Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Жарандар А.К. Алагушевдин жана Н.К. Сыдыковдун кайрылуусу боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 167-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө
Расмий тилден мамлекеттик тилге которулган КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТЫНАН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТУНУН Акмат Киргизбаевич Алагушевдин, Нурбек Кудайбердиевич Сыдыковдун кайрылуусуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 167-беренесенин 1, 2-бөлүктөрүнүн конституциялуулугун текшерүү тууралуу иш жөнүндө Ч Е Ч И М И 2022-жылдын 8-июну Бишкек шаары Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту, төрагалык кылуучу –
Э.Ж. Осконбаевдин, судьялар М.Р. Бобукееванын, К.А. Дуйшеевдин,
Л.П. Жумабаевдин, М.Ш. Касымалиевдин, К.Дж. Кыдырбаевдин,
Ж.А. Шаршеналиевдин курамында, катчы Г.А. Оморканованын,
кайрылуучу тарап - Акмат Киргизбаевич Алагушевдин, Нурбек Кудайбердиевич Сыдыковдун; жоопкер-тарап – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ишеним кат боюнча өкүлдөрү Мирбек Уранович Жусубакуновдун, Талантбек Ырысбекович Ырысбековдун; үчүнчү жактар – Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун ишеним кат боюнча өкүлү Маргарита Насаркановна Сапиянованын, Кыргыз
Республикасынын Башкы прокуратурасынын ишеним кат боюнча өкүлү Умуткан Ургазиевна Конкубаеванын, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин ишеним кат боюнча өкүлү Кубанычбек Сабырович Сабыровдун, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ишеним кат боюнча өкүлү Махабат Сагынбековна Бегимбаеванын, Кыргыз Республикасынын Ички миштер министрлигинин ишеним кат боюнча өкүлү Байтик Мусаевич Мусаевдин катышуусу менен, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүн, «Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 4, 17, 40, 45-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 167-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнүн конституциялуулугун текшерүү жөнүндө ишти ачык соттук отурумда карап чыкты.
А.К. Алагушевдин, Н.К. Сыдыковдун өтүнүчү бул ишти кароого себеп
болду. Ишти кароого негиз болуп Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 167-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнүн Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келүүсү маселесинде пайда болгон аныксыздык саналат. Ишти соттук отурумга даярдоону жүргүзгөн судья-баяндамачы
М.Р. Бобукееванын маалыматын угуп, келтирилген материалдарды изилдеп
чыгып, Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту Т А П Т Ы:
А.К. Алагушевдин, Н.К. Сыдыковдун Кыргыз Республикасынын
Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 167-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнүн (андан ары - КПК) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 23-беренесинин 2-бөлүгүнө, 32-беренесинин 2-бөлүгүнө, 61-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө ылайык келүүсүн текшерүү жөнүндө өтүнүч
Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотуна 2022-жылдын 21-январында келип түшкөн. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьялар коллегиясынын 2022-жылдын 14-февралындагы аныктамасы менен өтүнүч өндүрүшкө кабыл алынган. Кайрылуучу тарап сот отурумунда өзүнүн талаптарын колдогон жана төмөнкүлөрдү белгилеген. Арыз ээлери талашылып жаткан ченемдердин маанисинен тергөөчү бардык катышуучуларды кайсы гана иш болбосун тергөөнүн маалыматын ачыкка чыгарууга жол берилбестик жөнүндө эскертүү укугу келип чыгат деп эсептешет. Укуктарды көрсөтүлгөн чектөө негизсиз жана өлчөмсүз, Конституцияга жана мамлекеттин өзүнө алган эл аралык милдеттенмелерине карама-каршы келет. Кайрылуусубъекттери азыркы учурда укук коргоо органдары талашылып жаткан ченемдерди кыянаттык менен пайдаланууда жана тергөөнүн маалыматтын ачыкка чыгарбоо жөнүндө колкат алуунун процесстик зарылдыгы болбогон иштер боюнча дагы кылмыш-жаза жоопкерчилиги жөнүндө эскертүү беришет деп белгилейт.
А.К. Алагушев жана Н.К. Сыдыков өзүнүн жүйөлөрүн негиздөөдө
алардын пикири боюнча пикир билдирүү эркиндигине жана соттук коргоонууга болгон конституциялык укуктардын өлчөмсүз чектелишин даана көрсөткөн бир катар конкреттүү фактыларды мисал катары келтиришет. Арыз ээлери өзүнүн кайрылуусунда Атуулдук жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактынын 19-беренесинин 3-пунктуна шилтеме кылат, ага ылайык пикирди билдирүү эркиндигин, анын ичинде маалыматка жетишүү укугун чектөө мыйзам менен гана чектелиши мүмкүн жана башка адамдардын (жактардын) укуктары менен кадыр-баркын урматтоо; мамлекеттик коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын саламаттыгын же адеп-ахлагын сактоо үчүн зарыл болуп саналат. Андан тышкары, кайрылуу субъекттери БУУнун Адам укуктары боюнча
комитетинин № 34 Жалпы тартиптин эскертүүлөрүнөн жоболорду келтиришет, ага ылайык чектөөлөр Атуулдук жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактынын 19-беренесинин 3-пунктунун жогоруда көрсөтүлгөн шарттарын сактоодо, ошондой эле зарылдык жана өлчөмдөштүк талаптарын кыйшаюсуз сактоодо гана белгилениши мүмкүн.
А.К. Алагушев жана Н.К. Сыдыков КПКнын 167-беренесинин 1,
2-бөлүктөрүнүн колдонуудагы редакциясы жогоруда белгиленген Атуулдук жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактынын жоболоруна жооп бербейт, анткени талашылып жаткан ченемдер пикир билдирүү эркиндигине болгон укукту бардык учурларда чектөөгө улуксат берет деп эсептешет. Ушуга байланыштуу, арыз ээлери укукту чектөө колкат алуу максаты кандайдыр бир шарттарды эсепке алуу зарылдыгысыз, колдонулуу мөөнөтү көрсөтүлбөстөн ыйгарым укуктуу адамдын карамагында кала берет деп болжошот. Ошол үчүн кайрылуу субъекттери талашылып жаткан ченемдер менен пикир билдирүү эркиндигине болгон укук негизсиз чектелет, анткени тергөөнүн маалыматын ачыкка чыгарбоо жөнүндө колкаттын күчүндө болуу мөөнөтү регламенттелген эмес. Арыз ээлери талашылып жаткан ченемдер тергөөчү тарабынан улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти коргоо, калктын саламаттыгын жана адеп- ахлагын кайтаруу, башка адамдардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо сыяктуу мыйзамдуу максатты көрсөтпөстөн бардык кылмыш иштер боюнча эскертүү чыгарууга жол берилгендиктен улам Конституциянын 23-беренесинин 2-бөлүгүнүн жоболорунун талаптарына жооп бербейт деп көрсөтүшөт. Ошондой эле арыз ээлери колкат берилген учурда коргоочу предметтерди, документтерди жана башка маалыматтарды, адамдардын макулдугу менен аларга сурак жүргүзүү, маалымкаттарды, мүнөздөмөлөрдү, суратылган документтерди же алардын көчүрмөлөрүн берүүгө милдеттүү мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, коомдук бирикмелерден жана уюмдардан, адистердин корутундуларын алуу
жолу менен далилдерди чогултууга өзүнүн укугун толук көлөмдө жүзөгө ашыра албайт деп далилдешет. Кайрылуусубъекттери жогоруда көрсөтүлгөн жагдайлар ар кимге укуктар менен эркиндиктерди соттук коргоо Конституция, мыйзамдар, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдер менен караштырылган жана аны кепилдеген Баш Мыйзамдын 61-беренесинин жоболорунун бузулушу жөнүндө ырастайт деген тыянакка келишүүдө. Баяндалганды эске алуу менен, А.К. Алагушев, Н.К. Сыдыков КПКнын 167-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүн Конституцияга карама-каршы келет деп таанууну суранышат. Жоопкер-тараптын өкүлү М.У. Жусубакунов арыз ээлеринин жүйөлөрүн негизсиз, ал эми талаптары кийинкидей негиздер боюнча канааттандырылууга жатпайт деп эсептейт. Кайрылуучу тарап талашылып жаткан ченемдер Конституция менен таанылган адамдын, жарандын н укуктары менен эркиндиктери кандай түрдө бузулуп жатканын негиздеп берген жок, болгону кылмыш-жаза процесстик мыйзамдарынын жана Конституциянын ченемдеринин талаптарын бузуу, ошондой эле укук коргоо органдары тарабынан сотко чейинки өндүрүш фактыларын ачыкка чыгарбоо жөнүндө кол катты алуунун процесстик зарылдыгы болбогон иштер боюнча кылмыш-жаза жоопкерчилиги жөнүндө эскертүүнү караган кыяматтыктарды гана атап берген деп белгишет. Жоопкер-тараптын өкүлү КПКнын 167-беренесинин 1-бөлүгү тергөөчүгө да, кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн башка катышуучуларына да тийиштүү, тактап айтканда тергөөнүн маалыматтын ачыкка чыгарбоо деген иш боюнча чындыкты аныктоого багытталган деп далилдейт. Өз кезегинде, КПКнын 167-беренесинин 2-бөлүгү ушул эле берененин 1-бөлүгүнүн аткарылуу формасын аныктайт жана тергөөчүнүн Кылмыш-жаза кодексине (андан ары - КЖК) ылайык жоопкерчилик жөнүндө эскертүү менен колкат алуу укугун көрсөтөт. Тергөөчүнүн бул амалдары тергелип жаткан иштин конкреттүү жагдайларынан келип чыгуусу керек.
Жогорку Кеңештин өкүлү мамлекеттик сырга, жарандардын, жашы жете электердин жана башкалардын жеке турмушуна тийиштүү маалыматтары бар иштер жана алар кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн катышуучуларына зыян келтириши мүмкүн болгон иштер жашыруундоого жатат деп эсептейт.
М.У. Жусубакунов КПК ченемдерин тергөөчү туура эмес колдонуп,
зарылдыгы жок жерден иш боюнча маалыматтарды артыкбаш жашыруун кылган учурлары бар деп болжойт. Жоопкер-тараптын өкүлү Конституциянын 23-беренесинин 2-бөлүгүнүн жобосуна шилтеме жасап, укук коргоо органдары тарабынан кылмыш-жаза процессинин катышуучуларынын укуктарын оюна келгендей жана негизсиз кандай гана чектөө болбосун ал прокурордук көзөмөл аркылуу адамдын, жарандын конституциялык укуктары менен эркиндиктерин коргоону камсыздоого чакырылган прокуратура органдары менен тыйылыш керек деп көрсөтөт. Каралып жаткан маселе жашыруун болууга тийиш кылмыш иштердин тизмесин белгилөө жөнүндө ведомство аралык буйрукту кабыл алуу аркылуу жөнгө салынышы мүмкүн деп ал эсептейт. Ушул маселени изилдөөдө укук колдонуучулук тажрыйбада буга чейин ал боюнча талаш-тартыштар болбогондугу аныкталды. Ушундан улам, жоопкер-тараптын өкүлү көрсөтүлгөн көйгөй КПКнын талашылып жаткан ченемдеринен эмес, тергөө тажрыйбасынын кемчиликтеринен келип чыккан деген тыянаккка келүүдө. Жогорку Кеңештин экинчи өкүлү Т.Ы. Ырысбеков,
М.У. Жусубакуновдун жүйөлөрүн колдогон.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун өкүлү М.Н. Сапиянова маселенин маңызы боюнча КПКнын VII бөлүмүндө караштырылган аракеттер купуялуу жасалат, себеби өзүнүн милдеттерине жана максатына жетишүүнүн каражаттарына гана таандык дээрлик өз алдынча жана милдеттүү сотко чейинки өндүрүштүн өзү тергөөгө чейинки текшерүүнүн жана тергөөнүн ушундай жабык мүнөзүн бүтүндөй алдын ала аныктаган деп белгилейт.
М.Н. Сапиянова мыйзам чыгаруучу Конституциянын 10-беренесинин
5-бөлүгүнө, 29-беренесинин 3, 4-бөлүктөрүнө ылайык КПКнын 167-беренесинин 1-бөлүгүндөгүдөй императивдүү мүнөздөгү ченемдерди орнотууга укуктуу деп эсептейт. Жогорку соттун өкүлүнүн пикири боюнча КПКнын 167-беренесинин 2-бөлүгүндө талаптардын бекитилиши тергөөнүн маалыматтарын ачыкка чыгаруу жарандардын укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарынын бузулушуна гана эмес, кылмыш иши боюнча өндүрүштү татаалдаштыруу, иш боюнча чогулган далилдердин жоголушуна алып келүү, шектүү же айыпталуучу тарабынан далилдерди жок кылуу үчүн шарттарды түзүү, алардын тергөөдөн жана соттон качып кетүүгө жол берүү сыяктуу бүтүндөй кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн максаттарына жетишүүгө тоскоолдук келтирүү менен шартталган. Ошону менен бирге, М.Н. Сапиянова көрсөтүлгөн ченемдерде тергөөнүн жүрүшүндө алынган так кайсы маалыматтар ачыкка чыгарылбай тургандыгы көрсөтүлгөн эмес. Мыйзам чыгаруучу тергөө органдарына өз ыктыяры боюнча аракетеннүү укугун берүү менен өлчөмсүз чектөөлөрдү киргизүү мүмкүндүгүнө жол берет.
М.Н. Сапиянова баяндалгандын негизинде ачыкталышын чектөөгө
мүмкүн болбогон маалыматтар мыйзамдуу түрдө бекитилиши керек деп болжойт. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын өкүлү
У.У. Конкубаева КПКнын 36-беренесине ылайык тергөөчү өзүнүн
компетенциясынын чектеринде кылмыш иши боюнча тергөөнү жүзөгө ашырууга, тергөө жана башка процесстик аракеттерди жүргүзүү жөнүндө чечимдерди кабыл алууга ыйгарым укуктуу кызмат адамы катары кылмыш ишин тергөөдө адамдын, жарандын укуктары менен эркиндиктерин кайтарылышын, кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн катышуучулары өзүнүн укуктарын жүзөгө ашырылуусун камсыздоого, кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн катышуучуларынын кадырын жана баркын басмырлоо үчүн өбөлгөлөрдү, алардын өмүрү жана саламаттыгы үчүн коркунучту жокко
чыгаруучу аракеттерди ишке ашырууга жана чечимдерди кабыл алууга милдеттүү деп көрсөтөт. Мында сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө алынган маалыматтан кабары бар тергөөчүгө тергөөнүн жашырындуулугун сактоо милдетин жүктөлүшүнүн өзү кылмыш-жаза сот өндүрүшүндө адамдын, жарандын укуктары менен эркиндиктерин кайтаруу боюнча чараларды кылмыш-жаза процесстик мыйзам менен караштырылган бардык комплексин пайдалануу зарылдыгын жокко чыгарбайт жана айыпталуучу менен корголуучу тарапка өзүнүн укуктарын жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылбайт. Ошону менен бирге, У.У. Конкубаеванын пикири боюнча кылмыш иштин материалдарында жеке маалыматтар, салык, банк, коммерциялык, медициналык сыр, асырап алуу сыры жана башка ушул сыяктуу мыйзам менен кайтарылуучу сырларга тике же кыйыр таандыгы бар маалыматтар камтылышы мүмкүн, ошол үчүн аларды ачыкка чыгаруу инсандын укугуна кол салуу менен коомдук коркунуч туудурган катары каралууга тийиш. Тергөө маалыматтарын негизсиз ачыкка чыгаруу жарандардын укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарынын бузулушуна, кылмыш иш боюнча өндүрүштү татаалдаштырууга алып келиши мүмкүн. Башкы прокуратуранын өкүлү КПКнын 167-беренеси жактоочуга тергөөстадиясында берилген укуктарды жүзөгө ашырууда тоскоол кылуучу, ошондой эле ал стадия аяктагандан кийинки укугун, анын ичинде кылмыш иштин бардык материалдары менен таанышуу укугун чектөөчү жоболорду камтыбайт деп эсептейт. Баяндалганды эске алуу менен, У.У. Конкубаева КПКнын 167-беренесинин 1, 2-бөлүктөрү Конституциянын 23-беренесинин 2-бөлүгүнө, 32-беренесинин 2-бөлүгүнө, 61-беренесинин 1,2-бөлүктөрүнө карама-каршы келбейт деген тыянакка келүүдө. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин өкүлү К.С. Сабыров жоопкер-тараптын өкүлүнүкүндөй эле позицияны карманат. Мында ал «Изин суутпай издөө иши жөнүндө» Мыйзамга ылайык
алгачкы текшерүү органдары кылмышты ачуу үчүн усулдарды жана жыйынтыктары мамлекеттик сырды түзгөн көмүскө ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзөт деп белгилейт. Демек, ушул максаттарда тергөө маалыматтарын ачыкка чыгарууга жол берилбестик жолун камсыздоо аркылуу тергөө сырын сактоо зарыл. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин өкүлү көрсөткөндөй, криминалистика – прикладдык юридикалык илиминин усулдарына жараша тергөөчү тергөө жагдайларынын жыйындысынан келип чыгып, кылмыш окуясын жана курамын аныктоо, далилдерди топтоо жана аларга баа берүү, тиешеси бар адамдарды жазык жоопкерчилигине тартуу үчүн тергөө тактикасын тандайт. Ошон үчүн мыйзам чыгаруучу кылмышты толук ачуу максатында тергөөнүн маалыматтарын ачыкка чыгарбоо жөнүндө колкатты алуу карамагын процесстик көз карандысыз кызмат адам катары тергөөчүгө ыйгарым укук берген. Демек, тергөөчүнүн бул аракети импертивдүү ченем эмес, а анын укугу болуп саналат. Андан тышкары, К.С. Сабыров коргоочу тарап өзүнүн аракеттеринде чектелбейт жана кайсыл бир тергөө амалдардын өткөрүлүшү жөнүндө тийиштүү өтүнүч киргизүүгө, ошондой эле аларга катышууга укуктуу деп белгилейт. Баяндалганды эске алуу менен, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин өкүлү А.К. Алагушевдин жана Н.К. Сыдыковдун жүйөлөрүн негизсиз жана канааттандырылууга жатпайт деп эсептейт. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин өкүлү
М.С. Бегимбаева тергөө сыры эки максатты көздөйт, алар: бир жагынан,
коомдук тартиптин бузулушун алдын алууга багытталган тергөө амалдарын ойдогудай өткөрүлүшүнө жана кылмышты, укук бузууну жасаган адамдарды аныкталышына кепилдик берүү, экинчи жагынан, тергөөгө кызыкдар адамдарды коргоо, жеке турмуштун кол тийбестигин жана күнөөсүздүк презумпциясын кепилдөөчү укук берүү деп белгилейт. Андан тышкары, М.С. Бегимбаева тергөө сыры, баарыдан мурда, жалпы
кызыкчылыктар болуп саналган далилдер менен күбөлөрдүн, ошондой эле тергөө усулдарынын корголушуна багытталган логиканын бир бөлүгү, алар ачыкка чыгарылган учурда тергөөчүнүн белгилүү тыянактарды жасоосуна жолтоо кылышы мүмкүн. Юстиция министрлигинин өкүлүнүн пикири боюнча мамлекет Конституцияда бекитилген укуктарды башка конституциялык укуктарды камсыздоо максатында кайсы бир даражада чектөөгө мажбур болушу мүмкүн, ушуга байланыштуу, тергөө маалыматтарынан кабардар болгон адамдарга аларды ачыкка чыгарууга коюлган чектөө мыйзамдарда акталуу чара болуп саналат жана Конституциянын 23-беренесинин 2-бөлүгүнүн, 32-беренесинин 2-бөлүгүнө түздөн-түз карама-каршы келбейт. Ошону менен бирге, М.С. Бегимбаева толук максаттуу жүзөгө ашырылууга жана сакталууга жата турган Конституция менен кепилденген укуктардын көлөмүн (33-беренесинин 1-бөлүгү, 35-берене, 61-беренесинин 1, 2-бөлүктөрү) эске алуу менен КПКнын 167-беренесинин 1-бөлүгүнүн талашылып жаткан ченеми абсолюттук мүнөзгө ээ болбош керек деп ырастайт. Ушуга байланыштуу, ал укуктарды негизсиз чектелишин болтурбоо, ошондой эле тергөөчүгө дискрециялык ыйгарым укуктардын берилүү мүмкүндүгүн алып салуу максатында тергөө маалыматтарынын ачыкка чыгарууга жатпай турган учурларды ченемдер менен аныктоо максатка ылайыктуу деп болжойт. Баяндалганды эске алуу менен, Юстиция министрлигинин өкүлү талашылып жаткан ченемдер Конституцияга карама-каршы келбейт деп эсептейт. Ошону менен бирге, жогоруда көрсөтүлгөн жагдайларды эске алуу менен КПКнын 167-беренесинин 1-бөлүгүнө кошумча анализ жүргүзүү зарылдыгын белгилейт. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин өкүлү
Б.М. Мусаев тергөөнүн маалыматын санкциялаштырбай ачыкка чыгаруунун
коомдук коркунучу – ал сот адилеттигинин кызыкчылыктарына олуттуу таасир тийгизиши мүмкүн, анын ичинде: кылмыш жасаган адамдарды
аныктоо жана издөө зарылдыгына; кылмыш иштин натыйжасына кызыкдар катышуучулар же башка адамдар тарабынан далилдердин жок кылып салуу мүмкүнчүлүгүн болтурбоого; айыпталуучунун тергөөдөн жана соттон качып кетүү мүмкүндүгүн алып салууга; кылмыш жолу менен табылган буюмзаттык далилдерди жашырууга; иш боюнча шериктештерин эскертүүгө же акыйкаттыкты табууга башка ыкма менен жолтоо болууга. Ошондой эле маалыматтарды ачыкка чыгаруу кылмышты жасоого айыпталуучу адам, кылмыштын курмандыгы жөнүндө туура эмес пикир жаратышы мүмкүн жана кылмыш-жаза процессинин катышуучуларынын туугандарына жана жакындарына терс таасирин тийгизиши мүмкүн.
Б.М. Мусаев тергөө жана сот өндүрүшүнүн сыры кесиптик сырдын түрү
катары өзгөчө белгилерге ээ болгон жеткиликтүүлүгү чектелген маалыматтын бирдиктүү тутумунун элементи катары каралыш керек деп ырастайт. Жогоруда баяндалгандын негизинде, Ички иштер министрлигинин өкүлү талашылып жаткан ченемдер Конституцияга карама-каршы келбейт деп эсептейт. Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту тараптардын жүйөлөрун талкуулап, үчүнчү жактардын түшүндүрмөлөрүн угуп, иштин материалдарын изилдеп чыгып, кийинкидей тыянактарга келди.
1. «Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө»
конституциялык Мыйзамдын 17-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык Конституциялык сот ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу күмөн жараткан бөлүгүнө гана тийиштүү болгон предмет боюнча актыларды чыгарат.Ошентип, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун бул иш боюнча кароо предмети болуп төмөнкүдөй мазмундагы КПКнын 167-беренесинин 1, 2-бөлүктөрү саналат: «167-берене. Тергөөнүн маалыматтарын ачыкка чыгарууга жол берилбестик
1. Кылмыш иштери боюнча тергөөнүн жүрүшүндө алынган маалыматтар
ачыкка чыгарылбоого тийиш.
2. Тергөөчү, прокурор күбөнү, жабырлануучуну, адвокатты, экспертти,
адисти, котормочуну жана тергөө аракеттерин жүргүзүүгө катышып жаткан башка адамдарды тергөөнүн маалыматтарын ачыкка чыгарууга жол берилбей тургандыгы жөнүндө эскертет жана Кылмыш-жаза кодексине ылайык жоопкерчилик жөнүндө эскертүү менен алардан колкат алууга укуктуу.». Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодекси 2021-жылдын 28-октябрында №129 номур менен мыйзамдарда белгиленген тартипке ылайык кабыл алынган, «Эркин-Тоо» гезитинин 2021-жылдын 16-ноябрында № 122-123 сандарында жарыяланган, Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген жана колдонуудагы болуп саналат.
2. Конституцияга ылайык Кыргыз Республикасында укуктук,
демократиялык мамлекет катары адамдын укуктары жана эркиндиктери жогорку баалуулуктарга таандык, алар түздөн-түз иштейт, бардык мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын ишинин маанисин жана мазмунун аныктайт (Конституциянын 1, 23-беренеси). Конституция жогоруда көрсөтүлгөн баалуу багыттамаларды жар салып, ар кимге ой жүгүртүүгө, пикирин эркин билдирүүгө, сөз жана басма сөз эркиндигине укукту кепилдейт (32-берененин 1 жана 2-бөлүктөрү). Бул укук коомдун эркин өнүгүүсүнүн жана ар бир инсандын оюндагысынын ашырылуусунун сөзсүз шарттарынын бири болуп саналат. Жогоруда белгиленген конституциялык орнотмолор адам укуктар чөйрөсүндөгү бардык универсалдык эл аралык келишимдерде пайдубал укуктарга таандык жана алардын жүзөгө ашырылуусу мыйзамдарда колдонулгудай механизмдер аркылуу камсыздалышын талап кылат (Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 19-беренеси, Атуулдук жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактынын 19-беренеси). Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы өзүнүн 2015-жылдын 24-июнундагы Чечиминде пикир билдирүү эркиндиги,
сөз жана басма сөз эркиндиги адамдын өзүн көрсөтүүнүн, анын жигердүү жашоо көз карашын калыптандыруунун, өзүнүн маанилүүлүгүн жана баалуулугун түшүнө билүүнүн, аны башкалар уга билгендей жана башкалар аны уга билүү муктаждыгын канааттандырууда зарыл шарттар болуп саналат деп белгиленген. Пикир билдирүү эркиндигине кепилдик адамды эркин жана көз карандысыз ойлонууга мүмкүндүгүн чектөөдөн коргоодо турат. Демек, эгерде пикирди эркин айтууга мүмкүн болбосо, ал эркин боло албайт. Ошентип, өз пикирин эркин билдирүү адам укугунун укуктук мазмуну – бул анын ойлорун, пикирлерин жана ынанымдарын ар кандай ыкма менен коомдо айта билүү, ачыкка чыгаруу, тоскоолдуксуз айтуу, жайылтуу мүмкүндүгү. Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 29-декабрындагы Чечиминде көрсөтүлгөндөй өз пикирин билдирүү эркиндигине укук Конституция жана мыйзамдар менен белгиленгендей башка адамдын укуктары менен эркиндиктерин бузбагандай даражада жоопкерчиликтүү ишке ашырылуусу керек деп көрсөтүлгөн. Бул укуктук көз караш инсандын укуктары менен эркиндиги жана анын коомдогу жоопкерчиликтүү жүрүм-туруму сыяктуу мындай конституциялык баалуулуктар ортосунда тең салмактуулукту кармап туруу ишинде өзөктүү маанигее ээ. Демек, сөз жана пикир билдирүү эркиндигинин баалуулугу демократиялык коомдо коомдук турмуштун бардык чөйрөлөрүндө реалдуу көрүнүшүндө экендигине жана анын презумпциясына алып келе тургандыгына карабастан, бул эркиндик эбегейсиз болушу мүмкүн эмес, анткени социумдун табияты коомдук дагы, жеке мүнөздөгү дагы боло турган ар кандай кызыкчылыктардын чектешүүсүн болжойт. Ошон үчүн каралып жаткан эркиндикти чектөөгө жол берилет, бирок алар башка адамдардын ушул сыяктуу эле укуктары менен эркиндиктерин урматтоо зарылдыгынан келип чыгышы керек, Конституциянын 23-беренесинин 2-бөлүгүндө караштырылган конституциялык орнотмолорго
ылайык жана өлчөмдөш болуш керек. Бул эл аралык укуктун ченемдерине да шайкеш келет. Алсак, Атуулдук жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактынын 19-беренесинин 3-пунктунда өз пикирин эркин билдирүү укугун пайдалануу өзгөчө милдеттерди жана өзгөчө жоопкерчиликти жүктөйт деп көрсөтүлгөн. Ал башка адамдардын укуктарын жана аброюн урматтоо үчүн, ошондой эле мамлекеттик коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын саламаттыгын жана адеп-ахлагын кайтаруу үчүн мыйзам менен орнотула турган айрым чектөөлөр менен зарыл байланышта болушу мүмкүн.
3. Ар бир инсандын жана коомдун коопсуздугу камыздоо жалпысынан
мамлекеттин омоктуу өнүгүүсүнө максатталган стратегиялык иш-милдети болуп саналат. Көрсөтүлгөн иш-милдетти жүзөгө ашыруу мамлекеттен толук кайтарымдыкты, укуктук жөнгө салуунун колдонулгудай механизмдерин кошкондо бардыгын ичине алуучу чаралардын комплексин кабыл алууну талап кылат. Мыйзам чыгаруучу коомдун жалпы бакубаттуулугу укуктук тартиптин абалына жана мыйзамдуулуктун деңгээлине түздөн-түз көз каранды экенин моюнга алып, адамдын, жарандын өмүрүнө, саламаттыгына, мүлкүнө, экономикалык ишмердикти жүзөгө ашыруу тартибине, коомдук коопсуздукка жана коомдук тартипке, мамлекеттик бийликке, аскердик кызматка жана эл аралык укуктук тартипке кол салгандыгы үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилик институтун киргизген. Бул институт коомдук коопсуздукту камсыздоо менен бирге жалпы превентивдүү (жалпысынан кылмыштуулуктун алдын алуу) жана атайын превентивдүү (тарбиялык) функцияны аткарат. Атайын превенция конкреттүү укук бузуучулар тарабынан жаңы кылмыштарды жасалышын кыйла денгээлде болтурбайт, алар үчүн жагымсыз кесепеттер кайталанбас үчүн келечекте укук ченемсиз жүрүм-турумдан алыс болушуна мажбурлайт. Күнөөлүүлөрдү өз убагында жана сөзсүз жазалоо жарандарда колдонуудагы укуктук тартиптин козголбостугу жөнүндо түшүнүктү калыптандырат, мамлекеттик бийликтин калыстыгында жана кубатында ишенимди, алардын саламаттыгы, мүлкү,
укуктары жана кызыкчылыктары мыкты корголуп турат деген ишенимди бекемдейт. Бул өз кезегинде кылмыштуулукка каршы күрөшкө зарыл натыйжалуулук берет, жарандардын укуктук аң-сезиминин жана укуктук маданиятынын, жоопкерчилигинин жана тартиптүүлүгүнүн жогорулашына, алардын коомдук турмушта жигердүү болушуна, акыр аягы – өлкөдө мыйзамдуулук менен укуктук тартиптин бекемеделишине көмөк болот. Ушул себептен кылмыш-жаза процесстик мыйзамдардын өзөктүү принциптеринин бири ар бир кылмыш ачылыш керек, тергелиш керек, ал эми күнөөлүү калыс сот адилеттигине тартылыш керек дегенди билдирген жоопкерчиликтин болбой койбостугу болуп саналат. Коомдун динамикалуу өзгөрүшүнүн заманбап шарттарында, адам жашоосунун бардык чөйрөлөрүнүн кеңейиши жана татаалдашы менен кылмыштар дагы барган сайын эптүү жана кылдат мүнөзгө ээ болупбара жатат. Демек, тергөө ыкмалары дайыма өркүндөтүлүп, бүгүнкү күндүн реалдуулуктарына жооп берген жаңы каражаттардын киргизилишине гана эмес, ошондой эле КПКнын 167-беренеси менен бекитилген тергөө маалыматтарын ачыкка чыгарбоо талабы сыяктуу өзгөчө коргоо чараларына да муктаж.
4. Тергөө маалыматтарын ачыкка чыгарууга тыюу салуу маанилүү
коомдук кызыкчылыктарды дагы, жеке кызыкчылыктарды дагы коргоо максатын көздөйт. Коомдук кызыкчылыктарга баарынан мурда, тергөө усулдарынын корголушу (тергөө версиялары тууралуу маалымат, тергөө аракеттеринин тактикасы, тергөө катышуучуларына карата колдонулуучу коопсуздук чаралары), айрым тергөө аракеттеринин жыйынтыктары ачыкка чыккканда кылмышты тергөөнүн жыйынтыктарына терс таасирин тийгизиши мүмкүн болгон маалыматтарга таандык, ошондой эле иш боюнча топтолгон далилдер жоголушуна, шектүү же айыпталуучу тарабынан аларды жоготуу үчүн шарттарга алып келүүчү ачыкка чыгаруудан коргонууга таандык, анткени алар тергөөдөн жана соттон качып кетиши мүмкүн, тергөөгө башка жол менен
жолтоо кылышы мүмкүн. Жеке кызыкчылыктарга болсо, мыйзам менен кайтарууга алынган шектелүүчүнүн, айыпталуучунун, жабырлануучунун, күбөлөрдүн сырлары, ар-намысы, аброю жана ишчил репутациясы, ошондой эле кылмыш-жазык процессинин башка катышуучуларынын коопсуздугу кирет. Адатта кылмыш ишинин материалдарында адамдын биологиялык, экономикалык, маданий, жарандык же социалдык жактан тааныткан (биографиялык жана таанытуучулур маалыматтар, үй-бүлөлүк, финансылык абал, ден-соолуктун өзгөчө абалы жана башкасы жөнүндө маалымат) жеке маалыматтары сыяктуу мыйзам менен коргоодогу сырларга кыйыр же түздөн-түз тийиштүү маалыматтар камтылат. Санкциялаштырбастан аларды ачыкка чыгаруу инсандын мыйзамдуу кызыкчылыктарына олуттуу коркунуч туудуруучу анын укугуна кол салуу катары каралышы керек. Тергөө сырын камсыздоо бир дагы шектелүүчү, айыпталуучу мөөнөтүнөн мурда коомдук айыптоонун курмандыгы болуп калбасы үчүн күнөөсүздүк презумпциясы принцибин сактоо зарылдыгын дагы билдирет. Андан тышкары, ал кылмыштын курмандыгы же күбөлөрү болгон жагдайларын сыр бойдон сактоого жабырлануучулардын, күбөлөрдүн укуктарынын бузулушун болтурбоого багытталган, анткени андай маалымат ачыкка чыкса, аларга физикалык же психологиялык зыян келтириши мүмкүн. Мыйзам чыгаруучу тыюу салууну бузгандык үчүн жоопкерчилик тутумун белгилөө учурунда гана колдонгудай боло алат дегенден келип чыгып, КЖКнын 356-беренесинде сотко чейинки өндүрүштүн же жабык соттук териштирүүнүн маалыматтарын мыйзамда белгиленген тартипте ачыкка чыгаруунун жол берилбестиги жөнүндө эскертилген адам тарабынан ачыкка чыгаруу үчүн, эгерде сотко чейинки териштирүүнүн маалыматтарын прокурордун же тергөөчүнүн макулдугусуз ачыкка чыгаруу үчүн жазык жоопкерчилигин караштырган. Ошентип, тергөөнүн маалыматын ачыкка чыгарууга тыюу маанилүү коомдук жана жеке кызыкчылыктарды көздөп, коомдук тартипти, башка
адамдардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо максатында конституциялык укуктарды жана эркиндиктерди чектөө мүмкүндүгү жөнүндө конституциялык орнотмо менен туура келет (Конституциянын 23-беренесинин 2-бөлүгү). Ошол эле учурда тергөөнүн маалыматтарын ачыкка чыгарууга тыюу абсолюттук болушу мүмкүн эмес, анткени тергөөнүн карамагындагы бардык маалыматтар ачыкка чыкканда тергөөнүн кызыкчылыктарына жана кылмыш-жаза процессинин катышуучуларына зыян келтириши мүмкүн болгон сырды же маалыматтарды априори милдеттүү түрдө камтышы мүмкүн эмес.
5. Баарынан мурда, тергөө сырынын предмети маалымат анын мазмуну,
мүнөзү жана жеткиликтүүлүгү көз карашынан чектелүү болуу керек деп болжойт. Бирок, ар бир иштин мазмуну өзүнө башка дагы маалыматты камтышы мүмкүн, ал айыпталуучу тараптан дагы, жактоочу тараптан дагы жазык сот өндүрүшүнүн катышуучуларынын кызыкчылыктарын коргоо максатында пайдаланылышы мүмкүн. Алсак, кылмыш жасалган факты тууралуу; кылмыш ишин козгоо тууралуу; кармоо жана бөгөт коюу чарасын колдонуу тууралуу; айыпты коюу тууралуу; тергөөнүн аяктаганы жана айыптоочу корутундуну түзүү, ишти кыскартуу, же аны токтото туруу тууралуу, адамдын, жарандын укуктары менен эркиндиктеринин бузулушу тууралуу; мамлекеттик бийлик органдары жана алардын кызмат адамдары тарабынан мыйзамды бузуу фактылары тууралуу маалыматтар; көпчүлүккө маалымдоо каражаттарында тергөөчү же прокурор жайылткан маалыматтар; “Интернет” же башка коомдук ыкма менен таратылган маалыматтар; эчак ачыкка чыгарылган маалыматтар тергөө сырын түзө албайт. Андан тышкары, тергөөнүн маалыматтарын ачыкка чыгарбоо жөнүндө эрежелерден алып салуу катары кылмыш иштин материалдарындагы өтүнүчтөрдө, арыздарда, даттанууларда жана башка процесстик документтерде, анын ичинде адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо
боюнча мамлекеттик жана эл аралык органдарга тапшырылып жаткан арыздарда жана башка документтерде камтылган маалыматтар болушу мүмкүн. Атүгүл тергөөнүн жүрүшүндө сотко чейинки өндүрүштүн катышуучуларынын, анын ичинде айыпталуучунун жеке турмушу тууралуу маалыматтар өзгөчө учурларда үчүнчү жактарга же көпчүлүккө маалымдоо каражаттарында берилиши мүмкүн, бул жерден ал маалымат ошол адамга таандык болсо жана анын кызыкчылыктарына жооп берсе, ал анын макулдугу менен ачыкка чыгарылат. Ушуга байланыштуу, ар ким өзүнүн пикирин билдирүү эркиндигине болгон конституциялык укукту жүзөгө ашыруу алкагында мындай маалыматтар мыйзамда тыюу салынбаган бардык жеткиликтүү ыкмалар менен өзүнүн укуктары менен эркиндиктерин коргоо укугу менен тутумдаш байланышта коомдук мейкиндикте, анын ичинде көпчүлүккө маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда пайдаланылышы мүмкүн жана шектелүүчүнүн, айыпталуучунун же жабырлануучунун укуктарын коргоонун каражаттарынын же ыкмаларынын бири болушу мүмкүн. Бул маалыматтар укук коргоо органдарына жарандык контролду жүргүзүү чарасы катары коомчулукту маалымдоо үчүн пайдаланылышы мүмкүн. Тергөөнүн маалыматын ачыкка чыгарууну чектөөгө багытталган кандай гана чаралар болбосун, кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн катышуучулары маалыматты ачыкка чыгарууга укуктуу болбогон маалыматты ачыкка чыгаруу тергөөнүн кызыкчылыктарына карама-каршы келбеши жана алардын укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарынын бузулушуна алып келбеши үчүн, алар тергөөчүдөн же прокурордон ачыкка чыгарууга укуктуу болгон маалыматты тактоону талап кылуу укугу эч кандай кемсинтилбей тургандыгы өзгөчө белгиленүүгө тийиш. Ошентип, тергөөнүн сырын түзгөн маалыматтарды ачыкка чыгарбоого байланыштуу маселелердин регламентациялоо ал маалыматтардын мазмундук бөлүгүн, тергөөнүн жана (же) кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн
катышуучуларынын укуктары жана мыйзамдуу кызыкчылыктары менен байланышын, адилеттүүлүк, теңдик жана өлчөмдөштүк принциптеринин сакталышын талап кылган конституциялык жактан корголуучу баалуулуктар, коомдук жана жеке кызыкчылыктар, адамдын, жарандын укуктары менен эркиндиктери тең салмактуулугун камсыз кылуу үчүн так белгиленген мыйзамдуу критерийлердин негизинде аларды ачыкка чыгаруу мүмкүндүгүн эске алуу менен жүргүзүлүшү керек. Андан тышкары, кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн маселелерин ченемдик регламентациялоодо укуктук аныктык принцибин кыйшаюсуз сактоо жана ыйгарым укуктуу процесстик адамдардын чексиз карамагына алуучу мүмкүндүктү болтурбоо зарылдыгынан келип чыксак, талашылып жаткан ченемдерде тергөөнүн маалыматтарын ачыкка чыгарууга тийиштүү эмес деп таануу үчүн негиздер, ошондой эле алардын колдонулушунун мүмкүн болуучу мезгили сыяктуу аспектилер кыйла так ченемдик жөнгө салынууга жатат. Ушуга байланыштуу, мыйзам чыгаруучу КПКнын 167-беренесинде укуктук жөнгө салуунун жогоруда белгиленген маселелерин чечилиши менен бирге, эгер ачыкка чыгаруу тергөөнүн кызыкчылыктарына карама-каршы келбесе жана кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн катышуучуларынын укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарынын бузулушу менен байланыштуу болбосо, ошондой эле тергөөнүн маалыматтарын ачыкка чыгарууга тыюу жайылтылбаган маалыматтар жана тергөөнүн маалыматтарын ачыкка чыгарылды деп таанылбай турган маалыматтар болсо, ал тергөөчүнүн же прокурордун макулдугу менен ачыкка чыгарыла турган маалыматтардын тизмесин аныктоого тийиш.
6. Кылмыш-жаза процесстик мыйзамдарына ылайык алгачкы текшерүү
органынын, тергөөчүнүн, тергөө бөлүмүнүн жетекчисинин, прокурордун аракеттери (аракетсиздиги) жана чечими, эгерде жүргүзүлүп жаткан процесстик аракеттер (аракетсиздик) же чечим кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн катышуучуларынын кызыкчылыктарын козгосо, жазык сот өндүрүшүнүн катышуучулары, ошондой эле башка адамдар тарабынан сотто
даттанылышы мүмкүн (КПКнын 125, 130-беренелери) экенин эске алуу менен, ушул Чечимдин 3-5-пункттарында каралып жаткан маселе боюнча Конституциялык соттун баяндалган тыянактарын эсепке алуу менен, Конституциялык сот талашылып жаткан ченемди укуктук колдонуу Конституция, мыйзамдар, Кыргыз Республикасы катышуучу болгон эл аралык келишимдер, жалпыга таанылган принциптер жана эл аралык келишимдеринин ченемдери менен караштырылган укуктар менен эркиндиктерди соттук коргонууга болгон укукту бузуу үчүн юридикалык өбөлгөлөрдү түзбөйт. Конституциялык сот өзүнүн укуктары менен эркиндиктерин коргоодо, ошондой эле мыйзамда тыюу салынбаган бардык жеткиликтүү ыкмалар менен бузулган укуктарды калыбына келтирүүдө конституциялык укук бузулду деп күмөн санабайт (61-берененин 1, 2-бөлүктөрү). Баяндалгандын негизинде жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктун, 4-бөлүгүн, «Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 48, 49, 52 жана 53-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту ЧЕЧТИ:
1. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин
167-беренесинин 1, 2-бөлүктөрү укуктук аныктык принцибине ылайык келбеген жана эгерде ачыкка чыгаруу тергөөнүн кызыкчылыктарына карама- каршы келбесе жана кылмыш-жаза процессинин катышуучуларынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузбаса, ачык жарыяланышы мүмкүн болгон маалыматтардын тизмесин камтыбаган даражада Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 23-беренесинин 2-бөлүгүнө, 32-беренесинин 2-бөлүгүнө карама-каршы келет деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети мыйзамдарга ушул
Чечимдин жүйөлөштүрүү бөлүгүнүн 5-пунктунан келип чыккан өзгөртүүлөрдү демилге кылсын.
3. Чечим акыркы жана даттанууга жатпайт, жарыяланган учурдан тартып
күчүнө кирет.
4. Чечим бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча
башкаруу органдары, коомдук бирикмелер, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү жана республиканын бардык аймактарында аткарылууга тийиш.
5. Ушул чечим мамлекеттик бийлик органдарынын расмий
басылмаларында, Конституциялык соттун расмий сайтында жана «Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун жарчысында» жарыялансын. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТУ
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 2 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (2)
- Конституция Кыргызской РеспубликиКонституция · 05.05.2021
- Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской РеспубликиКодекс · 28.10.2021 · № 129