Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Байзак айылдык кеңешинин «Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) киргизүү жөнүндө» токтому
БАЙЗАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ 2019-жылдын 18-февралы № 25 Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-октябрындагы №512 токтомун жетекчиликке алып Байзак айыл аймагынын айылдык кенеши токтом кылат
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-октябрындагы №512 токтомун аткаруу максатында Байзак айыл аймагынын айыл өкмөтүндө жетекчиликке алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 31.07.2009-жылдагы №257 токтому «Сугат айдоо жерлерин башка категорияга которууга (трансформация) мораторий жарыяланганга чейин, мамлекеттик каттоо башкармалыгы тарабынан каттоодо турган №1789 контурундагы Таш Арык участогунан 1994-жылы турак жай салуу үчүн бөлүнүп кеткен 61.0 сугат айдоо жерлерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-октябрындагы №512 токтомунун негизинде «Сугат айдоо-жерлерин башка категорияга которууга (трансформация) киргизилсин.
3. Мамлекеттик каттоо башкармалыгы тарабынан каттоодо турган №1789 контурундагы Таш Арык участогунан 61.0 га сугат айдоо жерлерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдып 31-октябрындагы №512 токтомунун негизинде «Сугат айдоо жерлерин башка категорияга которууга (трансформация) Жумгал райондук мамлекеттик администрациясына сунушталсын.
3 Ушул токтом Байзак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп «jumqal.kq» сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик peeстирине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4.Токтомдун аткарлышына көзөмөл кылуу жагы Байзак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Насыбалы уулу Каныбекке милдеттендирилсин.
Төрага
Күчмуратов Т.
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 50 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 1 · цитируется в 0 · связанные 1
Ссылается на (1)
- Постановление Правительства КР от 31 октября 2018 года № 512 "Об утверждении Временного порядка перевода (трансформации) земельных участков орошаемой пашни, застроенных…Постановление · 31.10.2018 · № 512 · Утратил силу
Связанные документы (1)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.