# Баш-Кайынды айылдык кеңешинин 2021-жылдын 2-февралындагы № 1/9 "Баш-Кайынды айылынын тургуну Шыгаева Турсундун арызы жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Баш-Кайынды айылдык кеңешинин 2021-жылдын 2-февралындагы № 1/9 "Баш-Кайынды айылынын тургуну Шыгаева Турсундун арызы жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 1/9
- Дата принятия: 02.02.2021
- Статус: Действует
- Редакция от: 02.02.2021
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/540267>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-75161/edition/1118874/ru>

> Текст приведён по редакции от 02.02.2021 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Баш-Кайынды айылдык кеңешинин 2021-жылдын 2-февралындагы № 1/9 "Баш-Кайынды айылынын тургуну Шыгаева Турсундун арызы жөнүндө" токтому (ред. от 02.02.2021) - https://aqlex.ai/kg/doc/540267

---

БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XVIII чакырылышынын кезектеги I сессиясы

2021-жылдын 2-февралы № 1/9 Баш-Кайынды айылынын тургуну Шыгаева Турсундун арызы жөнүндө Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын пикирлерин угуп жана талкуулап, Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:

1. Баш-Кайынды айылынын тургуну 1990-жылдан бери Кара-Тал участкасындагы Ленин заводдо жашап жаткан үйүн Жусупов Сыргак 1992-жылдын 4 - февралындагы № 21 буйругунун негизинде сатып алган, Жусупов Сыргак каза болуп калгандыгына байланыштуу 2011-жылдын 15-февраль №49 кыймылсыз мүлккө укуктары чектөөлөрдү жана аны менен мамлекеттик каттоо эрежелерин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун 122 пункутуна ылайык документ алууга уруксат берилсин.

2. Бул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн жер, турак-жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси А.Мааметовго тапшырылсын.

Тѳрага

Ж. Асеков
