# Таш-Көмүр шаардык кеңешинин 2021-жылдын 13-октябрындагы № 5 "«Таш-Көмүр шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2021-жылга түзүлүшү жана 2022-2023-жылдарга болжолу тууралуу»" токтому

- Полное наименование: Таш-Көмүр шаардык кеңешинин 2021-жылдын 13-октябрындагы № 5 "«Таш-Көмүр шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2021-жылга түзүлүшү жана 2022-2023-жылдарга болжолу тууралуу»" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 5
- Дата принятия: 13.10.2021
- Статус: Действует
- Редакция от: 13.10.2021
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/540918>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-75806/edition/1129533/ru>

> Текст приведён по редакции от 13.10.2021 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Таш-Көмүр шаардык кеңешинин 2021-жылдын 13-октябрындагы № 5 "«Таш-Көмүр шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2021-жылга түзүлүшү жана 2022-2023-жылдарга болжолу тууралуу»" токтому (ред. от 13.10.2021) - https://aqlex.ai/kg/doc/540918

---

ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ XXIX чакырылышы Кезектеги XXVIII сессиясы 2021-жылдын 13-октябры № 5 «Таш-Көмүр шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2021-жылга түзүлүшү жана 2022-2023-жылдарга болжолу тууралуу» Шаардык мэриянын 13.10.2021-жылдагы «Таш-Көмүр шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2021-жылга түзүлүшү жана 2022-2023-жылдарга болжолу тууралуу» №01-14/1454 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кенештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы К.Сооронбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин XXIX чакырылышынын кезектеги 28-сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Шаардык мэриянын 13.10.2021-жылдагы «Таш-Көмүр шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2021-жылга түзүлүшү жана 2022-2023-жылдарга болжолу тууралуу» №01-14/1454 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кенештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы К.Сооронбаевдин билдирүүсү эске алынсын.

2. Таш-Көмүр шаарынын 2021-жылга жергиликтүү бюджети кирешелер боюнча 100289,8 мин сом суммасында жана чыгашалар боюнча 100289,8 мин сом суммасында (16000,0 мин сом суммасында атайын каражаттарды кошкондо) бекитилсин.

3. Таш-Көмүр шаарынын 2022-2023-жылдарга жергиликтүү бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн болжолу жактырылсын:

- 2022-жылга киреше боюнча болжолу 104028,8 мин сом суммасында жана 2023-жылга киреше боюнча болжолу 107010,8 мин сом суммасында.

- Таш-Көмүр шаарынын 2022-2023-жылдарга жактырылган жергиликтүү бюджетинин болжолдуу көрсөткүчтөрү ар бир дайындуу мезгилде аларды кабыл алганда такталууга жатат.

4. Таш-Көмүр шаарынын 2021-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү жана 2022-2023-жылдарга болжолу № 1 тиркемеге ылайык булактар боюнча түшүүлөр эсебинен түзүлсүн.

5. Таш-Көмүр шаарынын 2021-жылга жергиликтүү бюджетинен чыгашаны каржылоого каражат жана 2022-2023-жылдарга болжолу №2 жана 2-1; 2-2 тиркемелерге ылайык белгиленсин.

6. Чыгашаларды каржылоо биринчи кезекте коргоого алынган беренелер боюнча (эмгек акы, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөр, тамак аш), ошондой эле коммуналдык чыгымдарды каржылоо боюнча жүргүзүлсүн.

6.1. Ушул токтомго ылайык өздүк чыгашалардын корголгон беренелерин каржылоону камсыз кылуу үчүн жоопкерчилик бюджеттик мекеме уюмдардын жетекчилерине жүктөлсүн.

7. Бюджеттик мекемелерге атайын каражаттарды казыналык системаны аттап өтүп пайдалануусуна тыюу салынсын. Көрсөтүлгөн тартип бузулган учурда атайын каражаттардын 100 пайызы жергиликтүү бюджеттин кирешесине алынсын.

8. Таш-Көмүр жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы (Мэрия) укуктуу:

8.1. Эгерде бул жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн азайтууга алып келбесе, ушул Токтомдун 2-пунктунда бекитилген суммалардын чегинде ушул токтомдун тиркемесине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө;

8.2. Тиешелүү органдар кабыл алган ченемдик актылардан келип чыгуучу Кыргыз Республикасынын Республикалык бюджети менен жергиликтүү бюджеттин өз ара эсептешүүлөрүнө тактоолор киргизилгенде жергиликтүү бюджеттин чыгашаларын каржылоодо түзүмдүк өзгөртүүлөрдү киргизүүгө;

8.3. Жергиликтүү кирешелердин болжолдонгондон ашыкча түшүүлөрдүн эсебинен жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүн көбөйтүүнү карап чыгууга;

9. Сот органдарынын чечимдери боюнча жеке адамдарга аткаруу барагы боюнча төлөмдөр тиешелүү бюджеттик мекемелердин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылсын.

10. Шаардын жергиликтүү бюджетин камсыз кылуу кызыкчылыгын коргоо максатында биринчи кезекте салык жана салык эмес төлөмдөрдү белгиленген пландарынын ар бир түрү боюнча аткарууну камсыз кылуу жагы мамлекеттик салык кызматынын шаардык башкармалыгына милдеттендирилсин.

11. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 24-беренесине ылайык, шаардын жергиликтүү бюджетинен 331,9 мин сом өлчөмүндө Мэриянын резервдик фонду болуп бөлүштүрүлүп бекитилсин.

12. Шаардын жергиликтүү бюджети боюнча жүгүртүүчү кассалык накталай акчасы 2021-жылдын 1-январына карата 100, 0 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.

13. «Кыргыз Республикасынын жарандык коргонуу жөнүндөгү» мыйзамынын 10-беренесине ылайык, материалдык-техникалык, азык-түлүк, медициналык, жеке жана жамааттык коргонуу каражаттарынын запастарын түзүү жана даярдыктарды кармоо үчүн 150,0 мин сом өлчөмүндө каражат шаардык муниципалдык менчик департаментинин түрдүү чыгымдар статьясында кол тийгиз каражат катары бекитилсин. Бекитилген каражат өзгөчө кырдаал түзүлгөн мезгилде шаардын мэри тарабынан атайын буйрук чыгарылып чыгымдоого уруксат берилсин.

14. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесин жетекчиликке алып, шаардык Муниципалдык менчик департаментинде жана “Таш-Көмүр Тазалык” муниципалдык ишканасында эмгектенген тейлөөчү кенже персоналдарга 2000 (эки мин) сом өлчөмүндө жана кароолчуларга 1000 (бир мин) сом өлчөмүндө ай сайын материалдык жардам берилип туруусу белгиленсин.

15. Жергиликтүү бюджеттен каржыланган мекемелердин штаттык бирдиктеринде кошумча үсток акылар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” токтомуна ылайык төлөп берүү жагы мекемелердин жетекчилерине милдеттендирилсин.

16. Кошумча финансы ресурстарын талап кылган чыгашалар кийинки жылдагы Таш-Көмүр шаарынын жергиликтүү бюджетинде каралсын.

17. 2021-жылга каралган жергиликтүү бюджеттин эсебинен төмөндөгү мекемелерге каражат бөлүштүрүлсүн:

17.1. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык, Муниципалдык аймактык башкармалыктардын штаттык бирдиктеринин эмгек акылары жана соц.фондго чегерүүсү үчүн муниципалдык менчик департаменти аркылуу – 1 339 269 сом;

17.2. Шаардык Муниципалдык менчик департаментине бөлүнгөн каражаттардын кайсыл максаттарга жумшалышы жөнүндө титулдук баракча № 3 тиркемеге ылайык бекитилсин;

17.3. “Таш-Көмүр Тазалык” муниципалдык ишканасына бөлүнгөн каражаттардын кайсыл максаттарга жумшалышы жөнүндө титулдук баракча № 4 тиркемеге ылайык бекитилсин;

17.4. Шаардын аймагында ВИЧ СПИД илдети менен төрөлгөндөрдүн 1 жашка чейинки сүт азыгына – 100,0 мин сом, калкка женилдиктер үчүн – 300,0 мин сом, жалпы – 400,0 мин сом шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгы аркылуу;

17.5. Шаардык билим берүү бөлүмүнө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 302 Токтомунун 4-пунктуна ылайык мектепке чейинки билим берүү уюмдарын эсептик тейлөө үчүн борборлоштурулган бухгалтерияга 1 (бир) штаттык кызмат киргизилип, эмгек акы жана соц.фондго чегерүүлөрү үчүн – 166,7 мин сом, №5 В.И.Ленин атындагы орто мектебинин жылытуу системасын алмаштыруу үчүн – 599,1 мин сом, №14 Т.Шадыханов атындагы гимназия мектебинин айнектерин алмаштыруу үчүн – 359,7 мин сом, №9 орто мектебинин айнектерин алмаштыруу үчүн – 628,4 мин сом, №4 «Жомок» бала бакчасынын чатырын жабуу үчүн – 1 225,0 мин сом, №11 «Теремок» бала бакчасынын кир жуучу, кампа кароолканасынын чатырын жабуу үчүн – 281,1 мин сом, №8 “Келечек” бала бакчасына пластик айнек алуу үчүн – 140,4 мин сом, №3 «Байчечекей» бала бакчасына ашкана эмеректерин алуу үчүн – 249,0 мин сом, №2 «Ак Кайын» бала бакчасына балдар уктоочу кровать, тамак ичүүчү столдорду алуу үчүн – 252,0 мин сом шаардык билим берүү бөлүмү аркылуу;

18. 2021-жылдын башында калган калдык 19 341,7 сом мин сом 00 тыйын түзгөндүгү белгиленсин.

19. Бул токтом 2021-жылдын 1-январынан колдонууга киргизилсин.

20. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесинин 4-пунктуна ылайык, бюджет жөнүндө ченемдик укуктук актыга бюджеттик жылдын ичинде экиден ашык эмес өзгөртүүлор киргизилиши мүмкүн: биринчиси – учурдагы бюджеттик жылдын 1-июнуна чейин, экинчиси – 1-ноябрына чейин.

21. Бул токтом менен бекитилген жергиликтүү бюджетти аткаруу, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аткаруучу органы шаардык Мэрияга, Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин шаардык башкармалыгына жана салык кызматына жүктөлсүн.

22. Токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.

23. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.

24. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык Кенештин алдындагы «Экономика жана бюджет» боюнча туруктуу комиссиясына (К.Сооронбаев) жүктөлсүн.

Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин төрагасы:

С. Кудайбердиев

Таш-Көмүр шаардык Кеңешинин XXIX чакырылышынын

13.10.2021-жылдагы кезектеги 28-сессиясынын №5 токтому

Таш-Көмүр шаарынын жергиликтүү бюджетинин киреше булактарынын 2021-жылга түзүлүшү жана 2022-2023- жылдарга болжолу

(мин сом)

Класс-я

Аталышы

2021-жылга

2022-жылга

2023-жылга

түзүлүшү

болжол

болжол

1

Кирешелер

100289,8

104028,8

107010,8

11111100

Салык агенти төлөөчү киреше салыгы

65600,0

69339,0

72321,0

11121100

Чакан ишкердик субъекттери үчүн бирдиктүү салык

396,4

396,4

396,4

11122100

Милдеттүү патенттин негизинде салык

555,0

555,0

555,0

11122200

Ыктыярдуу патенттин негизинде салык

6210,0

6210,0

6210,0

11311

Кыймылсыз мулккө салык

400,0

400,0

400,0

113121

Транспорттук каражаттарга салык

4585,0

4585,0

4585,0

11321100

Короо жанындагы ж-а дачалык жер участ-н пайдалануу үчүн жер салыгы

776,0

776,0

776,0

11321200

Айыл чарба жерлерин пайдалануу үчүн жер салыгы

30,0

30,0

30,0

11321300

Калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалануу үчүн жер салыгы

4558,0

4558,0

4558,0

11412

Сатуудан салык

0,0

0,0

0,0

14152100

Калктуу конуштарда жер ижарасы үчүн акы

900,0

900,0

900,0

14152600

Жерди кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин ижарасы үчүн акы

274,0

274,0

274,0

14153200

Муниципалдык менчикте турган жайлардын,имараттардын жана курулмалардын ижара акысы

5,4

5,4

5,4

1423

Акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр

16000,0

16000,0

16000,0

Бардык кирешелер

100289,8

104028,8

107010,8

анын ичинен бюджеттик каражаттар

84289,8

88028,8

91010,8

атайын каражаттар

16000,0

16000,0

16000,0

Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин төрагасы: С.Кудайбердиев.

Таш-Комур шаардык депутаттар Кенешинин 2021-жылдын

кезектеги 28 сессиясынын № 5 токтомунун №2.2-тиркемеси

Таш-Комур шаарынын 2021-жылдагы жергиликтуу бюджетинен каржыланган мекемелердин атайын каражаттары.

(мин.сом)

Класс-я

Аталышы

Бардыгы

Айлык акы

Соц.фондго чегеруу

Сапар чыгымдары

Байланыш кызматы

Кийим кече сатып алуу

Сууга толом

Транспорттук чыгымдар

Учурдагы ремонт

Медик.сатып алуу

Тмак-аш сатып алуу

Буюмд.сатып алуу

Машина жана жабд.

Имар.жана курулм.

Ар кандай кызм.

2111

2121

2211

2212

2223

2231

2214

2221

2217

2218

2222

3112

3111

2215

706

Турак жай жана чарбалар

4800,0

2740,8

413,4

34,8

31,0

43,2

30,0

584,5

0,0

0,0

0,0

177,8

300,0

0,0

444,5

Муниципиалдык менчик департ.

600,0

190,0

300,0

110,0

"Тазалык" муниципиалдык ишк.

4200,0

2740,8

413,4

34,8

31,0

43,2

30,0

394,5

177,8

334,5

708

Маданият

340,0

96,0

16,6

20,0

0,0

10,0

0,0

0,0

0,0

0,0

137,6

0,0

0,0

59,8

Китепканалар

0,0

Маданият сарайлары жана клубдар

60,0

20,0

40,0

"Таш-Кумыр жарчысы" гез.редакциясы

160,0

60,0

10,4

29,8

59,8

Спорттук иш чаралар

120,0

36,0

6,2

10,0

67,8

709

Билим беруу

10860,0

0,0

0,0

0,0

0,0

0,0

0,0

80,3

100,3

9165,0

957,4

381,0

77,0

99,0

Бала бакчалар

10860,0

80,3

100,3

9165,0

957,4

381,0

77,0

99,0

БАРДЫГЫ:

16000,0

2836,8

430,0

54,8

31,0

43,2

40,0

584,5

80,3

100,3

9165,0

1272,8

681,0

77,0

603,3
