Есть вопрос по этому документу?Сверьте ответ ИИ с текстом закона
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи.Чат-боты ошибаются в законах КР. Здесь ИИ отвечает по действующей редакции и показывает статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.
Например:
Куршаб-айылдык кеңешинин «Жердин максаттуу пайдалануу багытын өзгөртүү жөнүндө» токтому
КУРШАБ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ ТОКТОМ Куршаб айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын VI сессиясы
2021-жылдын 27-августу № 12 Жердин максаттуу пайдалануу багытын өзгөртүү жөнүндө Куршаб айылдык Кеңешинин турак жай,өнөр жай, курулуш, жер, жерге жайгаштыруу боюнча туруктуу комиссиясы Турак жай багытындагы жер тилкесин өнөр жай багытына которуу жөнүндөгү маселени КР жер кодексинин №12 –беренесинин 2017-жылдын 1-июнундагы № 95, 2019-жылдын 30-июлундагы № 107 мыйзамдарынын редакциясына ылайык, жер багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндөгү маселени алдын ала карап, Куршаб айылдык Кеңешинин (жетинчи шайланган) IV – кезектүү сессиясынын күн тартибиндеги маселени угуп, талкуулап чыгып, Куршаб айылдык кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Кулмаматов Жанибектин менчигинде турган коду № 5-06-11-1001-1005 почта багытындагы жер участкасын соода-сатык, элди тейлөөчү ишканалар багытына өзгөртүүгө жана мыйзам талаптарына ылайык курулуш курууга макулдук берилсин.
2. Куршаб айыл Өкмөтүнө кошуналарынын макулдук каттарынын негизинде тийиштүү юридикалык иш кагаздарын мыйзам чегинде даярдоо жагы тапшырылсын.
3. Керектүү иш кагаздарын, документтерин даярдап берүү жагы тийиштүү мамлекеттик башкармалыктарынан суралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы турак жай, өнөр жай, курулуш,жер, жерге жайгаштыруу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Куршаб айылдык кеӊешинин төрагасы
Жумаев Б.Э.
Остались вопросы по документу?
Спросите ИИ - он ответит по тексту закона и покажет нужные статьи. 40 ответов ИИ в месяц - бесплатно.