# Кыштут айылдык кеңешинин 2021-жылдын 3-февралындагы № 7 "Кыштут айыл өкмөтүнүн Газ айылындагы ИСКАККБнын сууга акы төлөө тарифтерин бекитүү жөнүндө" токтому

- Полное наименование: Кыштут айылдык кеңешинин 2021-жылдын 3-февралындагы № 7 "Кыштут айыл өкмөтүнүн Газ айылындагы ИСКАККБнын сууга акы төлөө тарифтерин бекитүү жөнүндө" токтому
- Вид акта: Постановление
- Номер: 7
- Дата принятия: 03.02.2021
- Статус: Действует
- Редакция от: 03.02.2021
- Язык текста: кыргызский
- Страница на aqlex: <https://aqlex.ai/kg/doc/540016>
- Официальный источник: <https://cbd.minjust.gov.kg/10-74914/edition/1112294/ru>

> Текст приведён по редакции от 03.02.2021 по данным официального источника. Это не юридическая консультация: для юридически значимых действий сверяйтесь с официальной публикацией.
>
> Как ссылаться: Кыштут айылдык кеңешинин 2021-жылдын 3-февралындагы № 7 "Кыштут айыл өкмөтүнүн Газ айылындагы ИСКАККБнын сууга акы төлөө тарифтерин бекитүү жөнүндө" токтому (ред. от 03.02.2021) - https://aqlex.ai/kg/doc/540016

---

КЫШТУТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ Кыштут айылдык Кенешинин VI – чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясы

2021-жылдын 3-февралы № 7 Кыштут айыл өкмөтүнүн Газ айылындагы ИСКАККБнын сууга акы төлөө тарифтерин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын «жергиликтуу өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрциялар жөнүндө» 2008-жылдын 29-майындагы №99 Мыйзамынын 18,27 беренелеринин, Кыргыз Республикасынын «Ичуучу суу жөнүндөгү» Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү туралуу 2009-жылдын 20-июлундагы №240 Мыйзамынын 21- беренесинин 2-бөлүгүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 17-июлундагы №445 токтому менен бекитилген «мамлекеттик башкаруучу чарбакер субьектеринин товарларына (жумуштарына көрсөтүлүүчү кызматтарына) бааларды (тарифтерди) аныктоонун тартиби жөнүндөгү жобону» жана «Селлик тазасуу» ИСКАККБнын сунушун, жетекчиликке алып Кыштут айылдык Кенеши. ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыштут айыл окмотунун Газ, Согмент ИСКАККБнын сууга акы төлөө тарифи бир түтүнгө бир айга 60 (алтымыш) сомдон төлөнөрү белгиленсин.

2. Υйүнүн ичине киргизгиндерге айына 500 (беш жүз) сом эгерде счетчиги болбосо, менчик коммерциялык мончолорго бир айга 1000 (миӊ)сом эгерде счетчиги болбосо, үйүнө сууну тартып кирүү акысы 3000 (үч мин) сом бекитилсин.

3. Эгерде жеке үйлөргө счетчик орнотулса, анда 1м3суу 14сом 28тыйындан белгиленсин

4. Мекеме ишканаларга 1м3суу 14сом 28тыйындан белгиленсин.

5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыштут айылдык Кеңешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

А. Айбашов
