# Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин 2021-жылдын 29-июлундагы № 3/4 "Кара-Бүргөн айылындагы жайыт жерлерди коргоого алуу жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин 2021-жылдын 29-июлундагы № 3/4 "Кара-Бүргөн айылындагы жайыт жерлерди коргоого алуу жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 3/4
- Дата принятия: 29.07.2021
- Статус: Действует
- Редакция от: 29.07.2021
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/540540>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-75433/edition/1125480/ru>

> Текст приведён по редакции от 29.07.2021 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин 2021-жылдын 29-июлундагы № 3/4 "Кара-Бүргөн айылындагы жайыт жерлерди коргоого алуу жөнүндө" токтому (ред. от 29.07.2021) - https://aqlex.ai/kg/doc/540540

---

КАРА-БҮРГӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ

Кара-Бүргөн айылдык кеңешинин кезектеги 3 сессиясы

2021-жылдын 29-июлу № 3/4 Кара-Бүргөн айылындагы жайыт жерлерди коргоого алуу жөнүндө Акыркы учурларда жайыт жерлерден мамлекет тарабынан коргоого алынгын жапайы өсүмдүктөрдү (эндик) мыйзамсыз казып, мыйзамсыз сатып өткөрүү менен алектенген учурлар көп кездешүүдө. Бул нерсенин туура эмес кесепетин бир канча жылдардан кийин өзүбүз тартып, мал- жандыктарыбыз үчүн жаратылыш кыртышын бузуп жатканыбызды тилекке каршы айрам жарандарыбыз ойлонбой жаткандыктары белгиленди жана мындан кийин да кайталануусун алдын алуу максатында,

1. Кыргыз Республикасынын “Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө” мыйзамынын 21-беренесинин 3-бөлүмүнө ылайык, өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объектилерин коргоо жана кайра өстүрүү максатында жапайы өсүмдүктөрдүн айрым түрлөрүн жана бөлүктөрүн, жаӊы үзгөн, жаӊы кайра иштетилген түрүн, продуктыларын жыйноого Кара-Бүргөн айыл аймагынын жайыт жерлериндеги жапайы өсүмдүктөрдү жыйноого, даярдоого тыюу салынсын.

2. Кара-Бүргөн айыл аймагынын жайыт жерлеринде өскөн табигый өсүмдүктөру коргоого алынсын.

Айылдык кеңештин төрагасы

Б.И. Кемелов
