# Сүлүктү шаардык кеңешинин (атынчы чакырылышы) X сессиясынын 2022-жылдын 31-январындагы № 36 "Сүлүктү шаарынын 2021-жылга жергиликтүү бюджетинин аткарылышы, 2022-жылга жергиликтүү бюджети жана 2023-2024–жылдарга болжолун бекитүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Сүлүктү шаардык кеңешинин (атынчы чакырылышы) X сессиясынын 2022-жылдын 31-январындагы № 36 "Сүлүктү шаарынын 2021-жылга жергиликтүү бюджетинин аткарылышы, 2022-жылга жергиликтүү бюджети жана 2023-2024–жылдарга болжолун бекитүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 36
- Дата принятия: 31.01.2022
- Статус: Действует
- Редакция от: 31.01.2022
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/590127>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-77269/edition/1221136/ru>

> Текст приведён по редакции от 31.01.2022 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Сүлүктү шаардык кеңешинин (атынчы чакырылышы) X сессиясынын 2022-жылдын 31-январындагы № 36 "Сүлүктү шаарынын 2021-жылга жергиликтүү бюджетинин аткарылышы, 2022-жылга жергиликтүү бюджети жана 2023-2024–жылдарга болжолун бекитүү жөнүндө" токтому (ред. от 31.01.2022) - https://aqlex.ai/kg/doc/590127

---

СΥЛΥКТΥ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Сүлүктү шаардык кеңешинин (атынчы чакырылышы) X сессиясы

2022-жылдын 31-январы № 36

Сүлүктү шаарынын 2021-жылга жергиликтүү бюджетинин аткарылышы, 2022-жылга жергиликтүү бюджети жана 2023-2024–жылдарга болжолун бекитүү жөнүндө

Сүлүктү шаарынын 2021-жылга жергиликтүү бюджетинин аткарылышы, 2022-жылга жергиликтүү бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу боюнча, Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Сүлүктү финансы башкармалыгынын башчысы А.П. Келдибеков жана депутаттардын шаардык кеңешинин бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Сапарбаевдин билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап, Сүлүктү шаарынын 2022-жылга жергиликтүү бюджети жана 2023-2024-жылдарга жергиликтүү бюджеттин болжолун (Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 16-майындагы №60 Мыйзамы менен колдонууга киргизилген) Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин негизинде Сүлүктү шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сүлүктү шаарынын 2021-жылга каралган жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн аткарылышы 71026,1 миң сом жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы 72337,4 миң сом өлчөмүндө аныкталсын жана 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. 2022-жылга Сүлүктү шаарынын жергиликтүү бюджетине кирешелер боюнча 61244,8 миң сом жана чыгашалар боюнча керектөөсү 61244,8 миң сом жана 2023-2024-жылдарга болжолу 63009,4 жана 64364,8 миң сом өлчөмүндө аныкталсын. Сүлүктү шаарынын 2022-жылга бюджети 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Жыл ичиндеги бюджеттин жетишсиздигин толуктоо жана жергиликтүү каржы булактарын табуу боюнча жогорку органдардан суроо жана Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 10-сентябрындагы №113 “Баткен облусунун статусу” жөнүндөгү мыйзамынын тийиштүү беренелерин аткарууга алуу жагы депутаттардын шаардык кеңешинин бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жана жергиликтүү аткаруу бийлигине жүктөлсүн.

4. Чыгашаларды каржылоо биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер (эмгек акы, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөр, дары-дармектер, тамактануу, социалдык жөлөкпулдар жана коммуналдык чыгымдарга) жүргүзүлсүн.

5. Жергиликтүү бюджетке жалпы мамлекеттик салыктардан чегерүүлөр Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө” Мыйзамынын негизинде жүргүзүлсүн, 2022-жылга чегерүүлөрдүн ченемдери төмөнкүлөрдөн белгиленсин:

1) жалпы мамлекеттик салыктык түшүүлөрдөн: салык агенти тарабынан төлөнүүчү киреше салыгынан 100,0 пайыз өлчөмүндө жергиликтүү бюджетке чегерүү ченеми болуп бекитилсин. (тиркеме №3).

2) Жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салыктан (роялти), (стратегиялык пайдалуу кендерди: алтынды, мунайды, газды кошпогондо) алардын иштетилген жери боюнча (жайгашкан орду) боюнча шаардын тиешелүү жергиликтүү бюджетине – 50,0 пайыз өлчөмүндө №3 тиркемеге ылайык бекитилсин.

3) Ыктыярдуу патенттин негизиндеги салыктан, милдеттүү патенттөөнүн негизиндеги салыктан, бирдиктүү салыктын негизинде түшүүлөрдөн-шаарлар менен айылдардын жергиликтүү бюджеттеринин тескөөсүнө 100 пайыз өлчөмүндө №4 тиркемеге ылайык бекитилсин.

4) жер салыгынан жергиликтүү бюджет тескөөсүнө 100,0 пайыз өлчөмүндө №4 тиркемеге ылайык бекитилсин.

5) мүлк салыгынан жергиликтүү бюджет тескөөсүнө 100,0 пайыз өлчөмүндө №4 тиркемеге ылайык бекитилсин.

6) Жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдүк өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүү- кендерди иштеп чыгуу жери боюнча жергиликтүү бюджетке 20 пайыз өлчөмүндө №4 тиркемеге ылайык бекитилсин.

7) Жер казнасын пайдалануу укугун берүү үчүн жыйым-кендерди иштеп чыгуу боюнча жергиликтүү бюджетке 7 пайыз өлчөмүндө №4 тиркемеге ылайык бекитилсин.

6. 2022-жылга Республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин ортосунда салыктын ар бир түрү боюнча пландык келип түшүүлөрдөн чегерүүлөрдүн бекитилген ченемдеринин чектеринде ашыра аткаруу болжолдору болгондо жалпы мамлекеттик салыктардын суммаларын бөлүштүрүү бекитилсин. Салык мыйзамында көрсөтүлгөн киреше салыгынын жана башка алынуучу салыктын бекитилген пландык көрсөткүчтөрү ашыра аткарылганда, ашыра аткаруунун суммасы белгиленген тартипте толугу менен жергиликтүү бюджетке чегерилсин.

7. Жергиликтүү салыктык жана салыктык эмес жыйымдардан келип түшкөн жергиликтүү бюджеттердин кирешелери башка денгээлдеги бюджеттерге (республикалык бюджетке) алынууга жатпайт.

8. Бюджеттик мекемелерге казына тутумун четтеп өтүү менен атайын каражаттарды пайдаланууга тыюу салынсын. Көрсөтүлгөн тартип бузулганда атайын каражаттын 100,0 пайызы Республикалык бюджеттин кирешесине алынат негизи «Кыргыз Республикасынын 2022-жылга Республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндөгү» 26-декабрь 2018-жылдын №112 Мыйзамы.

9. Шаардык билим берүү бөлүмүнүн орто мектептери жана балдар бакчаларында ата энелер тарабынан камкордук көрүү кенеши түзүлүп, шаардык банктардан эсеп счетторун ачып иш жүргүзүү жагы уюштурулсун.

10. 2022-жылга шаардын бюджетинин чыгымдарын каржылоо анын киреше бөлүгүнүн аткарылышына жараша жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин.

11. Сүлүктү шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2021-жылдан калган, бош акча каражаттарын 2022-жылдын бюджетинин эсебинде жана чегинде, депутаттардын шаардык кеңешинин бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын макулдугу жана Сүлүктү шаардык мэриясынын буйрутмасынын негизинде каржылансын.

12. Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 24-беренесинин негизинде Сүлүктү шаардык мэриясынын резервдик фонду 1 пайыз өлчөмүндө жана 2022-жылга резервдик фондунун суммасы 565,7 миң. сом өлчөмүндө бекитилсин.

13. Сүлүктү шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2022-жылда жүргүзүлүүчү кассалык накталай акчасы 200,0 миң сом өлчөмүндө белгиленсин.

14. Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 24-майындагы №54 “Жарандык коргонуу жөнүндө” Мыйзамы, Баткен областтык мамлекеттик администрациясынын 2010-жылдын 8-январындагы №7-15/5 сандуу көрсөтмөсүнүн жана Баткен областтык кырсыктан сактоо башкармалыгынын 2009-жылдын 22-декабрындагы №424 катынын негизинде 2022-жылы өзгөчө кырдаалдан сактануунун жана алардын алдын алуу иштерине каржылоо (өзгөчө кырдаал киргизилген учурда) 100,0 миң сом өлчөмүндө №5 тиркемеге ылайык бекитилсин.

15. 2022-жылга Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 24-майындагы №54 Мыйзамы жана 2010-жылдын 20-июлундагы №239 “Жарандарды коргоо жөнүндөгү” Мыйзамынын негизинде иш-чараларды жүргүзүүгө жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылоо (атайын буйрук чыккан учурда) 100, миң сом өлчөмүндө №6 тиркемеге ылайык бекитилсин.

16. 2022-жылга Сүлүктү шаардык мэриясынын аппаратынын типтүү түзүмү жана штаттык саны, (КР Токтому 05.08.2011-ж. №451, 08.07.2013-ж. №403, 5.02.2020ж. №65, 23.01.2008ж.№22 жана 13.12.2016-ж №669, КР. Мыйзамы 09.02.2009-ж №43 41-берене) №7 тиркемеге ылайык бекитилсин.

17. 2022-жылга Сүлүктү шаардык кенешинин типтүү түзүмү жана штаттык саны (КР Өкмөтүнүн токтому 05.08.2011-жыл №4525.02.2020ж. №65, 23.01.2008ж.№22) №8 тиркемеге ылайык бекитилсин. 2022-жылга Сүлүктү шаардык Кош-булак посёлкасынын аймактык башкаруусунун типтүү түзүмү жана штаттык саны, (КР Өкмөтүнүн токтому 10.09.2009-ж №566,5.02.2020ж. №65, 23.01.2008ж.№22) №9 тиркемеге ылайык бекитилсин.

18. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы №131 жана 2017-жылдын 7-августундагы №466 Токтому менен бекитилген жобонун негизинде Сүлүктү шаардык мэриясынын жана шаардык кенештин муниципалдык кызматчыларына эмгек тармагындагы кезектеги кадамды ыйгаруу Сүлүктү шаардык мэриясынын жана шаардык кенешинин чечимдеринин, буйруктарынын негизинде төлөө жагы каралсын.

19. Жергиликтүү бюджеттен каржылануучу, бюджеттик мекеме ишканалардын кызматкерлеринин адистик кесиптерин жогорулатууга сапарга болгон чыгымдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 11-май 2016-жылындагы № 241 Токтомунун негизинде төлөө жагы каралсын.

20. Бюджеттик мекеме ишканалардын 1-январь 2022-жылга болгон кредитордук карыздары жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн пландан ашыкча түшкөн акча каражаттарынын жана республикалык бюджеттен каржылануучу трансферттердин эсебинен төлөө жагы каралсын.

21. Сүлүктү шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүндө болгон дебитордук карыздар жана 2022-жылга жергиликтүү бюджетке түшүүчү киреше бөлүгү, штаттык бирдиктери, негизги сметасынын чыгаша бөлүгү №10, №11, №12 тиркемелердин негизинде бекитилсин.

22. Сүлүктү шаардык “Сүлүктү Тазалык” муниципалдык ишканасына, шаар аймагын тазалоочу, бакчы, электрик, грейдер айдоочу, куруучу-оңдоп түзөөчү, жана жүктөөчү үчүн 17 штаттык бирдик жана эмгек акысына дем берүү жагы каралсын №13 тиркеменин негизинде бекитилсин.

23. Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 10-сентябрындагы №113 “Баткен облусунун статусу” жөнүндөгү мыйзамын 13-беренесинде көрсөтүлгөн (билим берүү жана маданият обьектерин каржылоону жергиликтүү бюджеттерден республикалык бюджетке которуу) негизинде, маданият бөлүмүндө разделинде олтурган эс алуу багынын (мекеме) 7 штаттык бирдигин Сүлүктү шаардык “Сүлүктү Тазалык” муниципалдык ишканасына өткөрүп берүү №14 тиркеменин негизинде бекитилсин.

24. Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 10-сентябрындагы №113 “Баткен облусунун статусу” жөнүндөгү мыйзамын 13-беренесине (билим берүү жана маданият обьектерин каржылоону жергиликтүү бюджеттерден республикалык бюджетке которуу) ылайык, 1.Сүлүктү шаардык маданият бөлүмүнө караштуу, шаардык китепкана, шаардык музей, маданият сарайы, маданият бөлүмүнүн аппараты жана эсепканасы. 2. Шаардык мэриянын астындагы физкультура жана спорт мекемеси. 3. Шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу шаардын бала бакчалары, шаардын мектептери, балдар чыгармачылык борбору, ШБББнүн эсепканасы жана аппараттарын каржылоосу республикалык бюджетке өткөрүлүп берилсин.

25. 2022-жылга Сүлүктү шаардык “Шахтер жолу” газетасынын атайын эсебинин киреше бөлүгүнүн тартыштыгына байланыштуу 3 (үч) штаттык бирдик жергиликтүү бюджеттин эсебинен (5.02.2020ж. №65, 23.01.2008ж.№22 Токтомдорунун негизинде) №15 тиркемеге ылайык бекитилсин.

26. Сүлүктү шаардык Социалдык өнүгүү башкармалыгынын КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-июнундагы №276 Токтомунун негизинде республикалык каржылоого өткөндүгүнө байланыштуу “калкка социалдык жардам боюнча жөлөкпул” төлөмдөрү шаардык мэрия тарабынан жүргүзүлсүн.

27. Жергиликтүү мекеме ишканаларга демөөрчүлүк (спонсорский), гуманитардык жардам иретинде берилүүчү акча каражаттары ишкананын атайын эсеби (спец.счет) аркылуу түшүрүү жагы каралсын жана аны көзөмөлдөө жагы мекеме-ишканалардын жетекчилерине жүктөлсүн.

28. Бюджеттик мекеме ишканалардын колдонулбай калган статьясынан керектүү (зарыл) статьяга жылдыруу 300,0 мин сомго чейин шаардык кенештин туруктуу комиссиясынын чечиминин негизинде каралсын.

29. Шаардын социалдык тармактарын оңдоп түздөө үчүн түзүлгөн долбоорлорду колдоо максатында республикалык бюджеттен берилүүчү түрткү берүүчү гранттарга 2022-жылга 15 пайыз эсебинде өздүк салымы жергиликтүү бюджеттен каралсын.

30. Сүлүктү шаарынын жергиликтүү бюджетинен 2022-жылга COVID-19 илдети менен күрөшүүгө кошумча каражат талап кылынса, шаардык кеңештин бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын жана Сүлүктү шаардык мэриясынын чечимдери менен ишке ашырылсын.

31. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сүлүктү шаардык кеңешинин бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага: К. Мадаминов

Тиркеме №1

Сүлүктү шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2021-жылга бекитилген планы жана аткарылышы

Салыктардын жана салык эмес төлөмдөрдүн аталыштары

2021-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы

Такталган планы

Аткарылышы

Айырмасы (+,-)

Жалпы киреше жана алынган расмий трансферттер

70156,2

71026,1

869,9

Киреше жана актив, милдеттенмелер (1+3)

67406,2

69574,6

43223,0

1

Кирешелер

67406,2

69574,6

4223,0

11

Салыктык кирешелер

43015,5

47238,5

4223,0

11111100

Салык агенти толоочу киреше салыгы

32074,0

35814,6

3740,6

11111200

Бирдиктуу салык декларациясы боюнча киреше салыгы

13,6

16,6

3,0

11122100

Милдеттуу патенттин негизинде салык

263,3

263,4

0,1

11122200

Ыктыярдуу патенттин негизинде салык

3385,5

4211,7

-40,7

11311200

Ишкердик ишин жургузуу учун пайдаланылган кыймылсыз мулкко салык 2- топ

228,3

218,1

-10,2

11311300

Ишкердик ишин жургузуу учун пайдаланылган кыймылсыз мулкко салык 3- топ

0,4

2,6

2,2

11312

Транспорттук каражаттарга салык

2941,8

3130,8

189,0

11321100

Короо жанындагы жана дачалык жер участокторун пайдалануу жер салыгы

285,0

338,8

53,8

11321200

Айыл чарба жерлерин пайдалануу учун жер салыгы

3,5

1,9

-1,6

11321300

Калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалануу учун жер салыгы

1407,3

1414,9

7,6

11412100

Сатуудан салык

11442130

Комур

1571,6

1865,6

294,0

11442390

Жогоруда классификацияланбаган дагы башка металл эместер

11442490

Дагы башка жер астындагы суулар

15,0

0,0

-15,0

13

Алынган расмий трансферттер

4108,0

4108,0

0,0

13321200

Республикалык бюджеттен оз ара эсептешуулор боюнча откорулуп берилуучу каражаттар

4108,0

4108,0

0,0

14

Салыктык эмес кирешелер

20282,7

18228,1

-2054,6

14151100

Пайдалуу кен чыккан жерлерди же казып алынуучу отунду иштеткендиги учун акы

14151200

Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо учун акы

350,0

488,8

13,8

14152100

Калктуу конуштарда жер ижарасы учун акы

1920,0

2462,3

542,3

14152900

Жаратылыш активдерин пайдалануу учун дагы башка толомдор

5,3

5,3

14211200

Муниципалдык менчикте турган жайлардын, имараттардын жана курулмалардын ижара акысы

14153900

Дагы башка мулк ижарасы учун акы

265,9

265,9

14221900

Дагы башка толомдор жана жыйымдар

50,0

271,4

221,4

14224200

Таштандыларды ташып чыгаруу учун жыйым

285,0

237,5

-47,5

1423

Акы толоонуучу кызмат корсотуулордон тушуулор -бардыгы

16077,7

12955,6

-3122,1

14231400

Адистештирилген стационарларда медициналык жардамды корсотуу учун акы

14232100

Окуу жайларда билим берууну корсотуу учун акы (ЖОЖ,КТО,ООЖ)

14232400

Мектепке чейинки жана мектеп мекемелерине кошумча кызмат корсотуу акысы

10800,0

8429,5

-2370,5

14232800

Маданият мекемелеринин залдарынын жана имараттарынын ошондой эле жабдууларын жана шаймандарын беру учун акы

517,0

100,4

-416,6

14232900

Квалификацияланбаган билим беру жанан маданият кызмат корсотуулор учун акы

460,7

328,9

-131,8

14234700

Мамлекеттик каттоо акысы

14236900

Маалымат беруу жана басып чыгаруу боюнча кызмат корсотуу акысы

4300,0

4096,8

-203,2

14237500

14238900

Кызмат коростуунун башка квалификацияланбаган турлору учун акы

1600,0

1451,6

-148,4

143

Айыптар, санкциялар, конфискациялар

14311100

Административдик айыптар

14311400

Контролдук козомол чараларын жургузуудон тушуулор

14511100

Мамлекеттин пайдасына алынган кирешелер

3

Активдер жана милдеттенмелер

2750,0

1451,5

-1298,5

31111110

Батирлерди сатуу

1850,0

1050,2

-799,8

31412110

Айыл чарбасында жараксыз жерлерди сатуу

900,0

401,3

-498,7

Чыгаша бөлүгү

2021-жылга жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы

Элемент

Көрсөткучтөрдун аталыштары

Такталган планы

Аткарылышы

%

Айырмасы (+,-)

701

Мамлекеттик кызмат корсотуу

16606,8

16029,8

96,5

577,0

702

Коргоо

268,6

60,0

22,3

208,6

706

Турак жай

24681,9

22355,6

90,6

2326,3

708

Маданият жана спорт

11578,1

10128,0

87,5

1450,7

709

Билим беруу

25160,8

20084,6

79,8

5076,2

710

Социалдык жактан коргоо

3470,5

3462,7

99,7

7,8

Жалпысы:

81766,7

72120,7

88,2

9646,0

Тиркеме № 2 Сүлүктү шаарынын 2022-жылга бюджетинин

долбоору жана анын контролдук суммага салыштырмасы,

жана 2023 -2024 жылдарга болжолдору

Киреше бөлүгү

Элемент

Кирешенин аталышы

2022 – жыл

Болжол

2022-ж. долбоор

2022-ж. КРФМ.Конт. сумма

Айырма (+,-)

2023-жылга

2024-жылга

Жалпы киреше жана алынган расмий трансферттер

61244,8

61244,8

\-

63009,4

64364,8

Киреше жана актив, милдеттенмелер (1+3)

58444,8

58444,8

\-

60209,4

61564,8

1

Кирешелер

48702,1

48702,1

\-

50300,1

51463,1

11

Салыктык кирешелер

48702,1

48702,1

\-

50300,1

51463,1

11111100

Салык агенти толонуучу киреше салыгы

37160,0

37160,0

\-

38758,0

39921,0

11121100

Чакан ишкердик субьектери учун бирдиктуу салык

5,1

5,1

\-

5,1

5,1

11122100

Милдеттуу патенттин негизинде салык

289,6

289,6

\-

289,6

289,6

11122200

Ыктыярдуу патенттин негизинде салык

4632,8

4632,8

\-

4632,8

4632,8

11311200

Ишкердик ишин учун пайдаланылган кыймылсыз мулкко салык

230,1

230,1

\-

230,1

230,1

11311300

3-топтогу ишкерлик иши учун пайдаланылган кыймылсыз мулкко салык

0,4

0,4

\-

0,4

0,4

11311

Транспорттук каражаттарга салык

3019,7

3019,7

\-

3019,7

3019,7

11321100

Короо жанындагы жана дачалык жер участокторун пайдалануу жер салыгы

257,0

257,0

\-

257,0

257,0

11321200

Айыл чарба жерлерин пайдалануу учун жер салыгы

3,5

3,5

\-

3,5

3,5

11321300

Калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалануу учун жер салыгы

1407,3

1407,3

\-

1407,3

1407,3

11412100

Сатуудан салык

\-

11462130

Комур

1681,6

1681,6

\-

1681,6

1681,6

13

Алынган расмий трансферттер

\-

11442490

Дагы башка жер астындагы суулар

15,0

15,0

\-

15,0

15,0

14

Салыктык эмес кирешелер

2550,0

2550,0

\-

14151200

Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо учун акы

600,0

600,0

\-

600,0

600,0

14152100

Калктуу конуштарда жер ижарасы учун акы

1950,0

1950,0

\-

1950,0

1950,0

14211200

Муниципалдык менчикте турган жайлардын,имараттардын жана курулмалардын ижара акысы

55,0

55,0

\-

55,0

55,0

14221900

Дагы башка төлөмдөр жана жыйымдар

150,0

150,0

\-

150,0

150,0

14224200

Таштандыларды ташып чыгаруу учун жыйым

285,0

285,0

\-

285,0

285,0

1423

Акы толонуучу кызмат корсотуулордон тушуруулор

17959,2

17959,2

\-

17959,2

17959,2

14232400

Мектепке чейинки жана мектеп мекемелерине кошумча кызмат корсотуу акысы

14232800

Маданият мекемелериндеги имараттарды, жабдууларды, шаймандарды беруу учун акы

14236900

Газеталарга жазылуу жана сатуу, жарнак жарыялоо акысы

470,7

470,7

\-

470,0

470,7

14238900

Кызмат корсотуунун башка классификацияланбаган турлору учун акы

4200,0

4200,0

\-

4200,0

4200,0

14511400

Жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөр

2032,0

2032,0

\-

2198,6

2391,0

3

Активдер жана милдеттенмелер

2800,0

2800,0

\-

2800,0

2800,0

31111110

Башка турак-жай имараттарын жана имарат жайларын сатуу

2000,0

2000,0

\-

2000,0

2000,0

31412110

Айыл чарбасында жараксыз жерлерди сатуу

800,0

800,0

\-

800,0

800,0

Чыгаша бөлүгү

2022-жыл

Болжол

Элемент

Корсоткучтордун аталыштары

2022-ж

Контр.

Айырма

2023

2024

долбоор

сумма КРФМ.

(+,-)

жылга

жылга

701

Мамлекеттик кызмат корсотуу

20425,0

20425,0

\-

20425,0

20425,0

702

Коргоо

200,0

200,0

\-

200,0

200,0

706

Турак жай

38101,5

38101,5

\-

39866,1

41221,5

708

Физкультура спорт

591,9

591,9

\-

591,9

591,9

708

Редакция шахтер жолу

655,7

655,7

\-

655,7

655,7

710

Социалдык жактан коргоо

800,0

800,0

\-

800,0

800,0

Жалпысы:

61244,8

61244,8

\-

63009,4

64364,8

№3 тиркеме 2022- жылга жалпы мамлекеттик салыктык түшүүлөрдөн чегерүүлөрдун ченемдери (пайыз менен)

Кат. №

Кирешелердин аталышы

Өлчөө бирдиги

пайыз

1

Салык агенти тарабынан түшүүчү киреше салыгынан

%

100

2

Сатуудан түшкөн салык

%

0.0

3

Роялти (көмүр)

%

50

№ 4 тиркеме 2022- жылга жергиликтүү бюджеттерге пландуу түшүүлөрдүн чегерүү ченемдери (пайыз менен)

Кат. №

Кирешелердин аталышы

Өлчөө бирдиги

пайыз

1

Жер салыгы

%

100

2

Мүлк салыгы

%

100

3

Ыктыярдуу патенттин негизиндеги салыктан

%

100

4

Милдеттүү патенттөөнүн негизиндеги салыктан бирдиктуу салыктын негизинде келип түшүүлөрдөн

%

100

5

1)кендерди иштеп чыгуу боюнча жергиликтүү бюджетке

2)Кендерди иштеп чыгуу жери боюнча жергиликтүү бюджетке 20 пайыз өлчөмүндө.

%

%

%

7

20

1)

№5 тиркеме

2022- жылга Сүлүктү шаарында өзгөчө кырдаалдан сактоонунун жана алардын алдын алуу иштерине каржылоого жумшалуучу чыгымдардын эсеби. Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 24-майындагы №54 Мыйзамы жана 2010-жылдын 20-июлундагы №239 “жарандарды коргоо жонундогу” Мыйзамынын негизинде.

Кат. №

Бардык чыгымдар

анын ичинен:

Автоунааны жалдоо

Бир жыл ичинде кырсыктан сактануу иштерине

Атайын өткөрүлүүчү окууларга

Башка тейлөө чыгымдарга

Эскертүү

100,0

10.0

70.0

20,0

№6 тиркеме

2022-жылга Сүлүктү шаарында Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 24-майындагы №54 Мыйзамы жана 2010-жылдын 20-июлундагы №239 “Жарандарды коргоо жөнүндөгү” Мыйзамынын негизинде иш-чараларды жүргүзүүгө каржылоого жумшалуучу чыгымдардын эсеби

Кат. №

Бардык чыгымдар

анын ичинен:

Автоунааны жалдоо

Бир жыл ичинде кырсыктан сактануу иштерине

Атайын өткөрүлүүчү окууларга

Башка тейлөө чыгымдарга төлөө

Эскертүү

100,0

10.0

80,0

10.0

Тиркеме № 7

Сүлүктү шаардык мэриясынын аппаратынын 2022-жылга типтүү түзүмү жана штаттык саны. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы №451, 2013-жылдын 8-июлындагы №403 жана 13-декабрь 2016-ж №669, 5.02.2020ж. №65, 23.01.2008ж.№22 токтому, КР. Мыйзамы 09.02.2009-ж №43)

Катар номери

Кызматтын аталышы

Штаттын саны

Эскертуу

1

Мэр

1

2

Биринчи вице-мэр

1

3

Вице-мэр

1

4

Аппарат жетекчиси

1

5

Бөлүм башчы

1

6

Башкы адис – юрист

1

7

Башкы адис

5

8

Жетектөөчү адис

3

9

Адис

1

Жалпы:

15

Кызматкерлерди тейлөөчү персоналдар:

1

Башкы эсепчи

1

2

Чарба башчысы

1

3

Жетекчинин катчысы

1

4

Оператор

1

Жалпы:

4

Техникалык персоналдар:

1

Айдоочу

2

2

Кароолчу

2

3

Имаратты тейлөөчү кызматкер

1

4

Техничка

1

5

Электрик

1

Жалпы:

7

ВУС КР. Мыйзамы 09.02.2009-ж №43 41-берене

1

Инспектор ВУС

2

Жалпысы:

28

Тиркеме № 8

Сүлүктү шаардык кеңешинин аппаратынын 2022-жылга типтүү түзүмү жана штаттык саны. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августу №452, 5.02.2020ж. №65, 23.01.2008ж.№22 токтому).

Катар номери

Кызматтын аталышы

Штаттын саны

Эскертүү

1

Төрага

1

Шайлоо жолу менен

2

Жооптуу катчы

1

3

Башкы адис

1

4

Жетектөөчү адис

1

Бардыгы:

4

Техникалык кызматкерлер:

1

Жетекчинин катчысы

1

2

Айдоочу

1

Жалпы:

2

Жалпысы:

6

тиркеме №9

Кошбулак посёлкасынын аймактык башкаруусунун 2022-жылга типтүү түзүмү жана штаттык саны. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009 –жылдын 10 сентябрь №566 5.02.2020ж. №65, 23.01.2008ж.№22 токтому).

Катар номери

Кызматтын аталышы

Штаттын саны

Эскертуу

1

Аймактын башчысы

1

2

Башкы адис

1

3

Жетектөөчү адис

1

4

Техничка

1

Жалпы:

4

тиркеме №10

Сүлүктү шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн 2022 жылга кирешелери

Катар номери

Кирешенин аталышы

Өлчөө бирдиги

Суммасы

Эскертуу

Бардык кирешелер: Анын ичинен:

миң. сом

4900,0

1

Калктуу конуштарда жер ижарасы үчүн акы жана Мун.менчикте турган жайлардын, имататтардын, курулмалардын ижара акысы

\--

1950,0

2

Дагы башка төлөмдөр жана жыйымдар

\--

150,0

3

Башка турак жай иматтарын жана имарат жайларын сатуу

\--

2000,0

4

Айыл чарбасына жараксыз жерлерди сатуу

\--

800.0

тиркеме№11

Сүлүктү шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн келишимдин негизинде 2022- жылга штаттык саны.

Катар номери

Кызматтын аталышы

Штаттын саны

Эскертүү

1

Кароолчу УКЖД

1

2

Кароолчу (борбордук спорт аянты)

1

3

Кароолчу (эс алуу лагери)

2

4

Багбан, көмөкчү кызматкер (эс алуу лагери)

1

5

Техничка

1

Жалпы:

6

Сүлүктү шаардык мэриянын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн 2022-жылга типтүү түзүмү жана штаттык саны.

Катар номери

Кызматтын аталышы

Штаттын саны

Эскертүү

1

Башчы

1

2

Башкы адис

1

3

Жетектөөчү адис

1

4

Башкы адис (башкы эсепчи)

1

5

Мат-дык. Эсепчи

1

6

Эсепчи

1

7

Техничка

0,5

Жалпы:

6,5

Жалпысы:

12,5

тиркеме №12

Сүлүктү шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн негизги каражаттарынын 2022-жылга сметасы.

Катар номери

Чыгашанын аталышы

Статья

Суммасы

Чыгашалар, анын ичинен:

1.

Эмгек акы

2111

1967,1

2.

Соц.фондко төгүмдөр

2121

298,1

3.

Сапардык чыгымдар

2211

130,0

4

Байланыш м/н тейлөө кызматы

2212

27,0

5

Ижара акысы

2213

6

Унаа м/н тейлөө кызматы

2214

80,0

7

Дагы башка кызмат көрсөтүү

2215

2000,0

8

Мүлктү учурдагы ондоого

2221

50,0

9

Учурдагы чарбалык максаттар учун, чарбаклык буюмдарды алууга

2222

30,0

10

Башка курулмаларды алуу

3111

19893,6

11

Машиналар ж\\а жабдууулар

3112

3245,0

12

Башка негизги фонддор

3113

90,0

Жалпы:

27810,8

Тиркеме №13

Сүлүктү шаардык “Сүлүктү Тазалык” муниципалдык ишканасынын 2022-жылга шаардын аймагын тазалоо үчүн штаттык бирдиктери.

Катар номери

Кызматтын аталышы

Штаттын саны

Эскертүү

1

Аймактарды тазалагыч

8

2

Бакчы

1

3

Электрик

1

4

Жүктөөчү

3

5

Грейдер айдоочу

1

6

Куруучу

1

7

Оңдоп-түзөөчү

2

Жалпы:

17

Тиркеме №14

Сүлүктү шаардык “Сүлүктү-Тазалык” муниципалдык ишканасына караштуу Эс алуу багынын 2022-жылга штаттык бирдиктери.

Катар номери

Кызматтын аталышы

Штаттын саны

Эскертүү

1

Эс алуу багынын башчысы

1

2

Электрик

1

3

Кароолчу

3

4

Көмөкчү жумушчу

1

5

Багбан

1

Жалпы:

7

Тиркеме №15

Сүлүктү шаардык “Шахтёр жолу” газетасынын 2022-жылга типтүү түзүмү жана штаттык бирдиги. (2017-жылдын 18-августундагы № 495, 5.02.2020ж. №65, 23.01.2008ж.№22 Токтомдорунун негизинде)

Катар номери

Кызматтын аталышы

Штаттын саны

Эскертүү

1

Редактор

1

2

Жооптуу катчы

1

3

Эсепчи

1

Жалпы:

3

Шаардык кеӊештин жооптуу катчысы М.Джураева

Төрага

А.Молдосалиев
