Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын «Жолдошбек Алиевдин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын «Жолдошбек Алиевдин Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 27-июнундагы «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун ыйгарым укуктарын узартуу жөнүндө» №126 Жарлыгынын конституциялуулугун текшерүү жөнүндө кайрылуусун өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө » 2019-жылдын 2-июлундагы №28 аныктамасына даттануусун канааттандыруудан баш тартуу тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН ТОКТОМУ
Жолдошбек Алиевдин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын «Жолдошбек Алиевдин Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 27-июнундагы «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун ыйгарым укуктарын узартуу жөнүндө» №126 Жарлыгынын конституциялуулугун текшерүү жөнүндө кайрылуусун өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө » 2019-жылдын 2-июлундагы №28 аныктамасына даттануусун канааттандыруудан баш тартуу тууралуу 2019-жылдын 3-октябры Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы: төрагалык кылуучу К.А. Дуйшеев, судьялар Ч.А. Айдарбекова, М.Р. Бобукеева, М.Ш. Касымалиев, К.М. Киргизбаев, Э.Т. Мамыров, А.О. Нарынбекова, Ч.О. Осмонова, Ж.И. Саалаевдин курамында, сот отурумунун катчысы С.А. Джолгокпаеванын катышуусунда Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 28-беренесинин 5-бөлүгүн жетекчиликке алып, Ж. Алиевдин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2019-жылдын 2-июлундагы №28 аныктамасын жокко чыгаруу жөнүндө даттануусун соттук отурумда карап чыкты. Даттанууда баяндалган жүйөлөрдү жана Ж. Алиевдин өтүнүчү боюнча материалдарды изилдеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы Т А П Т Ы: Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 2019-жылдын 28-майында Ж. Алиевдин Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 27-июнундагы «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун ыйгарым укуктарын узартуу жөнүндө" №126 Жарлыгын Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 5-беренесинин 3-бөлүгүнө, 94-беренесинин 8-бөлүгүнө, 95-беренесинин 4-бөлүгүнө, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө» Мыйзамдын 1-беренесинин 8-бөлүгүнө карама-каршы келет деп таануу жөнүндө өтүнүчү келип түшкөн.
Ж. Алиев өзүнүн өтүнүчүндө «Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө» Мыйзамдын 1-беренесинин 8-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жана жергиликтүү сотторунун судьялары жаңы Конституцияга ылайык жаңы судьялар шайланганга жана дайындалганга чейин өз ыйгарым укуктарын сактап турарын белгилеген.
Ошондуктан, арыз берүүчү Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 27-июнундагы «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун ыйгарым укуктарын узартуу жөнүндө" №126 Жарлыгы менен Ала-Бука райондук сотунун судьялык кызмат ордуна дайындалган А.К. Жаримбетов Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдерине ылайык (1993-жылдын 5-майындагы редакциясындагы) өзүнүн ыйгарым укуктарын 5 жыл жүргүзүшү керектигин, ал мөөнөт 2012-жылдын 29-июнунда бүткөндүгүн белгилеген. Бирок, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 27-июнундагы №126 Жарлыгы менен кызматта туруу мөөнөтү бүтүп бара жаткан айрым судьялардын ыйгарым укуктары узартылган. Арыз берүүчүнүн ырастоосунда, судьялардын ыйгарым укуктарын узартуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 5-беренесинин 3-бөлүгүнүн талаптарына карама-каршы келет, ага ылайык мамлекет, анын органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары Конституция жана мыйзамдар менен аныкталган ыйгарым укуктардын алкагынан чыга алышпайт. Бул Жарлыктын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасынын буйругуна ылайык, Ала-Бука райондук сотунун судьясы А.К. Жаримбетов өзүнүн милдеттерин Ноокен райондук сотто судьянын милдетин убактылуу аткаруучу катары 3 жыл аткарган, бул арыз берүүчүнүн пикиринде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жергиликтүү соттордун судьяларына талаптарды жана аларды кызматтан убактылуу четтетүүнү орноткон 94-беренесинин 8-бөлүгүнүн жана 95-беренесинин 4-бөлүгүнүн талаптарына карама-каршы келет. Ал эми Ноокен райондук сотунун 2015-жылдын 11-февралындагы чечими менен Ж. Алиевге карата айыптоочу өкүм чыккан. Ушуга байланыштуу, арыз берүүчү Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 27-июнундагы №126 Жарлыгы менен ыйгарым укуктары мыйзамсыз узартылган судья А.К. Жаримбетов Ж. Алиевдин ишин карап, аны эркинен 6 жылдык мөөнөткө ажыратуусу мыйзамсыз болгон деп эсептеген. Жогоруда баяндалган жүйөлөрдүн негизинде, Ж. Алиев талашылып жаткан Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келет деп таанууну суранган. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясы «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 1-, 2-бөлүктөрүн, 3-бөлүгүнүн 1-пунктун жетекчиликке алып, 2019-жылдын 2-июлундагы № 28 аныктамасы менен төмөнкүдөй негиздер боюнча өтүнүчтү өндүрүшкө кабыл алуудан баш тарткан. Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жарандардын жана башка жеке, юридикалык жактардын конституциялык сот адилеттүүлүгүнө жетишүүсүнүн жогорку даражасын камсыз кылып жатып, бул субъекттердин конституциялык контрол органына мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын конституциялуулугу тууралуу суроо-талап менен кайрылуусунун шарттарын орнотуу менен бирге анын чегин белгилейт. Бул шарттардын маңызы, талашылып жаткан ченем менен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын экинчи бөлүмү менен каралган адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин тике (конкреттүү) же мүмкүн боло турган (абстракттуу) бузулуусунун болушунда камтылат. Ошентип, жеке жана юридикалык жактарда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына кайрылуу укугу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын экинчи бөлүмү менен таанылган адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктери бузулган же бузула турган учурда гана пайда болот. Бирок, арыз берүүчүнүн талабы Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен таанылган адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктери бузулган фактыларга эмес, талашылып жаткан ченемдин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 5-беренесинин 3-бөлүгүнө, 94-беренесинин 8-бөлүгүнө, 95-беренесинин 4-бөлүгүнө, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө» Мыйзамдын 1-беренесинин 8-бөлүгүнө карама-каршылыгына негизделген. Кайрылууда коюлган талаптар Кыргыз Республикасынын Конституциясынын экинчи бөлүмүндө каралган адамдын жана жарандын конкреттүү укуктары жана эркиндиктери менен тутумдук байланышта турбайт жана талашылып жаткан ченем менен алардын бузулгандыгын көрсөтпөйт. Мындан тышкары, Конституциялык палата, конституциялык контролдоо органы катары, аракеттеги мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келүүсүнө текшерүүнү жүргүзөт. Конституциялык палата жүргүзгөн конституциялык контролдун мааниси жана маңызы Конституция менен таанылуучу ар кимдин укуктарынын жана эркиндиктеринин каралып жаткан убакта аракеттеги укуктун конкреттүү ченемдеринин конституциялык орнотмолорго ылайык келүүсүнө текшерүүнү жүргүзүү жолу менен камсыздалышын көрсөтөт. Демек, талашылып жаткан акт укук колдонуучулук бир жолку жеке мүнөздө болуп, адамдардын аныкталбаган чөйрөсүнө жана көп ирет колдонууга эсептелген жалпыга милдеттүү жүрүм-турум эрежелери болуп эсептелүүчү укук ченемдин белгилерине ээ болгон эмес жана азыркы убакта өз актуалдуулугун жоготкон. «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 19-беренесине ылайык Конституциялык палата укук маселелерин гана белгилейт жана чечет. Ал эми арыз берүүчүнүн жүйөлөрүнүн мааниси судьялардын кызмат ордунда болуусуна, ыйгарым укуктарына тиешелүү кызмат адамдардын чыгарган актыларынын мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн, ошондой эле Ж. Алиевге карата айыптоочу өкүм чыгарган судьянын ыйгарым укуктарынын мыйзамдуулугун текшерүүдө гана турат. Баяндалгандарга байланыштуу, судьялар коллегиясы Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамына ылайык кызмат адамдарынын иш-аракеттеринин конституциялуулугуна байланышкан маселелерди кароо Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын ыйгарым укуктарына кирбей тургандыгын белгилеп, кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуудан баш тарткан.
Ж. Алиев Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2019-жылдын 2-июлундагы аныктамасы менен макул болбой, 2019-жылдын 13-августунда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына даттануу менен кайрылган.
Даттанууда кайрылууда келтирилген жүйөлөр кайталанып көрсөтүлгөн.
Ж. Алиев Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2019-жылдын 2-июлундагы №28 аныктамасын жокко чыгарып, кайрылуусун өндүрүшкө кабыл алууну суранууда.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы арыздануучунун жүйөлөрүн жана судьялар коллегиясынын кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартуусунун негиздерин талкуулап, төмөнкүдөй тыянактарга келди. Ченемдик укуктук актылардын конституциялуулугунун презумпциясы ченемдик укуктук актынын конституциялуулугундагы күмөндүүлүктүн талашылып жаткан ченемдердин жөнгө салуу предмети менен конституциялык орнотмолордун бузулушунун ортосундагы байланышын көрсөтүүчү укуктук мүнөздөгү жүйөлөр менен тастыкталышын талап кылат. Судьялар коллегиясынын аныктамасында белгиленгендей, арыз берүүчүнүн талабы Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен таанылган адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктери бузулган фактыларга эмес, талашылып жаткан Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 27-июнундагы №126 Жарлыгы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 5-беренесинин 3-бөлүгүнө, 94-беренесинин 8-бөлүгүнө, 95-беренесинин 4-бөлүгүнө, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө» Мыйзамынын 1-беренесинин 8-бөлүгүнө карама-каршылыгына негизделген. Кайрылууда билдирилген талаптар Кыргыз Республикасынын Конституциясынын экинчи бөлүмүндө каралган адамдын жана жарандын конкреттүү укуктары жана эркиндиктери менен тутумдук байланышта турбайт жана талашылып жаткан ченем менен алардын бузулгандыгын көрсөтпөйт. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Президентинин талашылып жаткан аталган Жарлыгы Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын кароо предмети болушу мүмкүн эмес. Анткени ал Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2015-жылдын 2-сентябрындагы чечиминде көрсөтүлгөн укуктук ченемдик актылардын белгилерине ээ эмес. Алсак, аталган чечимде ченемдик укуктук акт – бул ченем жаратуучу орган тарабынан анын компетенциясынын чегинде аныкталган таризде кабыл алынган (чыгарылган) жана укуктук ченемдерди белгилөөгө, өзгөртүүгө же жокко чыгарууга багытталган жазуу жүзүндөгү расмий документ деп белгиленген. Өз кезегинде укуктук ченем деп жалпы милдеттүү жазма буйруктарды түшүнсө болот, алар эреже катары, туруктуу мүнөздө болуп, адамдардын аныкталбаган чөйрөсүнө жана көп ирет колдонууга багытталат. Ошентип, укуктук ченемдик акт төмөнкү белгилер менен мүнөздөлөт: мамлекет менен орнотулуп же санкцияланган жүрүм-турумдун жалпы милдеттүү эрежеси болуп саналат; жалпы мүнөзгө ээ, көп ирет колдонууга эсептелген жана персонифицияланган эмес; формалдык түрдө аныкталган; мамлекеттик мажбурлоо менен камсыздалат. Ал эми Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 27-июнундагы №126 талашылып жаткан Жарлыгы ченемдик укуктук актыга тиешелүү жогоруда көрсөтүлгөн белгилерге ээ эмес. Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» Мыйзамынын 28-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1, 4-пункттарына ылайык, эгерде кайрылуу таризи жана мазмуну боюнча аталган конституциялык Мыйзамдын талаптарына ылайык келбесе, ошондой эле билдирилген талап Конституциялык палатанын кароосуна караштуу болбосо, судьялар коллегиясы кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартат деп белгиленген. Ошентип, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы, судьялар коллегиясынын 2019-жылдын 2-июлундагы №28 аныктамасын жокко чыгарууга негиз тапкан жок. Жогоруда баяндалгандын негизинде, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 28-беренесинин 5-бөлүгүн, 46, 47, 48-беренелерин, 51-беренесинин 1-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Жолдошбек Алиевдин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын «Жолдошбек Алиевдин Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 27-июнундагы «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун ыйгарым укуктарын узартуу жөнүндө» №126 Жарлыгынын конституциялуулугун текшерүү жөнүндө кайрылуусун өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө» 2019-жылдын 2-июлундагы №28 аныктамасын жокко чыгаруу тууралуу даттануусу канааттандыруусуз калтырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын ушул токтому акыркы, даттанууга жатпайт жана кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫ
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 2 · цитируется в 0 · связанные 1
Ссылается на (2)
- Указ Президента КР от 27 июня 2012 года №126 "О продлении полномочий судей местных судов Кыргызской Республики"Указ · 27.06.2012 · № 126
- Конституция Кыргызской РеспубликиКонституция · 27.06.2010 · Утратил силу
Связанные документы (1)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.
- Закон «О Конституционной палате Верховного суда Кыргызской Республики»Закон · 13.06.2011 · № 37 · Утратил силу