# Ак-Тал айылдык кеңешинин 2018-жылдын 27-декабрындагы № 15/2 "Ак-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүндө Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча Комиссия тууралуу типтүү жобо бекитүү" токтому

- Полное наименование: Ак-Тал айылдык кеңешинин 2018-жылдын 27-декабрындагы № 15/2 "Ак-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүндө Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча Комиссия тууралуу типтүү жобо бекитүү" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 15/2
- Дата принятия: 27.12.2018
- Статус: Действует
- Редакция от: 27.12.2018
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/540868>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-75757/edition/1128819/ru>

> Текст приведён по редакции от 27.12.2018 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Ак-Тал айылдык кеңешинин 2018-жылдын 27-декабрындагы № 15/2 "Ак-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүндө Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча Комиссия тууралуу типтүү жобо бекитүү" токтому (ред. от 27.12.2018) - https://aqlex.ai/kg/doc/540868

---

АК-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Ак-Тал айылдык Кеңешинин кезектеги XV-сессиясы

2018-жылдын 27-декабры № 15/2 Ак-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүндө Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча Комиссия тууралуу типтүү жобо бекитүү Ак-Тал айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы М.Байбагышованын билдирүүсүн угуп, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 313-беренесин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-апрелиндеги №120-р буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, “Пробация жөнүндө”, “Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө” мыйзамдарын ишке ашыруу максатында Ак-Тал айылдык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:

1. Ак-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүндө Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча Комиссия тууралуу жобо бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 313-беренесин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-апрелиндеги №120-р буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, “Пробация жөнүндө”, “Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө” мыйзамдарын ишке ашыруу максатында Ак-Тал айыл өкмөтүндө комиссиянын курамы түзүлсүн (тиркеме тиркелет).

3. Бул токтомду аткаруу жагы айыл аймагынын өкмөт башчысы Сатаров Эркинбекке милдеттендирилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Тал айылдык Кеңешинин Мыйзамдуулук, укук тартиби боюнча тармактык комиссиянын Кыдыралиев Санташбекке тапшырылсын.

Кенештин төрагасы

М.Ж. Сулайманов

Ак-Тал айылдык Кеңешинин кезектеги ХV сессиясынын № 15/2 токтомуна №1 тиркеме

Ак-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүндө Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча түзүлгөн комиссиянын курамы:

1. Максүтов Болотбек - комиссиянын төрагасы, жергиликтүү жамааттын мүчөсү.

2. Дүйшөев Урматбек - комиссиянын төрагасынын орун басары, АКС инспектору

3. Тентимишова Жаңылмырза - комиссиянын катчысы, муниципалдык кызматкер.

Комиссиянын мүчөлөрү:

4. Аалыбаев Рахат - мектеп директору

5. Кыдыралиев Санташбек - депутат.

6. Усубалиева Роза - Аялдар Кеңешинин төрайымы.

7. Акматов Жолдошбек - айылдык имам

8. Абдылдаева Мыскал - Аялдар Кеңешинин мүчөсү, муниципалдык кызматкер.

9. Маширипова Жумабүбү - жергиликтүү жамааттын мүчөсү.

Жооптуу катчы:

М.Байбагышова
