# Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин 2022-жылдын 14-майы №31 "Кызыл-Сеңир айылына окуу борборун куруу үчүн жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин 2022-жылдын 14-майы №31 "Кызыл-Сеңир айылына окуу борборун куруу үчүн жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 31
- Дата принятия: 14.05.2022
- Статус: Действует
- Редакция от: 14.05.2022
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/550541>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-76341/edition/1182595/ru>

> Текст приведён по редакции от 14.05.2022 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин 2022-жылдын 14-майы №31 "Кызыл-Сеңир айылына окуу борборун куруу үчүн жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө" токтому (ред. от 14.05.2022) - https://aqlex.ai/kg/doc/550541

---

КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз IX отурум 2022-жылдын 14-майы №31 Кызыл-Сеңир айылына окуу борборун куруу үчүн жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө Айыл өкмөтүнүн Кызыл-Сеңир айылына жаш муундарга татыктуу тарбия жана билим берүү максатында, курамына мектеп, бала-бакча, ФАП мечит куруу үчүн, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13-беренесине жана Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 20-январындагы № 6 Мыйзамынын 15-беренесинин 8,4 пунктуна, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 токтомуна, Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 31-июлундагы № 257 “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” Мыйзамынын 1-беренеси менен таанышып угуп, Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз IX-отуруму ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кызыл-Сеңир айылындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун 780-контурдагы 1,7 га жер аянтына мектеп, бала-бакча, ФАП жана мечит куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштун жерлери” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.

2. Тиешелүү иш-кагаздарын мыйзам талаптарына ылайык аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Талантбек уулу Русланга милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин айыл,суу чарба, экология,турак жай жана өнөр жай, курулуш,жерге жайгаштыруу,тазалык боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Төрагасы:

К.Арапов
