Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Ат-Башы айылдык кеңешинин «Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын 2020-жылдын 4-декабрындагы кезектеги VI сессиясынын №6-5 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө» токтому
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын кезектеги VIII сессиясы
2021-жылдын 8-апрели № 8-3 Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын 2020-жылдын 4-декабрындагы кезектеги VI сессиясынын №6-5 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө Ат-Башы айыл өкмөтүнүн адистери Т. Аралбаев, Б. Жунусалиев жана Н. Карыбековдун жазган каршы пикиринин негизинде жана Кыргыз Республикасыныны Өкмөтүнүн 22.06.2007-жылдагы №243 токтому менен бекитилген Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу типтүү жобонун 3-пунктуна ылайык Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын 2020-жылдын 4-декабрындагы кезектеги VI сессиясынын №6-5 токтомуна өзгөртүү киргизилип, токтомдун 1-пунктунун “7 (жети) жылга аныкталсын” деген сөзү алынып, “5(беш) жылга берилсин” деген сөздөр менен толукталсын;
- 2-пункттундагы “2 (эки) жылга узартылып, жалпысы 7 (жети) жылды түзсүн” деген сөздөр алынып, “мыйзамга ылайык узартылсын” деген сөздөр менен толукталсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөттүн жерге жайгаштыруу жана айыл чарбасы боюнча жетектөөчү адиси Т. Аралбаевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысынын орун басары К. Жапаровго тапшырылсын.
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын төрагасы
Т. Ыдырысов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 0 · цитируется в 0 · связанные 1
Связанные документы (1)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.