# Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин 2022-жылдын 22-январындагы №3 "Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык стратегиялык өнүгүү планын 2022-2026-жылдарга бекитүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин 2022-жылдын 22-январындагы №3 "Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык стратегиялык өнүгүү планын 2022-2026-жылдарга бекитүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 3
- Дата принятия: 22.01.2022
- Статус: Действует
- Редакция от: 22.01.2022
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/550548>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-76348/edition/1182633/ru>

> Текст приведён по редакции от 22.01.2022 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин 2022-жылдын 22-январындагы №3 "Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык стратегиялык өнүгүү планын 2022-2026-жылдарга бекитүү жөнүндө" токтому (ред. от 22.01.2022) - https://aqlex.ai/kg/doc/550548

---

КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин кезектеги (жетинчи шайланган) X сессиясынын 2022-жылдын 22-январы №3 Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык стратегиялык өнүгүү планын 2022-2026-жылдарга бекитүү жөнүндө

Айылдык кеңештин депутаттары айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы С. Топчубаеванын айыл өкмөтүнүн 2022-2026 жылдарга социалдык-экономикалык стратегиялык өнүгүү планы боюнча маалыматты угуп жана кеңири талкуулап чыгып сессия, ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн 2022-2026-жылдар үчүн социалдык-экономикалык стратегиялык өнүгүү планы бекитилсин.

2. Айыл өкмөтүнө – андан ары тармактык бөлүмдөр жана айылдар боюнча келечектеги иш пландарын аталган стратегиялык планга ылайык иштеп чыгуу жагы тапшырылсын.

3. Айыл өкмөтүнө – алдыдагы социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча аткара турган иштерин аталган стратегиялык пландын негизинде жүргүзүү милдеттендирилсин.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Социалдык, маданий маселелери, маалымдуулук, жаштар жана аялдар саясаты, сопрт, илим, саламаттыкты сактоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Кашкар-Кыштак айылдык кеңешинин төрагасы

Нурдинов З.Г.

Кашкар-Кыштак айылдык кенеишинин 2022-жылдын 22-январындагы №3 токтому менен бекитилди

КИРИШ СОЗ 2 СЭОПТУ ДАЯРДОО НЕГИЗ БОЛГОН ЧЕНЕМДИК-УКУКТУК АКТЫЛАР 3 АЙЫЛ АЙМАК ТУУРАЛУУ КЫСКА МААЛЫМАТ 3 УЧУРДАГЫ КЫРДААЛГА КАРАТА АНАЛИЗ 6

1.ПЛАНДОО, БАШКАРУУ ЖАНА АДМИНИСТРАЦИЯЛОО 6

2.ЭКОНОМИКАЛЫК МАСЕЛЕЛЕР 9

3.АЙЛАНА-ЧӨЙРӨН/ КОРГОО 12

4.КООМДУК ТАРТИП ЖАНА КООПСУЗДУК 12

5.ТУРАК ЖАЙ ЖАНА КОММУНАЛДЫК КЫЗМАТ КӨРСӨТ//ЛӨР 12

ЭС АЛУУ, МАДАНИЯТ ЖАНА СПОРТ 13 БИЛИМ БЕР// 14 СОЦИАЛДЫК КОРГОО 15 СОЦИАЛДЫК-ЭКОНОМИКАЛЫК ПРОГРАММАСЫНЫН ЖАЛПЫ МАКСАТЫ 16 ӨН/Г//Н/Н АРТЫКЧЫЛЫКТУУ БАГЫТТАРЫ 16 СЭО ПРОГРАММАСЫНЫН БЮДЖЕТИ 18 ӨН/Г// ПРОГРАММАГА МОНИТОРИНГ ЖАНА БААЛОО Ж/РГ/З// 27 ТИРКЕМЕ 1.1 36 ТИРКЕМЕ 1.2 37 ТИРКЕМЕ 1.3 38

Кириш сөз Кашкар-Кыштак айыл аймагынын социалдык экономикалык өнүгүү программасы Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы N 221 Жарлыгы менен бекитилген 2018-2040-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын енуктуруунун улуттук стратегиясында аныкталган, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кецешинин 2018-жылдын 20-апрелиндеги № 2377-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Биримдик. Ишеним. Жаратмандык” программасын аткарууну жетекчилике алат жана камсыз кылууга багытталат. Акыркы жылдарда Кыргызстанда бир топ реформалар ишке ашыруу аракетинде. Ошондой болсо да, олуттуу көйгөйлөр айыл аймактарында чечилбей келүүдө. Анын негизгилери: өлкөнүн саясий жана башкаруу системасынын начарлашы; мамлекеттик жана муниципалдык структураларда коррупциянын өсүшү; коомчулук үчүн маанилүү чечимдерди кабыл алууда ачык-айкындыктын жоктугу; экономикалык өнүгүүнүн туруксуздугу жана алсыздыгы; калктын жашоо-турмуш децгээли төмөндүгү; жакырчылык денгээлинин айыл жерлеринде жана бийик тоолуу аймактарда жогору болуусу; инфраструктуранын жана жашоо шарттарынын начардыгы. Айыл аймактарында жогорудагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн максатуу багытталган, конкреттүү жана реалдуу тапшырмаларды камтыган социалдык-экономикалык өнүгүү программаны иштеп чыгуу жана иш жүзүнө ашыруу зарыл. Бул Бюджет кодексинеде жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамда белгиленип кеткен Айыл аймактын Социалдык-экономикалык өнүгүү программасы. Учурдагы программа орто мөөнөттүү, 2020-2025-жылдарды гана камтыйт. Социалдык-экономикалык өнүгүү программанын жалпы максаты: Беш жылдан кийин Кашкар-Кыштак айылдык аймагы төмөнкүдөй болот: социалдык-коммуналдык инфраструктурам оңолот, экономика айыл чарба продукциясын кайра иштетүүгө багытталат, жаштар билимдүү, дени сак, мекенчил духта тарбияланат, калкы чечимдерди кабыл алууга жигердүү катышат. Кашкар-Кыштак айыл аймагын өнүктүрүүдө туруктуу абалга чыгуу үчүн бардык, адамдык, жаратылыш, финансылык жана башка бардык ресурстарды мобилизациялоо жана туура пайдалануу зарыл. Туруктуу өнүктүрүүгө өтүү адам баалуулуктарын жана жаратылыш ресурстарын акыл-эстүү пайдалануу аркылуу экономикалык өсүштү кароону сунуштайт. Алдыдагы максатка жетүү үчүн, жергиликтүү жана мамлекеттик бюджеттин, тышкы жана ички инвесторлордун, жергиликтүү калктын, ишкерлердин каражаттарын, ресурстарын аймактын экономикасына активдүү тартуу талап кылынат. Калктын ишмердуулугун өнүктүрүүгө ар тараптуу шарттар түзүлөт, колдоолор жүргүзүлөт. Өнүктүрүү саясат институту жана КР БУУнун Балдар фондусу (ЮНИСЕФ) Улуу Британия өкмөтүнүн финансылык колдоосу менен ишке ашырып келе жаткан, “Балдар жана жаштарга ынгайлуу Кыргызстан” долбоорунун негизинде, Кашкар-Кыштак айыл аймагынын социалдык экономикалык туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу, калктын көйгөйлүү маселелерин чечуу, жашоо денгээлин жогорулатуу максатында Социалдык экономикалык программа иштелип чыгылды. Бул Социалдык экономикалык программаны Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысынын буйругуну негизинде түзүлгөн жумушчу топ жана өнуктуруу саясат институтунун эксперттер тобу менен биргеликте, айыл аймактын бардык мүмкүнчүлүктөрүн анализдеп, жергиликтуу калктын жана адистердин пикирлерин эске алып, терең талдоо аркылуу иштелип чыгылды. Кашкар-Кыштак А А социалдык экономикалык өнүгүү программасы 2020-жылдын 22-январындагы Кашкар-Кыштак айылдык кенешинин 10-сессиясынын № 3 токтому менен бекитилди

1.СЭОПту даярдоо негиз болгон ченемдик-укуктук актылар

А КР Конституциясы; А КР Бюджеттик кодексы; А «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» КР Мыйзамы; А Туруктуу өнүгүүнү стратегиялык жактан пландоо боюнча методология, (КР Экономика министрлигинин 2015-жылдын 27-февралындагы №45 Буйругу менен бекитилген) А Шаарлардын жана айылдык аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүү программаларын даярдоо боюнча Ж0БО учун усулдук колдонмо (Экономика министрлигинин 2018-жылдын 15-майындагы №63-А жана ЖОБЭММАнын 2018-жылдын 16-майындагы №1-18/56 биргелешкен буйруктары. менен бекитилген) А Жергиликтүү децгээлде программалык негизде бюджеттерди түзүү, кароо жана аткаруу тартиби тууралуу нускама (КР Финансы министрлигинин 2018- жылдын 23-июлундагы №69-Б Буйругу менен бекитилген)

2.Айыл аймак тууралуу кыска маалымат.

Кашкар-Кыштак айыл өкмөтү 1993-жылдын 2-февралындагы № УП-24 Жарлы гынын негизинде Т. Юнусов атындагы айылдык комитет болур түзүлгөн. Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 20-мартындагы “Жер гиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча баш каруу башчыларынын ролун жана жоопкерчилигин жогорулатуу чаралары жө нүндөгү” Указынын жана КРӨ 1996-жылдын 24-апрелиндеги “Кыргыз Республи касынын аймагында жергиликтүү өзүн-өзү башкаруунун аткаруу-тескөө органда рын – айыл өкмөтүн түзүү жөнүндөгү” № 187 токтомунун негизинде Кашгар-Кишлак айылдык өкмөтү болуп түзүлгөн. Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 10-апрелиндеги “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана мамлекеттик администрациясы жөнүндөгү” мыйзамы нын негизинде айылдык округу болуп түзүлгөн. Кашкар-Кыштак айылдык аймагына (кийин АА) 9 айыл кирет. Алар: Кашкар-Кыштак, Мөнөк, Кенжекул, Алгабас, Бекжар, Жарооз,Андижан-маала, Тажик-маала официалдуу статуска ээ, Кайрагач айылы статуска ээ эмес. Кашкар-Кыштак АА чыгыш тарабынан Жоош АА, туштук тарабынан Нариман А А, батыш тарабынан Өзбекстан Республикасы, түштүк-чыгыш тарабынан Шарк АА, ал эми тундук тарабынан Ак-Таш АА менен чектешет. АА борбору Кашкар-Кыштак айылы. Айылдык аймакта 4 ФАП жана 4 УДТ саламаттык сактоо мекемелеринин социалдык инфраструктурасы, 4 жеке менчик оорукана, 8 орто мектеп жана 1 мектепте уюшулган музей, 1 жеке менчик мектеп, 3 маданият уйу, 2 китепкана, 6 муниципалдык жана 3 жеке бала бакча, 17 менчик дарыкана, Андан тышкары спортту жана ден тарбияны өнүктүрүү жагын карай келсек 10 футбол аянты, 1 күрөш залы. Футбол менен 350 бала машыгат, ал эми күрөш клубунда 120 бала алектенген. Мөнөк айылында чон 1 стадион бар.

1

1.1.Аймагы: Жалпы аянты

- 1,357 миң кв.м. ми имң кв.м. га.

•

Дециз децгээлинен бийиктиги

- 800 м.

•

Район борборуна чейинки аралык

- 12 км.

•

Облус борборуна чейинки аралык

- 14 км

•

Аэропортко чейинки аралык

- 5 км.

•

Темир жолго чейинки аралык

- 2 км.

1.2.Географиялык-клитматтык шарттары:

Климаты жайында ысык жана кургак, температура +40°С тан жогору болот. Кыш мезгили жылуу мелуун, кар аз түшөт. Кышкысын температура -15-20С чейин төмөндөйт. Жазгы суук көбүнчө март айынын акырына чейин уланат. Кузгу суук ноябрь айынан башталат.

1.3.Оз алдынча башкаруу органы:

Башкаруу органы - Кашкар-Кыштак айылдык кенеши. Айылдык кеңеши көп мандаттуу округдардан шайланган 31 депутаттан турат. Анын ичинен: 10 -аял, 21 -эркек. Айылдык кенеште 5 туруктуу комиссия жумуш алып барат. Аткаруучу орган - айыл өкмөтү. Кызматкерлердин саны 31 адам, анын ичинен: 22 эркек, 9 аял. Айыл башчылар -7 адам.

1.4.Калктын демографиялык керсеткучу

Калктын этникалык курамы: кыргыздар-43 %, өзбектер- 22 %, уйгурлар – 30%, ж.б. -5,0 %. Жумушка жарактуу калкты негизги түзүүчүлөр жаштар. Бирок, жумуш орундарынын жетишсиздигине байланыштуу жаштар чет жактарга жумуш издеп кетүүдө. Жалпы кожолуктун саны жана жыныстыгы менен болунуусу:

№

Айылдардын аталышы

Кожолуктун саны

Жынысы

Калктын саны

2020

2021

2022

2020

2021

2022

1

Кашкар-Кыштак

3525

Эркек

10627

Аялдар

10256

2

Мөнөк

865

Эркек

2445

Аялдар

2625

3

Кенжекул

500

Эркек

1402

Аялдар

1450

4

Жарооз

1150

Эркек

1453

Аялдар

2057

5

Алгабас

126

Эркек

429

Аялдар

451

6

Бекжар

207

Эркек

572

Аялдар

700

7

Андижан-маала

130

Эркек

277

Аялдар

384

8

Тажик-маала

175

Эркектер

337

Аялдар

413

Учурдагы кырдаалга карата анализ

1.Пландоо, башкаруу жана администрациялоо

Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүндө жалпысынан болуп 31 кызматкер эмгектенет. Алардын ичинен 14 - 45,16%, кызматкер жогорку билимдуу, атайын орто – 7 – 22,58%, жалпы орто – 2 – 6,45%, бакалавр – 4 – 12,9%, атайын кесиптик – 4 – 12,9% түзөт. А0 баардык кызматкерлер офистик техникалар, интернет жана жылуу имарат менен камсыз болгон. Жылына жалпы жонун 2-3 кызматкер квалификациясын жогорулатуу максатта кайра окуутудан отүп келип турушат. Учурда кызматкерлердин танкыстыгы бар. Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн дагы орчундуу, көйгөйлүү, калктын саны 38878 болгондуктан айыл окмоттун 33 муниципалдык кызматкери тейлеп жатышат. Андан тышкары учурда Бирдиктуу терезе аркылуу калкка кызмат көрсөтүүбүз, калкка маалымат каттарды (справка) беруу кызматын жакшыртуу максатында “Санарип” жана “Инфодокс” программалары ишке киргизилген. Бул программалардын жардамы менен ушул учурга чейин чарба китептерди кагаз түрүндө колдонуп келсек, азыркы учурда электрондук маалымат базасы түзүлүп, калкка сапаттуу кызмат көрсөтүүгө мумкунчулук жаралды. Бирок бул программада иштөө учун атайын бекитилген штаттык кызматкер керек.

Кошумча кызматтардын тизмеси

№

Кызмат көрсөтүүлөрүнүн аталышы

Кызмат көрсөтүүлөрү н стандартташ тырууга жооптуу органдардын аты

Муниципалд ык кызмат көрсөтүүнү ишке ашыруучуну н аты

Кызмат көрсөтүүн үн шарттары (акылуулу к же акысызды к)

1.

Жер улушунун бар экендиги туралуу тактама берүү

Айыл өкмөтү

Айыл өкмөтүнүн башчысы

акысыз

2.

Салыктардан карызы жоктугу жөнүндө тактама берүү

Айыл өкмөтү

Айыл өкмөтүнүн башчысы

акысыз

3.

Ижара төлөмдөрү боюнча карызы жоктугу жөнүндө тактама беруу

Айыл өкмөтү

Айыл өкмөтүнүн башчысы

акысыз

4.

Айыл өкмөтү

Айыл өкмөтүнүн башчысы

5.

Аз камсыздалган, жакыр үй бүлөлөрдүн балдарын керектүү кийим кечектер менен камсыздандыруу

Айыл өкмөтү

Айыл өкмөтүнүн башчысы

акысыз

6.

Аз камсыздалган, жакыр үй бүлөлөрдүн балдарын жайкы эс алуу жайларга жолдомолор менен камсыздандыруу.

Айыл өкмөтү

Айыл өкмөтүнүн башчысы

акысыз

7.

Квартал сайын ДМЧЖ, улгайган жарандарга материалдык жардам көрсөтүү

Айыл өкмөтү

Айыл өкмөтүнүн башчысы

акысыз

8.

Улгайган жалгыз бой жашаган кары- картаң жарандарды кышкы маалга, көмүр менен камсыздандыруу

Айыл өкмөтү

Айыл өкмөтүнүн башчысы

акысыз

9.

Мектептер арасындагы таймаштар- дын, олимпиадалардын, сынактар дын жана спорттук таймаштардын катышуучуларын унаа менен камсыздандыруу

Айыл өкмөтү

Айыл өкмөтүнүн башчысы

акысыз

10

Көп балалуу энелерге материалдык жардам көрсөтүү

Айыл өкмөтү

Айыл өкмөтүнүн башчысы

акысыз

11

Улуу ата-мекендик согуштун ардагерлерине жана башка согуштардын катышуучуларына кыш мезгилине көмүр менен жардам көрсөтүү

Айыл өкмөтү

Айыл өкмөтүнүн башчысы

акысыз

12

16 жашка чейинки, ДМЧЖ - окуучуларына ден соолукту чыцдоочу жайларга, эс алуу жайларга (санаторийлерге, легерлерге) жолдомолорду берүү. ♦

Айыл өкмөтү

Айыл өкмөтүнүн башчысы

акысыз

13

Баткен окуясынын, Афган согушунун ардагерлерине жылына бир жолу материалдык жардам көрсөтүү.

Айыл өкмөтү

Айыл өкмөтүнүн башчысы

акысыз

Муниципалдык менчикти башкаруу; Кашкар-Кыштак айыл аймагында кайра бөлүштүрүү жер фондусунда

Айылдын аталышы

КБФ нун жери

Аныничинен

Арендага берилген

Кайрак айдоо

Чөп орок

Суулуу

Бак-дарак

Кайрак айдоо

Чөп орок

суулуу

Бак-дарак

Кашкар-Кыштак

159,03

0

0

149,72

9,31

0

0

46,80

9,31

Кенжекул

188,02

0

0

185,02

3,0

0

0

185,02

3,0

Мөнөк

174,07

0

0

170,0

4,07

0

0

170,0

4,07

Жарооз

259,66

69,10

0

119,26

70,70

69,10

0

119,05

70,70

Бекжар

149,20

31,20

118,0

0

0

31,20

118,0

0

0

Алгабас

27,0

27,0

0

0

0

27,0

0

0

0

Ачы

20,70

20,70

0

0

0

20,70

Кашкар-Кыштак а/ө боюнча:

977,0

148,0

118,0

624,0

87,08

148,0

118,0

624,0

87,08

Кайра бөлүштүрүү фонддун жерлери пайдалануу конкурстук негизде ижарага берилет. Конкурс ижара мөөнөтү бүткөндө, кайрадан өткөрүлөт. Конкурстан уткан жаран менен келишим түзүлүп, пайдалануу мөөнөтү 5 жылга берилет. Жергиликтүү кеңештин чечими менен, айрым макамдагы жарандарга КБФ жери нен, жердин курдуулугун жакшыртуу максатта, жеңилдетилген шарттарда ижарага берет. Айыл аймагында 4122 га жайыт жер бар. Жакынкы жайыт, калктуу конуштарга жакын жайгашкандыктан, пайдалануу эрежелери сакталбай, начарлап, кунарсызданып кеткен. Жайытты жакшыртуу жана чөптөрдүн өсүүсүн камсыздоого жайыт комитетинин каражаты жетпейт. Жайытты ижарага беруу келишимдик негизде берилип, ижара акы өлчөмү жергиликтүү кеңештин чечими менен белгиленет. Жайытты пайдалануу ижара акысы сезонго 1 баш ири мүйүздүү малга – 200 сомдон, жылкы үчүн – 200 сом, 1 баш кой-эчки учун, сезонго - 50 сомдон, ал эми башка айыл өкмөттөрдүн мал- койлору үчүн көрсөтүлгөн сумма экип эселенип төлөнөт. Жайыт жерлерди тосуп алып, муктаждыктарына иштеткендер сезонго – 1500 сомдон, бал челектер үчүн – 70 сомдон, жайыттагы чөп орок жерлерге 500 сомдон, андан тышкары “Ош-Алай” трассасынын боюнда соода жасаган ишкерлерден да бир катар салыктар алынат. Жыйналган акча каражаты айылдык жайыт комитети тарабынан пайдаланат жана комитеттин аппаратын кармоого, жайыттардын жолун, көпүрөлөрүн жана малдардын суу ичүүчү жайларын оңдоого жана башка иштерге сарпталат. Атап айтканда, Алгабас айылынын Эрке-Сары жайлоосуна кетчү жолдун 2 чакырым аралыгы үч жолу селден тазаланып, Көкташ, Сары-Күңгөй жайлоосунда 5 чакырым жол, Бекжар айылындагы Ак-Кыя, Айкөл жайлоолорунун 1 чакырымдан ашык жерлери оңдолуп, тегизделди. Бекжар айылындагы сырткы жайлоолорго өтүүчү жолдор сел жүргөн сайын тазаланып, оңдолуп турулду. Бекжар айылында сел жүрүүчү эки жерге куурдан көпүрө курулду. Жайыттан түшкөн киреше 402,4 миң сомду түзүп, анын ичинен 133,0 миң сом жергиликтүү бюджетке, эмгек акыга 169,0 миң сом, 29,0 миң сом соцфонд салыгына, 46,2 миң сом жайыт жерлерин жакшыртууга чегерилген. Жайыт комитетинин эсебинде трактор МТЗ-82,1 – 1 даана, фронталдык жүктөөчү (погрузчик) – 1 даана, “ХОВО” өзү аңтаруучу унаасы – 1 даана техникалары бар. Аталган техникалардан сезондо 320,0 миң сом киреше түшкөн. Жалпы аймак боюнча учурда 6678 там арка участоктору бар. Жалпы көйгөйлөр: Калкка сапаттуу кызмат көрсөтүүгө кызматкерлер жетишпейт; Көпчүлүк муниципалдык обьектилер эски болгондуктан ондоо иштерин талап кылат; Алыскы жайыт болгон Алай районундагы (илгерки колхоз убагындагы) жайлоолордун чек араларын тактоо; Айыл чарба багытындагы эмес жерлерди пайдалануу талаптагыдай эмес; Бул жерлерге мөмө-жемиш бак дарактарын, курулушка пайдалануучу дарактарды жана башка отунга керектелүүчү дарактарды олтургузуу максаттуу. Калктын жеке турак курууга жер тилкесине муктаждыгы; Кайрагач айылында 275 орундуу мектептин курулушун баштоо; Кайрагач айылына сугат суу жана ичүүчү (таза) суу чыгаруу; Токой чарбасы менен талаш болгон Чыйырчык жайлоосундагы жайыт жер- лерди кайтарып алуу; Айыл өкмөтүнүн миаратында жайгашкан рентген аппаратын башка жакка чыгаруу; Балдар бакчаларынын санын көбөйтүү; Алгабас айылынын бийик тоолуу шарты бар аймактардын тизмесине кошулбай калгандыгы; Мөнөк айылындагы клубдун эски имаратын оңдоо; Медициналык мекемелердин имараттарынын ондоо иштерин “АРИС” программасына киргизүү;

2.Экономикалык маселелер

Кашкар-Кыштак айыл аймагында 1 үрөн өндүрүүчү чарба жана жалпы 3000дөн ашуун дыйкан чарбалары, ири салык төлөөчү ишканалардан – пахта тазалоочу 2 завод, 2 автобаза, 1 бут кийим чыгаруучу цех, 2 куйуучу май куюучу жайлар, 1 жүк ташуучу (эл аралык деңгээлде) ишкана жана 375 түрдүү багыттагы дүкөндөр, кызмат көрсөтүүчү жайлар ж.б. иш жүргүзүшөт. Аймактын калкы талаачылык тармагында негизинен жүгөрү, буудай, жашылча, картошка, пахта жана көп жылдык чөп эгүү менен алектенсе, мал чарба тармагында ири мүйүздүү малдарды, кой-эчки жана жылкы өстүрүшөт.

Дыйканчылык тармагы Учурда: 2022-жылга карата айыл чарба тармагынын талаачылыгында айдоо жердин эгуу структурасын анализдесек, айыл чарбасына багытталган жалпы жер аянты 12791 га болуп, жалпы айдоо аянты 3161 гектарды түзөт. Айдалган жерлерден өндүрүлгөн өнүмдөр: -Дан азыгы – 1001,6 миң тонна -Пахта - 2394,3 миң тонна, -Картошка - 197,9 ми ң тонна -Жашылча - 3623,0 миң тонна -Мөмө-жемиш – 1041,0 миң тонна Адистин квз карашы боюнча кандай квйгвйлор бар: 1994-жылы айыл аймагынын балансында турган айыл чарба жерлери жарандарга жан башына бөлүнүп берилген. /лүшкө жалпы бөлүнүп берилген айдоо жер аянты - 2387 га тузуп, анын ичинен: сугат айдоо – 1727 га, кайракы айдоо жери - 658 га, чөп чабык – 432 га. Жан башына айыл аймагы боюнча суулу жерден - 0,08 га, кайрак жерден – 0,03 га, чөп чабыктан 0,02 гадан айдоо аянты улуш катары берилген, ал эми 624 га Кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерине бөлүнгөн. Жан башына берилген улуш жер, 1994-жылдын 1- октябрына чейинки туулган балага кошо берилген. Ошондуктан, учурдагы 25 жаштан төмөн болгон жаш жарандар улуш жерге ээ болбой калган. Мындай көрүнүш, жергиликтуу жаштардын байгерчилигине терс таасирин тийгизүү менен, тышкы миграциянын өсүүсүнө алып келүүдө. Айыл аймактын ар бир жараны өзүнө тийиштүү жер үлүшүн алып, үй бүлөлүк жеке чарбаларды жана дыйкан чарбаларды түзүштү. Мындай чарба жүргүзүү ыкмасынын оң жактары болгону менен, терс жактары да көп болду. Алсак, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн өстүрүү технологиясын жана агротехнологиялык иш чараларынын аткаруу талаптары бузулду. Көпчүлүк убакта, күз келген учурда айдоо жерди терең аңтарып айдоо ыкмасы (тоңдурма) болбой жатат. Тоңдурма айдоо болсо, түшүмдүүлүк 15-20%га жогоруламак. Натыйжада, отоо чөптөрдүн уругу чирибей, кайра өсүүгө шарт түзүп берип, отоо чөптөр жана камыштар басып жатат. Жеке чарбанын жеринин аянты аз болгондуктан, күчтүү тракторго чегерилген соколор менен айдоо, алмаштырып эгүү (севооборот) колдонулбай, жердин кыртышынын курдуулугу (плодородие) төмөндөөдө. Айдоо жерлер интенсивдүү пайдаланылбай, арготехникалык эрежелер, технологиялар сакталбай, жердин курдуулугу, эгиндердин түшүмдүүлүгү төмөндөп, дыйкандар аз киреше алууда. Кашкар-Кыштак, Мөнөк, Кенжекул, Жарооз, Андижан-маала жана Тажик-маала айылынын дыйкандары кээ бир бөлүктөрүндө жер жемиш, бакча өсүмдүктөрүн өстүрүп, бир жылда эки-уч жолу тушум алуу аракетин кылышат, калктын негизги киреше бөлүгү жогорудагы өсүмдүктөрдү өстүрүп сатуудан пайда табышат. Ал эми, Алгнабас, Бекжар айылдардын тургундары мал чарбачылыгы менен алектенишет. Башкача айтканда, бул айылдын тургундарынын кирешеси мал чарбачылыгынан жана картошка, сабиз эгип-сатуудан табышат.

Мындан сырткары, дыйкандардын аз киреше алуусуна орчундуу себептердин бири: Өндүрүүчүлөр сапаттуу сорттогу үрөндөр, минералдык жер семирткичтер, пестициддер жана күйүчү майлоочу майлар менен начар жана кымбат баада камсыздалууда; Айыл чарба продукцияларын сатууда маркетинг кызматтарынын жоктугу; Аймакта айыл чарба техникалары эскиргендиги, дан жыйноочу комбайндардын аздыгы. Дыйкандарга айыл чарбасы боюнча жаны чыккан нанотехнологияларды колдону боюнча маалыматтары жок. Мал чарбачылыгы Мал чарба тармагында 2022-жылы эт өндүрүү 485 тонна, сүт өндүрүү - 9810 тонна жана жумуртка - 629 мин даана өндүрүлгөн. Аймактагы калк малды негизи нен кунумдук керек- төөсү үчүн кармайт, анткени жайыт жерлери алыс же жетиш сиз болгондуктан чон көлөмдө этти жана сүттү өндүрүүгө мүмкүнчүлүк жок. Чакан жана орто ишкердик тармагы Айыл аймагы боюнча 2022-жылы өнөр жай продукциясын өндүрүүгө 2 пахтаны кайра иштетуучу завод, 1 бут кийим чыгаруучу, 2 кумдан (пескоблок) кирпич чыгаруучу, 2 казан тчыгаруучу, 11 пластик эшик-терезе чыгаруучу, 3 май чыгаруучу, 4 тигуу цехи, 5 кондитердик цехтери иштейт. Мамлекеттин саясатына ылайык жеке ишкерлерге колдоо көрсөтүлүп, инвестиция жасаган азаматтарга логистикалык борбор куруу үчүн атайын жер аянттары ажыратылып, курулуштар башталган. Тармактагы көйгөйлүү маселелер: Аймактагы фермерлер асыл-тукум малды көбөйтүү боюнча маалымат жана аракеттери аз. Себеби, жайыт жердин аз болгондугунан асыл-тукуму начар же сапатсыз мал жандыктарды көбөйтүп алгандыктан жайыт жери колдонууга тардык кылууда. Мөмө-жемиш өстүрүү боюнча заманбап технологияны колдонууну үйрөтүү боюнча окуу иштерин уюштуруу жетиштүү эмес. Ишкерлерди жана дыйкандардын башын бириктирген ассоциациясынын жоктугу; Алдыңкы технологиялардын, чакан жана орто өндүрүштүк жабдуулардын жетишсиздиги;

Калкка ар кандай соода жана кызмат көрсөтүү тармагы 2021-жылы калкка кызмат көрсөтүүнөн көлөмү 114,4 млн. сомду тузуп, айыл аймакта калкка кызмат көрсөтүп жаткан эн чоң “Москва” соода борбору, “Глобус” супермаркети, дүкөндөр – 113, ашкана-кафелер – 42, чач тарач - 12, мончо - 3, бут кийим оңдоочу жай – 3, дөңгөлөк жамоочу цех - 5, май куйуучу жай - 2, унаа оңдоочу жай 28 жана башка 167 түрдүү багыттагы кызмат көрсөтүүчү жайлар бар. Кашкар-Кыштак айыл аймагы Кара-Суу шаарына кеткен жолдо жайгашкандыгына байланыштуу инфраструктура жогорку деңгээлге жетип, калкты тейлөө тармагын өнүктүрүүдө чоң потенциалдуу мүмкүнчүлүктөргө ээ. Тармактагы көйгөйлүү маселелер: Калкка кызмат көрсөтүүчү, тейлөөчү профессионал адистердин жетишсиздиги; Калкка сапаттуу кызмат көрсөтүүчү ишканалардын жетишсиздиги; Инвестициянын тартыштыгы, аймактын бюджетинин жетишпестиги; Ишкердуулук демилгелердин аздыгы, биримдик ассоциясынын жоктугу; Тармакта эсеп-кысаптын начардыгы, көмүскө ишкердүүлүктөрдүн бардыгы; Көрсөткөн кызматтын сапатынын төмөндүгү; Кызмат көрсөтүү обьектилерин курууда, иштетүүдө жана өнүктүрүүдө бюрократиялык тосмолордун, мыйзамсыз текшерүүлөрдүн жана коррупциянын бардыгы;

3.Айлана чөйрөнү коргоо

Калктын ден-соолугун камсыздоо максатында аймактын тазалыгына өтө катуу көңүл бурулуп, өзүнүн таштандыларды төгүүчү атайын муниципалдык – 1, жеке менчик – 1 жай бар. Таштандыларды ташып чыгарууда “Абат айыл” мунципалдык ишканасы ийгиликтуу иштеп жатат. Тариф саясаты иштеп чыгылган, ар бир кожолуктар менен келишим тузуу иштери жүрүүдө. Таштанды ташып кетуу боюнча кызматты жакшыртуу максатта ташып кетуунун графиги боюнча айылдардан таштандылар чыгарылып турат. Айлана-чөйрөнүү коргоодо эң негизги максат – аймакты жашылдандыруу жана көрктөндүрүү (бак-дарактарды, мөмө-жемиштерди, декоративдүү дарактарды эгүү) иштери жергиликтүү бюджеттин тартыштыгына байланыштуу толук кандуу иш жүзүнө ашырылбай турат.

4.Коомдук тартип жана коопсуздук

Жалпы Кашкар-Кыштак АА Коомдук тартип жана коопсуздук боюнча бугунку акыбал туруктуу, ушул учурга чейин аша чаап кеткен коомдук бузуулар жок. Келечекте коомдук тартипти бекемдөө жана коопсуздукту түзүү максатында Коомдук алдын алуу борбору (ОПЦ) түзүлүп, толук кандуу \*иштеп жатат. Коомдук уюм катары Юстиция Министригинен каттоодон өткөн. Коомдук алдын борбордун негизги милдеттери бул калк арасындагы профилактикалык иштерди жүргүзүү, экстремизмди алдын алуу, эрте нике, жол коопсуздугу жана башкалар. Коомдук алдын алуу борборун жергиликтуу бюджеттен акча каражат туруктуу каралып турат. Коомдук коопсуздукту камсыздоо максатта жалпы билим беруу мекемелеринде, аймактын борбору Кашкар-Кыштак айылында светофордун жанында видео-козомол камералар орнотулган. Андан сырткары аксакалдар сотунда учурда 9 адам эмгектенет. Коомдук тартипти орнотууда аксакалдар соту көпчүлүк маселелерди жеринен өз убагында ыкчам чечуунун аракетинде. Көйгөйлөр; Калган билим беруу мекемелеринде жана эл көп чогулчу жерлерге видео-козомол орнотуу, Коопсуздук камсыздоо кызматкерлеринин ар бир мектепте штаттык бирдигин көбөйтүү, “Ош-Кара-Суу” унаа трассасын бойлоп Кашкар-Кывштак айылынын дыйкандарынын үлүш жерлери жайгашкандыктан трассанын бир канча жеринен дыйкандар талааларга өтүүчү өтмөктөрдү уюштуруу, Кашкар-Кыштак айылынын дыйкандарынын Кенжекул айылы тарапта жайгашкан үлүш жерлерге баруучу жолдогу темир жол шлагбаумду ачуу,

5.Турак жай жана коммуналдык кызмат керсетуулер

Таза суу Аймактагы 8 айылдын 90 % ичуучу таза суу менен камсыз болгон. Учурда ичуучу таза суу менен калкты камсыздоо боюнча 4 ИСКАКБ аймактагы жалпы 8 айылды таза суу камсыздоо иштерин жүргүзөт. Эми алдыда чон тапшырмалар турат. Алар ; эски суу түтүктөрүн алмаштыруу, ар бир кожолукка короосуна суу киргизүү Көйгөй: Бугунку убакта жогорудагы белгилеген Кашкар-Кыштак айыл аймагындагы айылдарда таза суу системасынын суу түтүктөрүнүн көпчүлүгү совет доорунда орнотулгандыктан эскилиги жеткендиктен, суу түтүктөрүн улам ондоону талап кылууда. Андан тышкары ар бир абонентке атайын суу эсептегичтер орнотулбагындыктан айылдагы тургундар жайдын күнү ичүүчү таза сууну огороддорун суугарып пайда ланууда, бул жайдын күнү ичүүчү таза суунун жетишсиздигине алып келип, кээ бир айыл участокторуна суу жетпей калууда. Дагы чон көйгөй суу скважиналарынын суу насостору эски, суу скважинаны ээлеген жерге мамлекеттик актыларын алуу жана чек араларын тактоо, суу эсептегичтерди орнотуп беруу жана ар бир абонент жеке келишимдерди тузуу.

Ички муниципалдык жолдор жана көпүрөлөр Кашкар-Кыштак айыл өкмөтү боюнча 118,5 километр муниципалдык ички жолдор бар, алардын ичинен 28,7 километр асфальт, 70,7 километр шагыл жол, 18,8 километр топурак жол, ал эми 12,9 километр жолду № 45 ДЭП тейлейт. Жыл сайын 5-10 км-ге чейин эски көчөлөргө асфальт төшөө иштерине жергиликтүү бюджеттен акча каражаты ажрытылып турат. Андан сырткары жергиликтуу бюджет жана элдик каражат эсебинен жаңы көчөлөргө да шагыл төшөө иштери жүргүзүлгөн. Борбордук жана ички көчөлөрдү түнкү жарык менен камсыздоо Жалпы Кашкар-Кыштак айыл аймагында ички көчөлөрдө 85% түнкү жарык орнотулган, андан тышкары Кашкар-Кыштак айылынын борбордук көчөсү Кытай Эл Республикасы тарабынан кайтарымсыз инвестициянын эсебинен баш-аяк, ал эми жергиликтүү бюджеттен “Ош-Кара-Суу” автотрассасы 3,6 км, тоо зонасындагы Бекжар айылынын ички көчөсү - 3 км, Бекжар, Алгабас айылдарындагы “Ош-Гүлчө” автотрассасы - 3 км. түнкү жарык менен камсыз болгон.

6.Эс алуу, маданият жана спорт

Айыл аймакта маданий иш чараларды өткөрүүгө Кашкар-Кыштак айылында типтүү, Мөнөк айылында совет доорунда салынган маданият үйлөрү бар, ал эми Кенжекул айылында эски клубдун имараты бузулуп, анын ордуна жаңы типтеги имараттын курулушу башталган. Калган айылдарда да көлөмдөрү кичинерээк болсо да мадангичт үйлөрү бар. Аалардын ичинен Кашкр-кыштак айылындагы маданият үйү каптиалдык оңдоодон өткөн. Мөнөк айылындагы клуб боюнча баса белгилеп айтуу зарыл, себеби бул клуб СССРдин убагындагы архитектуранын акыркы стилдерин колдонуу менен курулган имарат. Мындай имарат Кыргызстанда эки эле жерде, бирөө Чүйдө, экинчиси бизде, курулган экен. Ошондуктан бул имарат эски стилде курулган, тарыхый мааниси бар курулуш катары өтө кылдаттык менен капиталдык оңдоону талап кылат. Аталган маданият үйлөрүндө жергиликтуу бюджеттин эсебинен каралып берилген каражат менен маданий-массалык иш-чараларды өткөрүп, элдин көнүлүн көтөрүп келебиз. Атап айтканда, майрамдык кечелер, жолугушуулар жана концерттер уюштурулуп, айылдарда түзүлгөн “Шайыр апалар” топтору райондук, облустук иш чараларга катышып, алдынкы орундарды женип алышып, Кенжекул айылынын шайыр апалары эми республикалык деңгээлде өткөрүлө турган иш-чарага даярданып жатышат. Акыркы учурда коомчулукка көз салып байкоо жүргүзсөк айыл жеринде да

ата- бабалардан келе жаткан улуттук каада салттар унутулуп бара жатат. Тургундар маданий, руханий баалуулуктарды баалабай материалдык баалуулуктарды жогору коюп калышты. Ошондуктан байыркы каада-салттарыбызды жандандырып, жаштарыбызды улуттук намыскөйлүккө, патриоттуулука тарбиялоо учурдун талабы. Жалпы аймак боюнча 2 муниципалдык китепкана бар. Ал китепканалардын азыркы абалы кейиштуу эле, көпчүлүгүндө китептер эски жана атайын келип китеп окуй турган зал жок. Элдин китепканага келүүсү эгемендүүлүктү алган жылдардан бери аябай төмөндөгөн. Башкача айтканда, бүгүн жарандарыбыз китеп окууга кызыкпай, интернет жана ар кандай гаджеттерди гана пайдануу менен алек болуп кетишкен. Совет доорунда СССР китепти эң көп окуган мамлекеттердин биринчиси болгон, азыр бул көрүнүш тескери кетип бара жатат. Көп окуган көп билет демекчи, жаштарыбызды китепти сүйүүгө да чакырышыбыз керек, көп окуган адамдын аң сезими көтөрүлөт, маданияты өсөт, китептин тарбияга болгон мааниси да өтө зор. Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн жаштарын спортко тартуу менен аракечтике, бангичилике, кылмыштуулука баруусуна бөгөт койсо болот. Аймак боюнча 11 спорттук аянттар жана 1 футбол футбол стадиону бар. Учурдагы спорт аянттар баардык шарттарга жооп берет. Жылдан-жылга спортту сүйүүчүлөрдүн катары өсүп бараткандыгы көңүл толорлук иш экендигин белгилеп кетсек ашыкча болбойт. Жаштарыбыз футболдон тышкары каратэ, кикбокс, бокс жана күрөш менен активдүү машыгышат. Көйгөйлөр келечекте аймактын башка айылдарына дагы жогорудагыдай спортгук клубдарды уюштуруу, тажрыйбалуу тренерлерди тартуу.

7.Мектепке чейинки билим беруу

Аймакта 7 муниципалдык, жана 2 жеке менчик бала-бакчасы болуп, жалпысынан 1000 жакын наристе бала бакчаларга барышат. Аймакта жашаган 1-7 жаштагы жалпы наристелердин 80% бала бакчага барат. Тоо зонасындагы Бекжар айылында 50 балага эсептелген бала бакчанын курулушу жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланып, бүткөнү калды, Алгабас айылында да бакчанын курулушу жергиликтүү бюджеттин эсебинен курууга пландаштырылып жатат. Аларды каржылоо (эмеректер менен жабдуу, ондоо иштери ж.б.)жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт. Мектептер Кашкар-Кыштак айыл аймагында муниципалдык 8 орто мектеп, 1 жеке менчик мектеп бар, азыркы учурда мектептерде 6344 бала окуйт, алардын 50,6% кыздар жана 49,4 % эркек балдар. Кайрагач айылында жаңы мектептин курулушу башталуу алдында турат, 2021-жылы Жарооз айылында 500 орундуу жаңы мектептин курулушу бүтүп, пайдаланууга берилди. Бекжар айылындагы мектептин спорт залы оңдоодон өткөрүлдү. Айылдык аймактагы мектептерде окуу китептери менен камсыздалгандыгы 75% түзөт. Балдарга негизинен “Англис тили”, “Кыргызстандын тарыхы”, “Математика” китептери жетпей жатат. Айылдык аймактагы мектептердин баарында спорт зал бар, балдар дене тарбия сабагында сыртта алектенишет. 9 мектептин баарында компьютердик жабдуулар же компьютердик класстар бар. Мектептерде интернетке кошулган. Кашкар-Кыштак аймагынын балдары райондук жана облустук олимпиадаларга катышып, химия, тарых, англис тили жана география өңдүү предметтер боюнча 1-2-3-орундарды ээлеп келатышат.Акыркы жылдары Республикалык тестирлөөнүн жыйынтыктары боюнча, аймактагы орто мектептин окуучулары жогору балл алгандардын бири болушкан жана Кара-Суу району боюнча бул эң жогорку көрсөткүчтөрдүн бири болду. Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүндөгү 8 мектеп учун жергиликтуу бюджеттен көмүр сатып алууга, электр энергиясына, ремонт иштерине, мектептерде ар кандай иш-чараларды жана майрамдарды өткөрүүгө, жабдууларды сатып алууга, телефон байланышы үчүн акча- каражат бөлүнүп турат. Балдар арасында көйгөйлөрдү аныктоо боюнча фокус-топторду өткөрүү учурунда балдар үчүн кошумча билим алууга, чыгармачыл өнүктүрүүгө, спорттук ийримдерге муктаждык бар экени аныкталган. Саламаттыкты сактоо Айыл аймагында учурда 3 /ДТ-у, 4 ФАП, 3 жеке менчик 90 койкалуу оорукана ачылган, бул ооруканалар түрдүү багыттагы оорулар боюнча кызмат көрсөтөт. Ооруканаларда заманбап лабораториялар иштейт. Мөнөк, Кенжекул айылдарында /ДТ-нун имараттары жаңы курулган. Кашкар-Кыштак айылындагы 1 /ДТ-нун имараты оңдоодон өткөрүлдү, келечекте ушул /ДТ-на жаңы имарат куруу пландаштырылууда. Аталган оорукана, клиникаларда жалпысынан 40 жогорку билимдүү дарыгер, 107 орто билимдүү кенже медицина кызматкери, 28 орто медициналык персонал эмгектенет. Алардын ичинен 40% заманбап медициналык жабдуулар менен камсыз болгон, ал эми калганы эски жабдуулар менен иштеп жатышат. Аларды жанылоого акча каражаты жетишпейт. Аймакта 2 рентген кабинет орун алган, алардын бири совет доорундагы жабдуу, экинчиси Швейцария өлкөсүнүн врачтарынын демөөрчүлүгү менен санариптик рентген жабдуусу белекке берилген.

8.Социалдык коргоо

Кашкар-Кыштак айыл аймагында мүмкүнчүлүгү чектелген 605 жаран каттоодо турат. Алардын ичинен: 18 жашка чейинкилер – 180, 18 жаштан жогоркулар; 1-топтогу майыптар (ДЦП) – 11, 2-топтогу майыптар - 53, 3-топтогу майыптар - 27 адам. Ал эми жалпы оорулар боюнча: 1-топтогу майыптар - 2, 2-топтогу майыптар - 11, 3-топтогу майыптар - 6 адам, жалпы саны 110 адам. Мектептердин баарында мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн пандустар орнотулган. Статистика боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын саны мурдагы жылдарга карата 10% кыскарды. Мектептерди ДМЧ балдар үчүн ыңгайлаштыруу боюнча кошумча чаралар көрүлүүгө тийиш. Мындай аракеттер алардын социалдык кызмат көрсөтүүлөргө, өзгөчө билим берүү боюнча кызмат көрсөтүүлүргү жетүүсүн камсыз кылат. Аймакта жакыр үй бүлө катары 553 үй бүлө айына 900 сомдон мамлекеттен жөлөк пул алат. 2022-жылы ар бир кожолукту изилдөө иштери жүргүзүлгөндө аймак боюнча 541 баланын ата-энеси мигранттар экендиги аныкталды, башкача айтканда бул балдар учурда туугандарынын колунда тарбияланууда. Азыр мезгилде атайын иштелип чыккан графиктин негизинде үйлөрүнө барып байкоо иштери жүргүзүлүүдө. Социалдык-экономикалык программасынын жалпы максаты Беш жылдан кийин Кашкар-Кыштак айылдык аймак томонкудой болот: социалдык-коммуналдык инфраструктурасы оңолот, экономикасы айыл чарба продукциясын жана тейлоо кызматын өнүктүрүүгө багытталат, жаштар билимдүү жана толеранттуу, мекенчил духта тарбияланат, калк чечимдерди кабыл алууга жигердүү катышат.

3.Өнүгүүнүн артыкчылыктуу багыттары.

2020-2022-жылдары пландоонун жана башкаруунун артыкчлыктуу багыты катары калкка кызмат көрсөтүүнү жана муниципалдык менчиктин башкарылышын жакшыртуу. Тапшырма: Айыл өкмөтү, жергиликтүү кеңеш жана мамлекеттик каттоо кызматы менен биргеликте муниципалдык жерлерди тактоо жана инвентаризациялоо; Тапшырма: Маалымат алмашуу системасы болгон “Тундук” жана “Санарип аймак” электрондук системасын кошуу иштерин уюштуруу. Тапшырма: 35878 калкты сапаттуу тейлөө үчүн штаттык курамды көбөйтүү иштерин алып баруу - Тапшырма: Жергиликтуу калкты анын ичинен балдарды, жаштарды, аялдарды, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды жергиликтүү чечим кабыл алууда активдүү катыштыруу, тартуу механизмдерин иштеп чыгуу жана уюштуруу жумуштарын күчөтүү.

2.Экономиканы өнүктүрүү боюнча өнүгүү артыкчылыктары

1-Тапшырма: Кичи кооперативдерди, фермерлерди жана жеке үй бүлөлүк чарбаларды ирилештирип, ири кооперативдерди түзүүнү жана тоңдурма айдоо, арготехникалык эрежелерди, технологияларды сактоо багытында пилоттук чарба базасында окутуучу тренинг-семинарларды уюштуруу; 2-Тапшырма: Сапатуу жана арзан үрөндөр, минералдык жер семирткичтер жана күйүүчү-майлоочу майлар менен жетиштүү камыздоону уюштуруу; 3-Тапшырма: Пайдаланылбай калган айдоо жерлерин, толук пайдаланууга жетишүү, атайын иш чараларды иштеп чыгуу, иш жүзүнө ашыруу; 4-Тапшырма: Маркетинг кызматтарын түзүү, өнүктүрүү. Ош жана Кара-Суу шаарларына жакын жайгашкандыгына байланыштуу шаардын керектөөчүлөрүн сапаттуу айыл чарба продукциялары менен камсыздоого жетишүү. Соода логистикалык борборлорду куруу, өнүктүрүү; 5-Тапшырма: Чакан күнөсканалардын өнүгүүсүн камсыздоо максатында калк арасында окууту иштерин уюштуруу; 6-Тапшырма: Жакынкы жайыттардын түшүмдүүлүгүн жана чөптөрдүн өсүүсүн камсыздоо, атайын иш чараларды иштеп чыгуу, Жайытты пайдалануу эрежелерин сактоо жана көзөмөлдөө; 7-Тапшырма: Айыл аймакта мөмө-жемиштерди, жашылчаларды, эт, сүт жана жүн кайра иштетүүчү, тигүүчү кичи цехтерди ачууну уюштуруу; 8-Тапшырма: Ишкерлер кеңешин түзүү, жеке ишкердүүлүктү жана орто чакан бизнести өнүктүрүү; 9-Тапшырма: «Ош-Кара-Суу» жана «Ош-Бишкек» авто жолунда калкты тейлөөчү жаңы комплекстерин, ишканаларын куруу, өнүктүрүү, шарт түзүү.

3.Айлана чөйрөнү коргоо

1-Тапшырма: Айыл аймак аркылуу башка айылдарга, Кара-Суу шаарына транзит аркылуу кеткен конокторго, айдоочуларга таштандыларды ыргытып айлана чөйрөнү булгообо үчүн маалымат компаниясын өткөрүүнү жана маалымат баннерлерди уюштуруу. 2-Тапшырма: Айылдарда ар кандай жерлерге таштандыларды таштабоо боюнча жергиликтүү калкка түшүндүрүү жүргүзүүнү уюштуруу. 3-Тапшырма: Кашкар-Кыштак АА жашоочудары менен таштандыларды ташып кетүү боюнча тарифтик саясатты макулдашуу жана ар бир тургун менен келишим түзүүнү уюштуруу.

4.Коомдук тартип жана коопсуздук

1-Тапшырма: Аймактагы балдардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында жалпы билим берүү мекемелеринде видео-көзөмөл камераларын орнотуу жумуштарын уюштуруу 2-Тапшырма: Айыл өкмөттүн аймагындагы жалпы билим берүү мекемелеринде балдардын коопсуздугун камсыздай турган кызматкерлердин штаттык бирдигин уюштуруу. 3-Тапшырма: Кашкар-Кыштак айылындагы борбордук көчөлөрүнүн жол кесилишинде жергиликтүү тургундардын жана балдардын жол коопсуздугун камсыз кылуу үчүн жол чырактарды жана жол чиймелерин уюштуруу.

5.Турак жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр

1-Тапшырма: Аймактагы айылдардагы ичүүчү таза суу системаларынын эски суу түтүктөрүн алмаштыруу жана суу эсептегичтерди орноту иштерин уюштуруу. 2-Тапшырма: Баардык суу скважиналары турган жер тилкелеринен мамлекеттик актылар менен камсыздоо жана чек араларын тактоону уюштуруу. 3-Тапшырма: Аймактагы муниципадык ички жолдордун иштешин камсыз кылуу. 4-Тапшырма: Жалпы коомдук жайларды, сквер, парктарды түнкү жарык менен камсыздоону уюштуруу.

6.Эс алуу, маданият жана спорт

1-Тапшырма: Мөнөк айылындагы маданият үйүн ремонттон өткөрүү жана жаны эмеректер менен камсыз кылуу. 2-Тапшырма: Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн карамагындагы муниципалдык китепканаларды заманбап шартка жараша кайра трансформациялоо же китепка- нанын базасында калк учун маалымат борборунун уюштуруу. 3-Тапшырма: Аймактагы спортту өнүктүрүү үчүн курулмалардын жана дем алуу жайларынын санын көбөйтүү;

7.Социалдык коргоо

1-Тапшырма: Аймактын территориясындагы социалдык аярлуу топторду жана муктаждарды аныктоо жана эсепке алуу, анын ичинде мигранттардын балдарын кошо; 2-Тапшырма: Мигранттардын балдары менен иштешуунун комплекстик иш-чараларды иштеп чыгуу жана кырдаалга туруктуу мониторинг жүргүзүп туруу; 3-Тапшырма: Үй бүлөнү жана баланы колдоо боюнча иш алып барган район дук бөлүмдөр менен тыгыз иш алып барууну уюштуруу жана тобокелдик топко кирген балдардын маалымат базасын жүргүзүү; 4-Тапшырма: Муктаждарга өз учурунда социалдык колдоо көрсөтүүнү уюштуруу.

8.Билим беруу

1-Тапшырма: Алгабас, Бекжар, Андижан маала жана Тажик-маала айылдарын да бала-бакчалар менен балдарды камсыздоо иштерин жүргүзүү жана алгачкы документтерин даярдоо, Кашкар-Кыштак, Мөнөк, Кенжекул жана Жарооз айылдарында кошумча бакчаларды уюштурууга жетишүү; 2-Тапшырма: Кайрагач айылында заманбап жаны мектеп куруу иштерин боюнча документтерин даярдоо;

4.СЭӨ программасынын бюджети

Өнүгүүнүн артыкчылыктуу багыттарындагы тапшырмаларды ишке ашырууга жергиликтүү бюджеттин өнүгүү бюджетинен, ар кандай уюмдардан жана башка тараптардан тартылган инвестициялар жумшалат.

Жылдар

Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү, мин. сом

Учурдагы чыгашалар, мин. сом

Өнүгүү бюджети, мин сом

2020

17755,8

8950,5

8805,3

2021

18803,3

8955,5

9847,8

2022

18803,3

8955,5

9927,8

Социалдык-экономикалык өнүгүү программаны иш ашырууга карата багытталган жергиликтүү бюджеттеги бардык керектүү көлөмдөгү ресурстар керектөөлөргө каржылоого жумшалат. Ал эми кандайдыр бир келишим, меморандум менен аныкталып такталган республикалык бюджеттен, донорлордон, жеке тараптардын салымдары өнүгүү программанын ишке ашырууда кошумча мүмкүнчүлүк катары эсептелет. Өнугуу программасын ишке ашырууну каржылоо алкагында керектөө менен мүмкүнчүлүктүн ортосунда пайда болгон финансылык ажырымды жоюу максатында ар кайсы кошумча финансы булактарынан каржылоо издеп чечүүгө туура келет. Мисалы: ар кандай долбоорлорду даярдап аймактык, райондук, областык өнүгүү фонддоруна кайрылууга туура келет. Кашкар-Кыштак айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы социалдык- экономикалык өнүгүү программасын ишке ашырууга карата каржылоо багытында пайда болгон финансылык ажырымды жоюу үчүн төмөнкүдөй багыттар менен иш алып барат:

1) Тапшырмаларды аткаруу учун инвесторлордон, донорлордон жана коомчулуктан өз ара пайдалуу шартта акча каражаттарын тартууну.

2) Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн жогорулатуу аркылуу:

· Жергиликтүү экономиканын өсүүсүнө көмөктөшүүдөн.

· Салык жана салык эмес жыйымдардын чогултуу иштерин жакшыртуу жана инновациялык методдорду киргизүү менен.

3) Жаны инновациялык технологияларды колдонуу жана чыгашаларды оптимизациялоо аркылуу баардык чыгашаларды кыскартуу иштерин жүргүзүү.

4) Багыттар боюнча инвестиция тартуу саясатын иштеп чыгуу:

· Экономикалык инвестиция тартуу үчүн бизнести өнүктүрүүгө жергиликтүү денгээлде баардык керектүү шарттарды түзүү.

· Социалдык инвестиция тартүү үчүн ар кандай долбоорлор иш алып барууну күчөтүү жана социалдык багыттагы баардык тармактардын көйгөйлөрү боюнча карта даярдоо менен социалдык саясатты иштеп чыгуу
