# Үч-Терек айылдык кеңешинин 2021-жылдын 16-февралындагы № 212 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын Союзу менен кызматташууну күчөтүү тууралуу." токтому

- Полное наименование: Үч-Терек айылдык кеңешинин 2021-жылдын 16-февралындагы № 212 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын Союзу менен кызматташууну күчөтүү тууралуу." токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 212
- Дата принятия: 16.02.2021
- Статус: Действует
- Редакция от: 16.02.2021
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/560024>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-76934/edition/1169421/ru>

> Текст приведён по редакции от 16.02.2021 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Үч-Терек айылдык кеңешинин 2021-жылдын 16-февралындагы № 212 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын Союзу менен кызматташууну күчөтүү тууралуу." токтому (ред. от 16.02.2021) - https://aqlex.ai/kg/doc/560024

---

ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХХIX-сессиясы

2021-жылдын 16-февралы № 212 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын Союзу менен кызматташууну күчөтүү тууралуу. Кыргыз Республикаснын жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын Союзу мындан ары-КР ЖӨБ Союзу) менен кызматташтыкты күчөтүү жана анын тийиштүү мүчөлүк кыларын убагында төлөө тууралуу соц.маселелер боюнча туруктуу комиссиянын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 24-октябрындагы № 309 Жарлыгына жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 13-беренесине ылайык КР ЖӨБ Союзунун мүчөсү болуп эсептелгендиктен Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеӊешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХХIХ- сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеӊеши жана Үч-Терек айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, КР ЖӨБ Союзунун Уставында белгиленген тартипте кызматташууну күчөтүү жана мындан ары өркүндөтүү боюнча иш аракеттерди жүргүзсүн.

2. Үч-Терек айыл өкмөтүнө КР ЖӨБ Союзу менен тараптардын ар биринин милдеттерин камтыган келишимди иштеп чыгып кол коюу жагы тапшырылсын.

3. Үч-Терек айыл өкмөтүнө жогорудагы ченемдик укуктук актылардын негизинде КР ЖӨБ Союзуна мүчө болгондуктан анын Уставынын 3.7. пунктуна ылайык ар бир жылдын биринчи кварталында айыл аймактын калкынын санынын өсүшүнө жараша ар бир жашоочуга 1 сомдон кем эмес өлчөмүндөгү мүчөлүк акыны жергиликтүү бюджеттин эсебинен КР ЖӨБ Союзунун эсептик счетуна которуп берүүгө уруксат берилсин.

4. Бул токтомдун акарылышын көзөмөлгө алуу жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

5. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

6. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы:

А. Акаев
