Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин «Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты жана жарандык актыларды каттоо департаменти менен Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишимди бекитүү жөнүндө» токтому
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Кашкар-Кыштак айылдык кенешинин кезектеги XI -сессиясынын (жетинчи шайланган) 2022-жылдын 26-февралы №7 Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты жана жарандык актыларды каттоо департаменти менен Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишимди бекитүү жөнүндө Депутаттар айылдык кеңештин жооптуу катчысы С. Топчубаеванын Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу калкты жана жаранды актыларды каттоо департаменти, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 257-токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти жөнүндө жобо нун жана Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин 2022-жылдын 11-февралындагы №27 ыйгарым укуктарды берүү жөнүндөгү буйругунун негизинде аракеттенген директор Э. Эсеналиева менен Кашкар-Кыштак айыл өкмө түнүн башчысы Маматов Руслан Номанович менен түзүлгөн келишимди бекитүү максатында ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы № 715 берилген ыйгарым мамлекеттик укуктарын ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү трансферттердин көлөмүн эсептөөнүн убактылуу методикасын бекитүү жөнүндөгү токтомуна ылайык калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти менен айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишим бекитилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн ФЭБ-үнө (Рахматов Р) – келишиминде көрсөтүлгөн шарттарга ылайык жооптуу катчыны материалдык жана финансылык жактан колдоо камсыз кылынсын.
3. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруучу адисин жумушка дайындоо, жумуштан бошотуу жана кошумча милдеттерди жүктөө укугу айыл өкмөтүнүн башчысына берилсин.
4.Келишимдин бир нускасы Кыргыз Республикасынын алдындагы Калкты жана граждандык абалдын актыларын каттоо департаментине жөнөтүлсүн.
5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин төрагасы
З.Г.Нурдинов
Кашкар-Кыштак айылдык кенешинин (жетинчи чакырылышынын) 2022-жылдын 26-февралындагы XI -сессиясынын № 7 токтому менен бекитилди
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик укуктарды берүү жөнүндө КЕЛИШИМ
1.Келишимдин тараптары
1.1.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти, мындан ары “Департамент” деп аталуучу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-майындагы № 304 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караш туу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын акты ларын каттоо департаменти жөнүндө жобонун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын ыйгарым укуктарды берүү жөнүндөгү 2019-жыл дын 30-сентябрындагы № 238 буйругунун негизинде аракеттенген директор М. К.Пратова нын атынан, бир тараптан жана Кашкар-Кыштак айыл өкмөтү, мындан ары “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы” деп аталуучу, Уставдын негизинде аракеттен ген Маматов Руслан Номанович экинчи тараптан, мындан ары “Тараптар” деп аталуучу, Кыргыз Республикасынын Конституциясын, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” , “Жарандык актылардын абалы жөнүндө”, “Жергилктүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү тартиби жөнүндө-гү” мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-апрелиндеги № 238 токтому менен бекитилген жобону жетекчиликке алуу менен төмөнкүлөр жөнүндө ушул келишимди түзүштү.
2.Келишимдин негизи
2.1. Департамент Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-дека брындагы № 175 “Берилген айрым мамлекеттик укуктарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү трансферттер- дин көлөмүн эсептөөнүн убактылуу методикасын бекитүү жөнүндөгү” токтому- на ылайык Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнө төмөнкүдөй мамлекеттик ыйгарым укуктарды берет.
- Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун алмаштырууга документтерди кабыл алуу, ошондой эле даярдалган паспортту берүү;
- Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун алмаштырууга доку менттерди кабыл алуу, ошондой эле жекелештирилген жалпы жарандык даярдалган пас портту берүү;
- жарандарды жашаган жери жана барган жери боюнча каттоо;
- баланын туулагндыгын мамлекеттик каттоо, ошондой эле туулгандыгы тууралуу бөлүк берүү;
- никелешүүнү мамлекеттик каттоо, ошондой эле никелешүү тууралуу күбөлүк берүү;
- өлгөндүгүн мамлекеттик каттоо, ошондой эле өлгөндүгү тууралуу күбөлүк берүү;
- аталыкты аныктоону мамлекеттик каттоо, ошондой эле аталыкты аныктоо тууралуу күбөлүк берүү;
- “балага сүйүнчү” бир жолку төлөмгө арыздарды кабыл алуу;
2.2.Кашкар-Кыштак айыл өкмөтү жогоруда аталган берилүүчү мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууга алат.
3.Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүдө мамлекеттик органдын укуктары жана милдеттери
3.1. Департамент жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына өзүнүн ыйгарым укуктарын берүүдөтөмөнкүдөй укуктарга ээ:
- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү өз алдынча башка- руунун аткаруучу органы тарабынан ишке ашырылышын, ошондой эле ушундай эле максаттарга берилген материалдардык жана башка каржаттардын пайдаланылышын контролдоого;
- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу маселелери боюн- ча аткарылууга милдеттүү актыларды өзүнүн компетенциясынын чегинде кабыл алууга;
- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруунун жүрүшүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органы тарабынан жол берилген бузуу- ларды жоюу боюнча кат жүзүндө сунуштарды берүүгө;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынан берилген мам- лекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга байланышкан маалыматтарды, материалдарды жана документтерди суроого;
- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруунун жана материалдык, финансылык жана башка каражаттарды колдонуунун жыйынтыгы жөнүндө маа лыматтарды берүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу орга- нынын отчетторунун формасын белгилөөгө;
- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына өткөрүп берилген, максаттуу багытта колдонулбаган каражаттарды белгиленген тартипте өндүрүп алууга;
- ушул келишимде жана “Жергилктүү өз алдынча башкаруу органдарына ай- рым мамлекеттик укуктарды берүү тартиби жөнүндөгү” КР мыйзамында белги- ленген учурларда жана тартипте Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жө- нүндө келишимди мөөнөтүнөн мурда бузууну демилгелөөгө;
3.2. Департамент өзүнүн компетенциясынын чегинде төмөнкүлөргө милдеттүү
- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууну камсыздоого багытталган материалдык жана башка каражаттарды өз убагында жана толук көлөмдө өткөрүп берүүгө;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына усулдук, уюшту- руучулук, консультациялык жана башка жардам көрсөтүүгө, жергиликтүү өз ал дынча башкаруунун аткаруучу органына берилген мамлекеттик ыйгарым укук- тарды ишке ашыруу үчүн зарыл укуктук, техникалык жана башка документтер менен камсыздоого;
- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу жүктөлгөн адистердин квалификациясын жоогрулатуу максатында бир жылда эки жолкудан кем эмес окуу өткөрүүгө;
- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткарылышын жана өтөкрүп берилген материалдык жана башка каражаттардын максаттуу колдонулушун контролдоого;
- келишимдин 1-тиркемесине ылайык мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү боюнча иштерди камсыздоого;
4.Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын укуктары
4.1. Кашкар-Кыштак айыл өкмөтү берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды
ишке ашырууда төмөнкүлөргө укуктуу:
- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн каралган мате риалдык жана башка каражаттардын өз убагында жана толук көлөмдө өткөрүп берилишин талап кылуу;
- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн Департамент- тен усулдук, уюштуруучулук, консультациялык жана башка жардам, ошондой эле зарыл укуктук, техникалык жана башка документтерди алууга;
- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууда жол берилген бузуу- ларды жоюу боюнча Департаменттин кат жүзүндө сунуштарына соттук тартипте даттанууга;
- ушул келишимде жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ай- рым мамлекеттик укуктарды берүү тартиби жөнүндөгү” КР мыйзамында белги- ленген учурларда жана тартипте Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жө- нүндө келишимди мөөнөтүнөн мурда бузууну демилгелөөгө;
4.2. Кашкар-Кыштак айыл өкмөтү берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды
ишке ашырууда төмөнкүлөргө укуктуу: -келишимге жана КР ченемдик укуктук актыларына ылайык аларга берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга; -берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн өткөрүп берилген материалдык, финансылык жана башка каражаттардын максаттуу колдонулушун камсыздоого;
- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн өткөрүлүп берил ген материалдык, финансылык жана башка каражаттардын максаттуу колдонуу бөлүгүндө мамлекеттик орган тарабынан тоскоолдуксуз текшерүү жүрүгүзү- лүшү үчүн шарттарды камсыздоого;
- квалификацияны жогорулатуу үчүн мамлекеттик орган тарабынан өткөрү- лүүчү окууга жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын адис- теринин катышуусун камсыздоого;
- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууда жол берилген бузуу- ларды жоюу боюнча мамлекеттик органдардын кат жүзүндөгү эскертүүлөрүн аткарууга;
- ай сайын, отчеттук айдан кийинки айдын 10-күнүнө чейин Департаментке учурдагы каржылоого келишимдин 2-тиркемесине ылайык ведомстволук табыштама берүүгө;
- ай сайын, квартал сайын, жарым жылдын жана бир жылдын негизинде берил ген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруунун жыйынтыгы жөнүндө Депар- таменттин жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты пасопрттоштуруу жана каттоо аймактык бөлүмүнө (мындан ары – Департаменттин ЖААККПКБ сы) Келишимдин 3-тиркемесине ылайык отчет берүүгө;
- ай сайын, квартал сайын, жарым жылдын жана жылдын аягында берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга бөлүнгөн финансалык кара- жаттарды пайдалануу жөнүндө Департаменттин аймактык ЖААККПКБсына Келишимдин 4-тиркемесине ылайык материалдык отчет берүүгө;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын адиси болбо- гон учурда (ооруп калуу, өргүүдө болуу, окууга баруу ж.б.) өз ара алмаштыруу;
- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу токтотулган учур- да, берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууда өткөрүлүп берилген колдонулбаган материалдык жана башка каражаттарды кайтарып берүүгө;
- Келишимдин 1-тиркемесине ылайык мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү боюнча иштерди камсыздоого;
5. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарган жергиликтүү өз алдын ча башкаруунун аткаруучу органынын адиси
5.1.Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын адиси муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү КР мыйзамдарына ылайык кызматка дайындалган жана кызматтан бошотулган муниципалдык кызматкер болуп саналат.
5.2. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча баш каруунун аткаруучу органынын адиси өзүнүн ишинде КР Конституциясын, КР мыйзамдарын, КР башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алат.
5.3. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча баш каруунун аткаруучу органынын адиси даярдалган паспортторду жана жарандык абалдын актыларын каттоо боюнча так отчеттуулук бланктарын жоготкондугу, бузгандыгы үчүн толук өлчөмдө материалдык жоопкерчилик тартат.
Документ жоголгон же бузулган учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу чу органынын адиси тарабынан арыз ээсине келтирилген зыян доку менттерди кайра калы бына келтирүү чыгымдарынын наркынын өлчөмүндө Департаментке төлөнөт. Жогоруда аталган учурларда арыз ээсине, Департаментке келтирилген зыянга төлөө өз ыктыяры менен же КР азыркы мыйзамдарында белгиленген тартипте соттун чечими менен жүргүзүлөт.
5.4. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарган жергиликтүү өз ал дынча баш каруунун аткаруучу органынын адиси КР мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчилик тартат;
- жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тартибин регламенттеген КР ченем дик укуктук актыларында каралган талаптарга ылайык жарандык абалдын актыларын кат тоо боюнча берилген документтерди кабыл алуу, алардын аныктыгы жана түп нускалыгы үчүн;
- туулгандыгын, аталыкты аныктоону, никелешүүнү, өлгөндүгүн каттоо боюнча арыздарды толтуруу үчүн, ошондой эле туулгандыгы тууралуу, никелешүү тууралуу, аталыкты аныктоо тууралуу күбөлүктөрдү берүү үчүн;
- туулгандыгы, аталыкты аныктоо, никелешүү, өлгөндүгү жөнүндө актылык жазууларды толтуруу үчүн, ошондой эле туулгандыгы тууралуу, никелешүү тууралуу, өлгөндүгү туура луу, аталыкты аныктоо тууралуу күбөлүктөрдү берүү үчүн;
- КР жаранынын паспортун алмаштырууга документтерди кабыл алуу, алардын анык тыгы жана түп нускалыгы үчүн, ошондой эле даярдалган паспортту берүү үчүн;
- КР жаранынын жалпы жарандык паспортун алмаштырууга документтерди кабыл алуу, алардын аныктыгы жана түп нускалыгы үчүн, ошондой эле жеке- летирилген жалпы жаран дык даярдалган паспортту берүү үчүн;
- жарандарды жашаган жери жана барган жери боюнча каттоо үчүн;
- “балага сүйүнчү” арыздарын каттоо үчүн;
- арыз ээлеринин арыздардагы колунун аныктыгы жана жарандык актыларын жазуунун эки нускасы үчүн;
- арыз ээсинин жеке өзүнүн катышуусусуз кабыл алгандыгы үчүн;
- арыз ээси тарабынан ким экендигин ырастоочу документ берилбестен документтерди кабыл алгандыгы үчүн;
- “ЖААК” АМСте документтерди өз убагында жана туура тариздөө, актылык жазуулар га ылайык күбөлүк берүү үчүн;
- арыз ээси тарабынан документтердин түп нускалары берилбестен документтерди кабыл алгандыгы үчүн;
- жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктөрдүн бланктарын сактоо үчүн;
- актылык жазуулар жана жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктөрдүн бланктары боюнча отчеттуулукту өз убагында берүү үчүн;
5.5. Берилген берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарган жергилик- түү өз алдынча баш каруунун аткаруучу органынын адиси төмөнкүлөргө укуктуу:
- кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруу үчүн зарыл маалыматтарды, документтерди жана башка материалдарды белгиленген тартипте суроого;
- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн каралган мате риалдык жана башка каражаттарды өз убагында жана толук көлөмдө өткөрүп берүүнү талап кылууга;
- арыз ээсинде ИЖН болбогон же туура эмес, кош ИЖН болгон учурда бардык иш ара кеттерди токтоууга жана Департаменттин аймактык ЖААККПКБсына кайрылуу зарылды гы жөнүндө арыз ээсине билдирүүгө;
- жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо боюнча мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча квалификациясын жогорулатууга (окууга);
- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн Департамент- тен усулдук, уюштуруучулук, консультациялык жана башка жардам, ошондой эле зарыл укуктук, техникалык жана башка документтерди алууга;
- эгер арыз ээси тарабынан берилген документтер тизмекке туура келбесе, тизмекке ылайык документтерди берүүнү сунуштоого;
5.6. берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча баш каруунун аткаруучу органынын адиси төмөнкүлөргө милдеттүү:
- жеке маалыматтын сакталышын жана аныктыгын, ошондой эле мыйзамдарда белгиленген тартипте ага жетүү режимин камсыздоого;
- КР мыйзамдарында каралган учурларда жеке маалыматтардын купуялуулук режимин камсыздоого;
- “Инфоком” МИ КБнин Регламентинин Кошулуу жөнүндө макулдашуусуна ылайык электрондук кол тамганын сакталышын камсыздоого;
- берилген документтерден оңдоолор жана, же жасалмалдоо белгилери анык- талган учурда, бул жөнүндө Департаменттин аймактык бөлүмүнүн жетекчили- гине, ошондой эле ички иштер органдарына тез арада билдирүүгө милдеттүү;
Мындай учурда жасалмалоо белгилерин сыпаттоо менен үч нускада эркин формада акт түзүлөт, анын бири иш күндүн ичинде Департаменттин аймактык бөлүмдөрү жайгашкан жер боюнча ички иштер органдарына жиберилет, экинчиси – Департаменттин аймактык бөлүмүндө калат, үчүнчүсү - арыз ээсине берилет. Оңдоо же жасалмалоо белгилери аныкталган документтерди берген арыз ээсине анкета-арызды тариздөө үчүн документтерди кабыл алуу маселеси ички иштер органдары тарабынан акыркы чечим чыккандан кийин чечилет.
5.7. Ушул келишмде каралбаган жоопкерчилик КР ченемдик укуктук актыла-рына ылайык колдонулат.
6. Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүдө жергиликтүү өз алдынча башка- руунун аткаруучу органын финансылык, материалдык жана башка каражаттар менен камсыздоо
6.1. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн жергилик- түү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына зарыл финансылык камсыз- доо КР Финансы министрлиги тарабынан республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттен берилүүчү максаттуу трансферттер (субвенциялар) формасында жүргүзүлөт.
6.2. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн тийиштүү финансылык жылга максаттуу трансферттердин (субвенциялардын) жалпы көлөмүн эсептөө КРӨ 2014-жылдын 19-декабрындагы № 715 токтому менен бекитилген “Берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттерге берилүүчү трансферттердин көлөмүн эсептөө нүн убактылуу методикасынын негизинде жүргүзүлөт.
КРӨ 2014-жылдын19-декабрындагы № 715 токтому менен бекитилген “Берил ген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттерге берилүүчү трансферттердин көлөмүн эсептөө нүн убактылуу мето дикасына ылайык ушул Келишимдин 9.2.-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөткө бел гиленген максаттуу трансферттердин (субвенциялардын) суммасы Келишимге тиркелет жана анын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
6.3. Жергиликтүү өз алдынча баш каруунун аткаруучу органы берилген мамле кеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруусу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү максаттуу трансферттердин(субвенциялар дын) жалпы көлөмү жергиликтүү өз алдынча баш каруунун аткаруучу органы- нын эсебине түшөт жана кезектеги фианасылык жылга жергилктүү бюджеттин кирешелер жана чыгымдар түзүмүндө чагылдырылууга тийиш.
6.4. Максаттуу трансферттердин (субвенциялардын) жалпы көлөмү төмөнкү- лөрдү камтыйт:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын адисинин эмгек акысын;
- берилүүчү мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууга кеткен чыгымдарды: иш сапардын чыгымдарын, Интернет тармагынын кызмат көрсөтүүсүн, кеңсе буюмдарын.
6.5. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ашыруу үчүн зарыл материал- дык каражаттар Департамент тарабынан кабыл алуу-өткөрүп берүү актысынын негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына убакты - луу өткөрүлүп берилет.
6.6. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн зарыл материал- дык каражаттар, чарба ишин жүрүгүзүү бөлүгүндө (жабдуулар, обьекттер, тех-
ника ж.б.) алар макулдашуу комиссияларында каралып, колдонууга жарактуу- лугу аныкталгандан кийин өткөрүп берилүүгө тийиш. Макулдашуу комиссиясы мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын өкүлдөрүнөн паритеттик башталышта түзүлөт.
6.7. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына өткөрүп бери
лүүчү материалдык каржаттардын тизмеги Тараптардын макулдашуусу менен аныкталат.
6.8. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ашыруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына өткөрүп берилүүчү материалдык каражаттарды колдонуу тартиби Департамент тарабынан аныкталат.
6.9. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар 1 штаттык бирдикте жергилктүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын адиси тарабынан ишке ашырылат.
7. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ашыруу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын отчеттуулук формасы жана мезгилдүүлүгү
7.1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы Департамент- тин аймактык ЖААККПКБсына төмөндөгүлөрдү берүүнү камсыздайт:
- ай сайын 10-күндөн кечиктирбестен учурдагы айга каржылоого ведомство- лук табыштаманы Келишимдин № 2 тиркемесине ылайык;
- ай сайын 5-күндөн кечиктирбестен берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар ды аткаруунунун жыйынтыгы жөнүндө отчетту Келишимдин № 3-тиркемесине ылайык;
- ай сайын, квартал сайын, жарым жылда бир жолу, жылдын аягында 4-күн- дөн кечиктирбестен берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга бөлүнгөн финансылык каражаттарды колдонуу жөнүндө финансылык отчетту мамлекеттик орган тарабынан бекитилген жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы макулдашылган форма боюнча Келишимдин 4-тиркемесине ылайык.
8.Мамлекеттик органдын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткарылышын конролдоо тартиби
8.1.Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын ишке ашырылышын контрол- доо (мындан ары - контролдоо) Келишимдин талаптарын жана КР мыйзамдарын сактоо максатында жүргүзүлөт.
8.2.Жерлигилктүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан мамлекеттик ыйгарым укуктардын ишке ашырылышын контролдоону Деапртаменттин аймактык ЖААККПКБсы жүргүзөт.
8.3. Департаменттин аймактык ЖААККПКБсы:
- аныкталган бузууларджы жоюу жөнүндө сунуштарды жиберүү укугу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын толук жана сапаттуу ишке ашырылышын контролдойт;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан мамле- кеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга берилүүчү материалдык каражат- тардын максаттуу колдонулушун текшерет;
- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын чөйрөсүнө кирген маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын, айрым мамлекеттик ыйгарым укуктар ды берүүдө калкты каттоо, жарандык абалдын актыларын каттоо маселелери боюнча иш регламентинин, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу- нун аткаруучу органы тарабынан алардын ишке ашырылышы боюнча усулдук көрсөтмөлөрдүн аткарылышын контролдойт;
- Келишимде каралган учурларда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун атка- руучу органы тарабынан мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууну ток тотуу жана ушул Келишимди бузуу жөнүндөгү сунуштарды даярдайт жана жогоруда турган органга киргизет.
8.4. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы тарабынан ишке ашырылышын контролдоону Департамент төмөнкүчө жүргүзөт:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын ишин, бе- рилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын алар тарабынан ишке ашырылышы бөлүгүндө координациялоо;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынан мыйзамда же берүү жөнүндө келишимде белгиленген тартипте жана мөөнөттө берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруунун жыйынтыгы жөнүндөгү отчеттор ду кабыл алуу;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын ишин, бе- рилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын алар тарабынан ишке ашырылышы жана мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга өткөрүп берилген кара- жаттардын колдонулушу бөлүгүндө текшерүү жүргүзүү;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу маселелери боюнча сунуштарды берүү;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары тарабынан кабыл алынуучу чечимдерди мыйзамдуулугу жана максатуулугу жагынан баалоо.
9. Келишимдин күчүнө кирүү тартиби жана колдонуу мөөнөтү
9.1. Ушул Келишим жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү орга ны тарабынан бекитилүүгө тийиш жана жергиликтүү кеңеш тарабынан Кели – шим бекитилген күндөн тартып күчүнө кирет.
9.2. Ушул Келишим кол коюлган күндөн тартып календардык жылдын 31-декабрына чейин колдонулат.
Эгерде ушул келишимдин колдонуу мөөнөтү аяктгандан кийин эки тарап тең Келишимди бузуу жөнүндө билдирбесе, анда анын колдонуу мөөнөтү ошол эле мөөнөткө жана ошол эле шарттарда автоматтык түрдө узартылат.
9.3. Ушул Келишим 3 нускада түзүлдү жана алар бирдей юридикалык күчкө ээ
ар бир тарап үчүн бир нускадан жана бир нускасы КР Финансы министрлигине берилет.
10.Келишимдин шарттарын өзгөртүү
10.1. Тараптардын макулдашуусу менен Келишимге өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилет.
10.2. Келишимге киргизилүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы тарабынан бекитилүүгө тийиш.
11. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууну токтоууга негиздер жана токтотуу тартиби
11.1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруусу төмөнкүдөй учурларда токтотулушу мүмкүн:
- Келишимдин колдонуу мөөнөтүнүн аякташы;
- Келишимди жаарксыз деп табуу жөнүндө соттун чечиминин мыйзамдуу күчүнө кириши;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын берилген мамлекеттик ыйга- рым укуктарды ишке ашыруусу үчүн республикалык бюджетте кезектеги финан сылык жылга трансферттердин (субвенциялардын) жоктугу;
- ушул Келишим боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды андан ары ишке ашыруу мүмкүндүгүн жойгон ченемдик укуктук актынын кабыл алынышы;
- мамлекеттик органдын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды өз алдын- ча ишке ашыруу жөнүндө чечим кабыл алышы (келишимди мөөнөтүнөн мурда бузуу);
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ушул Келишимде жана,же “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйга- рым укуктарды берүү тартиби жөнүндү” КР мыйзамында белгиленген учурлар- да жана тартипте берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруудан баш тартуусу (келишимди мөөнөнтүнөн мурда бузуу).
11.2. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын ишке ашыруу Департаменттин же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы- нын демилгеси менен мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн.
11.3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруусун мөөнөтүнөн мурда токтотуунун шарттары болуп төмөнкүлөр саналат:
- мамлекеттик орган тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун атка- руучу органын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн зарыл финансылык, материалдык жана башка каражаттар менен камсыздоо мүмкүн эместиги;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органына көз карандысыз себептер менен берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу мүмкүн эместиги;
- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жана, же ишке ашыруу шарттарын өзгөрткөн ченемдик укуктук актыны кабыл алуу.
11.4. Департаменттин берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну мөөнөтүнөн мурда токтотуусунун шарттары болуп төмөнкүлөр саналат:
- Департамент тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды андан ары ишке ашыруу сун, анын ичинен алардын аткарбагандыгынан же тийиштүү ишке ашырбаган- дыгынан максатсыз деп таанылышы;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын берилген мам- лекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн алынган материалдык, финан- сылык жана башка каражаттарды максатсыз колдонуусу, эгер ушул бузуулар жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруусун оордоткон шарттарды түзсө;
- берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жана, же ишке ашыруу шарттарын өзгөрткөн ченемдик укуктук актыны кабыл алуу.
11.5. Тараптардын биринин демилгеси менен берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда, токтотууну демилге леген тарап берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды токтотунун болжолдуу датасына чейин 15 иш күн мурда экинчи тарапка жазуу жүзүндө билдирүү жиберүүгө милдеттүү.
11.6. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө билдирүү алган Тарап аны 15 иш күндүн ичинде кароого милдеттүү жана билдирүүнү кароонун жыйынтыгы жөнүндө экинчи Тарапка маалымдоого тийиш.
Экинчи Тарап билдирүүгө макул болгон учурда, Тараптардын маулдашуусу- нун негизинде берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу токтотулат.
11.7. 30 иш күндүн ичинде билдирүүнү кароонун жыйынтыгы жөнүндө жазуу түрүндө жооп болбогон учурда же экинчи Тарап берилген мамлекеттик ыйга рым укуктарды аткарууну токтотууга макул болбогон учурда, берилген мамле- кеттик ыйгарым укуктарды аткарууну мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө маселе соттук тартипте чечилет.
11.8. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда, аларды ишке ашыруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башка руунун аткаруучу органына өткөрүп берилген, колдонулбаган материалдык жа на финансылык каражаттар берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу токтотулган күндөн баштап 15 иш күндүн ичинде мамлекеттик органга кайтарылууга тийиш.
11.9. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну каржылоо ушул келишимде каралган көлөмдө, тартипте жана мөөнөттө токтоулган учурда, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну токтотууга укуктуу жана бул жөнүндө 15 иш күн
дүн ичинде Департаментке жана КР Финансы министрлигине жазуу жүзүндө билдирет.
11.10. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруусу токтотулган күндөн тартып жерги- ликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы мамлекеттик ыйгарым укуктарды берген мамлекеттик орган аны аткарууга тийиш.
11.11. Жергиликтүү Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды токтото туруу жана аткаруудан баш тартуу жөнүндө чечими жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы тарабынан бекитилет.
12. Тараптардын жоопкерчилиги
12.1. Келиишмдин шарттарын тийиштүү аткарбагандыгы, укук бузгандыгы же материалдык жана моралдык зыян келтиргендиги үчүн Тараптар КР чечнемдик укуктук актыларына ылайык жоопкерчилик тартышат.
12.2. Айыл өкмөттүн башчысы берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды тийиштүү аткарууну уюштуруу, өткөрүп берилген материалды фианасылык жана башка каражаттарды максаттуу колдонуу жана ушул Келишимдин жоболорун так аткаруу үчүн жеке жопкерчилик тартат.
13. Талаш-тартыштарды чечүү
13.1. Ушул Келишимди аткаруунун жүрүшүндө келип чыккан бардык талаш-тартыштар жана пикир келишпестиктер Тараптардын ортосундагы сүйлөшүүлөр аркылуу же соттук тартипте чечилет.
14. Тараптардын дареги жана колу
Департамент ЖӨБ органы
КРӨ караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы жана жарандык абалды актыларын каттоо департаменти, Бишкек шаары,Киев көчөсү № 58
Департаменттин директору : _________________Пратова М. К.
Ош облусу, Кара-Суу району Калкты Кашкар-Кыштак айыл өкмөтү Кара-Суу көчөсү № 80
Айыл өкмөттүн башчысы: _______________Маматов Р. Н.
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 4 · цитируется в 0 · связанные 0
Ссылается на (4)
- Постановление Правительства КР от 19 декабря 2014 года № 715 "Об утверждении Временной методики расчета объема трансфертов, предоставляемых местным бюджетам из республиканского…Постановление · 19.12.2014 · № 715
- Постановление Кабинета Министров КР от 15 ноября 2021 года № 257 "О некоторых вопросах Министерства цифрового развития Кыргызской Республики"Постановление · 15.11.2021 · № 257
- Постановление Правительства КР от 30 мая 2013 года № 304 "Об образовании Департамента регистрации населения и актов гражданского состояния при Государственной регистрационной…Постановление · 30.05.2013 · № 304
- Постановление Правительства КР от 21 апреля 2017 года № 238 "Об утверждении Инструкции о порядке приема документов, оформления, изготовления (персонификации), учета, выдачи и…Постановление · 21.04.2017 · № 238 · Утратил силу