Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин «Кара-Шоро жайытындагы жайыттын картасын бекитүү жөнүндө» токтому
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги VIII отурум 2022-жылдын 05-марты №28 Кара-Шоро жайытындагы жайыттын картасын бекитүү жөнүндө Кызыл-Октябрь айылдык кеңеши Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы Р. Талантбек уулунун 1991-жылы жайыт жерлери кандай бөлүнгөн болсо өзгөртүлбөстөн “Өгүз өлдү” жана “Чоң-Жетимди” кайтарып алуу жөнүндөгү баяндамасын угуп, талкуулап чыгып Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин кезексиз VIII- отуруму ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Айыл өкмөтүнүн башчысы Р. Талантбек уулунун 1991-жылы жайыт (жайыт картасы) жерлери кандай бөлүнгөн болсо өзгөртүлбөстөн “Өгүз өлдү” жана “Чоң-Жетимди” кайтарып алуу жөнүндөгү сунушу колдоого алынсын.
2.Токтомду мыйзам талаптарына ылайыктуу аткаруу жагы Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы Руслан Талантбек уулуна милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин айыл,суу чарба, экология,турак жай жана өнөр жай, курулуш,жерге жайгаштыруу,тазалык боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төраганын орун басары:
Г. Токтомуратова
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 0 · цитируется в 0 · связанные 1
Связанные документы (1)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.
- Постановление Правительства КР от 27 октября 2015 года № 750 "О внесении дополнения в постановление Правительства Кыргызской Республики "Об утверждении стандартов государственных…Постановление · 27.10.2015 · № 750 · Утратил силу