# Раззаков шаардык кеңешинин 2022-жылдын 2-декабрындагы № 5 "Раззаков шаарынын мэриясынын кош каржылоонун негизинде ишке ашырылуучу артыкчылыктуу долбоорлордун тизмегин бекитип берүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Раззаков шаардык кеңешинин 2022-жылдын 2-декабрындагы № 5 "Раззаков шаарынын мэриясынын кош каржылоонун негизинде ишке ашырылуучу артыкчылыктуу долбоорлордун тизмегин бекитип берүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 5
- Дата принятия: 02.12.2022
- Статус: Действует
- Редакция от: 02.12.2022
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/590255>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/590255/edition/1258358/ru>

> Текст приведён по редакции от 02.12.2022 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Раззаков шаардык кеңешинин 2022-жылдын 2-декабрындагы № 5 "Раззаков шаарынын мэриясынын кош каржылоонун негизинде ишке ашырылуучу артыкчылыктуу долбоорлордун тизмегин бекитип берүү жөнүндө" токтому (ред. от 02.12.2022) - https://aqlex.ai/kg/doc/590255

---

РАЗЗАКОВ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Раззаков шаардык кеңешинин кезектеги XVIII сессиясы (VI чакырылышы) 2022-жылдын 2-декабры № 5 Раззаков шаарынын мэриясынын кош каржылоонун негизинде ишке ашырылуучу артыкчылыктуу долбоорлордун тизмегин бекитип берүү жөнүндө «Раззаков шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги №230 токтому менен бекитилген “Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен долбоорлорду таңдоо жана каржылоо жөнүндөгү” жобого жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 14-октябрындагы №220 токтому менен бекитилген “Региондорду өнүктүрүү фонддору жөнүндөгү” типтүү жобого ылайык, райондук жана облустук өнүктүрүү фонддорунун эсебинен каржылоо жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Раззаков шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Раззаков шаарынын мэриясы тарабынан сунушталган артыкчылыктуу долбоорлордун тизмеги, тиркемеге ылайык бекитилсин. (Тиркеме тиркелет).

2. Артыкчылыктуу долбоорлор 2023-жылдын өнүгүү планына жана жергиликтүү бюджеттен өздүк салымын кошуу үчүн чыгымдары 2023-жылдын бюджетине киргизилсин.

3. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон өткөрүлүп, Раззаков шаардык Кеңешинин жана мэриясынын www.isfana.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Раззаков шаардык Кеңешинин бюджет, экономика, өнөр жай, айыл чарба жана инвестиция иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага Б.Т. Сапаев

Раззаков шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясынын 2022-жылдын 02-декабрындагы №5 токтомуна тиркеме

Кош каржылоонун негизинде 2023-жылы ишке ашырууа сунушталуучу долбоорлордун ТИЗМЕСИ

№

Долбоордун аталышы

Болжолдуу керектелүүчү каражат (миң сом)

Карыжылоо булагы

Жалпысы

Суралуучу сумма

Жергиликтүү бюджеттен өздүк салым

Өздүк салымдын %

1

“Чимген айылынын Тагай Жакып жана Р.Темирбаев көчөлөрүнө асфальт төшөө”

Дем берүүчү грант

10645,329

3000,0

7645,329

72 %

2

“Раззаков шаарынын Додосьян көчөсүндөгү таш дубалды оңдоо”

Дем берүүчү грант

3256,0

2767,5

488,5

15%

3

“Раззаков шаарынын мэриясына атайын техника (экскаватор) алуу”

Облустук өнүктүрүү фонду

10820,0

7000,0

3820,0

35,3 %

4

“Раззаков шаарына муниципалдык мал базар жана унаа базар куруу”

Райондук өнүктүрүү фонду

11744,240

8000,0

3744,240

32 %

Исфана шаар мэриясынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы, башкы эсепчи: Кожошов К.

Билим берүү тармагы боюнча башкы адиси: Хабибуллаев З.
