# Казыбек айылдык кеңешинин 2020-жылдын 19-июнундагы № 1 "Айылдык кеңештин жооптуу катчысынын 1 штаттык кызмат ордун бекитүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Казыбек айылдык кеңешинин 2020-жылдын 19-июнундагы № 1 "Айылдык кеңештин жооптуу катчысынын 1 штаттык кызмат ордун бекитүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 1
- Дата принятия: 19.06.2020
- Статус: Действует
- Редакция от: 19.06.2020
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/540205>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-75102/edition/1117734/ru>

> Текст приведён по редакции от 19.06.2020 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Казыбек айылдык кеңешинин 2020-жылдын 19-июнундагы № 1 "Айылдык кеңештин жооптуу катчысынын 1 штаттык кызмат ордун бекитүү жөнүндө" токтому (ред. от 19.06.2020) - https://aqlex.ai/kg/doc/540205

---

КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 8-шайланышынын 14-кезектүү сессиясы

2020-жылдын 19-июну № 1 Айылдык кеңештин жооптуу катчысынын 1 штаттык кызмат ордун бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020- жылдын 4-мартындагы №124 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому жана 2020-жылдын 5-февралындагы №64 “Айылдык кеңештердин акы төлөө негизиндеги кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жөнүндө” токтомунун негизинде, калкы 6001ден жогору болгон айыл аймактарында айылдык кеңештеринде жооптуу катчынын 1(бир) штаттык кызмат ордун бекитүү максатында, айылдык Кеңеш токтом кылат:

1. 2020-жылдын 5-февралындагы № 64 “Айылдык кеңештердин акы төлөө негизиндеги кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жөнүндө” токтомунун негизинде, калкы 6001ден жогору болгон айыл аймактарында айылдык кеңештеринде жооптуу катчынын 1(бир) штаттык кызмат орду бекитилсин.

2. Айылдык кеңештин жооптуу катчысынын штаттык бирдигин, айыл өкмөтүнүн штаттык бирдигине киргизүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Э.Керималиевага жүктөлсүн .

3. Бул токтомдун аткарылышы боюнча көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевго тапшырылсын.

Төрага

Д. Кайыпов
