# Ат-Башы айылдык кеңешинин 2021-жылдын 8-апрелиндеги № 8-3 "Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын 2020-жылдын 4-декабрындагы кезектеги VI сессиясынын №6-5 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Ат-Башы айылдык кеңешинин 2021-жылдын 8-апрелиндеги № 8-3 "Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын 2020-жылдын 4-декабрындагы кезектеги VI сессиясынын №6-5 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 8-3
- Дата принятия: 08.04.2021
- Статус: Действует
- Редакция от: 08.04.2021
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/540334>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-75228/edition/1121181/ru>

> Текст приведён по редакции от 08.04.2021 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Ат-Башы айылдык кеңешинин 2021-жылдын 8-апрелиндеги № 8-3 "Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын 2020-жылдын 4-декабрындагы кезектеги VI сессиясынын №6-5 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому (ред. от 08.04.2021) - https://aqlex.ai/kg/doc/540334

---

АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кезектеги VIII сессиясы

2021-жылдын 8-апрели № 8-3 Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын 2020-жылдын 4-декабрындагы кезектеги VI сессиясынын №6-5 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө Ат-Башы айыл өкмөтүнүн адистери Т. Аралбаев, Б. Жунусалиев жана Н. Карыбековдун жазган каршы пикиринин негизинде жана Кыргыз Республикасыныны Өкмөтүнүн 22.06.2007-жылдагы №243 токтому менен бекитилген Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу типтүү жобонун 3-пунктуна ылайык Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын 2020-жылдын 4-декабрындагы кезектеги VI сессиясынын №6-5 токтомуна өзгөртүү киргизилип, токтомдун 1-пунктунун “7 (жети) жылга аныкталсын” деген сөзү алынып, “5(беш) жылга берилсин” деген сөздөр менен толукталсын;

- 2-пункттундагы “2 (эки) жылга узартылып, жалпысы 7 (жети) жылды түзсүн” деген сөздөр алынып, “мыйзамга ылайык узартылсын” деген сөздөр менен толукталсын.

2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөттүн жерге жайгаштыруу жана айыл чарбасы боюнча жетектөөчү адиси Т. Аралбаевге милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысынын орун басары К. Жапаровго тапшырылсын.

Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын төрагасы

Т. Ыдырысов
