Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Токтогул шаардык кеңешинин «Кызматкерлердин типтүү түзүмүн жана штаттык бирдиктерин бекитүү жөнүндө» токтому
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XXXXIII сессиясы 2022-жылдын 08-февралы № 02 Кызматкерлердин типтүү түзүмүн жана штаттык бирдиктерин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 05.08.2011-жылдагы № 452 токтомуна ылайык Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги XXXXIII сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 05.08.2011-жылдагы № 452 токтому боюнча жооптуу катчы С.Наралиеванын билдирүүсү эске алынсын, анын негизинде Токтогул шаардык кеңешинин штаттык бирдигинин сан эсеби төмөндөгүдөй бекитилсин.
- Жооптуу кызматкерлер - 4 штаттык бирдик, анын ичинен:
Төрага – 1 штаттык бирдик; Жооптуу катчы-1 штаттык бирдик; Башкы адис-1 штаттык бирдик; Жетектөөчү адис-1 штаттык бирдик
- Тейлөөчү кызматкерлер -2 штаттык бирдик, анын ичинен:
Кызматтык унаанын айдоочусу – 1 штаттык бирдик; Иш кагаздарын жүргүзүүчү адис – 1 штаттык бирдик;
Жалпы: 6 штаттык бирдиги (КР Өкмөтүнүн токтому 2011-жыл 05-август № 452)
2. Жумуштун зарылчылыгына байланыштуу, Токтогул шаардык кеңешинин төмөндөгу кызматкерлери, 2022-жылдын 1-январынан баштап 2022-жылдын 31-декабрына чейин, Токтогул шаардык мэриясына убактылуу иш алып барышсын:
- К.Тияншанова (жетектөөчү адис) ижарага берилген муниципалдык менчиктеги жерлердин ижара акыларын чогултууга көмөктөшүү;
- А.Адылова Токтогул шаардык мэриясында иш кагаздарын жүргүзүүчү милдеттерин аткаруу үчүн;
3. Токтом кыргыз тилинде кабыл алынды.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
5. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын.
8. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg веб сайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага:
М.Н.Жусупахунов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 1
Ссылается на (1)
- Постановление Правительства КР от 5 августа 2011 года №452 "Об утверждении типовых структур и штатной численности аппаратов городских кенешей городов республиканского…Постановление · 05.08.2011 · № 452 · Утратил силу
Связанные документы (1)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.
- Закон «О местной государственной администрации и органах местного самоуправления»Закон · 20.10.2021 · № 123