# Ленин айылдык кеңешинин 2021-жылдын 17-мартындагы № 6 "Компенсация күйүчү май жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Ленин айылдык кеңешинин 2021-жылдын 17-мартындагы № 6 "Компенсация күйүчү май жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 6
- Дата принятия: 17.03.2021
- Статус: Действует
- Редакция от: 17.03.2021
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/560071>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-76981/edition/1169727/ru>

> Текст приведён по редакции от 17.03.2021 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Ленин айылдык кеңешинин 2021-жылдын 17-мартындагы № 6 "Компенсация күйүчү май жөнүндө" токтому (ред. от 17.03.2021) - https://aqlex.ai/kg/doc/560071

---

ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Ленин айылдык Кеңешинин XXIX сессиясы

2021-жылдын 17-марты № 6 Компенсация күйүчү май жөнүндө Күн тартибиндеги маселе боюнча Ленин айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Жолдошева Айнура чыгып билдирүү жасады. Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Ленин айылдык Кеңешинин XXIX сессиясы, ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кызматтык кыдыруулар үчүн айыл өкмөт башчысынын жеке менчик “Тойота-РАФ-4” маркасындагы автоунаасы пайдаланууга алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 18-сентябрындагы № 672 токтомунун:

5-пунктуна ылайык документтер бухгалтерияга тапшырылсын; 1,3,7,8-пунктарынын негизинде компенсациянын өлчөмүн эсептеп чыгаруу жагы каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Жолдошева Айнурага милдеттендирилсин.

3. Компенсация күйүүчү май (бензин) катары мамлекеттик сатып алуулар порталына берилип, алынып берилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

Ленин айылдык кеңешинин төрагасы:

М. Кеңешбаев
