Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2016-жылдын 23-июнундагы № 31-о аныктамасына жаран А. К. Уркорбаев жана анын өкүлү Б. О. Назарбаевдин даттануусун канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ СОТУНУН КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАСЫНЫН ТОКТОМУ 2016-жылдын 12-октябры Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2016-жылдын 23-июнундагы № 31-о аныктамасына жаран А. К. Уркорбаев жана анын өкүлү Б. О. Назарбаевдин даттануусун канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы: төрагалык кылуучу - судья Э. Т. Мамыров, судьялар К. Абдиев, Ч. А. Айдарбекова, М. Р. Бобукеева, К. М. Киргизбаев, А. О. Нарынбекова, Э. Ж. Осконбаев, Ч. О. Осмонова, Ж. И. Саалаев, сот отурумунун катчысы М. Э. Толобалдиевдин катышуусунда, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 5-бөлүгүн жетекчиликке алып, жаран А. К. Уркорбаев жана анын өкүлү Б. О. Назарбаевдин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2016-жылдын 23- июнундагы № 31-о аныктамасына даттануусун сот отурумунда карады. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жаран А. К. Уркорбаев жана анын өкүлү Б. О. Назарбаевдин даттануусунда көрсөтүлгөн жүйөлөрдү жана иштин материалдарын изилдеп, төмөнкүлөрдү Т А П Т Ы: Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына 2016-жылдын 16-майында жаран А. К. Уркорбаев жана анын өкүлү Б.О. Назарбаев Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун сот практикасы жѳнүндѳ 2001-жылдын 2-февралындагы №1 токтому Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 246-беренесинин 4-бөлүгүнө жана Конституцияга карама-каршы келет деп таап берүү жѳнүндѳ өтүнүч менен кайрылышкан. Кайрылууга жана ага тиркелген материалдарга ылайык, жаран А. К. Уркорбаевдин үстүнөн Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 247-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүргүзүлүп, иш Жалал-Абад облусунун Токтогул райондук сотуна кароого жөнөтүлгөн. Токтогул райондук сотунун 2015-жылдын 3-сентябрындагы өкүмү менен А. К. Уркорбаев Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 246-беренесинин 4-бөлүгү менен күнөөлүү деп табылып, сегиз жылга эркинен ажыратылган. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 63-беренесинин негизинде үч жыл сынак мөөнөтү белгиленген. Токтогул райондук прокуратурасы жогоруда аталган ѳкүм менен макул болбостон, Жалал-Абад облустук сотуна апелляциялык сунуштама киргизген. Сот 2015-жылдын 19-октябрындагы өкүмү менен райондук соттун өкүмүн өзгөртүүсүз, сунуштаманы канааттандыруусуз калтырган. Андан кийин, иш прокурордун көзөмөл сунуштамасынын негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда каралып, соттун 2016-жылдын 13-январындагы аныктамасы менен жогоруда аталган райондук жана облустук соттордун өкүмдөрү жокко чыгарылып, жазык иш маңызы боюнча башка курамда кайра каралуу үчүн Жалал-Абад облусунун Токтогул райондук сотуна жиберилип, прокурордун көзөмөл сунуштамасы канааттандырылган. Жогоруда аталган аныктамада Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун сот практикасы жѳнүндѳ 2001-жылдын 2-февралындагы №1 токтомунун негизинде биринчи жана экинчи инстанцияларда кабыл алынган сот актыларын жокко чыгарган. Кайрылуучу жана анын өкүлүнүн пикири боюнча бул токтом Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 246-беренесинин 4-бөлүгүнѳ карама-каршы келип, соттук практикада колдонууда суроолорду жаратат. Жогорулардын негизинде, жаран А. К. Уркорбаев жана анын өкүлү Б. О. Назарбаев Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун сот практикасы жѳнүндѳ 2001-жылдын 2-февралындагы №1 токтому Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 246-беренесинин 4-бөлүгүнө жана Конституцияга карама-каршы келет деп таап берүүнү суранышат. Судьялар коллегиясы кайрылууну жана ага тиркелген материалдарды изилдеп чыгып, төмөнкүдөй тыянакка келген. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 6-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 4, 18-беренелерине ылайык Конституциялык палата мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар Конституцияга карама-каршы келген учурда аларды Конституцияга ылайык эмес деп табат. «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун сот практикасы жѳнүндѳ токтомдору ченемдик укуктук актылардын катарына кирбейт. Андан сырткары жогоруда аталган конституциялык Мыйзамдын 24-беренесине ылайык, мыйзамдын, башка ченемдик укуктук актынын Конституцияга ылайык келүүсү жөнүндөгү маселеде күмөндүүлүктүн пайда болуусу - ишти Конституциялык палатада кароого негиз болуп эсептелет. Ошол эле учурда, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 5-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык мамлекет, анын органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары Конституцияда жана мыйзамдарда аныкталган ыйгарым укуктардын алкагынан чыга алышпайт. Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун сот практикасы жѳнүндѳ токтомдорун жокко чыгарууга, жалпы юрисдикциядагы соттордун актыларын текшерүүгө, аларды бузууга же сот (судьянын) актысына укуктук баа берүүгө Конституциялык палатанын укугу жок. Судьялар коллегиясы жаран А. К. Уркорбаев жана анын өкүлү Б. О. Назарбаевдин кайрылуусу мазмуну жана таризи боюнча «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 18, 24, 25-беренелеринин талаптарына ылайык келбейт, кайрылууда көрсөтүлгөн талаптар Конституциялык палатанын кароосуна караштуу эмес жана аны конституциялык сот өндүрүшүндө кароого негиз жок деген тыянакка келип, ушунун негизинде бул кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартылсын деген аныктаманы кабыл алган. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2016-жылдын 23-июнундагы № 31-о аныктамасы менен макул болбой, жаран А. К. Уркорбаев жана анын өкүлү Б. О. Назарбаев 2016-жылдын 19-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасына даттануу менен кайрылышкан. Даттанууга ылайык, аталган аныктамада Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун сот практикасы жѳнүндѳ токтомдорун жокко чыгарууга, жалпы юрисдикциядагы соттордун актыларын текшерүүгө, аларды бузууга же сот (судьянын) актысына укуктук баа берүүгө Конституциялык палатанын укугу жок деп көрсөтүлгөн. Жаран А. К. Уркорбаев жана анын өкүлү Б. О. Назарбаев судьялар коллегиясынын аныктамасы негизсиз, себеби Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун токтому Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 246-беренесинин 4-бөлүгүнө жана Кыргыз Республикасынын Конституциясына карама-каршы келгендигине көңүл бурулбай калган, деп эсептешет. Жогорудагынын негизинде жаран А. К. Уркорбаев жана анын өкүлү Б.О. Назарбаев Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2016-жылдын 23-июнундагы № 31-о аныктамасын бузуп, алардын кайрылуусун мыйзамдын негизинде карап берүүнү суранышат. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы кайрылуучу жана анын өкүлүнүн жүйөлөрүн жана судьялар коллегиясынын кайрылууну өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартуунун негиздерин изилдеп чыгып, төмөнкүдөй тыянакка келди. Кыргыз Республикасынын сотторунун, ошондой эле Жогорку соттун актыларын кароо, аларды жокко чыгаруу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 97-беренесинин 6-бөлүгүндө бекитилген Конституциялык палатанын ыйгарым укуктарына кирбейт. Ошол эле учурда, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 96-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык Жогорку соттун актылары акыркы болуп эсептелет жана даттанууга жатпайт. Ушуга байланыштуу, Конституциялык палатанын Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун актыларын жокко чыгарууга укугу жок. Ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 28-беренесинин 3-болугунун 4-пунктуна ылайык кайрылуудагы талап Конституциялык палатанын кароосуна караштуу болбосо судьялар коллегиясы кайрылууну ѳндүрүшкѳ кабыл алуудан баш тартат. Натыйжада Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын тыянактары негиздүү деп эсептеп, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы судьялар коллегиясынын 2016-жылдын 23-июнундагы № 31-о аныктамасын жокко чыгарууга негиз тапкан жок. Жогорудагылардын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 28-беренесинин 5-бөлүгүн, 46, 47, 48-беренелерин, 51-беренесинин 1-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Жаран А. К. Уркорбаев жана анын өкүлү Б. О. Назарбаевдин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялар коллегиясынын 2016-жылдын 23-июнундагы № 31-о аныктамасына келтирилген даттануусу канааттандыруусуз калтырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын токтому акыркы, даттанууга жатпайт жана жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 0 · цитируется в 0 · связанные 3
Связанные документы (3)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.
- Уголовный кодекс Кыргызской РеспубликиКодекс · 01.10.1997 · № 68 · Утратил силу
- Закон «О Конституционной палате Верховного суда Кыргызской Республики»Закон · 13.06.2011 · № 37 · Утратил силу
- Конституция Кыргызской РеспубликиКонституция · 27.06.2010 · Утратил силу