Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Жарандар Омуркул уулу Уландын жана Турганбаев Мурат Жумабаевичтин кайрылуусу боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 121-беренесинин 13-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө
Расмий тилден мамлекеттик тилге которулган КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТУНУН Улан Омуркул уулунун, Марат Жумабаевич Турганбаевдин кайрылуусуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 121-беренесинин 13-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө Ч Е Ч И М И 2022-жылдын 15-июну Бишкек шаары Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту, төрагалык кылуучу –
Э.Ж. Осконбаевдин, судьялар М.Р. Бобукееванын, К.А. Дуйшеевдин, Л.П.
Жумабаевдин, М.Ш. Касымалиевдин, К.Дж. Кыдырбаевдин, Ж.А. Шаршеналиевдин курамында, катчы Н.А. Кенесариеванын, кайрылуучу тарап – Улан Омуркул уулунун, Мурат Жумабаевич Турганбаевдин жоопкер тарап – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишеним кат боюнча өкүлдөрү Максат Орозобек уулунун, Кадыр Талипович Токтогазиевдин;
үчүнчү жактар – Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун ишеним кат боюнча өкүлү Маргарита Насыркановна Сапиянованын, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын ишеним кат боюнча өкүлү Умуткан Ургазиевна Конкунбаеванын, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин ишеним кат боюнча өкүлдөрү Кубанычбек Сабырович Сабыровдун, З.О. Суваналиевдин, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ишеним кат боюнча өкүлү Байтик Мусаевич Мусаевдин, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ишеним кат боюнча өкүлү Махабат Сагынбековна Бегимбаеванын катышуусу менен, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 1 жана 2- бөлүктөрүн, «Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 4, 17, 40, 45-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 121- беренесинин 13-бөлүгүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти ачык соттук отурумда карап чыкты.
У. Омуркул уулунун, М.Ж. Турганбаевдин өтүнүчү бул ишти кароого
себеп болду. Ишти кароого негиз болуп Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 121-беренесинин 13-бөлүгүнүн Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келүүсү маселесинде пайда болгон күмөндүүлүк саналат. Ишти соттук отурумга даярдоону жүргүзгөн судья-баяндамачы М.Р. Бобукееванын маалыматын угуп, келтирилген материалдарды изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту Т А П Т Ы: Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна 2022-жылдын 22- февралында У. Омуркул уулунун, М.Ж. Турганбаевдин Кыргыз
Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 121- беренесинин 13-бөлүгүнүн (андан ары - КПК) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 61-беренесинин 1-бөлүгүнө, 100-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык келүүсүн текшерүү жөнүндө өтүнүчү келип түшкөн. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьялар коллегиясынын 2022-жылдын 16-мартындагы аныктамасы менен У. Омуркул уулунун, М.Ж. Турганбевдин кайрылуусу өндүрушко кабыл алынган. Кайрылуучу тарап сот отурумунда өзүнун талаптарын колдоп, кийиниклерди белгилеген. КПКнын 1221-беренесине ылайык мүлккө камак салууда, кылмыш иши өндүрүшүндө турган адам прокурордун макулдугу менен тергөө судьясынын алдында шектүүнүн, айыпталуучунун, материалдык залалдын жана (же) моралдык зыяндын ордун толтуруу үчүн жооптуу адамдын мүлкүнө камак салуу жөнүндө токтом чыгарат. Жабырлануучу дагы мүлккө камак салуу жөнүндө өтүнүчтү тергөө судьясына өз алдынча берүүгө укуктуу. Алсак, арыз ээлери сотко чейинки өндүрүш стадиясында тергөөчүнүн, прокурордун, жабырлануучунун өтүнүчү боюнча тергөө судьясы мүлккө камак салат деп белгилешет. Эгер айыпталуучунун мүлкүнө камак салуу жөнүндө маселе сотто пайда болсо, судья тараптардын өтүнүчү боюнча ал тууралуу чечим кабыл алат. Башкача айтканда жазык сот өндүрүшүндө тергөөчү судья же сот отурумунда сот актысын чыгаруу менен судья мүлккө камак салат. Арыз ээлери Конституция жана мыйзамдар менен судьяларга жогорку статус берилген, алар сот адилеттигин жүзөгө ашырууга жана этикалык жүрүм-турумдун жогорку стандарттарын карманып, тиешелүү кесиптик деңгээлде өзүнүн милдеттерин аткаруу ыйгарым укуктарына ээ. Алсак, жабырлануучу сот отурумунда сотко өзүнүн жүйөлөрүн айтууга жана тергөөчү менен прокурор тиешелүү юридикалык баасы берилбеген иштин олуттуу жагдайларына жана маанилүү фактыларына көңүлүн бурдурууга укуктуу.
Кайрылуучу субъектилердин пикири боюнча КПКта мүлккө камак салууну жокко чыгаруу так регламенттелген эмес, сотко чейинки стадияда ушул маселе талашылып жаткан ченем менен жөнгө салынат, ушул жерде мындай укук тергөөчүгө дагы берилет. Бирок тергөөчүнүн КПКнын 37- беренесинде көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарында мүлккө камак салууну жокко чыгаруу боюнча ыйгарым укуктар көрсөтүлгөн эмес. Жогоруда баяндалгандын негизинде У. Омуркул уулу жана М.Ж. Турганбаев талашылып жаткан ченем Конституциянын 23-беренесинин 5- бөлүгүнүн жана 61-беренесинин 1-бөлүгүнүн ченемдерин бузат деп эсептейт. Ошондой эле, арыз ээлери өзүнүн көз карашын негиздөө катары соттук коргоого укукту караштырган Адам укуктар жөнүндө жалпы декларациянын, Атуулдук жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактынын ченемдерин келтиришүүдө. Арыз ээлеринин пикири боюнча талашылып жаткан ченем тергөөчүгө Конституциянын 100-беренесинин 4-бөлүгүнүн талаптарын бузуп, сот актынын мыйзамдуу күчүн жокко чыгаруу укугун берет. Конституциянын бул ченеми сот гана сот актысын жокко чыгарат, өзгөртөт же токтото турат деп болжойт. Бирок талашылып жаткан ченемге ылайык тергөөчү өзү билип, өзүнүн токтому менен мүлккө камак салууну жокко чыгара алат. Ушуну менен жабырлануучулардын мыйзамдуу кызыкчылыгында сот тарабынан салган камакка карата жабырлануучулардын укугу бузулууда. Арыз ээлери Конституцияга ылайык сотко чейинки стадияда тергөө судьясы салган камак тергөөчүнүн, айыпталуучунун, жабырлануучунун, ошондой эле башка жактардын өтүнүчү боюнча тергөө судьтясы гана жокко чыгарыш керек. Кайрылуу субъектилери Конституциянын 94-беренесине ылайык Кыргыз Республикасында сот адилеттигин сот гана жүзөгө ашырат деп белгилешет. Сот бийлиги сот өндүрүшүнүн конституциялык, жарандык, жазыктык, административдик жана мыйзамда каралган башка түрлөрү аркылуу жүзөгө ашырылат. Кыргыз Республикасынын сот системасы
Конституциялык соттон, Жогорку соттон жана жергиликтүү соттордон турат. Ошентип, сот бийлигинин органдары жана сот адилеттиги формалары, сот актыларына даттануу жана аларды жокко чыгаруу укугу менен процедурасы бекитилген. Мисал катары арыз ээлери жарандык сот өндүрүштө камсыздоочу чаралар максатында ишке катышкан жактардын арызы боюнча сот мүлкко камак салышы мүмкүн. Камакты ишке катышкан жактардын арызы боюнча ошол эле сот жокко чыгарышы мүмкүн. Жогоруда баяндалганды эске алуу менен, арыз ээлери талашылып жаткан ченемди КОнституцияга карама-каршы келет деп кабыл алууну суранышат. Жоопкер тараптын өкүлү М. Орозобек уулу кайрылуучу тараптын жүйөлөрү менен макул болбостон, талашылып жаткан ченем кийинки негиздер боюнча Конституцияга карама-каршы келбейт деп эсептейт. Талашылып жаткан ченемде караштырылган чектөөлөр башка жактардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо максатын көздөйт, алар Конституциянын 23-беренесинин 2-бөлүгүндө түптөлгөн адилеттүүлүк, акылга сыярлык жана өлчөмдөштү талаптарына жооп берет. Мында ушул чектөөлөр убактылуу мүнөзгө ээ, анткени анын узактыгы жазык өндүрүшү аяктап, процесстик чечим кабыл алынышы менен чектелет. Камакка салуу тергелип жаткан жазык иши менен гана байланыштуу, ал КПКнын 27-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн негиздер боюнча барып токтотулат. Жазык өндүрүшү токтотулаары менен камакты сактоонун негиздери жоюлат, ошондой эле зыяндын ордун толтуруу боюнча кабыл алынган чаралардын жазык-процесстик мүнөзү да жокко чыгат, анткени жазык ишини токтотулушу менен камакты жокко чыгаруу мындай укуктук чаранынын колдонулушуна баа берүү менен байланыштуу эмес, анткени бул чараларды жокко чыгаруу мыйзамдын сөзсүз талабы болуп саналат. Мыйзам чыгаруучу жазык сот өндүрүшүнүн башка катышуучуларынын зыяндын
ордун тургузуу боюнча кабыл алынган мүлккө карата чаралар туурасындагы укуктарын калыбына келтирүү жана коргоо максатында иштин өндүрүшүн алып барган тергөөчүгө жазыктык куугунтуктоону токтотуу үчүн негиздер болгондо зыяндын ордун тургузуу боюнча кабыл алынган чараларды жокко чыгаруу боюнча укук берилет. Жоопкер тараптын өкүлү тергөөчүнүн же башка органдын токтому КПКнын 125-беренесине ылайык даттанылышы мүмкүн, бул мыйзам менен соттук коргоого болгон укуктун ишке ашырылуусуна мүмкүндүктү камсыз кылат деп белгилейт. Баяндалганга таянып, кайрылуучу тараптын өтүнүчүн канааттандыруусуз калтырылсын деп суранат. Жоопкер тараптын башка өкүлү К.Т. Токтогазиев М. Орозобек уулунун жүйлөрүн колдогон. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун өкүлү М.Н. Сапиянова дагы кайрылуучу тараптын жүйөлөрү менен макул болгон жок жана аларды кийинкидей негиздер боюнча негизсиз деп эсептейт. Укук үстөмдүгүнүн жана юридикалык теңдиктин пайдубал принциптеринен келип чыксак, мамлекеттин менчик мамилелерине кийилигишүүсү өзүм билемдик болбош керек жана коомдун кызыкчылыктарынын талаптары жанеа негизги укуктарды коргоонун зары шарттары ортосунда тең салмактуулукту бузбаш керек, бул конституциялык жактан корголуучу баалуулуктардын балансын камсыз кылуу үчүн жана адам артыкбаш түйшүккө дуушар кылбаш үчүн пайдаланылуучу каражаттар жана көздөгөн максат ортосунда акылга сыяр өлчөмдөштүктү болжойт. Менчик укугун чектөө, эгер ал башка конституциялык маанилүү баалуулуктарды, анын ичинде башка адамдарды укуктары менен мыйзамдуу кызыкучылыктарын коргоо үчүн зарыл болсо, ошондой эле адилеттүүлү, акылга сыярлык жана өлчөмдөштү талаптарына жооп берсе, жалпы жана абстрактык мүнөзгө ээ болуп, артка кара колдонулуу күчү болбо жана ушул
конституциялык укуктардын маңызына тийишпесе, анда ал мыйзам аркылуу ишке ашат. Мында, М.Н. Сапиянова белгилендей, мүлккө камак салуу убактылуу мүнөзгө ээ, анын узактыгы жазык өндүрүшү аяктай турган процесстик чечим менен чектелет. Ушуга байланыштуу, мыйзам чыгаруучу КПКнын 121- беренесинин 13-бөлүгүндө иштин өндүрүшүн жүргүзгөн жактын же органдын токтомунун негизинде жазык сот өндүрүшү мүлккө камак салуу чараны колдонуу зарылдыгы болбой калганда ал ар кайсы стадиясында жокко чыгарылат деп белгилейт. КПКнын 258-беренесинин 1 жана 2-бөлүктөрүнөн келип чыккандай, кылмыш (жазык) иши тергөөчүнүн токтому боюнча кыскартылат, анда шектүүнүн, айыпталуучунун инсандыгы жөнүндө маалымат келтирилет, иштин жагдайлары жана аны кыскартуунун негиздери баяндалат, ошондой эле бөгөт коюу чарасын жокко чыгаруу жөнүндө, ага тете материалдык зыяндын жана (же) моралдык зыяндын ордун толтурууну камсыз кылуу жана мүлктү конфискациялоо чаралары жөнүндө чечим көрсөтүлөт. Жогорку соттун өкүлүнүн пикири боюнча жазык иши жабылган учурдан тартып жактын мүлккө ээлик кылуу, аны тескөө жана пайдалануу укугуна кийлигишүүнү актаган камактын мыйзамдуу максаты жоюлат. Ушул учурдан тартып мындай кийлигишүү өзүм билемдикке жатат жана кызыктар тарап анын токтотулушун күтүүгө укуктуу. Жазык иши токтотулганда мүлккө салынган камак менчик укугу коомдук түйшүккө айланып, анын андан ары күчүндө болуунун негиздери жоюлган болот. Анын үстүнө жазык процесстик мамилелер менен шартталган атайын жокко чыгаруу тартибин колдонуу мүмкүндүгү да жокко чыгат. Ошентип, жазык өндүрүшү жабылганга чейин кайсы бир себептер менен аяктабай калган ар кандай коомдук-укуктук процедуралар жазык өндүрүшү жабылгандан тартып жазык процесстик мүнөзүн жоготот.
Ошол эле учурда, М.Н. Сапиянова белгилегендей, жазык иши боюнча мүлккө салынган камакты ишти жапкандан кийин жокко чыгаруу сотко чейинки тергөө органы тарабынан мындай чаранын колдонулушунун баасы менен байланыштуу эмес, ал эми тийиштүү чечимди кабыл алуу зарылдыгы талашсыз жана жазык процесстик укуктук мамилелердин токтотулушуна байланыштуу альтернативасыз болуп саналат. Мында, КПКнын 125-беренесине ылайык алгачкы тергөө органынын, тергөөчүнүн, тергөө бөлүмүнүн жетекчисинин, прокурордун аракеттери (аракетсиздиги) жана чечимдери, эгер жүргүзүлүп жаткан аракеттер (аракетсиздиктер) жазык сот өндүрүшүнүн катышуучуларынын, ошондой эле башка жактардын кызыкчылыктарын козгосо, алар КПКда белгиленген тартипте даттанышы мүмкүн. Демек, тергөөчүнүн же прокурордун мулккө камак салуу жөнүндө токтому сот тартибинде даттанылышы мүмкүн, бул укуктарды жана эркиндиктердин соттук коргоонун, анын ичинде даттануу укугунун кепилдиги болуп саналат. Жогоруда баяндалгандын негизинде, Жогорку соттун өкүлү КПКнын 121-беренесинин 13-бөлүгү Конституциянын 23-беренесинин 5-бөлүгүнө, 61- беренесинин 1-бөлүгүнө, 100-беренесинин 4-бөлүгүнө карама-каршы келбейт деп эсептейт. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын өкүлү У.У. Конкубаева кайрылуучу тараптын жүйөлөрү кийникдей негиздер боюнча негизсиз деп эсептейт. Ал белгилегендей, укукка каршы жосундардын көрүнүштөрүнүн эң эле терс формаларынын бири материалдык зыян жана моралдык залакка келтирүү менен коштолгон кылмыштар болуп саналат. Ушуга байланыштуу, мыйзам чыгаруучу инсандын, коомдун жана мамлекеттин корголушун, аларды тез жана толук тергелишин гана эмес, материалдык зыяндын жана моралдык залаканын ордун тургузууну камсыздоо жазык сот өндүрүшүнүн милдеттерине киргизгени толугу менен логикалуу жана адилеттүү.
Тергөө органдары аталган милдеттерди жүзөгө ашыруунун укуктук механизмдери катары жазык-процесстик, анын ичинде мүлккө камак салуу түрү болуп өзгөчө орунду ээлеген мажбурлоо чараларын мыйзамда белгиленген тартипте колдонот. Эгерде жазык ишин тергөөнү ишке ашырып жаткан тергөөчүдө, прокурордо мүлк шектүүнүн, айыпталуучунун кылмыш аракеттеринин натыйжасында тартып алынган деген жетиштүү негиздери болсо, ал шектүүнүн, айыпталуучунун, материалдык зыяндын жана моралдык залаканын ордун тургузууга жооптуу жактын же башка жактын мүлкүнө камак салууну болжойт. Материалдык зыяндын жана моралдык залаканын, башка мүлктүк дооматтардын ордун тургузуу же мүмкүн болуучу мүлктү конфискациялоо бөлүгүндө тергөө жана соттук териштирүү мезгилинде өкүмдүн аткарылышын камсыздоо үчүн мүлккө камак салуу соттун чечими боюнча ишке ашат. Демек, КПКнын 121-беренесинин 13-бөлүгүнүн күчүнөн улам камак жазык өндүрүшүн жүргүзгөн жана иштин нагыз жагдайларын аныктоо жана баалоо ыйгарым укуктуу жактын же органдын токтому, аныктамасы боюнча мүлккө мурда салынган камак жогорудагылардан улам жокко чыгарылат. Мында, талаш-тартыш учурунда мүлккө салынган камакты жокко чыгарууга ыйгарым укуктуу жактын же органдын аракеттерин (аракетсиздигин) КПКнын 125, 129, 130-беренелерине ылайык жогору турган орган же сот тарабынан текшерүү мүмкүндүгү жокко чыгарылбайт. Жогоруда баяндалгандын негизинде, У.У. Конкубаева талашылып жаткан ченем Конституцияга карама-каршы келбейт деп эсептейт. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттин комитетинин өкүлү К.С. Сабыров дагы талашылып жаткан ченем Конституциянын жоболоруна карама-каршы келбейт деп эсептейт жана кийинкидей көз карашты келтирет. Мүлккө камак салуу түрдөгү жазык-процесстик чара мажбурлоочу мүнөзгө ээ жана менчик ээсинин мүлккө ээлик кылуу, аны пайдалануу жана тескөө ыйгарым укуктарына, анын эркин эске албастан киришет, ошон үчүн
ал прокурордун макулдугу менен тергөөчү берген өтүнүчтүн негизинде сот тарабынан гана колдонулат, ал дагы сотко ушул мажбурлоо чарасын колдонулушунун негиздүүлүгүн ырастаган иштин материалдарынын көчурмөлөрүн, ошондой эле кылмыштын кыскача фабуласы менен маалымат, квалификациянын, кылмыш менен келтирилген зыян үчүн жооптуу шектелүүчү, айыпталуучу же жак, кылмыш менен келтирилген материалдык зыяндын жана (же) моралдык залаканын мүнөзү жана өлчөмү, камакка салына турган мүлктүн наркы, анын жайгашкан орду тууралуу маалыматтар жана мүлккө камак салуунун зарылдыгы тууралуу тыянактар сотко тапшыруу менен ишке ашырылат. Ушуга байланыштуу Конституциянын 15-беренеси менен караштырылган менчик ээсинин укуктарын коргоо, ошондой эле адилеттик принцибин сактоо максатында, ушул мажбурлоо чарасы колдонулган учурда мыйзам чыгаруучу КПКнын 121-беренесинин 13-бөлүгү менен иштин өндүрүшүн жүргүзгөн жак же орган мажбурлоо чарасын колдонуу зарылдыгын жоготкондо, аларга камак салууну жокко чыгаруу укугун берген.
К.С. Сабыров мыйзам чыгаруучу ушул эле логика менен КПКнын 258-
беренесинин 2-бөлүгү менен жазык ишин кыскартуу жөнүндө токтомдо көрсөтүү жолу менен жазык ишини кыскартылышы жөнүндө чечимди кабыл алууда материалдык зыяндын жана (же) моралдык залаканын ордун тургузууну камсыздоо жана мүлктү конфискациялоо чарасын жокко чыгаруу жөнүндө буйрукчул ченемдик караштырган. Аны менен, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин өкүлүнүн пикири боюнча КПКнын 121-беренесинин 13-бөлүгү, 258-беренесинин 2- бөлүгү жарандардын соттук тартипте чечилишин талап кылган конституциялык укуктарын чектөөгө эмес, иштин өндүрүшүн жүргүзгөн жак же орган тарабынан ушул мажбурлоо чарасын колдонуу үчүн негиздердин жоктугун көрсөткөн жагдайлар белгиленген учурда менчик ээсинин мүлккө ээлик кылуучу, аны пайдалануучу жана тескөөчү конституциялык
укуктарынын убактылуу чектелгенин токтоосуз калыбына келтирүүгө багытталган. Баяндалгандын негизинде, К.С. Сабыров кайрылуучу тараптын өтүнүчүнүн негиздиги тууралуу көз карашын айтат. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин экинчи өкүлү З.О. Суваналиев К.С. Сабыровдун жүйөлөрүн колдогон. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин өкүлү Б.М. Мусаев талашылып жаткан ченем Конституциянын жоболоруна кийинкидей негиздер боюнча карама-каршы келбейт деп эсептейт. КПКнын 258-беренесине ылайык Кылмыш иши тергөөчүнүн токтому боюнча кыскартылат, анда шектүүнүн, айыпталуучунун инсандыгы жөнүндө маалымат келтирилет, иштин жагдайлары жана аны кыскартуунун негиздери баяндалат. Токтомдо КПКнын 86-беренесинин эрежелерине ылайык буюм далилдери жөнүндө, бөгөт коюу чарасын жокко чыгаруу жөнүндө, ага тете материалдык зыяндын жана (же) моралдык зыяндын ордун толтурууну камсыз кылуу жана мүлктү конфискациялоо чаралары жөнүндө чечим көрсөтүлөт. Ишти кыскартуу жөнүндө токтомдун көчүрмөсүн тергөөчү прокурорго жөнөтөт, бир эле учурда кыскартуунун негиздерин көрсөтүү менен ал боюнча иш кыскартылып жаткан адамга, жабырлануучуга, анын арызы боюнча тергөө башталган адамга жана (же) уюмга билдирет жана аларга даттануу укугун түшүндүрөт. Алардын арызы боюнча сотко чейинки өндүрүшү башталган жабырлануучунун, адамдын жана (же) уюмдун же алардын өкүлдөрүнүн өтүнүчү боюнча тергөөчү, прокурор кыскартылган иштин материалдары менен аларды тааныштырат. Кылмыш иши кыскартылгандан кийин тергөөчү 5 сутканын ичинде кабыл алынган чечимдин мыйзамдуулугун иликтөө үчүн ишти прокурорго жөнөтөт. Кылмыш ишин алган күндөн тартып 10 сутканын ичинде прокурор аны кыскартуу жөнүндө чечимдин мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн таануу тууралуу корутунду чыгарат же болбосо ал кабыл алган чечимдин негиздемесин көрсөтүү менен кылмыш-жаза ишин кыскартуу жөнүндө токтомду жокко чыгаруу тууралуу токтом чыгарат.
Б.М. Мусаев баяндалгандын негизинде арыз ээлеринин өтүнүчүн
канааттандыруусуз калтыруунун суранат.
М.С. Бегимбаева Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин
өкүлү дагы арыз ээсинин жүйөлөрү менен макул болгон жок жана кийнкидей пикир билдирген. КПКнын 117-беренесине ылайык кылмыш-жаза сот өндүрүшүн жүргүзүүнүн тартибин, өкүмдүн талаптагыдай аткарылышын камсыз кылуу максатында кылмыш-жаза сот өндүрүшүн жүргүзгөн орган шектүүгө, айыпталуучуга карата мүлккө камак салуу кылмыш-жаза сот өндүрүшүн камсыз кылуу чараларынын бири. Мүлккө камак салуу -кылмыш-жаза чарасын камсыздоо чарасы ушул мааниде мыйзамда акталган чара болуп саналат жана Конституцияга туздөн-түз карама-каршы келбейт. КПКнын 121-беренеси менен мүлкко камак салуу жөнундө жоболор аныкталган, ага ылайык тергөөчу, прокурор мүлкко камак салуу чараларды кабыл алаары белгиленген. Жабырлануучу тергөөчү судьяга мүлккө камак салуу жөнүндө өтүнүчтү берүүгө укуктуу. Мүлккө камак салууда, кылмыш иши өндүрүшүндө турган адам прокурордун макулдугу менен тергөө судьясынын алдында шектүүнүн, айыпталуучунун, материалдык залалдын жана (же) моралдык зыяндын ордун толтуруу үчүн жооптуу адамдын мүлкүнө камак салуу жөнүндө токтом чыгарат. Токтомго өтүнүчтүн негиздүүлүгүн ырастоочу иштин материалдарынын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү тиркелет.
М.С. Бегимбаева белгилегендей, камакка салуу жөнүндө өтүнүчтү кароо
тартиби КПКнын 268-беренесинде блгиленген. Аны менен, мыйзам чыгаруучу камакка салуу жөнүндө маселени чечүү боюнча тийиштүү субъектилеринин аракеттеринин тартибин аныктаган. Ошентип, белгиленген тартипке ылайык мүлккө камак салуу жөнүндө өтүнүчтү козгоо тууралу тергөөнү жүргүзүп жаткан адамдын токтому материалдар сотко келип түшкөн учурдан тартып сотко чейинки өндүрүш өткөрүлгөн жери боюнча прокурордун катышуусу менен 24 саат ичинде сот
отурумунда тергөө судьясы кароо тийиш. Тергөө судьясы мүлккө камак салуу жөнүндө өтүнүчтү карап чыгып, мүлккө камак салууну канааттандыруу же андан баш тартуу жөнүндө токтом чыгарат. Юстиция министрлигинин өкүлү белгилегендей, КПКнын 264- беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык тергөө судьясынын токтому мыйзамдуу күчүнө токтоосуз кирет жана милдеттүү аткарылууга жатат. КПК караган учурларда тергөө судьясынын токтому аппеляциялык жана кассациялык тартипте даттанылышы мүмкүн жана анын аткарылышын токтото турбайт. Мүлккө камак салууну жана аны алууну судья тергөөчүнүн, прокурордун, анын ичинде жабырлануучунун өтүнүчүнүн негизинде ишке ашырыла тургандыгы келип чыгат. Өкүл арыз ээлеринин өтүнүчүндөгү КПКнын 121-беренесинин 13- бөлүгүнө жасалган шилтемеси менен соттун мүлккө салган камакты тергөөчүнүн жокко чыгаруусу тууралуу учурду тергөөчүнүн укук ченемине жатпаган процесстик аракети катары бааланы керек деп белгилейт. Анткени, мүлккө салынган камакты жокко чыгаруу боюнча ыйгарым укук тергөөчүнүн КПКнын 37-беренеси менен белгиленген ыйгарым укуктар алкагына кирбейт.
М.С.Бегимбаева, баяндалгандын негизинде, КПКнын талашылып
жаткан ченеми Конституциянын ченемдерине карама-каршы келбейт деп эсептейт. Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту тараптардын жүйөлөрун талкуулап, үчүнчү жактардын пикирин угуп, иштин материалдарын изилдеп чыгып, кийинкидей тыянактарга келди.
1. «Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө»
конституциялык Мыйзамдын 17-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык Конституциялык сот ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу күмөн жараткан бөлүгүнө гана тийиштүү болгон предмет боюнча актыларды чыгарат.
Ошентип, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун бул иш боюнча кароо предмети болуп төмөнкүдөй мазмундагы КПКнын 121- беренесинин 13-бөлүгү саналат: “121-берене. Мүлккө камак салуу
13. Мүлккө камак салуу чарасын колдонуунун зарылдыгы жок болгондо,
бул иш анын өндүрүшүндө турган адамдын же органдын токтомунун негизинде кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн кандай гана болбосун баскычында мүлккө камак салуу жокко чыгарылат.”. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодекси 2021- жылдын 28-октябрында №129 номур менен мыйзамдарда белгиленген тартипке ылайык кабыл алынган, «Эркин-Тоо» гезитинин 2021-жылдын 16- ноябрында № 122-123 сандарында жарыяланган, Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген жана колдонуудагы болуп саналат.
2. Конституцияга ылайык ар бир адамга өзүнүн Конституцияда,
мыйзамдарда, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдерде, эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптеринде жана ченемдеринде каралган укуктарын жана эркиндиктерин сот аркылуу коргоого кепилдик берилет. (61-берененин 1-бөлүгү). Эл аралык укуктун ченемдери, асыресе, Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 8, 10-беренелери, ошондой эле Атуулдук жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактынын 2 (2-пункту жана 3-пунктунун “а” пунктчасы) жана 14-беренелери (1-пункт) менен үндөшкөн каралып жаткан конституциялык ченемден мамлекет укуктун акыйкат, компетенттүү, толук кандуу жана натыйжалуу соттук коргоо аркылуу ишке ашырылуусун камсыздоого милдеттүүлүгү келип чыгат. Кыргыз Республикасынын Жогоорку сотунун Конституциялык палатасы соттук коргоо аркылуу укуктун ишке ашырылуусу боюнча өзүнүн көз карашын бир нече жолу билдирген (2015-жылдын 9-декабрындагы, 2018- жылдын 1-ноябрындагы, 2018-жылдын 24-январындагы, 2019-жылдын 16-
январындагы, 2020-жылдын 16-сентябрындагы Чечимдери), ага ылайык соттук коргоо бардык башка укуктары менен эркиндиктердин маанилүү конституциялык кепилдиги, аны камсыздоо сот бийлигинин бийликтерди бөлүштүрүү тутумундагы өзгөчө орду менен шартталган жана сот адилеттигин жүзөгө ашыруу тек гана анын компетенциясы болуп саналат. Кыргыз Республикасы укуктук мамлекет катары адамдын, жарандын укуктары менен эркиндиктерин натыйжалуу корголушун акыйкаттыктын талаптарына жооп берген сот адилеттиги аркылуу камсыздоого милдеттүү, анткени алар гана иштер кайсы сотто жана кандай кандай тартипте каралышын алдын ала аныктайт, бул сот үчүн да, сот процессинини башка катышуучулары үчүн да алар жасап жаткан аракеттеринин акыйкат жана мыйзам алкагында болушуна ишенүүгө жол берет. Кыргыз Республикасында сот адилеттиги сотто гана ишке ашырылат (Конституциянын 94-беренесинин 1-бөлүгү). Сот адилеттигин жүзөгө ашыруу сот бийлигинин гана компетенциясы дегенди билдирет. Сот өзүнүн улук озуйпасынын күчүнөн улам бийликтин өзгөчө эгеси жана бир дагы мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз ылданча башкаруу бийлиги ээ болбогон бийлик-тескөөчүл ыйгарым укуктарына ээ. Сот бийликтин атынан жана анын жүзү болуп сот адилеттигин ишке ашырып, өз эркине баш ийдирүү, белгилүү бир аракеттерди жасоого же тийиштүү жүрүм-турумду карманууга мажбурлоо мүмкүндүгунө ээ. Мызамдуу күчүнө кирген соттук чечимдер, ошондой эле мыйзамдуу тескемелер, талаптар, тапшырмалар бирин калтырбастан бардык мамлекетик бийлик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдар, коомдук бирикмелер, кызмат адамдары, башка юридикалык жактар жана жеке жактар үчүн жалпыга милдеттүү болуп саналат жана кыйшаюсуз аткарылууга жатат. Сот чечимин аткарбагандар үчүн жоопкерчиликтин ар кандай түрлөрүнө алып келет. Ошентип, мамлекеттин институттарынын функцияларынын арасында сот адилеттигин жүзөгө ашыруу борбордук орунду ээлейт, жана ал болгон
үчүн мамлекеттик бийликтин табияты укуктук жана түшүнүктүү мүнөзгө ээ болот.
3. Укукка каршы жосундардын көрүнүштөрүнүн эң эле терс
формаларынын бири болуп материалдык зыянды жана моралдык залаканы келтирүү менен болгон кылмыштар (жоруктар) саналат. Ушуга байланыштуу, мыйзам чыгаруучу жазык сот өндүрүшүнүн милдеттерине инсандын, коомдун жана мамлекеттин кылмыштардан жана жоруктардан коргоону, алардын тез жана толук тергелишин гана эмес, материалдык зыяндын жана моралдык залаканын ордун толтурууну камсыздоону да камтыганы логикага да, акыйкатттыка да жатат (КПКнын 6- беренеси). Мыйзам чыгаруучунун мындай мамилеси кылмыштардан (жоруктардан) жабыр тарткандарга келтирилген материалдык зыяндын милдеттүү ордун толтурулушун болжогон, алардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын соттук коргоо жөнүндө конституциялык кепилдикти камсыздоо зарылдыгы менен шартталган. Ушуга байланыштуу, сот өкүм чыгарууда материалдык зыян келтирилген кылмыш жөнүндө ар бир иш боюнча жарандык доону чечиш керек, ал эми доо келтирилбесе, өзүнүн демилгеси боюнча зыяндын ордун толтуруу боюнча чечимди кабыл алуу маселесин талкууга салыш керек. Белгиленген милдеттерди ишке ашыруунун укуктук механизми катары сотко чейинки өндүрүш органдары жазык-процесстик мажбурлоо чараларын, анын ичинде мүлккө камак салуу сыяктуу түрү өзгөчө орунду ээлеген мажбурлоо чараларын мыйзамда белгиленген тартипте колдонушат. Эгерде сотко чейинки өндүруштү жүргузгөн органда мүлк шектүүнүн, айыпталуучунун кылмыштуу иш-аракеттеринин натыйжасында алынган же болбосо кылмыштын куралы же каражаты катарында колдонуу үчүн пайдаланылган же арналган деп болжолдоого жетиштүү негиздер болсо, шектүүдө, айыпталуучу, материалдык зыяндын жана моралдык залаканын
ордун тургузуу үчүн жооптуу адамда турган мүлктөргө камак салууну болжойт. Мүлккө камак салуу, баарыдан мурда, кылмыштан жабыр тарткан адамдардын укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо аркылуу кызмат кылат жана кылмыш менен келтирилген зыяндын ордун толтурулушун камсыздайт. Бирок ушул гана көрсөтмө үчүн гана эмес, ал өкүмдү аткарууга байланыштуу, мындан да кеңири алкактарда, башка коомдук укуктук кызыкчылыктарда чагылдырылып, мүлктү мүмкүн болуучу конфискациялоону, жазык жазалоо чарасы катары процесстик чыгымдар же айып түрүндөгү мүлктүк төлөмдөрдү, ошондой эле жазык иш боюнча буюмзаттык далилдерге тийиштүү мүлктүн сакталышы боюнча чараларды камсыздоо менен колдонулат. Мында, мүлккө камак салуу жазык иши кыскартылганда же конкреттүү адамды жазык куугунтугу токтотулганда; актоочу өкүм чыкканда; доогердин жарандык доодон баш тартканда; сот жарандык доону канааттандыруудан баштартканда; доо кароосуз калганда; мүлк кылмыш жолу менен табылгандыгы далилденбегенде; мүлк жарандык жоопкерге таандык эместиги далилденгенде жокко чыгарылат. Ошол эле учурда тийиштүү чектөөчү чараларды жокко чыгаруу мүлккө камак салуу мажбурлоо чарасынан маанилүүлүгү кем эмес, анткени мүлккө камак салууну негизсиз жокко чыгаруу кылмыштан жабыр тарткандардын мүлктүк укуктарынын бузулуу, моралдык залалдын ордун компенсациялоону, соттук чыгымдардын ордун толтуруунун, айыптарды төлөтүүнүн жана мурда камактагы мүлктү мүмкүн болуу жашыруу же жоготуу күчүнө байланыштуу мүлктү конфискациялоону мүмкүн эместик коркунучу бар. Ушундан улам, дал ушул аспектиде мулкк камак салууну жокко чыгаруучу укуктук ченемдердин ишке ашырылуусуна соттук контролдоонун натыйжалуу иштөө маселеси орчундуу мааниге ээ болууда.
4. БУУнун Адам укутарынын жалпы декларациясы 1948-жылдын 10-
ноябрында адамдын негизги укуктары менен эркиндиктерин жарыялаган,
анын жүзөгө ашырылуусуна бардык эл жана мамлекеттер, анын ичинде жазык сот өндүрүшүн жүзөгө ашырууда да умтулуш керек. Кыргыз Республикасы эгемендикке ээ болгондон тарта мамлекеттик түзүлүштүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн үлгүсү гана эмес, формасы да түп тамырынан бери өзгөргөн. Социалдык баалуулуктардын приницпиалдуу жаңы иерархиясы да пайда болду. Адам укуктары менен эркиндиктери артыкчылык мааниге ээ болду. Кыргыз Республикасы укуктук мамлекет катары адам укуктары менен эркиндиктерин сактоого, аларды коргоого жана эркин өнүгүшүн камсыз кылууга кадыресе умтулат. Жазык куугунтуктоонун функцияларын жүзөгө ашыруу, кылмышты ачуу жана айыпталуучунун бетин ачуу адамдын жана жарандын Конституцияда каралган укуктары менен эркиндиктерин чектөө менен байланышпай койбойт. Мында алгачкы тергөөчү, алгачкы тергөө органы, тергөөчү, прокурор тарабынан кетирилген укук бузуулар жана каталар жазык сот өндүрүш чөйрөсүнө кайсы бир сапатта аралашкан жеке жана юридикалык жактардын укуктары менен кызыкчылыктарын козгойт. Ошон үчүн сотко чейинки өндүрүштуишке ашырган органдардын процесстик ишине соттук контроль жазык сот өндүрүшүнүн ушул этабында мыйзамдуулукту камсыз кылуунун маанилүү каражаты катары кызмат кылат. Ушуга байланыштуу, Конституция менен сотко чейинки өндүрүш этабында кепилденген соттук коргоо укугу жазык-процесстик мыйзамдарда соттук контролду жүзөгө ашыруучу тергөө судьясынын институтун бекитүү жолу менен ишке ашырылган (КПКнын 29-беренесинин 8-бөлүгү). Тергөө судьясы - айыпталуучунун укуктарын жана эркиндиктерин чектөөчү чараларды колдонуучу, алгачкы текшерүү органынын кызмат адамынын, тергөөчүнүн, тергөө бөлүмүнүн жетекчисинин, прокурордун аракеттеринин (аракетсиздигинин) жана чечимдеринин мыйзамдуулугуна соттук контролду жүзөгө ашыруучу судья (5-берененин 58-пункту, 31- беренесинин 2-бөлүгү).
Көрсөтүлгөн институттун иштеши ар кимдин мыйзамсыз аракеттерден жана укук коргоо органдарынын өзүм билемдигинен соттук коргоо аркылуу укуктарын ишке ашыруунун маанилүү кепилдиги болуп саналат. Ошол эле учурда тергөө судьясы айыпталуучунун күнөөлүү же күнөөлүү эместиги тууралуу маселени карап чечпейт. Демек, ал ишке ашыруучу соттук контроль сот бийлигинин, баарыдан мурда, сот өндүрүшунө чейинки стадияда инсандын бузулган укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын токтоосуз калыбына келтирүүгө багытталган өз алдынча функция болуп саналат. Соттун бейтарап макамы тараптардын атаандаштык жана тең укуктуулук конституциялык принцибин ишке ашырып, айыптоочу тараптын жана коргоочу тараптын жүйөлөрү жана ой-жүгүртүүлөрү байланышпайт жана жазык куугунтуктоо органы тарабынан процесстик аракеттерди жүргүзүү зарылдыгына калыс баа берүүгө жол ачат. Соттун соттук контролдоону ишке ашыруу боюнча иши тараптардын укуктук талашын (чырын) кайсы бир деңгээлде чечүүгө байланышкан, ал эми тараптардын процесстеги кызыкчылыктары объективдүү түрдө ар кандай болгондугуна байланыштуу ал ачык же жабык формада жашап келет. Ага кошумча болуп, дал кызыкчылыктар кагылышы соттук текшерүү зарылдыгын чакырып, чечилүүнү талап кылат. Соттук контроль сотко чейинки өндүрүштө кийинкидей формаларды караштырат: сот үй камагы жана камакка алуу, мүлккө камак салуу, инсандын кат алышуу, почто, телеграф жана башка кабар алуу сырына, ошондой эле турак жайдын жана башканын кол тийбестигине конституциялык укуктарды чектөөчү тергөө аракеттеринин өндүрүшү тууралу бөгөт коюу чаралары сыяктуу чечимдерди кабыл алат. Мындай соттук окнтроль ишти маңызы боюнча кароо болуп саналбайт, анткени ал жазык жоопкерчилиги жөнүндө маселени чечүүгө багытталбастан, ишти соттук териштирүүгө даярдоодо шарттарды түзүүгө жана жазык процессиндеги катышуучулардын укуктары менен кызыкчылыктарын коргоого багытталган.
5. Мыйзам чыгаруучу камакка салынган мүлк ээсинин ээлик кылууга,
пайдаланууга жана тескөөгө убактылуу чектелген конституциялык укуктарын
ыкчам калыбына келтирүү максаттарында мүлккө камак салуу чарасын колдонуунун зарылдыгы жок болгондо, бул иш анын өндүрүшүндө турган адамга же органга мүлккө камак салууну жокко чыгаруу укугун берген (КПКнын 121-беренесинин 13-бөлүгү). Маселен, жазык иши кыскартылган учурда КПкнын 258-беренесинин 2- бөлүгү менен тергөөчү жазык ишти кыскартуу тууралуу чечим кабыл алганда матарилдык зыяндын жана (же) моралдык залаканын ордун толтуруу жана мүлктү конфискациялоо чарасын жокко чыгаруу жөнүндө буйрукчул мүнөздөгү ченем караштырылган, ал тууралуу жазык ишти кыскартуу жөнундө токтомдо көрсөтүлөт. Тергөөчү жазык ишти кыскарткандан кийин 5 сутканын ичинде прокурорго ишти кабыл алынган чечимдин мыйзамдуулугун текшертүү жөнөтөт. Өз кезегинде прокурор жазык ишин алган күндөн тартып 10 сутканын ичинде аны кыскартуу жөнүндө чечимдин мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн таануу тууралуу корутунду чыгарат же болбосо ал кабыл алган чечимдин негиздемесин көрсөтүү менен кылмыш-жаза ишин кыскартуу жөнүндө токтомду жокко чыгаруу тууралуу токтом чыгарат. Ошентип, КПКнын 260-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык жазык ишин кыскартуу жөнүндө тергөөчүнүн токтому жокко чыгарылганда кыскартылган иш боюнча өндүрүш кайра башталат. Ошону менен бирге, сот тарабынан мүлккө салынган камакты жокко чыгаруу боюнча аракеттерди КПКнын 130-беренесинин 1-бөлүгү менен кепилденген соттук контролдоонун мүмкүндүгүнө карабастан сот гана караган бийликке кол салуу мүмкүндүгү байкалууда, бул Кыргыз Республикасында мамлекеттик бийлик органдарынын жана бийликтин сот бутагынын конституциялык-укуктук тутумун куруу тартиби жөнүндө конституциялык принциптердин көз карашынан алганда такыр жол берилгис болуп саналат. Конституциянын 100-беренесинин 4-бөлүгүнүн күчүнөн улам “Сот чечимин жокко чыгаруу, өзгөртүү же токтото туруу сот тарабынан мыйзамда
белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.”. Мындан соттон башка бир дагы орган өзүнө соттун функцияларын ала албайт, соттун бир да чечими мазмунуна карабастан, анын ичинде мүлккок амак салуу жөнүндө маселелерди жокко чыгарууга кошкондо жокко чыгарылышы, өзгөртүлүшү же токтото турулуш мүмкүн эмес деген келип чыгат. Андан тышкары, колдонуудагы уккутук жөнгө салуу жабыр тартканга келтирилген материалдык зыяндын жана (же) моралдык залаканын ордун толтуруу, айыптарды төлөтүү жана мүлктү мүмкүн конфискациялоону камсыздоо маселелси олуттуу тобокелге туш болууда. Алсак, тергөөчү жазык ишин кыскартуу жана прокурор тарабынан мындай чечимдин мыйзамсыздыгын жана негизсидигин белгилөө мезгилинде жазык сот өндүрүшүнүн жогоруда көрсөтүлгөн маселелерин чечилиши болжонгон камакка алынган мүлктү ажыратуу, жоготуу же жашырып кетүү мүмкүндүгү пайда болот. Жазык иши кыскартылган учурда мүлктү камактан “автоматтык түрдө” алып чыгуунун мындай тартиби жазык-процесстик мажбурлоонун көрсөтулгөн чарасынын натыйжалуулугун жоготууга алып келет, бул сот өкүмүнүн толук кандуу аткарылышын мүмкүн эместигине алып келиши мүмкүн, ал өз кезегинде жабырлануучунун жана жазык процессинин башка катышуучуларынын укуктарын кемсинтүүгө алып келиши мүмкүн. Баяндалганы эске алуу менен, шектүүнүн, айыпталуучунун жана жасалган кылмыштын кесепеттерине жооптуу адамдын мүлуно камак салуу маселесин соттун карамагында калтыруу максаттарын келип чыгып, мүлккө камак салуу чечимин чыгарган сот гана аны жокко чыгаруусу мамлекеттик бийлик органдарынын тутумунда бийликтин сот бутагынын орду жана макамы тууралуу конституциялык орнотмого, ошондой эле бийликтин башка органдары тарабынан сот актысын жокко чыгаруунун, өзгөртүүнүн же токтото туруунун мүмкүн эместиги принциптерине жооп берет. Ушуга байланыштуу, мыйзам чыгаруучу мүлкко камак салууну жокко чыгаруу тартибине тийиштүү колдонуудагы укуктук жөнгө салууга тиешелүү түзөтүү киргизүүгө зарыл.
Жогоруда баяндалгандын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктун, 4 жана 5- бөлүктөрүн, “Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын 48, 49, 52 жана 53-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту Ч Е Ч Т И:
1. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин
121-беренесинин 13-бөлүгүн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 23-беренесинин 5-бөлүгүнө, 61-беренесинин 1-бөлүгүнө, 100-беренесинин 4- бөлүгүнө карама-каршы келет деп таанылсын.
2. Кыргыз Рсепубликасынын Министрлер Кабинети ушул Чечимдин
жүйөлөштүрүүчү бөлүгүнөн келип чыккан тиешелүү өзгөртүүлөрдү колдонуудлагы укуктук жөнгө салууга демилге кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин
121-беренесинин 13-бөлүгү ушул Чечимге ылайык келтирилгенге чейин кызыкдар тараптардын кайрылуусу боюнча камакка салынган мүлк сотко чейинки өндүрүштүн кайсы гана стадиясында болбосун мүлккө камак салган соттун гана токтому менен чыгарылышы мүмкүн деп белгиленсин.
4. Чечим акыркы жана даттанууга жатпайт, жарыяланган учурдан
тартып күчүнө кирет.
5. Чечим бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча
башкаруу органдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана республиканын бардык аймактарында аткарылууга тийиш.
6. Ушул чечим мамлекеттик бийлик органдарынын расмий
басылмаларында, Конституциялык соттун расмий сайтында жана «Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун жарчысында» жарыялансын. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТУ
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 2 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (2)
- Конституция Кыргызской РеспубликиКонституция · 05.05.2021
- Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской РеспубликиКодекс · 28.10.2021 · № 129