# Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз VII сессиясынын 2022-жылдын 23-ноябрындагы № 16 "Токтогул шаардык кеңешинин 2022-жылдын 08-февралындагы № 04 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз VII сессиясынын 2022-жылдын 23-ноябрындагы № 16 "Токтогул шаардык кеңешинин 2022-жылдын 08-февралындагы № 04 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 16
- Дата принятия: 23.11.2022
- Статус: Действует
- Редакция от: 23.11.2022
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/590214>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-77351/edition/1256510/ru>

> Текст приведён по редакции от 23.11.2022 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз VII сессиясынын 2022-жылдын 23-ноябрындагы № 16 "Токтогул шаардык кеңешинин 2022-жылдын 08-февралындагы № 04 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому (ред. от 23.11.2022) - https://aqlex.ai/kg/doc/590214

---

ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз VII сессиясы 2022-жылдын 23-ноябры № 16 Токтогул шаардык кеңешинин 2022-жылдын 08-февралындагы № 04 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарынын негизинде, 2021-2025-жылдарга Токтогул шаарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программасына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө Токтогул шаарынын мэри С.Т.Кылдановдун 19.11.2022-жылдагы № 01-11-216 сандуу сунушун карап жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезектеги VII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2021-2025-жылдарга Токтогул шаарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программасына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү боюнча Токтогул шаарынын мэри С.Т.Кылдановдун сунушу жактырылгандыгы белгиленсин.

2. Жогоруда аталган программанын 7-бөлүгүнө өзгөртүү, толуктоолор киргизилсин:

1) 2-пункту Курулуш тармагы, Токтогул шаарында жергиликтүү калктын жашоо деңгээлин жогорулатуу багыты,

- А.Козубеков атындагы эс алуу багына конок үйүн (конференция зал) уюштуруу;

- Эс алуу багынын кире беришиндеги “А.Козубеков атындагы Эс алуу багы” жазууну реконстукциялоо;

- Борбордук аянттагы аллеяны реконструкциялоо;

- Суеркулов-Шакир көчөсүнөн Бишкек-Ош автожолуна чейин сквер (коомдук кичине бак) жасоо;

- Таласбай, Акжон конуштарын жашылдандыруу, көрктөндүрүү, жашоочулардын эс алуусу үчүн шарттарды түзүү;

2) 4-пункту Транспорт жана коммуникация, шаардын инфратструктурасын жакшыртуу багыты төмөндөгү пунктчалар менен толукталсын:

- Токтогул шаарынын Бөкөнбаев көчөсүн Шарипов көчөсүнөн баштап Азаке көчөсүнө чейин тротуар куруу;

- Момункулов жана Кенжетаев көчөлөрүнө Ашыров көчөсүнө чейин тротуар куруу;

- Ботбаев көчөсүнөн баштап Сүйналиев көчөсүн Муктарбек көчөсүнө чейин асфальттоо;

- А.Бекташов көчөсүн (уландысы Шарипов, К.Мадьяров бөлүктөрүн кошуп) Нур мечитинен баштап аягына чейин асфальттоо ;

- Эс алуу багындагы жайкы кинотеатрдын жанындагы тротуарды асфальттоо;

- Атайын техникаларды алуу ( таштанды ташып чыгаруучу техника (Хово), грейдер, көп функционалдуу Бобкэт)

3. Токтогул шаарын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү үчүн жогорудагы программада камтылган иштер боюнча атайын иш-чаралардын планы иштелип чыксын.

4. Сырттан инвестиция тартуу, бюджеттин киреше бөлүгүн жогорулатуу боюнча үзгүлтүксүз иш-аракеттер көрүлсүн.

5. Бул токтомду аткаруу Токтогул шаарынын мэрине (С.Т.Кылданов) милдеттендирилсин.

6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Токтогул шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларына (Д.Бакиева, Б.Дүйшөналиев, Н.Оркулова А.Джаныбаева) тапшырылсын.

7. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

8. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) милдеттендирилсин.

9. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg вебсайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.

Төраганын орун басары

М. Курбанов
