# Шарк айылдык кеңешинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 8 “Жер мунапысын жүргүзүү тартиби жөнүндөгү жобону ишке ашыруу жөнүндө” Токтому

- Полное наименование: Шарк айылдык кеңешинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 8 “Жер мунапысын жүргүзүү тартиби жөнүндөгү жобону ишке ашыруу жөнүндө” Токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 8
- Дата принятия: 04.11.2022
- Статус: Действует
- Редакция от: 04.11.2022
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/550994>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-76727/edition/1229320/ru>

> Текст приведён по редакции от 04.11.2022 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Шарк айылдык кеңешинин 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 8 “Жер мунапысын жүргүзүү тартиби жөнүндөгү жобону ишке ашыруу жөнүндө” Токтому (ред. от 04.11.2022) - https://aqlex.ai/kg/doc/550994

---

ШАРК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

Шарк айылдык Кеңешинин (VII шайланган) кезектеги ХII сессиясы

2022-жылдын 4-ноябры № 8 “Жер мунапысын жүргүзүү тартиби жөнүндөгү жобону ишке ашыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасын министрлер кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №291 Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү токтомун жана Шарк айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын VII кезексиз сессиясынын 2021-жылдын 4-декабрындагы Шарк айыл аймагында жайгашкан кайра болуштуруу фондусунун эсебиндеги жалпы аянты 62,55га жер аянтын “айыл чарба багытындагы жерлер”категориясынан “калктуу конуштардын жерлери” категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө №1 токтомун, Шарк айылдык Кеңешин депутаттарынын сунуштарын эске алып, Шарк айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХII сессиясы Токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасын министрлер кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №291 Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү токтомуна ылайык иш чараларды так алып баруу жагы Шарк айыл өкмөтүнүн башчысы У.Батыровко жүктөлсүн.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Шарк айылдык Кеңешинин «Жер, турак – жай жана коммуналдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясына» тапшырылсын.

Шарк айылдык кеңешинин төрагасы:

С.Абзалов
