# Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин 2019-жылдын 19-октябрындагы № 2 "Калкка кызмат көрсөтүү борборунун Жобосун бекитүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин 2019-жылдын 19-октябрындагы № 2 "Калкка кызмат көрсөтүү борборунун Жобосун бекитүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 2
- Дата принятия: 19.10.2019
- Статус: Действует
- Редакция от: 19.10.2019
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/550858>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-76611/edition/1192280/ru>

> Текст приведён по редакции от 19.10.2019 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин 2019-жылдын 19-октябрындагы № 2 "Калкка кызмат көрсөтүү борборунун Жобосун бекитүү жөнүндө" токтому (ред. от 19.10.2019) - https://aqlex.ai/kg/doc/550858

---

КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин кезектеги (алтынчы шайланган) XVI- сессиясы 2019-жылдын 19-октябры№ 2 Калкка кызмат көрсөтүү борборунун Жобосун бекитүү Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 15-беренесинин талаптарына ылайык депутаттар Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн алдындагы Калкка кызмат көрсөтүү борборунун Жобосун талкуулап чыгып, депутаттардан түшкөн сын-пикир, сунуштарын эске алып, Кашкар-Кыштак айылдык кенеши Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлгүнүн 17-пунктуна таянып,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн алдындагы Калкка кызмат көрсөтүү борборунун Жобосу тиркемедеги редакцияда бекитилсин. (Жобо тиркелет)

2. Кашкар-Кыштак айыл өкмөтү Кызмат көрсөтүү борборунун иштеши үчүн жарактуу жана ошого ылайыкталган өзүнчө жайды бөлүп берип, ал жерде калк ты кабыл алууга даярдык көрүү боюнча тиешелүү иш чараларды уюштурсун.

3. Ушул токтомду жана Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн алдындагы Кызмат көрсөтүү борборунун Жобосун расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук, тартипти чыңдоо, кеңештин иштери жана депутаттык этика боюнча комиссиясынын төрагасы И. Шаимкуловго жүктөлсүн.

Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин төрайымы

Миңбаева А

«Бекитилди» Ош облусунун Кара- Суу районунун Кашкар-Кыштак айылдык кеңенишинин (алтынчы чакырылышынын) 2019-жылдын 19-октябрындагы кезектеги 16-сессиясынын № 2 токтому

Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн алдындагы Кызмат көрсөтүү борбору (ККБ) жөнүндө ЖОБО

1. Жалпы жоболор

2. ККБны түзүүнүн максаттары жана милдеттери

3. ККБны уюштуруу ишмердиги

4. ККБда маалыматтык-сурап билүүнү камсыздоо

5. ККБнын ыйгарым укуктуу кызматкери

6. Айыл өкмөт башчысынын жоопкерчилиги

7. Кошумча кызматтар

8. ККБнын ишмердигин мониторинг кылуу

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (ЖӨБО) тарабынан мамлекет тик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү Кыргыз Республикасынын бир катар ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынган. Калкка жеткиликтүү жана сапаттуу кызмат көрсөтүү инструменттер- дин бири болуп айыл өкмөттөр гө караштуу көп тармактуу функционалдуу кызмат көрсөтүүчү борборлорду (ККБ) түзүү болуп саналат. «Бирдиктүү терезе» принцибинин негизинде ККБ мамлекеттик жана муницпалдык кызмат көрсөтүүнү уюштурууга ыйгарым укукка ээ.

1. Жалпы жоболор

1.1.Бул жобо Кыргызы Респубилкасынын «Жергиликтүү өз алдынча башка руу жөнүндө», «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жө нүндө», «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жерги ликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалымат тарга жетүү жөнүндө» Мыйзамдарына жана КРӨ-нө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча агенттигинин 2018-жылдын 30-мартындагы «01-18/38 буйругу менен беки тилген ККБнун типтүү жобосуна ылайык иштелип чыккан.

1.2. ККБ жергиликтүү кеңештин чечимине ылайык жергиликтүү өзалдынча баш каруунун аткаруучу органынын жетекчиси аркылуу түзүлөт.

1.3. ККБ өзүнүн ишмердигинде келишимдин негизинде мамлекеттик орган дардын аймактык түзүмдөрү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган дардын структуралык түзүмдөрү менен өз ара аракеттенет.

2. ККБнын түзүүнүн максаттары жана милдеттери.

2.1.Борборду түзүү максаты болуп – жарандар үчүн бирдейликти камсыз кылуу, айрыкча аялуу топторду (балдарды, жаштарды, аялдарды) мамлекет тик жана муниципалдык кызматтарга кызмат көрсөтүүнүн процедурасын жеңилдетүүнүн негизинде, кызмат көрсөтүүнүн убактысыны кыскартуу, кор рупциялык механизм- дерди төмөндөтүү, кызмат алуучулар үчүн жакшы шарттарды үзүү эсептелет.

2.2. Борбордун милдеттери болуп төмөндөгүлөр саналат:

а) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнү уюштуруунун ас тында кайййрылуучу субьектилепрдин кайрылуу санын минималдык өлчөм дө азайтуу, кызмат көрсөтүүлөрдүн процедураларын жөнөкөйлөштүрүү жана анын сапатын жогорулатуу;

б) кайрылуучуларга бир эле убакытта бири-бирине байланышкан мамле кеттик жана/же муниципалдык кызматтарды алууга мүмкүнчүлүктөрдү түзүү;

в) ККБнын жооптуу өкүлүл (администратору) аркылуу кызмат көрсөтүү жөнүндө кайрылуучуга маалымат берүүнү камсыздоо;

г) жарандардын жазуу жүзүндөгү жана оозеки кайрылууларын же сунушта рын кароо, коомдук инициативаларды, административдик, жер, турак-жай, коммунал дык жана социалдык маселелер боюнча жарандык укуктун неги зинде жарандарды кабыл алууну жүргүзөт.

д) маалымат жана байланыш технологияларын колдонуу менен ведомство лук уюмдардын эсебинен маалыматтык жана документациялык өз ара кыз матташууда кызмат адамдары менен арыздануучулардын ортосундагы байланыштын санын кыскартуу;

3. ККБнын уюштуруу ишмердиги

3.1.ККБнын ишмердигин уюштуруу үчүн жергилктүү өз алдынча башкаруу нун аткаруу органынын башчысы башчысы тарабынан айыл өкмөтүнүн има ратынан тийиштүү жабдуулар (жабдуулар, телефондор, комьютерлер, прин терлер, маалы маттык стенддер, ТV ж.б.) менен камсыздалган, мүмкүнчүлүк кө ылайык биринчи кабаттан өзүнчө бөлмө бөлүп берүүнү камсыздайт.

3.2. ККБда белгиленген графиги боюнча айыл өкмөтүнүн кызматкерлери нин ичи нен квалификациялык талаптарга жооп берген адистер тарабынан, кызмат көрсөтүү боюнча функционалдык милдеттер айыл өкмөтүнүн башчы сы тарабынан кимге жүктөлгөн болсо, мындан тышкары райондо жайгаш кан мамлекеттик органдардын аймактык өкүлчүлүктөрү тарабынан калкка маанилүрөөк кызмат көрсөтүү жүргүзүлөт.

3.3. Мамлекеттик жана мунципалдык кызмат көрсөтүү учурунда, бир нече уюмдар катышса, айыл өкмөт башчысы кызмат көрсөтүүчү келишимди, кай рылуучунун жыйынтыктоочу документтерин берген орган менен биргеликте түзөт.

3.4. Алыскы айылдардан келген жарандар кезексиз кабыл алуу укугуна ээ, кабыл алууга баш тартуу мүмкүк эмес.

3.5. Борбор тарабынан акылуу жана акысыз кызматтар жөнүндө калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесин бөлмө лөргө жайгашты рууну жана жарыяланууну камсыздайт.

3.6. ККБ жайгашкан жайлар кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануучуларга төмөнкү маалыматтарды жеткирүүгө арналган маалыматтык тактайча (көр нөк) менен жабдылат:

а) иш режими жөнүндө;

б) телефондор жана даректер, анын ичинде – мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчи леринин жана адистеринин электрондук почта даректери;

в) калк үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн бе китилген тизмеги аларды көрсөтүүнүн артын (акысыз жана акы төлөнүүчү) көрсөтүү менен. Мында КРӨ-нүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 ток тому менен беки тилген Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин жана КРӨ 2018-жылдын 5-февралындагы № 80 токтому менен беки тилген Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестрин колдонуу зарыл.

Калктын маалыматтуулугун камсыздоо үчүн тиешелүү материалдарды ККБда жайгаштырылган маалыматтк стенддерге жана жарыктандыруучу таблолорго жайгаштыруу, ошондой эле маалыматтык-технология (МКТ) каражаттарын, электрондук жана басма сөз ММКтарды кенири колдонуу зарыл.

4. Кызмат көрсөтүү борборлорунда (ККБ) маалыматтык-сурап-билүүнү камсыздоо

4.1.Маалымат такталары мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө актуалдуу жана ар тараптуу материалдар менен камсыздалышы керек, атап айтканда:

а) кызматтарды алуу үчүн керек болгон документтердин тизмеси;

б) кызмат көрсөтүү борборлорунда мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды алууга зарыл болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана мамлекеттик башкаруу органдары тарабынан бекитилген бланканын формаларын толтуруу үлгүлөрү;

в) көбүрөөк берилген жооптор жана аларга жооптор: (1 айда 1 жолудан жаңыланып туруусу зарыл);

г) мамлекеттик жана мунципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алуунун шарттарын түшүндүргөн эрежелер, блок-схемалар жана графикалык сүрөттөр;

д) административдик процедурадан өтүүнү чагылдырган алгоритм , текст жана блок-схема түрүндөгү маалымат;

е) мамлекеттик алымдарды төлөөгө мүмкүн болгон жакын жайгашкан банктык мекемелердин даректери жана мамлекеттик алымдарды төлөө үчүн банктык реквизиттер;

ж) кызмат көрсөтүү борборлорунда мамлекеттик жана муниципалдык жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр боюнча юридикалык жана жеке жактарга кеңеш берүүчү ишмердүүлүктү жүрүгзгөн кызматкерлердин телефондору.

4.2. Маалымат системалары төмөнкүлөр үчүн:

а) кызмат көрсөтүү үчүн документтерди кабыл алууда колдонулуучу маалыматтарды топтоо жана системалаштыруу;

б) кызмат көрсөтүү процессинде кызмат көрсөтүү борборлору менен мамлекеттик органдардын ортосунда электрондук формада маалымат алмашуу;

в) кызмат көрсөтүү процесстери;

Маалымат ар дайым жарнак-көрнөктөрдө чагылдырылып туруусу керек (маалыматы менен видеоэкран). Жарнак-көрнөктөр жарандарды кабыл алууну жүргүзгөн жайга жакын жерде орнотулат.

5. ККБнын ыйгарым укуктуу кызматкери

5.1.Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн субьектилери менен байланыштагы жана ККБнын жумушуна тартылган милдеттүү, ыйгарым укуктуу кызматкерди айыл өкмөттөрүнүн кызматкерлеринин ичинен айыл өкмөтүнүн башчысы, ККБнын жооптуу өкүлүн (администраторун) дайындайт.

5.2. ККБнын ыйгарым укуктуу кызматкеринин милдеттери:

а) мамлекеттик жана мзмат көрсөтүүгө керектүү документтерди кайрылуучудан алат жана каттоо журналына каттоо жүргүзөт, кайрылуучу берген документтердин толук экендигин текшеретжана мамлекеттик кызматтарды алуу үчүн берилген документтерин кайрылуу ээсине сакталышы жана кайра кайтарылып берилишине толук жоопкерчилик алат;

б) кызмат көрсөтүүгө катышкан аткаруу бийлигинин (уюму) мамлекеттик органдардын аймактык өкүлчүлүктөрүнө ККБдан тиешелүү документтерин жеткирүүнү уюштурат, андан сырткары мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгын жеткирүүнү уюштурат;

в) 3 күндөн кечикпестен каттоодон өткөндөн кийин документ жүргүзүү тартиптерине ылайык айыл өкмөтүнүн жетекчисине же мамлекеттик органдардын аймактык өкүлчүлүгүнө кайрылуучунун арызын жана докуметтердин пакетин берет;

г) кайрылуу ээсине суралган документти берет же жүйөөлүү себептер менен баш тартат;

д) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү процедуралары боюнча арыз берүүчүлөргө маалымат-кеңеш берүүнү колдойт;

5.3. ККБнын ыйгарым укуктуу кызматкеринин укуктары;

а) тиешелүү мамлекеттик жана муницпалдык кызматтарды алуу үчүн керектелген документтерди көрсөтүү толук болбогон учурда арыз алуу убагында кайрылуучуга кайрылуудагы документтердин пакети толук эмес экендигин билдирип, алуудан баш тартат;

б) документтерди берүү учурунда же документтердин пакетин кабыл алууда кайрылуу ээсине төмөнкү учурда баш тартат:

- эгерде суралган документтерди кабыл алуу укугун тастыктаган же жекелиги тууралуу күбөлүгү, ведомтсволор аралык кызмат алуу үчүн (суралган) документтерде көрсөтүлбөсө.

5.4. ККБнын ыйарым укуктуу кызматкери белгиленген тартипте жашыруун маалыматты ачыкка чыгаргандыгы үчүн мыйзамдарга ылайык жеке жоопкерчилик тартат.

5.5. ККБнын курамындагы калкка кызмат көрсөтүүгө тартылган мамлекеттик органдардын аймактык түзүмдөрү:

а) мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр учурунда жарандар менен өз ара кызматташтыкты камсыз кылууүчүн зарыл болгон учурда ККБдагы милдеттүү жооптуу кызмат адамдарынын катышуусун (жайгаштыруусун) камсыздайт;

б) келишимдердин, башка ченемдик укуктук актылардын, мамлекеттик кызмат көрсөтүү стандарттарына ылайык кайрылуучу тарабынан талап кылынуучу документти даярдайт же так шарттарын түшүндүрүү менен жүйөлүү баш тартат;

в) ККБнын кызматкерлерине керек болгон маалымат базаларына, ощол эле учурда электрондук түрүндөгү базаларга жеткиликтүүлүктү камсыз кылат;

г) ККБга даярдалган документти берет же жүйөөлүү себептер менен баш тартат;

д) ушул Типтүү жободо көрсөтүлгөн максаттарга жана милдеттерге жетишүүнүн толук камсыздайт.

5.6. Документтерди берүү ведостволор аралык кызмат алкагында тиешелүү ченемдик укуктук актыларга, келишимдерге ылайык белгиленген мөөнөттөрдө жүзөгө ашырылат.

6. Айыл өкмөт башчысынын жоопкерчилиги

6.1. Айыл өкөмт башчысы ККБны уюштуруу жана анын иштешин камсыз кылуусуна жеке жоопкерчилик тартат.

6.2. Айыл башчысы ККБнын ишмердүүлүгү боюнча маалыматты жер- гиликтүү кеңештин алдында айылдагы иштин жалпы абалы жөнүндө отчет учурунда берет.

7. Кошумча кызматтар:

7.1. Борбор жайгашкан бөлмөдө, кайрылуучу субьекттердин убакты сын, чыгымдарын жана маетериалдык чыгымдарын төмөндөтүү, камсыздоо талаптарына ылайык, конкурстук негизинде чарбалык субьекттилер менен

кошумча (документтердин көчүрмөсүн даярдоо, ж.б.) тиешелүү кызматтарды көрсөтө алат.

7.2. Чарбалык ишмердиктин чөйрөсүндө уруксат берүү мүнөздөгү (кайра каттоо, дубликат берүү, күчүн жоготуу) документтери боюнча ККБ административдик кызмат берүүгө мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү камсыз кылуу укугуна ээ.

8. ККБнын ишмердүүлүгүн мониторинг кылуу

8.1. Муниципалдык кызматтарды көрсөтүү боюнча ККБнын ишмердигин мони- торингдөөнү жергиликтүү кеңеш жергиликтүү жамаат менен бирге жүргүзөт.

8.2. Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү боюнча ККБнын ишмердигин монито- рингдөөнү жергиликтүү мамлекеттик администрациялар тиешелүү мамлекеттик органдардын аймактык түзүмдөрү менен бирге жүргүзөт.8.3. ККБда калк үчүн жеткиликтүү жана сапаттуу кызмат көрсөтүү ишмердигин мониторингдөөнү КРӨ-нө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча агенттиги өз компетенциясына ылайык жүргүзөт.
