзгөчө маанилүүлүгүн таануу менен кылмыш-жаза процесстик мыйзамдарда анын процесстик укуктарынын кеӊири тизмесин караштырган. Ошентип, КЖПКнын эски редакциясына (эскертүү: 2017-жылдын 2-февралындагы №20 редакциясы) ылайык, тергөө судьясы чыгарган токтомго шектүү, айыпкер, алардын жактоочулары, жабырлануучу, анын өкүлү, ошондой эле прокурор апелляциялык тартипте даттана алышчу. Ошентип, мыйзам чыгаруучу тергөө судьясы институтун киргизүү жана ага сотко чейинки өндүрүштүн бүткүл көлөмүн камтыган алдын ала жана кийинки соттук контролду жүзөгө ашыруу ыйгарым укуктарды берүү менен ар бир адамдын соттук коргоого болгон укугун камсыз кылуу жөнүндөгү конституциялык жобону ишке ашырды. Тергөө судьясынын токтомуна апелляциялык тартипте даттануу мүмкүнчүлүгүн караштырып, ал соттук коргоого болгон укуктун курамдык бөлүгү болуп саналган, ар бир адамдын 14
ишти жогору турган сот тарабынан кайра каратууга болгон укугуна конституциялык кепилдикти жүзөгө ашырды. Конституциялык сот, мыйзам чыгаруучу кылмыш-жаза процесстик мыйзамдарды реформалоо процессинде жабырлануучуну жана анын адвокатын тергөө судьясынын токтомуна апелляциялык тартипте даттануу укугуна ээ болгон субъекттердин катарынан чыгарып салганын белгилейт. Мунун натыйжасында, КЖПКнын талашылып жаткан ченеминин колдонуудагы редакциясында (2021-жылдын 28-октябрындагы №129 редакциясы) жабырлануучунун тергөө судьясынын токтомуна даттануу укугун караган жоболорду камтыбайт. КЖПКнын 397-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, мындай укук шектүүгө, айыпталуучуга, алардын адвокаттарына, прокурорго, ошондой эле мүлкүнө камак салынган жактарга таандык, муну менен, жабырлануучу тарапта тергөө судьясынын токтомуна даттануунун жалгыз гана мүмкүнчүлүгү, прокурор аркылуу даттануу мүмкүнчүлүгү калат. Ошону менен бирге, прокурор – бул өз компетенциясынын чегинде мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөөгө ыйгарым укуктуу кызмат адамы, анын жүрүшүндө көз карашы жабырлануучунун көз карашынан айырмаланышы мүмкүн. Айыптоочу тарапта мамлекеттик жана коомдук кызыкчылыкты көздөгөн катышуучулар да, жеке кызыкчылыктарды коргогон да катышуучулар бар. Бул өзгөчө жагдайдын болушу, кээде аталган жактардын кызыкчылыктарынын ортосунда олуттуу карама- каршылыктардын пайда болушуна алып келет. Өз көз карашын коргоо карама-каршы тарап менен болгон мамиледе гана эмес, айыптоо боюнча бирдиктүү позицияны иштеп чыгуу процессинде пайда болгон мамилелерде да болушу мүмкүн. Бул учурда жабырлануучу менен айыптоочу тарапта болгон прокурордун ортосунда коюлган айыптын маңызы боюнча талаш-тартыш келип чыгат. Мындай учурда, жабырлануучу тергөө судьясынын токтомуна апелляциялык тартипте даттануу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калышы мүмкүн. 15
Мындан тышкары, КЖПКнын 40-беренесинин 4-бөлүгүнүн 17-пунктунда жабырлануучунун соттун чечимдерине даттануу укугу каралган. Ошону менен, КЖПКнын талашылып жаткан ченеми жогоруда аталган жобо менен карама-каршылыкта болуп, жабырлануучу тарапты жазык процессинин башка катышуучуларына карата бирдей эмес шарттарга коёт. Ушуну менен бирге, мыйзам чыгаруучу, мурда берилген укуктардын көлөмүн азайтууга, эгерде ал чектөөчү мүнөзгө ээ болбосо да, жөн гана маанилүү эмес, конституциялык маанилүү негиздердин болуусунда барышы мүмкүн экенин өзгөчө белгилей кетүү керек. Мында, мыйзам чыгаруучунун чечими тереӊ жана кылдаттык менен негизделип, акылга сыярлык, адилеттүүлүк жана өлчөмдөштүк принциптерине жооп бериши керек. Укуктук жөнгө салуунун бир формасынан экинчисине өтүүдө Баш Мыйзамдын негиз салуучу талабы болуп, жаңы мыйзам күчүнө киргенге чейинки абалына салыштырмалуу, укук субъекттеринин абалынын начарлашына жол бербөө болуп саналат. Бул постулат тынымсыз өзгөрүп туруучу мыйзамдардын шартында укук тутумунун өнүгүшүнө позитивдүү мүнөз берип, өз билемдик ченем жаратуу процессине бөгөт коёт. Бул принциптин жардамы менен укуктук мамилелер негизинен стабилдүүлүккө, ал эми адамдын жана жарандын укуктук абалы – туруктуулукка ээ болуп, мамлекеттин мыйзам чыгаруу ишмердигинин адилеттүүлүгүнө жана гумандуулугуна ишеним жаратат. Мамлекеттик бийлик органдары тарабынан укуктардын көлөмүнүн өз билемдик менен азайтылышы – мамлекеттин элге карата надстройкалык абалынын далили болуп саналат, бул Конституциянын негизги принциби – Элдик бийлик принциби, Эл менен Мамлекеттин бийлигинин ортосундагы өз ара катышты түздөн-түз белгилеген, Кыргыз Республикасынын эли мамлекеттик бийликтин жападан жалгыз булагы болуп саналат деген конституциялык орнотмо жагынан караганда ылайыксыз (Конституциянын 1-беренесинин 4-бөлүгү). 16
4. Мыйзамдын жана соттун алдында бардыгынын теңдигинин
конституциялык принциби (Конституциянын 24-беренесинин 2-бөлүгү) процесстик укук мамилелеринин бардык субъекттерине бирдей колдонулуучу жана жалпы мааниде сотко бирдей жеткиликтүүлүк укугу менен тең атаандаштык мүмкүнчүлүктөрүн кепилдөөчү укуктун бирдиктүүлүгүнөн көрүнөт, ошондой эле мындай териштирүүлөрдө тараптарга болгон мамиле ар кандай дискриминациядан эркин болуусу үчүн шарттарды түзөт. Мындай кепилдик ошондой эле сотторго болгон жеткиликтүүлүккө карата мыйзамга негизделбеген, объективдүү жана жүйөлүү негиздер менен акталбаган ар кандай айырмачылыктарга тыюу салат. Укук субъекттеринин укуктарынын жана милдеттеринин айырмачылыгына алып келүүчү укуктук жөнгө салуунун ар кандай дифференциациясы мыйзам чыгаруучу тарабынан Кыргыз Республикасынын Конституциясынын талаптарын, анын ичинде тең укуктуулук принцибинен келип чыккан талаптарды сактоо менен жүзөгө ашырылууга тийиш, аларга ылайык, эгерде айырмачылыктар объективдүү акталган жана негизделген болсо, конституциялык маанилүү максаттарды көздөсө, ал эми бул максаттарга жетүү үчүн колдонулган укуктук каражаттар аларга өлчөмдөш болсо, аларга жол берилет (Конституциялык палатанын 2016-жылдын 11-майындагы Чечими). Укуктун субъекттери тең шарттарда бирдей абалда болууга тийиш, эгерде шарттар бирдей болбосо, мыйзам чыгаруучу алар үчүн башка укуктук статусту белгилөөгө укуктуу. Сот адилеттигин жүзөгө ашырууда сот тарабынан колдонулуучу кодулоого жол бербөө жана теңчиликтин жогоруда белгиленген конституциялык принциптери, жарандардын адилеттүү сотко жетүүсүнө жана соттордун адилеттүү чечимди кабыл алуусуна кепилдикти камсыз кылуу үчүн, ошондой эле жарандардын мамлекетке жана мыйзамга ишенүү принцибин сактоо үчүн маанилүү болуп саналат. 17
Мыйзамдын жана соттун алдында бардыгынын теңдиги тууралуу негизги конституциялык принципке ылайык, Конституция ар кимге сот өндүрүшү тараптардын тең укуктуулугунун жана атаандаштыгынын негизинде жүзөгө ашырылат деп кепилдик берет (24-берененин 2-бөлүгү, 100-берененин 3-бөлүгү). Тараптардын тең укуктуулугу жана атаандаштыгы жөнүндө конституциялык жобо процесстин тараптары болуп саналган, карама-каршы процесстик позицияларда турган соттук териштирүүнүн катышуучуларына бирдей укуктарды берүү катары каралат, аларга талаш-тартышты теӊ жүргүзүүгө мүмкүндүк берет, бирдей укуктук мүмкүнчүлүктөрдү түзөт, демек, өзүлөрүнүн мыйзамдуу кызыкчылыктарын жигердүү коргоо үчүн соттук териштирүүдө чыныгы атаандаштыкты пайда кылат (Конституциялык палатанын 2014-жылдын 21-февралындагы Чечими). Жогоруда белгиленген конституциялык жобо кылмыш-жаза процесстик мыйзамдардын тиешелүү ченемдеринде өзүнүн өнүгүшүн табат. Ошентип, КЖПКнын 18-беренесинин 1, 3 жана 4-бөлүктөрүнө ылайык кылмыш-жаза сот өндүрүшү айыптоо жана коргоо тараптарынын тең укуктуулугунун жана атаандаштыгынын негизинде жүзөгө ашырылат. Сот объективдүүлүктү жана калыстыкты сактоо менен тараптардын процессуалдык укуктарын жана милдеттерин жүзөгө ашыруусу үчүн зарыл шарттарды түзөт. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнө катышуучу тараптар тең укуктуу. Соттун процессуалдык чечими, ар бир тараптын бирдей негизде катышуусун камсыз кылуу менен изилденген далилдерге гана негизденет. Ошону менен бирге, сот өндүрүшүн тараптардын тең укуктуулугунун жана атаандаштыгынын негизинде жүзөгө ашыруу жөнүндө конституциялык жобо, карама-каршы тараптарга - бир соттук процесстин катышуучуларына процесстик мүмкүнчүлүктөрдүн теңдигин камсыз кылуу зарылдыгын билдирет. Мындай мааниде ал, эки тарапка тең процесстик мүмкүнчүлүктөрдү жана каражаттарды берүүгө багытталган, алардын жардамы менен ар бири өз көз карашын коргоп жана карама-каршы тараптын дооматтарын талаша алат, 18
жыйынтыгында бул объективдүү жана адилеттүү сот актысына жетишүүгө мүмкүндүк берет. Жогоруда баяндалгандан, тергөө судьясынын токтомуна даттануу маселесин жөнгө салуудагы, мындай укукту жабырлануучу жана анын адвокатын кошпостон, шектүүгө, айыпталуучуга, алардын адвокаттарына, прокурорго, ошондой эле мүлкүнө камак салынган жактарга гана берген, талашылып жаткан ченем менен орнотулган дифференциацияланган мамиле, конституциялык маанилүү негиздергее ээ эместиги, демек, Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келүүсү келип чыгат. Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту, соттук коргоого болгон укук жана тараптардын тең укуктуулугу менен атаандаштык принциби тууралуу конституциялык кепилдиктерди жүзөгө ашыруу, тергөө судьясынын актысы менен түздөн-түз укуктары жана эркиндиктери козголгон жабырлануучу тарап жана анын мыйзамдуу өкүлдөрү анын токтомуна даттануу укугуна ээ болгон учурда гана толук кандуу болуп эсептелиши мүмкүн деп белгилейт. Жабырлануучунун сотко чейинки өндүрүш стадиясындагы укуктарын толтуруу маселесин кийинкиге калтырып коюу болбой турганын эске алуу менен, Конституциялык сот талашылып жаткан ченемди Конституцияга ылайык келтиргенге чейин, укук колдонуучу органдар жабырлануучу тарапка Конституциянын жана Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Чечиминин негизинде тергөө судьясынын токтомуна апелляциялык тартипте даттануу укугун берүүгө милдеттүү деп эсептейт. Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктун, 4 жана 5-бөлүктөрүн, «Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 48, 49, 52 жана 53-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту 19
Ч Е Ч Т И:
1. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин
397-беренесинин 4-бѳлүгү жабырлануучунун тергөө судьясынын токтомуна апелляциялык тартипте даттануу укугун камтыбаган даражада Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 24-беренесинин 2-бөлүгүнө, 61-беренесинин 1-бөлүгүнө, 100-беренесинин 3-бөлүгүнө карама-каршы келет деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Чечимдин
жүйөлөштүрүү бөлүгүнөн келип чыккан укуктук көз караштын негизинде колдонуудагы укуктук жөнгө салууга тийиштүү өзгөртүүлөрдү демилгелесин.
3. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин
397-беренесинин 4-бѳлүгү ушул Чечимге шайкеш келтирилгенге чейин түздөн-түз Конституция жана Конституциялык соттун Чечими колдонулсун.
4. Чечим акыркы жана даттанууга жатпайт, жарыяланган учурдан
тартып күчүнө кирет.
5. Чечим бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча
башкаруу органдары, кызмат адамдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана республиканын бүткүл аймагында аткарылууга тийиш.
6. Ушул чечим мамлекеттик бийликтин расмий басылмаларында,
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун расмий сайтында жана «Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун Жарчысында» жарыялансын. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТУ 20
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 2 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (2)
- Конституция Кыргызской РеспубликиКонституция · 05.05.2021
- Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской РеспубликиКодекс · 28.10.2021 · № 129