Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин «Кызыл-Кыя шаарынын 2022-жылга шаардын жергиликтүү бюджетин кабыл алуу жөнүндө» токтому
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин (VII чакырылышы) кезектеги 8 -сессиясы 2022-жылдын 18-февралы № 8/21 Кызыл-Кыя шаарынын 2022-жылга шаардын жергиликтүү бюджетин кабыл алуу жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2021-жылды 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесине негиз, Кызыл-Кыя шаарынын 2022-жылга жергиликтүү бюджетин кабыл алуу жөнүндөгү маселе шаардык кенештин бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2022-жылдын февраль айындагы №19-протоколу менен каралып, такталгандыгын эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Кыя шаарынын 2022-жылга бюджетинин кирешелери жана чыгашалары 135055,6 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. 2022-жылга шаардык бюджеттин кирешелерин түзүүчү булактары №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. 2022-жылга шаардык бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн багыттары №2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. 2021-жылга 704-экономикалык бөлүкчөдөгү бөлүгүнүн акча каражаттары №3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. Шаардык бюджеттик мекемелердин чыгашаларынын 2021-жылы каржыланбай калган кредитордук карыздары 2022-жылдын бюджетинин эсебинен жүргүзүлсүн.
6. Шаардык кенештин 2018-жылдын 27-июнундагы №15/63-токтомунун негизинде “Кызыл-Кыя Сууканал” муниципалдык мекемеси Европа Өнүктүрүү жана Реконструкциялоо Банкынан (ЕБРР) алынган насыяны кайтарууга 5000,0 мин сомду төлөө жагы милдеттендирилсин.
7. Шаардык бюджеттин 2022-жылдын 1-январына болгон эркин калдык 22026,5 миӊ сомду түзөт. №4-тиркемеге ылайык бекитилсин.
8. 2022-жылдын 1-январына карата шаардык бюджет боюнча кассада жүгүртүлүүчү нак акча 200,0 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
9. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдүк кылуу жагы Кызыл-Кыя шаардык кенешинин бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелерибоюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага
Ж.Калматов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 2 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (2)
- Закон «О местной государственной администрации и органах местного самоуправления»Закон · 20.10.2021 · № 123
- Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин 2018-жылдын 27-июнундагы № 15/63 "Кызыл-Кыя шаарынын “Кызыл-Кыя Сууканал” муниципалдык мекемесинин суу боюнча тарифин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 27.06.2018 · № 15/63