# Сарай айылдык кеңешинин 2022-жылдын 19-июлундагы № 5 "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Токтому

- Полное наименование: Сарай айылдык кеңешинин 2022-жылдын 19-июлундагы № 5 "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 5
- Дата принятия: 19.07.2022
- Статус: Действует
- Редакция от: 19.09.2022
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/550979>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-76712/edition/1224398/ru>

> Текст приведён по редакции от 19.09.2022 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Сарай айылдык кеңешинин 2022-жылдын 19-июлундагы № 5 "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Токтому (ред. от 19.09.2022) - https://aqlex.ai/kg/doc/550979

---

САРАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ Кара Суу районунун Сарай айылдык Кеңешинин (VII шайланган) кезектеги ХIIсессиясы 2022-жылдын 19-июлу № 5 Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январы ПЖ № 3 “Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө” Жарлыгы, Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын 2022-жылдын 28-июнундагы оң корутундусунун негизинде айыл өкмөтүнүн жер боюнча жетектөөчү адисинин сунушун угуп жана талкуулап, Сарай айылдык Кеңеши токтом кылат:

1. Сарай айыл өкмөтүнө караштуу Присавай айылындагы №149 контурундагы 6,0 га кысыр аңыз “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “ өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы №145 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү” Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндөгү” токтому менен бекитилген убактылуу жобонун талаптарына ылайык тийиштүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сарай айылдык кеӊештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Сарай айылдык Кеңешинин төрагасы

А.Салимов
