# Арстанбап айылдык кеңешинин 2020-жылдын 6-июлундагы № 4 "“Арстанбап-Ата” гүмбөзүнүн астында курулган чайканадан туура пайдалануу максатында ижарага берүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Арстанбап айылдык кеңешинин 2020-жылдын 6-июлундагы № 4 "“Арстанбап-Ата” гүмбөзүнүн астында курулган чайканадан туура пайдалануу максатында ижарага берүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 4
- Дата принятия: 06.07.2020
- Статус: Действует
- Редакция от: 06.07.2020
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/540863>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-75752/edition/1128783/ru>

> Текст приведён по редакции от 06.07.2020 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Арстанбап айылдык кеңешинин 2020-жылдын 6-июлундагы № 4 "“Арстанбап-Ата” гүмбөзүнүн астында курулган чайканадан туура пайдалануу максатында ижарага берүү жөнүндө" токтому (ред. от 06.07.2020) - https://aqlex.ai/kg/doc/540863

---

АРСТАНБАП АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ АРСТАНБАП АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН VII ЧАКЫРЫЛЫШ КЕЗЕКТЕГИ XVIII СЕССИЯСЫ

2020-жылдын 6-июлу № 4 “Арстанбап-Ата” гүмбөзүнүн астында курулган чайканадан туура пайдалануу максатында ижарага берүү жөнүндө Арстанбап жамеъ мечитинин жамаатын атынан Арстанбап айылдык Кеңешинин сессиясына жазылган арызды угуп жана талкуулап Арстанбап айылдык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Арстанбап жамеъ мечит жамаатын атынан Арстанбап айылдык Кеңешинин сессиясына жазылган арызы эске алынсын жана “Арстанбап-Ата” гүмбөзүнүн астындагы чайкана аукцияон аркылуу ижарага берилсин.

2. Арстанбап айылындагы Арстанбап-Ата Гүмбөзү 15-кылымга таандык экендиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 20-августундагы №568 токтому менен Кыргыз Республикасынын республикалык маанидеги тарихый жана маданий эстеликтеринин мамлекеттик тизмесине киргизилгени, азыркы күндө “Арстанбап-Ата” гүмбөзүнүн 2,78 га жер аянты 12.03.2015-жылдагы №4 токтому менен муниципалдык менчик түрүндө катталып мамлекеттик акты алынганы жана 0,32га жер аянтына Арстанбап-Ата гүмбөзүн заманбап долбоорда мемориялдык комплексин курууга жергиликтүү элдин демилгеси бар экендиги эске алынсын жана Арстанбап аксакалдар Кеңеши тарабынан гүмбөздү кароо максатында атайын бир киши дайындалсын.

3. Чайкананы ижарага алган атуулга ошол жерде санитардык гигиеналык талаптарга ылайык иш жүргүзүүсү милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Арстанбап айыл аймагынын башчысы У.Таштанбековко жүктөлсүн.

Арстанбап айылдык Кеңешинин төрагасы:

Ж. Абдухалилов
