# Кара-Жыгач айылдык Кеңешинин 2021-жылдын 28-декабрындагы № 31/9 "Кара-Жыгач айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайытты башкаруунун 2022-жыл үчүн бюджетин бекитүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Кара-Жыгач айылдык Кеңешинин 2021-жылдын 28-декабрындагы № 31/9 "Кара-Жыгач айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайытты башкаруунун 2022-жыл үчүн бюджетин бекитүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 31/9
- Дата принятия: 28.12.2021
- Статус: Действует
- Редакция от: 28.12.2022
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/550196>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-76007/edition/1160744/ru>

> Текст приведён по редакции от 28.12.2022 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кара-Жыгач айылдык Кеңешинин 2021-жылдын 28-декабрындагы № 31/9 "Кара-Жыгач айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайытты башкаруунун 2022-жыл үчүн бюджетин бекитүү жөнүндө" токтому (ред. от 28.12.2022) - https://aqlex.ai/kg/doc/550196

---

КАРА-ЖЫГАЧ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Кара-Жыгач айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезектеги ХХХI сессиясы 2021-жылдын 28-декабры № 31/9 Кара-Жыгач айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайытты башкаруунун 2022-жыл үчүн бюджетин бекитүү жөнүндө Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн алдындагы Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Э.Каратаевдин билдирүүсүн угуп Бюджет жана экономика, Айыл чарбасы жана экология маселелери боюнча туруктуу комисиясынын сунуштарын эске алып,Кара-Жыгач айылдык кеңешинин 27-сессиясы токтом кылат:

1. Жайыт комитетинин 2020-жылга карата бюджеттеринин аткарылышы кабыл алынсын.

2. Жайыт комитетинин 2021-жылга карата бюджеттинин киреше-чыгаша бөлүгү №1 тиркеме(1 баракта), Жайыт комитетинин иш планы №2 тиркемеге (тиркеме 2 баракта), жайыт комитетинин туруктуу мүчөлөрүнүн тизмеси №3 тиркемеге (тиркеме 1 баракта) ылайык бекитилсин.

3. Жайыт комитетинин 2022-жылга карата бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү №1 тиркемесине (тиркеме 1 баракта), жайыт комитетинин иш планы №2 тиркемесине (тиркеме 1 баракта), жайыт комитетинин туруктуу мүчөлөрүнүн тизмеси №3 тиркемесине (тиркеме 1 баракта) ылайык бекитилсин.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын июнундагы №386 жайыттар жөнүндөгү мыйзамын ишке ашыруу тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 7-июнундагы №307-токтомуна негиз .Жайыттан тушкөн салыктын 1/3 бөлүгү айыл өкмөтүнүн эсебине калтырылсын.Калтырылган 1/3 бөлүгү кайра жайыт салыгына которулуп берилсин.

5. Жайыттардын 45 градустан жогорку жана камыш баскан, көчкү коркунучу бар жана эрозияга учурап чөптөр чыкпай бараткан жерлерди көрктөндүрүп-жашылдандырууга 1 га жери 300 сомдон арендага берилсин. Жайытка чыккан малчыларга чатыр пул 500 (беш жүз) сом төлөмү бекитилсин. Ар бир жандыкты жуутка салуу үчүн 15 (он беш) сомдон акы төлөнсүн.

6. Токтомду аткаруу жагы Жайыт комитетинин төрагасы Э.Каратаевге милдеттендирилсин.

7. Токтомду расмий сайтка жарыялоо, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы М.Атакуловага жүктөлсүн.

8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана экономика, айыл чарба жана экология маселелери боюнча туруктуу комиссияларына милдеттендирилсин.

9. Токтомдун аткарылышы айылдык кеңештин сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирсин.

Төрага

Ш.Мазакеев
