Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Ленин айылдык кеңешинин «Компенсация күйүчү май жөнүндө» токтому
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Ленин айылдык Кеңешинин XXIX сессиясы
2021-жылдын 17-марты № 6 Компенсация күйүчү май жөнүндө Күн тартибиндеги маселе боюнча Ленин айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Жолдошева Айнура чыгып билдирүү жасады. Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Ленин айылдык Кеңешинин XXIX сессиясы, ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызматтык кыдыруулар үчүн айыл өкмөт башчысынын жеке менчик “Тойота-РАФ-4” маркасындагы автоунаасы пайдаланууга алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 18-сентябрындагы № 672 токтомунун:
5-пунктуна ылайык документтер бухгалтерияга тапшырылсын; 1,3,7,8-пунктарынын негизинде компенсациянын өлчөмүн эсептеп чыгаруу жагы каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Жолдошева Айнурага милдеттендирилсин.
3. Компенсация күйүүчү май (бензин) катары мамлекеттик сатып алуулар порталына берилип, алынып берилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Ленин айылдык кеңешинин төрагасы:
М. Кеңешбаев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.