Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин “Жер салыгынын өлчөмдөрү жөнүндө” токтому
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги он экинчи сессиясы
2022-жылдын 23-декабры № 12-9 “Жер салыгынын өлчөмдөрү жөнүндө”
Кыргыз Республкасынын Салык Кодексинин 388-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын негиздеп, Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын №01/1-32/3267 26-октябрь 2022-жылдагы катын, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн №01-16/685 28-ноябрындагы катын негиздеп, айылдык кеңештин айыл чарба туруктуу комиссиясынын отурумунун протоколуна ылайык Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн аймагындагы мамлекеттик фондунун эсебиндеги кайракы айдоо жана чөп орок жерлердин ижара акысы 2023-жылдан тартып 1,0 га жерге 1000 (Бир миң) сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Кызыл-Туу айыл өкмөтүндөгү айыл чарба багытындагы эмес жер салыгынын зоналык коэффициенти 2,0 коэффициенттик өлчөмүндө бекитилсин.
3. Ижарага берилүүчү жер аянттары (түрлөрү) бир кожолука 1,0 га өлчөмүнөн ашпасын.
4. Ушул токтомдун аткарылышы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы М.Омурзаковго милдеттендирилсин.
5. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага
Т. Джороев
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 0 · цитируется в 0 · связанные 2
Связанные документы (2)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.
- Закон «О местной государственной администрации и органах местного самоуправления»Закон · 20.10.2021 · № 123
- Налоговый кодекс Кыргызской РеспубликиКодекс · 18.01.2022 · № 3