Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Баш-Кууганды айылдык кеңешинин «Кыргыз Республикасынын түндүк-түштүк альтернативдик авто жолунун долбоорундагы Балыкчы-Жалал-Абад жолун реабилтациялоо долбоорун ишке ашыруу жɵнүндɵ» токтому
БАШ-КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ БАШ-КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН XVII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ ЖЫЙЫРМА АЛТЫНЧЫ СЕССИЯСЫ
2020-жылдын 10-июлу № 17-26/1 Кыргыз Республикасынын түндүк-түштүк альтернативдик авто жолунун долбоорундагы Балыкчы-Жалал-Абад жолун реабилтациялоо долбоорун ишке ашыруу жɵнүндɵ “Мост Групп” ЖЧКсынын жана Чайна Роуд энд бридж корпорациясынын арызы карап чыгып, Жалал-Абад – Балыкчы түндүк-түштүк альтернативдик авто жолун реабилтациялоо долбоорун ишке ашыруу максатында, 3-фазасынын Кызыл-Жылдыз – Баш-Кууганды участогундагы Баш-Кууганды айыл аймагынын 160+300км, 161+400км, карьер катары, 160+260км, 161+300км отвал катары убактылуу колдонууга берүү жөнүндө Баш-Кууганды айыл аймагынын айылдык кенеши Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 21-май 2004-жылдагы №374 токтомун жетекчиликке алып токтом кылат:
1. Жалал-Абад – Балыкчы түндүк-түштүк альтернативдик авто жолун реабилтациялоо долбоорунун 3-фазасынын Кызыл-Жылдыз – Баш-Кууганды участогундагы Баш-Кууганды айыл аймагынын 160+300км, 161+400км, карьер катары, 160+260км, 161+300км отвал катары “Мост Групп” ЖЧКсына жана Чайна Роуд энд бридж корпорациясына убактылуу колдонууга берүү боюнча макулдук берилсин.
2. Баш-Кууганды айыл аймагынын айыл өкмөтү жана Чайна Роуд энд бридж корпорациясына ортосунда түзүлгөн айрым аткарылуучу иштердин тартиби жөнүндөгү келишим түзүлсүн, түзүлгөн келишим токтомдун ажырагыс бөлүгү болуп бекитилсин.
3. Долбоордун мөөнөтү бүткөндөн кийин убактылуу колдонулган жерлер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 21-май 2004-жылдагы №374 токтомунун 2-пунктунун талаптарына ылайык өткөрүлүп алынсын.
4. Бул токтом айыл ɵкмɵтү аркылуу каттоодон ɵткɵрүлүп, www.gamsumo.gov.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жɵнɵтүлсүн.
5. Бул токтомдо көрсөтүлгөн сайдын нугун берүүдө мыйзамдаштыруу жагы Баш-Кууганды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Т. Жумуковго милдеттендирилсин.
Төрага
К. Ажыгулов
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Связи документа
ссылается на 0 · цитируется в 0 · связанные 1
Связанные документы (1)
По данным источника (cbd.minjust.gov.kg), без указания, кто на кого ссылается.
- Постановление Правительства КР от 21 мая 2004 года №374 "О реализации инвестиционных проектов строительства, реабилитации и реконструкции автомобильных дорог в Кыргызской…Постановление · 21.05.2004 · № 374 · Утратил силу