# Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин 2022-жылдын 18-февралындагы № 8/21 "Кызыл-Кыя шаарынын 2022-жылга шаардын жергиликтүү бюджетин кабыл алуу жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин 2022-жылдын 18-февралындагы № 8/21 "Кызыл-Кыя шаарынын 2022-жылга шаардын жергиликтүү бюджетин кабыл алуу жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 8/21
- Дата принятия: 18.02.2022
- Статус: Действует
- Редакция от: 18.02.2022
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/550947>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-76681/edition/1221126/ru>

> Текст приведён по редакции от 18.02.2022 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин 2022-жылдын 18-февралындагы № 8/21 "Кызыл-Кыя шаарынын 2022-жылга шаардын жергиликтүү бюджетин кабыл алуу жөнүндө" токтому (ред. от 18.02.2022) - https://aqlex.ai/kg/doc/550947

---

КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин (VII чакырылышы) кезектеги 8 -сессиясы 2022-жылдын 18-февралы № 8/21 Кызыл-Кыя шаарынын 2022-жылга шаардын жергиликтүү бюджетин кабыл алуу жөнүндө

Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2021-жылды 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесине негиз, Кызыл-Кыя шаарынын 2022-жылга жергиликтүү бюджетин кабыл алуу жөнүндөгү маселе шаардык кенештин бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2022-жылдын февраль айындагы №19-протоколу менен каралып, такталгандыгын эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кенешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кызыл-Кыя шаарынын 2022-жылга бюджетинин кирешелери жана чыгашалары 135055,6 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.

2. 2022-жылга шаардык бюджеттин кирешелерин түзүүчү булактары №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. 2022-жылга шаардык бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн багыттары №2-тиркемеге ылайык бекитилсин.

4. 2021-жылга 704-экономикалык бөлүкчөдөгү бөлүгүнүн акча каражаттары №3-тиркемеге ылайык бекитилсин.

5. Шаардык бюджеттик мекемелердин чыгашаларынын 2021-жылы каржыланбай калган кредитордук карыздары 2022-жылдын бюджетинин эсебинен жүргүзүлсүн.

6. Шаардык кенештин 2018-жылдын 27-июнундагы №15/63-токтомунун негизинде “Кызыл-Кыя Сууканал” муниципалдык мекемеси Европа Өнүктүрүү жана Реконструкциялоо Банкынан (ЕБРР) алынган насыяны кайтарууга 5000,0 мин сомду төлөө жагы милдеттендирилсин.

7. Шаардык бюджеттин 2022-жылдын 1-январына болгон эркин калдык 22026,5 миӊ сомду түзөт. №4-тиркемеге ылайык бекитилсин.

8. 2022-жылдын 1-январына карата шаардык бюджет боюнча кассада жүгүртүлүүчү нак акча 200,0 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.

9. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Кызыл-Кыя шаардык кенешинин бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелерибоюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

Ж.Калматов
